Dimedra Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 369 (0,09 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (346 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 12 Ноябрь 13
- Кароолор:
- 28 310
- Соңку аракети
- 08 Июн 2021 12:42
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 36 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 12, 1987
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
Өз каалооңдон корк.
Жазылган күн: 21 Апр 2020
Өз каалоондон корк.
Автор: Димедра.
Өз каалоооңдон корк!
Аянанын күндөгүдөй эле солуктап ыйлап, алсыз керебетте жатканын көргөн Данияр бутунун учу менен басып келип анын жайылуу жаткан чачтарынан сылады.
-Ыйла жаным, акыркы ирет ыйлап ал. Мындан ары сенин көздөрүн көз жашты эмес бакытты батыра албай толуп ташып турат.
Аяна көптөн бери мындай абалда жатканы үчүн, жолдошунун акыркы күндөрү эмнелер менен алек болуп жүргөнүнөн кабары жок эле. Жада калса анын үйдө бар же жок экенин да капарына албай калган экен.
"А баса" деди ал ошол жаткан абалында, "баарына күнөөлүү ушул эмеспи, мени ушундай абалга жеткирген дал өзү".
Эсинде анда да ыйлап солуктап жатып, адамдардан бүт ааламдан качып калган, бирок андагы кайгысы башка эле, өзүнүн дарты, жолдошун кыя албаганы, жалгыз калуудан коркуу сезими болчу. Бирок ал кетпеди, тескерисинче дем күч берип, жашоо бүтпөгөнүн, али да бактылуу болуу мүмкүн экенин айтып жанында болду.
Догдурлар жубайына жугузуп койгон жаман илдет да Даниярды коркута алган жок.
-Эч нерсе эмес. Мен сени айыктырам, деди ал ар кимди тилдоонун ордуна.
-Кантип? Бул илдеттен айыккан адам жок. "СПИД" деген кандай илдет экенин билесинби? Сен кетишин керек, сен азыр тазасын, сага да жугат, деп буркурап ыйлап жаздыкты жүзүнө баскан Аяна.
-Аяна, деген Данияр каардуу. Экинчи бул сөздөрдү укпайын, мени эч ким даап, турган жеримден кубалап сала албайт, сен да. Эмне кылышты мен өзүм чечем, деп сөздү бүтүрүп кайрадан үйүнө жетелеп кеткен.
Айтканындай эле жасабадыбы. Эч кайда кетпей жубайынын жанында болду. Аяна экөө дарыгерлер көргөзгөндөй бардык санитардык тазалыктарды сактап жашашты. Азыркы замандын өнүккөн мезгилинде бардык нерсе мүмкүн экен, жада калса жасалма жолу менен бала белек кылып, бакыттын туу чокусуна жеткирди жубайын. Анан… анан ал чокудан кулатып жиберди. Азыр болсо Аянанын аянаары калбады, тескерисинче жашагысы келбей турат, уулунун артынан кете албаганына ичи күйүп өрттөнүп жаткан учуру. "Дарыгерлер өзүнө жабыштырган бул дарттан кутулуп болбосо демек өлүп эле калганы оң", ал акыркы кездерде ушул ойду гана ойлоп калган. Бир карайлаганы эле Данияр, кантип жолдошун жалгыз таштап кетет, анда чыккынчылык кылган болбойбу.
Бирок жолдошу азыркы айткан сөздөрү ал ойлорго чек койгонго окшойт. Аяна өзүн күнөөлөп жата берүүдөн чарчады, кимдендир ачуусун чыгаруусу керек. Чынында эле эгер Данияр баарын баштап "ЭКО" деген балээни угузбаганда, эгер эле бала жоготуу ушундай оор экенин билгендеби, баары башкача болмок. Болгондо да ага өзү күнөөлүү болоорун туйганда, эч качан жолдошунун сунушуна макул болмок эмес. Аяна ушуларды ойлоп ордунан тура калып айбаттуу көз карашы менен Даниярга тигилди.
-Сен… Мени табалагын келип турабы? Мага берген азабын аздык кылды деп ойлойсуңбу?
Данияр бул сөздөргө даяр келгендей, аялынын сөздөрүнө маани бербей кучагына кысты.
-Аяна мен сени эч кимге табалатпайм. Сенин бир тамчы аккан көз жашын үчүн тик туруп тагдыр менен таймашууга даярмын.
-Сен эмне деп сүйлөп жатканыңды билесинби? Тагдырды женген бар деп уктунбу? Коргозчу мага!
Аяна үнүнүн барынча кыйкырып жатканы менен жолдошунун сөздөрүнон коркуп турган. Себеби билет, жолдошу ким экенин, ал айтып жатса демек жасайт, дагы бир демени ойлоп жаткан өңдүү. "О Кудай, дагы бала деп жаткан болбосун, мен башкасына чыдай албайм" деп ичинен тиленип кетти да өз ойлорунан өзү алсыздана шалдайып отуруп калды.
-Биз жакынкы күндөрү Штаттарга учабыз, даяр бол.
Даниярдын бул сөздөрүнөн кийин женилдей тушту Аяна, саякатты айтып жаткан экен деп.
-Мен эч кайда барбайм, деди да кайра ордуна жатып калды, жанакы ачуусу тарап кеткендей.
Данияр жубайынын жоошуй түшкөнүнө кубанып турду, үн катып эки ооз сөз сүйлөгөнүнүнө шүгүр дейт. Антпесе акыркы күндөрү бир гана "Ариет" деген ысымдан башка сөз сүйлөбөй калган.
