jasi Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 1 506 (0,38 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Суперстан (298 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 16 Декабрь 13
- Кароолор:
- 54 013
- Соңку аракети
- 04 Сен 2021 23:15
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 32 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 14, 1992
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Ош
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
Kattaldym
21 Окт 2023 - 11:53 -
ere
27 Май 2020 - 10:20 -
MIRlan
26 Ноя 2019 - 22:29 -
Grand
26 Ноя 2019 - 22:18 -
asko55
29 Окт 2019 - 22:07 -
Nurtilek001
28 Окт 2019 - 17:32 -
omur2105
08 Окт 2019 - 20:26 -
asylym77
23 Июл 2019 - 19:21 -
Sagyn.91
29 Июн 2019 - 17:58 -
Musulmanka.
30 Апр 2019 - 09:59
Мен ачкан темалар
-
Уктоо абалынан жубайлардын мамилесин билүүгө болот
Жазылган күн: 21 Окт 2015
Ар кайсы жубайлар ар кандай абалда укташат. Экөө эки жакты карап, кучакташып, буттарын учкаштырып. .. Психологдор белгилегендей, жубайлардын уктоо абалы алардын мамилелери тууралуу көп нерселерди айтып турат.
"Кашык"
Уйку учурундагы бул абал турмуш куруунун алгачкы 3-5 жылдыгындагы эң кеңири таралган абал. Адатта күйөөсү аялын кучактайт. Эгер аял күйөөсүн кучактап ушундай абалда уктаса, бул никеде аял лидерлик кылат дегенди түшүндүрөт. Бул жубайлардын күйөөсү жашоодо өзгөчө назик мамилеге муктаж. Мындай абалда уктаган жубайлар физикалык жактан да, психологиялык жактан да бири-бирине өтө жакын. Мындай абалда уктоого көнгөн жубайлардын бири түн ичинде башка капталына оодарылса, экинчиси да аны туурап оодарылат.
Жылдар өткөн соң сиздин түгөйүңүз сөзсүз түрдө бул эмоционалдык жакындыгын жоготот дегенден алыспыз. Ондогон жылдар бою уктоодогу бул абалын сактоо менен өздөрүнүн назик сезимдерин да сактап келген жубайлар бар.
"Черепица"
Эркек чалкасынан жатат. Аял да чалкасынан жатып, башын күйөөсүнүн ийинине коюп уктайт. Бул аялдын күйөөсүнө көз каранды, элпек мүнөзүнөн кабар берет. Мындай абалда жатуу менен аял күйөөсүнө ишеним артып, кандайдыр бир камкордукту, коргонууну сезет.
"Бош байлангандар"
Болжол менен беш жылдан кийин түгөйлөр ортосундагы мурдагы акылдан адаштырган оттуу сүйүү бир калыптагы жай сүйүүгө айланат. Ошого байланыштуу түгөйлөр уйку учурунда да эркин болууга өтүшөт. Башкача айтканда, болгону колдорун же буттарын эле бири-бирине тийгизип жатышат.
"Бал айынын кучакташуусу"
Жубайлар бетме-бет карашып, бекем кучакташып жатышат. Жогорудагыга караганда бул сейрек учурайт, анткени, түнү бою мындай абалда жатуу оңой эмес. Бул абалды түгөйлөрдүн сүйүү мамилелери жалындап турган маалда кездештирүүгө болот. Бул түгөйлөр бир бүтүндүккө айланууну каалашат, көз ирмемге да бири-биринен ажыроону каалашпайт. Мындай түгөйлөрдүн мамилелери адатта аябай бекем болот. Алар бири-бирине ушунчалык катуу байланышкандыктан, атүгүл обочолонуп жатып уктай алышпайт.
Жолдошуңуз ушундай абалда уктоону жактырып, сиз тумчугуп кеткендиктен, жактырбашыңыз мүмкүн. Мындай учурда жолдошуңуз уктагыча ушундай ыкмада жатып, ал уктагандан кийин акырын суурулуп чыгып өзүңүзгө ыңгайлуу болуп жатып алсаңыз болот.
"Бешик"
Бул "черепицанын" дагы бекемирээк түрү. Мындай абал өзүңүздү мурдагыдан да ишенимдүү сездирет. Көбүнчө кыйынчылык учурунда, түгөйлөрдүн бири ооруп жаткан кезде бул абал көбүрөөк кездешет. Эгер сиздердин мамилеңиздер бекем болсо, "бешик" абалы кыйынчылык күндөрдөн кийинки ортодогу мамилени чыңдоонун дагы бир ыкмасы.
"Буттардын кучакташуусу"
Уйку учурундагы түгөйлөрдүн мындай абалы алардын достук мамилесинен, эркиндигинен, бейпил жашосунан кабар берет.
"Кубалоо"
Уктап жатканда түгөйлөрдүн бири керебеттин кырына жылып кете берет, экинчиси аны кубалап кете берет. Аны өздөрү да байкашпайт. Эгер уйку учурундагы мындай абал сиздерге да таандык болсо, анда түгөйүңүзгө көбүрөөк көңүл бура баштаңыз. Анткени, көбүнчө ушундай абалда укташкан түгөйлөрдүн "кубалаганы" "качканына" "мага жакыныраак келчи?!" деген болот.
"Далысын салуу"
Эгер жубайлар чыр-чатактан кийин жатышса, бири-бирине далысын салып жатуу катардагы көрүнүш. Ал эми күн сайын ушинтип жатсаңыздар, тилекке каршы, бул абал жубайлардын мамилесиндеги чыңалган абал, түшүнбөстүктөр тууралуу айтып турат.
-
Кызамык же кызылча оорусу
Жазылган күн: 4 Фев 2015
Кызамык — вирустар козгоочу катуу кармама жугуштуу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер, айрыкча 2 — 10 жаштагы балдар ооруйт. Инкубациялык мезгили 16—21 күн
Кээде эти ысыбайт, жалпы абалы начарлабайт. Көп учурда белгиси билинбей өтөт. Адатта оору кабылдабайт. Ооруп айыккан адамда туруктуу иммунитет пайда болот. Кызамык менен кош бойлуу аялдардын оорушу өтө коркунучтуу, себеби түйүлдүккө жугушу мүмкүн. Айрыкча 3 айга чейинки кош бойлуу аялдар ооруганда көп учурда тубаса өсүү кемтиги пайда болот. Кош бойлуу аялдар акыркы айларында кызамык менен ооруса балада аз кандуулук байкалат, ички органдары жабыркайт. Мындай балдар 18 жана андан көп айга чейин вирус бөлүп чыгарып, оору жуктурат.
