morther Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 276 (0,07 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Суперстан (65 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 22 Май 13
- Кароолор:
- 22 544
- Соңку аракети
- 20 Ноя 2018 21:02
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 60 жашта
- Туулган күнү:
- Октябрь 22, 1963
- Кызыгуусу:
- Адабият жана поэзия
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Алыскы кыргыз айылы
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
Кошумча каражат тапкың келеби?
Жазылган күн: 28 Июл 2016
Маалымат борбору экономикалык, педагогикалык, медициналык билими бар жарандарды кызматташууга чакырат.
0773217519 номерине кайрылыңыздар -
Атамды эскерип...
Жазылган күн: 8 Май 2016
Атамы эскерип...
5-май... Ушул кунду мурда майрам катары,атамын туулган куну катары күтсөк,8 жылдан бери аза күтүү куну болуп калды.Ушул туулган күнүндө ажал атамы арабыздан алып кетти.
Арадан 8 жыл өтсө да мен арабызда атамын жок экенине көнө албай келем.Өзум деле небере күтүп,чоң эне,тайэне болгонума карабастан атамын акыл насаатына дагы деле муктажмын.Жашоодо кыйналып-кысталган, бирөөнун акылына ,кеңешине муктаж болгон кезде атамын ырларын окуп аз да болсо каниет кылам.
Айылга барганда атамын “Атама “деген ырынын төмөнкү саптары эсиме келет:
Ар жылы барып айылга,
Аралап көңүл ачамын.
Толкундап кетем көргөндө
Жолдорун баскан атамын.
Кээде турмуштун оор сыноолоруна кабылганда атам дайыма дем берип:”Турмуштун бейиши да,кейиши да болот.Баарына сабырдуулук менен чыдаш керек.Адамдагы эң жакшы касиет сабырдуулук жана токтоолук”- дечү.
Чынында карап турсаң турмуш катаал,
Чыйырсыз,өңгүл- дөңгүл,жолу татаал.
Тоскоолду тоготпостон алга умтулуп,
Тайгылбай,кыя жолдон тактап басаар,
Багынып кырсыктарга тизе бүкпөй,
Баарына акыл керек көзүңду ачаар.
Атам тамырын,түбүн унутпаган атанын уулу,өз элинин патриот атуулу эле.Кыргыз элинин теңдешсиз касиеттерин кулагыбызга куюп турчу.Өз мекенин сүйүү,элине ак,астейдил эмгек өтөп,элдин жүгүн аркалай билүү ар адамдын ыйык парызы деп талыкпай кайталай берер эле.
Элине эстен кетпес кадырлуу бол,
Үзүрдү журтуң көрсүн, пайдалуу бол.
Ааламдын сырларын ач түмөндөгөн,
Адам деп жаралган сон акылы мол.
Пайдасыз туулуп жашоо кимге опо,
Андайдын болоору анык таалайсыз, кор.
Атам адамдык бийик кадырды,адамгерчиликти жогору баалаган адам эле.Ар нерсенин өзүнүн татыктуу баасы болот—дечү. Адамды баалай билүүдө,адамга баа берүүдө ыйманга байланыштуу абийир менен акыйкаттыктын, чындыктын ордун өзгөчө белгилөөчү.
Кулу бол,башынды ийип бир чындыкка
Туу кылып аймагынан алыс чыкпа.
Чыныгы акылмандын белгиси ошол,
Жалтанбай чын сөзүндө тургандыкта.
Бир чынды ашкерелеп чыгарууга,
Жуз калпты чалыш керек курмандыкка.
Ошондон болуу керек мен адамга акыйкат,туура баа берүүгө аракеттенип келем.
Дайыма көрө билип болбос жакты,
Ар иште адилеттүү болгон жакшы.
Сөз болсо тушуп турган талаштарга
Тартпастан жакыныңа ,калыс кара.
Кез-кезде ырларын окуп өзүмө дем куч алам.”атамы көргөн өлбөсүн”дейт го, атамы көргөн адамдар..санаалаштары, калемдештери. ..Баары көзгө сүйкүм,баары ыйык,баары кымбат.Ата конуш...Ал жердеги атам отургузган тал-теректер, алма-өрүктөр атам тирүү кездегидей мени кучак жайып тосуп чыккансыйт.
Айла канча,ушуларга каниет кылып жашоо улана берет тура..
-
Келиндерге насаат
Жазылган күн: 8 Май 2016
Келечектеги келиндерге 10 насаат
Кызын турмушка узатып жаткан эне кызына кайрылып: "Кызым, туулуп, чоңойгон үйүңдөн чыгып, тааныбаган жат адамдын үйүнө барасың. Жашооңдун калган бөлүгү ошол жерде өтөт. Демек, сен үчүн чыныгы турмуш эми башталат. Турмуштун ысык-суугун мени менен же атаң менен эмес, күйөөң менен бирге көрөсүң. Келечек жашооң бактылуу же бактысыз болуу өзүңдүн колуңда. Кызым, күйөңө күң сыяктуу кызмат кыл. Ошондо ал сага кул болот. Жашооңду тынч, таттуу өткөрүүнү кааласаң, төмөнкүлөргө көңүл бур:
1. Күйөөңө эч качан моюн толгобо. Ага ар дайым баш ий
2. Анын тапканына каниет кылып жаша
3. Күйөөңдүн көзүнө эч качан жагымсыз абалыңды көрсөтпө.
4. Күйөөңдүн мурду сенден эч качан жагымсыз жытты искебесин
5. Күйөөңдүн уктоочу убагын жакшы бил жана уктап жаткан учуда керексиз иш үчүн менен ойготпо
6.Күйөөңдүн тамактанаар мезгилин да байкоосуз калтырба. Курсагы ачкан адамдын ачуусу чукул болот.
7. Күйөөңдүн туугандарына жакшы мамиле жаса
8.Анын мал-мүлкүн жакшы сакта
9. Эч качан күйөөңө күнөө жасаба
10. Күйөөңдүн сырын эч кимге айтпа. Автор: Абдишүкүр Нарматов ⭐ Ислам Нуру кызматы. ⭐
Комментарийлер
Kg.lady
08 Мар 2014 - 21:36Майрамыныз менен дагы бир ирээт!
Kg.lady
08 Мар 2014 - 21:34raia
28 Фев 2014 - 20:37Kg.lady
03 Сен 2013 - 21:56Kg.lady
15 Авг 2013 - 23:29raia
06 Авг 2013 - 12:19Kg.lady
27 Июл 2013 - 15:28Kg.lady
26 Июл 2013 - 06:30happy02
21 Июл 2013 - 03:45konfetka_love
15 Июл 2013 - 16:31Kg.lady
15 Июл 2013 - 06:52konfetka_love
14 Июл 2013 - 21:44konfetka_love
14 Июл 2013 - 16:34mish
14 Июл 2013 - 05:01mish
14 Июл 2013 - 01:09