- (31 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Качан күйөөгө тийесиң? Фрилансер, журналист Алия Суранованын макаласы.
#1 02 Февраль 2015 - 18:09
Мунун барын чексиз уланта берсе болот. Жогоруда аталгандын бардыгы туура эмес сүрөттөр жана билдирүүлөр менен социалдык түйүндөрдө, чай үстүндө баса белгиленип келет. Бирок, мен бүгүн көптөгөн курбуларымдын жана эже-сиңдилеримдин тынчын алып келген турмушка чыгуу темасын кеп кылгым келет.
#2 02 Февраль 2015 - 18:10
Жакында менин Америкадагы курбум: «Эмнеге мен жаңы эле турмушка чыккан кыргыз кыздарын жолуктурганымда, алардын курбулары биринчи эле кезекте: көп ыйлаган жокпу, жаңы үй-бүлөдө азапка түшкөн жокбу деп эле сурай беришет? Эгерде аял күйөөгө тийип жатып ыйлап, кандайдыр бир азапты сезип жатса ал кадыресе көрүнүшпү?», - деп сурады.
Мен ойго баттым, чындыгында эле көпчүлүк учурда «алгачкы мезгилдерде», жаш келин күйөөсүнүн үй-бүлөөсүнө көнгүчө абдан кыйналат. Аны өмүр бою ушул нерсеге даярдагандыктан ал даттанбайт дагы, кыйналып жатканы жөнүндө унчукпайт. Ал тезинен жаңы туугандарынын каалоолорун айттырбай билип, күйөөсүнө жагып, чарбаны ирээттеп, ошол эле учурда активдүү боюнда бүтүп турушу керек. Көп учурда ыраазы болгон күйөө жакшы кожойке жана ишенимдүү болгон аялынын көзүнө чөп сала баштайт. Ал кадамдын себебин талкуулап отургуң келбейт-бардыгы эң жөнөкөй жана үстүртүнөн эле даана көрүнүп турат. Мындай учурда аял эмне кылат? Болгон нерсеге өзүн күнөөлөп, мындан да жакшы болууга аракет кылат.
Анан түшүнүксүз нерселер башталат. Ал турмушка чыга элек курбусуна келет дагы: «Эмнеге дагы эле кара далы болуп жүрөсүң? Жакында отузга чыгасың! Мына мени карасаң, кандай бактылуумун, менин жакшынакай эрим бар, үч балам бар, мен-толук кандуу аялмын, анткени турмушта болуунун жана эне болуунун даамын таттым. Же күйөөң, же балдарың жок сенин жашооң эмне менен толукталып жатат? Боштук менен! Сенин жашооң маанисиз, бош, башаламан, сенин кам көрө турган кишиң жок. Мына мен күйөөмдү өз учурунда таап алып, азы карачы кандай киши болду! А сен болсо алдагындай кол жеткис талаптарың, ар кандай күтүүлөрүң менен бирди көрөсүң го. Жерге түш, жаным! Мурда үйлөнбөгөн, баласы жок күйөөгө тийүү үчүн сен картаңсың. Сага ар кандай катынпоздор же чалдар эле туш болот. Үчүнчүсү болушу мүмкүн эмес. А эгерде андайларды каалабасаң тезинен өзүң үчүн төрөп ал! Убакытың өтүп баратат! Отуздан ашкандан кийин боюңда болтура албайсың, төрөө мүмкүнчүлүгүң чектелет, картайып, тукумсуздукка чалдыгасың- ошондо сенин кимге керегиң бар?!»
Тааныш бекен? Мындайды көп угам. Жашы араң жыйырмадан ашкан, мектепти бүтөөрү менен турмушка чыккан, туугандардын отушутарынан башка жашоодо эч нерсени көрбөгөнү менен өзүн акылман аял сезген, жашоонун ачуу-таттуусун көрүп, турмушка чыкпагандыгың үчүн гана өзүнөн улуу аялдарга акыл үйрөткөн күйөөдөгү кыздардан угам.
