Оохииий коооп коптон эле жазып койсонуз сонун болмок, кызык жерине келгенде токтоп калбай........
Каргыш Детектив, триллер, мистика, мелодрама.
#84 24 Февраль 2019 - 14:08
Уландысы качан чыгат, автор? Сураныч чыгарып коюңузчу
Я не говорю что ты плохой,
Быть может я сама такая.
Но не хочу я быть второй,
И даже первой если есть вторая.
Быть может я сама такая.
Но не хочу я быть второй,
И даже первой если есть вторая.
#89 26 Февраль 2019 - 22:15
Нурлуу чачтын ээси болгон ай чырайлуу кыз жанакы эле жагымдуу үнүн заматта бир башкача жагымсыз, ызалуу үнго алмаштырып Акжигиттин көкүрөгүнө колун коюп туруп тартып алып кайра созолонто обон созуп Баронун көкүрөгүн басты. Бул көрүнүштү күзөтүп жаткан Айперинин көзүнө Баро бир аз жерден көтөрүлүп кайра түшкөндөй болуп катуу дем алып жатып калды. Кыз анын мандайынан сылап башын аста көтөрүп жерге жаткырды да ордунан козголуп жылып жөнөдү Айпери тарапка карай. Ал ордунан жылганда бутунун шилтенгени билинбей жылат экен. Өзүнө жакын келе жаткан кызды көргөн Айпери коркконунан көздөрүн жумайын деп эч эле жума албай койду. Бирок жөн эле чочуп жаткан экен, ал кыз ага жамандык алып келбегидей.
Тескерисинче караан канча жакындаган сайын жагымдуу жеңил жел денесин сылап керемет сезим тартуулап жатты, жанатан бери от менен жалын болуп күйүп жаткан денесин эс алдырта. Кыз анын так маңдайына келип токтогондо Айпериде коркуу сезими такыр жоголду, анткени ал өтө бир күчтүү мээрим менен карап турган, мындай мээримдүү көздөрду алдын эч көрбөгөн. Нурлуу чач жанагыдан да башкача обон созо эки алаканын Айперинин үстүнө жая бергенде ал жерден көтөрүлүп аяктарына тик туруп калды. Маңдай тескей туруп калган экөөнүн бой мүчөсү бирдей келип, бирок нурлуу чач талашсыз сулуу жана бир топ жаш көрүнүп турду. Ошентсе да ал Айпериге наристеге карагандай көз менен карап, бир саамга тойбой жаткансып тиктеп турган соң колдорун суна берди эле Айперинин эки колу өзүнөн өзү көтөрүлүп барып анын колдорун кармап калды. Мына бул чыныгы керемет эле, Айпери ушул тапта маңдайындагы кыздын денесиндеги алтымыш мүчөсүнүн кыймылын сезип, тамырларында жүрүп жаткан кандын айланганын,
мээсинин ар бир бөлүгүн туюп турду. Бул көрүнүш кудум өзүнүн денесинде болуп жаткандай. Ал толугу менен кыздын денесин өзүнүкүндөй сезип, жан дүйнөсүнө сунгуп кирип көздөрүн жума бергенде бир керемет сезим анын чачынын учунан бутунун тырнактарына чейин ээлеп алды. Кандай нерсе ага бул сезимди тартуулап жатат?Бакытпы?
Байлыкпы? Жашообу? омурбу? Жоок бул нерселер андай сезимге болой албайт. Бул сүйүү эле. Анын жүрөгүнөн чыккан сүйүү тамырларда аккан кан аркылуу денеге тараса мурдунан чыккан дем аркылуу абага тарап айланасын курчап калды. Мындай күчтүү чепти бузуп кирүүгө эч кимдин күчү жетмек турсун акылына да келмек эмес. Айланасы сүйүүгө толуп, ар тарабы коргон чеп болуп турган адамдын күчү эмнелерге гана жетпейт, жада калса алты кабат асманды кезип, жети катмар жердин түбүнө түшүп чыгуу да кеп жаратпайт. "Бул ааламда мындай күч болоорун туйган барбы менден башка!"
