- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Күйөөмдүн ойношунан баласы бар....
#1 01 Август 2016 - 13:59
Орто мектепти аяктап, ЖОЖго сырттан тапшырып коюп эле ата-энем менен Москвага кеткен элем. Ал жакта эл сыяктуу алты жылдай иштеп ошол жакта эле, өзүм теңдүү эле бир жигит менен таанышып алты айдан кийин турмуш курдук. Шаң шөөкөтү жок эле, мечитке барып нике кыйдырып бирге жашап калдык. Мен ойлогондой жыргал жашоо деле болгон жок, кызганычтын айынан көп жолу урушуп, көп жолу мушташтык. Ал аралыкта боюмда бүтүп сегиз айлык болгондо Кыргызстанга келип кайын журтум менен таанышып, ушул жакта көз жардым. Кыздуу болуп, кызыбыз бир жашка толгондо атабызда келип шаарда жашап калдык. Дагы эле баачгы жашоо, мен аны ал мени кызганып уруш-талаш болуп жүрүп төркүнүмө таарынып беш-алты жолу барып келипмин. Баары жакшы болот өтүп кетет деп жүрүп экинчисинда төрөдүм. Уул болчу. Мурда дагы бир урса кетип калам деп жүргөн жаным эки балалуу болгон соң такыр байландымда калдым. Ошого карабай бир күнү аябай катуу уруштук, мушташтык. Ата-энемди чакырып баарын жыйыштырып, жүк-чагым менен кетип калдыс. Күйөөм алып калууга бир топ аракет жасаса да болбой кеттим. Бул жолку таарынычыбыз алты айга созулуп кетти... Балдарымдын тили чыгып, отурса турса атам деп жүрөгүмдү эзишет. Бул ооруга чыдай албасымбы билип, балдарым үчүн күйөөмө чалып алып кет дедим. Таппай эле турган экен кайнэнем экөө келип көчүрүп кетишти.
Жолдошум мурункудан өзгөрүптүр, иштериме киришпейт. Жакшы сүйлөп, балдарым менен алек болот. Эрте менен жумушуна кетпт, кеч келет. Бирок, бул күндөоүбүз узак созулган жок.. мен таарынып үйдө жүргөнүмдө күйөөм башка бир жесир аял менен жолугуп жүргөн экен. Анында эки баласы бар экен. Ошентип бирин-бирин алаксытып жолугуп жүрүшүп анысынын боюнда болуп калыптыр. Ал келинда башынан айтсам алдыртып коёт деп төрт айлык болгондо айтыптыр. Жалган деп башында ишенбей жүрдүм эле акыр аягы келип чын болуп чыкты...(((((( Азыр эмне кылаарымды билбейм, менден өтүп ал көгөрөт, андан өтүп мен көгөрөм.. Эки баламды атасыз өстүргүм келбейт. Жолдошум азыр ара жолдо турган кези. Мага айтпай барышып нике кыйдырып алышыптыр. Никесиз бала төрөлбөсүн дешкен го. Жолдошумду жек көрөм. Бирок чырактай болгон уул-кызымдын атасы. Кантейин аларды эстеп сай-сөөгүм сыздайт.
P.S. Жашоодо баары болушу мүмкүн экен дедим... Кантсе да убакыт өзү баарын ордуна коёт деңиздерчи, ага чейинки адам жашоосу эмнелерди кечээри белгисиз....((((
#4 01 Август 2016 - 15:46
#5 01 Август 2016 - 15:50
#6 01 Август 2016 - 15:55
munara.11. (01 Август 2016 - 15:50) жазган:
++++
#7 01 Август 2016 - 16:13
#8 01 Август 2016 - 16:17
#9 01 Август 2016 - 18:28
#10 01 Август 2016 - 19:03
byityska (01 Август 2016 - 16:17) жазган:
Сиз же турмушка чыга элексиз же абдан телегейи тегиз турмуштагы айымсыз(бул жакшы)
Албетте, баары эң таттуу кыялдар, жакшы тилектер менен турмуш курат, бирок, турмуш деген турмуш ар кандай кырдаалдарга туш болот...
Ал эми, мушташкандар толтура эле...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#11 01 Август 2016 - 19:27
#12 01 Август 2016 - 20:06
#13 01 Август 2016 - 20:07
jemile (01 Август 2016 - 19:03) жазган:
Албетте, баары эң таттуу кыялдар, жакшы тилектер менен турмуш курат, бирок, турмуш деген турмуш ар кандай кырдаалдарга туш болот...
Ал эми, мушташкандар толтура эле...
Кошулам ....
#14 01 Август 2016 - 21:54
nurda00 (01 Август 2016 - 19:27) жазган:
Ооба, биз кыргыздар 3 аял алыш керектигин билебиз, бирок, аялзатын кандай барктап, кандай сыйлаш керек экенин эмес...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#15 01 Август 2016 - 22:35
byityska (01 Август 2016 - 16:17) жазган:
Турмушту билип анан жазсан
#16 01 Август 2016 - 23:13
Сиз эч качан кетпеңиз ,бош келбеңиз ,мүңкүрөп калбаңыз. Балдарыңыздын келечегин ойлоң,кайын- журтуңузду чакырып маселени ортого коюң.
2-аял алган менен деле сизге мурдагыдай көңүл бурбай,балдарыңызды карабай коюшу мүмкүн.
#17 01 Август 2016 - 23:30
#18 02 Август 2016 - 00:14
#19 02 Август 2016 - 01:29
#20 02 Август 2016 - 01:46
begym (02 Август 2016 - 00:14) жазган:
Ушул соз жакшы жазылыптыр. Куйоосу аракет кылса да калбай кетип калыптыр.Жаш кызга деле уйлонуп алмак да.
Куйоосунун ордуна озунун бир тууган инисин же агасын коюп корсун.
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »