Салам, достор, эми окунуп жатам. биротоло жазып бутуруп туруп анан илсем болмок экен деп. Анткени баштаба, баштаган сон таштаба болуп, жумушум чачтан коп, бутпос сапарлар болуп, улантуу турмак башкага кол тийбейтат. Жоопкерчиликсиз деп урушканынарга да негиз бар, кечиргиле сыр созду унутуп эмес, убакыттын тардыгынан иле албайтам. Бирок созсуз бутуром, соз берем, урушпай тургула.
Баркыңды билбептирмин студенттик чыгарма
#22 13 Июнь 2012 - 11:56
Бакырып-
кыйкырсам деле эч ким жок. Мени түшүрүп “кыйкырбачы,
болду кое берем, болду” деди.
-Болбойт. Мен сага көрсөтєм!
-Ачууланба дейм, саксайганым десе!
-Эркелетпей эле кой, сага ким айтты менин кетеримди эми айт? Неге досторуңду дүрбөтүп той дейсиң? Ким айтты мени сага турмушка чыгат деп?
-Кечигесиң, азыр бара бер, мен оюмдан кайттым. Бирок быйыл күздө сєзсүз турмушка чыгасың мага, келиштикпи. Мени ушунчалык жек көрөрүңдү билбепмин. Эч нерсе эмес, ошол алыстык экөөбүздөн ортобузду жакындатат. ..
Сөзү бүтөлөкте терс бурулуп басып кеттим. Машинага барып жемперди кийип аэропорттун ичине кирсем иним жок, ата-энем отурушат.
-Эрик кайда кетти? Биринчи эле суроом ушул болду, сыртка чыгып Азат менен мушташып кетпесе экен деген ой кыйнады.
-Сенин артыўдан чыккан эле, экєєў чогуу эмес белеўер? дейт апам. Уф, дагы жакшы билбей калышты деп жүрөгүм эми ордуна келди. Папам мени карап “өңүң бопбоз го ай, кыз. Бир нерсе ичтиң беле? Апасы, балаңды чакырчы, бир нерсе ичип албаса болбойт го дагы жарым саат убакыт бар” деди.
-Мен эле чакырып келем, тамак ичким келбейле турат да.
-Ичесиң, кызым, ал жакта биз жок оозуңа тамак такап же, ич дей турган. Өзүңдү өзүң кара, биринчи ден соолукту ойлон.
-Макул, макул, мен таап келейин тентегиңерди.
-Мени издедиңер беле, аэропорттун ичи менен таанышып чыктым, кедей өлкөбүз да, кедей. Качан өнүгөбүз, башка өлкөгө барсаң аэропорту жылтырайт тимеле, биздикичи... деп кейиген инимди апам токтотту.
-Кыргызстан сопсонун эле өлкө, сыймыктанчу жери, кең пейил эли бар. Кой, балам, ата журтту сыйлаш керек, бир жыл башка жакта окуй калып дегеле өзгөргөнүн көр мунуңдун. Мына ошентип мекенимден алыс учтум. Булут аралап баратып эртең мененки жагымсыз окуяны эстегим келбей көзүмдү жумам, болбой эле эске түшөт, кыжырданам. “Карап тур, ушуну менен мени көрбөйсүң, жолукканыңа кейийсиң бала” деп сүйлөнүп өзүмдү өзүм жоошутуп алдым.
Москва мамлекеттик университети. Алгач барганда көнө албай кыйналдым, арыктадым, аздым. Бирок көгөрүп жүрүп бир жыл кантип өткөнүн билбей калыптырмын. Менин интернетке кирүүгө да убактым болбочу. Үйдөгүлөр менен гана телефондон сүйлөшкөнүм болбосо, окуудан башка маселе жок. Дем алыш күнү уктап жаткам, телефонума таң заардан чакыруу келди, Кыргызстандан. Апам экен, “кызымка, туулган күнүң менен!” дегенде сүйүндүм.
