Жүрөгүмдүн сепили, жүрөгүмдүн дервиши... Жан дүйнөмдүн жаңырыгы жаңыланды!
#141 15 Апрель 2015 - 20:09
"Курбуларга бай болгула!"
Бул сапар мен жөн эле, мен жөн эле курбуларыма арналган сүйүүм менен бөлүшкүм келип турат
Дал ушул адамдар менен акыркы күндөрүм Асан-Үсөнгө айланды. Бош убакыт пайда болору менен темселеп көрүшпөй калган курбуларымды издеп жөнөйм. Буга чейин эмнеге ушундай жыргалчылыктан безе качып жүргөнүмө да капамын азыр...
Баарынан кымбат көргөн досум бар. Балким, эң кымбат сырымды ага ачыла айтканым үчүнбү, айтор аны баарынан улук көрөм. Сыр катылган сандык мезгил-мезгили менен ачылып-жабылып турат. Башында ал окуялар дайыма ый менен коштолчу. Убакыт өткөн сайын гилтейген эле сандыктын көлөмү кичирейип отуруп, азыр бир шакек араң салынчу кутудай болуп калган. Кээде ошол Пандорранын жашиги бар экенин унутуп деле калам.
А калган досторумдун баары кайсы бир сырлары менен бөлүшөт, а мен өзүмө бир партизан жетиштүү деп чечип, калгандарына баарын айтсам да, ошол азыркы кутунун сыртын да көргөзгүм келбейт. Жөн эле каалабайм, кааласам, ошонун баары мени таштай качып, кымбат досум жалгызсырап калмак...
Досторумдун ар бирин өзүнчө сүйөм, ар бирин түрдүү гүлгө окшоштурам. Жаз келбедиби... Баары четинен гүлүн ачып, күндөн күнгө кулпуруп, жаркырап, жадырап, тим эле дүйнөгө сулуулугун даңазалап жатышат. Кымбат досумду ак лилияга окшоштурам, чанда гүлдөйт, анан да үлбүрөгөн назик. Экөөбүздүн башыбыз бириккен жерде бул ааламда сөз болбогон адам калбай калат... Ромашкам бар, анын бир карашы эле жылмаюу жаратат, жагымдуу кабар ташыган, көбүнесе ишенчээк болушкан байчечекейлерим толтура, гүлү сопсонун, жыты сопсонун болгону менен, жакындасаң тикенеги менен чагып алган розаларым да жок эмес. А мен алардын жанында кактусмун, какыраган чөлдүн чөбүндөй болуп!
Баарыңарды жакшы көрөм. Жаз, жай, күз, кыш болсун. Арадан беш, он, элүү жыл өтсүн. Ыйлайбызбы, жыргайбызбы, атагыбыз ашып кетеби, элден бөлүнүп калабызбы, мейли кырсыкта, мейли жакшылыкта, тыныгуу кылымга созулуп кетсе да, ар бириңер тиштерибиз калбай калганчалык, жоолугубуз да ак чачыбызды жашыралбай калганчалык, "ыя" дегенди он кайталап дүлөй болуп калганчалык, карайлап көзүбүздүн курчу кайткан азиз болуп калган карылыкка чейин ДОС болуп калгым келет, ар бириңер менен!
Жеңиш - менин тагдырым.
#142 15 Апрель 2015 - 21:57
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#143 05 Май 2015 - 15:52
"Баарынан тажадыңбы? Безе качып, артыңда карабай чурка"
Жок, же бар? Тирүү, же өлүк? Эт, же чел? Ооба, же жок? Ак, же кара? Дос, же душман?..
Биз ушундай жөнөкөй суроолорго чоңойгон сайын жооп беришибиз кыйын болуп калат экен. Балалыгыбызда кандай гана баары жепжеңил болчу, бир караш, бир сөз менен чоочун адамдын жаман, же жакшы экенин кесе айтып коёр элек.
Мен сага жагамбы, же жакпаймбы? Эң оңой суроодой көрүнөт. Бирок ушуга да жооп берүү ушунчалык оор болуп калды.