#3 02 Февраль 2015 - 18:10
«Чынын айтчы, жок дегенде жигитиң барбы ? Болбоду дегенде эле аялы бар көңүлдөш таап, боюңа бүтүрүп ал. Болбосо, баласы жок жүрүп өтүп кетесиң. Анан дагы... Сен өтө ачык түстө боеносуң. Арыкташың керек. Кыялданганды токтотуш керек. Кайсы бир ханзаада келип, сага үйлөнөт дегенди токтот. Тегеректе күйөөгө тийе эле 18 жаштагы кыздар толуп турганда сендей аялдардын аларга кереги не? Кыскасы сен түшүндүң да ие? Өзүңү бир «демөөрчү» таап ал да тезинен төрө».
Менин жашоомду билүүгө алардын дагы кандай укуну бар? Менин айыз маалымды билиши керекпи? Же менин ич кийимимди канча жолу алмаштыраарым керекпи? Кээде кишилерге унчукпай койсоң сенин ички дүйнөңө кирип кеткендей сезишет өздөрүн. Өздөрүнүн психотерапиялык сеансын уланткылары келишет.
Эгерде орунсуз маекти токтотуу масатында тамашалап койсо: «тамаша эмес, ыйлаш керек!» деп жооп беришет. Жеке турмушушуңду өзүң билээриңди айтсаң, дайыма жооп бирөө: Мен кандай билээриңди көрүп атам. Ушул жашка чыкканча күйөөң жок же балдарың жок!» дешет. Качан гана мындай сөздөрдөн тажаганыңды айтып, кагып койсоң ага да: «Кыялың менен сенин! Жалаң ушундайыңан сага эч ким үйлөнбөйт! Жумшагыраак болбойсуңбу, эмне эле дароо атырыласың? !» деген жооп кайтарышат.
Эмнегедир дайыма сен күнөөлүүсүң, сенин кыялың, кебете-кешпириң, сенин баалуулуктарың, сенин жашоодогоу максатың, амбицияларың, «кызматчылдыгың», сенин «феминисттигиң», адамдарга болгон мамилең, тарбияң.
Эгерде сен өзүңдү тыкан алып жүрсөң, жакшы кийинсең, спорт менен машыксаң, декоративдүү косметика колдонсоң- «Байкуш, күйөөгө тийиш үчүн эмнени гана кылбайт!», «Сен жасалмадайсың, азыраак боен!», «Сенин курагыңда эмне деген кыска юбка? Барынан үмүтүңдү үздүңбү?» Кокус «чыныгы» көрүнсөң- «Өзүн таштап коюптур, ошол үчүн күйөөгө тийбей жүрөт да!», «Кебетесин кара, жок дегенде юбка кийип, оозун боеп алса болбойбу...»
Эгерде досторуң менен жолуксаң, сүйлөшүүгө кеттиң, эркектер менен таанышып жүрөсүң- «Кичине уялыңкы болуш керек, сенин дайыма отуруштарда жүргөнүң бир да эркекке жакпайт!», «Эгерде үйдө отуруп, жакшы «кожейке» экениңди көрсөтсөң»- «Эч жакка барбай, эч ким менен таанышпасаң, жалгыздыгың да таң калычтуу эмес!»
Эгерде кесиптик ийгиликке жетишсең- «Кызматчыл экен! Эркектер мындайларды сүйбөйт» аз иштей турган болсоң- «Бекерпоз, сага ким үйлөнүп, ким сени баккысы келсин?» Эгер аларга өз күйөөлөрү жасаган мамилеси жакпай турганын айтсаң- «Иий, сен феминистсиңби? Лесбиянка эмессиңби?» дей башташат.
Сенин узак убакыт бою турмушка чыгууга моралдык, эмоционалдык жактан да даяр эмес болгонуңа эч ким ишенейт, анткени, курбуларыман ар кандай коркунучтуу аңгемелерди уккам жана алардын бактысых жүздөрүн да көргөнмүн. Сенин өзүңө туура келбеген кишиге турмушка чыгып алып, жагымдуу сүйүү баянынан, чачыраган тойду өткөргөн 1-2 жылдык турмуштан кийинки ажырашып кетүүдөн коркконуңа эч ким ишенгиси келбейт. Сен жөн гана өзүңө жаккан, түшүнүшкөн жана эртеңки күнгө ишеничтүү бара ала турган кишини табуу ниетиңе эч ишенгилери келишпейт. Балким сен эркектерди, бала-бакыраны каалабайттырсың? Балким сен кыялдарыңды орундатуу менен өзүңдү өстүрүү аркылуу эркиндикке сугарылып жаткандырсың?