-Апоу, туулган күнүм экенин унутуп калган жаман кызыңыз бар да.
-Апей, биз бир айдан бери даярданып жатабыз го. Таякең бүгүн барат сага, белек берип жибердик, жагат деп ойлойм.
-Ишенесизби, апа, мен чынында туулган күнүм экенин эстен чыгарыпмын. Канча жашка чыктым, апа!
-Чоңоюп калдың, эми эркелебе. Баса, сага кудаа түшөбүз деп келишиптир. Сүйлөшүп жүргөн жигитиң бар беле?
-Не дейсиз? Жо-ок, ким, каяктан келиптир? Кызым окуйт, күйөөгө тие турган ою жок деп кетирип салыңыз.
-Кечээ күнү мен жумушта элем, папаң да жумушта. Тажеңең чалат, “батыраак кели ңиз, той болгону жатса, сиз жумуштап жүрөсүз” деп жемелеп алыптыр. Аны укканда үрөйүм учту. Иниң келин алып келип алдыбы же сени бирөө илип кеттиби деп.
-Анан...
-Анан жетип келсем, төрдөн орун алып жайгашып алышыптыр.
-Кимдер?
-Кое тур, эми айтып жатпаймбы. Атам тааныбаган адамдар, бирок жакшы инсандар экенин бир көргөндө билдим. Учураштык. Дароо эле кулдугум бар дей салып кишинин дагы жүрөгүн түшүрдү.
-Анан...
-Арстан дейби, Азиз дейби, А кетет экен уулунун атына. Келгениңиздерге рахмат, кызым алыста. Анын үстүнө жаш. Атасынын эрке кызы, ал киши сунушуңарга оң пикир айтабы билбейм. Кызым уулуңарда көрбөсө, билбесе дедим.
-Туптуура кылыпсыз!
-Туптуя кыйыпсыз деп коесун да, мен ошентип айтсам, “кызыңар уулубузду жакшы тааныйт, экөө сүйлөшүп жүрүшөт” дегенге не дейсиң? Же мага айтып койбопсуң, “апа, жигитим бар” деп. Мен кызым эч ким менен сүйлөшпөйт деп мактанып атсам, уят кылдың.
-Апа. Капаланбаңыз, биринчиден, мен азыр күйөөгө тийбем, экинчиден, мен эч ким менен сүйлөшпөй элемин, ал жигитим эмес, бирок тааныйм.
-Ошо тааныганыңды кеп болуп жатпайбы. Болбой отуруп алышканынан, атаңды чакырттым жумуштан. Баягы атаң да, дарбазадан кирип-кирбей жатып “бербейм, кызымды” деп баштады. Жеңең экөөбүз, “кое тур, өзүңдү бас, эч ким алып кетпей эле, кызы бар үйгө куда деген келет” деп жатып киргиздик үйгө. Киргенде эле бакылдашып жакшы сүйлөшүп кетишсе болобу, эски тааныштардай. Сураштырып отуруп папаңдын тааныштарынын тааныштары да болуп чыкты бейм.
-Иий, анан, не болду? “Жок, бербейбиз” деп жолго салдыңарбы?
-Аларыңдын кетчүдөй түрү жок, биринчи тамак, экинчи тамак жасап бердик.
-Апа дейм, кел, күйөөгө беребиз дей көрбөңүз.
-Биз кантип бир келген кишиге эле мейли дейт экенбиз. Атаң жакшы түшүндүрүп узатып койду, бирок алар эмкисинде кучакташкан кан куда болуп кетебиз деп жадырап кетишти. Деги ал баала кандай эле?
-Эч кандай кан куда болбойсуздар да.
-Анан эмнеге сүйлөшүп аласың!
