Ala-Tooluk.Jigit Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 253 (0,07 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Дин жана философия (109 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 19 Март 14
- Кароолор:
- 11 772
- Соңку аракети
29 Авг 2014 08:02
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 109 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 1, 1915
- Жынысы:
-
Эркек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
001KG
05 Июн 2020 - 02:52 -
AZIK01
03 Апр 2020 - 00:42 -
Armin_97
25 Фев 2020 - 23:59 -
jetinur90
27 Янв 2016 - 23:17 -
Tatli_Melek
06 Дек 2015 - 09:06 -
Nurdoolot94
05 Июн 2015 - 15:31 -
-detka-
30 Окт 2014 - 18:08 -
MARGO55
09 Окт 2014 - 11:05 -
Adilettikenek
13 Сен 2014 - 19:58 -
eto_bek
04 Сен 2014 - 23:52
Мен ачкан темалар
-
Өзбекстан мигранттарын күчтөп чакыртууда
Жазылган күн: 5 Авг 2014
Өзбекстанда тышка чыгып кеткен эмгек мигранттарын мекенине кайтаруу үчүн атайын өнөктүк башталды. Милиция үймө-үй кыдырып, ата-энелерден мигрант балдарын артка чакырууну талап кылып, буйрукка баш ийбегендерди ири айып пул менен коркутууда.
Акыркы кездерде «Азаттыктын» өзбек кызматына Орусиядагы жана Казакстандагы өзбекстандык мигранттардан ар кандай каттар түшө баштады. Казак жергесинде эмгектенип жаткан ферганалык мигрант минтип жазат:
- Бүгүн мага Өзбекстандан чалышып, шашылыш үйгө чакырышты. Көрсө маале комитетинин активдери менен участкалык милиция үйлөрдү кыдырып, Орусияга же Казакстанга иштеп кеткендердин тизмесин түзүп атыптыр. Мигранттарды 10 күндүн ичинде кайтарып келип, аларга иш орундарын түзүп берүү тууралуу буйрук түшүптүр. Менин жакын таанышым, коллеждин мугалиминин айтымында, жакында эле район акими жыйналыш өткөрүп, баарын артка кайтарууну талап кылыптыр.
Орусияда иштеп жүргөн дагы бир мигрант анын досунун ата-энесин чоң айып пул менен коркутушканын айтат:
- Мен Фергананын Алты-Арык деген жериненмин. Кокондук досумдун ата-энесинин үйүнө милиция келип “Эгер балаңар үч күндүн ичинде кайтпаса, андан кийинки ар бир күнгө 700 миң сумдан төлөйсүңөр», - деп айтыптыр. Азыр эми ал жигит айласын таба албай жүрөт.
Атын атабаган кокондук укук коргоочу мигранттарды мекенине кайтаруу кампаниясынын башталганына эки жумага жакындап калганын билдирди:
- Бир эле Кокондо эмес, жалпы Фергана облусунда башталды. Жакында эле премьер-министр Мирзияев Ферганага келип 6 сааттык чогулуш өткөргөн. Ал жергиликтүү бийликтегилерге чет жерде иштегендердин тизмесин түзүп, аларды кайтарып келип, мекенинен жумуш менен камсыздап берүүнү буйруду. Ушундай эле буйрукту бардык ишканаларга берип, кайтып келген мигранттарды ишке алууга чакырды. Алар сырттан айына 2-3 миллион сум табышат. Бул жакта маянасы кандай болору белгисиз.
“Азаттык” радиосу Фергана облусунун акимчилиги менен байланышып, бирок бул боюнча маалымат ала албады. Ал арада ушундай эле иш-чаралар Анжиян облусунда да башталганы маалым болду.
Орусияда иштеген анжияндык мигрант анын кичи мекенинде да үгүт кампаниясы жүрүп жатканын кабарлады:
- Азыр бизде – Коргон-Төбөдө айыл аксакалдары менен участкалык инспекторлор үйлөрдү кыдыра баштаптыр. Менин ата-энем да кел деп чакырып жатышат, азыр карыздарым көп, алардан кутулмайынча бара албайм.
Казакстанда жүргөн дагы бир мигранттын айтымында, анын атасы балдарды артка чакыруу зарылдыгын мечит имамынан уккан.
Комментарийлер
joysin777
14 Июн 2014 - 13:52