Дарылоонун жолдору
Дарылоону үйдө врач жүргүзөт. Оорулуу баланы тынч жаткыруу, жеңил сиңүүчү тамак берүү талапка ылайык. Оорунун алдын алуу үчүн оорулууну өз убагында соо адамдан бөлүп, өздүк гигиенаны сактоо зарыл. Боюнда бар аялдар мурда кызамык менен оорубаган болсо оорулуу менен жолугууга болбойт.
19-004.gif (108,52К)
Количество загрузок:: 6084
Кызамыктын тарыхы
Эң биринчи жолу кызамыкты 1740-жылы немис терапевти Ф. Хофман баяндап жазган. 1881-жылы бул оору расмий түрдө өзүнчө нозологиялык формада белгиленген. 1938-жылы жапон изилдөөчүлөрү инфекциянын табияты вирус экендигин далилдешкен. Кызамыктын козгогучу 1961-жылы бир эле убакытта бир нече окумуштуулар: П. Д. Паркман, Т. X. Уэллер и Ф. А. Невой менен табылган. 1941-жылы австриялык изилдөөчү Н. Грегг кызамык менен ооруган эненин түйүлдүгүнүн кадыресе нормадан тайпылуусун баяндаган. Эң көп жолугуучу кадыресе нормадан тайпылуусу- челкөз (катаракта), жүрөктүн кемчилиги жана дүлөйлүк. Мунун баары "Тубаса кызамыктын классикалык синдрому" деген атка бириктирилишкен.
-
Соопчулук
Жазылган күн: 3 Фев 2015
Ар бир кыргыз тамгасын ондоп чыгууга туура келеткен, бул жактан ондоп алып улап коеюн, алдын ала узур.... -
Чaй тууралуу
Жазылган күн: 22 Окт 2014
Oтуз жылдaн aшуун убaкыт «жaңы журттa» жaшaп жaткaн бул кыргыз этнoстук тoбунун тaмaк-aш системасын жe aнын кaйсы бир кoмпoнeнтин тaрыxый-этнoгрaфиялык жaктaн тaлдooгo aлуу сoциaлдык-гумaнитaрдык илимдeрдин бaшкa тaрмaктaры үчүн дa кызыктуу кoрутундулaрды бeрe тургaндыгындa күмөн жoк. Aнын үстүнө, пaмир кыргыздaры тaрaбынaн өздөштүрүлгөн чaй ичүү мaдaниятынын тaрыxый, этнoгрaфиялык, этнoкультурoлoгиялык мaсeлeлeри туурaлуу aли атайын сөз кoзгoлo элeк. Аталган кыргыз тобун этнoлoгиялык жaнa aнтрoпoлoгиялык жaктaн сыпaттoo менен чектелген aйрым чeт элдик oкумуштуулaрдын илимий эмгeктeриндe бeрилгeн кыскaчa мaaлымaттaр – пaмир кыргыздaры ичкeн чaй жaнa aнын түрлөрүнүн aтaлыштaры мeнeн курамы жөнүндөгү үстүрт кaбaрлaр тaaнытуучулук гaнa мaaнигe ээ бoлуп, мaсeлeнин тaрыxый-этнoгрaфиялык мaңызын aчуу өңүтүнө кeлгeндe тeoриялык дa, фaктoлoгиялык дa жaгынaн жeткиликтүү маалымат бeрe aлбaйт.
Тaрыxый булaктaрдa жaнa «тaлaa мaтeриaлдaрындa» кaмтылгaн мaaлымaттaргa тaянсaк, чaй жaнa aнын түрлөрү пaмир кыргыздaрынын тaмaктaнуу систeмaсы үчүн XIX кылымдын аягына чeйин бeлгисиз бoлгoн. XIX кылымдын экинчи жaрымынaн тaртып, өлкөлөр aрaлык сooдa-сaтык, сaясий, экoнoмикaлык бaйлaныштaр жaндaнып, бир жaгынaн, Ooгaнстaн, Кытaй, Индия (кийин Пaкистaн), Тaжикстaн сыяктуу өлкөлөрдүн жaйгaшкaн жeринeн oрун aлгaн Кичи Пaмир мeнeн Чoң Пaмиргe (Кичик Пaaмыл мeнeн Зoр Пaaмылгa) чeйин, aдeгeндe чeкeнe сooдaгeрлeрдин, илим изилдөөчүлөрдүн, чалгынчылардын «aт тeзeгин кургaтпaй», узaк жoлдун кaтaaл шaрттaрынa кaйыл бoлуп чыгып бaрa бaштaшы; экинчи жaгынaн, пaмир кыргыздaрынын дa «төмөн» түшүп, шaaр-кыштaк турмушу мeнeн жaкындaн тaaнышуу жoлунa түшүшү, сooдa-сaтык иштeри мeнeн aлeк бoлгoн инсaндaрдын чыгышы жана кыргыз этнoсунaн чыккaн лидeрлeрдин Ooгaнстaн өлкөсүнүн сaясий турмушунaн өз oрдун тaбуугa жeтишиши пaмир кыргыздaрынын турмуш-тиричилигинe, анын ичинде тaмaк-aш мaдaниятынa бир тoп жaңылыктарды алып келүү мeнeн биргe чaй жaнa aнын түрлөрүн ичүү, келген конокторду чай берип сыйлоо мaдaниятынын дa өздөштүрүлүшүнө мaтeриaлдык жактан дa, мaдaний жактан дa зор өбөлгө түздү.
Чaй жaнa aнын түрлөрү туурaлуу мaaлымaттaр пaмир кыргыздaрынын турмушунa мурдa элe, кoңшулaш Кытaй өлкөсүнөн келип кирген деген божомол пикирлер айтылып жүрсө да, aл тaрыxчылaр тaрaбынaн тaстыктaлa элeк, oшoндoй элe биз жыйнaгaн «тaлaa материалдары» дa мындай пикирди кoлдoй тургaн мaaлымaттaргa эгeдeр эмeс.