Мына ушундай таарынычтар менен апам экөөбүз сөзүбүздү бүтүрдүк. Апам “макул, баары сен айткандай болот” деген менен баары бир көңүлүм жай албай турду. Неге Азат? Жок, мен кездешкен адамга эле турмушка чыгып алган кыздардан эмесмин. Ушул маселе аэропортто эле бүттү деген болчум. Неге, неге? Жанымдагы Настяны да ойготуп жибердим, жини келет го деп аны карап турсам, сосканы оозума салып “туулган күнүң менен!” деп жүрөт куттуктап. Экөөбүз кучакташып каткырып калдык. Настя сурайт:
Сени күйөө бергени жатышабы? Эми сени бул жактан уурдап кетишеби, силерде ушундай салт бар экен го.
-Настя, Настичка, уурдамай жок, бирок бир кызыктай адат бар.
-Чын эле сен уурдаса барып отуруп жашап каласыңбы?
-Жо-ок, мени билип калдың го, револиционермин.
-Билем, билем, бирок сен окууну бүтүшүң керек да. Же мекениңди мага көрсөтүп келесиңби?
-Көрсөтөм, ооба. Эс алуу күндөрү силердин дачага келип бабушкаңдын таттуу пирожкисин жеген күндөрдү кантип унутайын?! Мен сени коноктойм, сөзсүз!
-Ура, мен Киргизияга барам!
-Киргизия эмес, Кыргызстан, Настя!
-Оба, оба, Киргизстан!
Чогуу окугандардын баары менен эле жакшымын, айрыкча көк көздүү, жүрөгү таза, жаш баладай ушул Настя курбума айланды.
-Дүкөн кыдыралы, душа моя дейт Настя.
-Таң заарданбы, кое тур, мен виртуалдуу мириме кирип чыгайын, каттар толуп кеткендир.
Виртуалдуу жашоону унутканыма көп болгон. Интернетке керектүү материалдарды издеп кирем, башкасына кирбейм, иним-эжемдер да какшап жүрүп киргизе алышкан эмес. Бүгүн кирдим, 20 жашка толгонумда бир кирейин деп. Каттар толуп кетиптир, баарын окуп жетише албай турдум. Бүгүн жиберилген каттарды окууну туура көрдүм. Курбум Гүкү сонун сөздөрдү жазып куттуктоо жөнөтүптүр. Айбек жүрөт, кыпкызыл туфлини тандап туруп, “эй, киргизка, сагындык сени, кызыл туфлини кийип туруп, менин мурдагы каттарыма жооп жазып кой” дегтир. Окуп жылмайып алдым. Саитов Азаттан келген катты окубасам болбос, ата-энесин үйгө жөнөтүптүр уялбай.
“Жануська, мени кечир. Аэропортто чаң чалганым үчүн сени менен сүйлөшүш узакка созулуп кетерин билбепмин. Тырышып окуп жатсаң керек. Көп кыйналба, өзүңдү кара, азып кетипсиң. Туулган күнүң кут болсун. Эми чоңойдуң, эркелебе, ээ?” деп туруп ырсайган смайлик коюптур. Менин азганымды кайдан көрдү? Сүрөтүмдү илбесем, а жөн гана жазып койду да. Деги ушул баладан кутулбас болдум. Телефон чалынды, таякем экен, “кодду айтчы киралбайтам”.
Мына сага, ушуну менен үйдөгүлөрдөн жетинчи жолу посылка келтат. Таякемди отургузуп коюп, ачып баштадым. Ие, менин коенегимди салып жиберишиптир. Муну таенем берсе керек, мунучу...
-Жаш бала элесиң, 20га чыктың, чоңойдуң, болду эми!
-Ооба, чоңойдум, урушпаңызчы, сиз эле калдыңыз эле. Таң заардан эжеңиз чалып “күйөө берем, чоңойдуң” деп жиниме тийди.
-Туура кылат. Өжөрлөнбөсөңчү, мен ал баланы изилдеп койдум, баары жайында.
-Ким тапшырма берди, сизге, апамбы?
-Ооба да, мага чейин эле жеңең тергөө иштерин жүргүзүп ийген экен, мен барып ийне-жибине чейин иликтеп койдум.
