Nur Abdulaziz Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 811 (0,13 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Дин жана философия (402 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 21 Март 08
- Кароолор:
- 29 524
- Соңку аракети
- 25 Апр 2020 04:32
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 36 жашта
- Туулган күнү:
- Март 18, 1988
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Бишкек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
SapargulAbdil...
19 Ноя 2020 - 13:50 -
Zaatulilm
01 Окт 2019 - 23:58 -
Aliyar-Bei
25 Апр 2019 - 06:34 -
Arsen.D
20 Янв 2019 - 05:19 -
SMS Aroma
09 Янв 2019 - 09:58 -
Aizhanatka
20 Дек 2018 - 01:25 -
Kuzgum
15 Дек 2018 - 15:24 -
lazygirl
19 Сен 2018 - 13:48 -
Naku01
29 Авг 2018 - 22:20 -
Rapas
24 Апр 2018 - 19:40
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Акыркы көргөн киноң!
Жазылган күн: 9 Мар 2018
10МЫКТЫ ТАРБИЯЛЫК ФИЛЬМ
Инсаният интернет чыккандан бери чексиз бир ааламга кирип,мындан аркы техникажаатында жаңы нерсе ойлоп табуу мүмкүн эместигин талашып жаткан учуру. Бирокбиз интернетке чейинки сыналгы астында чоңойгон муундун өкүлүбүз жана биз үчүнэң таасирлүү азык катарында кинону айтсак болот.Сыналгы жандырсаңыз 60тан ашуунканал болсо да, тарбиялык маанидеги, динибиз жөнүндө тасмалар көп делекөрсөтүлбөйт. Албетте, интернеттен көчүрүп, көрсөткөндөрү жок эмес. Дин жаатындаиштеген көптөгөн фонд-мекемелер бул жаатта чабал болуп жаткандыгы таң калыштуу.Анткени ошол эле молдо-эшендерибиз ыйман даамын сезип калган момундар менеништесе, сыналгы аркылуу коомдун баардык катмарларын тарбияласа болот эмеспи.Мисалга алсак, бир топ тарыхий каталар менен тартылган “Даңазалуу доор”сериалын көрсөткөн соң, коомубузда бир топ стереотиптер жоюлуп, бир канчасыпайда болду.Эгер өзүбүз көрүнүктүү бир нерсе тарта албай жатсак, эч болбособатыштын маданий экспансиясына туруштук берүү үчүн котормо жаатында иштешибиззарыл. Бул тармакта коңшу өзбек туугандардан сабак алсак болчуудай.
Жеке инсан болуп калыптанууда адамга окуган китептери,уккан лекциялары, көргөнтасмалары чоң таасир берет. Кыргыз котормосу бийик деңгээлге чыкты, бирок алтынубакытты ушундай асыл тасмаларды которуу менен алек болсок, чиркин...
1."THE MESSAGE -АЛЛАХТАН КЕЛГЕН КАБАР-ПОСЛАНИЕ"
1976 жылы тартылган.
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө:Ливан,Ливия, Кувейт,Марокко, Англия)
Тасма англис тилдүү актерлор менен тартылса да, жаштайыбыздан бизге зор таасирберген жана Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жөнүндө көргөналгачкы тасма. Ислам дини кандай азаптар, сахабалардын курбанчылыгы мененкелгени жакшы чагылдырылган. Тасма кыргыз тилине которулган жана интернетбулактарына жайгаштырылган. Бирок кыргызча варианты атайын котормо студияларжана ар бир адамды өзүнчө үн коштоткон актерлор аркылуу которулса сонун болмок.КТРКнын жетекчилиги бул демилгени колго алат го деген аруу ниеттебиз.Интернетбулактарында англисче жана орусчасы бар. Кыргыз тилине да которулган.
2."ЖУСУППАЙГАМБАР- ПРОРОК ЮСУФ" сериалы
45 бөлүктөн турат.
2008 жылы тартылып баштаган.
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө: Иран )
Жүзү менен гана эмес, ички дүйнөсүнүн сулуулугу менен башкалардан өзгөчөкелишимдүү болгон Жусуп пайгамбар (ага Аллахтын саламы болсун) жөнүндөтартылган тасма. Сабырдуулук, Кудайга болгон тобокелдик жөнүндө түшүнүк берүүдөчоң пайда берчү сериал. Тасма бир учурда ЭлТР каналында кыргызчаланып, элгетартууланган. Бирок котормо мыкты деңгээлде болбогон үчүн, бул тасманы да кайраиштеп чыгуу лазым.Интернетте орусча жана түркчөсү бар.
