Akul-Kara-chach Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 518 (0,14 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (151 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 02 Июль 14
- Кароолор:
- 25 321
- Соңку аракети
- 26 Сен 2015 00:39
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 29 жашта
- Туулган күнү:
- Сентябрь 24, 1994
- Кызыгуусу:
- Максатым: Бабалардын мурасын урпактарга жеткируу!
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Улуу кочмон мекени!
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
Мен ачкан темалар
-
Бейкүнөө наристелер.
Жазылган күн: 27 Янв 2015
[21:42, 21.01.2015] Эркинай[22:12, 19.01.2015]
: Мен кереметту Ыссык-колдун Тон районунан болом. Жаратканга шугур, уул десем уул, кыз десем кызым бар, беш баланын энесимин. Менин негизги койгойум, балдарымдын арасынан бироосунун турмушу. Ар бир ата-эне аруу тилектер менен перзентин чонойтуп эрезеге жеткирип, ушулардын сыйын коруп тордо отурсам деп тилек кылышат экен, эч бир ата-эне баласын жаман болсун деп тарбия бербейт. Дуйнодогу бардык ата-эне жакшы тарбия берууго умтулушат. Бирок, тилекке каршы кебир балдар эмгегинди актабай келишет. Менинда уулум негедир турмушка женил карап, уй булоо деген куттуу очокту женил коз карашта баалаганы кейитет. 23ко чыккандале уйлоном деп чыкты, макул деп суйлошкон кызын алып бердик. Келиним уй иштерине анчалык эби жок болсода оз кызымдай коруп кабыл алдым. Негизинен ынтымактале жашашкандай болду, бирок келинимдин боюнда болгондон баштап экоонун ынтымагы кетип, кундо жанжалдашмай адат таап алышты. Канчалык экоо жашап кетсин деп жан урогонум менен эч айла кыла албадым. Уулум ажырашам деп когоруп туруп алды. Ага очошкон келиним, жаны эле торолгон кызыл эт баланы таштап басып кетти. Кокурогундо ууз суту тээп турганда, кантип конулу тутуп, жаны торолгон ымыркайды журогу даап таштап кетти эч тушуно албадым. Кызыл эт ымыркайды багыш аябай эле оор турду. Сместин турун берем, бирин берсем ичи отуп кетет, бирин берсем ичи катып калат, айтоор эне сутунон отоор бала учун тамак барбы, аябай кыйналдым. Ошентседа келиниме кийинки турмушунан бак айтып, бактылуу болуп, дагыда балалуу болушун тиледим. себеби аран чонойтуп жаткан неберемдуу талашуусун каалабадым. Неберемди багаар адам жок, жумуш убактымды кыскартып, иштенда женилдик алдым. Жумушумдан такыр эле чыгып алайын десем 30 жылдык стажым абага сапырылгандай эле болот, пенсияга чыгаарыма аз калганда кой деп нянка жалдап нянкага бактырып иштепда журдум. Неберемдин буту чыгып жерден боорун которуп басканча аябай кыйналдым. Чоноюшуле бир азап болдуго чиркин. Ошентип, неберем бир жашка чыгып, там-тун басып калганда уулум куйоодон ажырашкан бир баласы бар келинге уйлоном деп чыкты. А менин кыйналганымды сезбегендей. Мейли эми сороктоп жургондон коро уйлондуруп коелу деп, анысына макул болуп,
ал келиндин ата-энесинин алдынан отуп, берчуубузду берип келинди алдык. Мурунку жолдошунан калган баласын торкунуно таштап, озу биздин уйбулообузго мучоо катары кошулду. Негизи мен кайнененин заар тилин, запкысын тузук эле тарткандыктан, келиндерими катуу кармабадым. Бул келиним, уй жумуштарын тыкылдатып оз убагында кылып, уйго дегенде жакшыле аракет кылгандай болуп жатты. Бирок, капысынан иштеген жеринен акча уурдап кармалып, аны балам акча толоп куткарып чыкканын угуп калдым. Келининиздин колу туткак экен деп айтышканда анчалык