Даарат, гусул тууралуу келиндерге суроо?..
#21 10 Январь 2016 - 17:50
#22 10 Январь 2016 - 18:10
#23 10 Январь 2016 - 21:36
sezim1111 (10 Январь 2016 - 17:50) жазган:
чачыныздын тубуно толук суу тийгизиш керек, анан да орулгон чачыныздын устунон суу кол менен сылаш керек, анан орулуп буткондон кийин резинка менен байлагандай кийин бош чач калат эмесби ошол жерге суу кол менен аралатуу керек
Билдирүүнү түзөткөн: aiturgan2015: 10 Январь 2016 - 21:38
#24 10 Январь 2016 - 22:29
sezim1111 (10 Январь 2016 - 17:50) жазган:
Эгерде чачыңызды дайым өрүп журсөңуз анда болот.
Же жөн эле кошулардан алдын өруп койсоңуз анда ал болбойт экен.
#25 16 Январь 2016 - 10:17
#26 16 Январь 2016 - 10:20
#27 22 Январь 2016 - 23:38
Бисмиллахир Рохманир Рохиим
✏ Жума күнү жума намазга жуунуу- сүннөт. Жума - күндөрдүн эң абзели, жума намаз намаздардын абзели болгону үчүн. Пайгамбарыбыз ( С.А.В.): " Ким жума күнү даарат алса- жакшы иш кылган болот, эгер жуунса андан да жакшыраак" - деп айткан. Эгер бейшемби күнү түнкүсүн жуунуп алган болсо, жетиштүү болот, себеби анын жума намазга денедеги жыттарды кетирип, тазаланып баруу максаты аткарылды.
✏ Курбан айт намазына жана Орозо айт намазына жуунуп баруу сүннөт.
✏ Ажыга барганда, ажыга ихрам кийип, ниет кылганда жуунуп тазаланып, ихрам кийүү - сүннөт.
Ажыга барганда- Арафат тоосуна барат, ошондо жуунуп баруу сүннөт. Бирок, өлүктү гусул алдыруу важип, бир каапыр мусулман болсо да, гусул алуу важип, жана ошондой эле наристе бала балагатка жетсе, жинди болгон адам сакайсс да гусул алуу- мустахаб.
#28 22 Январь 2016 - 23:39
Бисмиллахир Рохманир Рохиим
✏ Биринчи сүннөтү - эки колун билегине чейин жуу.
✏ Экинчи сүннөтү - алды- артын жуу, оң колу менен суу куюп сол колу менен жуулат.
✏ Үчүнчү сүннөтү- денесиндеги болгон балганыстарды суу менен жууп кетирет.
✏ Төртүнчү сүннөтү- даарат алуу, дааратта жуула турган мүчөлөрүн толук жууйт, бирок эки бутун жуубайт
(Гусул алып бүткөндөн кийин жууйт).
✏ Бешинчи сүннөтү- бардык денесине үч жолу суу куюу. Суу куюунун тартиби: биринчи башынан баштап, кийин оң эелкесине үч жолу суу куят, анан сол желкесине үч жолу суу күюп, анан калган бардык денесине үч жолу суу куят.
Алтынчы сүннөтү- эки бутун жууйт. Буттарын жуунган жерде жуубастан, башка жерге жылып жуусун. Таштын же тактайдын үстүндө жуунганда, суу көлөчөктөбөй агып кетсе, ошол жерде эле буттарын жууса болот.
✏ Жетинчи сүннөтү- чачы өрүлгөн аялдар чачын жандырбай эле чачынын астына суу жеткирсе жетиштүү болот. Ал өрүлгөн чачынын өзүн жуу же өрүлгөн чачтарын арасына суу аралатуу важип
( милдет) эмес. Эркектердин сакалдарындай эле, эгер эгер аялдардын чачтары жандырылган болсо арасына суу аралатып, чачтарынын учуна чейин суулоо важип
(милдет) .
#29 22 Январь 2016 - 23:41
Бисмиллахир Рохманир Рохиим
✏ Адамдын алды- артынан чыккан нерселер дааратты бузат, бирок эркек менен аялдын алдынан жел чыккан учурда даарат бузулбайт. Эркек жана аялдын алдынан курт же таш түшкөн учурда даарат бузулат.