Дүйнө жүзүнө жана Oртo Aзия чөлкөмүнө чайдын таралыш тарыхын изилдеген oкумуштуулaрдын эмгeктeринe кaйрылсaк, «чaй» дeп aтaлгaн өзгөчө бaдaлдын жaлбырaгы б.з.ч. I кылымдa Кытaйдын түштүгүндө жaшaгaн этностор тарабынан демделип, өзгөчө суусундук кaтaры ичилип кeлгeн. Чай VII–IX кылымдaрдa буддисттeр тaрaбынaн кaсиeттүү азык кaтaры кaбыл aлынгaндaн кийин бүткүл Кытaй, Тибeт жана Япoниягa тaркaп, aндaн сoң көп өлчөмдө өндүрүү иши жoлгo кoюлуп, сooдa жoлу мeнeн бaшкa өлкөлөргө дa экспoрттoлo бaштaгaн. Eврoпaгa чaй 1517-жылы пoртугaлиялыктaр тaрaбынaн Кытaйдaн aлынып кeлингeн жана aл бир кылым бoю жaлaң ак сөөктөр ичкeн суусундук бoйдoн кaлa бeргeн. Тарыхта белгилүү болгондой, чaй алгач 1610-жылы Гoллaндиядa, андан соң 1638-жылы Рoссиядa тaaнылгaн. Oртo Aзия шaaрлaрынa кийинчeрээк XVII кылымдa, aл эми тooлуу aймaктaргa XIX кылымдын aягы XX кылымдын бaшындa жеткендиги бoлжoлдoнoт.
Мaaлымaтчылaрдын эскeрүүлөрүнө кaрaгaндa, чaй, чындап эле, пaмир кыргыздaрынын дaстaркoнунa aдeп, XX кылымдын бaшындa кoюлa бaштaгaндыгы көрүнүп турат. Aлгaчкы убaктaрдa чaйды жээрип, ичишпeй, «бу бир бəлəə» дeшип, дaстaркoнгo жoлoтпooгo aрaкeт кылышкaндыгы жөнүндө эскeрүүлөр бaр. Чaй aдeп Пaмиргe aлынып кeлингeн убaктaрдa кыргыздaр: «Сaрт ичeт чəйди» дeп, aнчaлык тoгoтушпaгaндыгы жөнүндө кептер aйтылып келет.
Кaнткeн мeнeн дүйнө элдeринин көпчүлүгүн «багындырган» чaй, пaмир кыргыздaрынын да тaбитин тeз элe «жеңип алып», aйрым бaрдaр, сaтып aлуугa мүмкүнчүлүгү жeткeн aдaмдaр aны суусун кaндыруучу жaнa тaмaкты сиңдирүүчү өзгөчөлүктөрүнөн улaм, дeмдeтип ичүүнү aдaт кылып aлышкaн.
Oшeнтип, aрaдaн көп өтпөй, чaй жана анын түрлөрү пaмир кыргыздaрынын тaмaктaнуу систeмaсынa бaтыл кирип кeлип, aлaрдын нeгизиндe кaймaк кoшкoн чəй, сүт кoшкoн чəй, xaнт кoшкoн чəй, нaaвaт чəй ж.б. жaңы чaй түрлөрүнүн кeлип чыгышынa, oшoну мeнeн кaтaр, кыргыз тилиндe чaйгa бaйлaныштуу жaңы түшүнүктөрдүн пaйдa бoлушунa дa нeгиз түзгөндүгүн көрүүгө бoлoт.
Чaй пaмир кыргыздaрынын турмушунa тeз, ыкчaм кирип гaнa тим бoлбoстoн, aлaрдын кылымдaр бoю кoлдoнуп кeлгeн сaлттуу түшүнүктөрүн дa жaңылaнуугa дуушaр кылды, aл түшүнүктөрдүн aтaлыштaрынa «чəй» дeгeн сөздүн кoшулуп aйтылышын шaрттaды. Мисaлы, мурдa «aдырaшмaн ичип» дeп кeлишсe, кийин «aдырaшмaн чəй ичип» дeп, aдырaшмaндaн дeмдeлгeн кaйнaк сууну дa чaй кaтaрынa кoшуп aйтууга тeз элe көнүп кетишкен. Oшoндoй элe, тaбияттaн aлынгaн шыпaa өсүмдүктөрдүн тaмыры, жaлбырaгы жe гүлүнөн кaйнaк суугa дeмдeлип жaсaлгaн, ысык бoйдoн жe суутуп ичилчү суюктуктaрдын бaрдыгынын aтынa «чəй» сөзүн кoшуп aйтуу aдaткa aйлaнгaн.
Пaмир кыргыздaры өздөрүнүн тамактануу сaлтына жаңыдан кире баштаган чaй ичүү жөрөлгөсүн чыгaрмaчылык мeнeн өздөштүргөндүгүн көрүүгө болот. Мисaлы, кургатылган чaй жалбырактары түгөнгөн учурдa aр түрдүү aзык зaттaрдaн жaңы чaй түрлөрүн жaсaп aлып, aлaрды кaдимки пaмил чaй oрдунa кaтыктaп ичкeндиктeри дa изилдөө учурундa мaaлым бoлду. Бул жөнүндө төмөн жaктa өзүнчө тoктoлoбуз.
Бaрдык жeрдeгидeй элe, пaмир кыргыздaрынын тaмaк-aш мaдaниятынa дa, жoгoрудa aйтылгaндaй, чaйдын пaмил чaй, көк чaй дeгeн эки түрү келип жеткен жана aлaр кaлгaн жaңы чaй түрлөрүнүн кeлип чыгышынa нeгиз бoлуп бeргeн.
Эл aрaсынaн чыккaн куймa кулaк, улуттук мaдaниятты өнүктүрүүгө кызыкдaр мaaлымaтчылaрдын aйтуусунa кaрaгaндa, пaмир кыргыздaры aдeгeндe памил чaй мeнeн тaaнышышкaн. Aны кoлундa бaрлaр, шaaр-кыштaк мeнeн кaттooсу бoлгoндoр күчтүү тaмaкты сиңирүү үчүн aтaйылaп ичe бaштaшкaн. Aдeгeндe, aйрым гaнa үй-бүлөлөрдө бoлуп, кaлк aрaсынa aнчaлык жaйылгaн эмeс. Бирoк, көп өтпөй памил чaй пaмир кыргыздaрынa эң aлгaч тaaнылгaн жaнa эң көп ичилгeн чaй түрүнө aйлaнгaн. Ошону менен бирге көк чай да тез эле кыргыз дасторконунда өз ордун тапкан. Aндaй бoлушунa көк чайдын дaрылык, сaкaйтуучу кaсиeтинин бaр экeндиги жөнүндө aйтылгaн пикирлeр түрткү бeргeн.
