Энелердин эрдигин даңазалай... сынак старт алды Суперстанда кезектеги сынак.
#81 01 Май 2016 - 23:25
Аңгеме
Мен апамды жек көрөм деген да учурларым болгон...
Жалгыз кызмын, билесиңерби мен төрөлгөндө биздин үйдө эле эмес, кичинекей айылыбызда баш болуп той болуптур. Атам кыздуу болдум деп менин бактымды жинди суу менен тилеп, бүтүндөй айыл тургундарын бир жума мас кылган экен. Апам да барбалактап бар жогун алып чыгып, рюмкаларга арактар куюлуп ушул "кызың керегиңе жарасын, бактылуу болгула" дешкен тура. 1-класска баргыча эркелеп, күндө түрлүү кийинип чоңойдум. Мектеп босогосун аттаганыма бир ай өтпөй колумдан жулкулдатып жетелеген апам мен тааныбаган, көрбөгөн тайларыма алып барып, ошол жакка окутуп койду. Эми гана мектеп босогосун аттасам да ушунчалык чоңойуп кеткенимди эстейм. Сагыныч, кусалык, ый мени бат эле бышырып койду. Кээде барак толтуруп ата-энеме таарыныч, сагыныч аралашкан кат жазам. Апам айда жылда бир келет, анча мынча кийим алып келип, "бир аз чыда жакында алып кетем" деп кетет. Бул сөздөрү мага жөн гана калп-жоошутуу сыяктуу сезилчи. Апамдын келген сайын чарчаңкы, карып кеткен жүзүн байкачымын. Ушунчалык келишин күн санап күтчүмүн, бирок балалык байолугумдан таарынып жанына да жакын бара албадым. Мындай мүнөзүмдү сезип жүргөн тайенем чоң турмушка аттанарымда: "Сен чоңойдун. Менин бакканым өз болбойт, сен апаңа таарынып жүрөсүң. Сенин апаң сени, бизди багам деп көр тириликтин айынан жүрүп, айыкпас ооруга чалдыгып, аны менен алышып жүрөт. Ага сенден башка жөлөк болчу эч ким жок. Кудай баарыбызга ушундай сыноо берген тура. Сенин апаң бактылуу боло алган жок. Эми сен бактылуу бол, айланайын" деп узатты. Ушул сөздөрдөн кийин мен апам менен бирге отуруп сыр чечишип сүйлөшкүм келди. Ошентип турмуш өз убактын ала берет экен, мен да кош бойлуу болуп көз жарып, кыздуу болдум. 40 күн өткөн соң жээнтек тойго апамды чакырдык. Мына баары унутулуп эми бактымды тапканда апам жол кырсыгына кабылып өз небересин көрбөй кете берди. Азыр бирөө өткөн күндүн бир минутун кайрып берем десе, апамдын жанында болгон бир минутумду эле кайрып берсе дээр элем...
Энелердин жүрөгү эч качан орубаса экен. Эч качан чүрпөлөрүнөн ажырым калбаса. Балдарынын төрүндө сый көрүп отурса экен - деп, ойноп жаткан балдарымды жүрөгүмө бекем кысып, качанкы бир таарыныч, сагыныч, кусамдын жазылганын байкадым...
Классташымдын башынан өткөн окуясын өзүнөн укканымды аңгемелештирип жазып койдум.
Ушул аңгеме-окуя аркылуу канчалаган апалар жумушсуздуктун айынан балдарын көрбөй, жаш канаттар ата-эне мээримине зар болуп жүргөнүн айткым келди.
Бейиштин төрү энелердин таман астында, ал эми эне үчүн бейиштин жыты балада. Экөөбү ажырабасын дейт элем.
Кыстырма: Апалар жөнүндө кызыктуу маалыматтар)
Дүйнөдөгү эң жаш апа Перунун тургуну Лина Мадина болгон. Ал 5 жаш 7 ай 21 күндүк курагында уулун жарык дүйнөгө алып келген. Уулунун атасы ким экени белгисиз.
