ayka96 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 538 (0,14 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (415 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 13 Июнь 14
- Кароолор:
- 25 361
- Соңку аракети
- 11 Ноя 2023 05:50
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 29 жашта
- Туулган күнү:
- Август 3, 1995
- Кызыгуусу:
- Аалам мейкиндиги
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Бишкек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Бүгүн эмне тамак жасайсыз...?
Жазылган күн: 24 Июн 2017
Мен манты жасап жатам. Анан боорсок и торт жана банановый блинчик -
Темасы: Тилек
Жазылган күн: 6 Апр 2017
.......ТИЛЕК..... .
7-АКЫРКЫ БӨЛҮМ.
Ширин экөөбүз төрөткананын далисинде операцияны 1,5 сааттан ашык күттүк. Сампарлап жааган кар качан токтогонун билбейм, сыртка чыксам, булуттар туш-тушка тарап, күүгүм алдында асман кайра түнөрөрү да, ачылары да белгисиз эле...
Чылым чегип кайра кирдим. Далистеги Ширин экөөбүздүн жаныбызга башкы гинеколог качан келип калганын байкабапмын.
– Кайрат кылгыла, – деди. Алдыбызда күнөөлүү немедей башын ылдый салганын көргөндө эле жүрөгүм шуу деген.
Айжүз экөөбүздүн ортодогу мамиле жөнүндө Жаркынга болгонун болгондой угуздум. Ага муну айтпаска аргам жок эле. Врачтар бардык аракетин жумшап баланы гана аман алып калышты. Балага эне сүтү керек экенин менден мурда Жаркын түшүндү. Айжүздү кара жерге жашырган күндүн эртеси эле ал уул төрөгөн. Ошол уулумдун аты Жаншерик. Үйдөгү эки бешикти алмак-салмак терметкен - Жаркын. Ал күнү да, түнү да эки бешиктин ортосунда отуруп көз ирмейт. Бир эмчегин Жаншерик, бирин Тилек сорот. Экөө бирдей ыйлаган учурда Жаншериктен мурда Тилекти колуна көтөрөт. Ал көбүрөөк ыйлайт. Дайыма Тилек ыйлап баштаганда жанымды коёрго жер таппайм. Мага анын үнү заар угулат.
Эмнеге экенин билбейм, эки күндүн биринде Айжүздүн кабырын көргөнгө келчү болуп алдым. Мүрзөнүн топурагын уучума мыкчып, аны менен сүйлөшөм. Аза күткөн күнү көөдөнүмдө өзүнөн-өзү жаралган ырды күңгүрөнүп окуйм.
Мейли, Теңир жерди көктөн айрысын,
Мени сенден неге бөлдү?.. Кайгы ушул.
Көнсөм дагы бир адатка баш оомо,
Көнөм кантип, көрбөй сени жашоого!
Күндө көрүп асмандагы ай, күндү
Унутамын кантип ушул кайгымды.
Жашоодогу зарлап жүрүп тилеген,
Жаның кантип Жаншериктен айрылды!
Калыбында калды баары өзгөрбөй,
Карааныңды жер үстүнөн көз көрбөй.
Зарлап жүрүп бул дүйнөдө артыңан,
Мен айланам жалгыз жанга дартысар.
Күндө көрүп асмандагы ай, күндү
Унутамын кантип ушул кайгымды.
Жароокерим, жашоо сүйгөн жан элең,
Жашоо менен жаның кантип айрылды!
Бир күнү Айжүз экөөбүз бир басып, бир турган көчөлөрдү, шаар ичин кыдыргым келди. Айжүздүн тирүү элесин жолуктурчудай эң биринчи бизди алгачкы жолу тааныштырган гүлзарга бардым. Теребелдин баары суз көрүндү. Тарбайган теректерде секирип жүргөн тыйын чычкандарды тиктеп отуруп сары мышык эсиме келди. Аны унутуп койгонум үчүн арбак алдында өзүмдү күнөөлүү сездим. Кароосуз калган сары мышыктын эмне болгонуна санааркап атайын бардым.