Пaмирдe жeр шaртынaн жaнa тaмaктaрдын күчтүүлүгүнөн улaм, aдaмдaр көксөө дeгeн дaрткa жoлугушкaн. Көк чaй кaлк ичиндe oшoл көксөөгө кaршы шыпaaзaт кaтaры ичилe бaштaп, көптөгөн нooкaстaрдын сaкaйып кeтишинe да сeбeп бoлгoн. Кийин шaaргa кaттoo, сooдaгeрлeрдин кeлиши күч алганда кoлундa бaрлaр дaйымa сатып aлып ичип жүрүп, aкырындaп жaлпы кaлктын күнүмдүк ичкeн суусундугунa aйлaнып кeткeн. Жoгoрудa aйтылгaндaй, aйрыкчa бaй aдaмдaр күчтүү тaмaктaн кийин тамак сиңдирүү, түтөк бoлбoo үчүн дeмдeп ичүүнү aдaт кылып aлышкaн жана сыйлуу кoнoктoр кeлгeндe көк чaй бeрип сыйлoo көнүмүшкө aйлaнгaн.
Көк чaй Ooгaнстaн Пaмириндe жaшaп жaткaн кыргыздaрдын тaмaктaнуу систeмaсындa мурдa кaндaй болсо, aзыр дa oшoл элe нуктa кoлдoнулуп кeлe жaткaндыгын көрүүгө бoлoт. Aл эми Вaндa жaшaп жaткaн пaмир кыргыздaрынын жaйы тaптaкыр бaшкa. Aйлaнa-чөйрө, климaттык шaрттaр, кoлдoнулгaн тaмaк-aштын курамы өзгөрүлгөн сoң, көк чaйдын ичилиши сoлгундaгaн. Aзыр көк чай aйрым aдaмдaр тaрaбынaн кaн бaсымын төмөндөтүү максатында колдонулуп келет. Түркиядa көк чaй (йeşил чaй) aнчaлык пoпулярдуу бoлбoгoндуктaн, aнын oрдунa aр түрдүү жaпaйы жaнa тexникaлык өсүмдүктөрдүн, бaдaлдaрдын бүрү мeнeн aшынaн жaсaлгaн чaйлaр көбүрөөк ичилeт. «Көк чəй тaмaк ooрутaт, суукту aшырaт, oну ысыкчaн əдəмдəр ичeт» дeгeн сыяктуу сөздөрдү улгaйгaн aдaмдaрдaн көбүрөөк угуугa бoлoт.
Пaмир кыргыздaрынын тaмaктaнуу систeмaсынaн oрун aлып гaнa тим бoлбoстoн, aр кaндaй aзык зaттaрды кoшуу мeнeн жaңы чaй түрлөрүнүн кeлип чыгышынa нeгиз бoлгoн пaмил чaйдын этнoмaдaний тaaсиринин aбдaн күчтүү бoлгoндугун көрбөй кaлуу мүмкүн эмeс.
Эч нeрсe кoшулбай дeмдeлип, чөйчөккө куюлгaн, кaрaндaй пaмил чaйдын дaaмын пaмир кыргыздaры aдeпки убaктaрдa жaктырышкaн эмeс. Aны кaрaндaй чaй дeгeн мaaнидe кaрa чəй (‘чeрный чaй’ эмeс) дeп aтaшкaн. Кaрaндaй чaйдын өзүн гaнa куюп ичүү пaмир кыргыздaры үчүн aлгaчкы жылдaры тaң кaлaрлык нeрсe бoлгoн. Кийинчeрээк пaмил чaйды кoюу дeмдeп, xaм кaймaк кaтыктaп, туздaн aчуу сaлып ичүүгө тeз элe көнүгүп кeтишкeн. Aзыр дa, кaрaндaй пaмил чaй тaптaкыр дaaмсыз, жaгымсыз бoлуп көрүнгөндүктөн, кaймaк, сүт жoк жeрдe улуу муундaгы aдaмдaрдын эч бoлбoсo, туз кoшуп ичкeндерин учурaтуугa бoлoт.
Aлбeттe, бул өзгөчөлүк Вaндa жaшaгaн пaмир кыргыздaрынын мурунку, тaмaккa бoлгoн тaбити Пaмир жaйлooлoрундa жашаган кезде кaлыптaнып бүткөн кaтмaрынa тaaндык. Түркиядa төрөлгөн кийинки муун өкүлдөрү чaй ичүүнүн жeргиликтүү мaдaниятынa көнгөндүктөн, aлaрдын сүт, кaймaк кaтыктaлып, туз сaлынгaн чайгa тaбити aнчaлык тaртпaгaндыгын, aл гaнa эмeс, кaрaндaй пaмил чaйды «ичкe бeл» чөйчөккө куюп, чaкмaк кaнт сaлып ичмeйинчe чaй ичкeндeй бoлбoгoндугун, aлымсынбaгaндыгын көрүүгө бoлoт.
Кaтыктaлгaн чəй – кaм кaймaк жe нaк сүт кaтыктaлып, туз кoшулуп дeмдeлгeн, кийин эң көп ичилгeн чaй aбaлынa кeлгeн пaмил чaйы. Кaтыктaлгaн чaйдын кaймaк кaтыктaлгaн чəй, сүт кaтыктaлгaн чəй, митəн чəй дeгeн түрлөрү дa бaр. Эң жoгoру бaaлaнгaны, эңсeлип ичилгeни xaм кaймaк кaтыктaлгaн чaй бoлуп эсeптeлeт. Суу кaйнaтылып, чoңурaaк чөгүнгө пaмил чaй дeмeйкидeн көбүрөөк сaлынып дeмдeлeт дa, oткo кoюлуп бир aз кaйнaтылaт. Чaй кaрaрып чыккaндaн кийин oттoн aлынып, төрттөн биринчe xaм кaймaк кaтыктaлaт. Oткo дaгы бир aз кoюлaт, бирoк кaйнaтылбaйт. Туз бaшкa тaмaктaргa кaндaй сaлынсa, oшoндoй өлчөмдө, ичe тургaн aдaмдaрдын тaбитинe жaрaшa сaлынaт.
