2-3 ай убакыт өттү. Белгисиз номерлерден чакыруу келет, бирок, алсам үндөбөйт, өчүрүп коет. Бир канча күндөн кийин кайра кайталанат же бейтааныш эле бирөөлр таанышкысы келгендер көбөйдү. Ансайын кыжаалат болом. Номеримди алмаштырып салып 1-2 ай жүрөм деле кайра баягыдай башталат... Үн катып койсо да эмне, "Ошоло"
экенин сезип эле жүрдүм... Өзүн да, мени да кыйнай бербей чалбай койсо эмне... Ойлорумда баягынын баарын башынан баштайм. Чалбачы деп суранам, албай коем. Эми менден эмне керек... Аны аяп жүрүп, ага кандай байланып калганымды билбейм. Жатсам, турсам да оюм ошодо. Оозума анын аты орноп алгандай ичимден кайра-кайра кайталана берет. Нике байлаарын билсем дагы динден көп кабарым жок, "талак"
тууралуу ойлонгон эмесмин. Анын үстүнө эми аны эми көрбөсөм деле керек дедим... Билинбей аны менен тааныканыма бир жыл өттү. Ичиме батпай, катып алып күндөлүк жазам.
Бир күнү Элдияр корпоратив болот деп мени кафеге чакырды. Азыр ошол барган кебетемди элестетип уялам. Аябай беделдүү аскер адамдары, кичүүсү болуп көбүнчө мага көңүл бурганга убакыты болбой калып атты. Официалдуу жигитим болбогондон кийин ага анчалык деле маани бербедим. Бийге чакыргандарын деле какпай чыгып бийлеп коёп отургам. Бир кезде кызганганбы же аскер адамдардын көөнүнөн чыга албаганмынбы,
түшүнбөдүм,
айтор, кече бүткөндөн үйгө жеткирип келип, ошондон кийин кабарсыз кетти. Мен да чалып анын тынчын албадым...
Тагдырдын белеги...
#42 20 Февраль 2017 - 15:06
Бир күнү телефонумду карап отуруп: 3 ай мурда"Кандай,
ден соолук, окууларың, жашоо жакшыбы"деген смс келген. Ким экен деп чалсам алчу эмес. Мынча убакыт өтүп кетсе да аны өчүрүп салбаптырмын.
Чалсам алат да сүйлөбөйт. Ага анын тилинде смс жаздым "бул ким " деп. Чынында күткөн эмесмин. "Салам ....! Ден соолук, окууларың кандай? Мен Жаныбек..."
. Баягы эми карттанып баштаган жара кайра сыйрылды... "Эмнеге менин жанымды тынч койбойсун. Ар кайсы балдарды чалдырып тааныштыргандан тажабадың го... Көңүлүңдү деле калтыргандай болдум. эми сага менден эмне керек!"
деп жазсам, кайра жооп келди. "Күйөөгө чыктыңбы? Чыкпасан жакшы күйөөгө тийип ал, мен сага эч жамандык каалабайм"
. Бул жообу мага катуу таасир берди. Ал эмес көзүмө жаш кылгырып, бирок ыйлай албадым. Бир топтон кийин: "Жаныбек менин мүнөзүмдү аз болсо билип калгансың. Эркелигимден эмне гана кылган жокмун... Айтканымдан кайтпаган өжөр боло калчумун кээде. Бирок, турмуштан ар кандай сокку алганда ал эркеликтин баары күбүлүп түшөт тура. Ушул "күйөөнү"
баары айтып, сен эле калгандай, "жакшы"
дейсиң, андайдын кадырына жетчү менминби... Ара жолго таштап дагы бирөөнү бактысыз кылгым келбейт. Менин жолум оор окшойт деп ойлоном кээде. Өзүңдү да, мени кыйнай бербе. Эми чалба да, жазбачы..."
деп жибердим. Ал чалды, бирок ала албадым... Жазгандарымды кайра-кайра окуп, аны аяп көз алдыма келтирем. Жанына баргым келет, бирок... кантип?.. Ушул ойлордон эзилип бүтмөй болдум...
#43 20 Февраль 2017 - 15:53
Жазчы , сеники кызык болуп жатат. Анан туура эмес жазсам, ортого албагыла. Мумкун Жаныбек кандай болоор экен деп,көп ойлонгонуна ал куну милдетин аткаралбай калгандыр. Чын эле мумкунчулук берип көрбөпсуң.Убакыттын өтушу менен маселе жакшы жагына чечилип калат беле. Экөөңө тең ичим ачышты. Эч кимдин башына салбасын...
