Азыр шаарда коп кабаттуу уйлор курулуп атат. Суроолорум:
1. Ошол уйлордун курулушун козомолдойсунорбу?
Баарында имараттын сыртынан кеткен тепкичтер жок. Эгер кырсык болсо, ал жакта жашагандар кантип чыгышат? Же башка да жолдору каралганбы?
Баракча 1 - 1
Лицензия Кантип алабыз?
#2 05 Декабрь 2013 - 17:54
2. Байкем кесиби боюнча куруучу. Ал бригада чогултуп, орт коопсуздугун кам кыла турган иштерди жургузуу боюнча лицензиясын алыш учун каяка кайрылышы керек? (Деятельности по производству работ по монтажу, ремонту и обслуживанию средств обеспечения пожарной безопасности зданий и сооружений )
#3 09 Декабрь 2013 - 16:33
Uulkan89 (29 Ноябрь 2013 - 17:44) жазган:
Азыр шаарда коп кабаттуу уйлор курулуп атат. Суроолорум:
1. Ошол уйлордун курулушун козомолдойсунорбу? Баарында имараттын сыртынан кеткен тепкичтер жок. Эгер кырсык болсо, ал жакта жашагандар кантип чыгышат? Же башка да жолдору каралганбы?
Кыргыз Республикасынын ӨКМниналдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги жооп берди:
- Негизи көзөмөл жүргүзүлөт. Көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнө караштуу Мамлекеттик экология жана техникалык коопсуздук инспекциясы жүргүзөт. Көп кабаттуу турак-үйлөрдүн бийиктиги 9 кабатка чейинки имараттарда Л1 (кадимки тепкич клеткалары) колдонулат, эгер имараттын бийиктиги 28 метрден бийик болсо, анда подъездин ичине түтөбөөчү тепкич клеткалар жана колдонулат түтөбөөчү тепкич клеткалар 3 типке болүнөт:
Н1-түтөбөөчү сырткы аба зонасы аркылуу ачык өткөөл боюнча кабаттан тепкич клеткасына чыгуучу эшиги бар тепкич клеткалары;
Н2-өрттө тепкич клеткаларына атайын аба үйлогүчү бар тепкич клеткалары;
Н3-ар бир кабатта тепкич клеткаларына тамбур-шлюз аркылуу чыгуучу эшиги бар дайыма же өрт учурунда атайын аба үйлөөсү камсыз болгон тепкич клеткалары,
ошондой эле көп кабаттуу турак-үйлөргө 15 метр бийиктиктен баштап 15-кабаттан баштап авариялык люктар жана тепкичтер балкон, лоджийлерде орнотулуш керек.
#4 09 Декабрь 2013 - 16:36
Uulkan89 (05 Декабрь 2013 - 17:54) жазган:
2. Байкем кесиби боюнча куруучу. Ал бригада чогултуп, орт коопсуздугун кам кыла турган иштерди жургузуу боюнча лицензиясын алыш учун каяка кайрылышы керек? (Деятельности по производству работ по монтажу, ремонту и обслуживанию средств обеспечения пожарной безопасности зданий и сооружений )
Кыргыз Республикасынын ӨКМниналдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги жооп берди:
- Азыркы убакытка чейин өрт коопсуздугун кам кыла турган иштерди жүргүзүү боюнча лицензия алуу жеке ишкерлердин ишине тоскоолдукту азайтуу негизинде Өкмөт тарабынан 2011-жылдан токтотулган. Жакында 2013-жылдын 19-октябрындагы “Кыргыз Ресубликасында Лицензия-уруксат берүү системасы жөнүндө” КРнын №195 Мыйзамы чыкты. Бул мыйзамдын негизинде 2014-жылдан баштап өрт коопсуздугун кам кыла турган иштерди жүргүзүү боюнча лицензия алуу үчүн Кыргыз Республикасынынн Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигине кайрылса болот.
#5 01 Январь 2019 - 18:13
Саламатсынарбы Таксиге лиценция же болбосо ИП дейби каерден кантип алса болот кыргызстандын лицензиясы эл аралык багыттарга жарайбы мен кыргызстандан оруссияга такси кылам
Билгендер болсо жооп берип койгулачы Рахмат 0775338484
Билгендер болсо жооп берип койгулачы Рахмат 0775338484
Баракча 1 - 1