Данияр өзү да сыздап турат, Ариет анын да баласы эмес беле, ал да жакшы көрдү уулун апасынан кем эмес. Уулу бул дүйнөдө көпкө кармалбашын билсе да ага катуу байланды. Ариетин жоготкон күнү асман үстүнө түшүп калгандай эле тумчукту. Бирок келинчегинин абалы аны чыйралууга аргасыз кылды. Ал Аянаны жашоо деп билет, ал жашабаса өзү да жашабайт. Ошондуктан азыр аны уулунун жок болгонунан да жубайынын абалы катуураак ойлондуруп жаткан, аны жашоого кайтарыш үчүн, мурункудай көздөрү күлүп бактылуу болушу үчүн баарын жасайт. Ошол себеп ал Американын өнүккөн медицинасына кайрылган. Күн түн дебей интернеттен издеп, сураштырып отуруп тапты акыры издегенин, ал адам белгилүү доктор наук, учурунда белгилүү окуу жайда эмгектенген профессор, азыркы учурда "башка планеталык" деген лакап аты менен белгилүү болгон дарыгер Джозеф Лир деген адам экен. Ал ар кандай эксперименттерге ачык экенин айтып, колумдан баары келет деп жар салыптыр. Жана Даниярдын көңүлүн бурганы, анын "жаңы туулган бала ата энесинде бар илдетти көтөрүп жүрүүгө милдеттүү эмес" деп жазылган урааны болду. Бардык дарыгерлердин өмүр таржымалын, жасаган иштерин окуп келип кайра эле Джозефке токтоло берди. Анын тажрыйбасында болуп көрбөгөндөй мисалдар бар экен, ага кайрылган айыкпас жугуштуу дарты бар ата энелердин балдары эч бир дарты жок торолушуптур. Кээ бирлери балдарынын келбетине алдындан кам көрүп, чоңойгондо жүзүнө эч бир так калтыруучу зат чыкпай тургандай кылып, андайга алып баруучу нейрондорду алып таштоосун өтүнүп кайрылышат экен.
"Мына сага, азыркынын Франкенштейни! Мен издеп жүргөн инсан так ушул" деп колдорун ушалады ал. Арасында бул көрүнүшкө терс карагандар да жок эмес, Данияр аларга көңүл бурбай эле коюуну туура көрдү. Бул чечимди кабыл алганда кандай кубанды ал, аалам койнуна батпай, азыр эле дени сак, акылдуу баланы колуна алып жаткандай. Келинчегинин колдору мойнуна оролуп эркелеп турганын элестетип жыргайт. Бир гана ага угузуу калган. -
Чындык издебе.
Жазылган күн: 5 Окт 2019
Чындык издебе.
-Ушундайлар куйдурот! Жашоонун бир бурчун көрө элек, өмүрү сабизден ширин нерсе жеп көрбөгөн бүгүн акча кармаган болушуп, тапканын өзүнө чаптап эркектин баарын азгырып. Көрөт элем бизчилеп тууп түшүп, жашоонун ысык суугуна калганда алдагы сулуулуктан тамчы калганын! Жүрөт да жаштыгы бүтпөй тургансып биринен экинчисине секирип ойноп, кырк жыл намаз окусан жолдон азгырам деп эркекти түз жургузбой.
-Ой мен кайдан билдим аны, ундобой жумушуна каттап келип жүрсө тарбиялуу кыз го дегем.
Четте телефон чукуган болуп эки кулакты кеп чыккан жакка таштап коюп отурган кыз да куру калбай сөз кыстара кетти арага.
-Ана ундобосунор. Көчөгө чыгасын деп бизди жаман коросуз. Үйдө олтуруп сиздердин күйөөлорунуздорду андыйлыбы анан.
Ашканада тамактанып отурган Азатка бөлмөдө болуп жаткан бул ачуу сөздөр даана эле угулуп жатты. Бирок ал сөз ким тууралуу болуп жатканына маани берген жок. Ага эмне өзү кечээ эле келсе, анын максаттары чоң, адал менен акча таап жашоосун жакшыртуусу керек. Айылда апасы калды атасы өлүп. Агалары болсо атасын жерге бергенден кийин кетишип кече жылдыгына келишкен. "Даяр жумушту таштап баса бересин, элдер ал орунга жетпей жатса. Окууну бүткөндөн кийин иштеп апамды бакпайсынбы, сен үйдүн кенжесисин апамды багуу сенин милдетин, атам сени бизди баксын деп кыйналып жүрүп окуткан," дешип акыл үйрөтүп кетишкен, кудум аларды атасы кайны журтун баксын деп окутуп койгонсуп. Кайын энеси бары жакшы ал да бирөөлөрдүн апасы, бирок өздөрүнүн да апасы бар экенин, ал да уулдарынан жакшылык көрсөм деп күтө турганын эстеринен чыгарышкан болсо керек. Агаларынын айткан акылдарын угуп ундобой жолго узаткандан кийин апасы менен маңдай тескей отуруп узаак сүйлөшүп чай ичишкен.
-Уулум сен агаларына капа болбо, алар сенин бир боорлорун. Бүгүн болбосо да эртең баарын түшүнүшөт. Айылда кайсы жумуш, мени таштап шаарына жумушуна да кайта албай жатасың, аны алар кайдан билсин. Кудайым берээрин унутпасын. Андан көрө атандан калган мал жан барында үйлөн балам сен дагы. Сенин жайланганынды көрүп жүрөгүм ток кетейин мен дагы. Корбодунбу жанга ишенич жок бир жакшына жүрүп эле жүрөгүн уучтап кете берген атаңды, деп маңдайында отурган уулуна мээрим толгон көздөрү менен карап колу жетпесе да жүрөгү менен сылап отурду эне.
-Апа, агаларым акылдуу жандар, алар чын айтышат. Мен өз милдетимди аткаруум парз. Сиз болсо өлүм тууралуу суйлобон апа, азыр эрте, сиз бар мен бар. Эгер мени үйлөп кийин кетейин деген болсонуз анда эч качан уйлонбойм, болгону сиз жашаныз. Мени жалгыз таштап кетиштен коркунуз, деп энесинин жанына өтүп келип жузунон сүйүп койду Азат, "Ай энем менин шаарга бара албаган себебимди кайдан билмек элең" , деген ойлор кучагында.
-Ок! эмне дейт. Андай дечү эмес, үйлөнө бер балам, мен сен уйлонсон эле дароо кете койбойм, неберелеримди жетелеп айылчылап силер жадаганда анан аттанам атаңдын жанына. Агаларындын балдары болсо шаардык болуп бир жолу оруска окшоп калышты, сенин балдарын болсо мени "бабушка" дебей эне деп осушот, деп кыялдана баласынын чекесин сылап жыттап алды.
-Ооба апа, менин балдарым кымыз жыттанган кыргыздын балдары болушат. Эне деп этегинизден тартып жыла бастырбай ээрчип жүрүшөт.
Эне бала ушинтип кыялданып отурушкан.
Баласынын "апа сиз тапкан кызды алам" деген сөзүн алаары менен байкуш эне буту бутуна тийбей куйполоктоп кыз издегенге өттү. Жакынкы коңшу келиндин жардамы менен өздөрүнөн кийинки айылдан купулуна толгон кыз таап, уулу менен тааныштырып көрдү эле ал макул болуп той баштамакчы болуп отурганда агалары жетип келишти.