3."УМАРИБН АЛЬ-ХАТТАБ" сериалы
30 бөлүктөн турат.
2012 жылы тартылып бүткөн.
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө: Марокко )
Момундардын башчысы жана экинчи халиф, белгилүү сахаба Умар ибн аль Хаттабтынжашоосу аркылуу Ислам дининин жайылуусу жана чыныгы мусулмандардын кулк-мүнөзү, адеп-ахлагы мыкты чагылдырылган. Тасма кээ бир жергиликтүү каналдар аркылуучакан котормо тобу аркылуу кыргызчаланган, бирок сапаты бирааз начар. Аракетиүчүн болсо да Аллах ыраазы болсун деп, бул тасма да кыргызчага мыкты деңгээлдеоодарылып калат деген үмүттөбүз. Интернетте арабча жана орусчасы бар.
4."ХУДЖАТУЛЬИСЛАМ ИМАМ АЛЬ ГАЗАЛИ" сериалы
32 бөлүктөн турат.
2014 жылы көрүүчүлөргө тартууланган.
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө: Мысыр(Египет)
XI кылымда жашап өткөн, ислам ааламында худжатуль Ислам наамын алган имам АбуХамид аль-Газзали жөнүндө тартылган тасма. Аалымдын жеке жашоосу менен бирге,адашкан жамааттардын ишмердүүлүгү, Ислам дүйнөсүндөгү пикир-келишпестиктер, аалымдардын илим жолу жана Акыйкатты издөө туурасында мыкты баяндалган. Элибизгечыныгы Ислам жүзүн көрсөтөм дегендер үчүн бул кинону көрүүнү сунуштайм жана бул тасма КТРК аркылуу которулуп, көрсөтүлсө, коомубуздагы элдин динийсабаттуулугун жоюуда үлкөн иш болмок.
Интернетте арабча жана орусчасы бар.
5."DIRILIŞ. ERTUĞRUL-ВОЗРОЖДЕНИЕ. ЭРТУГРУЛ" сериалы
Азыркы убакта 103 бөлүгү чыкты.
2014 жылдан бери көрүүчүлөргө тартууланып жатат.
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө: Түркия )
Алты кылым ааламды титиретип турган улуу Осмон дөөлөтүнүн негиздөөчүсүОсман- газинин атасы Эртугрул-гази жөнүндө тартылган тасма.Көчмөн элибизге өтөжакын тасма,анткени ошол мезгилдин жашоо образы, каада-салты биздикинеокшош. Жашаган боз үйүнөн баштап, кийген кийимине чейин көчмөндүктүн жытыжыттанып турат. Сериалдан чыныгы мусулмандык бир туугандык, өлкөгө берилгендикжөнүндө маалымат ала аласыз.Бул тасма бир канча КМШ өлкөлөрүндө орус тилинде эңрейтингтүү тасмалардын катарында. Жадагалса казак боордошторубуз сериалды казакжана орус тилине которуп, бир нече каналдар аркылуу көрсөтүп жатат.Биздинөлкөбүздө да ,бул тасманы кыргызчалоо "Даңазалуу доор" сымал сапаттууболуп, элге көрсөтүлсө, ал телеканалдын рейтинги 1 орундан түшмөк эмес депишендирип кетмекчимин. Интернетте орусча жана арабчасы бар.
6."LION OF THE DESERT-ЧӨЛ АРСТАНЫ -
ЛЕВ ПУСТЫНИ УМАР АЛЬ-МУХТАР "
1980 жылы тартылган.
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө: Ливия,АКШ)
Колониалдык саясаттын негизинде Ливиялык мусулмандарды кордогон диктаторМуссолиниге каршы күрөштү жетектеген улуу аскер башчы Умар аль-Мухтар тууралуутасма. Бир топ жыл эркиндик үчүн болгон күрөштүн башында турган бул эр жүрөкинсанды Италия өлкөсүнүн зөөкүр бийлиги дарга асып салган.Тасманы көргөндөр" басмачылар бастыбы?" деген ойго дуушар болот го дейм. Кыргызчаланыпкалаар деген үмүттөбүз.
Интернетте англисче жана орусчасы бар.
7."PAITAHT. ABDÜLHAMIT-ПРАВАНА ПРЕСТОЛ.АБДУЛХАМИД" сериалы
Азыркы убакта 34 бөлүгү чыкты.
2017 жылдан бери көрүүчүлөргө тартууланып жатат.