Ал эми эң улуу апа индиялык айым 2008-жылы 70 жаш курагында эгиз ымыркайларды жарыкка алып келген, жолдошу 77 жашында биринчи уулун көрүп кубанган)
#82 01 Май 2016 - 23:27
Арыкчырай, жапалдаш бойлуу экинчи апа маршрутканын төр жагын карап, тизиле олтурган жаштардын бири орундук берип калабы деген үмүтү очо электей, улам-улам көз жүгүртүп коюп келе жатты. Колундагы торсойгон баштыктары канчалык салмакта экенин биле албасам дагы, бир топ эле жүктүү экени көрүнүп турат. Жоолук ылдый аккан терин анда-санда карманып келе жаткан колу менен аарчый салып, кулап кетпөө үчүн кайрадан карманып турууга ашыгып жатты.
А алга күчкө толуп турган жаштар, алсырап турган жандын кайгысын түшүнгүсү келбегендей баштарын ийе алакандай болгон телефонду тиктөө менен алек. Караап олтуруп, атасынан мураска калган тактысын бошотуп берүү оор болуп жаткандай го деген ой келет экен аргасыз.
Азыркы биз жашап жаткаг замандагы аял-затынын кейиштүү тагдыры канчалык экенин, бир кичи автобуста эле байкоо салып койсо болот. Кай бири терезени ойлуу карап, кабак чытып келе жаткан болот, а балким алыстагы уул-кызын ойлоп, сагынычтан ичи эзилип келе жаткандыр. А кай бирлери кабагын сала, эртенка балдарынын курсагын ойлоп, ой-санаа жеп жаткандыр. Кээ бирлери карылыктын азабын тартып, ооруп жаткандыр, анан кантсин байкуш назик жан. Он эки мүчөсү тең жарылып, омурткасы сыздап бала төрөп, багып, эрезеге жеткириш оңой иш бекен..?
Жонго бала, көкүрөккө казалын жүктөп алып, турмуштун эчен тозогу менен талбай күрөшүп келе жаткан апалардын эрдигине таң бербей койууга болбойт.
Апалардын жүрөгү эч качан оорубай, сүйүнүчтөн гана балкып турсунчу.
Алдастадым,
алыс-алыс талпындым,
Мойнума анан
чаар баштыкты артындым!
Орусия, Европа, Корея,
чет жерлерде
Канча өмүрүм калтырдым!
Ден соолугум,
жаштыгымды, назымды,
Садага чаап
капчыгы үчүн калкымдын.
Канча эне
калды бала “өңөрбөй”,
Канча бешик
турат бөбөк бөлөнбөй?!
Кайран кыздар
азып-тозуп жүргөндө,
Манастай уул,
калды бекен төрөлбөй?! .Канча ымыркай,
чоочун жерде калгандыр?
Башка түшкөн
бул – шор, ачуу армандыр?!
Эркеликти,
аял назын унуткан,
Эби келсе
эркектерче урушкан,
Энелерди,
эжелерди, кыздарды,
Эрлер, шерлер,
мен силерден суранам,
Колдон келсе,
Эми аялга айландыр?!
Ж.И.
Биз жаштар, энелерге таазим кылып, ар биринин колунан сүйүп, ыраазычылык билдире албасак дагы, алыбыз, күчүбүз барда коомдук жайларда, кайдигер болбой, көңүл бөлүп, сыйлай жүрөлүчү алтынга теңдешсиз апаларды! !!
Билдирүүнү түзөткөн: happy02: 01 Май 2016 - 23:36
#83 01 Май 2016 - 23:47
Кыш.Айлана аппак койнок кийгендей озунчо керемет.
Айнура апа айланага коз жугуртуп,озунчо жагымдуу жылмайып турду.Анткени бугун коптон бери сагынып ,зарыга куткон жалгыз кызы Акылай Москвадан келмекчи.Убакыт учкан куш сымал белем,кызынын кеткенине уч жыл толду.
Мына самалет да конуп ,узунунан келген ак жуумал,коздору карагаттай болгон,татынакай кыз тушту.