-Тойго каражат керек, өзүн иштебей жатсан, эмнеге үйлөнөсүн? Аялды алгандан кийин багыш да керек, дешип.
-Балам эсинден чыкпаса мен али тирүүмүн, силерди кандай уйлосом кенжемди деле ошондой уйлойм. Силер эч кыжаалат болбогула, жардам сурабайбыз, деп энеси куйполоктойт уулуна сөз жегизбей.
-Апа муну бир жолу эрке кылып алдыңыз. Сиз уйлогудой эмне байлык ашып ташып жатты беле сизде. Бар жумушун таштап келе берди, жалкоо. Биринчи иштеп акча таап көрсүн, үйлөнгөндөн кийин эмне дагы сиз багасызбы. Атамдан калган малга тийишпесин, ал эртең сизге керек болот.
Эне байкуш күйүп кетти уулунан ушул сөздү уккандан кийин.
-Атаны балам ай, мен өлбөстон кантип комушту ойлонуп жатасыңбы. Жанды берип ырыскы жазган Кудай алаарын да бир нерсе кылаар эле. Ушул сөздү сенден укпасам эмне!
-Апа кейибе, деди Азат. Агам жөн эле сиздин кийинки жашоого керек болот деп жатпайбы. Туура айтат, акыркы малды тойго сарптап койсок экөөбүздүн кийинкибиз эмне болот. Чындап эле азырынча той тура турсун, мен иштейин, турмушка бышканча тойго акча да тапканга жетишем. Тууган күйгүзүп айтат, дейт агамдар мени жакшы болсун деп жатышпайбы, деп апасын жоошутуп калды.
Эки агасы кыйратып чоң жумуш бүтүргөндөй тойду токтотуп жолдоруна түшүп кетишкен.
-Алар айта беришет балам, үйлөнөсүн, деди эне Азатка чоң уулдары кеткенден кийин.
-Албетте апа, албетте үйлөнөм. Бир жыл убакыт бериниз, мен тойго акча жыям, кийин ким эмне дейт дебей буту колду кеңири сунуп той беребиз. Малдарды көбөйтүп байып кетебиз апа, деп кыткылыктап жыргап койду Азат.
Эне да, уулунун ичиндегисин кантип байкабай койсун, үнү менен күлүп жатканы менен жүрөгү канап, агаларына нааразы болуп калганын туюп эле турду. Бирок ооз ачпайт, билет уулу өжөр айтканынан кайтпайт, демек азыр ал бир ойду ойлоп турат.
-эмне дегени турасың? деди аста үн катып.
Узактарды тиктеп демин ичине тартып берилген суроого жооп бербей апасын мурудон кучактап калды Азат.
-Жүрү апа үйгө кирели.
Алар эми эле босогону аттаганда коңшу келин кирип келди.
-Жене уулдар келген экен, эмне кетип калыштыбы?
Анын сөз аңдып келгени билинип эле турбайбы. Анан кантсин деди кайра Азат өзүнчө, ортого түшүп жаткан жеңем эмеспи, деп апасын караса ал эмне деп айтаарын билбей буйдалып калган экен.
-Жеңе алар мага жаңы жумуш таап койгон экен шаардан, ошону айтканы келишиптир. Бир жыл коё тур, бир жакты жайгар биринчи. Жумушту баштап алып кийин үйлөн, антпесе кыйналып каласын, келген келин да кеңири жүрүп кенири жегидей болуш үчүн шарт түзүп ал дешет. Мен дагы ошону эп көрүп турам. Кудай буйруп жумушту баштап алсам кийин тойду жасайлы, сиздин синдиниз да мени чанып кетпесин дагы жумушсуз жүрө бересиңби деп, деди апасынан оозана.
Кирип келген келин оозунан сөзү түшүп бир Азатка бир апасына алмак салмак карап туруп калды.
-Кир, кел өтчү жогору, деп апасы абалды оңдогонго аракет кылып куйполоктоп кетти, күнөөлүү адамдай жүзүнө тик карай албай.
-Мен… тиги, барайын. Жөн эле учурашып чыгайын дегем уулдар менен.
Ал Азаттын агаларын өзү менен тең болуп турса да ошентип койчу тергеп.
Келин артына бурулуп чыгып кетээри менен апасы Азатка карап калды, азыр эле эмне болуп кеткенин тушунгусу келгендей.
-Эмне? деди Азат да кудум түшүнөн ойгонгонсуп.
-Жалган айттын!
-жок апа, толук жалган эмес, жарымы эле. Мен чындап эле шаарга кетип иштейм, бирок Бишкекке эмес Москвага. Ушул жери эле жалган. Мен адал эмгек кылам. Анан чындап эле бир жылда келип той кылып үйлөнөм. Сиз али күүлүү күчтүүсүз өзүңүздү жакшы карап отурасыз, малдарды досума калтырам ал менден жакшы багып берет, үйгө келип каралашып да турат. Сиз зериксениз шаарга агамдарга барып келесиз.
-койчай кайдагыны айтпай. Москван каякта жатат, мен өлсөм жетип келе албай каласын. Андай экен Бишкекке эле барып милиса жумушунду уланта бер, деди эне нааразыланып уулунун айтканын жактырбай.
-Каралдым апам, мынча эле өлүмдү көп айтасыз. Сиз болгону алтымыштасыз, али алдыда канчалаган кырлар турат сиз ашпаган. Кандай болсо да тирүүлук жакшы да апа, өлгөндөн кийин эмне болуп кетээри белгисиз, жалгыз кабырда жата бергенден көрө эл менен бирге кыбырап жүргөнгө эмне жетсин. Жашайын ден, көп жашайын кабырда аз жатайын ден апа. Сиз мага керексиз, сиз мага тирүү дени сак боюнча керексиз. Бир жыл, ашык кеми жок бир жыл сөз берем сизге. Эми сиз мага сөз бериңиз, мен келгенде ушундай абалда өзүңүздү таштап салбай, көз жашты токпой алдымдан жадырап жайнап тосуп чыгам деп сөз бериниз. Кийин, мен кайтпайм, милицияга кайра кайтпайм апа, ал жумуш мен үчүн эмес, бул барак жабык.
Уулунун тамашасы жок сүйлөп жатканын түшүнгөн эне шилекейин жутуп эле эмне дээрин билбей жалдырап отуруп калды. Канча карманайын десе да болбой каректерине жаш тегерене берди, оюнда уулу так мына азыр кетип калчуудай.
