Күзгү нөшөр түнү менен тынбай жаап, таңга жакын ганабасылган. Жер нымданып, бак-дарактар дирилдеп кетсе жалбырактарына жабышкан суутамчылары жерге бет алат. Бир бака талдын түбүндө пластмасса бөтөлкөсү жатканэкен, жогорудан кулаган суу бөлүкчөсү анын үстүнө тийгендиктен «тып» деген үнчыгып, жанагы тамчы жүздөгөн тамчаларга айланып, көздөн кайым болот. Күздүнсуугу жаңы каарын көрсөтүп, жыл мезгилинин ушул убактысында кайдан жок пайдаболо турган каргалар каркылдашып, дарактардын үстүнөн ойношот. Анда- санда бирин- бирикубалаган тентектер бийиктикке учушуп, кайра кудуреттүү жерге зуулдашат.Көбүнчө үшүгөн сымал бүрүшүп, бийиктикке умтулган дарактардын бутактарындакаркылдап олтура беришет. Борбор каланын түштүгүндө орун алган тоолорго узаганзыңгыраган асфальт жолун жандаган бак-дарактар совет мезгилинде элетигилгендиктен көп жыл жашап, бул жердеги далай сырдуу окуяларга күбө болушсакерек. Алардын башында жашаган канаттуулар деле жүз жылды оңой эле басып өтөт,андыктан алар да көптөгөн окуяларга күбө. Бул түнү да алар сырдуу окуяларга,жашыруун иш аракеттерге күбө болуп жатышты. Нөшөрлөгөн жаандын алдында көптөгөнаскердик транспорттор түштүктөгү тоого дал ушул жол менен өтүп кетишти.Машинелердин оор басырыктуу келе жатканына караганда алар аскер адамдарын ташыйтурган машиналарда оор темирлерди ташып бара жаткан. Бир түндө миңдеген аскердинжүк ташуучу машиналарынын бул жолдон өткөнүнөн бул операциянын даражасынбаамдаса боло турган.
Мындай масштабдагы операцияны Совет өлкөлөрүнөн бөлүнүпчыккан Кыргызстандын колунан келбейт. Кичинекей өлкөнүн миң уктаса түшүнөкирбеген окуя борбор калада болуп жатканы таң калычтуу болуп турса да, аны ойлоогожөндөмдүү болгон шаар тургундары көргөн жок. Бул опериция кылдаттык пландоодонөтүп, андан кийин гана жасалган иш аракет. Дал ушул сааттарда космостогу бир даспутник Бишкектин үстүндө болбойт, демек күчтүү фото апараттары менен жердегикичинекей борбор шаарлардын биринде болуп жаткан окуяларды сүрөткө тартаалбайт. Муну алдын ала эсептеген эксперттер секундага чейин эсептешип, булоперацияга далайдан даярданышкан. Масштабдуу операция жашыруун өтүүсү талапболгондуктан атайы уктата турган газдык даарыны анын алдыңкы күнү борборгочачышкан. Ошондуктан Бишкектиктер аябай таттуу уйкуда жатышат эле. Бирок булуйку аз гана убакытка созулат, себеби жамгыр газдын иштөө мөөнөтүн аябайтөмөндөтөт. Андыктан алар шашылып жатышты. Жамгар жамгыр алардын изин жуупжатты, бул да сценарий боюнча эбактан ойлонулган. Зымырап өтүп жаткан машиналаракыры барып түгөнүштү. Жаратылыш кайрадан тынчтыктын кучагында калышты.Тынчтыкты шамалга бираз дирилдеген дарактар, дирилдегенде жалбырактан жергетамчылаган суу бөлүкчөлөрү жана каркылдаган каргалар бузуп жатты.