#44 20 Февраль 2017 - 16:21
Салам автор.... Окурмандарга суроо салыпсың, мен сурооңо жооп берип коёюн...... Баары болуп, нике окулуп, 1,2күн өтүп кеткен жерден мен чыкмак эмесмин, чыга албайт болчум...... Оорулуу адам экенин билип турсам да калмакмын...
.. Эми кайра табышып, бактылуу болсоңор кана.
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
#46 20 Февраль 2017 - 17:24
Мен чынында эле жаштык кылыптырмын.
.. Эне сүтүм оозумдан кете элек эселек кезим экен. Балдар үчүн андай учур болуп калышы мүмкүн экенин деле билбегем, кызыкпагам дагы. Менин оюмда ортобузда эч нерсе жок кандай жашоо уланмак деп коркком. Эгер азыркы акылым болгондо сиздерчилеп акыл айтмак чыгармын. Ошол учурду оор деп айткан болсом, анан да оор кездер мени алдыда күтүп жаткан экен...
#47 20 Февраль 2017 - 18:11
Убакыт өтө ушинтип отура берүү жакшы жыйынтык бербешин түшүндүм. Өзүмдү колго алып алаксытуу аракетип көрүп баштадым. Жаз ортолоп калган.Бул жаздан деле анчалык жакшылык күткөн эмесмин. Бир курбу кызым туулган күнүнбелгилеп,
үйүнө чакырып калды. Коноктор деле көп эмес экен. Бирок арасындагыжылдыздуу биз менен жашташ куда жигит көзүмө бир башкача жылуу учурады. Мектепте окуп жүргөндө бирирет көрүшкөн экенбиз. Бирок, бул жолу экөөбүз тез тил табышып кеттик. Үйдөнчыгып кафеге бардык, көңүлүбүз көтөрүлүп жакшы күн болду. Мен күтпөгөм, бирок,мамилебиз уланып, тез эле кыз-жигитке айландык. Бир күн көрүшпөй калсаксагынышып,
кайра-кайра чалышып сөздөрүбүз бүтчү эмес. Көптөгөн сюрприздердижасап жүрдү. Мен анын эч нерсесине карабадым. Ал жөнөкөй гана май куйуучу болуп заправкалардын биринде иштечү. Айлыгынын баарын көңүл көтөргөнгө чачып көнгөн экен. Мен аны ЖОЖду окууга үндөп, келечекти ойлонуп баштадык... Көп күттүрбөй үйлөнүү сунушун кылды. Мен тайсалдаганым менен андан башканы издегим келбеди. Окуумда каникул болуп үйдөгүлөр менен сүйлөшүп келүүгө айылга кеттим. Башында тынбай чалып атты. Мен дагы үйдөгүлөргө бул теманы баштай албай жүрүп бир топ убакыт өтүп кетти. Каникулда барган сайын эле сага арналган жууркан-төшөк деп апам байкуш жаны тынчу эмес, мен аларды көктөмөй, азыр керек эмес дегениме көнбөй кийиз жасамай, жумуш толтура болчу... Биз барда келип-келип ал, анан кийин келиндер кандай болот келе албай да жүрөрсүн деген сыяктуу сөздөрдү көп айтып калып жүрдү. Баягы тынбай чалган жигитимден кабар жок болуп баштады... Өзүнө чалганды намыс кылып, курбума чалсам: "Ага таң калбайм деле, кечээ сен болсоң бүгүн жанында башка кыз, эртен башкасы чыгар..." Ата-энеси аны бөлөсүнө үйлөнтөлү деп жатышыптыр.
Ал бала сен үчүн эмес, ага көңүл деле бурба деп койду. Эмне демек элем, ичимден иренжип кала бердим. Ал эми Жаныбекти жумушун таштап шаарга кетип калганын уктум. Көп ичип калганын айтып калгандар болду. Айылда калган кл.кыздарым мага акылдарын айтышат, жашоону көрүп бүтүп коюшкансып.
Окуумду ийгиликтүү аяктайын, калганын көрө жатарбыз деп каникул аяктап кайра шаарга келдим. Угушумда ал баланын эжеси (биз жакка келин), "Ал кыз күйөөдөн чыкты аты бар, сен үйлөнбөсөң,
жашыңар да тең, кичүү эле жакшы тааныган кыз ал"- деген сыяктуу сөздөрүн айтышкан экен. Башка бир классташ кызым кыздуу болуп ошол жакка барганбыз, жакын болуп баягы жигит дагы таттууларын көтөрүп барыптыр. Эмне болгонун чечишким деле келген жок. Унчукпаганым аны тумчуктуруп жиберди окшойт. Ичимдик ичип алып отурушту бузуп, болгон өнөрүн көрсөттү окшойт. Өтө кызыл бат оңот болуп биздин мамиле бат башталып, бат бүттү. Аялы болбой калганыма өкүнмөк тургай, сүйүнүп дагы бир романдын барагын жаптым.
#49 20 Февраль 2017 - 21:11
Азыр журок сырындагы эн кызыктуусу ушул тема кызык болуп жатат аягына чейин ичим бышып кетет го.
#50 21 Февраль 2017 - 02:54
Жаныбектин конулун ооруткан сиздин конулунузго тан калып турам...
Албетте бироонун конулу мн есептешпегендерди коп еле коргом ошол жашка барып уйундогулорго батынып уйлоном деп канча аракет кылса сиз баарын жокко чыгардыныз коктугунуз мн, ошондой нерселер болуп откондон кийин чын еле жакшы корсонуз кылган катанызды ондосонуз деле болмок,такыр конулунуз болбосо аны умуттондуруп суйлошпой баарына чекит койуу керек болчу..бир туруп тан калбай деле койсо болот.озунузго албаныз баарында еле болот кыйынчылыктар кееде озубуз деле билбей калабыз туура емес кылганыбызды тушуном.
жазгандарынызды кызыгуу мн окуп аткам жакшы жазып атасыз.уландысын чыдамсыздык мн кутобуз.

#51 21 Февраль 2017 - 11:38
Саламатсыздарбы урматтуу форумчулар,
менин тагдырыма кайдыгер карабай ой-пикирлериңиздер менен бөлүшүп тынбай кирип, күтүп окуп жатканыңыздарга ыраазычылык билдирем. Жогоруда айткандай мен ошол убакта көп нерселерге акыл токтотуп иш кылчу эмес экенмин. Куулукту да билбегем. Азыркы жаштарды көрүп, салыштырып,
өзүмө кээде нааразы болом... Мен деле катамды оңдогонго аракет кылып көрдүм... Бирок анымдан майнап чыкпады.
Акыркы курс, ГОС практика, дипломдук иштер, алдыдагы мамлекеттик экзамендер көп нерселерди ойлонто баштады. Кесибим башында анча жага бербегени менен, эми каалап-каалабасак да ушул кесиптин ээси болобуз... Ушул 5 жыл убакыт аралыкта ичтей жеп жүргөн жеке ойлорумдан башка эмнелерге жетиштим?... Баа үчүн окуп койгонум болбосо, бүткөнчө бир жерде иштеп көргөн жокмун. Далалат кылсам эле ата-энем өмүр бою иштеп жетишесиң, эмне жетпей атса айт, биз турганда сени эч нерседен кем кылбайбыз, андан көрө оокууңа көп көнүл бөл деп коюшчу. Курстарга катышып, тил үйрөнүп чет жактарга чыгууну көздөп баштадым. Кызылга деп көрсөтүштү бирок аны деле ала алган жокмун. Анткени алдыдагы окуялар биздин турмушубушту алдын-үстүн кылды...