-Апа! Мен али жолго камына элекмин сиздин коздорунуздо жаш даяр. Агамдар деле журбойбу жылдап келбей жакын турса да, а мен бир гана жолу барып келем апа, башка жаныныздан кадам жылбайм. Билесизби мен сизди кандай жакшы көрөм. Жок, аны эч ким билбейт, мен жашоо деп сизди билем, өзүмдү сизден бөлүп карай албайм. Ошон үчүн ыйлаардан мурун ойлонунуз менин ыйлашымды каалайсызбы, мен сиздин жан дүйнөнүздүн көлөкөсүмүн , эмне кылсаныз да менин жан дуйномдо ал кайталанат.
-Жок уулум ыйлабайм. Сөздөрүнө караганда сен баарын чечип болгонго окшойсун. Жолун шыдыр болуп Жараткан өзү жарчы болсун, деп батасын берип тез күндөрдө уулун жолго узатып кала берген.
Жогорудагы ойлору менен алек болуп апасынын жүзүнөн сылаган жумшак колдорун элестетип отуруп маңдайына келип калган кызды байкабай калыптыр.
Ал да Азатты байкабагандай үнсүз эле орундукту өзүнө тартып отура кетти.
Уландысы бар. -
Карышкырлар майданында
Жазылган күн: 28 Мар 2019
Карышкырлар майданында.
Автор - Димедра.
Жанр-детектив, криминал.
-Каралдым, сен мага жөн эле кыз эмессин, андан алда канча көп нерсемсин. Сен бир гана менин эмес кичине болсо да бүтүндөй бир өлкөнүн келечегисин, үмүтүсүн . Биздин өлкө азыр абдан алсыз, билесинби эмнеге?
-Билем ата. Анткени ал жерде жаман адамдар абдан көп, алар артка тартып жатышат. Мен өлкөнү ал адамдардан тазалашым керек.
-керек эмес, милдеттүүмүн! Мына ушундай деп сүйлө кызым. Сен милдеттүүсүн. Кана анда сени мекенин күтүп жатат. Мен сага ишенем, сенде баары бар, акыл, ажар, билим, өнөр, өжөрлүк, жана сенде башкада жок сапат жөнөкөйлүк бар. Сен ошол мен айткан акыркы сапатты ар дайым колдон, утуш сеники. Эң негизгиси мен тастыктамайынча эч кимдин буйругуна баш ийбе, унутпа сен менин кызымсын!
Кыз адатынча он колун муштум кылып туйо сол колунун алаканына тиреп көкүрөк тушуна алып ийилип койду.
-Ах каралдым, бул кылыгынды устатына көргөзөсүн мен сенин атанмын, келе жыттап коёюнчу, деп кучагын жая туруп калды ата. Бул кишинин жашы канчага барып калганын эч ким билбейт, кайда жашайт, эмне менен алектенет, эмнеге өз кызын бул Японияга алып келип таштаган жана аны эмнеге даярдап жатат белгисиз. Болгону көп жылдар аралыгында ар келген сайын кыздын кулагына акыл насаат куя берет, алыста Кыргызстан деген мекени бар экенин, ал мекенге акылдуу, күчтүү адамдар абдан керек экенин айтат. Анын тарыхын бүт баяндап берет, ал тарыхта ар дайым журт башында тургандардын айланасында саткындар, жаман адамдар болот, мына ошондойлордун айынан журт артка кетип турган. Алар менен бирге эле башчынын айланасында жакшы адамдар да болгон, алар жардам берип келишкени үчүн гана калк кырылбай ушул күнгө жетип келген дейт. Бул көрүнүш эч качан токтобосун, жердин жашоосу бутмоюнчо уланаарын да айтат. Ар замандын өз жамандары жана жакшылары болоорун түшүндүрүп, ошол жаман адамдардан өлкөнү арылтып турчуу бир күч болуусу керектигин айтып келет.
Атанын оозунан чыккан ар бир сөз оор, маанилүү угулат, ал жүрөккө жеткирип сүйлөй алат. Анан кызын сөзсүз эркелетип саамайынан сылап, “Сен өзүң ойлогондон да күчтүүсүн” деп кулагына шыбырап кетет. Мунун баарын көз алдынан өткөрүп жаткан
кызы атасынын кучагына бой урганча көзү жашылданып кетти.
-Ай катугун бул эмнеси? Көздөрүн сууланышып.
-Ата сенин өлкөно барууну каалап турам, бирок бул жайлар да мага жакын. Кантип бул жайды таштап кетем.
-Татынам менин, бул жай сага жакканына кубанычтамын албетте, бирок сен эч нерсеге, эч кимге көнүп калбашын керек, эч качан! Сенин жүрөгүндө да акылында да бир гана ой болуш керек, келечек үчүн күрөш. Биз бул жерге 12 жылды калтырдык көп болсо, а келечекте Кудай буйруса мындайдан дагы он экини жашайбыз. Алдыда ар кандай нерсе болот, сен бир гана кыздар менен эмес эркек адамдар менен да жүрүп каласын, алар менен баарлашууна туура келет. Биз адамдар каалайбызбы жокпу жаратылыштын мыйзамдары бар, жакшы көрүү, сагынуу, көнүп калуу, ишенүү ошону менен бирге эле жек көрүү, ачуулануу, иренжуу деген. Жаратылыш үчүн баары бирдей, ошон үчүн сени да мындай сезимдерден куру калтырбайт. Бирок эсинде болсун, сен ал сезимдерден күчтүү болушун керек, сени эч бир жан жана эч бир жаратылыш кубулушу жеңе албай тургандай күчтүү бол. Бул үчүн сен 12 жыл сарптадын кызым. Азыр мага коргозуп жаткан көз жашын жашоондогу акыркы жаштар болсун, жашоо сенин көз жашынсыз да туздуу. Сени сезимдер башкаруусуна жол бербе, өзүңдү өзүң башкар, бул жалганда жок дегенде өз жашоондун ээси бол! деп жанакы эле жылмайып мээрим төгүп турган көздөрүнө каар ала сүрдүү карап кыздын далысынан силкип койду.
-а баса сенин атың Шик болот мындан ары.
-жок! деди кыз кесе. Менин атым озгорбойт, мен Таттыгулмун!
Маңдайында турган ата аны бир азга сырдуу карап, кыздын көздөрүнөгү жалындын учкунун көргөндө оозун кен ача жылмайып,
-айтпадымбы сен өжөрсүн, макул Таттыгул боюнча кал. Бирок бул да акыркысы болсун, мындан ары менин айтканыма каршы чыгып тартышпа, менин айтканым талашып тартышуу үчүн эмес аткарылуу үчүн! деди.