деп кыйкырууга даярданып жатканда анын денесин курч канжар так ортодон тилип кеткендей болуп, заматта жанакы эле керемет сезимден түк да калбай анын ордун бурганактаган ыза, өкүнүч, күйүт ээлеп алды. Бул ачуу сезимди эч бир нерсе менен салыштырып болбос. Эгер аны эркин коё берип бир тамчысын сыртка чыгарса бүт ааламды куйкалап түп тамыры менен күйгүзүп жибермек. Анан кантип мунун баары бир адамдын ичине батып жатат.
Айпери мындайга туруштук бере албай бара жатты, азыр оозун ачып демин сыртка чыгарса, андан чыккан жалын кылымдар токтобой куйчуу өчпөс отко айланаары турган кеп. Бул жан чыдагыс азаптан жарылып кете жаздап турганда ааламды жаңырта чанырган үн угулду кулагына. Ал үн ушунчалык узакка созулду, чанырыктан кулагы тунуп дүлөй болуп калчуу абалга жеткенде анын жанында төрт тарабын курчаган капкара карышкырлар пайда болуп ал жайдан куткарып кетишти. Бирок ал жайдан алыстаса да жанакы ызалуу сезимден арыла алган жок, жан чыдагыс азапка муунуп, денеси сыздап, ачуулугуна ээрип баратканда көз алдына кичине ымыркайдын элеси тартыла түштү. Ал эч нерседен бейкапар, чукуланып коюп мемиреп тынч уйкуда жаткан экен, анын маңдайынан азыр эле өзү сезген керемет сезимдин нуру жанып тургандай. Мына кызык чурпонун денесинде агып жаткан кан, ал туюп турган сезим баары ага тааныш, ушунчалык жакын, ал кудум качанкы өзү сыңары. Ошондо ал, көз алдындагы чурпо өзүнүкү экенин сезди. Эң жаманы жанакы ызалуу сезимдин ачуу кыйкырыгынын кесепети бул чурпого да тийип өткөн экен, себеби өзү жектеген кан анын денесинде да айланып жаткан эле. Так ушул учурдан тарта анын куйуту эки эсе көбөйдү, өзү көтөрүп жүргөн азап аздык кылды белем эми ал өзүнүн чурпосунун да сезимдерин сезип жашады. Ар бир жыгылганын, азабын, көз жашын баарын өзүнүн жан дүйнөсүнөн өткөрдү. Оо, бул эле акыркысы болсо кана андан бери ал чурподон тараган алты муундун жашоосунда бирге жашады. Биринде аялдын азабына күбө болсо кийинкиси эркектин куйуту менен коштолгон. Ар биринде кыз өзүн күнөөлүү сезип жатты, качанкы тамак бууган ачуу сезимге туруштук бере албай сыртка коё берип жибергендиги үчүн. Бирок ал жалгыз болгон жок, ызаадан жаралган карышкырлар ар дайым жанында жандап жүрүштү. Алар кыздын сыздаган азабы менен азыктанышты, жана өздөрүнун жаралуусуна себепкер болгон адамдын урук тукумун сыздатуу менен ээсинин коксоосун суутуп келишти.
Айпери бул көрүнүштөрдөн жийиркенип, өзү турган денеден бөлүнүп кетүүгө ашыгып, нурлуу чачтын аракетине каршылык көргөзө баштаганда өзүн көрдү. Өзүнүн жылуу кол тийбес жайдан бул жарык муздак дүйнөгө түшүп келе жаткан учурдан тарта бүт өмүрү көз алдына тартыла берди.
Ал биринчи эле муздактыкты сезди, абанын муздагынан үшүп чанырып ыйлап жиберген, анан эле катуу колдор аны кармалап жатты денесин оорутуп. Эмне болуп жатканын түшүнбөй ага азап берип жаткандарды тилдеп жатты Айпери үнүнүн барынча, бирок алар аны укпай жаткандай. Бир убакта үстүнө жылуу суу куюлуп бир аз болсо да жыргай түшкөнсуду жылууланып. Эми анын карды ачты, ал чанырып айланадагыларга жар салгандай эле болот бирок эч ким укпайт.
