Мен бактылуумун деген жан барбы? Кобунчо айымдар
#1 03 Январь 2019 - 15:15
Бул теманы ачуумдун себеби:ушул журок сырында коп теманы окуп калдымда,карап турсак баарында эле койгой бар.Жолдошум,
кайненем,кайнежем,
кайынсиндим андай мындай деп,мурунку суйгонуму унута албайм,бактысызмын дегендерда жок эмес экен.
Бул жашоо кыска,ошондуктан бактылуу жашоо озубуздун колубузда экен.Эч качан наалыбайлычы жашоого.
Мен бактылуумун деген Жан барбы деги?
Бул жашоо кыска,ошондуктан бактылуу жашоо озубуздун колубузда экен.Эч качан наалыбайлычы жашоого.
Мен бактылуумун деген Жан барбы деги?
#2 03 Январь 2019 - 16:03
Кудайга мин ирет шугур мен бактылуумун.
Ата энем, бир туугандарымдын кашында эч нерседен кем болбой чонойдум. Суйгон адамыма турмушка чыкттым, балалуу болдук. Кайнжуртум тушунуктуу кишилер. Курсак ток, кайгы жок ушунчалыкка шугур келтирем.
#3 03 Январь 2019 - 16:20
Ата энең бир туугандарың,
тууган уруктарың,сүйүктүү жарың мотурайган балдарың бар болсо сен бактылуусуң.
А эмнеге акчам көп,бай болсом бактылуу болом деген ой менен адамдар жашап жүрөт түшүнбөйм.
Баарына шүгүр кылып, бактылуу жашаш керек бул беш күндүк өмүрдө.
А эмнеге акчам көп,бай болсом бактылуу болом деген ой менен адамдар жашап жүрөт түшүнбөйм.
Баарына шүгүр кылып, бактылуу жашаш керек бул беш күндүк өмүрдө.
#4 03 Январь 2019 - 16:34
Кандай адам бактылуу болот аны ар ким ар түрдүүчө түшүнөт.Силер санап өткөн бакыттын баары бар экен менде:Ата-эне,
бир тууган,жолдош,
перзент ,кайын журт ж.б.Бирок толук кандуу бакытты сезбегендеймин эмне себеп экенин деле билбейм балким ден-соолугумдур.
Мен өзүмдү толуккандуу бактылуу инсан деп эсептей албай келем.Жүрөгүмдө түпөйүл ойлор ойлор ойлор ...жаман ойлор мээмден кетпей койду .Кудайымдан сураганым мага сабыр бер ,оптимисттик ойлорду бер жадыраган маанай бер деп сураганым сураган.
#6 03 Январь 2019 - 17:17
Шугур кылган адам аз, ошондуктан да оздорун бактысыз эсептешет.
#8 03 Январь 2019 - 17:33
Мен бар бактылуулардын арасында!
![Сүрөт](https://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/24.gif)
(Көз тийбесин тьфу-тьфу).
![Сүрөт](https://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/24.gif)
(Көз тийбесин тьфу-тьфу).
В каждой шутке есть доля правды...
#9 03 Январь 2019 - 18:02
Майын адамдар бактылуу боло алышпайт. Бардык нерсенин кычык кыбырын издеп негативин сууруп чыгып өкүнүп өксүп жүрүп, бактылуу болууга убактылары калбайт. Көп нерсеге көңүл бөлбөй үйрөнгүлө. Барды бардай кабыл алгыла. Таарынып, кек сактап, болбогур сөзүнү "Көңүлүмө катуу тийди эле" деп кайра - кайра эстеп эзилип отура берсеңер, бакыттан кур каласынар))
Бактылуу болгула ар бирин!*)
Баары өз колуңарда!
Бактылуу болгула ар бирин!*)
Баары өз колуңарда!
Билдирүүнү түзөткөн: Surotchu-kyz: 03 Январь 2019 - 18:08
#10 03 Январь 2019 - 18:05
Surotchu-kyz (03 Январь 2019 - 18:02) жазган:
Майын адамдар бактылуу боло алышпайт. Бардык нерсенин кычык кыбырын издеп негативин сууруп чыгып өкүнүп өксүп жүрүп, бактылуу болууга убактылары калбайт. Көп нерсеге көңүл бөлбөй үйрөнгүлө. Барды бардай кабыл алгыла. Таарынып, кек сактап, болбогур сөзүнү "Көңүлүмө катуу тийди эле" деп кайра - кайра эстеп эзилип отура берсеңер, бакыттан кур каласынар))
Бактылуу болгула ар бирин!*)
Бактылуу болгула ар бирин!*)
+
В каждой шутке есть доля правды...
#11 03 Январь 2019 - 18:16
#13 03 Январь 2019 - 21:17
кудайга шүгүр бактылуумун.
Бирок бакыт тынчтыкты сүйөт,жарыя кылгандын кереги жок
Билдирүүнү түзөткөн: Akylai_aktan: 03 Январь 2019 - 21:17
#14 03 Январь 2019 - 21:49
Ата-энем,бир туугандарым,
балдарым барына кудайга мин мертебе шугур.Бактылуумун ,деп мен баарына жар салып...20жылдай уй-було болдук.Бир окуя жашоомдун баарын астын-устун кылды да,куйоом экообуз тен бактылуумун деп мурдагыдай айта албай калдык.Бактылуу жашоо жок,бактылуу муноттор гана болот дешет.Бактылуулук тынчтыкты суйот дегенге кошулам..Коз тийет окшойт.Бакыт кушу колго конгондо ,аны да сыйлап,барктап алыш керек экен.Ылайым баарынар бактылуу болгула!