Aijan06 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 46 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (27 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 22 Март 13
- Кароолор:
- 14 939
- Соңку аракети
- 01 Ноя 2021 17:31
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 35 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 21, 1988
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- бишкек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
- Skype:
- aijana0611
Мен ачкан темалар
-
116 камера
Жазылган күн: 11 Окт 2021
1-БӨЛҮМҮ...
Пандемия,карантин бизге тааныш эмес сөздөр кулагыбызга сиңип,бир жакшы иштеп жүргөн жерибизден ковид деген балакет чыгып,заматта ишканалар токтоп,элдер үйүндө отуруп калышты.Айрыкча мигранттар үчүн карантин оор болду, көбү ишсиз калды,биздин квартирада тогуз адам жашайт элек,карантин башталганда төрт адам иштебесек жашаган жерибизге кантип төлөйбүз,элчилик жашаган жер,тамак аш менен камсыз кылат экен деп, элчилик тарабынан атайы мекендештер үчүн алынган мейманканага кетишти.Сен дагы жүр биз менен деп мага сунуш кылганда,баргандан баш тарттым.Кантип бармак элем,ичимдеги балам тыпырап,бүгүн эртең жарык дүйнөгө келем деп атканда мейманканага барганда толгоом келип калса,туугандарыма менин кылмышым ашкере болуп уят болбоймунбу? Кой андан көрө квартирада жашап турайын дегениме,ой барсаң болмок бекер жашоо,бир аз жеңилдик болот деген бир квартирада жашаган жердештерим менин кош бойлуу экенимди билишпейт болчу.Боюмда болгондон баштап ичимди байлап жүрдүм,өзүм толугураак кыз үчүн эч ким менин боюмда бар экенин билбейт эле.Аркы бөлмөдө квартираны ижарага алган хозяйка жакында тийген күйөөсү экөө,берки бөлмөдө менден сырткары бир кыз,бир бала бар.Бугун эмнегедир эрте уктадым.Ичимдин катуу ооруганынан ойгонуп кетип,эмне кылаарымды билбей дааратканага жөнөдүм.Бирок бул кадимки ич оорудан өзгөчөлөнүп, курук ооруп аткан.Эптеп ичимди кармап ваннага кирдим, көрсө менде толгоо келип жаткан экен.Ваннаны ичинен култап,кара тер кетип атып,акыры уул төрөдүм.Ооба, мен бул жарык дүйнөгө баланы алып келдим,бирок эми ата энем,бир туугандарыма эмне дейм,азыр мен жаңы төрөгөн баламды сууга тумчуктуруп өлтүрсөм,эч ким билбей калат деп ойлоп,толгоо тартып атканда ваннага суу толтура баштадым,жарык дүйнөгө келип,бир жолу ыңаалап, көзү ачылбай,денеси кан аралаш төрөлгөн баламды ваннадагы сууга салып,кокус ыйлаган үнү чыкса квартирадагылар байкап калбасын деген ойдо бет жагын сууга каратып,колум менен катуу басып туруп алдым.Эч нерсеге алы келбеген балам бетин сууга каратканда эле аба жетпей тумчугуп жан берди.Жарым саат мурда жарык дүйнөгө келем деп ашыгып жаткан балам,бул дүйнөгө келээри менен апасынын колунан жан берди.Кухняга кирип кара пакет таап келип,ваннадагы сууда калкып турган баламдын өлүгүн пакетке салып,пакетти ваннанын астына жакшылап бекитип,кан болгон полду жууп,эч нерсе болбогондой ордума кирип жатып алдым.Мен толгоо тартып ойгонгондо саат төрттөн өтүп калган болчу,азыр саатты карасам алтыдан кырк беш минута убакыт өтүптүр.Демек эки сааттын аралыгында төрөп, өз баламды өлтүргөнү жетишипмин, бирок ушул убакта бактыма эч ким дааратканага келген жок. Төрөгөн оор турбайбы,кадимкидей чарчап, уйкуга кеттим.Ойгонсом жанымда жаткан кыз ашканада жүрүптүр,ии кокус ваннага кирип бирөө жарымдын көзү өлүк салынган кара пакетти көрүп калбасын деп ордуман шашып туруп,үйдөгү мусорду ыргытканча магазинге чыгып келейин деп,ваннанын алдындагы баламдын өлүгү оролгон пакетти алып,сыртка мусорго ыргытып салдым.Эх үстүмдөгу оор жүктөн кутулдум,эми мусор менен кетип калса эч ким билбейт деп ойлоп,магазинге кирип нан алып квартирага кирдим.Чай даяр жүр ичебиз деп чайга чакырган Мавлюдага,рахмат дем алайынчы деп жатып,Москвага жаңы келген күндөн баштап,азыркы убагыма чейин өткөн окуяны көз алдыман өткөрүп жаттым.
Мектепте жакшы окудум,иш чараларга активдүү катышат элем.Спорт тармактан жакшы ийгилик жаратып, көптөгөн мактоо баракча алдым.Мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайга тапшырган жокмун.Акча төлөп окуганы шарт жок болчу.Ата быйыл Москвага иштеп,эмки жылы окууга тапшырам,акча топтойм деген сунушума атам каршы болгон жок.Мектепти жакшы бүткөнүм менен кендирди кескен жокчулуктан окута албай калдым деп атам өзүн күнөөлүүдөй сезип жүргөн.Москвада бир тууган бөлөм бар,апам ага телефон чалып мени күтүп алуусун,иш жактан жардам берип кой дегенде, бөлөм ой келе берсин тайэже,жакында мен кетем,менин ордума иштейт,мен баарын көрсөтүп кетем дегенинен,шашылыш билет алып,Москвага кеттим.Билетке акча жок атам кредит алып берди.Болом менден төрт жаш улуу, Москвада сүйлөшкөн жигити бар,экөө баш кошуу үчүн Кыргызстанга кетебиз деп жүргөн.Мени ээрчитип барып иштеген жериндегилер менен тааныштырып, документтеримди жасап берди.Башында үйдү сагынып кыйналганым менен кийин көнүп кеттим.Жакында кетем,ашыкча кийимдеримди машинадан салып жиберейин, жүр жезден келиптир,досунун машинасы менен алып барып келели,биротоло жезден менен тааныштырып коём деп мени ээрчитип алды.Боломдун жигити оор басырыктуу, аз сүйлөгөн жигит экен,жанындагы өзүн Темир деп тааныштырган досунун оозу жабылбай,жетер жерибизге жеткиче күлдүрүп барып келди.Силер кеткенден кийин мен кабар алып турам деп ой боюма койбой телефон номеримди алган Темир, бөлөм кеткенден кийин телефон чалып кабар алып турду.Болом кетип атканда Темир менен өтө жакшы мамиледе болбо,аны аялы, баласы бар деген үчүн мен жолугушууга баш тартып жүрдүм.Мен сени карындашымдай көрөм,жүр тамактанып келели деген Темирге чай ичип келсек эмне болуптур деп макул болуп,чайханага барып бирге тамактанып, кайра үйгө алып келип коюп атты.Бир күнү машинасында көпкө чейин сүйлөшүп отуруп калдык.Сиз эмнеге аялынызды Москвага алып келбейсиз десем,аялымды сүйбөйм,эмнеге алып келем,аны апам жактырып,мен үйлөнгөнмүн, эми апамдын кызматын кылып жүрө берсин,мен үйлөнүп тез эле Москвага келе бердим, сүйбөй үйлөнгөн жаман экен,эгер үйлөнбөй турганда сага үйлөнөт элем.Сени жактырып калдым деген Темир мага жакшы сөздөрдү айтып,акыры мени өзүнө көндүрдү.Ажар мен сени биринчи көргөндө жактырдым,аялым менен ажырашам,эки ай жашадым, көңүлүм жок айылга баргым келбейт деген Темир экөөбүз кыз жигит болуп жүрө баштадык.Эртен сага дем алыш,мен сени конокко алып барып келейин деген Темир мени Конькова метрого алып барып,бир бөлмөлүү квартирага алып киргенде ал жер суткага берилчү мейманкана экенин билдим.
