priora1982 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 17 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (17 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 30 Август 13
- Кароолор:
- 10 119
- Соңку аракети
29 Янв 2018 01:03
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 42 жашта
- Туулган күнү:
- Март 2, 1982
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Чоочун киши.
Жазылган күн: 11 Июл 2015
Жигиттин жигиттигине суктанып,озунон козу отуп,эки бети чоктой жанып,анда-санда ичинен дем алып,журогу турсулдой согуп,арзуусу артып олтурган келинди байкап Байбура минтип айтыптыр:
-Андай болсо,намыстуу кыз айтканынан кайтпас,аке. Салтанат оз уруусунан башка эл,башка уруудан бозум тулок шумкардын чыгаарын билген эмес экен анда.Ошондой болсо да,ошол башка уруунун уландарын адам катарында корбогон,Салтанат сулуунун кабарын угуп,атайын келип олтурабыз ак тилек менен.Айдай болгон,атактуу кызды алууга арзыбасак да,алдынан отуп,бир коруп кетууго болбос бекен?-деп,Байбура уй ээсине отунуч кылган болуптур.Ошондо, коздору оттой жанган сулуу жигиттин сурунон апкаарый тушкон Салтанаттын агасынын тили курмоого келбей буула тушкон имиш...
Ушул кезде,келген жигиттердин жон-жайын женесинен уккан Салтанаттын журогу алып-учуп,делебеси козголот.Бирок жигит,жигиттин гулу болмоктон,кундун кукуму болсо да,адамды адам корбой туруп,башка бироолордун айтуусу боюнча суйуп жибермек беле.Салтанат канчалык эр кокурок,тайманбас кыз болсо дагы,Байбуранын устуно даап кире алган эмес дешет.Ал каш карарып,тун киргенде женесин жанына алып,Байбура конок болуп,оргуп жаткан оргоого басып барган дейт.Ошондо Салтанат сулуу,жабыктан шыкаалап карап туруп,эрдин кесе тиштеген экен,Жайнагул балам.Баягы оз уруусунан башканы тенине албаган жаш журок,Байбураны бир коргондо эле ашык болуп,жактырып калыптыр.
-Адамзаттан мындай асыл чыгат деп ойлогон эмес элем,жене.Акем бекер айткан экен мен жонундо.Байбура менен озум беттешип,озум жооп берсем болмок экен,-деп эсин жыя албай,капшытка суйонгон бойдон туруп калган имиш.
Ушул саамда тордун тобосундо,ачылган гулдой болуп,жайнап олтурган Байбура капшыт жактан чыккан шоокумду сезип,кантсе да болду,болбоду Салтанат келип,мени сынап турбасын деген ниетте,озунчо эле бир жаштык журоктон сызылып чыккан,арзуу менен энсоонун ортосунан канаттуу куштай оболоп,канат серпкен мукам кууну чертет.Бул куунун сыбызгыдай бирде сыздап,бирде толкуп,бирде мунканып,бирде шаттанып мин туркун кайрыкка болонуп чертилиши Салтанатты ого бетер талытып салат.Кеткиси келбей уй-жабык менен жабык болуп жабышып турган кайын синдисин алып кетуунун аракетин кылып,женеси минтет:
-Журу,кагылайын бийкеч,агаларын корсо уят.
-Кое турчу женеке,коркуно козум тойгончо карап,куусуно кулагымдын кумары канганча угуп алайын,мырза жигиттин,-деп Салтанат Байбураны жабыктан тээ бир оокумга чейин карап туруп.-Ой тобо,кулак менен коздо курсак болсочу ыя ,жене,-деп журогуно куйут тушуп кайра тартат.Ал Байбураны эртен эле аттанып кетуучудой коруп,энесине барып минтип айтыптыр:
-Эне,мен башка элде,башка жерде жакшы жигит жок болсо керек деп жанылгандыгыма бушайман болуп,оз арманым озумдо болуп,бармагымды тиштеп олтурам.Бутунан мудурулгон турат,оозунан мудурулгон турбайт дегендей,бул мырза жигитти коргондо эсимден танып,эмне кылаарымды билбей калдым.Акем, ага менин айткан создорумду токпой-чачпай айтып,кесе жооп берип тунултуп коюптур.Кокус учкул кыял,курч муноз,орттой жанган Байбура,кайра аттанып кетип калбасын,энеке, атама айтып,акем менен суйлошуп кор.Эрди намыс,коенду камыш олтурот.Атагы алыска кеткен,Бугу элинин мунарасы болгон атактуу уруунун айлына келип,ат оргутуп,эр тыныкпай кетсе болбос.Кокус Байбуранын конулуно жагып калсам,жок дебей макул болуп,озум жообун берейин.Той болуучу кунду болжоп,Байбурага ак жол каалап,карегиме кан толгончо караанын карап,озум узатып калайын.Туурубузга кайып-каскагынан озу келип конгон,бозум тулок шумкарды байкоостон, чочутуп учуруп жиберсенер, Салтанат кызынар омур бою окутто журуп,козунон жаш,кокурогунон дарт кетпей арманда отоор дуйнодон.Атама айтыныз эне,айтканымды чеки дебей,арт жагын абайлап,кызынын тагдырын ойлосун...