-келе, кызымды берчи колума.
Бул доошту угуп кичине тынчый түштү, себеби ал ага тааныштай. Мынчалык жакындан даана укпаса да, кыймылсыз жаткан учурдан бери угуп келет бул мээримдүү үндү. Эми Айпери ыйлабай тынчтанып ал үндү издеп баштады, бул жайда ага тааныш жалгыз нерсе ушул. Бир убакта аны жылуу нерсеге орой башташты, денеси жыргап эле калгансыды жанагыдай муздак өтпөй. Бирок алдыда андан да өткөн муздактык күтүп турган экен. Тааныш үндүн "Кызым! Бер кызымды. Алып кетпе суранам! Кайт" деп ачуу кыйкырганы кулагын жарып эле өттү. Бара-бара ал үндөр алыстап отуруп такыр угулбай калды. Андан алыстаган сайын Айперинин жүрөгүн коркунуч ээлеп, бир да жолу көрбөгөн адамын сагынуу башталды. Бир убакта анын жүзүнө катуу сайгылаган нерселер тийип, чоп эттирген үн угулду да кимдир бирөө кулагына шыбырап өзүн атасы деп тааныштырып, андан кечирим сурап жатты. "Сен жетинчи тукумсун, жашоодо тирүү калышын үчүн ушундай кылууга тийишмин. Кечир мени кызым" ал ушул сөздөрдү шыбырап ымыркай Айперини башка бир колдорго өткөрүп берди. Алган адам да олдоксон кармап башка жайга алып келди аны. Бул жай жакшыдай көрүнөт, Айперинин эмне каалап жатканын тушунгондой дароо оозуна упчу кармап азык бере башташты. Ал жайда да жанакы тааныш ундой назик үндүү аял боло турган, бир күн эле Айпери басып калган учурда ал да көрүнбөй үнү угулбай калды. Ошол күндөр алардын үйүндө катуу өкүрүк кыйкырыктар, көп адамдын ыйлары жаңырып турган, ал үндөр азыр да кулагына жанырып канылжарын түтөтүп турду Айперинин. Кийинки көргөнү, өзүнө окшогон кичине көп балдардын арасында жүрдү. Алардын арасында Айпери көп ыйлады, кээде ага көңүл буруп каалаганын беришсе кээде ыйлаганы үчүн катуу жазалашты. Кичине наристе болсо да андай азаптуу күндөрдө жашаш Айпери үчүн кыйын болду. Эмне үчүн аны жылуу жерден козгошуп бул муздак дүйнөгө алып келишкенин, эмне себептен өзү каалаган нерсесин ала албашын түшунбой, бул дүйнөнүн жашоосуна үйрөнө албай кыйналып, кимге кайрылаарын билбей турган учурда аны мээримдүү колдор кучагына кысты. Мына ошол күндөн тартып бул дүйнөнүн жашоосун жакшы көрүп үйрөнө баштаган. Ошол күндөн баштап ымыркай кезинде жүзүн сайгылаган нерсе аталардын жүзүндөгү түк болоорун таанып, назик үндүү мээримдүү жандар эне болоорун түшүнгөн. Бул жашоодо каалаганын алуу үчүн күрөшүү керектигин аңдап, дайым өзүн кең майданда жүргөндөй сезип жашады.
Бул көрүнүштөр алыста унутта калган элестер, азыр алар тизмектелип көз алдынан өтүп жатты.
Азыр туюмунан өткөргөн тагдырлардын арасынан өзүнүн жашоосуна айрыкча кейиди Айпери. Эгер туулгандан берки ар бир күнү унутулбай эсинде сакталып өзү менен бирге жүрсө, андай азапты көтөрүп жашай алмакбы. Биринде тирүүлөй энесинен айрылып, экинчи энесин өлүмгө тапшырып берүү азабын билип кантип жашамак. Ушул күнгө чейин апам деген аялдын ак сүтүн эмген эмес тура.
Ушундай ойлор менен, анын денесин акыл эмес сезим башкара баштады.