Сен мени сүйөсүңбү, же сүйбөйсүңбү? Оо, бул он сегиз миң аалам тагдырын эле чеччү маселе
Эң жакшысы убагында жооп узатуу экен. Ак, же көк де. Макул бол, же баш тарт. Адам бол, же айбан. Рахмат айт, же сөгүп тилде. Аркы жээк, берки жээк болуп чабыла бербе, кокусунан чоң суу келип калчу болсо, сени орто жерден агызып кетет.
Ушундай ойлор таңкы чуркоо учурунда маарага жакындаган сайын бекемделе башталды. Буттар оорлошуп, дем алуу кыйындап, жүрөк дүкүлдөп иштеп, тыныгуу алгың келген сайын өзүмдү "же сен былчыйып жат, же сен ордуңдан жылып чуркайсың" деп уруша баштайм. Тандоо өз колубузда. Же сен жылуу-жумшак төшөктө көшөлүп уктоону улантасың, же сен май каптай баштаган денеңди көтөрүп, эшикке сүйрөп болсо да, алып чыгасың. Ал жакта сени чымчыктардын серенадасы, таптаза аба, Күндүн октой тийген эмес, эркелеп сылаган нурлары тосуп алат. Анан албетте, жол. Бассейнге бойду таштап сүзүүгө киришкендей, асфальтка кадам шилтеп, баарын унутуп, таңдын керемет атмосферасына чөмүлүп гана кете бересиң.
Марага чейин бир эле суроо калат: Же сен чемпионсуң , же сен лузерсиң ?! Тандоо албетте, менин колумда
Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 28 Сентябрь 2015 - 17:27
Жеңиш - менин тагдырым.
#145 06 Май 2015 - 21:26
#146 27 Май 2015 - 19:09
"Сүйүнчү"
Кээ бир окуялар мээге басылган мөөрдөй болуп сакталып калат. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, ал окуялар ар бир секунд, керек болсо, ар бир көз ирмемден өйдө 3D форматта эс-учуңдан эч кетпей, марафончудан бешбетер айланып-жүгүрүп турат.
***
Кеч болуп калган. Сезимдер күнү да батып бара жаткан. Көңүл бөлгөнү да кыжырга тийгендей болуп...
- Сен канча кичинекейлүү болгуң келет? - деди, кайсы бир кезде келечегимди бөлүшмөк болгон бирөө.
- Бир, - дедим көпкө ойлонуп. Ошол сөздү ооздон чыгарууга да чаалыгып. Ошол бир кичинекейди ага да кыйбагансып.
- Аа. А мен беш, - деди, маашырланып ал бирөө. "Бир" деп мен айткандан "беш" деп ал айткан жооп менен кошо келечек талкаланып. Эң акыркы дал келишпеген жооптор дал ушул болду окшойт. Буга чейин эч бир коошпогон жагдайларда да бири-бирибизге ыңгайлашууга, бири-бирибизге көнүүгө аракет кылчу элек. Ошол тырмышкан далалаттар бир заматта бырчаланды да, ошол биз сүйлөшкөн жолдун жээгинде, кечтин бир күүгүмүндө көрүнбөй кала берди.
***
Дагы бир кеч. Же кубанычтуу кабарды, же кайгылуу кабарды аларымды билбей турам. Эшик шарт ачылды да:
- Баары жакшы. Энеси да, баласы да аман-эсен,- деп кайра эшик жабылды. Бүтүндөй чакан мамлекетке бул кабарды жеткиргенче шашып жаттым. 24 сааттык убайым чегүүм 24 секунд ичинде кайым болду. Беш-алты сөз бүтүндөй бир үй-бүлөнүн тоюна айланды.
***
Ички туюм деген ажыкыз сыяктуу. Сен кайсы бир тандоо боюнча чечим кабыл алардан мурун интуиция деген ит сенден мурун "болот, болбойт" деп сорттоп койгонго уста. Жөн гана ички туюмга баш ийесиң да, ошонун кулу сыяктуу жакшы эле бара жаткан жолуңдан айнып кетесиң. Же баары айкырып-кыйкырып турса да, көздү жуумп коюп кете бересиң ошол жол менен.
