Камчыбек Ташиев: “Биз бийликке нааразы болгон жарандардын баарын, Орусиядагы мигранттарды да митингге чакырабыз”
Бүгүн, 3-апрелдеги маалымат жыйынында Камчыбек Ташиев “биз бийликке нааразы болгон жарандардын баарын митингге чакырабыз” деп билдирди.
“Улуттук оппозиция кыймылы негизделгенине эки ай болсо да, бүгүнкү күнгө чейин митинг өткөрүүнү пландаган эмес. 10-апрелде митинг өткөрөбүз. Тынчтык митингге биз Кыргызстандагы жарандарды гана эмес, Орусияда иштеп жаткан мигиранттарды да чакырабыз. Эгерде бийлик Бишкекте бизге митинг өткөрүүгө каршы чыкса, биз республиканын башка облус борборлорунда өткөрүүгө кудуретибиз жетет”, - дейт Камчыбек Ташиев.
http://www.super.kg/ kabar/news/58034/
Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 03 Апрель 2014 - 14:05
Түзөтүүнүн себеби: Тема толукталды.