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө: Түркия )
Чар тарабынан Европа өлкөлөрүнүн колониалдык саясатынан кысылган, жаралууарстанга окшоп калган Осмон дөөлөтүнүн акыркы адилеттүү султаны Абдулхамид IIжөнүндө тартылган тасма. Ички жана тышкы душмандардын көптүгүнө карабастан, өлкөнүн чачыранды болуусун 33 жылга кечиктирген. Султан Абдухамид масончулуккаберилген, ичтен чыккан саткындар менен болгон күрөшүн тактан кулаганча улантыпкелген. Дүйнөлүк ири державаларынын ич ара өлкөлөргө бүлүк салып, бөлүпжарып- башкар усулу мыкты чагылдырылган. Дипломатиянын тили аркылуу улуу султанбир топ жетишкендикке жетип, өлкөсүн карыз сазынан чыгарган.Бул тасмакыргызчаланса, саясий жактан элибиздин көзү кыйла ачылмак.Которулуп калаар дегенүмүттөбүз.
Интернетте арабча жана орусчага которулуп ,чыгып жатат.
8."DANIMARKALI GELIN- ДАНИЯЛЫК КЕЛИН-НЕВЕСТА ИЗ ДАНИИ"
1993 жылы тартылган.
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө: Түркия)
Европада окуп, Даниялык кызга үйлөнгөн жигиттин жана ага турмушка чыгуу үчүнчын дилинен Ислам динин кабыл алган кыз жөнүндө тартылган тасма. Коомубуздамусулманмын, эң башкысы жүрөгүм таза болсо болду дегендер көп. Негедир “жүрөгүтазалар” Жараткандын өкүмдөрүнө көңүл кош мамиле кылгандай. Бул тасманы көргөнар бир инсан өзүнө: “Мен канчалык мусулманмын? ” деген суроону берсе керекдейм.Аты мусулман,заты белгисиз арсар жүргөн бир туугандарга арналган мыктытасма. Кыргызча которулганынан кабарыбыз жок. Интернетте түркчө жана орусчасыбар.
9."OTAMDANQOLGAN DALALAR-АТАМДАН КАЛГАН ТАЛААЛАР”
1998 жылы тартылган
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө: Өзбекстан)
2 бөлүмдөн турат.
Орус баскынчылык саясатын чагылдырган мыкты тасма.Биздин тарыхчылар жанакиночулар жымсалдап бере албаган көптөгөн акыйкатар чагылдырылган. Чыныгыгенерал Скобелевтун анык жүзүн көрсөткөн.Орто Азия элдерининынтымагы, "басмачылар" жана ичтен чыккан саткындар жөнүндө сонунбаяндалган тасма.Интернеттен азырынча өзбек тилин түшүнгөндөргө гана сунуштайалам.
10.“HÜR ADAM -ЭРКИН АДАМ .БЕДИУЗЗАМАН САИД НУРСИ”
2011 жылы көрүүчүлөргө тартууланган
(Тасманы каржылап, тарткан өлкө: Түркия)
Өткөн кылымдын улуу аалымы Саид Нурсинин Осмон дөөлөтүнүн кулашынан кийинкидинди кысмакка алуу учурундагы шакирттери менен болгон күрөшү жөнүндөбаяндалган мыкты тасма. Чыныгы мусулмандарга өрнөк болчү сабырдуулук жанатайманбастыкты укмуштуудай чагылдырган. Кылдаттык менен которулуп, актерлордунүнү менен профессионалдык деңгээлде кыргыз тилине которулган азырынча жалгыздиний тасма десем жаңылышпасам керек.
Даярдаган: Нуриет Абдулазиз
-
Темасы: Акыркы көргөн киноң!
Жазылган күн: 3 Июн 2017
Аракет бизденболсун, ал эми жеңиш Жараткан Аллахка таандык!
«Даңазалуу доор» сериалынын күйөрмандарына!
Сиздердин назарыңыздарга ТРТ каналынын колдоосу менентартылган «Dirilis Ertugrul» сериалын көрүүгө сунуштайбыз.
Мусулмандар тарыхы,көчмөндөр маданияты, крестүүлөрдүн жортулу,масондордун түпкү ана-башчылары болгон тамплиер ордени, улуу Осмон империясынынтүптөлүүсү жөнүндө маалымат издеп, кызыккандар үчүн бул чоң табылга.
Сериал учурунда көрүүчү улуу империяны түптөгөн Осмон Биринчининатасы баатыр Эртугрул менен тааныша алат.Эртугрул Мерв(Түркменистандан)сельжуктарга кресттүүлөргө каршы Анатолияга 400 аскери менен келген түрк-огуздардын Кайы уруусунун башчысы болгон.