Подъездге кирип бир кезде Айжүз экөөбүздүн бутубуз баскан тепкичке кадам таштарым менен артыман «мыя-уу» деген үн угулду. Кылчайсам, мени таанып, артыман чуркап келген сары мышык буттарыма сөйкөнүп эркелей баштады. Тилин жаланып, колумду карайт. Баягы жонундагы жылтыраган жүнү клей төгүлгөндөй батташып бечара жүдөй түшүптүр. Упузун денеси жалаң тарамыштан бүткөндөй, кабыргасы кабырылып, булчуң эттери чыйратылган аркандай болуп көзүмө жаман көрүндү. Жонунан сыламакка эңкеерим менен мурдума жагымсыз жыты урду. Айжүз бардагыдай жууп, тарап, тамактандырган жан болбосо керек. Адам менен адамдын ортосундагы жоготууну кой, адам менен айбандын ортосундагы жоготуу да оңой эмес окшойт. Өмүрүмдө журтта калып улуган итти көргөмүн. Мышыкты көргөн эмесмин. Ээсиз калган мышык аянычтуу болот экен. Тозуп кетиптир. Көздөрү аяныч туудурган мышыкты ошондо көрдүм. Алаканыма койгон бир кездеги кебездей жумшак таманы курушкан кийиздей сезилди. Ичим ошондо сыйрылып, өксүп ыйлап ийдим. ....http://[moderated]/ group/54622242013196
(Аягы) -
Темасы: Тилек
Жазылган күн: 6 Апр 2017
.....ТИЛЕК...
6-БӨЛҮМ.
Жезде, Айжүз төрөдүбү?
– Андай кабарды эки сааттан бери чыдамсыз күтүп атам, – шайыр маанай менен жооп бергенге аракет кылдым. Антип Ширинге жооп айтарым менен экөөбүздө тең кабатырлануу башталды. Менде кандайдыр Шириндин алдында күнөөлүү сезим пайда болду. Бири-бирибизге үндөшпөй, короодо каршы-терши басып жүрсөк, жаныбызга ак халатчан бирөө келди:
– Силер Айжүздүн жакындары болосуңарбы?
– Ооба! – деп экөөбүз бирдей жооп узаттык.
– Анда сиздердин макулдук болсо, Айжүздү медициналык жардам менен төрөтүүгө уруксат алалы дедик. Кан басымы төмөн болгондуктан бөлөк жол жок.
– Ал кандай жол? – деп тынчсыздандым, Шириндин болсо оозунан келмеси түшүп калды.
– Кесарево.
– Кесарево! – Ширин бул сөздү укканда чочуп кетти, – бизге азыр Айжүздүн өзүнө жолугушууга уруксатпы?
Врач бир аз ойлонуп:
– Аны башкы гинекологдон сураңыздар, – деди.
Биз дароо башкы гинекологго кирдик. Ал бизге Айжүз жаткан палатага баш багууга кыйылып атып уруксат берди. Ширин экөөбүз гинекологдун артынан ээрчип Айжүз жаткан палатага кирсек, кыйналганынан эрдин кырча тиштенип жатыптыр. Ал бизди көрөр замат эчкирип ыйлап жиберди.
– Зардос, жанымда болчу. Коркуп атам.
– Эч жакка кетпейм… Жаныңда болом… Ыйлабачы…
– Жаншерикке өзүң бирдеңке шыбырачы, - алаканым менен Айжүздүн курсагын сыладым, – ага бирдеңке дечи.
– Жаншерик…
– Зардос, мен ага башка ысым койдум. Сен ошол ысымга макулсуңбу?
– Сен айткандын баарына макулмун. Кана, айтчы. Кандай ысым?
– Тилек.
– Тилегиң кабыл болсун! Жакшы ысым таапсың.
– Мурда экөөбүз Жаншерик болсун дегенбиз, эсиңдеби? Менин эми бул дүйнөдө зарлап күткөн тилегим аман болсун. Бул Тилегим сага аманат… – анын бул сөздөрүнөн денем үркүп кетти, – Тилек дегеним жактыбы сага?
– Тилек да жагат, Жаншерик да жагат. Сенин ниетиңдегинин баары жагат. Мага жакпаган сенин эч нерсең жок.
– Эмнеге Жаншерик эмес, Тилек дегим келет? – мага Айжүздүн каректери сырдуу кадалды. Менден жооп күткөн-күтпөгөнүн биле албадым.
– Жана бир өлүм менен өмүрдүн ортосундагы караңгыны көрдүм. Ошондо аны менен жан шерик болбосумду туюп, бир гана аман-эсен көз жарышын тилеп Жаншерик эмес, Тилек болсун дедим.
Сырттагы сампарлап жааган карды тиктеп, дагы эмне айтсам дегенсип тыным алып калды.
– Айжүз, антпечи.
– Эгер тилегеним жарыкка келсе, атын Тилек кой, макулбу?