✏ Адамдын алды - артынан башка жеринен чыккан нерсе нажас (булганыч) болуп, чыгаары менен таза жерге жайылса, дааратты бузат. Эгер нажас болбой, таза болсо, даараты бузулбайт.
Мисалы: көздөн жаш, аялдардын эмчегинен сүт, денеден тер чыкса даараты бузулбайт, чыккан нерсе нажас болуп жайылып кетпесе даарат бузулбайт. Жаранын үстүнөн чыккан суу да, ириң да канга окшош дааратты бузат.
Эгер ошол кускан кандын түкүрүгү кызыл, суюк болсо, даараты бузулат. Ал эми түкүрүгү сары болуп чыкса даараты бузулбайт.
Кусунду кандан тышкары башка нерселерди, мисалы: жеген тамагын, же ичкен суусун кусса, же атайын кыйнап кусса, же болбосо уюп калган кан кусса, оозу толо болсо даараты бузулат, эгер оозу толо болбосо даараты бузулбайт.
Эгер какырык кусса даараты бузулбайт, ал баштан түшөбү же ичинен чыгабы оозу толо болсо да, оозу толо болбосо да даараты бузулбайт.
Дааратты бузбаган нерселер:
Мисалы: Акпаган кан, оозу толбогон кусунду, көз жаш, эмчектин сүтү, денеден чыккан терге окшогон нерселер, бейнамаз да кылбайт.
✏ Бир нерсеге жөлөнүп уктоо- дааратты бузат. Эгер ошол жөлөнгөн нерсени алган убакытта жыгылып кете турган даражада жөлөнүп уктаган болсо бузулат. Бирок ошол жөлөнгөн нерсени алган учура жыгылбай турган болуп уктаса даараты бузулбайт. Себеби, жөлөнгөн нерсеге салмагын салып уктаса, арты бошоп, жел чыгып кетиши мүмкүн. Эгер жөлөнгөн салмагы жерде болсо, арты кысылып туруп жел чыкпайт. Эгер турган, отурган абалда, же саждадагы абалда уктаса даараты бузулбайт. Жанбаштар уктаса даараты бузулат, себеби муундары бошоп жел чыгып кетиши мүмкүн.
✏ Эсинен тануу- акылын жоготуу. Эсинен танган, мас болгон учурда да даараты бузулат.
✏ Жинди болуу да дааратты бузат.
✏ Күлкү да дааратты бузат- Эгер рүкүлүү, саждалуу намаз болсо жана бойго жеткен болсо, Эгер бойго жете элек наристе бала болсо, күлсө да, даараты бузулбайт, же руку- саждасы жок намаз болсо;
Мисалы: Жаназа намазында же тилават саждасында күлсө даарат бузулбайт.
Күлкү үч түрлүү болот.
Биринчиси - кахкаха
( каткырып күлүү ) : күлгөнүн өзү да угат, башкалар да угат. Бул дааратты да намазды да бузат.
Экинчиси - Захих
( жөнөкөй күлүү) - күлгөнүн өзү эле угат, алдындагы адам укпайт, бул күлкү намазды бузат, дааратты бузбайт.
Үчүнчүсү -Табассум кулүү ( жылмайуу) - күлгөнүн өзү да укпайт, алдындагы адам да укпайт. Бул жылмайуу дааратты да, намазды да бузбайт.
"Мухтасар " китебинен
1- том
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 22 Январь 2016 - 23:42
#30 24 Январь 2016 - 21:13
sezim1111 (10 Январь 2016 - 17:50) жазган:
Мындай кылганынар чон жанылыш. Сен дайыма чачыны оруп журсон, мына ошондо масх тартасын жазбай эле. Ал эми кошулгандан кийин, гусулда жуушдан зеригип оруп алсан, анда бул гусулунар отпойт. "Шарият абалга карап окум берет", дегендей, сен дайым чачыны орулгон абалда алып журсон, мына ошондо гусулда масых тартылат...
Кеебирлерден уктум, "ар кошулганда гусул алабыз" деп, жок андай эмес, каалашынарча кошулуп бутуп, анан "болду кылдык" деп экоонор тен чечим алганда гана гусул аласынар....
Кошулуп жатканда бала ыйлап калса гусул алуунун кажети жок, себеби куйоон сенин халалын, т, а, сага халалданган, ошон учун халал абалындасынар экоонор да, бул жонундо Куттуу Хадисте: "Никеси бар куйоосу менен аялынын кошулуусуда ибаадат" дейт. Демек силер ибаадат кылып жатасынар... )
(Кошумча эскертуу)...
