adalsvards (16 Февраль 2016 - 16:26) жазган:
Байкуш кара далылардын да багы ачылып калар беле)))
Бирок чоң-чоң тилекке каршы, жалпы кыргыз эркектердин 99 пайызы, кой, майдаланбайын, мейли 98 пайызы 1 аялды да(эч жерде эч качан иштетпей! ) бала-чакасы менен кошуп эптеп бага албайт! Эптеп бага алса, Кыргызстан ушул кейипке түшпөйт эле, 1990-жылдардын башындагы Орусия менен Казакстанды көздөй агылган чаар баштыкчан аялдардын армиясын көрбөйт элек. 25 жылдык мурунку тарыхты кайсы арыма барактайм, мына кечээ-бүгүн интернетти дагы бир жолу дүң кылып жаткан "патриот" сөрөйлөргө жем болгон кыздарга жаман-жакшы пикир жазбайт элек. Ошол кыздардын аталары, агалары, инилери, жолдоштору кана? Кайда жүрүшөт?
Туура айтасыз!
Анан да азыркы убакта,аялы иштебей уйдо болсо "иштебей жатасын"деп, тапканын милдет кылып коркуткан эркектер да коп экен.