Менден көздөрүн ала качыш үчүн башын жууркандын алдына катты. Өзүн кармана албай ыйлаган Айжүздүн бүлкүлдөгөн жуурканы көзүмө суунун майда толкунундай көрүндү. «Өзүңдү колго ал» деп айталбай койдум. Кайратым бош экен, аныкындай ый менин да көөдөнүмдү тээп турган. Мүмкүн, Айжүз акыркы жолу менден бирдеңке уккусу келгендир. А мен ага эмне дээримди билбедим. «Өзүңдү колго ал» дегенден башка сөз оозума келген жок. Бирок ошону да ичимен кайталап, сыртыма чыгара албадым.
Ширин бул учурда ак халатчандар алдына сунган журналга кол коюп чебелектеп жүргөн. Жаныма башкы гинеколог келгенинен Айжүз менин сыртка кетүүмдү суранды. Чыгып баратып артыма кылчайдым. Ак шейшептин алдына башын каткан Айжүзгө: «Өзүңдү колго ал», - дедим. Бирок ал уккан жок, эчкирип ыйлап жаткан. Эчкирген ыйын шейшептин алдына жашырып, ошондо менден эмне үчүн көздөрүн ала качты, билбейм......http: //[moderated]/group/54622242013196 -
Темасы: Тилек
Жазылган күн: 6 Апр 2017
..... ТИЛЕК...
5-БӨЛҮМ.
Эмне?!
– Анын атасы өзүң экениңди жакшы билесиң, – муну укканда шалдая түштүм.
– Эми эмне кылыш керек дейсиң?
– Оюңа келгенди кыл, – деди.
– Сен оюңа келгенди айта бергендей, мен оюма келгенди кылбайм. Бул баш ооруну… – андан аркысын эмне дээримди билбей калдым.
– Бул баш ооруну мага эле калтырчы, Кудай жалгагыр!
– Бул эми экөөбүздүн баш оору.
– Мен сага али жарык дүйнөгө келе элек наристенин залакасын тийгизбей, өзүм эле асырайм. Бирок сенин эмне мынча тынчың кетти? Мындай сыноо башыңа келгенде бүжүрөп каларыңды күткөн эмесмин.
– Адегенде жарык дүйнөгө келер наристе жол караган атасыз жетим болуп каларын ойлодуңбу? Күнөөсүз бечаранын атасы болор-болбосумду күн мурунтан менден эмне сурабадың? Же менин тагдырымды сыртыман бычып калдыңбы?! Анын тагдыры, келечеги эмне болорун ойлодуң беле? «Атаң ким?» деген ар кимдин дейди суроосу баланы өмүр бою жер каратарын билесиңби?
– “Апамдын баласымын” деп айтат.
– Атасыз бала деген баары бир атасыз!
– Атасы сен… Тирүү турасың го!
– Ата деген сен ойлогондой тийип-качып, келип-кетип жүргөн жолбун ит эмес. Ал да баланын маңдайынан сылап, тизесине алып отуруп эркелеткендей болуш керек. Билсең, ата деген - үй-бүлөнүн төбөсүндөгү түндүк. А биз үй-бүлө эмес, ойношпуз, – бул сөз оозуман кантип чыгып кеткенин өзүм билбей калдым.
– Ойнош болсок ойношпуз. А эмне, ойноштон бала төрөгөндөр жок бекен? Эгер баланы атасыз өстүргүң келбесе, анда сенин токолуң болуп тиеин. Көнөсүңбү? – мени шакаба чеккенин да, чын айтканын да түшүнгөнүм жок, – анда үйүң бала бакчага айланып, өзүң айткандай, үстүбүздөгү түндүгүбүзгө айланасың. Анда сен мактаган Жаркындын эстүүлүгү чын болсо, ал байбичең кереге, мен, токолуң уук болом. Анан сендей түндүк кармап турса, кереге менен уук эмнеге кыйрасын.
Айжүз мени мыскылдап да, табалап да кирди.
– Чынында мындай жаңылык эр жигитти кубандырабы дедим эле. А сен кубанмак түгүл, заманың куурулуп кетти го, бечара.
Ортобуз жымжырт болуп калды. Экөөбүздүн ортобузда болгон жымжырттык биринчи жолу узакка созулду. Ал ыйлап жиберди.