Ачка айланып,токко толгонуучу, белдуу жерден куда-соок кутуу,кыз баланы ыйлабай турган жерге тапшырып,конушуна кондуруу эзелтен бери келаткан ата-эненин тилеги эмеспи.Салтанаттын созун уга электе эле,кыраакы ата,Байбураны жактырып,пейили тартып турган болучу.Байбичеси кызынын айткан аманатын айтканда кым дей тушту.Ушундан кийин Байбуралар конок болуп,эки-уч куну туруп калышат...
Экинчи кун дегенде эки келин,эки кыз Байбуранын устуно Салтанатты алып киришет.Ак куудай мойну койкоюп,кош этек салынган,бирде жашыл ,бирде кызыл,бирде кок,бирде гулгун сары болуп,кыздын кыймылы менен кошо токсон кубулган лампук койногунун устуно уч белдуу кызыл кыжымы чыптама,бутуна кооздоп оюуланган кончу узун кызыл отук кийип,тундой кара чачы ай далыга тогулуп боркунун укусун улпулдото,аземдене баскан Салтанат кызды коргондо,кош жаздыкты чыканакка коюп,менменсинип, чирене тартып жаткан байбура ордунан туруп,кыздарга ызаат корсотуп,он колун коодонуно алып: -
Темасы: Чоочун киши.
Жазылган күн: 3 Июл 2015
Ошентип алар кеч бешимде Салтанаттын айылына барып калышат.Бул чоочун жолоочуларды коргон айылдын ажаан иттери чогулуп,меймандарды айлана чуркап ажылдап,айлананы азан-казан тушуруп да жиберишет.Ушул мезгилде жамаатташ тигилген торт уйдун экинчи уйунон эки жигит чыгып,Байбуралардын астын тосо басышат.Салам айтып,алик алынат.Жигиттер жолоочулардын салтанаттуу кебетелерин коруп,шаша-буша аттарын алып,оздорун меймандар учун тигилген четки оргоого баштап киришкен имиш.Арадан коп убакыт отпой ,дасторкон жайылып,орук- мейиз тогулуп,май томурулуп,чий боорсоктор чачылып,адегенде кочкор муйуз болуп кооздолуп жасалган коокорго куюлган кымыз келиптир.Мейман жигиттер сыр аякка куюлган кымыздан сыпаа жутуп,алдыларына коет.Анын артынан самоор кайнап,чай киргизилет. Байбуралар чачылган канттан алышып,четинен кырт эттирип кичинеден тиштеп,памил чайдан манчыркай ууртап коюп олтурушат.Меймандарга чай куюп олтурган Салтанаттын бир тууган женеси экен.Келиндин эки козу кайра-кайра Байбурага кадала тушуп тайыйт.Анын бул коз карашында Кудая тобо,адамдан да ушундай жылдыздуу,сулуу жигит чыгат экен ээ-деген жазуу турат.Жаныдан эле чай куюла баштаган кезде жигиттердин устуно орто бойлуу,сулуучасынан келген,нур жуздуу бир жигит кириптир.
Байбуралар тигил адамдын улуулугун урматтап,орундарынан тура калышып,колдорун бооруна алып,сыпайгерчилик менен саламына алик алышат.
-Олтура бергиле,-дептир тигил киши,меймандарга мээримдуулугун корсотуп,ак мандайы жарк этип.Бардыгы кайра олтурушат. -Ии,жол болсун мырзалар.Жай сураша олтуралы.Кайсы жер,кайсы элден келатасыздар? Кай тарапка баратасыздар? Атынарга караганда алыстан келаткан кейпинер бар?-дептир Салтанаттын агасы.
Мурда тигил жактан бекитилип,суйлошулгон соз боюнча Байбуранын жанындагы куйоо жолдоштордун чечени,мурутун сылап коюп минтип айтыптыр:
-Биз тээтиги сары озон Чуй тараптан келатабыз агатай.Мына бул Байбура деген жигит,бутун кыргыз жергесин кыдырып,кыз коруп,кыз жактырбай келатат.Ушул айылда Салтанат деген кыздын кабарын угуп,ат арытып келип калдык коргону.Эгерде Салтанат Байбура мырзага жагып калса,арадан апта айланып,ай отпой,алтын- кумуш зар жуктоп,айры оркочтуу нар айдап,токсон кулук баш кылып,топудай кебез байлатып,кудалыкка келебиз.Бизге, жигитке кыз,кызга жигит жакса болгону...