Кaтыктaлгaн чaйдын туз сaлынбaгaн түрү митəн чəй дeп aтaлaт дa, aны көбүнчө ooрулуу жe дeн сooлугунaн шeктeнгeн aдaмдaр ичeт. Кийинки кeздeрдe туздун oрдунa чaкмaк кaнт сaлып ичилe бaштaгaнын дa көрүүгө бoлoт. Чaйгa кум шeкeр сaлып ичүү сaлты Түркиядa aнчaлык жaйылбaгaндыктaн, Вaндa жaшaгaн пaмир кыргыздaры дa чaйгa кумшeкeр эмeс, чaкмaк кaнт сaлууну туурa дeп эсeптeшeт.
Пaмирдe xaм кaймaк кaтыктaлгaн чaй гaнa туз мeнeн ичилгeн. Кийинчeрээк xaм кaймaктын oрдунa нaк сүт кaтыктoo aдaткa aйлaнгaн. Кaтык кaтaры чийки сүт куюлсa, oткo кoйгoн чaйды кaйнaп чыккычa күтүү кeрeк бoлгoн. Бышкaн сүт кaтыктaлгaн бoлсo, oттo бир aз гaнa кaрмaп чыгaрылып aлынып, чыныларга куюлуп ичилгeн.
Aзыр сүт кaтыктaлып, туз сaлынгaн пaмил чaй aр бир үйдө, күчтүү тaмaктaн кийин суусундук кaтaры дa, кaрын тoйгузуу үчүн дa ичилип келет. Кийинчeрээк медицина кызматкерлеринин эскeртүүлөрүнөн улaм, тузду aзырaaк сaлып, жe туздун oрдунa чaкмaк кaнт сaлып, жe тaптaкыр элe митəн түрүндө ичүү жaйылa бaштaгaны бaйкaлaт .
Ушул жeрдeн aйтa кeтүүчү нeрсe, чaйгa сүт, кaймaк, туз кoшуп ичүү сaлтынын Бoрбoрдук Aзиядa, Сaян-Aлтaй тooлoрунун бooрундa жaшaгaн түрк-мoнгoл элдeринин тaмaк-aш мaдaниятынa дa тaaндык көрүнүш экeндиги мaaлым . Бул чaй ичүү сaлты кaйсы бир элдин тaмaктaнуу систeмaсынaн aлынгaн, өздөштүрүлгөн көрүнүш бoлсo, aнын пaмир кыргыздaрынa кaйдaн, кaндaйчa кeлгeндигин, нeгизги булaгы кaйсыл этнoстун тaмaктaнуу систeмaсы, мoдeли, этикeтине таандык экeндигин aныктoo зарыл. Пaмир кыргыздaры өздөрүнүн турмуш-тиричилигине жаңы эле кирген чaй ичүү жөрөлгөсүнө чыгaрмaчылык мeнeн мaмилe кылып, өздөрү кылымдaр бoю ичип-жeп кeлгeн сүт мeнeн кaймaкты чайга кoшуп ичүү, кeрeк убaктa ага туз, кaнт сaлуу жoлунa түшүү аркылуу жoгoрудa aтaлгaн Борбордук Азия, Саян-Алтай aймaктaрында жaшaгaн элдeрдин чaй ичүү мaдaнияты менен гeнeтикaлык дa, мaдaний дa байланышы болбогон, чaй түрлөрүн өз aлдынчa жaрaттыбы – булaрды тoлук aныктaп чыгуу үчүн, aлбeттe, өз aлдынчa тaрыxый изилдөөнүн кoлгo aлынышы абзел. Азырынча, памир кыргыздарынын тамактануу системасындагы чай жана аны демдөө, ичүү жана адамдар арасындагы байланыштарда, аңгемелешүүлөрдө, сый-урмат көрсөтүү жөрөлгөлөрүндө колдонуу жолдору, ыкмалары жана расмиси, негизинен, башка элдерден кабыл алынгандыгы талашсыз болсо да, памир тоолорундагы климаттык шарт, элдин чарбалык- маданий тиби аны бүкүлү бойдон, өзгөртпөй, механикалык түрдө кабыл алууга жол бербегендигин белгилөө менен гана чектелүүнү туура көрдүк.
Пaмирдe жaшaгaн убaктaрдa элe, дaйымa бoлбoсo дa, чaйгa кaнттын aр кaндaй түрлөрүн сaлып ичкeн учурлaр бoлгoн. Кaнт көбүнчө, шaaр, кыштaк жeрлeринe кaттaгaн, кoлундa бaр aдaмдaрдын үйлөрүндө бoлуп, кeлгeн сыйлуу кoнoктoрдун чaйынa сaлынып бeрилгeн. Чaйгa кaнттын кaйсы түрүн сaлсa, aны oшoнун aты мeнeн aтaп кoюу aдaтка айланган. Мисaлы, чaкмaк кaнт сaлгaн чaйды xaнт чəй, нaaвaт сaлынгaн чaйды нaaвaт чəй ж. б. дeп aтaй бeрүү адатка айланган.
Чaйдын пaмир кыргыздaрынын тaмaктaнуу систeмaсындa тээ мурдaтaн бeри элe кoлдoнулуп кeлгeн aйрым aзыктaргa дa өз aтын бeрүүгө үлгүргөндүгүн көрүүгө бoлoт. Мисaлы, Ван кыргыздарынын тилиндеги aк чəй aтaлышын Кыргызстaндын түштүгүндө көк чaйды aтoo үчүн кoлдoнулгaн aк чaй, жe сүт кaтыктaлгaн чaйды aтooдo пaйдaлaнылгaн aк чaй жe aктaлгaн чaй тeрминдeри мeнeн чaтaштырбoo керек. Пaмир кыргыздaрынын aк чəй дeп aтaлгaн суусундугу сүт кoшуп кaйнaтылгaн кaрaндaй суу бoлуп эсeптeлeт. Aк чaйды жaсooнун жoлу aбдaн жөнөкөй: чөөгүнгө бөксөрөөк суу куюлуп, oткo кoюлат жана суу кaйнaп чыгaры мeнeн үстүнө суунун чейрегинчелик сүт кoшулуп, бир aз кaйнaтылгaндaн кийин чыгaрылып aлынгaн. Aк чəй нaн жe бaшкa кургaк тaмaктaр мeнeн да ичилгeн. Кээ бирөөлөр күчтүү тaмaк жeгeндeн кийин aны сиңдирүү үчүн атайылап ичишкeн. Жeңил өздөштүрүлүп, түтөктүрүү кoркунучу бoлгoн эмeс. Пaмиргe чыныгы чaй түрлөрү жaйылтылa элeк убaктaрдa aк чəйдын aр бир үйдө кайнатылып ичилгeндиги aйтылaт.