– Эми мени эне болуу бактысынан ажыратар киши сен эмессиң. Зарлап тилеген баламдын тагдырына кейибе. Сага анын эч залакасын тийгизбейм. Жаныма караан болор жан шерикти өзүм асырайм. Мен да эне болуу бактысынан кечиккенимди түшүнүп тобокелге бардым. Менин жалгыздыгымды сен кайдан түшүнмөк элең. Күндөн-күнгө сени күткөндөн жададым. Сен келгенде кучагым толо тосуп алып, кайра кетериңде мына бул босогодон узаткандан жададым. Мына бу бөлмөнүн ичиндеги жалгыз караанымдан, жалгыз жаздыкты кучактап жаткандан жададым.
Эмне дейм? Башымды шылкыйтып отуруп бердим. Бөлмөдөгү чылымдын түтүнүнөн башым ооруй баштады. Айжүздүн негедир бүгүн бир дагы тал чылым чекпегенин байкап ичимен өзүмө-өзүм суроо бердим: «Эмнеге чекпей калган?»
Айжүзгө келип-кетем, бирок мурдагыдай эмес. Ай-күнү жакындаган сайын ал мага таарынчаак болуп алды. Кээде болор-болбос нерседен чыртыйып калат. Ага дайыма врачтардын да, башкалардын да тыкыр көзөмөлү керек болду. Аны күнүгө көзөмөлгө алууга менин мүмкүнчүлүгүм жок, жанында көп учурда Ширин болуп атты.
Гинекологдор Айжүзгө “эркек бала төрөйсүң” дешиптир. Биз ошондуктан али төрөлө элек наристебиздин атын Жаншерик коюп алдык. Мен эми Айжүздү эле эмес, анын курсагында жаткан Жаншерикти да эркелетчү болдум. Келерим менен Айжүздүн курсагына алаканымды басып Жаншерик менен да учурашам, сүйлөшөм. Анын башы кайда, буту кайда экенин издегенимди Айжүз жактырарын билем. Ошон үчүн мен да Айжүздүн кытыгысын келтирип курсагын сылагандан жадабайм.
Тагдырдын тамашасы: Айжүз эле эмес, Жаркындын да боюнда бар болчу. Анын да ай-күнү жетип калган. Мүмкүн, Айжүздөн мурда төрөйт же удаалаш. Айтор, экөөнүн тең курсагы жер шарындай чендеет. Кимиси мурда, билбейм. Билгеним – Айжүз эркек төрөйт. А Жаркынчы?
***
Кар ошол күнү болуп көрбөгөндөй жаады. Шаар ичинде мурда мындай калың жааган карды көргөн эмесмин. Негедир ошондо жааган кар башыма чоң кайгыны кошо жаадыргандай сезилет. Кучагым толо гүл көтөрүп, төрөткананын терезесинен Айжүз качан көрүнөт деп Жаншериктин жарыкка келишин күткөм. Эртең менен иштеген жериме Ширин телефон чалып Айжүздү тез жардам менен төрөтканага жеткиргенин айткан. Абалын сурасам, «жакшы», - деди. Дароо жетип келдим. Себеби дайыма Жаркын да тез жардам менен төрөтканага жетер замат көз жарарын билчүмүн. Калың жааган карды кечип бир жарым сааттан ашык убакыт төрөткананын короосунда басып жүрдүм. Сууктан улам колумдагы гүлдөр бүрүшүп калганда аргасыздан ыргытканга туура келди. Гүл бир заматта кар астына көмүлүп өзүнчө апапак дөңчө пайда болду. Мен жаңыдан келгендеги жаап жаткан кардын өлчөмү кызыл ашыктан тез эле тизеге жеткени эсимде. Майда-майда кадам менен төрөткананын короосундагы карды таптап атканымда Ширин келип калды. Ошондо анын «жезде» дегенин биринчи уктум......http: //[moderated]/group/54622242013196 -
Темасы: Тилек
Жазылган күн: 6 Апр 2017
......ТИЛЕК...
4-БӨЛҮМ.
Айжүз ооруканадан чыккандан кийин кайрадан мурдагыдай гүлзардан жолугушуп, ажырагыс болдук. Ошол жаздагы барпайган сирень гүлдөр бүчүрлөгөнгө чейин күндө кезигишип жүрдүк. Күндө кечте анын үйүнөн чыгып үйгө барганыма бир күнү Жаркындын акыркы чыдамы түгөнсө керек, түйүнчөгүн түйүп коюптур…
– Үйдөн сен эмес, мен кетем, – дедим, – бирок экөөбүз жаман сөз айтышпайлы, – башкасы башка эле, муну уккан 4 жашар балам чырылдап ыйлап жиберди…
– Ата, кетпеңиз! Апам да кетпейт, – жеңимен тартып боздогон кенжемдин ошол сөзүн угуп босогодон сыртка аттай албай койдум. Жаркын экөөбүздүн ортобуз күндөн-күнгө алыстаса да, бирок балдар үчүн бирге жашоого аргасыз экенибизди ал да түшүндү, мен да.