Таттыгул тез башын ийкеп түшүнүктүү дегендей ишаарат коргозуп койду, бул жагына да ыраазы боло.
Ал үчүн өзүнүн ысымы эң ыйыктай сезилет, жан дүйнөсүнө жакын кымбат нерсеси жалгыз өзүнүн аты. Кандай күндө да бул кымбат нерсесин тарттырып жибермек эмес.
Атасы башын ийкеп кеттик дегендей алдыга карай жол баштап басып кеткенде, Таттыгул өз бөлмөсүнө жүгүрүп дайым даяр турчу куржунун жонуна асынып атасынын артынан жетип келди.
Бул жайда аларды эң биринчи шамдагайлыкка үйрөтөт, кандай кырдаал болбосун бардыкка даяр турууга. Аларда азыр, күтө тур деген сөз колдонулбайт, тапшырма айтылган учурдан кечиктирилбей аткарылышы керек, жана айтылгандай так. Эгерде аткаруу учурунда күтүлбөгөн кыйынчылык жаралып калса ал да актанууга себеп боло албайт, ошондуктан ар бир көз ирмемди баалап, айланада болгон көрүнүштү бир караш менен ийне жибине чейин изилдеп улгуруштору керек. "Эң башкысы акыл, аны эч качан эс алдырууга болбойт жана азыркы учурду ойлонуу менен гана алек болуусу шарт, ага бир эле көз ирмем эркиндик берип койсоң кетет ааламды кезип, өткөндү эстеп келечекти кыялданып, бул азыркы учурдан алаксытат." Устаты дайым ушундай дей турган. Кыскасы “джиу джитсу” деген бул жөн гана мушташуу ыкма эмес денени аң сезимди тарбиялоочу катуу тартип.
Тоонун чокусунан ылдый карай созулган ийри түз жолдор менен эки караан ээрчишип бара жатышты. Качан гана төмөн түшүп тоонун түбүнө жетишкенде Таттыгул чокуну карап демин ичке тартып катуу дем алып алды.
-Ооба кызым бул жай сендей азаматтардын канчоосун уясынан учурду, дагы алдыда канчоосун учурат ким билет. Алдагы куураган жыгач тамдар мен кичине кезимде эле ушундай абалда боло турган, бүгүн эртең кулап түшөт го деп ойлочуумун, карабайсынбы андан бери кылым өттү дагы да ошол ошо бойдон турат, али алдыда дагы ондогон кылымдарды каарытат бул жайлар. Жүрү кызым эми тикесинен тик туруп темирдей каткан, жүздөгөн кылым туруп берет деген жалган жайлар менен таанышуу учуру келди, деди ата кызын ийининен тарта кучактай. Ал айтпаса да сезип турган кыздын бул жайдан сыртка чыгууда коркуп жатканын.
-а эмнеге жалган жайлар? деди кыз басып кеткен атанын алдын торой басып.
-анткени алар жүз эмес бир кылымга да жетпей кулап калат.
-себеп?
-кызым ушуну бил. Озун турган жердин катуулугуна ишенип курчап турган ааламга таянба, сенин күчүн ичинде, өзүндө гана болот. Эгер өзүнө эмес сени курчаган адамдарга ишенсен анда жолуңдун бүткөнү. Сен жаса, алдыга умтул, эч кимге ишенбе, ар дайым жалгызсын, жанында ким болбосун алар сенин жан дүйнөндү ээлеп сага күч болуп бере албайт, ал жерди эмне менен толтуруу өзүңдүн гана колунда. А баса эч качан атымды чыгарам, ааламга таанылам деп аракет кылба, ал жол алдамчы. Сен пайгамбар эмессин кылымдар ооздон оозго алынгыдай, баары бир бир күн унутта калчуу жөнөкөй өлүүчусун. Ошондуктан азырын менен гана алек бол!
Атанын оозунан чыккан кезектеги акылман сөздөрүн талдап ундобой калды Таттыгул.
Алар арыда токтоп турган унаага жете бергенде аса таянган бир дербиш келип кубуронуп бир демелерди сүйлөп кирди. -
Каргыш
Жазылган күн: 10 Янв 2019
Каргыш.
Жанр-детектив, триллер, мистика, мелодрама.
Автор; Димедра.
-Жыйыштыр кайдагы болбогон сөздөрдү. Бүгүн кечинде Супарага өтөсун, сөз бүттү.
-ата менин жумуштарым чынында эле маанилүү, кийин менин көңүлүм кимде экенин айттым. Мен келечегимди ал менен гана көрө алам.
-кайдагы келечек, артис менен да келечек болчу беле. Алар куурчак кимдин колунда экени айырмасы жок, ойно десең ойной беришет, жубай болчу жандар эмес. Эгер кааласан үйлөнүп алып да ойной бер тиги курчагынды, ал эч кайда качпайт.
-Ата мени өзүн менен салыштырба, бирөөнүн кызын алып зым тордо сактап. Ким билет менин апам да андай азапка чыдабай өз жанын кыйгандыр. Мен тиги сен айткан досундун чиренген кызына үйлөнөт деп ойлобо, сенин эле жашоомдо бар экенин жетишет дагы бир көзөмөлчү керек эмес. Андан көрө көчөдөгү селсаякты алып алганым жакшы.
Азат атасына кантип каяша айтып алганын өзү байкабай калды. Бул өмүрүндө биринчи жолу үнүн катуу чыгаруусу болсо керек атасына.
Тагдыр калчылдап кетти, бар күчү менен баласын жаактан ары чаап жиберди эле тиги камгактай учуп барып полго кулап, мурдунан аккан кан килемге жайыла берди.
-Акмак! Сен эмнени билмек элең. Селсаяк болсо селсаяк, деди да уулун аттап чыгып кетти.
Ал күнү чакырылган конокторго уулу жок жалгыз келди Тагдыр. Анын жанында уулун көрө албаган досу жубайы экөө кызыктай абалда отурушту. Кечээ бир нерсенин башын кылыйткандай "үй булоонду бүт алып кел, жакшылыктын башталышына баарыбыз күбө бололу" дебеди беле, андан улам жакында Лондондон окуусун бүтүп келген бойго жеткен кызын да бирге алып келишкен. А Тагдыр болсо жалгыз тосуп алып жатат, уулу тоготпой койгонбу же бир күн ичинде өзүнүн ою озгорулуп кеткенби түшүнүксүз эле тигилерге.