Күн көзгө көрүнгөндө жолду бойлой чуркаган беш караанпайда болду. Суук күчүнө кирбесе да сес берип тургандыктан алар жылуу курткаларменен чуркап бара жатышат. Бирөөсүнүн кулагында телефондун кулактыгы тагылган,музыка угуп чуркап бара жатат. Калгандары анда санда бири- бирине сөз узатып коюшат. Беш караандын бири кыздыкы, алортодо. Музыка уккан бала бир нерсени көрүп калгансып, жолдун ортосуна чуркапчыкты. Эңкейип, табылгасына жакшылап көз салып, тикеле карады да:
– Балдар, токтосоңор. Бул жерди карасаңар, - деп жанындагы жолдошторуна кайрылды.
Чуркап кетипбара жаткан балдардын токтогулары келбесе да курдашынын көңүлүнө карап, баарыартты көздөй кайрылып, досунун жанына келишти. Көргөндөрү кадимки эле машинениниздери.
– Эмне ушул үчүнчакырдыңбы, Романтик? – деп сурады, артка кайрылганына өкүнгөн Мелис.
– Мен жанатан берикөп сандаган издерди көрдүм.
– Көрсөң кут болсун,анан бизди эмне токтоттуң?
– Досум, сени менен төртжылдан бери ушул жолдо чуркайм. Бир да жолу мындай издерди көрбөгөм.
– Көрбөсөң эмикөрдүң, кеттик, - деди Мелис Асылбекке.
– Жок, токтосоң. Булиздер аскер машинелерине тиешелүү, кече военкадан анын шиналары тарабынанкалтырылган издерин аңдап билүүнү өткөнбүз.
– Өтсөң өттүң да,жинге тийбечи! Азыр күз мезгили, эгин жыйнаган жүк ташуучу транспорттор күнүгөотүшүп жаткандыр.
– Жок, жаңыласын. Булжол Бишкекке алып барат, Бишкекке тегеректе тигилген кант кызылчасын алып барууакылга сыйбаган нерсе.
– Эмне, агрономияфакультетинде окусаң эле баарын мыкты билем деп турасыңбы?
– Бул жерде канткызылчасын эле тигишет.
– Дос, убакыттыалбачы!
– Сен эмне элекечкечейин кыжырдана бересиң?!
– Мен сага азыркыжырданганды көрсөтөм.
Жанатан сөзгө киришпей турган достору аралаша башташты.Алардын арасындагы жалгыз кыз болгон Назира Мелисти четке тартып:
– Мээң ордундабы?Бираз чыдап кой, кетебиз анан, - деди.
– Жиниме тийбегилечи, баскыла чуркайлы. Сабак башталгыча тоого чейин чуркап барып келишибиз керек. Абиз али жарым жолду да басып өткөн жокпуз.
– Ушундайың жакпайтда, досуңду бираз сыйласаң.
– Назик, койчу! Ансызделе башым ооруп жатат.
– Бир эле сенин башыңэмес, меники деле ооруп жатат. Эмне болуптур? Эсиңе келсең, көп жинге тиебербей.
Кулагы«ооруп жатат» деген сөздү чалып калган такма аты Романтик, чын аты Асылбексүйүшкөндөрдүн жанына келди.
– Эмне дедиңер?Башыңар ооруп жатабы?
– Ооба, негедирэртеменен турсам башым сынды десең, димидрол ичип алып уктагандай болдум, -деди Мелис.
– Меники да оорупкалыптыр, жаман түш көрсөм керек, - дедиНазира.
– А силердикичи, Жора? Илгиз?
– Бираз бар.
– А меники жакшы элеооруп жатат, - деди Жора.
– Балдар, бул аскермашиналардын издери. Алар бизди уктаткыч газ менен уктатып коюшкан. Ошондуктанбашыбыз ооруп жатат, - деп өз гипотезасын Асылбек айта баштады.
– Эу, койчуушундайыңды! Баскыла, чуркадык, антпесе жетишпей калабыз.
– Асылбек, куру сөзгөубакыт жок, Мелис чын айтат, сабакка жетишел, баскыла жөнөдүк, - дегенНазиранын сөзү эки болгон жок.