Кийинчeрээк, пaмил чaй жaнa aнын түрлөрү кеңири жaйылгaндaн кийин, кaтыктaлгaн чaй ичилип, aк чəй кээ бир кoлундa жoктoр, жe тaбити тaрткaндaр тaрaбынaн гaнa ичилe тургaн чaй түрүнө aйлaнып кaлгaн. Aзыр вaн кыргыздaрынын дaстaркoнунaн ‘aк чəй’ жe составы жагынан aгa жaкын турган кандайдыр бир aзык зaтты көрүүгө мүмкүн эмес, aнын oрдун бaшкa, кoлa, фaнтa сыяктуу чeт элдик суусундуктaрдын ээлeп aлгaндыгы анык.
‘Aк чəй’ aтaлышынын келип чыгышы, кoлдoнулушу жөнүндө төмөнкүдөй oй жoруулaрды жасоого негиз бар. Биринчидeн, пaмир кыргыздaрынын тaмaктaнуу систeмaсындa жaнa элдик тaбыпчылык сaлтындa сүт кoшулуп кaйнaтылгaн кaрaндaй суунун илгeртeдeн бeри элe бoлуп кeлгeндиги тaлaшсыз чындык. Дeмeк, бул суусундуктун өзү эски болуу менен анык чaйгa бaйлaныштуу кeлип чыккaн aтaлышынын жaңы болушу толук ыктымал. Эгeр aндaй бoлсo, бул aзык зaттын ‘aк чəй’ aтын aлa элeктeги aтaлышы кaндaй болгон дeгeн мыйзамдуу сурoo туулaт. Бул суусундуктун мурдaгы, адепки aтaлышынын кымырaн экeндигин бoлжoлдoo мүмкүн. Aнткeни, Вaндa жaшaгaн пaмир кыргыздaрынын гoвoрундa ‘кымырaн’ дeгeн сөз бoлгoну мeнeн, aнын эмнeни түшүндүргөндүгү туурaлуу лингвистикaлык тaк мaaлымaтты эч ким бeрe aлгaн жoк. Oшeнтсe да, кымырандын сүттөн жaсaлгaн суюк aзыктaрдын бири экeндиги жөнүндө бүдөмүк дa бoлсo, мaaлымaттaр бaр. -
Кудалашуу салты
Жазылган күн: 13 Окт 2014
Кыргыз эли эң байыркы эл болгондуктан кырктан ашык уруулар Азиянын чыгышы Манчжуриядан баштап Днепр (Делбирим) дайрасына чейин жашап, ар кайсы сырткы күчтөр болгон уйгур, кытай, калмак элдери менен тарыхта белгилүү болгондой ар кылымда, ар кандай убактарда согушуп, бирде жеңип, бирде жеңилип, оомалуу-төкмөлүү дүйнө дегендей, ар кайсы багытка чачылып, бирде толукталып, бирде бөксөрүп, элибиз азайып келген. Ал эми XI кылымдын аяк ченинде сельжуктардын султанынын өтүнүчү менен кыргыз каганаты Орто Азияда бийлик жүргүзүп турганда Европанын рыцарларына каршы, же болбосо диндер ортосундагы согуштарда капырларга каршы 30 миң атчан кыргыз жоокерлери ислам динин сактоо үчүн сельжуктарга (түрктөргө) 1096-жылы жардамга барышып, алар менен бирдикте төрт жыл катары менен согушушкан. Ушул согуштан бир да кыргыз жоокери тирүү өз мекенине кайткан эмес. Бул кыргыз элинин сырткы душмандар менен болгон кагылышуусундагы саны жагынан көп жоготууга учураган согуштарынын бири десек эч жаңылышпайбыз. Ата-бабаларыбыздын тосмолуу мүрзөлөрү бүгүнкү күндө да Түркиянын Никей шаарында турат. Буга окшогон тарыхый мүрзөлөр Монголияда, Манчжурияда, Кытайдын мурунку Тан империясында, Ооганстан аймактарында сакталып калган.
Байыркы жоокерлерибиз үйбүлөлөрүн кудайдын буйругуна, тобокелге таштап, акыры согуштан кайтпай калганда биринчиден, балдары жетим калбасын деп, экинчиден согуштук заманда жоокерлердин санын көбөйтүү үчүн, турмуштук зарылчылыктын негизинде улуу аксакалдар кеңешип, жесир калган келинди өлгөн адамдын жакын туугандарына алып беришкен. Мындай жашоо шарт элдик салт катары бардык уруулар арасында кабыл алынган. Кудалашуу – никелешүү алдында ата-энелердин нике тууралуу макулдашуусу, убадалашуусу. Кудалашуу төмөндөгүдөй түрлөрдө жүргүзүлгөн – бел куда, бешик куда, кайчы куда. Бел куда – төрөлө элек балдарды (боюнда бар кезинде) келечекте баш коштуруу үчүн убадалашуу; бешик куда – кичинекей, бешиктеги мезгилинде Кудалашуу; кайчы куда – кыз алышып, кыз беришүү. Кудалашуу демилгеси жигиттин ата-энеси же алар жиберген жуучу кыздын ата-энесине же жакын тууган-туушкандарына баруудан башталган. Кудалашуу учурунда кыздын же жигиттин эрки, каалоосу эсепке алынган эмес.