Бул улуу баатыр Осмон империясынын түптөлүшүнө себебчи болгонинсан. Өзүнүн баатырдык, сабырдуулук, акылмандык жана өжөрлүгү мененмусулмандардын башын бириктирүү үчүн көп жерлерди багындырып алган.Анткени алмезгилде Батыштан крестүүлөр кысып келсе,Чыгыштан Чынгызхандын жоокерлеримусулмандарды кырып келген.Ортодо калган мусулман башчылары биригүүнүн ордунаич ара так талашуу жана бири-бирин душманга сатуу менен алектенип калышкан.
Эртугрул кыска аралыкта бүтүн Кичи Азияны өз карамагынакаратып алса,ал эми анын урпактары 6 кылымдан ашык мезгилде адилеттүүлүгү жанакүчү жагынан теңдешсиз империяны башкарышкан. Бул баатырдын урпактары катарыбелгилүү Даңазалуу Сулейман, Мухаммад Жеңүүчүгө (аль-Фатих) окшогон улууинсандарды атап кетсек ашыкча болбос.
Сериал учурунда кыргыздарга көп жерлери жакын экенинбайкайсыздар: боз үйлөрдөн баштап,кийинген кийими, жашоо образы жана салттары.Мындансырткары баатырдын сүйүүсү, душмандардын айлакердиги, саткындардын абалыжөнүндө да кенен баяндалган.
Азырынча сериал интернет майданында орусча «ВоскресшийЭртугрул» аты менен көрүүчүлөргө тартууланган.
-
Темасы: "Даңазалуу кылым. Көсем султан" сериалы

Темасы: Түрк сериалдары
Жазылган күн: 3 Июн 2017
Аракет бизден болсун, ал эми жеңиш Жараткан Аллахка таандык!
Dirilis.Ertugrul
«Даңазалуу доор» сериалынын күйөрмандарына!
Сиздердин назарыңыздарга ТРТ каналынын колдоосу менентартылган «Dirilis. Ertugrul» сериалын көрүүгө сунуштайбыз.
Мусулмандар тарыхы,көчмөндөр маданияты, крестүүлөрдүн жортулу,масондордун түпкү ана-башчылары болгон тамплиер ордени, улуу Осмон империясынынтүптөлүүсү жөнүндө маалымат издеп, кызыккандар үчүн бул чоң табылга.
Сериал учурунда көрүүчү улуу империяны түптөгөн Осмон Биринчининатасы баатыр Эртугрул менен тааныша алат.Эртугрул Мерв(Түркменистандан)сельжуктарга кресттүүлөргө каршы Анатолияга 400 аскери менен келген түрк-огуздардын Кайы уруусунун башчысы болгон.
Бул улуу баатыр Осмон империясынын түптөлүшүнө себебчи болгонинсан. Өзүнүн баатырдык, сабырдуулук, акылмандык жана өжөрлүгү мененмусулмандардын башын бириктирүү үчүн көп жерлерди багындырып алган.Анткени алмезгилде Батыштан крестүүлөр кысып келсе,Чыгыштан Чынгызхандын жоокерлеримусулмандарды кырып келген.Ортодо калган мусулман башчылары биригүүнүн ордунаич ара так талашуу жана бири-бирин душманга сатуу менен алектенип калышкан.
Эртугрул кыска аралыкта бүтүн Кичи Азияны өз карамагынакаратып алса,ал эми анын урпактары 6 кылымдан ашык мезгилде адилеттүүлүгү жанакүчү жагынан теңдешсиз империяны башкарышкан. Бул баатырдын урпактары катарыбелгилүү Даңазалуу Сулейман, Мухаммад Жеңүүчүгө (аль-Фатих) окшогон улууинсандарды атап кетсек ашыкча болбос.
Сериал учурунда кыргыздарга көп жерлери жакын экенинбайкайсыздар: боз үйлөрдөн баштап,кийинген кийими, жашоо образы жана салттары.Мындансырткары баатырдын сүйүүсү, душмандардын айлакердиги, саткындардын абалыжөнүндө да кенен баяндалган.
Азырынча сериал интернет майданында орусча «ВоскресшийЭртугрул» аты менен көрүүчүлөргө тартууланган. -
Темасы: "Ыйман казынасынын" асыл кенчи
Жазылган күн: 10 Июл 2016
Бүгүн акылым болгондо, кечеги каталарымды жасабайт болчумун, ал эми кечеги каталарды жасабаганда, бүгүнкү акылым болбойт болчу
Комментарийлер
Nur Abdulaziz ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?