– Бул жерден аябайкөп машине өткөн, нөшөрлөгөн жамгыр он же жыйырма машиненин изин жууп кетмек.Көп машине өткөнүнөн алардын изин жашырууга күчү жетпептир, - деп оюндагысынчуркап бара жатып да досторуна айтып жатты, Асылбек.
Балдар бүгүнадаттагыдай тоого чейин чуркашпай, андан бир топ бери жактан эле кайрылыпкелишти. Аба негедир оор басырыктуу келип, чуркагандар эрте эле тердеп, чарчайчыгышты. Жамгыр жаап өткөн башка күндөрү бул жер кереметтүү болчу. Мындуу абатолкуну бетиңди сылай мурдуңа кирип, көңдөйгө анан өпкөгө жетип, дем алыпжатканын кумарын кандырат, эс алдырат. Чуркагандарга жеңилдик, күч берип,коштоп турат. Жамгыр жаабаса деле таңкы аба таптаза болуп, чуркаганга ыңгайлуу.Ошондуктан Мелис өзүнүн достору менен ушул жерден, болгондо да аба тазакезинде, таң эрте чуркайт. Бул балдар үчүн эрте турган көнүмүш адат болупкалган. Бирок бүгүнкүсү андай эмес, бул нерсенин чын сырын алар билбейт.Болгону Асылбек гана болжолдоп коет, башкалардын оозун ачыра, же Мелискеокшогон досунун кыжырын кайната.
Чуркагандарчарчашканынан Совет көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишине келгенде жайбасып калышты. Шаар жаңы ойгонуп, көчөдө машиналар пайда боло баштаган. НазираМелистин колун кармап алган, Асылбектин кулагында наушник. Жоробек менен Илгизгана сүйлөшүп бара жатышат. Жоробек бул балдарга жакында эле кошулган, андыктанбирде Асылбектен, бирде Жоробектен, кээде Мелистен алардын кантип таанышканын, эсте калган окуяларын сурай берет. Алар да жаш баланын көңүлүн кыйбай, бардыкбаштан өткөн окуяларын чачпай-төкпөй айта беришет.
Бул балдарКыргыз Улуттук Агрардык университетинин студенттери болушат. Жатаканада жашагандыктан күндө таңэрте бирге турушуп, бирге чуркап дене тарбияга тийиштүү көнүгүүлөрдү аткарышат.Бирок бүгүн алардын көнүгүү аткарууга такыр көңүлдөрү жок, алардын оюнча аларбираз чарчашты. Бирок алар жаңылып жатышат, чындыкка жакын ойду Асылбекбилдирсе да ал деле өзүнүн айткандарына ишенбейт.
Жашаганжатаканага келишкенде Назира, Мелис, Асылбек менен Илгиз стадион жакка барып,бираз турник менен бурска тартылып келүүнү чечишти. Алардын асындагы кичүүболгон Жоробек бөлмөгө барып, чай даярдамай болду да алардан ажырап, жатаканагачуркап кирип бара жатты. Бөлмөгө кирип, чай коюп, үстөл үстүнө нан коюп жаткандаэшикти бирөө тыкылдатты. Таңаптай келген ким болгонуна кызыккан бала эшиктинилгичин чыгарып, эшикти ачты. Бейтааныш жигит.
– Ассалому алейкум, - деди бейтааныш сыпайы.
– Валейкум салам!Угуп жатам.
Тыкылдаткан Жоробекке тааныш эмес бала акырын эшиктитүрттү да бөлмөнүн ичине кирди. Уруксаты жок ичкери кирип жаш баланы элеңдеткентааныш эмес жигит бут кийимин чечпей, төр жака төшөлгөн палас, жер төшөккөчейин чыгып кетти.
– Ммм, жакшы бөлмөэкен. Канча бала жашайсыңар?
– Үч.
