Максатка карай жол... Мен ким элем, учурда киммин, келечекте ким болом...
#61 06 Июль 2014 - 22:44
#62 07 Июль 2014 - 10:18
gulpana (06 Июль 2014 - 22:44) жазган:
ооба, баары жайында. карт бойдок башкача угулат экен. Анчалык деле эмес)))
#63 07 Июль 2014 - 10:59
#64 07 Октябрь 2014 - 22:14
-Бул суротторду досумдун уйлонуу тоюнда туштук. Жаныма бир кыз улам келе берди, карасан 98-жылкы экен- деп кыздар, балдар менен тушкон суроттор жонундо айтып жатып: "Эмнеге биз мындай болдук. Эл катары уйлоно албайбызбы? Эмне учун ушу менин башыма тушту?" деп суроолуу карады. Кайра менден жооп албашын билип кучактап, ушкурунуп алды. Кызганыч, ишенимдин жоктугунан коп урушуп, бири бирибизди коп кыйнадык. Башка кызга сойко салдым деп тамашаласа, мен кудаа тушуп келгендерди айта койсом кайра озу таарынды. "Сенин максатын жок, уй було курууну ойлобойсун. Эч оз оюнду айтпайсын же оюнду менден кызганасынбы" деп айтчу болду.
-Баары карангы. Тушунуксуз. Максат коймок тургай, кыялдана элестете албай жатам. Айтчы сен айткандай болсун, эмне кылайын?- десем "Эх билбейм, эртен суйлошолу" -деди. Экообуздун бакыт багытындагы акыркы рейсибиз кузго туш келди. Туман, белгисиздик. Жанылсам озумду кечирбейм.
#65 15 Октябрь 2014 - 01:02
aikow92 (14 Февраль 2014 - 04:03) жазган:
Бөлөм менен жашап тургам. Студентпиз, экөөбүз тең. Күнүбүздүн бош убактысы агент, фейсбук, одноклассники менен өтөт. Телефон чалып таанышып алалы дегендер дээрлик жокко эсе. Бир жолу эмнеге күн суук болуп жамгыр жаады десем көрсө бир бала мага чалып таанышмак экен. Апам да бар болчу.
-Аллоо!! !
-Кандайсың?
-Жакшы, ким бул?
-Сенин номериңди дос кыздарыңдан алдым. Сени Бишкекте окуйт дешти. Жакындан таанышайын дегем.
- Ай ий жакшы го кел таанышалы - десем апам угуп калым сурап калды.
-Апа, мен сизге күйөө бала издеп аткам. Тапты.ым- дедим. Апам адатынча, "сен менден кичине уялсаң боло" деп өзү уялып күлүп чыгып кетти. (Эркелигим бар, кээде уялбагандан өзүң уялга жеткирип коем)
-Сен кимге айттың азыр? - дейт күлүп тааныша турган бала. Аты Абдулла экен.
-Апама, эмне болду? десем шок кыз экенсиң деп күлүп калды. Агенттен аккаунтум сураганда бөлөмдүн логинин берип койдум. Анын да тентектик жагы бар. Курбулары менен клубга да барат, диний сабак боюнча таллимдерге да барып коет. Мага караганда жакшы кыз. Намазды билет. Анча мынча мага да үйрөтүп турчу.
Биртоп убакыт өтүп кайра чалып "Каердесиң, адресин бер барам" десе тан калдып калдым. Эмнени айтканы түшүнбөй калып кайра сурасам:
- агентте клубга баратам дедин го - деди. Ай бөлөшкамды иши турбайбы деп ойлоп тамашаладым деп койдум.
Бир жолу бөлөм экөөбүз агентте отурсак мени карап күлүп отурат. Түшүнбөй турсам Абдулла деген достук сунушун - авторизация жибериптир.
Мени ушунчалык кууп издеген кандай адам экен деп номеримди берген кыздарга чалсам "Ал шаарда иштейт. Жакшы бала, түз жүргөн эч ким менен урушпайт. Ыймандуу кыздарды жакшы көрөт. Үйлөнөм деп кыз издеп жүргөнүнөн сенин номериңди бердик. Ии баса сен дин жөнүндө ооз ачпай эле койсоң жакшы болмок. Болбосо күйөөгө тийбей каласың" -деди.
2 жума агентомания - сүйлөштүм. Жолуктук. Жөнөкөй, жоош бала экен. Жолугууга барганда шайтаным кармап күлүп тура бердим. Биринчиден уялганымдан күлгөм - улуу, токтоо, жөнөкөй балага жаш балача мамиле кылып жеңил ойлуу кыздын түрүн көргөзгөнүмө. Дин боюнча сабатсыздыгымбы же илим боюнча оозуп кеткенимби айтор тил табыша алган жокпуз.