Ал эми никесиз кошулуу бул адамдык эмес, айбандык даражага тушуп калган эки зоокурдун кылыгы. Ал абалда Асман-жер жийиркенип титиреп, Периште, жана АЛЛАА Ж.Ж, ал эки айбанга наалат айтат...
Билдирүүнү түзөткөн: Xanif.Kg: 24 Январь 2016 - 21:17
#31 04 Февраль 2016 - 13:21
РАХИИМ!
ДААРАТТЫ БАШТАГАНДА ЖАНА БҮТКӨНДӨГҮ
ДУБАЛАР.
⭐ Дааратты: "Бисмиллаахир рохмаанир
рохиим" - деп баштоо керек.
⭐ Саъид бин Зайд (розияллооху анху)
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи ва
саллам) дан риваят кылат: "Ким "Бисмилла"
ны айтпастан даарат алса, анда анын даараты
болбой калат". (Тирмизи)
⭐ Бул хадистеги "Ким "Бисмилла" ны
айтпастан даарат алса, анда анын даараты
болбой калат" - дегендин мааниси, даарат
болот, бирок толук эмес болот. Башкача
айтканда сүннөткө ылайыктуу болбой калат.
ДААРАТТЫ АЛЫП ЖАТКАНДА ОКУЛУУЧУ ДУБА.
⚫ "Аллоохуммагфир лии занби ва вассиъ лии
фии даари ва баарик лии фии ризкии".
✔ МААНИСИ: Эй, Алла! Менин күнөөмдү
кечир, кабырдагы үйүмдү кең кыл жана
ырыскыма береке бер! (Насаи)
ДААРАТ АЛЫП БҮТКӨНДӨ ОКУЛУУЧУ
ДУБАЛАР
⚫ "Ашхаду аллаа илааха иллаллооху вахдаху
лаа шариика лаху ва ашхаду анна
Мухаммадан ьабдуху ва расуулуху" .
✔ МААНИСИ: Мен Жалгыз жана Шериги жок
болгон Алладан башка ибадатка татыктуу зат
жок экендигине жана Мухаммад (саллаллоху
ьалайхи ва саллам) Анын пендеси жана элчиси
экендигине күбөлүк беремин.
⭐ Ким ушул дубаны даарат алгандан кийин
окуса, анда ал үчүн бейиштин сегиз эшиги
ачылат, ал кайсы эшиктен кааласа кире
берсин. (Муслим)
⚫ "Аллоохуммажьалнии минат тавваабиина
важаьалнии минал мутатоххириин" . (Тирмизи)
✔ МААНИСИ: Эй, Алла! Мени өтө көп тооба
кылуучуларга жана өтө таза жүрүүчүлөргө
кошкун!
⚫ "Субхаака аллоохумма ва бихамдика
ашхаду аллаа илааха илла анта астагфирука
ва атуубу илайка". (Насаи)
✔ МААНИСИ: Эй, Алла! Сен бардык айыптан
тазасың. Мен Сени мактаймын. Мен, Сен гана
ибадатка татыктуу зат экендигиңе күбөлүк
беремин. Сенден кечирим сураймын жана Сага
гана тооба кылып кайрыламын.
#33 04 Февраль 2016 - 13:40
Xanif.Kg (24 Январь 2016 - 21:13) жазган:
Кеебирлерден уктум, "ар кошулганда гусул алабыз" деп, жок андай эмес, каалашынарча кошулуп бутуп, анан "болду кылдык" деп экоонор тен чечим алганда гана гусул аласынар....
Кошулуп жатканда бала ыйлап калса гусул алуунун кажети жок, себеби куйоон сенин халалын, т, а, сага халалданган, ошон учун халал абалындасынар экоонор да, бул жонундо Куттуу Хадисте: "Никеси бар куйоосу менен аялынын кошулуусуда ибаадат" дейт. Демек силер ибаадат кылып жатасынар... )
(Кошумча эскертуу)...
Ал эми никесиз кошулуу бул адамдык эмес, айбандык даражага тушуп калган эки зоокурдун кылыгы. Ал абалда Асман-жер жийиркенип титиреп, Периште, жана АЛЛАА Ж.Ж, ал эки айбанга наалат айтат...