– Силер өзгөчө белгибасылган балдарсыңарбы? Эмнеге башка бөлмөлөрдө төрттөн жашашат да силердеболсо үч.
– А, биз деле төртөөэкенбиз. Мен...
– Коркпой эле кой,мен сага тийбейм, мен жакшы эле баламын.
Жоробек чынкоркуп турган. Ошондуктан төрт дегендин ордуна үч деп, үнү калтырап турган.Бирок эс учун кайра жыйып, бираз эрдигин жыя түштү:
– Сизге эмне керек?
– Досум, мен силердинжатаканаңарга конокко келдим эле.
– Анан?
– Анан эртең менентуруп, бираз сакалымды алып алайын, тишимди жууп алайын дедим да.
– Анан?
– Мен жатканбөлмөдөгү иничектерде эч нерсе жок экен. Самын, шетка, паста, бритва. Эч нерсежок экен, атаңдын көрү десе.
– Анан?
– Э, дос! Эмне элезирилдеп жатасың? Анан, анан... Анан банан, уктуңбу? Кыргыздар конокторунсыйлап келген, урматтап келген. Зирилдебей, жакшынакай тосуп алсаң! Менин кимэкенимди билесиңби?
– Жок.
– Билбесең билип ал,мени Жинди Урмат дешет! Илювоюн чачып салам, уктуңбу?
– Ооба!
– Мен сага зирилдебейчөн тур деп жатам!
– Зирилдеген жокмун.
– Тур бар, магапаста, шетка, самын, бритва алып кел! Ушуну айттырбай деле кылсаң болот эле да,мен сеникинде олтуруп турам. Болгун тез!
Алгач коркуп кеткен бала бөлмөдөн сыртка чыкты да, ананкайра эс учун жыйнап токтоп калды. «Энеңди урайын шумпай, конокмун деп коет,азыр өтүн үзбөсөм, ким жинди экенин көрсөтпөсөм! » деп сүйлөнүп алды да кайраданбөлмөгө кирди.
– Эмне тез эле барыпкелип калдыңбы? – деп сурады бейтааныш.
– Атың ким эле?
– Урмат, Жинди Урмат!
– Жинди Урмат, эчболбоду бутуңду чечип кирсең болот эле да, алдагы жерде биз отуруп тамакичебиз.
– Урганым барбы? Менайткан жакка барып кел, тез, эмесе өтүңдү үзөм.
– Өзүңө ишенесиңби?
– Эмне?
– Жүрчү эшиккечыгалы, мен жашаган жерди бок-сийдик аралаштырбай.
– Ошондо сен мени бок-сийдик деп жатасыңбы? – дедиордунан тик тура калган Урмат.
– Жүрбөйсүңбү? – депэшик жака бурула берген Жоробекти артынан секирип келип бел жака тептиатаандашы. Сокку катуу тийип, Жоробек алдын көздөй умтула, бөлмөсүнө каршыжайгашкан эшикке «тарс» деп жабышты. Ошол жерден мушташ башталды. Жоробекбиринчи курска жаңы келсе да көптөн бери машыккан бала, анын үстүнө бою узун,сөөктү. Жинди Урмат менен кармаша кетти. Тез арада кайдан жок балдар жыйналып,алардын дээрлик баары улуусу тарапта экени билинди. Жалгандан Урмат жеңилипбаратканда аларды бөлүштүрө калды эле, учурдан пайдаланып, топ бала кармаптурган Жоробекти каршылашы бетке тээп алды, жаш бала ошол жерден эс учунжоготуп койду.
– Энеңди десе, эшек!Карасаң, мен сага көрсөтөм Урматка тийген кандай болот экенин! Итибайдынкуйругу, шүмшүк, эшек, мэ сага мэ! – деп Урмат эс учун таппай жаткан баланыбөйрөк тушка тээп да алды. «Тфу» деп үстүнө түкүрүп да жиберди, - Эмнетурасыңар! Жоголгула көзгө көрүнбөй, комендантка жете турган болсо баарыңардыбирден кармап, тишиңерди калтырбай күбөм. Жок болуп кеткиле, бир тыйынпайдасыздар.