Бир күнү күндөгүдөй китепканада жүргөм, бирөө чалып калды. Алсам Жаныбек экен. Андан мурун дагы чалып эле ден соолук сурап коюп жүргөн. Бул жолу жолугалы деди. Мен да аны таң калтырып, макул болдум. Бирге болмоюн жаны тынбайт окшойт дедим ичимден. Апама айтсам: "Койсоңчу кызым бир кеткен жериңе кайра кантип бармак элең. Аман болсо болду, ага да оор экенин билем. Болгон нерсеге өзүңдү эле күнөөлөй бербе. Келечегиң али алдыда, кыздын чырагы кырк" -деп койгон. Мен болсо акыркы жолу үмүт берип көргүм келди. Эми мага анын көйгөйү деле кызыктырбай калган. Кечки 5ке белгилеп, үйгө келип даярдана баштадым. Курбум, иним үчөөбүз жашачубуз. Эшикке чыгып кетсем чалган экен, иним алыптыр, эмне деген билбейм, иним сүйлөгөн жок дейт. Мен аны түнкү 11ге чейин кийинип алып күтүп турдум. Аягында ал эми мени ушинтип шылдыңдагысы келет тура. Жолуккусу келбей калганын чалып айтып койсо деле болмок деп жиним келип жатып, уктадым. Андан кийин чалбай калды... Күндөрүмүн көпчүлүгү китепканада өтчү болду. Бир күнү алдымдан имараттын ичинен кара очки тагынган ошого окшош бирөө чыкты. Эмнеге экенин билбейм жүрөгүм шуу этти. Баттан басып бир залына кире качтым. Ал артымдан кирди, түз даап келе албаса дагы, аңдып жүргөндөй сезилди. Ал жактан шашылып чыгып башка залдын далдаасына жашындым. Бир топтон кийин 3-этаждан чыгып карасам, ылдый түшүп бир кыз менен өбүшүп учурашты дагы, чыгып кетишти...

#52 21 Февраль 2017 - 13:09
Ар тараптан куралган 5 кыз мамилебиз жакшы болчу. Окууну бүткөнчө бир-бирибиздикине барып көрүп келебиз деп ага чейин айылдарына конокко барып келгем. Кезек мага жетип, алдыдагы экзамендерге карабай биз жакка бармай болуп камынып калдык. Бир чети каза болгон байкемдин 10жылдыгы, балдары куран окутушмак. Бир кызыбыз турмушка чыгып, бирөөсү менен мамилем келишпей, 2 курбум менен айылга жөнөп калдык. Барганча оюн күлкү, үйдөгүлөр жакшы күтүп алышты. Айылдагы классташ кыздарым сыйлап 2 күн сонун жыргадык. Байкеме куран окутуп келген балдарын көрүп апамдын ичтеги жарасы канап атканын көрүп айлабыз кетти... Апамды алаксытып, кыздарымды көрсөтүп келүү үчүн эртеси Манас Ордого бардык. Баарын кыдырып бүтүп эсибиз ооду. Бир жерден токтоп машиненин бир дерин караганча апам экөөбүз сүйлөшүп туруп калдык. "Эми окууңду аяктап атасың, турмуштун чоң жоопкерчилиги мойнуңа артылат. Артыңдагы бөбөктөрүңө жол көрсөтчү сен болосун. Байкеңе көп ишеним арта бербе, бөпөлөп жүрүп эрке өстүрүп алдык окшойт. Үй-бүлөсүн эптесе деле чоң жоопкерчилик.
Кандай күн болсо дагы эки сиңдиңден көз кырыңды алба" деген апам. Уйкусурап жүрүп эмнеге айтып атканын деле түшүнбөгөм.
1-2 жерден токтоп көзүмө, кан басымга деп дары алган. Кошо кирип алышып койгонго деле акылым жетпептир. Кароол дөбөгө келип, силер эми чыгып келе калгыла, чарчадыңар.
Менин бир аз башым ооруп турат деген. Колунда 8 айлык байкемдибаласы бар болчу, жеңем да биз менен барган. Тосуп алайын десе ал жердегилер:
"Эже, бул жер ыйык жер, булганга болбойт" десе, арыраак барып тосуп алам, силер чыгып келгиле деп аткан. Мен чыккым келбей кыйылып атсам, кыздарың жаман ойлоп калышпасын,
барып кел деп болбой койгон...
10 мүнөт өткөн жок, кызыл көйнөкчөн эженин кыздары ким?! Ылдый түшкүлө деп кыйкырып калды микрафон менен!!! . Жүгүрүп бир жетсемчи... чалынып бир топ жерге тоголонуп кеттим.. Туруп алып жүгүрүп баратам... Менин апам болбосо экен деп Кудайга жалынып бараттым...
Күн аябай ысып аткан. Ордо дагы бр аз бийгирээк. Апам байкуш баланы тосом деп эңкейп, чыңалып турган кан тамырлар жарылып кан куюлуп кеткен экен. Баланы бирөөгө кармата коюп, кыздарымды чакыргылачы деп айтканга араң жарап кулаптыр...