Азыр деле өзүмдү динден оолак кармайм. Динди сүйлөбөгөнгө таракет кылам. Бирок күндө кечинде "Ээ Алла апама, атама, иниме, эки сиңдиме, мага, сүйүктүүмө тынч уйкуңдан бер" деп жатам. Мен сизге аябай тан калдым. Деги СИЗ кандай максат м.н мындай жаздыныз.озунузду мусулманкамын деп оЙлойсузбу динди суйлобошко аракет кылам дениз охоо. Мага капа болбонуз.окуп алып наоборот мен капа болдум
Бүгүн да арсар ойдомун. Майрамыңар менен десем динчилдерден сөгүш угам. Бирок Майрамдагым келип жатат. Курбуларым сенде аттеисттик көз караш бар деп калышчу. Мен төмөнкүлөргө кошулам.
Бүгүнкү күндө өнүккөн өлкөлөрдөгү кызуу темалар:
- Убакыт аркылуу келечекке саякаттоого болобу?
- Параллель ааламдар барбы?
- Космосто жашоо барбы?
- Айыккыс оорулардын дарысын таба алабызбы?
Ал эми бизде:
- Теңирчилер тозокко түшөт!
- "Аалам сырлары" көрсөтүлбөсүн!
- "Сүйүү күнүн мыйзамдаштыруу керек дегендин өзү дөөпөрөсчүлүк! "
- 14-февраль биздин майрам эмес!
#66 03 Февраль 2015 - 18:37
-Ооба, мусулман динин тутам. Капа болгон жокмун. Баары жайында. Ислам динин билбегендиктен сүйлөбөй, талашка түшпөгөнгө аракет кылчум. Бир гана Исламды эмес, негизи дин жаатында билимим жоктугунан. Дайыма, Кудай бизди жараткан. Ар ким аны өзү каалагандай атайт. Орус башкача, кыргыз башкача, кытай башкача атап ар ким башкача сыйынат деп ойлоп келгем. Динди толук билбейм, ошондуктан суйлобойм. Чала молдо болгум келчу эмес. Жакшы дебатка тушуп, талкууларга катышуу учун озумду даярдап жатам. Албетте өзүм үчүн да окуп, билимимди терендетем. Азырынча ушул эле. Балким көз карашым өзгөрөр.
Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 03 Февраль 2015 - 18:38
#67 03 Февраль 2015 - 22:18
#68 04 Февраль 2015 - 00:50
#69 19 Май 2015 - 00:46
Максаттарым коп болгондуктанбы, айрымдарына дагы эле жетелекмин. Максатка карай жолдо биртоп окуяларга туш болгонумду озум да окуп отурам. Айылда демейдегидей саат 10го чейин уктайм. "Айкоо-ош эже, ай Айкош эже" деп кичинекей кыз мени чакырганын уксам да, чыкпасам кетишер деген ойдо уктай бердим. Айнек тыкылдаганда айла жок чыксам кошунабыздын келини кыздары менен келиптир. "Иним менен суйлошуп корунузчу. Эч кыз жактырбай бирин арык, бирин сары дейт. Эгер сизге жакса ойлонуп корунуз, жакпаса ал озу ордун билип тандабай калар" дегени телефон номеримди бердим. Чалдыбы деп кундо сурайт. Беш кундон кийин байланышты, суйлоштум да эми катка, звонокко жооп бербесем ордун билип калар деп журсом уйго апасы келди, эжеси келди. Анан озуно чалып "мен али куйоого тийбейм, туугандарынды уйумо жонотпо" дедим. Бир аптадан кийин кочого чыксам "жылдыз" болуп калыпмын. "Озу суйлошуп, кайра конбой койду", "иши жакшы, айлыгы коп, ошого тоготподу" жана башка маанисиз ушактар. Бойдокчулуктун бул тарабы мени айланып откон жок.
#70 19 Май 2015 - 14:13
Билдирүүнү түзөткөн: bikusim: 19 Май 2015 - 14:21
#71 19 Май 2015 - 18:20
#72 20 Май 2015 - 13:59
aikow92 (19 Май 2015 - 18:20) жазган:
борбор тарапка откондо жаштай элемин.)
#73 21 Май 2015 - 10:48
Билдирүүнү түзөткөн: Aijamalosh: 21 Май 2015 - 10:59
#74 21 Май 2015 - 21:58
Билдирүүнү түзөткөн: neizvesnyi: 21 Май 2015 - 22:03