-Жок, мен папама ишенем. Мен окуйм, Москва эмне болуп калыптыр, башка жагына да барам, жолдош генерал Уранов.
-Гражданка, мени ук, кыз бала талаалап окуп кайда бармак эле? Аял кишинин орду үйдө, балдарын багып, күйөөсүн карап...
-Жолдош Уранов, өзүңүз окуп-чокуп алган үчүн элчиликте иштеп жүрөсүзбү? Жеңемчи, жеңем да кызматта жүрөт го, таенем эле силердин балдарды карап үйдө отурат.
-Сен бизге атаандашпа, жеңең өжөр болчу сендей, мына мага турмушка чыккан соң мурдагыдай болбой ляппай шеф деп турат.
-Кой, антип мактанбагыла. Силер башка мен башка!
-Сөздү бөлбө, короче, сен сүйлөшүп жүргөн жигит учурда сенден алыс эмес.
-“Мени менен кошо келди, мейманды үйгө кир дебейсиңби” деп айтсаңыз, анда аны менен кошо кете бериңиз, жолдош генерал!..

Билдирүүнү түзөткөн: BIA: 13 Июнь 2012 - 12:08
#23 13 Июнь 2012 - 14:05
Ххх
Кууп чыккың бар э, мени? Жээн эл болот деп жүрсөм!
-Кечирип коюңузчу, бирок мени кыйнабагылачы? !
-Макул, макул, мен эскерттим, Били. Анан кокус...
-Сиз турасыз го, неден камым бар. Ал жолой албайт жаныма. Менин максаттарым башка. Максатыма жетиш үчүн жан үрөп жүрөм го.
-Билем, билем, болду эми кейибе. Менден белек, ак көйнөк, тоюңда киесиң!
-Хе, азыр эле той маселесине чекит койдук беле?
-Койдум, койдум. Эки жылдан кийин алып берет экем да, мага жакшы кайра, банкрот болбойм.
Биздин маек тамашалуу уланып, таекемди узаттым. Настя экөөбүз дүкөн кыдырып суй жыгылдык, кымбатчылык, эй, алгың келбейт, акчаңды аяйсың. Макдональсдан шам-шум эттик, студентпиз да, чөнтөк жука, акчаны үнөмдөшүбүз керек. Болбой эле ГУМга кирип кеттик, сатуучулардын алайып караганына карабай, алсак-албасак да кыдырып жүрөбүз. Акыры Настяга айттым, “туугандарың сени го сары чачтуу өзүбүздүкү деп тааныйт, мага эле кыйын кеттик, баасынын кымбаттыгын айт, ал куртканы кийгенде өзү чечилип, өзү кийиле тургансып” десем, курбум каткырып “туура айтасың, бирок сага жакты э, жакшы жарашат да болсо керек” дейт.
“Туулган күнүм ушинтип өтүп кетти, мага жакты” деп айтып бүтө элегимде мага тааныш караан маңдайымдан чыкты. Жүрөгүм болк этип, көзүм чакчайып эле калды.
-Кандайсың, качкак кыз?
-....
-Не унчукпайсың? Олядан дос тааптырсың. Балким, Толиги да жандап жүрөттүр сени?
Унчукпай кутулайын десем, акыркы сөзү сөөгүмө жеткирип салды.
-Жакшымын, жердеш! Ооба, таптым!
-Болду, болду, бултуңдап баштадың, артыңдан барам деп коюп келбегениме жиниң келдиби, жаным?
-Ии, сени качан келет деп жол карап өтпөдүбү күндөрүм.
-Чын элеби? Туулган күнүңдө маанайды чөктүргөн болбойт, Настяга карап:
-Курбуңуз ушундай, катуу мүнөздөгү кыз менен чогуу жашаган сизге медаль тагыш керек,- деди.
Настя да күлүп:
-Алгач таанышып туруп, анан курбумду жамандасаңчы, мырза.
-Кечириңиз, Азат менин атым. Бийкенин жок, силерче Билинин сүйгөнү болом!
