Цитата
Кыздык көркүн бузуп эй.
Эркектер “Акый” айтчубу,
Эмне болгон кызык эй?!!
Азыркы заман бир шумдук,
Биринен-бир уурдашат.
Айкый айтпайт эркектер,
Айтыш болсо ырдашат.
Эркек айтпайт акыйды,
Эзелтен ата салтында.
Аялдарга таандык,
Акыйнек кыргыз калкымда.
“Айтыш” турса тигинде,
Аны чанып таштаптыр.
Алтындай болгон эки акын,
Акый айта баштаптыр.
Азаматтарга а балким,
“Акый” айтуу жагат же?..
Аралашып кыздарга,
Айкыйлашсын, мага не!?!