Айнура апа кызын короор замат,кучагын жайып,алдыга умтулду.Суйунучтон козундо жаштар биринен бири тоголонуп бетин жууп жатты.Акылай да апасына жете келип,кучагына бой урду.Апаке сагындым сени!
Апапакай колдорунду сагындым! Тандырга жапкан нандарынды сагындым!
Мага берген мээриминди сагындым апаке -деп шуу-шуу жыттап,ооп жатты...
Эне-бала таксини Сулайман тоого айдатып,кыналыша баштарын тийгизе суротко тушушту.Андан сон Акылай апасын базарга алпарып кийим-кече,алтын сойко,шакек алып такты.
Уйдо кутуп жаткан атасына,инилерине да белектерин камдап алып ,жете келишти.
Кызы келип ,уйу шанга болонуп ,бактылуулук окум суруп турду.
Бир куну Акылай апасына кайрылып ,
- апаоов
- оов кызым ,
- мени туугандардыкына айылчылатып келинизчи?
- макул ананайыным деп,Жаны жылдын алдында эне- бала ээрчишип айылдап келишти.
Бир айлык эмгек оргуусу сонуна чыгып ,Акылай кайрадан Москвага кетмекчи болуп турганда,арзышып суйгон жигити ала качып кетти...
Эне байкуш канчалык кызын жанынан чыгаргысы келбегени менен ,"кыздын бараар жери-куйоо "," таш тушкон жеринде оор" деген кудалардын созуно муюп , эки жашка ак батасын беришти.
Нурбек да бир уйдун тун уулу.Орто бойлуу ,кырдач мурун жылдыздуу жигиттердин бири.
Суйушкон жубайлар келечекке коп пландарды тузуп ,жакшы ой-тилектер менен кайрадан кен Москвага сапар тартышты...
Суйуунун кучубу же бир белгисиз нерсе экоону жипсиз байладыбы ?айтор басса турса ажырашпайт. Ал арада Акылай кош бойлуу болуп андан бетер ,кареги менен тен айланат Нурбек.
Коз ачып жумганча Акылайдын ай куну жетип, Москванын торот уйунон аман-эсен коз жарып ,Нурбекти кырк жылкылуу кылды.
Эне-болуу кандай бакыт ,кандай жагымдуу,кандай керемет!
Соз менен жеткизе алгыс чексиз бакыт!
Айнура апада кызынын торогонун угуп ,суйунуп жалгыз кызым,озуно шерик кылып кыз тороп алган турбайбы деп кубанычы койнуна батпай жатты...
Ушул кубаныч, суйунуч копко узаса кана аттин!
...Арадан жети кун отуп, кыздуу болуп Нурбек,чон- ата ,чон-эне болгон ата- энеси,таята- таэне болгон Акылайдын ата-энеси кайгынын торуна тушоорун билишсе кана Аттин!
Бир аптадан кийин Акылайдын денсоолугу кескин озгоруп, колундагы кызын эмизе албай,чучуктай чынырып ыйлап олтуруп ,озун жоготуп комага тушуп калды.Ушунчалык бир
заматта асман узулуп жерге тушкондой болгон суук кабар желдей тарап,бардык туугандар оорукананын алдында умут менен ,Алладан тилеп жатышты.Врачтар жети кун куткуло ,андан отсо адам болот деп умут беришти.
Бул дуйного жаны келип,али оз энесин жытын таанып улгуро элек ымыркай эмчек издеп ынаалап,окмоттун жасалма суту менен азыктанып жатты.
Бир ,эки , уч кун жылыш жок!
Тортунчу куну суук кабарды угузушту .
Жооооок!! !Жооооооок! !!
Андай болушу мумкун эмес эле Аттин!!!
Жылдызы жайнап турганда, жалп этип очобу?!
Он гулунун бири ачылганда тогузу соолуйбу?!
Жети кундук ымыркай жетим болобу?!
Бир жылдык жолдошу канаты кайрылып сынабы?!
Айнура апан кантет?!