Чынын айтсам,бир аз женилдей туштум.А то башынан окуп келе жатып,жогорудагы бала эмизгендердикин окуп,шашып жургонумду элестетип ийгем)))
Негизи гусул тууралуу бойдок кезде маани берчу эмесмин.Кийин жолдошум уйроткон.Жерге аманат экенибизди, эгер гусулсуз жерде басып жургондо,жердин ыйлап,каргыш айтаарын угуп,гусулду калтырбай созсуз алам.
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#34 12 Февраль 2016 - 21:27
Даараттын, гусулдун,
тырмактарды алыштын,
муруттарды кыскартуунун
жана башка тазалыктардын
сыры өзгөчө батыштыктар
тарабынан көпкө чейин бааланбай келген. Бирок
микробдун къч алышы
менен, жугуштуу оорулардын
пайда болушу
аныкталгандан кийин гана
Ислам дининин даанышман сырлары акырындап ачыла
баштаган. Кылымдар
өткөндөн кийин жүргүзүлгөн
изилдөөлөр аркылуу
исламдагы тазалыктын
маңызын туура түшүнө башташкан.
Пайгамбарыбыз Мухаммед
(САВ) келгенден баштап
Ислам дененин бардык
жагын тазалашты буюруп
келет. Ал эми микробдун
табылышынан мурун тазалыкка эмне үчүн
мынчалык маани берилген,
эмнеге кайра-кайра
тазалануу парз жана ыплас
адамды Алла Таала дагы
жактырбашы анча түшүнүктүү эмес болчу.
Медицина илими өнүккөндөн
кийин гана төмөнкү нерсе
анык болду: мусулман
эместер ойлогондой
Исламдагы даарат менен тазалык мусулмандар
жашаган чөлкөмдүн өтө
ысык болушунан эмес экен,
бул өкүмдөрдүн бардыгы
Улук Жаратуучунун сырдуу
баяны экен.
Ислам дини колду, ооз менен
мурундун ичин жуушту,
башка, кулакка, моюнга
сууну масх (сылоо) тартууну,
буттарды жуушту буюрат.
Булардан башка кээде важиб, кээде сүннөт катары
тулку бойдун жуулушу
буйрулат. Тиштерди тазалаш
үчүн мисвак колдонууну
сунуштайт. Мисвак - бул
жагымдуу жыты бар дарактын аты.
Пайгамбарыбыз (САВ) чачтуу
адамдарга чачтарын жууп,
тарап, май сүртүп тургула деп
айтчу. Өзү болсо бул тазалык
гигиенасын күн алыс кылчу. Сапарга чыгып калса, дайыма
күзгү, тарак сыяктуу
буюмдарды жанына алып
жүрчү. Ал «Кимдин чачы бар болсо, аны таза
кармасын» (Абу Дауд, Сунан 4163) деген.
Микробдор, жалпыбызга
маалым болгондой, дүйнөнүн
бардык жеринде бар.
Адамдын колу башка
органдарына караганда
көбүрөөк колдонулат, мисалы, учурашканда, тамак
жегенде, бирдеме алып,
бирдеме бергенде ж.б.
Ошондой эле, тулку бойду
тазалоодо дагы кол
колдонулат. Бул себептен ден соолукту коргоо менен
алек болгон адистер
адамдын колун микробдор
менен тыгыз байланышта
болгон орган катары
эсептешет. Колдо кичине эле жара ачылса, микробдор ал
жерге чабуул жасап,
инфекция кылып жибериши
мүмкүн, натыйжада адамдын
өлүмүнө чейин себепкер
болот.
Азыркы учурдун медицинасы
Исламдын колдорду жууш
тууралу өкүмдөрүн колдойт.
КОЛДОРДУН оозду жууш үчүн
оозго алпарылышынан
мурда суунун таза болушу,
даамы, жыты жана түсү
өзгөрбөшү керек
экендигиндеги сыр ушундайча аныкталган.
ООЗГО келсек, бул орган
шилекей бездерин,
тиштерди жана тилди
камтыйт. Тамакты чайноо -
алгачкы сиңирүү процесси
болуп эсептелет. Ооздогу микробдордун баары тамак
жана шилекей аркылуу
ашказанга барып, кээ бир
ооруларды пайда кылышы
жана ойдогудай сиңирүү
жүрбөй калышы мүмкүн.