Мындай нерсени тамаша ирээтинде да айтууга болбойт-тирүүлөй жеп коюшат. Анткени, кыргыз аялдын күйөөгө тийүү жана дагы күйөөгө тийүү деген бир гана алмаштырылгыс максаты болуш керек.
#4 02 Февраль 2015 - 18:11
Бирөөнүн сезимине, көңүлүнө кирип, ички дүйнөсүн аңтарбагылачы. Кээде дал ошол сиздин күйөөңүз сизден жашырынып, сиз теңсинбей, күйөөдө жашаган сонун деп лекция окуган кыздын артынан жүргөн болуп чыгат. Ал эми тиги кыз сизге караганда бир аз сылык-сыпаа болгон учун гана ал окуяны жар салган жок. Балким сиздин турмушту көрүп күйөөгө деле тийгиси келбейт чыгар.
#5 02 Февраль 2015 - 20:36
Күйөөгө тийбейсинби? !" деген сөздөн тажаган окшойсуз ээ? ))
Же башкача түшүнүп алдымбы? Ар нерсенин өз убакты келет албетте.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#6 03 Февраль 2015 - 04:18
Акыркы убакта озумду эркектей эле сезип баратам...Никакой женственности, наздануу,эркелоо, чоюлуп суйлоо сыяктуу сапаттар жок.Бул да болсо балким суйгон адамымдын жоктугунандыр. ..
Кечээ жакында эле апам менен болгон суйлошуум эске тушту
-Кызым деги турмушка чыга турган оюн барбы,журо бербей тийип алсанчы
-Апа коюнузчу ушул создорунузду, дагы баштадынызбы? Пешенеге жазганы да,убакыт сааты келсе тийем да.Анын устуно жаш кезде иштеп,бутума туруп алайын.Эр качпайт эч жакка.70теги кемпирлер тийип атпайбы,ага караганда мен жашмын го,мага да табылаар(дедим тамаша аралаш)
-Аялкишинин тапкан 100 сому-эркектин тапкан 1 сому.Аялкишинин акчасы жугумсуз болот.Тийсен куйоон багат да,соок ката электе тороп алсан жакшы болмок.Тируумдо неберелеримди коруп калсам болмок(деди бышактай)
-50 жаштын кырын жаны ашып,олумду айтпанызчы, сиз жашсыз дедим
Курбу кыздардын качан тиесин деген суроолорунун жадатканын айтпай эле коеюн,кекиртектен болду
Ылайыктуу кандидатура чыкпай атат,чыкса тийип баарынын оозун жаап,мээм сергип отуруп калмакмын)))
#7 03 Февраль 2015 - 04:34
Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 03 Февраль 2015 - 04:36
#8 03 Февраль 2015 - 09:34
Vishenka (03 Февраль 2015 - 03:18) жазган:
Акыркы убакта озумду эркектей эле сезип баратам...Никакой женственности, наздануу,эркелоо, чоюлуп суйлоо сыяктуу сапаттар жок.Бул да болсо балким суйгон адамымдын жоктугунандыр. ..
Кечээ жакында эле апам менен болгон суйлошуум эске тушту
-Кызым деги турмушка чыга турган оюн барбы,журо бербей тийип алсанчы
-Апа коюнузчу ушул создорунузду, дагы баштадынызбы? Пешенеге жазганы да,убакыт сааты келсе тийем да.Анын устуно жаш кезде иштеп,бутума туруп алайын.Эр качпайт эч жакка.70теги кемпирлер тийип атпайбы,ага караганда мен жашмын го,мага да табылаар(дедим тамаша аралаш)
-Аялкишинин тапкан 100 сому-эркектин тапкан 1 сому.Аялкишинин акчасы жугумсуз болот.Тийсен куйоон багат да,соок ката электе тороп алсан жакшы болмок.Тируумдо неберелеримди коруп калсам болмок(деди бышактай)
-50 жаштын кырын жаны ашып,олумду айтпанызчы, сиз жашсыз дедим
Курбу кыздардын качан тиесин деген суроолорунун жадатканын айтпай эле коеюн,кекиртектен болду
Ылайыктуу кандидатура чыкпай атат,чыкса тийип баарынын оозун жаап,мээм сергип отуруп калмакмын)))
Тандаган тазга жолугат. Коп эле тандай бербе ш керек. Мумкун ал адам силерден эки эсе артыктыр.