Чыныгы кыргызча стилде жасалган бул ресторанда эс алууга ар кимдин эле күчү жете бербейт, болгондо да эч кандай себепсиз эле конок чакырып. Бул жерге чоңдорду же алыстан келген уятту конокторду сыйлоо үчүн келишет, же Тагдырга окшогон байлыгынын эсебин билбеген адамдар гана туштонууго, болбосо түнкү тамакка эч себепсиз эле конок тосуп турчу жай. Анын азыркы чакырылган коноктору мындай сыйына ыраазы болуп ундобой кете бере турган инсандар эмес, Тагдырдай эсепсиз байлыкка ээ болбосо да бүт өмүрүнө жетээрлик жыйып койгон ашы бар, мындай жайга чакыруусуз эле өзүнчө келүүгө күчү жетчүү адамдар. Эч бир себепсиз чакырылып, бир ооз маанилүү сөз чыгарбай узатып койгонуна жандары кашайып баратышты.
-Бул эмне садака бергениби? Же үстүбүздөн кулгонубу? Бизди толук чакырып алып жалгыз келгени аз келгенсип, бир ооз маанилүү сөзү жок. Эмне анын уулу бизди тоготпой койгудай абалга түштүк беле. Кудайга шүгүр мойнунда башы бар, караган көздү суктандырган, анын текебер эссиз уулун эмес мен-мен деген падышаларды акылдан адаштырчуу акылы бар кызымдын, деп сүйлөнүп унаага отуруп жаткан жубайын тыйган болду күйөөсү.
-эмне эле болуп жатасың? Эмне ал сени сойко салдыга чакырды беле. Жөн жай келип кеткиле деген, уулунун жумушу чыгып калгандыр. Тоготпой койгудай эмне, келбедиби өзү.
-Ооба, бизге боор ачып келгендиги үчүн рахматымды айтып бутун опконду унутуп коюпмун. Сенин абалын андан төмөн экени эсимден чыккан турбайбы, деп чукчундап отуруп калды аялы.
-ай ушу сени, анын бизден башка да көйгөйу бар, үйүндө маанилүү жумуштары бардыр.
-анда ошол үйүнө эле чакырса өлөбү. Деги мунун эч кимди тенсинбейт, бир да адамды үйүнө киргизбейт үйү жок сыңары, же эмне казынасын уурдап кетет деп коркобу. Ошон үчүн аял тутпойт да мунуна, бири өлүп тынды, экинчиси качып жоголду. А балким жакшы эле кызыбыз ал үйгө барбай калгандыр, кандай күндү көрмөк Кудай билет.
Аялынын кыялын жакшы билгенге айтышып айдоочунун алдында уят болбоюн дедиби же анын айткандарын туура көрдүбу айтоор бул саам жооп кайтарган жок. Чындап эле экинчи алган аялы кайда болду экен. Тагдыр эле болсо аны качырып тим койбой калсын, жердин жети түбүнөн болсо да таап келмек да. Кийин ушунча байлыкты таштап да катын качабы. Эмне эгер олтуруп жигин билдирбей тазалап койгон болсо. Ал жубайынын деле сурап алаары бар эле го, алар эмне ундобой отурушат анда, колдорунан эч нерсе келбей турган инсандар эмес эле, акча берип алардын оозун да жаап койгонбу. Деги мен ким жөнүндө ойлоп жатам, ким эле Тагдырга тең келе алсын, тынч отур дегенде тынч отуруп калышты да кайнаталары да. Ал жагын ойлонбой эле кызымды карматып жиберүүгө даяр келген экенмин, эгер менин кызымды бир нерсе кылса мен эмне кыла алмак элем, Тагдыр ким да мен ким. Ырас эле баары биз ойлогондой болбой калды деп тообосуна жанып баратты.
Тагдыр чакырылган меймандарды узатып коюп, өзү кетпестен ал жайда бирөөнү күтүп отуруп калган. Аңгыча ал отурган столго жашы кырктарга барып калган сулуучумак келген шынга бойлуу ишеним арттырчуу жүздүн ээси болгон жигит келип, он колун сол көкүрөгүнө коюп ийиле салам берип туруп калды. Качан гана Тагдыр кол жансап маңдайындагы отургучту коргозгондо тиги андан орун алып отурду.
-Акжигит бала чака тынчпы?
-Шугур Тагдыр Акбарович, деп ашыкча сөз сүйлөбөй отурган жигитке купулу толо карап коюп сөзүн баштады.
Бул жигиттин жашоого болгон жөндөмдүүлүгүн жогору баалайт Тагдыр, ал эч качан эмнеге? Кантип? Деп сурабайт, өзү жактоочу болгону менен Тагдырдын башка, мыйзам менен байланышы жок да жумуштарын эч бир кынтыксыз бүтүрүп жүрөт. Бул үчүн татыктуу акысын алат албетте, ошентсе да анын колунан келбей турган нерсе жок. Кийин Тагдыр ушул инсанга толугу менен ишенип өзүнүн жеке жашоосу менен да болушо алат, анын оозу башкага ачылбасына көз жетип. Ошондуктан Акжигит бул эч кимдин тиши отпос, падыша болбосо да бийликтегилерди коендой жүгүртө алчуу инсандын жашоосунда болуп жаткан көп нерседен кабардар.
-Акжигит, мага селсаяк, бараар көрөрү жок көчөдө түнөөчү кыздардан таап кел. Буту колу кыйшык эмес, өтө семиз да өтө арык да болбосун, терисин сыйрып жаңы тери чаптаса өңүно чыкчуудай болгону жакшы. Кана сенин табитинди да билип көрөлү, деп сынагандай алдындан карап күлгөн болду. Ал канча жылмайса да ичиндеги кекээрдуу үн жаңырып турган эле.
Акжигит көнгөн адатында суроо сопкутсуз дароо башын ийкеп тапшырманы алганы менен, азыр абдан эле кызыгы артып себебин сурагысы келип турду. Демейде адамдын башы үзүлүп жерде тоголонуп жатса да кенеп, алды артынан кыйынчылык тооруп саткынчылар көбөйгөн учурда да камырап койбогон өзү тааныган Тагдыр Акбаровичтин оюна түшүнө албай жатты. Мынчалык тишинин арасынан кыжырынганына караганда өтө маанилүү иш болгонго окшойт. Бирок канча аракет кылып оозун таптаса да батынып сурай албады.
