Басмачылык. Сиздин оюңуз кандай?
#41 14 Декабрь 2012 - 15:47
Курал жарагы жок эле, АК уйду басып алабыз биз.))
#42 14 Декабрь 2012 - 19:44
#43 14 Декабрь 2012 - 20:05
USSR (13 Декабрь 2012 - 23:25) жазган:
Мен сизге кошулам бул чындык.
#44 15 Декабрь 2012 - 10:45
#45 15 Декабрь 2012 - 12:22
sestra (15 Декабрь 2012 - 10:45) жазган:
Кычан Жакыпов атасын олтурду беле? Сиз орустардын Павлик Морозову менен алмаштырып жаткан жоксузбу?
#46 15 Декабрь 2012 - 13:43
Paul Nazaroff ,"Hunted Through Central Asia" .Oxford
University Press 1993
First published 1932
с.215
Цитата
вертящийся вопрос: Что ЕСТЬ такое этот
бесчисленный русский народ, с которым горстка
головорезов с толстой палкой могут делать все что
пожелают - даже обратить его в последователей
Карла Маркса, в коммунистов? Когда в то же самое
время коренные народы Туркестана, на которых все
привыкли смотреть сверху вниз как на грубых и
запуганных людей, эти самые коренные упрямо
цепляются за свои права, свою независимость,
свой традиционнный образ жизни. В другом уголке
Туркестана, в Фергане, они оказывают
действительно стойкое сопротивление в борьбе
против советских властей.
Даже после того как прошло несколько лет, и
могильная тишина опустилась на Россию, и многие
даже среди высших слоев русского общества
пришли к компромиссу с советским
правительством, примирились с большевизмом и
продали свою совесть, презираемые басмачи
Ферганы восставали вновь и вновь против
ненавистного ига, постоянно захватывая целые
города и деревни и убивая коммунистов. Ни
большевистское золото, ни буденновская
кавалерия, ни сладкие обещания советов, ни даже
красиво украшенная национальная автономия, не
могли затушить святой огонь ненависти в сердцах
мусульманских басмачей."
Бул жерин окугандан кийин,биздин эр жүрөк аталарыбыз менен чындап сыймыктанып алдым.
#47 15 Декабрь 2012 - 14:09
#48 15 Декабрь 2012 - 14:25
sestra (15 Декабрь 2012 - 10:45) жазган:
Кычан Жакыпов атасын өлтүргөн эмес эле. Павлик Морозов деле атасын өлтүргөн эмес. Советтик бийликтин пропагандасы ушундай болгон. Дээрлик бүткүл СССР аймагы боюнча Кычан, Паша сыяктуу "тоголок арызчылар" тармагы түзүлгөн. Так эле "бөл жана башкар" принциби боюнча калкты бири-бирине каршы коюу иш-аракеттери уюштурулган. Натыйжада баласы атасына каршы, аялы күйөөсүнө каршы чыгып элдин наркы бузулган.Кылымдан келе жаткан жашоо мыйзамы бузулган. Маңкуртчулукту апкелген большевиктер. Азыркы учурдагы бири-бирине ырк бербеген ээнбаштыктын, биринин сөзүн бири укпаган ээноздуктун тамыры дал ошол заманга барып такалат.
#49 15 Декабрь 2012 - 14:27
USSR (15 Декабрь 2012 - 14:25) жазган:
Туура айтасыз
#50 15 Декабрь 2012 - 14:59
USSR (15 Декабрь 2012 - 14:25) жазган:
Больщевиктер бийликке келуу менен тенчилик заман орноп, элди карангылыктан арылталы деп мектептерди ачып мумкунчулук тузуп берип жатпайбы. А сиз айткандай алар манкурттукту, улуусун кичуусу укпаган ээнбаштыкты алып келген болсо больщевиктер алып келген болсо, мектептен эмне деп сизди окутушту эле? Мектеп жаман жолго ундоп киминди окутту эле?
#51 15 Декабрь 2012 - 15:04
#52 15 Декабрь 2012 - 15:09
Билдирүүнү түзөткөн: meerimka86: 15 Декабрь 2012 - 15:10
#53 15 Декабрь 2012 - 15:11
#54 15 Декабрь 2012 - 15:41
realliver (15 Декабрь 2012 - 14:59) жазган:
Совет бийлигинин алгачкы кадамдары менен кийинки жылдардагы өнүгүү баскычтарын аралаштырбаңыз. Алгачкы кадамдар сиз менен биз окуган мектеп программасындагы окуялардан башкача өнүккөн. Сиз совет өкмөтүнө каршы чыккан адамдарды эл душманы катары баалап жатасыз. Репрессиянын курмандыктары кимдер болгон? Алар эмне үчүн атылып кетишкен? Эмне үчүн өз жеринен,элинен сүрүлүп сүргүнгө айдалып,туугандары өмүр бою "коомдун чоочун элементтерине" айланышкан? Ошондуктан, совет тарыхын этаптарга бөлүп кароо керек.