Чогулгандар таркап кетишти. Кыймылсыз жаткан баланы дагыбир жолу жамбаш тушка тепти да Жинди деген ысымды атына кош алып жүргөн Урматда кайым болду. Эки минуталык эс алуудан кийин Жоробек эсине келип, жөрмөлөгөнбоюнча бөлмөсүнө кирип, төлшөккө оронуп жатып алды.
– Бүгүн негедирмашыгууга табитим тартпай турат, - дедитурнике бир тартылып секирген Мелис.
– Менин да, бизгеэмне болгон?
– Жүргүлө, кеттик!Бүгүн баарыбыз дем алалы, эртен кылабыз бүгүнкүнү кошуп кылабыз, - деди Назира.
– Кут болот, капитан,- деп Мелис Назирага айтты да, «ай» деп кыйкырганына карабай аны жамбаштан ылдыйкучактап, көтөрүп жиберди. Кайра жерге түшүрүп, кол кармашып жатаканагакиришти.
Бөлмөгө кирсе бирин-серин кан тамчылаган. Балжайган буткийимдин издери калган. Асылбек болсо адатынча, издерди изилдеп кирди.
– Бул бут кийимкымбат экен, кымбат кийимдерди Адылдын балдары эле кийип жүрөт. Бул ошолордунбалдары.
– Жора, баарыжайындабы? – деп сурады коркуп кеткен Мелис төшөктү көтөрө.
– Ооба, - араңжанжооп кайтарды Жоробек.
– Ким келди?
– Билбейм, тааныбайтэкем. Жинди Урмат деди го.
– Эмнеге келиптир?
– Дүкөнгө барыпбритва, самын, шетка алып кел деди.
– Анан...
– Барбадым, - дедижиндене өйдө көтөрүлүп, - башын жулуп алат элет. Күчүм деле жетип турган булшумпайга, көтчүлүк кылып кетпедиби.
– Эмне кылып?
– Балдары таяк жепжаткан жеринен мени колтуктап, артка тартканда бираз эңкейип кеттим эле, беткетээп калды. Эстен танганда бөйрөктөргө каккыласа керек, азыр белимдин тегерегиооруп жатат.
– Эшек десе, - дегенбоюнча Мелис түз эле Адылдын бөлмөсүнө кирип барды.
– А, сенби? Эмне ишменен келдиң? – деп сурады эч нерседен кабары жок Адыл мисирее.
– Жалгандан билмексенболбо. Экөөбүз келишпедик беле, сен мага мен сага тийишпейм деп.
– Эмне? Эмне деп эледөөдүрөп жатасың? Сен мага тие аласыңбы?
– Э, Адыл! Далдырабайжакшына жүрсөң. Антпесе...
– Антпесе эмне?
– Өтүңдү үзүп колуңа карматап,көтөн чучугуңду көтөнөңдөн сууруп чыгып, мойнуңа жип кылып илип, асып коем.
Бул сөздү укканда тирешүүсүз иш бүтпөсүн түшүнгөн Адылдынжанындагы бала эшикке чыгып, качып жөнөдү. Адыл жалгыз калды, Мелистин жанындаАсылбек менен Илгиз.
– Сен акырын сүйлөсөң,- деп Адыл кезектеги куулугуна сала баштады, - Менин сага тийгеним жок. Тиймектүгүл жаныңа да барганым жок. Андыктан бошсуң, кете бер.
– Эй, Адыл! Өзүңчөэле мыйзамдагы уурунун кейпин кийип алып, каалаганыңды жасап жүрөсүң. Мен сагаакыркы жолу айтам, менин жанымда жүргөн балдарга асылба. Айрып саламбаарыңарды. Тетиги Урмат дөпүрөсүңө айтып кой, менин бөлмөмдү келип жуупкетсин. Антпесе өзүм алып барып, тили менен жалатам.