ишенбесемда, ичим эншерилгендей эле болду, негедир келинге жарыбадымго деп ичимден сызып алдым. Ошентип жакшынкай жашап журушту, ортодо дагы эки балалуу болушту. Турмуш шартка байланыштуу экинчисин коз жараарда уулум орусияда болуп, келиним биз менен эле. Экоонун ынтымагы дагы кете баштады. Бири орусияда, бири кыргызстанда туруп жанжалдашканы жанжалдашкан. Келинимди уулумдун жанына жонотоюн десем жаны торогон баласы жаш, анын устуно турмуш кургандан бери ЗАГС ала албай журушкон эле, айтоор келинимди жоноотуунун сааты чыкпай бир топ убакыт отуп кетти. Ал маалда экоонун урушу куч алгандан куч ала берди. Жадакалса келиним, эч кимге айтпай 4.5 айлык ымыркайы менен 2жашар баласын таштап атып шаарга качып кеттиптир, бизда байкабай калдык качан качканын бир айдай жоголуп журуп, кайра келди. Эч нерсе деле айтпадым, экинчи жолуда баламдын уясынын бузулушун каалабадым. Келип дагы бир аз журуп чон баласын алып кичинесин таштап атып дагы кетип калды, шаарда баласын карай албай оорутуп кыйналганго, кайра келди. Анан кайра озу кетип калды, балдарын таштап. Айтоор квартирант сыяктуу каалаганда кетип, каалаганда келгенди адатка айлантты. Акыры баламды кыргызстанга келип балдарынды, озун бак деп чакырттык, аялындыда чакыр дедик. Балам келгенде ынтымакта жашап калышабы деген илгери умут болдуда, кайдан дейсин?!
Балам келгенде, шаардан келинимда келди экоонун урушу кучоп, акыры келиним кетмей болду, балдарынды алып кет, баарибир балага эне керек экен, эмчектеги балан кыйналып атат, куса болуп десек, тил кат жазып берди паланчанчы куну келем, эгер келбесем балдарымдан кечтим деген. Ошентип бир буктом кагазга балдарынын тагдырын чечип, чиймелеп карматтыда кете берди. Мурунку аялынан багып алган неберем, бул келинимди коргондоле кирерге тешик таппай калат. Мен жокто уйго такыр жолобойт, коншу-колондордукунда журо берчи. Билбейм, балким келиним огойлук кылып какыс-кукус кылабы, келиним менен калбайм деп чыр сала берчуу, азыр ал кеткенден бери жыргап эле калды. Аида эжем (келинимди эже дечу)эми келбейби, мен жаман кором аны деп сурай берет. Мына ушул неберемди карап туруп, берки экоонода боорум ооруйт. Буларда кайрадан огой эненин заар созун, таягын жеп чоноюшабы? Уулум менен келиними туура жолго баштай албаган куноо мендеби? Же уй булоого, балага олутту мамиле кылып, куттуу очокту сактабаган уулумда кунообу? Ал мончоктой балдарын таштап коюп, энемин деп жер устундо басып жургон келиндеримдеби куноо? Мин жолдошу жаман болгон кундо деле, кайсы эне эмчектени баланы таштап, аркасын карабай качат? Кантип энелик журогу туруштук берип, коодону чыдап жашап журушот. Дагы баламды уйлосок, уч неберемдин акыбалы эмне болот? Огой эне чекесинен сылайбы? Кандай тарбия алышат?Кантип огой энеге чыдап таштап кетишти кукук энелер? Мен булардын мандайында дайым эле боло албаймда, эне мээримин корбой оксук болуп чоноюшабы, эненер таштап кеткен деген суук создорго кантип тутоор экен. Же мен кыйналып багып чонойтуп, кол арага жарап, акыл-эстери киргенде келип алып кетип калабы?9 Баарибир закон эне тараптаго, а менин тун уйкумдан кечип эмчектеги балдарды караганым, озум жетишпей нянка жалдап, акча толоп карап, тарткан азаптарымчы, айтоор ушундай ойлор тун уйкумду алып, уктатпайт.
Комментарийлер
Riddin
10 Сен 2015 - 14:30Riddin
09 Сен 2015 - 09:58Akul-Kara-chach
29 Июн 2015 - 19:29kanat4ik
29 Июн 2015 - 19:12kanat4ik
28 Июн 2015 - 19:24