Оторбаевдин "Кумтөр" боюнча жаңы сунушуна оюңуз кандай?..
#1 10 Апрель 2015 - 19:32
#2 10 Апрель 2015 - 21:58
#3 11 Апрель 2015 - 00:53
#4 11 Апрель 2015 - 01:29
#5 11 Апрель 2015 - 02:55
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.
#6 11 Апрель 2015 - 09:02
#7 11 Апрель 2015 - 12:06
#8 11 Апрель 2015 - 12:11
#9 11 Апрель 2015 - 16:57
Билдирүүнү түзөткөн: zhiza: 11 Апрель 2015 - 17:00
#11 14 Апрель 2015 - 00:35
fea1990 (11 Апрель 2015 - 01:29) жазган:
Атасы раматылык дуйно салганда, жанылыктардан коруп калдым, элдер жана АША батага ак-калпак кийп барышса, а бул атасы олгон киши жынылбаш турат...
Эгер Кыргыз тилин Кыргыз салтын билбесе, ушу кантип Кыргызга жан тартып боору оруйт эле деймда...
#12 14 Апрель 2015 - 09:28
Diyas (14 Апрель 2015 - 00:35) жазган:
Эгер Кыргыз тилин Кыргыз салтын билбесе, ушу кантип Кыргызга жан тартып боору оруйт эле деймда...
Жаныңарды азыраак жегиле!
Дагы башка калпак кийген сүрөттөрү бул шилтемеде: http://www.super.kg/ kabar/news/102261/
Жеңиш - менин тагдырым.
#13 14 Апрель 2015 - 13:33
adalsvards (14 Апрель 2015 - 09:28) жазган:
Дагы башка калпак кийген сүрөттөрү бул шилтемеде: http://www.super.kg/ kabar/news/102261/
Ошол кундогу КТРдин жанылыктарын карап корсон калпаксыз эле АША мн тартылган сюжети бар!
Же анда не мени тв тартып атат деп калпагын чечип салганбы..?!?
#14 14 Апрель 2015 - 13:37
Diyas (14 Апрель 2015 - 13:33) жазган:
Же анда не мени тв тартып атат деп калпагын чечип салганбы..?! ?
Актануунун ордуна "ии, мен калпагын чечип турган мезгилинде тартылган сюжетти көрсөм керек" дебейсиңерби?
Кыргыз тилин да билет, кыргыз салтын да билет, учурда мамлекетке да жан тартып жаткандыр... Калп эле бөйрөктөн шыйрак чыгара бербегилечи? ..
Жеңиш - менин тагдырым.
#15 15 Апрель 2015 - 10:33
adalsvards (14 Апрель 2015 - 13:37) жазган:
Кыргыз тилин да билет, кыргыз салтын да билет, учурда мамлекетке да жан тартып жаткандыр... Калп эле бөйрөктөн шыйрак чыгара бербегилечи? ..
Ээ макул калпагына асылбай эле коеюнчу
А бирок сиз озунуз деле айтып жатас "учурда мамлекетке да жан тартып жаткаДЫР..." деп, демек ДЫР дегенизге караганда сиздин озунуздун бул инсанга ишениминиз жок экен... болсо айтмаксызда мамлекетке жан тартып ЖАТАТ! деп.
Менин жеке оюм бул премьер жонундо - жанагы аты чыгып эсте калган премьер эмес эле, санын кобойткон 26-чы премьер болуп эле калат окшойт Кыргызстандын тарыхында.
Аттин десе... азыр парламентик жолдо премьердин кадыры президентен дагы улуу болушу керек эле, а бирок факт турундо баарыбыз коргондой андай эмес болуп туратко ошол эле президенттин айтканы айткандай болуп атат...
Билдирүүнү түзөткөн: Diyas: 15 Апрель 2015 - 10:35
#16 15 Апрель 2015 - 10:41
Ошого азыр Кумтордун дагы Джеруйдун дагы тагдары Кыргыздар учун "чечиле элек"
#17 15 Апрель 2015 - 12:56
Diyas (15 Апрель 2015 - 10:33) жазган:
А бирок сиз озунуз деле айтып жатас "учурда мамлекетке да жан тартып жаткаДЫР..." деп, демек ДЫР дегенизге караганда сиздин озунуздун бул инсанга ишениминиз жок экен... болсо айтмаксызда мамлекетке жан тартып ЖАТАТ! деп.
Менин жеке оюм бул премьер жонундо - жанагы аты чыгып эсте калган премьер эмес эле, санын кобойткон 26-чы премьер болуп эле калат окшойт Кыргызстандын тарыхында.
Аттин десе... азыр парламентик жолдо премьердин кадыры президентен дагы улуу болушу керек эле, а бирок факт турундо баарыбыз коргондой андай эмес болуп туратко ошол эле президенттин айтканы айткандай болуп атат...