Бул жерде ким жашайт,эч ким жокпу десем,жок жаным,атайы экөөбүз үчүн бир түнгө алдым, экөөбүзгө эч ким тоскоол болбойт деген Темир менен ошол түнү эле калбастан,эртеси жумушка ооруп атам бара албайм деп телефон чалып коюп, кечке ошол квартирада калдык.Сен кыз турбайсыңбы, мен сен жөнүндө жаман ойлодум эле,кечирип кой,Ажар эми сени эч кимге бербейм,сен меники болосуң,экинчи мага аялын,балаң деп сүйлөбө,адамдар беш баласы менен ажырашып кетип атат,баламы алып кетип бакса баксын,бакпаса экөөбүз багып алабыз,сага ишенем, экөөбүз көп балалуу болобуз деп алдаса,мага ишенет деп жүрө берипмин, башында эки,үч жолу мейманканага алып барып акчасын төлөп атты,кийин акчам жок,арендага акча чыкпай атат,бирок сени сагындым жаным,акчам болгондо жакшы болмок,бари бир үйлөнөбүз кичине чыда десе,мени сүйөт,акча кетирсем өзүмдүн келечектеги күйөөмө кетирип атам,башка кыздарга кетип калбасын деп мейманканага өзүм акча төлөп жүрдүм.Мен Темирди катуу сүйдүм,Москвага келээрде жакшы ниет менен,айлык алсам үйгө жиберип окууга чогултам деп келгенмин,Темир мага үйлөнөм дегенден кийин окууга болгон кызыгым кетип,Темирдин билесиң жаным,машина арендага алынган,аренда бергени акча жетпей атат,толобосом ээси машинаны алып коёт,клиент токто десе билбей токтоп алган экенмин,штраф алыптырмын, төлөшүм керек дегенине ишенип,айлык алаарым менен ага берип коюп аттым.Башында үч төрт жолу мейманканага акча төлөгөн болсо,кийин менден акча алып, эки эсе кылып чыгарып алды.Кийген кийимдерин топтоп алып келет,мен жууп, үтүктөп берем,продукта алып бербей,кайра мага манты жасап кой,бүгүн самса кыл кеч барып алып кетем десе,макул болуп айтканын кылып жүрдүм.Бир күнү Ажар выкупка машина алайын деп атам,ай сайын төлөп кутулуп коёт экенмин,кандай деп ойлойсун,сен менин келечектеги аялымсын,сени менен акылдашпай ким менен акылдашам, өзүбүздүн машинабыз болсо жакшы,айына жүз миң таап коет,ушинтип жүрө бербей ата энендин алдына үйдөгүлөрдү жөнөтүп сага үйлөнөйүн деп айтканда,ии жакшы го,машина алыңыз,аренда толойм деп отурбайсыз дедим кубанганымды жашырбай,машина жөн бербейт экен жаным,башында акча бер деди,акча жок болуп атат, каяктан акча тапсак деп олумуш болуп ойлонуп,акыры кредит алып берчи деп айтты.Болочоктогу күйөөм,айына жүз миң тапса төлөп коёт,эртең эле эрге тийсем өзүм төлөшөм деп,макул болуп Байбол деген кредит берген жерден алып бердим.Мен кредит алып бергиче, жаным машинаны алсам,сени эч нерседен кем кылбайм,анан үйлөнөбүз деген сүйгөнүм мен кредит алып берерим менен жаным капа болбой күтүп тур,атам катуу ооруп атат экен,жакында келем,азыр аэропорттомун деп ватсаптан смс жазып,ошол боюнча телефонун өчүрүп салды.Темир кеткенден кийин кош бойлуу экенимди билдим.Таксикоз кыйнап,ишке барып барбай жүрүп кредитти төлөй албай калдым.Мен Темирди келет деп ишенип күтүп жүрдүм,башында атасы ооруп атса чалаар балким өтүп кетсе кайгырып аткандыр дедим.Бирок арадан төрт ай өтүп,Темирден кабар болбогондон кийин үмүтүмдү үзүп,боюман алдырам деп ооруканага барсам кеч деп врач макул болбой койду.Эми эмне кылам,ата энем билсе мени өлтүрөт деп ойлоп,баламды балалуу болбогон үй бүлөөгө бермек болуп, инстаграм аркылуу жарыя берип издештире баштадым.Коп адам бала багып алабыз деп жазып атышты,балага зар адамдар көп экенин билип,баламды жөн берип койгум келген жок.Жуз миң акча,кийим кылып беребиз балаңды бизге бер деген эжеге макул болуп,ал мага акча салып,мен Кыргызстанга билет алдым.
Уландысы бар -
Сөөлдөн кантип кутулам?
Жазылган күн: 12 Мар 2016
Саламатсынарбы достор! Улуу создо уят жок дегендей менин он эмчегиме соол чыгып атат. Эч кандай оорутпайт жакшынакай эле. Бирок ден соолугума зыяны жокпу деп коркуп атам. Аранарда меникиндей ооруга чалдыккан адамдар жокпу? Элдик ырым жырымдардан билсенер бул жерге жазып болушуп коюнуздарчы суранам -
Кайнененин кылыктары
Жазылган күн: 7 Авг 2015
Салам достор. Келгиле кайнене жонундо суйлошобуз. Менин кайненем властная аял. Башкарганды жакшы корот. Балдарынын жашоосуна кийлигишкенди жактырат.кайнагама эки аял алып бериптир. Экоосун мн тен жашабайт. Кайнежемди бир кызы мн ажыраштырып алган. Андан кийин биз. Бизди да жашатпай ажыраштырып тынды. Менин таарынганым куйоомдун чечкинсиздиги. Апасынын айтканы мн болбой озунун тагдырын ОЗУ чечсе болмок. Башкаларды жамандап эле турат. Балдарына соз тийгизбей калкалай берет. Кайнатам Баш болуп бары ага баш ийишет. Бирдеме десе эле байкуш болуп чыга калат. Ушундай адамдар силердин да аранарда барбы? -
Жөн гана жакшы сөз айтчы мага
Жазылган күн: 27 Июн 2015
Салам достор. Мен азыркы убакта башымдан отуп жаткан кайгымды айтып силерден бир гана жакшы соз уккум келтат. Ар ким ар кандай ойлошу мумкун бирок мени энсеп,санап журуп бул дуйного наристелерин алып келген аялзаты эле тура тушунот деп ойлойм.
Мен жакында 3 ай мурун турмушка чыктым. Жаны уй булоого коно албай аябай кыйналдым. Турмушка кеч чыккангабы балалуу болом деп озгочо энседим. Тилегим орундалып боюма бутту. Кандай гана кубаныч. Мен ошондогу абалымды соз мн айта албайм.болгондо да эгиз. Бирок кубанычым копко созулган жок. Мына кече жакында эле боюмдан тушуп калды. Мен учун аалам карангыдай эртенки кун жоктой азыр. Кайгырып ичим куйкаланып аткан учурда Кайын журтуман,жада калса куйоомон жакшы соз укканга зар болуп отурам. Баары мени жаман корушуп жектешти. Бир гана озумдун Мамам жакшы созун айтып конулумду которуп атат. Мени атайлап тушуруп салгандай коруп баары мени коркутуп чалбай аткан убактары. Менин окуямды окууган мырзаларга айтарым себеби жок жубайларынарды ар нерсеге куноолоп конулун орутпай жакшы создорунорду аябагылачы. Опко журогунду жулуп алчуудай жанынды кыйнаган оору. Дары жыттанган болницада ботодой боздоп жаткан убагым азыр. Жолдошуман конулум калып жашагым да келбей калды. Улам жарамды тырмап кайра кайра эстеткендерин коюшпады. Бугун чон кайнежем келип биздин балдарды эмнеге олтуруп салдын дейт. Кудай ай аларга керек бала мага кереги жок беле. Эмнеге адамдар мынчалык таш боор болушат. Буйруса эртен болницадан чыгам бирок кайда барарымды билбейм атам. Куйоомдукуно такыр баргым келбей атат. Барганда мени баары урушчудай журогум ооруп атат. Силерден суранарым жакшы кенеш бергилечи. Жон гана жакшы соз айтчы мага.
Комментарийлер
sapy
14 Сен 2015 - 04:10Aijan06
02 Авг 2013 - 13:02