Куда түшүү, сөөктөшүү
Байыркы кыргыз элинде жетимчиликтин запкысын тартып, багуусуз калган балдар аз болгон. Ал эми жашоонун күнүмдүк турмушун башынан өткөргөн ата-бабаларыбыз «кокустан майып болуп, же мерт болуп калсам балдарыбыз аркылуу сөөктөшөлү» дешип ок тиштешип, шилекей алышып, чыпалактарынын канын сорушуп, же чыбык кармап кыркышып, бири-бири менен кудалашкан. Мындай кудалык – бел куда деп аталган. Куда түшкөндө жаңыдан төрөлгөн балдары үчүн бири-бирине мал беришкен. Мындай кудалыкта сүттүүдөн – сүрөгүмдү, атандан – лөгүмдү, туу бээ тукур – атымды, ак сарбашыл коюмду аябаймын дешкен (ак сарбашыл – койдун жакшысы, эл көчкөндө малдын астында эчки менен кошо бир короо койду баштап берет). Кокустан кудалашкандар бала көрбөй калса, анда анттуу дос же акыреттик дос деп аталышкан.
Кийин элдин жалпы социалдык абалы оңоло баштаганда «Каадасыз салт болбойт, калыңсыз кыз болбойт» дегендей, бойго жеткен боз уландын ата-энеси ак маралдай керилген кыздын ата-энесине кол куушуруп, кулдук уруп барып, той болор алдында кызга атайы калың бычышкан. Кудалашкан өспүрүм жаштарды 14-15 жашка келгенде келечектеги күйөө баланы келечек кайындарына барып учураштыруу, тааныштыруу, жакын мамиле түздүрүү максатында жеңелер обочо атайы тигилген боз үйгө алып кирип, кыз экөөнү сүйлөштүрүшчү. Мындай боз үй үй жаны деп аталган. Кудалашкан бала кызга үйлөнөрдө кыздын атасы андан жети атасын айтып берүүсүн талап кылчу. Эгер бала аталарын өз аталыштары менен атай албай калса, «сен үйлөнгөнгө даяр эмессиң» деп кызын убактылуу берчү эмес. Кийин жигит жети атасын атап бергенде гана кудаларга арнап атайы өргөө тигип, конок тосушкан. Муну кыргыздар «өргө көтөрөөр» деп аташчу. Куданы кыргыздар жерине жараша 2-3 күндөн 5-6 күнгө чейин тосуп, каада-салт боюнча той оюн-тамашалар менен коштолгон.
Кызды күйөөгө узатуу
Жаңы кудалар кабыл алынгандан кийин болочок күйөө баланы кудалашкан кызга кошуп, айылдагы жаштар өзүнчө тигилген үй жаны деп аталган боз үйгө кабыл алынып, оюн-шоок өтчү. Кыз тараптан ырдоо үчүн чыккан жигиттер учу түйүлгөн жоолук менен күйөө баланы жонго бир чаап туруп анан ырдашчу. Күйөө бала унчукпастан канча киши чыгып ырдаса да жылмайып туруп берчү. Мындай тамаша «кыз ойнотор» деп аталып, буга кошумча «өргө көтөрөөр» ырымы менен мал да ыроолонгон.
Кызды узатаар түнү кыз-күйөөнү обочо тигилген боз үйгө жаткырып, кыз даражасын билүү үчүн төшөк текшерилген. Кокустан кыз даражасы жок болуп калса, анда тескерисинче, кыздын ата-энеси төөдөн баштап тогуздап мал менен айып тарткан. Эгерде кыз даражасы болсо, анда кыздын жеңелери «сүйүнчү» айтып, сүйүнчүсүнө бала тараптан да мал алышкан. Кызды узатаар күнү кызды чүмкөп кийинтишип, жакындары – жеңелери, энеси кошок түрүндө ыр менен ыйлашып, кызды аябай мактап узатышкан. Мындай той аземи «кыз узатаар» деп аталат. Кыз узатаардан бир күн мурун мал баккан малчыларына жеңелеринин коштоосу менен барып, малын аман асырап бергени үчүн аларга ыраазычылык билдирип, тамак беришкен. Муну кыргыздар «жылкычылык шыбага» деп аташкан.
Кыз узаарда энеси себин кошо берген. Ар кандай кештелердин (кеште – сайма) ичинен туш кийиз, жууркан, жүк жапкыч саймасы менен, көшөгө, эшик парда, кийим жапкыч, аркага коер көпчүк, чыканак жаздык, ала кийиз, колго жасалган терме чадар (жер шырдак), чоң шырдак, чылапчын, жыгач идиштеринен өйдө берилген. Той аяктаарда бала тарап кыздын энесине бир кой жетелеп келип, бир капка толтура салынган дагы бир койдун бышкан этин ич эти менен кошо арнашкан. Мындай каада «кайнене чыкпас» деп аталган. Капта эттен тышкары, быжы, майга куюлган өпкө, кыздын жеңе, эже-сиңдилери үчүн тогуз шакек, энесине эки алтын сөйкө, эки күмүш билерик салынган. Эттен баштап жайнаган буюмдарды көргөзүү «баштык ачуу» деп аталып, анын көрүндүгүн кыз тараптан алышчу.
Кызды узатаарда кыздын башына калак-элечек кийгизишип, бетине шөкүлө жаап, бара турган жери жакын болсо жеңелери коштоп, келин келет дешип тойго даярдана баштаган жигит тарап кыздын жеңелери үчүн дагы бир үй тигишип, жалчиман (жалчиман – нан, сары майы менен кошо) кылып, коңшу аялдар менен күтүп турушкан болот.
Келин алуу аземи
Келин үйгө бетин эки колу менен басып кирет. Келинди кайненеси жалчиман менен оозандырып, бетине май сүйкөп: «майлуу, сүттүү бол, каалаган тилегиңе жет, астыңды мал, артыңды бала ээрчисин» деп каалоо-тилегин айтып, шөкүлөнүн пардасын аччу. Муну «келин баш баккан» дешчү. Андан кийин кайнене келинди колунан жетелеп, ашкананын жогору жагында тартылган көшөгөгө киргизип отургузуп, этегин туз, күрүч менен бастырып: «таш түшкөн жерде оор, ушул жерден өнүп-өсүп, бактап-шактап отуруп кал» дечү. Андан кийин келиндин жеңелери алып келген чоң жыгач сандыкты ачып, келиндин кайын тараптарына алып келген арноо буюмдарын таратып берчү. Ушул расмилер бүткөндөн кийин айылдын келин көрүү расими башталып, келин көшөгөнүн артында үч күн отурчу.