"жатканДЫР" дегеним мен сизге окшоп урду-сокту жаза бербейм... бул менин премьерге карата ишенимим жоктугун эмес, чындап эле, менин жан тартып, жан тартпаганы тууралуу маалыматтын жоктугунан кабар берет... анын оюнда, дегеле бардык адамдардын эле эмне бар экенин эч ким билбейт!
анан биздин башкаруу формабыз - парламенттик- президенттик. .. демек, парламент да, президент да элдин добуш берүүсү менен шайланып келет дегендик... экөө формалдуу түрдө дээрлик бирдей 50/50 бийликке ээ... эгерде премьердин кадыры аз көрүнсө, аны кызматка алып келген парламенттин чабалдыгы деп түшүнүү керек...
Жеңиш - менин тагдырым.
#18 15 Апрель 2015 - 15:51
Интервью Кыргызтудей сайтынан алынып берилди.
Садыр Жапаров, экс-депутат: "Кумтөр долбоору мыйзамсыз экенин ООН тастыктап берген"
- Өкмөт башы Оторбаев Кумтөр долбоорунун азыркы статуста калуусун сунуштап, башка жол жок экенин айтты. Сиз кошуласызбы?
- Оторбаев президент эмне десе ошону кылат. Мен бийлике келсем бир саатта ДЕНОНСАЦИЯ кылып Кумтөр кенин мамлекетке алып коймокмун. Келечекте соттордо да эч качан утулмак эмеспиз. Утуп чыгаарыбызга 100% сөз бере алам.
- Ошонун жолу кандай?
- Кумтөр боюнча акыркы келишим 2009-жылы түзүлгөн экен. Келишимде "Юридикалык маселелер, эл аралык соттордо, ал эми экологиялык маселелерди, Кыргызстандын өзүнүн соттору карайт"- деп так көрсөтүлгөн. "Эгер коррупциялык жолдор менен иштесе, жаратылышыбызга зыян келтиришсе же келишимде көрсөтүлгөн шарттарды аткарышпаса, анда Кыргызстан тарап, бир тараптуу келишимден баш тартса болот"-деген нормалар аныкталган. Ачыгын айтканда, канадалыктар, келишимде көрсөтүлгөн шарттардын 10%ын дагы аткарышкан эмес. Тескерисинче бизден чыккан алтын, күмүш, жез жана башка баалуу металлдардын баарын сыртка ташып кетишкен. Албетте, биздин өзүбүздүн эле бийлик башындагылар менен биргеликте, бул фактыны ишке ашырып жатышат. Жаратылышыбызга келтирген зыяндын баасы, бүгүнкү күндө, эксперттердин эсептөөсү боюнча, жүздөгөн миллиард долларды чапчып, Нарын суусунун жээгинде жашаган элибиз уу ичип олтурушат. Мындай учурда Кыргызстан бир тараптуу келишимден баш тартып, чыгып кетүүгө милдеттүү. Анткени, бизде баардык жетиштүү фактылар, документалдуу далилдер жана видео материалдары менен архивде сакталып турат. Мына ушул негиздерге таянуу менен жүздөгөн миллиард долларларга сотко берип, биз утуп алабыз.
- Утуп алаарыбызды кандай документтерге таянып айтып жатасыз?
- 2012-жылы Тышкы иштер министрлиги аркылуу ООНго кат жөнөтүп жооп алгам. Ал жерде "Бул эч кандай эл аралык келишим эмес. Бизде учетто жок "- деп даана жазылып турат. Бул кагаздарды депутаттардын баарына таркатып да бергем. Тилекке каршы Кумтөрдү мамлекетке алууну кыркка жакын депутат колдоп, калгандарын коркутуп, үркүтүү же сатып алуу жолдору менен бийлик башындагылар тоскоол болуп келе жатат. Беш он жылдан кийин азабын миңдеген эсе көрөөрүбүздү унутпагыла. Кийин "хвостохранилищаны" кармап турууга эле, бир жылда, 35 миллион доллар жумшайбыз. Бул факт. Анткени, бул сумманы Кумтөрдүн кызматкерлери өздөрү эсептеп беришкен.
Баймырза НАКАЙ
Булак: Эл деми
Билдирүүнү түзөткөн: tagokg: 15 Апрель 2015 - 15:55
#19 15 Апрель 2015 - 19:51
Бул жашоодо түбөлүк кала тургансып. Кудайдын алдында жооп берерин билседа написи баш бербейт.
#20 16 Апрель 2015 - 15:47
adalsvards (15 Апрель 2015 - 12:56) жазган:
анан биздин башкаруу формабыз - парламенттик- президенттик. .. демек, парламент да, президент да элдин добуш берүүсү менен шайланып келет дегендик... экөө формалдуу түрдө дээрлик бирдей 50/50 бийликке ээ... эгерде премьердин кадыры аз көрүнсө, аны кызматка алып келген парламенттин чабалдыгы деп түшүнүү керек...
Талашып тартышууга купуя бар!