Ашказанга байланыштуу
ооруларга чалдыккан
бейтаптарга доктурлар оозду
тазалап, тиштерин жакшы
кароолорун сунушташат
жана ооздогу бардык органдарды таза кармабай
койсо, ашказанга абдан
зыяндуу, абдан коркунучтуу
нерсе экенин кайра-кайра
эскертип турушат. Бул
себептен улам, Ислам ар бир тамактануудан кийин оозду
жууп, тиштердин арасын
мисвак менен тазалашты
сунуш кылат.
Ар бир даарат алууда
колдонулган мисвактын
зыяндуу микробдорду
өлтүрүшү жөнүндө
Пайгамбарыбыз (САВ): «Үммөтүмө кыйынчылык
бериштен тартын-
баганымда, ар бир
намаздан мурун мисвак
колдонууларын
буюрмакмын» - деген. (Бухари, Ыйман 26, Муслим,
Тахара 42). Бул жердеги
буйрук - парзды туюндурган
буйрук.
Суу менен оозду жууш,
мисвак менен, же манжалар
менен тиштерди укалоо
аркылуу ооздун ар
тарабында калып жыттанып
кеткен тамактын калдыктарын чыгаруу
мүмкүнчүлүгү пайда болуп,
ооз ичиндеги шилекей
бездери, капиллярдык
сосуддар жана кан тамырлар
күчтөндүрүлөт.
МУРУН - бул жыттоо жана
дем алуу үчүн жаралган
орган. Бул үчүн аба аркылуу
топуракта жана бүтүндөй
космосто жайылган абалда
болгон чаңдар менен микробдук мителер дененин
ичине кирет. Мына, адам
баласын бул коркунучтан
коргош үчүн Алла Таала
мурундун ичинде кээ бир
кылдарды кошо жараткан, бул кылдардын кызматы -
ошол зыяндуу микробдордун
өпкөнү көздөй кетишине, же
болбосо, кан каналдарынын
бирине киришине тоскоол
болуу. Тыштан мурунга кирген нерселердин
микроскоп аркылуу
байкалышынан биз
жогоруда айткан чындык
түшүнүктүү болот. Ошондо
гана Исламдын суу менен мурунду жакшылап жууш
керек деген буйругундагы
сыр ачылат. Анткени бул
зыяндуу нерселер аба
аркылуу өпкөгө кире албаса,
мурундун ичине жабышып, узак мөөнөткө калып калса,
мурундун ички чел
кабыгынын таштандылары
(чимкирик) менен бирге
ичкери кире баштайт. Бул
себептен улам оозду жууштан мурда бул зыяндуу
нерселерден мурунга суу
чуркатуу аркылуу кутулуп
алыш пайдалуу. Мына ушул
себептерден улам ар бир
даарат алганда бул нерселер үч жолудан кайталанат.
Ар бир даарат жана гусулда
ЖҮЗДҮН жуулушуна
токтолсок, мунун дагы
көптөгөн пайдалары бар.
Биринчиден, кол менен
сыйпап жууш терини күчтөндүрөт, баштагы
оордукту, чарчоону
басаңдатат, токтоп турган
канды тартипке келтирет,
кан каналдарындагы
кандарды кыймылга келтирет. Жүздөгү терди
жана тешикчелердеги
жыйналган ашыкча
нерселерди жоюп, терини
дем алдырат. Тер бездерин
тиешелүү өлчөмдө иштетет. Дене өзүн сергек сезе
баштайт. Азыркы мезгилдин
медициналык китептеринде
жүздөгү бардык органдарды,
айрыкча көздү жуушту
сунушташат.
Даарат алып атканда БАШТЫ
суу менен масх (сылоо)
тартууда абдан чоң
даанышман-сыр жатат: Мээ
дайыма кээ бир ой-пикирлер
менен алпурушуп, чарчайт, алсырап, кан тээп чыгат, бул
үчүн бираз суу менен масх
кылынганда, мээ кадимкидей
эс алып, ишмердүүлүгү артат
КУЛАКТАРДЫН ичине,
тышына, буралган жерине
жана МОЮНДУН эки тарабына
суу тартылышы дагы теринин
үстүндөгү кирлерди кетирип,
сасык тумоодон алдын алууда абдан пайдалуу.
Мындан тышкары, мээдеги
нерв тамырчаларына бул
масхтын пайдасы абдан көп.