Ал эмнеге башкалардай сезимге бериле албайт, коркуу, сагынуу, сүйүү, жек көрүү дегендер тааныш эмес десе, көрсө ал сегизинчи туюму менен сезчүү тура, эгер андай сезимдерге кабылса башкалардыкынан алда канча күчтүү болоорун, керек болсо өзү эле эмес жанындагылар да жапа чегип калаарын, ошондуктан өзү билбеген тейде алардан коргонуп жакын жолотпой жашап жүргөн экен.
Айпери бул корунушторду көзү жумулуу, ажарлуу кыздын колдорун кармап туруп сезип жатты. Бул сезимдерге муунуп баратканда нурлуу чач Айперинин колдорун коё берди.
Азыркы болуп өткөн көрүнүштөр алардын ортосунда болуп өткөн окуялар болсо, анда бул экөөнү бириктирип турчуу денелерде агып жаткан кандар. Ушуларды түшүнгөн Айпери эми карышкырлардын ээси болгон кыздан жийиркенбей, тескерисинче ага боору ачып аяп жатты. Эгер ушунун баарына күбө болуп, азыр Айпери сезген сезимдерди жашап өткөн болсо, бул дуйного жаралган макулуктардын эң аянычтуусу ушул эле. Ал Айперинин гана бактысыз балалыгын эмес, ага чейинки бүткүл өзүнүн урук тукумунун аянычтуу тагдырларына күбө болуп аларды өзүнүн жан дүйнөсү аркылуу өткөрүп келген тура, алардын ар бири менен кошо жашап сезимдерин бирге жашап жүргөн экен.
Адам кээде бир өзүнүн тагдырын көтөрө албай араң түтөт, жети муунунун жашоосунда жашап өтүү кандай азап.
Бул Айпери үчүн жөн гана аёо сезими эмес жүрөктү тилген күйүт коштолгон сезим эле. Көздөрүн араң ачып маңдайындагы ажарлуу кызга караса анын көздөрүнөн жаш таамп турган экен. Колун көтөрүп анын жүзүн сурткону баратканда арыдан кынкыстаган доош чыгып айланадагы тынчтыкты бузуп жиберди. Нурлуу чач Айпериден жүзүн буруп обон созо жанагындай каалгыган кыймыл менен үн чыккан тарапка карай бет алды. Ал жетип барып үн чыгарган адамды жерден которгондо жанындагы карышкырлар тиштерин көргөзө ырылдашып жемин тытууга даярданып туруп калышты.
Нурлуу чач карышкырлардын ар биринин желкесинен сылай энеси баласын эркелеткендей эркелетип колундагы адамды алдыларына таштай бергенде Айпери анын жүзүн көрүп Азатты тааныды.
Карышкырлардын алдын тороо үчүн кадам таштайын десе буттары шилтенбей, токтот деп нурлуу чачтан суранайын десе тили курмого келбей кыйналып туруп калды.
Ырылдаган карышкырлардын төртөө бирдей тумшуктарын жер карата бергенде,
-Айпери! Деген Азаттын алсыз үнү угулуп, Айперинин көздөрүнөн жаштары эрксиз агып жүзүн жууп кетти.
Обон созуп жаткан нурлуу чач дароо токтоп артына бурула бергенде карышкырлар да тумшуктарын Азаттан тартып алып туруп калышты. Айперинин жанына жылып келген кыз колдорун көтөрүп анын жүрөк тушуна коюп сырын тартып жаткансып көпкө турду да кийин жүзүндөгү жашты аарчып, маңдайынан сылап жылмая берди. Анын жылмайганы кышта тонгон жүрөктөрдү ээритип жиберчүү күчкө ээ экен. Мындай сыйкырга туруштук берип аны ээрчип кетпоо үчүн эрк керек эле. Айпери ага карап суктанып турганча кыз колдорун созуп аны менен коштошконсуп карышкырларын ээрчите кулакка жагымдуу үнү менен обон созо алыстап баратты. Андан алыстагысы келбей шашып калган Айпери баарын таштап аны ээрчип кеткиси келип эки колун узата бергенде, Азаттын экинчи ирет,
-Айпери! дегени кулагына угула берип ал тарапты карап алаксый түштү.