Биз жеткенде башым деп эле атты. Чыркырап эле калдык... Тез жардам да күттүрүп атып келди. Арак бериш керек деди бирөөлөрү, андай ыйык жерден аны да таба албадык. Сумкадагы дарыларын берип, тез жардам менен ооруканага алып бараттык. Эмнеге экенин билбейм реанимациялары да 3 кабатта экен. Көтөрүп чыгышканча дагы чайкалып, апам аябай кыйналып шаркырап кусту дагы, биротоло тилден калды... Айланчыктап бакырып-өкүрүп жанында жабышып чыкпай жүрдүн врачтар урушса дагы. Канча кымбат дарыларды куйган менен оң жыйынтык бербеди. Жалынып атып үнүм Кудайга жеткидей эле болду, бул жолу мени тагдыр таарынтып эң асылым апамды алып тынды. Апам болгону 53 гана жашта болчу... Таң ата менин ой-боюма койбой үйгө салып жиберишти. Артымдан эле апамдын сөөгүң алып келишти...

#56 21 Февраль 2017 - 16:24
Апам тууралуу айтсам сөз бүтпөйт. ..Ал аябай акылдуу, токтоо, чечкиндүү, чыдамдуу, сырдуу, сулуу, сүйкүмдүү, боорукер, жароокер, кайраттуу деги койчу бардык асыл сапаттар бар эле апамда... Мен апамдын кылына да татый албасам керек. Өкүнүчкө карай жакшы адамдарды Кудайым эрте алып кетет тура... Жер тепкилесем да апам кайрылып келбесин түшүндүм. Бирок ичимдеги жалындап күйүп аткан жалынды өчүрө албай канча өксүдүм... Мени эсиме келтирген этегимден кармаган эки сиңдим болду. Бири 6, экинчиси араң эле 3-класс. Мен да болсо эне мээримин көрүп чоңойдум, булар кантет деп ойлонуп алып ичимден эзилем... Анын үстүнө аларды мага дайындабады беле. Ошолор үчүн чыйралууга туура келет. Бирок акылым жеткен менен алым жетпейт, кайра-кайра сыздап ыйлайм...
Адамдардын ар кандай болорун билип жүрсөм деле, жакын эле айланабыздагы адамдардын пейилин көрүп кайран калдым. Эртен мененден баштап кабар берилди. Апам Нарындан болгондуктан аларга кабар жетип, алар келгенче убакыт керек да. Апам тирүү кезинде жеңесине бир нече ирет айтып жүргөнү бар экен: "Эсиңизде болсун, бизде кепинди төркүндөрү алып келишет деп, алар кабар угуп эле ошолорду камдап кечирээк жолго чыгышат. Бул жакта күн ысык болгондуктан чыдабайт деп апамдын бир тууган эле абысыны жерге берилгенде төркүндөрүнө берилчү кымбат кездемени өзү алып калуу максатында кечинде коюш керек. Төркүндөрү келсе жетишпей калдынар деп коебуз деп элдин баарын үгүттөп жүрдү. 3 күн деле күтөт го алыстагы туугандарды, ага караганда бүгүн эле угузуп, бүгүн коюп салмак белеңер, кызыбыздан кутула албай жүрсөңөр да, биз барганча күтөсүнөр деп кыйкырып болбой коюшуптур. Айыл аксакалдары да кой дешкен го аны тыйып. Чыйпылыктап чүпүрөк үчүн ушундайга барган адамдан жакшылык күтпөй калдым. Апама чындап күйгөн бир туугандары, балдары, кесиптештери, санаалаштары, айылдаштары, тааныштары, окуучулары кыскасы тааныгандардын баары... Сай-сөөгүбүз сыздаса да аргабыз жок апабызды жерге бердик.... Андан кийинки абалым да абдан оор болду....

#58 21 Февраль 2017 - 17:51
Апанардын жаткан жери жайлуу болсун топурагы торко болсун,ал эми силерге жараткан Аллам сабыр жанада сыбыр берсин демекмин.
#59 21 Февраль 2017 - 18:08
Эх окуп алып ыйладым...Апаныздын жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.Аллахым бейишинен орун берген болсун ылайым.Сабыр кылыныз...
#60 21 Февраль 2017 - 18:27
Аллах суйгон пендесин оор сыноолор мн сынайт дечуле,андыктан сабырдан башка айла жок.САБЫР САБЫР ЖАНА САБЫР автор.