БУТТАРДЫН жуулушу - оболу
тазалык үчүн. Анан
манжалардын арасындагы
тери тазаланбаса, көптөгөн
сезгенүү оорулары пайда
болот. Илимий изилдөөлөр аркылуу тетеноз деп аталган
фаталдык оорунун
микробдорун буттардагы
теринин батыраак
жуктурганы аныкталган. Бул
себептен улам, өзгөчө аскердик турмушта
буттардын жуулушу - эң
сонун алдын алуу чаралары
болуп эсептелет.
Ислам, ар бир намаз үчүн
даарат жок болсо, даарат
алышты, бар болсо
жаңылашты мустахаб катары
буюргандай гусулду дагы
шартка жараша парз кылган, жума жана майрам күндөрү
сүннөт кылган. Ырас, ислам
даарат сыяктуу гусулдун
кайталанышын буюрбайт,
анткени бул кыйынчылык
туудурат.
Гигиеналык шарттарга
ылайык аткарылган гусулдун
пайдалары абдан көп:
дененин кирин кетирет,
терини жумшартат,
жаңыртат, чарчаган нервдерди эс алдырат,
дененин, мээнин чарчаганын
жоёт, тер чыгарган бездерди
иштетет.
Пайгамбарыбыз (САВ) Абу
Дарда аттуу сахабага: «Тазалыкка көбүрөөк көңүл
бур, өмүрүң узун болот»,- деген. Пайгамбарыбыз
Мухаммеддин (САВ) окутуу-
сундагы даанышмандык
акыркы учурларда, медицина
өнүккөндөн кийин
түшүнүктүү болгон, демек, буга ылайык дайыма
тазаланып жуунуп туруу -
өмүрдү узартаары
далилденген.
Islamjolu.kg Ислам таануучу Мээрбек Эралиев.
#36 28 Февраль 2016 - 16:42
#37 28 Февраль 2016 - 17:05
aibi8984 (28 Февраль 2016 - 16:42) жазган:
Негизии, аажатканда муктаждык буткон сон, сол кол менен тазалык кылынат. Он кол менен тазалоо не приятныйго)). ..
Дагы бир нерсени эскертип кетейин:
Мен коп эле адамдарды кором, "Даарат алыш керек" дегенде эле чагунун которуп аажатканага чуркашат тиягын жууганы. Ал туура эмес, каачан чон муктаждыкты бутургондо эле тазалап жууп коёсунар, ошол болот...
Анан кичине даарат ушатканда ошол эле жерди, же мучонун заара чыккан жерин эле кесек, аажаткана кагазы менен кургактап, анан бираз суу менен жууп койсо жетиштуу, себеби заара чыккан жерде микроб калбасы учун. А так, уктап турганда, бир жерин канап кеткендее, жел чыкканда, кусканда, ж, б, у женил даарат бузуу учурларда аажатканага чуркабай эле, ойдо жагынарды даарат ала бересинер. Даарат алуу дегенде "аажатканага чуркап, тиягында жууш" деген 5-фарздай эле болуп калган адамдарга. Антип беш убак дааратка беш убак тиягынарды кошуп жууганыра макрух болот. Адам суткасына бир жолу чон муктаждык кылса, мына ошондо жууп-тазалап алса жетиштуу болот. Ошондо "бир суткада бир эле жолу жууп алсанар болот" деген тушунукту берип жатыр...
Ушул маселе жонундо суроолорунар болсо, же ушул маселеге тушунбогондор болсо кайра суроо берсенер болот...
Билдирүүнү түзөткөн: Abuxanifa: 28 Февраль 2016 - 17:06
#38 28 Февраль 2016 - 17:17
Коп эле жерде Жаназа Намаздарында: "Намазга турабыз азыр" деп эскерткенде гана адамдар сууларын которуп алып, аажатканага чуркашып, кезеке туруп алышат. "Эмне бардыгын оптом келдинер, буга чейин кирип албайт беленер муктаждыгынар болсо" деп сурасан, "Жоок биз тиякты эле чайкап алалы" дешет, ушулда туура эмес, себеби алар тиягын жуушту даараттын 5-фарзы катары корушот, "Ар даарат алганда жуубасан даарат болбойт" деген понятада. Алар негизи жоон эле кочодо тамеки тартып, насвай таштап койууп отурушкан майит жуулуп, Намазга даярдалганга чейин. Бирок аларга тиягын жууганга себеп жок, антип себепсиз жуушу макрух болот...