#55 15 Декабрь 2012 - 15:43
realliver (15 Декабрь 2012 - 15:04) жазган:
Кычан менен Павлик чынлап эле болгонбу,же ал ойдон чыгарылган нерсеби, бул чоң суроо.
#56 15 Декабрь 2012 - 15:49
USSR (15 Декабрь 2012 - 12:41) жазган:
репрессия орустардын озунун арасында да болгон жана ошол маалдагы большевиктер оздорунун байларынын да мал мулкторун кедейлерине таратып берген
#57 15 Декабрь 2012 - 15:57
realliver (15 Декабрь 2012 - 15:04) жазган:
Кычан тууралуу маалыматтар дээрлик жокко эсе,Ш.Бейшеналиевдин чыгармасын эсепке албаганда. Ал эми Павликтин атасы помещик болгон эмес жана атасынын колунан каза тапкан эмес.
Мектепте бизди эмнеге окуткан? Совет мектеби революцияга чейинки кыргызды жапайы деп окуткан. Орустарсыз кыргыз мал болуп калмак дегенди окуткан. Кыргыздын чыныгы уулдары (бай-манаптар, уруу башчылар) ууру,элди эзген,элди тоногон деп окуткан. Кудай жок деп окуткан. Сенин атаң Ленин,сенин атаңдын да атасы Ленин деп окуткан. Сенин тарыхың жок деп орустун тарыхын окуткан. Сенин Байтигиң,Ормонуң бандит,орустун Невскийи менен Суворову баатыр деп окуткан. Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов ж.б. кыргыз уулдарын "эл душманы" деп окуткан.
Сиз айткандай Павликти мисал кылып, атасын саткан "патриоттуулукка" окуткан.
#58 15 Декабрь 2012 - 16:03
meerimka86 (15 Декабрь 2012 - 15:49) жазган:
репрессия орустардын озунун арасында да болгон жана ошол маалдагы большевиктер оздорунун байларынын да мал мулкторун кедейлерине таратып берген
Орустарда репрессия болгон эмес деп айткан жокмун. Мен орус элин айыптап жаткан жокмун, мен совет бийлигин орнотуу кезиндеги большевиктердин кандуу саясатын айыптап жатам.
Кедейлерге мал таратып берген дейсиз,андай болгон эмес. Мал-мүлктү чогултуп, орток чарбага(колхоз- совхоз) бириктирген. Ал жерде кедей-кембагалдар айлык акы үчүн иштеген.
#59 15 Декабрь 2012 - 16:02
meerimka86 (15 Декабрь 2012 - 15:49) жазган:
репрессия орустардын озунун арасында да болгон жана ошол маалдагы большевиктер оздорунун байларынын да мал мулкторун кедейлерине таратып берген
Бирөөнүн байлыгын тартып алып, башка бирөөгө бергенге кандай акысы бар эле деген чооң суроого ким жооп бере алат?
Ушул нерсени бүгункү күнү да аткарышын каалар белеңиз? Мисалы сиздин эки уйуңуз болсо бирөөсүн алып, уйу жок кошунанызга берип коюшун каалайт белеңиз. Орустардын алып келген теңдиги ушундай болгон. Аны канчалык кыйнылып тапканыныз аларды кызыктырган эмес.
#60 15 Декабрь 2012 - 16:18
Daud (15 Декабрь 2012 - 16:02) жазган:
Ушул нерсени бүгункү күнү да аткарышын каалар белеңиз? Мисалы сиздин эки уйуңуз болсо бирөөсүн алып, уйу жок кошунанызга берип коюшун каалайт белеңиз. Орустардын алып келген теңдиги ушундай болгон. Аны канчалык кыйнылып тапканыныз аларды кызыктырган эмес.
А ошол байлардын Аллах аларга энчилеп бергенсип жайлоо, капчыгайлардын, деги эле жердин баарын ээлеп, каалагандай пайдаланышына кандай акысы бар эле?