8-класстан баштап мен дагы башкаларга окшоп кыз жактыра баштадым.Озубуздун класстан даже бир эки класс ылдыйкылардан да бир да кыз жакпай болчу.Билбейм себебин бирок негедир боюм кичинекей болсо дагы мага тийишкен кыздар саналуу эле.Бирок мен негедир бироону издеп,кутуп жургондой бир да кыз менен суйлошпой 8-чи классты да аяктадым....
9-класста мен аны кордум.Мурда деле коруп жургон кыз болчу,бирок ошо куну менин козумо бир башкача кыз болуп корунду.Ошол сени ошончолук татынакай кылып корсотуп,журогумдун торуно ынгайлуу кылып жайгаштырган 1-сентябрь менин эн жакшы коргон кунум болуп калганын сен билген да жоксун.Ал куну баардык мектептердегидей эле линейка болчу.Мен боюм кичине болгондуктан ар дайым алдыда турат элем.Адаттагыдай ыссык кунго кактап алып мугалимдер кезек менен суйлоп жатышкан.Зеериккенимден линейкада тургандарды айлантып карап кетип атып сага козум тушту.Сен коптон бери корушо элеккеби негедир бир досун менен берилуу менен суйлошуп атыпсын.Ахх кандай гана керемет жан элен.Мен козумду албай карап тура бердим.Сенин бир башкача жылмайганын, суйлоп жаткандагы мимикаларын, козундо жанып турган жалынын мени озуно тарта берди.Менин кулагыма мугалимдердин создору да угулбай мен сенин жанында эле тургандай болуп сезилип жатты.Тажатып аткан мугалимдердин созу бутпосо экен деп ичимден тилеп койуп сени сага байкатпай козумду албай карап тура бердим.Линейка да бутту.Сен бирге окуган классташтарын менен куйулушуп мектепке кирип кеттин.Сен 7-класстын окуучусу элен.
Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 20 Февраль 2014 - 00:33