kukolka Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 319 (0,07 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (30 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 05 Январь 12
- Кароолор:
- 16 209
- Соңку аракети
- 20 Фев 2019 15:11
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 36 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 4, 1988
- Жынысы:
- Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
Пар менен жылытуу системин жасайбыз
Жазылган күн: 5 Окт 2015
Сапаттуу паровое отопление жасайбыз. Ичпеген, чекпеген бригада.
Эркин 0709 28 62 39
0779 28 62 39 -
Кыргыздын Петросяны - Жаныбек Алыкулов дүйнө салды
Жазылган күн: 20 Июл 2014
Кудайым Бейишинен орун берсин.Калган омуру балдарына буйрусун.Аябай окунучтуу . -
Кочкордон чупакабра чыктыбы?
Жазылган күн: 11 Июн 2014
Нарындагы Кочкор айылынын жашоочулары кечкисин сыртка чыгуудан чоочулап турган кези. Анткени, жакындан бери пайда болгон белгисиз жырткыч жаныбарлар майда жандыктарга кол салуу менен, негизинен малдын канын соруп кетүүдө.
Азырынча адам өмүрүнө зыян келтирүү фактылары жок. Бирок, кандайдыр бир иштиктүү чаралар көрүлбөсө, мунун акыры жамандык менен бүтүшү мүмкүн,- дейт аймактык кабарчыбыз Бөлөкбай Шеримбеков.
Кочкор айылынын тургуну Насыйкат Кутманова тоок багып, анын жумурткаларын сатуу менен кошумча каражат табат. Бирок, кыш айларынан бери короого белгисиз жаныбарлар кирип, канаттууларга зыян келтирүүдө. Ал эми мындан үч күн мурун ал тоокторуна кол салып жаткан бул жырткычтарды өз көзү менен көргөн. Тилекке каршы, катуу чоочуп калгандыктанбы, аларды жакшы сүрөттөй албады.
"Түнкү саат төрттөрдө тооктордун үнү угулганынан чыга калсам, тооканага кирип алып жеп атыптыр. Экөө тең күрөң түстөгү окшош жаныбар экен. Экөө тең секирген бойдон кетти, жакшы көрбөй калдым. Тоокананы жакшы эле жапканбыз. Шифер коюп, аны бочка менен бекиткенбиз. Ошону ачып кириптир" - дейт Кочкор айылынын тургуну Насыйкат Кутманова.
Эгер Насыйкат ушу түнү төрт тоогунан ажыраса, анын айылдашы Жоомарт Шаршеналиев үч коюнан кол жууп олтурат. Анын айтымында, түнкүсүн чакырылбай келишкен жырткыч меймандар сарайга секирип киришип, малды алкымдашкан да, канын соруп кете беришкен. Азырынча, "Кочкор" айыл округундагылардын тынчын алып жаткан бул белгисиз жаныбарлар он күн аралыгында эле 30дай кой-эчкинин жана 100гө жакын канаттуулардын канын сорушкан. Андыктан, район жетекчилиги дүрбөлөң коңгуроосун кагышып, колдон келген аракеттерин жасашууда.
"Бүгүнкү күндө мергенчилерге 10 миң сомдук ок-дары маселесин чечип бердим. Мындан тышкары ким биринчилерден болуп, ушуларды атса, беш миң сом сыйлык берели деп атабыз" - дейт Кочкор айыл округунун башчысы Мирлан Исраилов.
Учурда "Кочкор" айылына бүлүк салган ушул табышмактуу жаныбарлар алгач кыш айларында байкалган. Аларды алыстан болсо да, көрүшкөндөрдүн сүрөттөөлөрүндө, жырткыч - кенгруларга окшош. Ал эми короолордо калтырган издерине жана өлтүрүлгөн малдын денелерине салынган тактарына караганда, тырмактары жана тиштери өтө эле учтуу. Ушундан улам, алар кийинки кездери массалык-маалымат каражаттарында байма-бай жазыла баштаган чупа кабрабы деген ой туулат. Тумшугу итке, бою менен буттары кенгруга түспөлдөш бул жаныбарларды айрым адистер башка планетадан келишкен жырткычтар деп эсептешет.
Жергиликтүү элдин айтымдарында, малга жана бакма канаттуларга зыян келтирген белгисиз жаныбар, айыл четиндеги мына бул эски көрүстөндөн чыгууда. Бирок аларды көргөндөр дээрлик жокко эсе.
КТРК нын маалыматы боюнча
Комментарийлер
kukolka
05 Мар 2012 - 02:28