#9 03 Февраль 2015 - 11:18
brother
#10 03 Февраль 2015 - 11:37
#11 03 Февраль 2015 - 11:40
vankuver. (02 Февраль 2015 - 20:36) жазган:
Күйөөгө тийбейсинби? !" деген сөздөн тажаган окшойсуз ээ? ))
Же башкача түшүнүп алдымбы? Ар нерсенин өз убакты келет албетте.
Эстеп көрсөм качан күйөөгө тийесин дебей калышыптыр))) "Турмушка чык!", "Турмушка чык!", "Турмушка чык!", "Турмушка чык!" деп кыйкыра беришчү, мен да "ЖОК" эле "ЖОК" дечумун анан токтоп калчубуз да 2011-2014-жылдарычы. Азыр ваааще жок. Үн-сөз. Эч ким эч нерсе дебей эле. Молчаниеден коркуп атам. Азыр тынчтыыык. Турмушка чыкпайсынбы дей турган курбуларым, туугандарым черный списокто болгондуктан го.
#12 03 Февраль 2015 - 11:55
#13 03 Февраль 2015 - 12:10
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
#14 03 Февраль 2015 - 12:24
#15 03 Февраль 2015 - 15:24
Aygul (03 Февраль 2015 - 09:34) жазган:
Отурган кыз ордун табат,тапканда да зорун табат деп да коюшат.Омур бою жашай турган адамын болгондон кийин албетте тандайсын да,
А дейбиз,бу дейбиз,а бирок тагдырдан качып кутула албайбыз.
#16 03 Февраль 2015 - 15:35
aikow92 (03 Февраль 2015 - 11:40) жазган:
))) сен да мендей болуп калыпсын.
#17 03 Февраль 2015 - 15:39
#18 03 Февраль 2015 - 15:42
sister (03 Февраль 2015 - 11:18) жазган:
Ар бир адамдын озунун койгон максаттарына, жактырган адамына турмушка чыгууга акысы жокпу?Эл эмне дейт,эл айтып атат деп тийип алып,балалуу болгондон кийин ажырашып кетип аткандар канча?Анда да эл айтат ажырашып тынды деп.Элдин оозунда элек жок,кичиненде бир сындырым нан берип чонойтпогон эл-чонойгондо жашооно аралашканы акылуубу?Ар бир адам озу учун жашайт,бул дуйнодо бир гана ата-энесине карыздар жана ошолордун айткан созун гана угууга милдеттуу.
Ошол айтып аткан элдин арасында 5 баласы менен ажырашып тынгандар,4- аялга уйлонуп,5-куйоосу менен жашагандар, ойнош куткондор,баласынан кечип кеткендер,бага албай ичип кеткендер бар.
Не судите-да не судимы будете,никогда не суди человека за прошлое,не зная своего будущего деген создор бар.Бироону жону жок каралап,бироону ушактаганды койсок,кандай кылсам болот деп ал акыл сурабаса деле акыл уйротконду койсок.(акыркы 2 абзац сизге жазылган жок,озумдун оюмду жаздым)
#19 03 Февраль 2015 - 16:11
Vishenka (03 Февраль 2015 - 15:24) жазган:
А дейбиз,бу дейбиз,а бирок тагдырдан качып кутула албайбыз.
Мен да бир эки создорду айтып калам.
-Көздүү мончок жерде калбайт.
-Көп жылды жаман күйөөгө арнаганча, Ошол убакытты жакшы күйөө издегенге арнаган жакшы.
-
Азыр свиданиеге деле барбайм дечи, эми былтыры "Жаш курак жогорулаган сайын жигит менен жолугушуу собеседованиеге окшоп калат" болчу)))
#20 03 Февраль 2015 - 16:57
rnurzida (03 Февраль 2015 - 04:34) жазган:
"Сабырдуулук" менен "Чыдамкайлык" деген созунуз мага абдан жакты. Ал эми Айкош автор (Суранова) чын эле менин турмушумду суроттоп жазыптыр...
Билдирүүнү түзөткөн: sladkaja_konfetka: 03 Февраль 2015 - 16:59
- (31 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »