Мына, дал азыркыдай эсимде... Секелекпиз. Элүүдөй кызбыз. Ата-энебиз колубуздан ээрчитип келип, окусун-чокусун деген ийги тилектер менен лицейге алып келишти. Окуу жайдын дарбазасынан кадам таштап кирген мүнөттөн баарыбыздын жашообуз бир нукка бурулуп, күнүбүздүн 24 сааты класстарда, ашканада, жатаканада чогуу өтүп калды. Биз жөн эле классташ эмеспиз, биз ар бирибиздин кыял-жоругубузду, табит-тандообузду жаттап бүткөн эң жакын курбуларбыз, кайгы-кубанычыбызды, терең катылган сырларыбызды тең бөлүшкөн бир туугандарбыз. ..
Кадимки бейкапар эс алуу күндөрүнүн биринде интернет баракчамдын лентасын кайдигер карап отуруп,ошол элүүдөй кыздын бири жөнүндө кабар жүрүп жаткан саатты тык токтотту. Заматта лицейде өткөн күндөр эске түшүп, анан ал кабарды улантып окуп чыгып, ишене албай отурдум. “Айпериге ракты жеңүүгө жардам бер” деп аталган кыска маалымат журналисттик ишиме байланыштуу дамамат жолуга жүрчү жүз кабардын бири эмес эле. Ал биздин лицейдин эң эрке, эң шайыр, эң өнөрпоз атыккан Айперибиз экендигине кайра ачып-жумган көзүм да ынангысы келбей турду. Чакан концерттерибиз Айперинин комузду ойноп, ыр менен коштогон номерсиз өтчү эмес.Танапистерибиз Айперинин кызыктуу окуяларды айтып берүүсү жана аны тегеректеп кыраан-каткыга түшкөн кыздарсыз өтчү эмес. Несин айтайын, бир сөз менен Айпери бүгүн да биздин “жылдызыбыз” жана сыймыгыбыз!
Жылмайып жүрүүдөн жазбаган кызыбыз азыр муңайым жана үмүттүү көздөр менен керебетте жатат. Өзүндөй ыр-бийге жакын, болгону бешке чыккан кызы, али бул дүйнөгө жарыкка келе элек курсагындагы алты айлык баласы, жанындагы жолдошу, дүйнөнүн ар бурчундагы дос-туугандары, баарыбыз биригип Айперинин оорудан соо кутулушун тилеп, дуба кылып отурабыз. Аты жаман дарттан даба табуусу үчүн жапа тырмак аракеткекиришип жатабыз. “Көп түкүрсө, көл болот” демекчи, ар бир кайдигер эмес адамды эне өмүрүн сактап калууга кол сунуусун сурайбыз, кайрымдуу болушуна кайрылабыз. Ар бирибизге ападан өткөн ыйык адам жок. Баарыбыз энелердин узак да эмес, түбөлүк өмүр сүрүүсүн тиленебиз. Андыктан, эки баланын колдорунан апасын талашып жаткан рак менен күрөшүүгө жардам беришиңизди сурайбыз.
Demir Bank
1180000013841908 USD
1180000013841807 KGS
1180000013842211 TRY
Билдирүүнү түзөткөн: adalsvards: 16 Апрель 2015 - 10:19