Алдындагы тамакка карап отурган Тагдыр да жеңил дем алып алды. Ал Акжигиттин туйшолуп отурганын байкап, азыр суроо салып өзүн иренжитип коюшунан чоочулап отурган. Бул жигит ал үчүн айтылган ишти так аткарыш үчүн гана керек, сурак салып акыл айтыш үчүн эмес. Кудай жалгап бул ирет да Акжигит дайынкыдай өзүнүн зынкыйган калыбын бузган жок.
Эртеси таң эртелеп эки унаага толтуруп он чакты кызды жүктөп Тагдырдын жашыруун иштери бутчуу жайга келип түшүрүп ичкери киргизип жатып өзүн бирөө көзөмөлдөн өткөрүп карап турганын сезди. "Болушу мүмкүн эмес, бул эмне уктабайбы же менин устумдон да андуу койгонбу алдымдан тосуп чыкканына караганда" деп ойлоно башын жогору көтөрүп терезеге карай берип, чындап эле темир жалюзини эки манжасы менен түртүп жылчыктан өзүн карап турган Тагдырды көрдү. Башын ийкеп он колун сол көкүрөгүнө алып салам берген болуп, кыздар тарапка жүзүн буруп карачы канчоону таап келдим тандоого койгудай дегенсип кайра башын которсо терезедеги жалюзи эчаак жабылып болгон экен. Күтүп отруунун кажети жок, ал киши түшүп келбесин билет, өзү анын бөлмөсүнө чыгып баруусу керек көп куттурбой, болбосо иш чатагына айланып кетиш ыктымалы бар. Акжигит короодогу жигиттерге кыздарды кайтартып коюп өзү шаша Тагдырдын бөлмөсүн көздөй бет алды. Албетте акчаны кочуштап алып жаткандан кийин ага татыктуу кызмат көрсөтүүсү абзел, керек болсо ит болуп уруп жерге жатып оона десе да жарашат анча акча берип жаткан адам.
Акжигит менен Тагдырды тагдыр өзү жолуктурган. Мындан туура 20 жыл мурун кичинекей Азат гилтейген унаадан түшүп апама барам деп жол менен бир болуп чанырып эч кимге ээ жаа бербей баратканда алдынан жаш жигит чыгып кармап калган. Тагдыр жакында жерге берилген жубайы тууралуу өткөн сот отурумунан чыгып баратып кокустук болуп журналисттердин курчоосуна түшүп калып бошоно албай турган учурда анын кароолдору кичине баланы кантип эпке келтирээрин билбей эстери эки болуп жатышкан. Ал кезде жаңы жыйырмага кирген кырчындай куракта кычыраган Акжигит ал ортодо жүргөн эле, ушул Свердловск райондук сотунда практика өтөп жаткан. Туштонууго чыкса керек, кайра кайтып келе жатып жанагы окуяга туш болуп калып жатпайбы. Кичине баланын артынан жүгүргөн эки гилтейген адам эки тарабында аны кооруп баратышат бирок жолун тосо алышпайт, Азат болсо чуркап келип ушул Акжигиттин бутун кучактап токтоп калган куткар дегендей. Аны жерден так көтөрүп ала коём деп, бир саамда колдору артка алынып өзү жерге комкорусунон жатып калганын байкабай калды. Ызы чуудан улам бардык журналисттер менен бирге жетип келген Тагдыр окуянын чоо жайын угуп жерде жаткан жигитти коё бергиле деп жигиттерине буйрук берип бошоткон. Ал журналисттердин жабалактап берген суроолорунун бирисине да жооп бербей, кадимки өзү курактуу балдардай болуп актанып да отурбай басып кеткен. Ошол бир саамдагы кыймылы менен Тагдырдын купулуна толгон экен азырга чейин коё бербей жүрөт. Туура Акжигиттин эмне жетишкендиги болсо анын артында Тагдыр турат, ал үчүн күчүн да акчасын да аябады, анын жаш тажрыйбасы жок экенине карабай окуусун бүтөрү менен өзүнө жактоочу кылып алып өлкөдөгү саналуу атактуу юристтердин катарына кошту. Бирок ал да карыздар калып кеткен жок, кандай маселе болбосун жок дебей аткарып келе жатат.
Азыр тепкичтен жогору көтөрүлүп бара жатып ушуларды акылынан өткөрүп, Тагдыр капа болгудай же шек санагыдай нерсе жасабагындыгын, коркууга эч себеп жок экенин ойлоп денесин бош таштап анын алдына кирип келди.
-Кыздарды таап келдим Тагдыр Акбарович, өзүңүз көзөмөлдөн өткөроорсуз, акыркы тандоо сизде эмеспи. Жанатан бери кыйналып жатып араң ушул сөздөрдү таап айткан, Тагдыр аны кулагынын сыртынан кетирди.
-тиги кучук жок, кечинде келбеди. Кечээ бир аз мени капа кылып койгон, ошого менин жүзүмдү карай албай үйгө келе албай журсо керек, таап адам кылып алып келчи, бул нерсе сенин гана колундан келет, деди чарчанкы.
Акжигит адаттагыдай үн сөзсүз башын ийкеп кезектеги тапшырманы аткарууга жөнөп кетти... -
Акталбаган үмүттөр же баркталбаган бакыт
Жазылган күн: 24 Ноя 2018
Акталбаган үмүттор же Баркталбаган бакыт.
(драма)
-Айтчы Назик эгер үйдөгүлөрүн каршы чыкса кантебиз?
-Эми эле баатыр болуп жатпадын беле, же эмне мени мынчалык тез макул болот деп кутподун беле?
-Бул эмне дегенин. Сенин макулдугунду угуш мен үчүн бүт ааламды багындырган менен барабар экенин билесин да. Болгону атандан чоочулап турам. Белгилүү, атаң чиренген бай атка минээрлердин бири эмеспи, көзүнүн карегиндей сактаган жалгыз кызын мендей бир байкушка ыраа короор бекен дейм да.
-а эмнеге болбосун, сен байкуш эмессин, сенде ошол чиренген байдын кызына керек жүрөк бар, бул сенин эң чоң байлыгын. Башкасы мааниге ээ эмес, байлык колдун кири, сенин акылын менен баарына жетишсе болот. Эч качан менин атам жөнүндө антип ойлобо, ал да асмандан бай болуп түшүп калган эмес, баарына өзү жетишкен, ал өтө акылман киши, адамдардын байлыгына эмес акылына баа берет. Мына көрөсүң, сен албетте атама жагасын.