Мен сүйүнчүнү угардан мурун жолумдан чоңураак чаарчыктын жаңы туулган чаарчыкты ээрчитип келгенин көрүп калгам. Бул жакшылыкка деп жоруп, ички туюмум кошо баары жакшы болоруна ишенип баштаган. Анан мен таңмын да, ошол "бир" менен "бешти" талашканда ички туюмум кайда тентип кетти эле? Туура эле мени орто жолго таштап, безе качып кетти беле? Деги мени сатып кеткен эмес беле? Ушул суроолордон кийин да интуициям эч бир сыр бербеген океандай, мемиреген көлдөй, чалкып жаткан көк асмандай. Же чындап эле баары жакшы болобу менде? Мага да бир күн чаарчык басып келеби?
Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 28 Сентябрь 2015 - 17:28
Жеңиш - менин тагдырым.
#148 28 Май 2015 - 22:17
Китеп кылып жазсаңыз да болчудай, анча -мынча китептерге караганда сиздин китебиңиз сапаттуу жана өзгөчө жүрөктүн тили менен жазылмак. Анда китептери эң көп сатылган автор сиз болор белеңиз балким. Форумда чыгармаңызды жада калса бир билдирүүңүздү сүйүп окуган күйөрман форумчулар көп. Реалда да мындан да көп болоруна ынанып турам, неге дегенде чындап жүрөктүн сөзү менен жазылган сөздөр.
#149 28 Май 2015 - 22:20
Билдирүүнү түзөткөн: patma.mahmud-kyzy: 28 Май 2015 - 22:21
#150 26 Июнь 2015 - 18:05
"Супсак жашоо. Суз көңүл. Сулайын деген мен"
Мен мына азыр да "ар бир адам өз тагдырына өзү уста" дегенди бекем карманам. Ак боз ат жакындап келе жаткан өмүрүмдө орун алган катачылыктарга "бешенем ошол болсо, эмне кыла алмак элем" деп да кутулуп жүрдүм. А чынында, ал катачылыктарды кайталабоо үчүн өзүмдү жүз жемелеп, жүз жазалап, анан жарым өлүк болуп жатып калганымда, өзүмдү миң актап, миң биринчи жолу сооротуп, ошол "тагдыр" деген шылтоого өтүп алмайым да бар.
- Бул дүйнөдө үч нерсе бизге баш ийбейт экен. Алар: төрөлгөн күнүң, нике кыйылган күнүң жана өлгөн күнүң имиш,- дедим мен дагы бирөөдөн уккан акыл кебимди экинчи кулакка жеткирип.
- Жок, сен жаңылып жатасың. Төрөлгөн-өлгөнүң мейли, биздин колубузда эмес. Бирок никени аракет кылып, ишке ашырса болот,- деди мени уккан бирөө талашканын улантып.
Баары бир нике деле бизге баш ийбеген иш окшойт. Анын ишке ашышы тээ асмандан ары турган күчтөрдүн колунда го деп ойлоп кетем. Ал сага буюрмай сайын сабырдуулукту сары майдай сактап отуруу керек сыңары. Бир кезде буюрган сааттарды саргарып сагынып, ал кокустан, же бешенеңе жазылганы үчүн кайрылып келсе да, буйрукка эшикти ачкың келбей койгонуң да - бул да тагдыр окшойт!
Жан дүйнөңдү жылаңачтап көрсөткөн адамың жана сага да жан дүйнөсүн жашырбай көрсөткөн адам бир болсо, бул да бешене экен! Ал адам менен жашооңдо миң көрүшүп, бирок эки кадам аралыгында бир боло албаганың да тагдыр экен! Өзүмдү дале жаш баланы алдагандай, чыда, күт, супсак жашооң даамын табат, суз көңүлүң тойго жетет, сулайын деген ахвалың канат кагып, али көкөлөйт деген сайын - сабырымдын чеги секунддан ары аягына чыга тургандай болуп турат.
Таң, түш, кеч, түн. Үмүт менен ойгонгон, жашоо үчүн күрөшкөн, сени күтүп баштаган күүгүм караңгы түн менен алышып, кийинки көргүң келбеген таң гана жылаңач жанга дем берет. Бет капты кийген кийинки күн түнгө чейин жүрөктү жашыруу менен өтөт.