-бул суроолор жоопсуз калып ,боздотуп баарын баарын таштап тынч уйкуга, туболук келбес сапарга кете берди
Бул убакта Айнура апаны алдап,неберен бир аз сыркоолоп калыптыр ,эртен Кыргызстанга учат экен, уйго келип тур деп эжеси тээ тоодон чакырып алды.
Эч нерседен кабарсыз эне,кызым келет экен деп суйунуп,тоодон курут майын артынып,эжесинин уйуно келди.
Эже эртен кызым келсе,,дароо эле бешигин жасап берейин,энелик милдетим эмеспи десе эжеси ичинен сызып,
байкушум жалгыз кызындын,жансыз денесин коргондо кантээр экенсин деп билгизбей ыйлап жатты.
Он бир кундук наристесин бооруна кысып,ботодой боздоп,туугандардын коштоосунда Нурбек жук-200жуктоп, учакка отурду...
Уйуно боз уй тигилип,тууган урук олук каадасын кутуп жатыптыр.
Айнура апага туугандары, кайынжурту чогулуп алдына келгенде чочуп так секире кыйкырды!
Эмнеге келдинер?!
Бир эжеси короор кунун ушу экен,сабыр берсин Алла ,Акылайдан ажырап калдын!
деди.
Аааааааа деген эне озун билбей эсин жоготту.
Биринин артынан бирин кууган машинелер тез эле Нурбектин короосуна жете келишти.
Мына,зарыга куткон апасынан мурда келген жансыз дене боз уйдо суналып гана жатты.
Айланайын каралдым!
Кантип таштап кете бердин бизди ,садага болоюн жалгызым сен олгончо мен олбоймбуууууу? !
Тур турагой жаным! Ордуну берчи мага!
Азраил келгенде апа дединбиииииии? !
Ата дединбиииииииии? !
Кызыл эт кызынды кимге таштадын?! ананайын жалгызым!
Жанында жургон жолдошунду кимге ыраа кордун!
Ооооо ажал жалгызымдын ордуна мени ал!
Кантип басам жер бетинде!
Боздогон эненин коз жашы,ынаалаган наристкни эч ким аяган жок!!!
Убакыт чектелуу белем,эки саат откон сон,жаназа окулуп, табытты уймолоктогон эл которуп чыныгы оз уйуно алып бара жатышты...
Мына окурман эч качан энелердин коз жашы тогулбосун дегим келди.
Олкобуздун алсыздыгынан иш издеп кеткен жаштар,олум менен коштогон окуялар коп болууда.
Бир уйдо болгон каргаша тууралуу баяндадым.
Эчкачан ,эчкачан мындай корунуш болбосун демекчимин.)
#84 01 Май 2016 - 23:49
Адамзаттын тарыхында, дегеле бул учу кыйыры жок ааламдын жаралуусуна жараткандын адамзатка тартуулаган белеги экенин билсек, ал адамзаттын көбөйүш милдетин аткарган, бул дүйнөдө баа жеткис өмүр белек тартуулаган дүйнөдө канча эл болсо ошолордун ЭНЕси эмеспи. Биз турган ааламда эле эмес, эгер башка галактикада да жашоо бар болгон болсо, мейли 4 бутту, мейли 3 көздүү адамдар жашаса да, алардын энеден төрөлөрүнө шегим жок...
Тонуна бала бүткөндөн,тогуз ай тонуна көтөргөндөн өмүрү өткөнчө "Балам" , деп жашаган эненин мээримине бул дүйнөдө эмне тең келээр экен? Жүрөгүнүн түбөлүктүү сүйүүсү, колунун мээримдүү жылуусунун түгөнбөгөнү ай!
Учурда "Бейиш эненин таманынын астында" деп каерде болбо айтып келебиз, мына ушинтип канчалаган жерде, канчалаган не бир сонун ырларды жаратып келебиз. Ооба, булардын барына терс пикир айткым келбейт, бирок, булардын бары иш жүзүнө ашып жатабы?