Аңгыча жана качып чыккан бала бир топ балдарды жыйнапкелип калды. Бираз калтыраган Адылга жан кирип:
– Эмне дейсиң? Э,акылсыз! Тайраңдап мага акыл үйрөтө турган сен кимсиң?
Адыл Мелистин жанына келип, беттен ары байкатпаймуштумдап жиберди. Ошол жерден мушташ чыгып, топтошкон балдар үч балагажабылып, катуу сокку беришти. Жеңилип бара жатканын баамдаган Мелис:
– Токтогула! Адылтарт балдарыңды! – деп кыйкырды.
Адыл балдарына:
– Токтогула, - депбир кыйкырып аларды тынчытты.
– Адыл, эркексиңби? Эркекче жүр! Эмне үч балага жабылып жатасыңар? Кел андан көрө бетме-бет экөөбүзмушташалы?
– Э, байкуш өлүпкалба!
– Кел, бирге-бир! Эркексиңби?
Мелис окуу десе окуудан, спорт десе спорттон калбаганбала. Аны баары билет. Жакында эле понкратиондон биринчи айлампада эки баламушташып, экөөнү тең он секундга жеткирдей кулаткан. Адыл да ал таймашта ринггечыккандыктан, өз көзү менен көргөн. Бирок бактысына жараша Мелисти эки адамдынмурдун сындырганы үчүн таймаштан четтеткендиктен экөө беттешпей калган. Эмимындай окуяга туш болуп калганына канчалык эр жүрөк болсо да, акыл менен калчапкоркуп турганы.
– Мелис, биз мындайкылалы. Биз сага убакыт берели, сен жакшылап даярдан. Чарчадың, эс ал. Балдарыңменен машык. Үч ай убакыт сага. Үч айдан кийин мен жактан төрт киши чыгып, сенжактан чыккан төрт киши менен беттешишет.
– Жок, азыр жүргүн.Сен жана мен! Башкаларды аралаштырба! Эрктүү болсоң бираз!
– Жиниме тийбегинбала! Ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт болуп. Даярдан, рингденжолугабыз. Мен баарын уюштурам!
– Жубаримбек десе,оюн карасаң! Бас, чык азыр!
– Мелис, кетип калчы!Үч ай бердим сага!
Адылга карай жулунган Мелисти улам Адылдын балдарыжакасынан кармап тартып турушту. Бираз да болсо учурдун кудуреттүү шумпайынаазыр жете албасын түшүнгөн Мелис ал менен макулдашууга аргасыз болду. Колкармашып, бөлмөсүнөн чыгып кетти.
– Эшектер десе!
– Мелис, бул кайсы арынатигилердин жол башчысы болуп жүрөт? Жүрөк жокко? – деп сурап калды Асылбек.
– Абийирин ачытып,алыска сасытпасам бул желмогуздун, - деп айтты Мелис.
Таңатпай башталган ызы-чуу дароо элес университеттинстуденттеринин арасына жайылды. Түшкө жакын Мелистин жакын достору бөлмөсүнөкелип, ал-акыбалын кабар алышты. Университетинин студенттик кеңешинин төрагасыда келип:
– Каалайсыңбы, азыришти колго алып, окуудан четтетүүсүн ректораттан талап кылабыз. Жатаканадагытартипти бузганы үчүн жатаканадан айдаттырабыз? – деген сунуштарын киргизди.
– Жок, азырынчакажети жок. Мен биринчи рингден жеңем, анан калганын.
– Жинди болбо досум,баардыгы. ..
– Эмне баардыгы?Буларды ушул күнгө чейин аядык. Бир туугандарыбыз да, акыры акыл кирет да депэңсеп жүрүп, алардын айбанга айланганын билбей калыптырбыс. Карасаң бул баланы,эсинен танып калса да урганын уланткан. Жок, бул бала менден кичүү, менин инимболот. Инилерди ызатташ керек дегендин ордуна, инилерди бөйрөктөш керек деп...дагы жакшы токтоп калыптыр. А эгер токтобосочу? Затына атын койгон Жинди Урматөлтүрүп коймок. Мен ишти мындай калтырбайм, биринчи рингде жолугушуп,эркектигин сынайын.