Азыр эле шилтенбей турган буттарына жан кирип алар аны Азатка карай алып бара жатышты. Азаттын тирүү дем алып жатканын көрүп жаны жай ала башын көтөрүп айланасын караса эч ким жок. Алыстардан гана нурлуу чачтын созолонто созгон обону менен бирге карышкырлардын уулуган үнү угулуп барып тынчып калды.
Айпери ал үндөрдү ээрчип тыншап жаткан учурда айланасында сулап жаткан адамдар ар тараптан какап ордуларынан козголо башташты. Биринчи болуп Жаңылдын кыйкырыгы угулду.
-Мени алып кет өзүң менен!
Бул үн баарын эсине келтирген сыңары бирден туруп козголо башташты.
-Асылым, мен мында.
Бул Тагдыр эле, өзү ойгоно албай араң жатып да сүйүктүүсүн сооротуп ага бара жатат.
Андан кийин эле Азат
-Айпери сен тирүүсүн. Мени кечир! деген сөздөр менен көзүн ачты.
Тайлакович анын айдоочусу, Тагдырдын жигиттери бирден ордуларынан туруп келип Тагдырды курчап калышты.
-Баро! Баро кайда? деген Тагдыр Жанылды кучагынан бошотуп жигиттеринин арасынан бөлүнүп чыгып айлананы кыдыра издеп жатып, жерде узунунан жаткан Барону таап, мойнуна эки сомойун басып тируулуктун дайыны билингенде шүгүр келтирип денесин сыйпалап жатып,
-болушу мүмкүн эмес! деп сүйлөнүп жиберди.
Анын жанында эле узунунан сулап Акжигит жатат, аны көтөрө коюп кийимдерин чечип дагы бир жолу жанакы сөзүн кайталап алды.
-болушу мүмкүн эмес!
Акжигит дем алуусун эчаак токтотуп жанын Жаратканга тапшырып болгон экен, көкүрөгүндө тапанчадан атылган октун изи. Бул из Бародо болуш керек эле.
Аңгыча Баро да какап терен дем ала өзүнө келип, Тагдырдын таңданган жүзүн көрүп жөн гана кадимкидей жайбаракат сырдуу күлкүсүн тартуулап койду, "эч нерсе сураба" дегендей.
Алар бири бирин жоктоп, топтолуп ал жайдан узап баратканда Тагдыр бир нерсесин унуткандай артына бурулуп жүгүрүп кетип, бир аз алысыраакта араң жан жаткан ашпозчу аялды жоолоп таяп тургузуп жатты. Ага таң калган жигиттер жана эле өзүн сатып кеткен аялды куткарып жатканына түшүнбөй карап туруп калышты. Арасынан бирөөсү чыдабай кетип,
-кожоюн бул сиздин жанынызга кол салбадыбы? деп жиберди.
Тагдыр адатынча ал жигитти жаман көрүп какпай , жөн гана,
-Мен күмөн жараткан адамдарды өзүмдөн алыс кармай албайм, алар көз алдымда болуусу керек ар бир кыймылын көрүп көзөмөлдөп туруум үчүн. Мына ошол себептүү бул аял ар дайым менин жанымда. Бирок ачык салгылашууга чыкпаган адамга зыян да алып келе албайм, мага кол салган адам бул эмес, ошондуктан биз аны бул жерге таштап кетпейбиз, деди.
Жанатан бери бул сөздөрдү угуп турган Баро,
-Так ушундай болгону үчүн булардын уругу алиге чейин жанакындай күчкө туруштук берип уланып келе жатат, деп Айперинин кулагына шыбырап койду.
А сиз аны кордунузбу? Деген суроону берүү үчүн өзүнө бурулган кыздын оозуна сомойун такап - чышш, деп токтотту да андан ары сөзүн улап,
-азыр Тагдырдын айтылбаган негизги максатын билгин келеби? деди.