-А мен Настямын. Били менин жеңем болот.
-Ха-ха-ха, азаматсың Настя! Жолдо турбай, жүргүлө, анда жеңеңдин туулган күнүн майрамдайлы.
-Настя, сен үйгө кире бер, мен азыр. Эгер 15 мүнөттөн соң кирбесем, анда кимге чалышты билесиң да.
-Оо, корктум, корктум, мен жебейм сени, Бийке.
Мына ошентип, Азат мени башка жактан да таап алды. Биз ал күнү аз эле сүйлөштүк, мурдагыдай наглый болбой бир аз жумшарып калыптыр. Эмне десем сөзүмө көнүп, макул дей берип тажатып жиберди. Дарегимди, окуган жеримди баарын билет, кантип кутулмак элем, абалды сураса жакшы деп койгон күндөр өтө берди. Аялзаты жакшы сөзгө бат жибийт дешет. Мен белекке да, сөзгө да жибий алган жокмун.

#24 18 Июнь 2012 - 11:50
ххх
Мекенимден алыс жүргөнүм менен бул жерде кыргыздар көп..Жолуңдан жолукканы кыргыз. Бир күнү классташ кызым квартирасына чакырып калды. Бардым, кире бериштен эле бут кийимдин санынан башың адашат. Эки бөлмөлүү батир. Буюм-тайымдар толтура. Кантип батышат, байкуштар ай. Мени ушул суроо ойлондурду. Классташым Салкын:
-Таң калба, тиричилик деген ушул экен да. Ушул квартираны эжем экөөбүз тапканыбызга сүйүндүк. Биздин орун бул жер,-деп терезенин түбүн көрсөттү.
-Түшүнөм, бирок элдин баары Россияга келип иштеп, Кыргызстанга барып заңгыратып үй салып, кымбат машина тээп жүрсө мен башкача ойлочумун. Таякем да түркүн тагдырларды айтса таң калчумун. Эми ушул бөлмөдө канча киши турасыңар?
-Айтсам, оозуң Ошту карап калат, жүр андан көрө кухняга, көтөрүнбөй эле келбейсиңби, -деп экөөбүз ашканага баш бактык.
Ашкана да бош эмес экен. Бир бурчунда бир бала “ата, өткөн апта эле акча салдым эле го, кийинки айлыкка чейин чыдап турбайсыңарбы”деп телефондон сүйлөшүп жатат. Столдо отурганы болсо телефонун чукулап убара. Бизди көрүп ордунан турду.
-Кел сулуу кыз, отур.
-Жок, отура бериңиз, мен мындай туруп турам.
-Кеңири ушакташа бергиле, мен жолтоо болбоюн, э, Улан,жүр биякка?
Ашкана бизге калды. Салкын улам бир коркунучтуу окуяларды айтып оозумду ачырат. “Биз менен чогуу жашаган бир кыз бар эле. Анан 75-жылкы байке бар болчу, Кыргызстанда аялы, бала-чакасы бар. Ошол кыз тиги кишини азгырып алды” дегенде жакамды кармадым.
-Прям ушул квартирада туруп элеби?
-Анан эмне каякта дейсиң? Ар бир адамдын өзүнөн эле да, туулган күнү боло калбайбы, анан тиги киши белек бериптир, ал кызга. Ошентип эле бир күнү экөө жакындашып калышты.
-Ий ужас. Мен мындай окуяларды уккум келбейт.
-Сен эми билбейсиң да, окуп жүрөсүң.
-Да-а, билбешим мүмкүн. Жеке жашооң кантти?
-Мен бир жигитти сыртынан жактырып жүрөм. Мени карабайт ал.
-Неге карабайт, каратыш сенин колуңда эмеспи?
-Элестет, мен анын кол алдында кызматкермин. Пол жууйм. Ал болсо килтейген ишканада кадырлуу адам.
-Иий өзүңдөн улуубу?