– Эмне кыласың сынап?
– Далилдеп берем!
– Кимге?
– Өзүлөрүнө!
– Кантип?
– Алар алсыздардыбашка чаап, жалгандан эркек болуп келишет. Бираз күчтүү болсо эле алы жетпей,коркушат да куу түлкүдөй көздөн кайым болот. Ал эми алсыз турган туугандарды сабап, буюмдарын тартып алышат. Акчатаба албаган мунжулардай, дубаналардай инилеринен тартып алышат. Эркек болсо,иним ачка калыпсың деп, тескерисинче сындырым нан бербейби. Байкуш баланын ата-энесиараңдан таап салган акчасын тартып албай.
– Мен сени түшүнүптурам, бирок...
– Мен аларды кайсыгана тил болбосун сындырып коем. Бир көрсөтөйүн күчүмдү, мушташкысы барбы, андамушташам. Сен мени үч айга дебат клубунун жетекчилигинен бошотуп турчу.Жардамын ушул болсун.
Төрага Мелистин оюн өзгөртүүгө канча аракет кылса да ишиоңунан чыкпады. Акыры Мелисти дебат клубунан бошотууга макулдугун берип,ийгиликти каалап кетти. Андан башка эмне кылсын, колунан эч нерсе келбейт.
Кеч киргенде тамак алдында төрт бала сөзгө түшүштү.
– Алар биз жактантөрт баланын чыгышын талап кылышууда, - деп түшүндүрө баштады Мелис, - демекалардан да төрт бала чыгат. Менимче Адыл чыкпайт болуш керек, анын айбаттууболгону менен суу жүрөк. Бираз арылдап койсоң эле коркуп турат. Демек, Алибаба,Карышкыр, Темирболот менен Эмир чыгат болушу керек. Эгерде андай болсо,Карышкыр Асылдыкы, Илгиз сага Темирболот, а мен болсо Алибабаны алам. Эмиргекимди чыгарсак?
– Мен чыгам! – дедиЖоробек.
– Кой Жора, сенин сөөгүңката элек, алар сенден төрт-беш улуу балдар, сындырып коюшат. Биз өзүбүз элежайлайбыз аларды.
– Чыңгызды албайлыбы?– деп Асылбек сунуш киргизди.
– Жок, Чыңгызстуденттик кеңештин ишин алып барсын, төрагага жардам керек. Мен беттешкемашыгып, иштен бираз четтеп калам, менин жоктугумду Чыңгыз билдирбей иштесин.
– Эмне, ошончо катуудаярданышыбыз керекпи? Күнүгө эле машыгып келебиз го, тигилерден кем калбай, -деп Илгиз чыкты.
– Алар үч айдыбекеринен алган жок, үч айда аябай катуу даярданса болот. Демек алар даярданат,андыктан биз да даярданышыбыз керек. Эртеңден баштап, кайрадан Акыл байкенинспорт залына барабыз. Күнүнө үч сааттан кем болбогон убакыт коротобуз.Даярданабыз. Кимди койсок экен, төртүнчү адам кылып?
– Мени алгылачы, -деп калды Назира.
– Сени алайыкпы? –деп Мелис таң кала сурап калды.
– Ооба, мен делемашыгып жүрөмүн го.
– Хм... макул ойлонупкөрөлү.
– Мелис, эгер Урматчыкса мени чыгаргылачы, өтүнөм, - деп Жора суранып калды.
– Макул, андабешөөбүз даярданалы.
Тамак ичипбүтүшкөндөн кийин чырайы келишкен Назира менен Мелис сыртка чыгып кетишти.Бишкектин жарыкка толгон көчөлөрүн аралап, сейилге чыгышты.