Айпери дагы кандай максат дегендей кабагын туйо карап калганда, Баро жай гана жылмайып,
-ар дайым жанында жүрүп сүйүүсүн тартуулаган бөтөн адамдан сен жаман көрүп кутулууну көздөгөн кандашын артык экенин адамдарга коргозуу. Анткени алар канчалык ачууланбасын сага зыян келтире албайт, а сен жакын эсептеген бөтөндордун да өздөрүнүн кандаш жакындары болот, тандоо келсе албетте алар сени тандашпайт, деп аны далыдан тарта кучактап койду.
-а сен билчуусунбу? Деп сурап жиберди Айпери коодунундогу суроосун жашыра албай.
-сени менен бирге билдим. Ишен кызым, сен жанагы сезген азаптардын бири да мени айланып өткөн жок. Сен да даяр бол, өз чурпондун сезимин бирге сезип азабын бирге тартып жашоого. Бирок сага жеңил болот, себеби Азат экөөң бирдей тартасынар ал азапты. Анын атасы да ошондой, деп Тагдырга карап койду.
Айпериге эми түшүнүктүү болду окшойт, Тагдыр кандайча баласын адашуудан сактап тураары.
-менин апам кайда?
Баро жанында басып бара жаткан кызынын бардык суроолоруна даяр болуп күтүп бараткан. Себеби ал билет эле, Айпери нурлуу чачтан сурай албай калган суроолорун четтен жаадыраарын.
-мен көргөн элес боюнча ал сенин жанында. Сени тагдыр атадан айрыганы менен энене кайрадан жеткирген экен.
-а сен кантип аны таштап кеттиң?
-ал бере турган суроолорго жообум жок эле ал кезде, ошондон бери убактым апандын берилбей калган суроосуна жооп издөө менен өттү.
- Биз көргөндү дагы ким көрдү? тиги аял ким? Ал эмнеге карышкырлар ээсин ээрчиди? Мен анын үнүн укканмын, ал үн кузгунун артынан чыккан, ошондо да карышкырлар тууралуу сүйлөгөн.
-Бул адамдар эмне көргөнү мааниге ээ эмес, баары бир эртең бул түндү эстей алышпайт. А тиги аны ээрчиген аял Жаңыл. Ал байкуш да менин айымдан эки ортодо калды, мен аны бир көрүп жүрөгүмө түйгөндөн бери коё берип жибере албадым. Чоң энебиз азыр сага мээрим төккондой ага карай албады. Ал өзүнүн сулуулук сыйкырына аны азгырып улгургон экен, ошондон бери бул байкуштун бүт дити, акылы, сезими аны ээрчип жүрөт. Качандыр мен анын тирүү калышын каалаганым үчүн гана жашоодо жүрөт сынары, акылын кайрып берүү колумдан келбеди. Эгер Жараткан каалабаса сенин каалоон канча күч болсо да аткарылбай калуусу мүмкүн экен. Менимче менин каалоомо караганда чоң энебиздин ызаасы күч болгон, Жараткан ызалуу адамдын талабын талашсыз аткарып коёт экен. Билесинби, сен менден күчтүү чыгып чоң энендин муз болгон жүрөгүн ээрите алдын көрүнөт, ал ызаасынан кайтып Азатты сага тартуулап кеткенине караганда.
-Ал ашкан сулуу экен.
Айпери терен улутунуп алды.
- а сен анын жүзүн көрө алдынбы? Баро таң кала карап калды жаңы тапкан кызына.
-сен көрбөгөнсүнбү?
Баронун көздөрү алыстап терендерге катыла түшүп оор ушкуруп алды.
-чоң эне мени аяган го. Тагдыр экөөбүздүн чоң аталарыбыз акылын жоготкондой болбосун деп.
-эмне дегин келип турат? Айпери урпойо түштү.
-Ооба кызым, сыйкырдын баары анын сулуулугунда. Анын жүзүн көрмөк турсун, буту тийген тепкичке адамдын көңүлү кандай бурулат. Сен суктанган тепкичтер мен кымбат таштар менен жасап койгон үчүн эмес, ал тийип өткөн үчүн укмуш көрүнөт. Эми элестетчи аяк асты тийип кеткен жер ошончо кооз болуп ата баланы душман кылууга жараса, жүзүнүн сулуулугун сүрөттөп болобу. Ал сенин сезимдерин жабык экенин билип гана көзүнө көрүнсө керек. А мен андан тараган жылуулукту гана сезе алам.