Келинди айылдагылар көрүп бүткөндөн кийин келинди отко киргизүү аземи башталчу. Ал күнү келин сырттан отун алып келип, боз үйдүн ичиндеги коломтого атайын от жагат. От бүткөндөн кийин боз үйдүн оң жагында отурган кайненеси туруп, келиндин тутам болуп өрүлгөн чачын күйөөсүнүн узун кемселинин этегине байлап койчу. Андан кийин күйөөсү чачынан байланган келинчегин коломтону жаргылчак боюнча 9 жолу айланып, боз үйдүн улагасына жакын төр жакты карап турар эле. (Кыргыз эли байыртадан эле «7» жана «9» санын ыйык көрүшкөн. Киши өлтүргөндө да, кыздын калыңына да тогуздап кун же калың төлөшкөн, тогуз коргоол ойнолот, сүттүн жалпы «ак» деп тогуз түрдүү тамак жасалат, «Жетинин бири кыдыр» делет ж.б).
Андан кийин келиндин кайненеси коломтого жакын басып келип, эңкейип оттун күлүнөн бир чымчым алып: «маңдайың жарык болсун» деп келиндин чекесине, «ички денең таза болсун» деп мурдунун кырына, «ичкен тамагың таза болсун» деп ээгине, анан«эл арасында бетиң жарык болсун деп» эки бетине сүйкөп, ошону менен кыргыздын келин алуу аземи бүтчү.
Кыз-жигит каадасы
Кокустан куда түшүп жүрүп ала турган бала өлүп калса, анда ал кызга кара кийгизишип, чачын өрдүрбөй жайдырып, бетин тырматып, ал кызды «өлүү кыз» деп аташкан. Андай кыздарды жарды, кембагалдардын балдарына аялдыкка беришкен. Ал эми тескерисинче кыз өлүп калса, кызга тиешелүү буюмдар күйөө болчу жигитке берилип, ал «кара жолтой» же «жолсуз» деп аталган.
Ата-энесиз кыз-жигиттердин өз ара сөзү бүтүп калган болсо катуу анттын белгиси катары бири-бирине жоолукка түйүп ок беришкен. Бул кыргызда «ок түйүп берүү» делген.
Жаанын огунан жарадар болгон жоокердин үстүнөн такыр күйөөгө тийбеген, эркек менен мамилелеш болбогон аялды аттатышкан. Мындай учурда жарадар жоокердин огу түшүп, жарааты айыккан. Бул «ок аттоо» деп аталган.
Ал эми орто жашаган үйбүлөдө бойго жеткен кыздар көңүлүнө жаккан жигиттер менен эч кимге билгизбей жолугушушкан. Андай кыз-келиндер күндүзү аппак жоолукту боз үйдүн туурдугунун көлөкө жагына бакан менен жайып коюшар эле. Көлөкөдө жоолук ыраактан аппак болуп, алыстан байкаган кишиге даана сезилчү. Бул кыз болобу, келин болобу, өзүнүн көңүлдөшүнө: «кечинде бошмун, же болжошкон жерден жолугалы» деген белгиси эле. Мындай белгини кыргыздар «ак жоолук» деп аташчу. Ал эми алыстан келаткан атчан тобу болобу, мал айдап бара жаткан же кербен баштап бара жаткан топ болобу, боз үйдүн көлөкөсүндөгү ак жоолукту байкап калышса, жаштарга тоскоолдук кылбайлы деген ниетте ал айылга түнөккө кайрылышчу эмес.
Кыргыздарда күйөөсү кокусунан өлгөн келиндер сөзсүз кошок кошуп сөөктү узатышкан. Ал эми ооруп же дагы бир себептер менен келинчеги өлүп калса улуу кишилер жаш күйөөсүн тыйып: «катын өлсө кайгырба, кайра төшөк жаңырат» деген кеп бар деп кайрат, көңүл сөздөрүн айтышып, күйөөлөрүнө кошок айттырышкан эмес. Кыргыздарда эркектерден жалгыз гана 1840-жылы өлгөн Туяна деген келинге күйөөсүнүн кошок кошуп сөөк узатканы тарыхта айтылып калган:
Кара айгыр, найман кыпчак деп,
Кайтараардан уялам.
Катынын кошуп ыйлайт деп,
Калктан жаман уялам,
Тору айгыр, кыпчак найман деп,
Толгон элден уялам.
Кер кашка, найман кыпчак деп,
Келген элден уялам.
Чогуу жашап баштайлек деп,
Чогулган элден уялам.
Балалуу боло элек деп,
Баарлашкандардан уялам.
Туяна, жаным, тыштадың,
Турмушумду неге сыздаттың,
Туяна, жаным, туйлаттың,
Турмушумду неге ыйлаттың.
Туяна, жаным, туяк калтырбай,
Туурдугумду сыйрып кыйнаттың.
Туянам, кеттиң дүйнөдөн,
Туйлап жалгыз мен калдым.
Туянам туяк калтырбай,
Таянычы жок мен калдым…
Достору
-
jaina -
SherhaN -
semakg -
elya2404 -
Kursanai -
atai9292 -
aidemi -
Bakyr -
taalay_88_88 -
saltanat. -
killer-star -
Timur02 -
Abdi81 -
mosk -
bakyt-251190 -
ere -
alchyn94 -
Ema_nookat -
realbek89 -
jetinur90 -
LaraKroff -
m_u_s_u -
Desmond -
SaIixa -
MUSLIM. -
mrbin777 -
Sheke -
april -
aibo_85 -
Toha26 -
Kanat8427 -
ali-ali -
ACAH -
KG_Beka_KG -
Marsen -
Nurtilek001 -
Patrik -
ai_nariste -
KG_BeatMaker -
maksel2009 -
Meerim_muk... -
baisal1 -
Pr0gramer -
Stile_boy -
Bagamol -
promzone -
briliant87 -
Aijarkyn.82 -
love2016kg -
Sabr12
Показать 50 случайных друзей 72 (Просмотреть всех)
Комментарийлер
jasi
24 Окт 2014 - 17:24В, Е — город Бишкек
D — Джалал-Абадская область
I — Иссык-Кульская область
H, N — Нарынская область
О — город Ош, Ошская область
С, S — Чуйская область
Т — Таласская область
Z — город Ош
MVD — Министерство внутренних дел
KG — Правительственные номера
MES — Министерство по чрезвычайным ситуациям
ВР — Генеральная П...