Саратаны менен кыйнаган жай мени жыл сайын жүдөтөт. Шаттуу нотада аяктагым келет, бирок бул сапар жан дүйнөм жарым сөзгө да жарды болуп отурат.
Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 14 Сентябрь 2015 - 16:43
Жеңиш - менин тагдырым.
#152 28 Июнь 2015 - 10:47
#153 03 Июль 2015 - 02:24
#154 04 Июль 2015 - 00:15
#155 28 Июль 2015 - 02:16
#156 30 Июль 2015 - 17:31
Сизге кайсы сүрөттөр көрүнбөй жатат? Менде баары эле көрүнүп турат.
Жеңиш - менин тагдырым.
#157 31 Июль 2015 - 01:40
#158 14 Сентябрь 2015 - 17:12
Уф, карып кетейин дедим го) Теманы түп-тамыры менен өчүрүп салууга аз калды. Же ошол күнгө бара жатат окшойт...
Жеңиш - менин тагдырым.
#159 15 Сентябрь 2015 - 00:35
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#160 01 Октябрь 2015 - 17:15
"Абайла: кыялдар орундалат! "
Пычыр-пычыр сүйлөшүүгө караганда, тыпыр-тыпыр кат алышып-беришүүгө жакынмын. Күнүмдүгүн, өтмүшүн-келечегин, сүйүүсүн-жек көрүүсүн, айтор, миң түркүн сырлары менен бөлүшкөн, тагыраагы жазуу түрүндө бөлүшкөн адамдарымдын бардыгы менен дүнүйөм түгөл. Убакыт бир ордунда турбагандай эле, ал адамдар келип-кетип турат, андан кылым деле кыйшайбайт) Кат куржунума кайтып келгендерден кадимкидей жүрөгүм жылыйт, чыпачын! Ушул теманын айынан да мени соороткон, үмүт шамын күйгүзгөн каттарым бар, аны кыпчый кетпесем болбос)
Кыскача, сөз мындай: жашоомдо жалооруган 2 көз пайда болду. Таанышкан күндөн тил табышып кеткенибиз өзүм үчүн чоң жаңылык. Тарыхымды баяндаган китепчеме сепсемиз кылып белгилеп коюшум керек экен, бул окуяны) Сизде да, менде да ушундай би-ир образдуу картиналар бар болушу мүмкүн. Жакын адамдардын ар бирин белгилүү бир өзгөчө органы менен эстеп калмай. Кимдир бирөөнүн чачы, экинчинин алаканы, үчүнчүсүнүн ийни, дагы бирөө жарымдын көкүрөгү дегендей) Фантазия чексиз) Ошо-о кайра менин боткомо кайтсак...
Жалооруган 2 көздүн ээси менен кат алышып-беришип отуруп, аралыгыбыз алыс болсо да, бир диванда сүйлөшүп отургандай маанай калтырат баарлашууларыбыз. Жөнөткөн музыкасы табитти кошо өзгөртүп, жакынкы келечекке болгон пландар, күнүмдүк маселелерге карата жыйынтыктар да билинбей эле алмашууга дуушар болуп жатат. Ооба, кээ бир адамдардын таасири күчтүү болот, а кээде ошол таасирди алып жаткан адам алсыз, же кайыл болушу мүмкүн. Бирок сенин да ойлоруң аны кошо өзгөртүп жатса, өзгөртүп жатканын моюнуна алып жатса, бул алмашуу процессинин ийгиликтүү жүрүп жатканы. Дегеле, мындай адамдар чанда кезигет эмеспи, мейли, ал ымала кыска убакытка созулсун, катты жазып жатканыңда, ар бир тамгасын үйлөп-бөпөлөп, сүйлөмдөрүн кучактап-кучактап жазып жаткандай туюлат. Эч кандай быйтыкчага да муктаж эмеспиз) Жалооруган 2 көз менин 2 көзүмдү көп нерсеге ачат деп күткөн эмесмин. Дал ушул тапта, соңку каттарда биздин көздөр деңизге суктанып турушат. Көздөрдүн күткөнүн буттар аткарат деп ойлойм. Абайла: кыялдар орундалат!
Жеңиш - менин тагдырым.