-Алыс жакка сапарга чыгып,бирок болмодо гулдорду караганга эч ким жок болуп калды дейли.Мындай учурда желим баштыкка(бакалошка)суудан толтуруп,анын капкагын мык м.н майда тешип,козонокчо жасап туруп,козонокчосун жерге каратып,гул тургап карапага коюп коёт.Баштыктагы суу акырындык м.н гулду сугара берет.
-Уйдо кумуш идиштериниз бар болсо аларды томондогу ыкма м.н тазалап алса болот:алюминийден жасалган кастрюлга 1л сууга 1 аш кашык туз ж.б 2 жумуртканын сырткы кабыгын салабыз.Суу кайнап чыккандан кийин ага айры м.н кашыктарды салып,15 секундтан кийин алып,сулгу м.н кургатып арчып коёбуз
-Жаны шыпыргыны 2-3 саатка туз кошулуп кайнатылган ысык сууга салып койсо,мындай шыпыргы узакка кызмат кылат.
-Столдогу туз ным тартып калбас учун ага картошканын унунан аралаштырып кою керек.
-Чай кайнаткан чайнектин ичи катмарланып турса ,суунун кайнашы учун чон энергия керектелет. Ашкана содасын сууга кошуп,ал коюу боткодой болгондо чайнектин ичине салып ,андан кийин уксустан куябыз.Ошондо чайнектин ичиндеги катмар жумшарып калат да аны тазалап коюу онойго турат.
-Эт туурагычтан каттуураак этти откоруу кыйынга турса ,эт туурагычтын ичине осумдук майынан 2 -3 кашык куюп койсо,кыйынчылык туудурбайт.
-Утукто кетирууго кыйын болгон дак калса,анда утукту бир аз ысытып,ашкана содасына салынган, нымдуу марли м.н суртуп коюу керек.
-Ачык банкадагы томат пастасынын устуно бир аз туздан сээп,осумдук майынан куюп койсо,бузулбай копко сакталат.
-ПИЯЗ тазалагандан кийин,колго туздан сээп анан жууп койсо,колдогу жыт таза кетет.
-Казан же кастрюлъ абдан кир же куйуп кеткен болсо,аны тазалаш учун кулдон калын салып,суу куюп,бир нече саат кайнатып,андан кийин тазалоо кыйынчылык туудурбайт.
Сиздерда пайдалуу кенештерден жаза кетиниздер
![:78:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default
/78.gif)
![:кош бол:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/40.gif)
Билдирүүнү түзөткөн: Alima96: 09 Май 2013 - 20:51