Жума Намаздарда да Мечитке барсан, аажаткананын оозуна кезеке толуп алышат. Аларда ошолор, тиягын жууп чыгып, анан даарат алыш учун турушат 70-80% ы, булдагы макрух. Эчкандай даарат ушатпасан, муктаждыгын жок болсо, анда дароо эле даараттын озунун корсотулгон эрежелерин аткарып, т, а, "Жуз, кол, баш, бут, жана суннотторун" аткарып Мечитке кирип кете бериш керек...
#39 28 Февраль 2016 - 18:19
Мындан 2 айдай мурда, ОК га кирип жургонумдо, бир эже личкама бир суроо менен кайрылган экен эле, суроосунда мындай: "Биздин апабыз каза болуп, 1 жумадан кийин кабырына эже-синдилерибиз менен чогуу (Мурзого) бардык. Бирок, эскилерибизден "аял киши мурзого киреерде аласына кесек (Же касакпи) салып алып кириш керек экен", дегенинен баарыбыз кесек салып алып кирдик. Бирок ал кесек ээрип, эзилип кетет экен. Ушул нерсе туурабы?" Деп жазып ийиптир...
"Астагфируллоох" , деп эле тан калдым. Мына кордунорбу мусулмандар, "Ата-бабабызды ээрчийбиз, чон энем, тайенем айткан" деп, аларды шарият маселесинде ээрчуубуз, чоооооон адашууга алып барат. Эгерде кайсыл облус, райондордо жогоркудай маселер жаралса, же бар болсо, анда аны дароо тыйгыла, жана жокко чыгаргыла...
Шариятта аял-эркектердин мурзого кируу тартип-эрежелеринде укуктары бирдей. Дегеле мусулман адам болгону учун, мурзого кируунун негизги эрежеси: "Даарат алып, киреерде он бут менен кирип, анан АССАЛААМУ АЛАЙКУМ КАБЫР ЭЭЛЕРИ. СИЛЕРДИ АЛЛААХ РАХМАТ КЫЛСЫН. БИЗГЕДА КЫЯМАТ ЖАКЫН. ЖАКЫНДА БИЗДА СИЛЕРГЕ КЕЛИП КОШУЛАБЫЗ деп саламдашып. Анан коп суйлобой, кулбой, кабырдын жанына отуруп Куран окуп, сообун багыштап, кабырын чоп басып кетсе, тазалап койуп чыгып кете берет", болду ушул эрежени аткарсанар демек шарияттын айтканын аткарган болосунар. Эч кандай жогоркудай жагымсыз амалдары жок...
#40 28 Февраль 2016 - 19:29
Abuxanifa (28 Февраль 2016 - 17:17) жазган:
Коп эле жерде Жаназа Намаздарында: "Намазга турабыз азыр" деп эскерткенде гана адамдар сууларын которуп алып, аажатканага чуркашып, кезеке туруп алышат. "Эмне бардыгын оптом келдинер, буга чейин кирип албайт беленер муктаждыгынар болсо" деп сурасан, "Жоок биз тиякты эле чайкап алалы" дешет, ушулда туура эмес, себеби алар тиягын жуушту даараттын 5-фарзы катары корушот, "Ар даарат алганда жуубасан даарат болбойт" деген понятада. Алар негизи жоон эле кочодо тамеки тартып, насвай таштап койууп отурушкан майит жуулуп, Намазга даярдалганга чейин. Бирок аларга тиягын жууганга себеп жок, антип себепсиз жуушу макрух болот...
Жума Намаздарда да Мечитке барсан, аажаткананын оозуна кезеке толуп алышат. Аларда ошолор, тиягын жууп чыгып, анан даарат алыш учун турушат 70-80% ы, булдагы макрух. Эчкандай даарат ушатпасан, муктаждыгын жок болсо, анда дароо эле даараттын озунун корсотулгон эрежелерин аткарып, т, а, "Жуз, кол, баш, бут, жана суннотторун" аткарып Мечитке кирип кете бериш керек...
Таксыр, ошондо даарат ушатпасан,жел чыкса чыкпаса деле,тиякты жуубай туруп башка эрежелерди аткара бериш керекпи?