– Назик, сенмушташпай койсоң болбойбу?
– Болбойт!
– Эмнеге?
– Мен силерге карагандакүчтүү болбосом да аябай ыкчам экенимди билесиң. Жеңиш биз тарапта болушу үчүнменин жардамым керек, менин ыкчамдыгым керек.
– Менин жардамым,менин ыкчамдыгым. .. Сени деген кыз деп коет, кайдан гана табышып калдыкэкөөбүз?
– Эмне өкүнүпжатасыңбы?
– Жок, андай дебе?
– Анан эмне,үшкүрүнүп эле жатасың.
– Сенин эркектерменен тең тайлашып урушканыңды көргүм келбейт.
– Анда мен урушупжатканда карабай тур.
– Сени карабай кантиптурам. Рингде аябай сексуалду болуп көрүнөсүң.
– Ммм... чынбы?
– Ананчы, - деп МелисНазиранын бетинен сылады да, акырын малинадай болгон кызыл эриндеринен сорупалды.
Назиракичинекей кезинен баштап эле спорт менен машыгып келген. Мектеп курагында элебокс боюнча таймаштарга чыгып, өзүн көрсөтө алган. Үч жашында ата-энеси гимнастикагаберип койгонунан аябай ийилчек жана ыкчам болуп, кийин аны бокс мененайкалыштырганда аябай мыкты мушкер болуп тарбияланган. Бирок мүмкүнчүлүктөрүнубакыт сааты чыгып, такыр эле айла жок болуп калганда колдонот. Бейчеки эчкимге деле айтпайт, жанындагылар деле билишпейт. Тек гана күнүгө аны мененмашыккан Мелистин бөлмөсүндө жашаган балдар эле билишет. Эки түгөй жөө басыполтурушуп, эски «Достук», азыркы Ата Түрк паркына келишип, бош олтургучтардынбирине отурушуп, асмандагы жылдыздарга көз чаптырып олтурушту.
Жоробекуниверситетке жаңы тапшырганда эле жатакана алуу үчүн деканатка кайрылган.Бактысына жараша Асылбек, Илгиз жана Мелистин бөлмөлөрүнө туш болгон. Алар биртууган агаларындай эле болуп калган, дайыма эркелетишип, жандарында алыпжүрүшөт. Жоробекке өзгөчө Назира менен Мелистин сүйүүсү кызык. Бирде Назирадантактап сураса, бирде Мелиске кайрылат. Кантип таанышканы, сүйүү эмне экенитууралу суроолорду кайра-кайра берип, алардын тынчын ала берет. Бир күнү Мелисаны алдына отургузду да:
– Жора, мен азырбаарын толук айтып берем, мындан кийин менден бул тууралу сурай турган болбо.Сүйлөштүкпү? – деп келишим түзүп алды.
Андан кийиншашпастан Назира менен кантип таанышканы тууралу айта баштады.
Эх, ал учурлар азыр эстен чыгып бара жатат окшойт.Жазайын десем негедир эсиме бир да бир кыздын аты келбейт. Назира менентаанышардан мурда көп кыз менен сүйлөшүптүрмүн. Көп кызды таанып, аларгажүрөгүмдү жалгандан сунуштап, жалгандан алар менен ойноп күлүптүрмүн. Бир элеучурда эки, үч кызга көңүл бөлүп, жүрөк тартуулап, махабат ширесине батып,сейилбакта сейилдеген күндөрүмдү эстесем бир чети уялсам, Назираны көргөндөкызарып да кетем. Жашоодо бир кызга эмне үчүн токтоно албай жатканыма өзүм таңберет элем. Эмне үчүн мындай болуп жатат деген суроо башымдан чыкпай, качантоктолом дегендин караңгылыкта адашкан жообун ар жерден издей берет элем.
Билдирүүнү түзөткөн: supernurgazy: 02 Декабрь 2011 - 22:38