Кызы менен атасы азыр гана табышкан болсо да жети уругунан сөз козгоп бара жатышты.
Аңгыча Айперинин колун бирөө катуу кармап тартып калды. Чочуп кетип карай салса Жаңыл экен.
-Сен да аны көрдүң ээ? Сен көрдүң, айтчы ал мени алып кетем дедиби, айтчы!
Аялдын нуру өчкөн көздөрүндогу кусалуу сагынычты көрүп Айперинин жүрөгү үшүп кетти. Бул каны кайнаса кошулбаган бир байкушту арбап түбөлүк өзүн ээрчитип койгон болсо, анын кереметине туруштук берип баш тарта алган Азаттын жана өзүнүн чоң аталары кандай күчкө ээ болгон.
Жанылдын артында Тагдыр көзүнүн кычыгына келип калган тамчы жашты сүртүп Айпериге жалооруй карап жардам күтүп турган.
Анын карашында "суранам, колундан келсе анын суранычын аткар" деген өтүнүч бар эле.
Карачы сүйүү деген ушул эмеспи, сүйүктүүсүнүн каалоосун аткаруу үчүн керек болсо андан баш тартып эркиндикке коё берүү.
Айпериде оор ушкуруп ийин куушургандан башка арга калбады, анткени анда алар күткөн керемет жок эле.
Ар кимиси өз ойлору менен алек болуп сырларын терендерге катып хан сарайга кайтып келишкенде таң агарып атып калган эле. Кызыгы анда калган коноктор сырттан кирип келгендердин кара көө болгон түрлөрүнө таң калышпады, тескерисинче Айпери менен Азатты ортого алып улпот тойлору менен куттуктап жатышты. Эгер азыр эмне себептен мындай кылып жатышкандарын сураса эч кимиси айтып бере алмак эмес. Болгону алардын эсинде кечеки түндө Айпери менен Азаттын узун тепкичте бирге жетелешип, бир бирине сүйүү толгон көздөр менен карап турган элестери гана сакталып калган. Ушул учурдан тарта түндүн андан аркы бөлүгү кандай өткөнү алар үчүн да сырттан кирип келгендер үчүн да түбөлүк унутта, табышмак боюнча кала берет.
Азат тизе бүгүп Айперинин колунан өөп, айланадагылар алакан чаап кубанычтуу турган учурда Айперинин төбөсүнөн кирген жылуулук жүрөк тушуна жетип бүт денесин жылытып турду. Азыр ал бир гана нерсени каалап жатты, бул жылуулукту түбөлүк жүрөгүндө сактоону. Мындай сезим тартуулаган өмүрүнө ыраазы боло айланасын кыдыра карап келип көздөрү Барого урунганда, ал баары жайында дегендей көздөрүн ирмеп койду. Атасы айтып турса демек баары жайында.
Аңгыча кайдан кабар тапканы белгисиз ооздон салтанаттуу түрдө Айперинин апасы кирип келип, тойдун кызуу учуру башталып, улпоттун коноктору бирден келип эки жашка каалоо тилектерин айтып башташты, алардын арасында Тайлакович да бар эле. Ал жакын келип Айперинин кулагына шыбырап,
-азаматсын! Сен бул орунга татыктуу айымсын. Мени унутпай чакырып койгонуна рахмат, деди.
Демек бул да арта калган түндү эстен чыгарган.
Андан кийин эле Баро менен апасы жетелешип келип куттуктап кетишти. Кезек Тагдырга келгенде, коноктордун көңүлүн өзүнө буруп сөзүн баштады.