Бул созду угуп Салтанаттын агасы ойго батат.Куйоо болчу жигитке оон жок экен.Бирок кыргыз жергесин кыркасы менен кыдырып кыз жактырбай келаткан мырзага,кокусунан Салтанат жакпай калса,кантебиз. Анда ай жамалдуу Салтанат,Байбура деген бир мырза жигитке чандырып жибериптир, деп калайык калкка шерменде болгончо,Салтанаттын башка уруунун уулдарына куйоого чыкпасын алдын-ала эскертип,мизин кайтарып коеюн,-деген жыйынтыкка келип,минтип айткан экен:
-Ие,Байбура мырза,Салтанат деген карындашымдын калкына берген созу бар эле,-деп тигил киши соз баштап баратып,токтоло калат.Анткени бет мандайында чай куюп олтурган аялы эрине,антип айтпа дегендей аста башын чайкап,алдынкы эрдин тиштеп койгонуна тушуно бербей буйдалат.
Ангыча Байбуранын тигил баамчыл,кыраакы жолдошу,аялды тушуно коюп,уй ээсин шаштыра сурайт:
-Ал кандай соз болду экен,аке,угууга болобу?
-Ии,карындашым Салтанат,озумо тен келуучу жигит,кыргыз жергесинде жок деп эсептейт.Мага оз уруумдун жигиттери гана тен.Башка элдин суу журок баатырынан, оз элимдин карапайым букарасы артык,ошон учун мен,башка уруунун уландарына барбайм деп ант берип,шерт кылып койгон.Мен,мыктынын мыктысымын деген эчен-эчен озунорго окшогон жигиттер келип Салтанаттын купулуна толбой,боз ала болуп кайра кетишкен... -
Темасы: Чоочун киши.
Жазылган күн: 28 Июн 2015
Байбураны аттап-тондоп туруп,ат устунон адегенде бир сынап алышат.Мойну куудай койкойгон,жал- куйругу тогулгон гулдуу бадам ак боз атты мингенде,бала туурга конгон барчындай болуп,мурдагыдан да сынына чыгып келишими арта тушуптур.Адам корку чупурок,жыгач корку жалбырак дегендей,кымбат баалуу асыл кийимдерди кийип,зынгырай тушкон Байбураны сынайбыз деп,чогулуп тургандар кубур-шыбыр болуп:Тообо, жигиттин гулу тура Байбура.Адам эмес эле,асмандан тушкон перинин уулуна окшойт да.Ту-ту коз тийбесин.Бул да бироонун козун карап,кокулун сылаган чолпону.Куур тондун ичинде,куурасын жигит олбосун дегендей,жупуну жургондо мынчалык сулуу,мынчалык келишимдуу болуп бой жетип калганы байкалган эмес турбайбы -дешет.
Чогулган эли-журту сындан жакшы откон Байбурага ак жол каалап узатышат.Мезгил жайдын толуп турган учуру экен.Кун ысык.Жигиттер шашпай журуп олтурушуп,учунчу кун дегенде Салтанаттын айылына жакын келип токтошуптур. Шар аккан суунун буйткалуу боюна келип аттан тушуп,килем куржунду алып,аттарын отко коюшуптур.Анан жыты жыпар жыттанган кол самындар менен сууга тушушуп,денелерин сергитип,кийимдерин алмаштырат. Байбура бутуна кийген намеркан маасысын аарчып,жалтырата тазалап,устуно кайырма жакалуу ак жибек койнок жака-женин сайып,кооздоп тигилген курон жашыл баркыт шым-бешмант, анын тышынан четине кундуз кармалган эки кат кымкап чепкен,башына бешмантына окшош баркыт менен кыюуланган торт тала ак калпак киет.Ичинен, жаркыраган жакут таштарды,кумуш менен алтынга чогоруп,оюуланып, коздоп жасалган кемер курду курчанат.Байбуранын жигиттери да ончой кок нооту менен кымкап кийишип,атырдан себинишет. -
Темасы: Чоочун киши.