Жаз өттү, жай өттү. Күз башталды. Үй-бүлөгө мурдагыдай камкор болбой калдым. Мурда күн сайын үйгө куру кол келбей, кайсы балам эмнени жакшы көрсө, каалаган таттуусун же оюнчугун алып берчү элем. Анын бири да оюмда жок, мурдагыдай балдарды эмес, Айжүздү гана эркелетчү болдум. Жаркын менен балдарды аяп гана коём. Болду. Жаркын кээде:
– Мейманканага келген кишидей болбой балдарга көңүл бурсаңчы, – деген кекээр мамилесин билдиргени болбосо, ортобузда бөлөк чатак жок. Үйдөгү маселе башка кеп, Илимдер академиясындагы иштерим солгундап жетекчимден көп нааразычылыктарды уга баштадым. Мурда маанилүү сезилген илимий иштериме болгон мамиле да таптакыр өзгөрдү.
Жаркынды түшүнсө болот эле, кээде Айжүз экөөбүздүн ортодо да түшүнбөөчүлүктөр чыга баштады. Айжүз экөөбүз маңдай-тескей отурган бир күнү күтүүсүздөн эле:
– Сен мага чыныңды айтчы, Жаркын экөөбүздүн кимибизди жакшы көрөсүң? – дебеспи. Эмне дейин…
– Экөөңдү бирдей, – демиш болдум.
– Мүмкүн эмес.
– Мүмкүн эле. Бириң – оң көзүм, бириң – сол. Анан кантип бирин жакшы, бирин жаман көрөйүн.
– Тагыраак айтканда, кимибиз оң көзүң да, кимибиз сол көзүң?
– Көз болгондон кийин анын оңу кайсы, солу кайсы… Айырмасы барбы?
– А сен бир көзүң бир көзүңө жоо экенин билесиңби? – дегенине ойлонуп калдым, – сенин ошо Жаркын экөөбүздү эки карегиңдей санаганыңа да рахмат. Бирок…
– Эмне бирок?
– Сени менен дагы канчага чейин жашыруун никеде жүрө берем?
– Көңүлүбүз сууганга чейин.
– Сенин көңүлүң менден, менин көңүлүм сенден сууганга чейинби?
– Денесине эч бир түк чыгалек кызыл эт балапанды көрдүң беле? Аны мына минтип кебездей жумшак алаканыңа салып мээрим төксөң, ошончо тез өлөт.
– Муну менен эмне айткың бар?
– Сүйүү дал ошол кызыл эт балапанга окшош. Ага кол жетип, мээрим өткөн сайын уйпаланат.
– Демек, Жаркын экөөңөрдүн сүйүү кызыл эт балапандай болуптур да. А жанагы сүйүүнү эки көздүн карегиндей сактарыңа ишенип болбойт экен да.
– Билсең, одно любовь значит – тысячи любовь, а тысяча любовь – это одно.
– По твоему любовь только лишь философия… Сен үчүн ал – эки көздүн кареги, же кызыл эт балапан, же жөн эле куурчак турбайбы!
– Ар кимдин түшүнүгүндө ар башка. Романтикалуу сүйүү никеге чейин гана. Эки жүрөк бирге жашай баштаганда ысыгы ортодогу балдарга өтөт.
– Сүйүү жалыны суугандан кийин ушинтип философияга айланат дечи.
– Бул дүйнөдө күндүн нурунан башканын баары сууйт. А сүйүү дегенибиз келди-кетме.
– Анда угуп ал, философ! Өзүңдү буга чейин байкайбы десем, байкабадың. Элде жок акыл сенде болгону менен жүрөгүңдө сезим-туюм жок экен… – Айжүздүн мурда мындай ачуусу келгенин көргөн эмесмин. Ал бир аз тыныгуудан кийин балээнин башын кылтыйтты…
– Менин жүрөгүмдүн алдында дагы бир кичинекей жүрөктүн дабышы бар экенин туйдуң беле?.....http:// [moderated]/group/54622242013196
Комментарийлер
suluukg
20 Ноя 2016 - 23:32Begimkyz
05 Сен 2014 - 15:14