-Менин жакындарым, сиздерге рахмат. Жашоо ушундай түзүлгөн, бул омурдо ар ким өзүнө татыктууну алат. Эгер сиздер азыр ушул жерде болсонуздар демек буга татыктуусуздар. Эч качан эч ким башканын өмүрүн кайталап тагдырын басып өтпөйт. Эгер инсан убактынча адашып калган болсо ишениниздер ал сөзсүз өз тагдырын таап келет. Дегеним азыр баары өзүнө таандык орунга ээ болуу учуру келди. Ушул биз турган хан сарай атам замандан бери биздин уруктун негизги байлыгы болуп эсептелип келет. Ооба так ушундай, менин эмес биздин, тамырыбызда бирдей кан жүгүргөн кандаш тууганым Баро экөөбүздүн. Мен өмүрүмдүн жарымын бул үйгө кожоюндук кылып өткөрдүм, эмки кезек Бародо. Мындан ары бул үйдүн кожоюну Баро. А биздин урук адаттагыдай эле таза гана кандан уланат, болгондо да бир атанын жетинчи балдарынан.
Ушинтип сөзүн аяктады да балдарынын жанына келип жуздорунон сүйүп куттуктап жатып, Айперинин кулагына шыбырап,
-сен көргөн жүз албетте кайталанат, деп басып кетти.
Андан бери толук бир жыл өтсө да Азат менен Айперинин улпоту эл оозунан түшө элек, гезит беттеринде жайнап. Алардын бактылуу жуздоруно суктанбаган жан болбоду. А ал түндүн күбөлөрүнүн эч бири болуп өткөн окуя жөнүндө эстей алышкан жок.
Бул учурда торотканада 24 саат бою жашоо менен алышып жаткан Айпери түндүн так ортосуна жеткенде көз жарып, ай чырайлуу саамайынан нуру төгүлгөн наристе кызды жарык дүйнөгө алып келди. Толгоодон чарчап калган Айпери төрөттон кийин уктап, көзүн ачса керебеттин четинде Азат кызын кучактап отурган экен.
-рахмат асылым. Сен биз үчүн от ичинде эмне жашап өткөнүндү жакшы билем, бул түн анын баарын жууп кетти, деп жылмайганда Айпери Баронун ошол түнү от ичинде ашпозчуга карап "биздин канга сыйкыр отпойт" дегенин эстеп кетти. Демек ал түндү унутпаган жалгыз өзү эмес. Анда кандайча өзү Баронун сыйкырына кабылды эле?
Ошол учурда Азат кызын карап суктанып,
-Бул кыздын сулуулугу адамды гипнозго салчуудай экен деп калды.
"Ооба ал гипноз болчу" деди Айпери, "сыйкыр менен гипноздун асман менен жердей айырмасы бар".
Кыз чоңойгон сайын чырайы артып, сулуулугу менен айланасын нурга болоп жатты.
Тагдыр да небересин артыкча жакшы көрөт, анын себеби чурпонун сулуулугунда эмес, Тагдырга сыйкыр отпойт эмеспи, болгону наристе өзүнүн керемети менен сүйүктүүсү Жанылды жашоого жетелеп жатканы ага өзгөчө таасир калтырат....
Аягы.
Мени түшүнбөй калган окурмандар, мен сиздерди жакшы түшүнөм. Анткени өзүмдүн акылымда тегеренген ойлору кээде өзүм да түшүнбөй калам, жөн гана сызмалап жазып коём. Ар дайым мени менен бирге болсонуздар келечекте бир бирибизди жакшы түшүнүшүп калабыз деген ойдомун

#90 26 Февраль 2019 - 22:57
Рахмат алтыным, чыгармачылыгын оркундой берсин! Ушундай кызыктуу чыгармаларды жазып турганы кудай куч кубат берсин!
#92 27 Февраль 2019 - 00:17
Соонун. Мага жаккан жанр - фэнтези. Дагы ушундай жанрдагы чыгарма кутом
#94 27 Февраль 2019 - 17:47
Так,кийинки чыгарма кандай аталат? Мумкун болсо реалдуу,детектив чыгарма болсун.
#98 05 Март 2019 - 21:33
Чон рахмат эже. Дагы качан жаны чыгарманызды жазасыз? Кутуп, кызыгып окуйм.