Жазылган күн: 23 Июн 2015
Кадырдын созун олтургандардын баары туура табышат.Байбураны ошол эле замат алдырып келишет.Анан болгон окуяны,кенешкен кепти кулагына кумдай куюшат.Эр намысы-Эл намысы,-деп улуу-кичуу дуркуроп сурап туруп алышат.Ары кетип,бери кетип,токсон тогуз толгонуп жатып,акыры калк кадырын кайт кыла албаган Байбура макул болот.Ошондо, баятан бери коз токтотуп,сынай тиктеп олтурган Олжобай,Байбураны жанына чакырып алып:Жылдызын тогулгон,ыймандуу жигит болгон турбайсынбы. Жаш болсон да эл оозуна кирип калыптырсын. Бул жигиттиктин белгиси,иним, оозунда созу,колунда онору бар деп уктум,аман бол,атанын баласы болгон турбайсынбы! -деп жактыруудан журогу толуп,мандайынан обот.Анан олтурган элге карап минтет:
-Байбурага жолдош болуп эки жигит барсын.Учооно тен ат жакшысын мингизип,тон жакшысын кийгизуу керек.Байбура менин гулдуу бадам ак боз атымды минсин.Ал эми тиги эки жигиттин мингени окшош кара аргымак болсун.Мынча болгондон кийин,баарын кемтиксиз,шайма- щай иштешибиз керек.Корпочодон баштап,желдигине чейин тер эмес,атыр жыттанып тургандай болсун.Ушулар колдон келеби,туугандар?
-Колдон келет,аракет кылабыз!-Олтургандар дуркуроп кетти...
Даярдык корулуп буткончо,арадан апта эмес,ай отуп кетти.Коп тукурсо кол болот дегендей,акыркы камылга бутуп,жигиттердин жолго чыгуучу мезгили да келип жетти.Жаш жигиттерге акыркы соз,акыркы акылдар айтылып жатты.Алар Салтанаттын айлына барганда эмне кылыш керектигин, кимиси эмне деп суйлоп,эмне деп айтаар соз эле эмес,сунулган чыныны кандай кармап,чайды кандай ууртап,кандай ичууго чейин,балдардын кулагына кумдай куюлду. -
Темасы: Чоочун киши.
Жазылган күн: 22 Июн 2015
Бул кабар тез эле кол айланасына чагылгандай тарайт.Кесирлуу кыздын кер созу калайык-калктын кыжырын келтирип,жарды- жалчылардын намысына от коет.Ушул кезде Ысык-Колдун кунгой тарабында,атагы алыска кеткен,эл алып,журт баккан Олжобай деген жалгыз аттуу,жалгыз тондуу жигит болуптур.Ал. кыз созун угуп,Салтанатты бир чети сынамакка,бир чети чыны менен иниси Кудайбердини кыз корууго жиберет.Чындыгында эле Кудайберди сыны бийик,сырты тузук,козго толумдуу жигит экен.Салтанаттын журогуно от койсо,ушул иним от коет-деген ниет менен тын жигиттерден жанына жолдош кошуп,Кудайбердини шашылыш аткарат.Бирок Салтанаттан алар жакшы жооп укпай,шагы сынып кайра келишет.Ошондо Олжобай баатыр,акыл кощчу айыл аксакалдарды, эстуу-баштуу жигиттерди чогултуп алып минтип айтат:
-Ушунча элди,эл ичинде жашаган эр азаматтарды, жанагы Бугунун Салтанат деген жаман кызы,санга кошпой олтурат.Олжобай баатырдын бул иниси,башы кара,буту ийри,коргон коптун бири экен.Олжобай аке,Салтанатты келин кылып алууну самап убара болбой,оз инисине тен келуучу жерге кол сунса болмок экен.Инимди Салтанат жактырбаптыр деп мага баатыр капа болбосун,-дептир. Бул кемсинтуу,жалгыз менин керт башым эмес,баарына тиешелуу деп ойлойм.Ошон учун Салтанаттын ата-энесин,ага- инисин сындыра турган айла-амал керек болуп турат,туугандар. Муну кандай дейсинер?-дептир айланасында олтургандарга суроолуу карап.
Баатыр жигиттин,акылыма акыл кошот деген жолдош-жоролору, олтурган улуу-кичуунун баары баштарын жерге салып,жер чукуп,эмне кылып,кандайча Салтанаттын шагын сындырып,урук- тууганын жер каратып келээрдин амалын таба алышпай айлалары кетет.Ушул маалда ата-бабасынан бери дыйканчылык менен агарып-когоруп, калк кадырына ээ болуп келаткан,акылга дыйкан,нары эстуу,нары калыс,чукугандай соз тапкан Кадыр деген жигит,башын которо берип,Олжобайга карап минтип барк этти:
-Э,ал кызды сындыруунун шарты оной эле.Макул десенер Байбураны жасап-тузоп, аттап-тондоп, жанына жаландаган мыкты жигиттерден кошуп,кыргыз жергесин кыдырып,кыр коруп,кыз жактырбай жургон киши кылып аттандыралы. Салтанат адамдын кызы эмес,перинин кызы болсо да,бир коргондо эле Байбураны жактырып каларына ишенип койгула.Бирок Байбура кыз журогуно чок салып коюп,бир шылтоо таап аттанып кетсин.Байбурага жетпегенине арман кылып,ашыктыгы артып,Салтанатынар самандай саргайып,тошокко жатып калбаса,мурдумду туурасынан кесип берейин...
Комментарийлер
priora1982 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?