-Көп болсо 5 жаш.
-Аа, анда шансың бар турбайбы!
-Менимче, анын сүйлөшкөнү бар.
-Кантип билдиң?
-Жүргөнү башкача да. Өткөндө айтып жатышкан, “жакында анын тоюна барабыз”деп.
-Аа, анда аяшты башка жактан издейсиң го, досум!
-Сага куда түшкөндөр көбөйүптүр го, Бийке.
-Жок, эй, мени билесиң го. Жакында үйгө кетем. Абдан сүйүнүп жатам.
Эртең мекениме кетем деген күнү кирпик какпай чыктым. Таң заардан ойгонуп алдым. Таякемдин квартирасындамын. Бир аз жата турайынчы, саат12де учам го, мага эмне болгон өзү. Группалаштарым да каникулга таркап кетишкендир. Уктап калган экем, жеңемдин “о, кел, күйөө бала, биздин эрке уктапжатат” деген сөзү көзүмдү чооң ачырды.
Босогодо жылмайып Азат турат.
-Силер не таанышсыңарбы же көлөкөсүңбү?
-Салам! Не менин жеңемди кыйнайсың сен? Жеңе, кечээ айттым эле го, мен жеткирем, керек болсо Кыргызстанга чейин!
-...
Хе-хе, ошону айтсаң, кел, отур. Таякең сыртка чыкты жаңыле, балдар уктап жатышат. Биздин кыз болсо мына өзүң көрүп тургандай...
Окшошкондор десе. Булар эмнени пландап алганын ит билеби? Оюма ушул келди да, ваннаны көздөй бастым. Бул чыкпас клей болду го. Сууну агызып отура берсем, өзүмө эле зыян. Кеч калам, автотыгындан араң дегенде жететтирмин. Экөө эски тааныштардай сүйлөшүп отурушат. Аларды бир карап коюп,бөлмөгө кирдим. Чемоданым даяр, баары даяр. Кетүү гана керек, таякем жок. Ал келсе чыкмакмын. Сырттагылар не болсо ошол болсун, мен ал келгиче бөлмөмдөн чыкпайм! Чыкпай кайда бармакмын, чыктым.
-Жеңе, абышкаңыз быйыл келчүдөйбү?
-Азыр чалайынчы, деп жеңем ушуну эле күтүп тургандай аркы бөлмөгө кирип кетти.
-Били, мен телефон эмесмин го сага. Кааласаң смске жооп берип, каалабаган күндө жооп бербей койгон. Ушунчалык сезими жок адамды биринчи жолу көрүшүм.
-Аа, кечир, мен ойлогом, баятан бери Нокиа менен Моторолла сүйлөшүп отурат го деп.
-Ха-ха-ха, сенин ушул мүнөзүң жагат мага, жок, турпатың, сүйлөгөнүң, күлгөнүң, үнүң баары, баары жагат! Жеңемдерди уруша бербечи, таякең менен жакшы тааныш болуп калып эле, сүйлөшүп калгам.
-Ал менин жеңем, сенин эмес. Азат, өзү ойлоносуңбу, неге мени айланчыктай бересиң. Байке дейинби же досум дейинби?
-Каалаганыңдай атай бер, сен мага жагасың, мен жакшы көрөм сени. Бүгүн узатып барам. Баса, ме Настя айтты эле бир жолу туулган күнүндө куртканы кечке кармады деп. Ошол куртка келди сизге! Кийбейм, тийбейм деп чаңсалба!
-Кием, неге кийбейм, рахмат,-деп куртканы көтөрүп кирип кеттим. Өзүмдү жемелей баштадым. Неге көзүм менен тең айланса, мен уруша берем байкушту. Өзүмдү өтө бийик сезгенди токтотоюн, азыр сен жылмайып чыгышың керек.