-Оозуна май, ылайым эле ошондой болсун. Сен эле жанымда болсоң мен баарына жетишем, деп келечекке улуу кадамдарды максат кылышкан эки жаш караңгы түндүн кучагында, жүрөкчө болуп жагылган шамдын ортосунда турушат, бири бирине тойбочудай тигиле карашып.
Бул учурда Назиктин үйүндө коноктор отурган, атасы Кадырдын тээ илгертен берки жакын санаалаш досу жубайы жана бойго жеткен баласы менен келген экен. Аларды эң жакшы абалда тосуп заңгыраган үйдүн чоң залында кен дасторкондун үстүндө өткөн кеткенди кеп кылып отурушат. Бул үй булоонун башчысы Советбек Кадырдан алда канча абройлуу адам болгону менен досундай эле өтө жөнөкөй адам. Баласы да атасын тарткан сыяктуу, берилген суроого айландырбай так туура жооп берип ашыкча сөз сүйлөбөй өзүн салмактуу тута билет экен.
Үйдүн кожейкеси Жамила коноктордун келген себебин алда качан түшүнүп болгон, бирок алар өздөрү ундобой отурушкан соң ал да эч нерсе дебеди, куда түшүп келдинерби демек беле. Бир гана кызынан кыжаалат болуп жатты, анысы эрке али турмуш дегенди түшүнүүгө жетише элек, бул чоң эшикке барса кантээр экен дейт эне байкуш. Бир убакта Советбек тамагын кырып негизги келген максатына өттү.
-Жанарды уйлоюн деп чечтим досум. Азыркы жаштардын өзүнө коюп берсең үйлөнүп урук улайын дешпейт экен, араң чакырттым ошол Америкасынан, эми коё бербей калайын. Анан Назик кайда? деди маселени кабыргасынан коюп.
-ой кантет мына, кичине бир этияттап сүйлөсөн боло, деп жылмайган жубайына карап,
-биз эмне чогулушта отурдук беле этияттап суйлогудой, Кадыр экөөбүз мушташып эле чоңойгон балдарбыз, бизде капа болуу деген болбойт, деп көз карашын Кадыр тарапка бурду.
-албетте, Совет канча жылмаланса деле анын нак жүзүн билем да мен, баягы эле мушташаардан мурун койногун жырта кыйкырган Совет да бул, деди Кадыр каткыра куло досун кубаттап.
-баламы мактабайм, анткени анын кандай экенин билбейм өзүм деле, мактап алып кийин уят болуп калбайын. Назикти билем, өзүбүзгө окшогон маселени кабыргасынан коё сүйлөгөн кыз, ошого силердин макулдугунарды сурап келдик, дебеспи туптуз сүйлөп.
Бул сөзгө жооп берүүгө даярдыгы жок Кадыр суз боло түштү, өзү болсо го досу журу десе ойлонбой отко да кирип кете бермек, кызы башка, анын ою менен эсептешпей коё албайт. Кана эле кызы ынап Жанардын келинчеги болуп калса, анын атасын эле эмес чоң атасын да билет, булардын урук тууганынын бүт баары абройлуу да салмактуу да адамдар, мындай үйдүн баласы жаман болбойт. Буларды ойлоп жатып өзүнүн кызын ойлоду, Назигимчи шар сүйлөп шар жүргөнү менен анын ичинде өтө назик өтө алсыз камкордукка муктаж жанда жок боорукер, ишенчээк кичине кыз жашайт. Жанардан көзүн албай карап отуруп, анын башын жерге салбай тик карап, алакандарын мыжыкпай өзүн бош коё жайдары жылмая отурганын көрүп шилекейин кылт жутту, мына так ушул жигит болот менин кызымдын жан жоокору деди өзүнчө. Макулмун деп айтканы башын буруп келе жатып жубайы менен көзү чагылыша түштү, жубайы жалооруп ашыкпа дегендей карап турган экен. Оюнан кайта түштү, чындап эле кызынын уруксаты жок анын тагдырын чече албайт.
-досум сурасаң ойлонбой туруп жанымды берем, бирок кызымдын жаны өзүнө таандык, анын уруксатысыз, деп келе жатканда Советбек колун көтөрүп токтот дегендей белги берди.
-эмне эле тердеп тепчип жатасың, мен Назикти бүгүн эле алып кетем деген жокмун. Албетте өзүнүн уруксатысыз эч нерсе чечилбейт, биз эмне 19-кылымда жашап жаттык беле. Силердин уруксатынар менен уулум Назиктин жүрөгүн багындырууга аракет кылып көрсүн деп гана келдик. Кана королучу Америкадан үйрөнгөн онорлорун, аларын кыз жүрөгүн багындырууда эч кимди алдына салбайт эмеспи, деди баласына кыйгач карап.
-Ооба десең, өзүнө керектүү онорду уйронбой кайдагынын баарын башына жүктөп. Жыйырма жетиге чыкканча үйлөнүү тууралуу ойлонбойт дегени эмнеси, мага келин керек, небере жыттагын келет экен ай элдерге окшоп, деп жубайы да жолдошун коштоп уулунан наалый кетти.
Алардын эч бир жасалмасыз бар болгонундай суйлоп отурушкандарын карап Жамила да суктана кетти, Назигим ушундай адамдарга туш келсе кана, өзү да шар жүргөн неме башка булоого барса кандай болот кандай жок деп. Ушул эле учурда Кадыр да ушундай ойдо отурган, алар кайдан билсин кызынын бир орт жигиттин жалынына күйүп күл болууга ыраазы экенине, бүт эркелигин жыргал жашоосун ал жигит үчүн садака чабууга даяр болгонун.
*****
-Макул жалгызым кир уйго, жакшы эс ал, үйдөгүлөр менен сүйлөш ээ, эртең жакшы жооп кутом, деп кучагына кыса кучактап мойнунан шуу жыттаган Улан Назикти коё бергиси келбей көпкө турду.
-жалгызым, садагам эсинде болсун сен меники гана болосуң.
-мага башканын кереги да жок, деди шыбырап Назик жигиттин жалындуу сөздөрүнө эркелей.
-атаңды кондуросун деп үмүт кылам.
-мындан кумонун болбосун.
-кана кир үйүнө, - жок сен жөнө, деп бири бирин кыйбай көпкө эркелешип турган суйушкондор араң ажырап экиге болунушуп, сүйүүнун шапаатына мас болуп, бакытка балкып үйүнө кирип келген Назик жайык дасторкондун үстүнөн чыкты...
Комментарийлер
Kominam
16 Авг 2018 - 01:32