Жеңем “таякеңдин жумушу чыгып калыптыр” деген шылтоо айтып мени Азатка кошуп берди. Домодедовага келдик. Бизди бир бала тосуп алды,колунда чоң сумка. Аны Азатка берди. Таң калдым. Регистрациядан өтүп отурсам жыргап күлүп Азат да жүрөт. Билдим, чогуу кетет турбайбызбы. Самолеттон орун алдым, 12-катарда экем. Жанымда башкалар экен, кудайга шүгүр. Бир убакта Азатменин жанымдагы байке менен суранып алдыга отуруп алыңыз деп жаныма келди. Көзүмдү жумган боюнча уктап кетипмин. Ойгонсом башым Азаттын далысында жөлөнүү, өзүнчө эле кино.
Кызыгы, биздикилерден мени тосуп албады эч ким. Томсоруп турсам, “жүрү, кемпир, курсак ачты, тамактаналы” дейт Азат күйдүрүп.
“Мен такси кармап кетем, сен бара берчи, рахмат” дегениме болбой колдон алып жөнөдү. Кафеге кирдик. Менюну алып карап отурам, официант келди. Эмне тамак бар, кайсыны жок экенин шыпылдап сурап кирдим. Бир убакта Азат күлөт:
-Сага не болду?
-Эч нерсе, сени жакындан билген сайын...
-Оозуң ачылып жабалбай калуудасың, туурабы?
-Ха-ха-ха, бир чети туура сенин айтканың, бирок мен башка нукта айтып жатам.
-Ии
-Мен канча кыз менен таанышпайын, кафе же ресторан же жөн гана ашканага киргенде “эмне жейсиң?” деген суроону берип койсом кызарып, уялып“азыр эле ичип чыктым, чай эле ичем” дейт эле да. А сен...
-Тескерисинче, сени уялттымбы, мен ушундаймын. Бир окменен эки коен аттың э, биринчиси “кыздарым көп” деген мааниде, экинчиси “тартынбаган кандай кызсың” деген мааниде.

Билдирүүнү түзөткөн: BIA: 18 Июнь 2012 - 11:56
#26 03 Август 2012 - 15:12
Бул теманын авторунан купуя кат алдым. Шартына байланыштуу улантууга убактысы болбой жатыптыр. Баарыңардан кечирим сурап, жакын арада улантууга аракет кылат.
#27 05 Ноябрь 2012 - 16:26
Автор океандын ары жагында жүргөндүктөн жеке жашоосундагы кырдаалга байланыштуу азырынча уланта албай турганын купуя кат аркылуу билдирди.
#28 25 Февраль 2013 - 00:31
#32 25 Октябрь 2014 - 19:21
uwundai joopkerchiligi jok avtorlor mn jarym jartylai chygarmalar kuiguzdu!!!
#33 25 Октябрь 2014 - 23:09
Негизи сонун чыгарма экен. Бирок, аягы жоктугу чатак экен да... Автор сыр созун унутуп калса дагы, башка ник ачып бутуруп койсо жакшы болмок...
Кара-Суум берекелуу менин шаарым,
Чонойдум, кучагынан алып таалим.
Сагынам, кайсыл жерде журсом дагы,
Кантсе да тогулгон да киндик каным.
Кара-Суум жаркыраган менин шаарым,
Сен барсын, бул дегени менин барым.
Кылымдар отсо да сен жашай бергин,
Ылайым, эч очпосун сенин наамын.
Чонойдум, кучагынан алып таалим.
Сагынам, кайсыл жерде журсом дагы,
Кантсе да тогулгон да киндик каным.
Кара-Суум жаркыраган менин шаарым,
Сен барсын, бул дегени менин барым.
Кылымдар отсо да сен жашай бергин,
Ылайым, эч очпосун сенин наамын.
#35 31 Октябрь 2014 - 19:51
Ииий кызык жерине келгенде жазбай койуптур да, кайдан да окудум эле, кечке ойлоном эми.
#38 04 Ноябрь 2014 - 07:51
Biroo jarymda toluk varianty barbyyyyy????? Aityp koigilachyyyyy!!
!