Жок дегенде, "Апаке, мен сени жакшы көрөм, менин байлыгым..." деген жылуу сөздөрдү көзүнө тигилип миң кайталап айтып жатабызбы? Же бейиш үчүн эненин таманынан өөп жатабызбы?
Урматтуу досум! Мен бүгүнкү күндөгү өтө актуалдуу мисалдарды жазбадым,аларды жазардан мурда, аларды талкулардан мурда, мен эң жөнөкөй ар бирибиздин апабызга болгон мээримибиз канчалык деңгээлде экенине суроо салдым. Ал суроолорго өзүңүздөн өзүңүз жооп алыңыз.
Айтайын дегеним, Апалардын: "Балдарым акылдуу , турмушта өз ордуңарды тапсаңар мунун бары мен үчүн чоң бакыт" дегени эсиңиздеби? Мына көрдүңүзбү жемиштин бары кайрале сиз үчүн, ошондуктан ар дайым жылуу сөзүңүздү аябаңыз!
Эч качан апаңыздын оорубасын мээримдүү жүрөгү!
-Эмнеге жалгыз отурасыз, 6 уулуңуз бар эмеспи?"-десе
-Ээ балам, 6 уулумдун 6 энеси барда, аман болсо болду" -деген экен байкуш эне..
Билдирүүнү түзөткөн: jemile: 01 Май 2016 - 23:57
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#85 02 Май 2016 - 00:02
Алла Таала Жер менен Асманды жаратканда жүз ырайым жараткан. Ал жүз ырайымдын бирөөсү гана жерге түшкөн. Ал-эненин балага болгон ырайымы. Эне-бала үчүн алмаштыргыс асыл адамзат. Эне-улуу. Эне-ыйык. Эне-баласын тагдырдын жааган жамгырынан тоскон кол чатыр,ысыгынан калкалаган көлөкө. Кызыл эт кезибизден көзүнүн карегиндей сактап,мээримине бөлөгөн,ааламда теңдеши жок,аруу жан. Жер кезип дүйнөнү жети айлансак да өз энебиздей бизге күйгөн,биз үчүн отко күйүүгө даяр адамды таба албаарыбыз ачуу чындык. Ошентсе да алардын мээримге толгон назик жүрөгүнө канжар уруп,жан дүйнөсүн талкалап алып жатабыз.
Ар бир эне өз баласын ардактап,бөпөлөп, жыгылса күйө-быша жөлөп,жетелеп, мээримине бөлөп өстүрөт. Эненин түндө бир жолу уйкудан ойгонуп эмизгенин аны ажыга жети жолу жонубузга көтөрүп барсак да актай албайт экенбиз. А бизчи? Ажыга алып бармак мындай турсун оор жүгүн колунан ала койгонду унуттук. Төшүнөн түртүп,дарбазаны жаап коймой болдук. Өз энебизге кол көтөрүп,кээ бирибиз жетелеп карылар үйүнө киргизип коюп жатабыз. Эгемендик,демократия заманда намыс,уят,нарк- насилди жыйыштырып, тыйындын артынан тоголонуп,дүнүйөнүн ,напсибиздин кулуна айландык. Ата-бабаларыбыздын илгертен келген каадасын улабай орусташтык, европалаштык деп төрүбүздү көркүнө чыгарчу ата-апаларыбызды карылар үйүнө өткөрүп бердик. Студент кезде карылар үйүнө барып,ал жерде "Эртен балам келип алып кетет "деген үмүттүү көздөргө далай ирээт күбө болдум. Барган сайын алардын саны көбөйгөнү жанга батат.
Балалык баёо сезим менен эненин баркын түшүнүү мен үчүн да кыйын эле. Тогуз ай боорума которуп,толгоо тартып,наристемди колума алып эне болгонумда гана баарын жон терим менен сездим. Кыздарым сыркоолоп калса санаа баскан көздөрүмө уйку келбей ,жыгылып кетсе жүрөгүм "болк" этип үзүлчүдөй,ыйласа жан дүйнөм эңшерилип,сыздаганда энемдин баа жеткис эмгегин тушунө алдым.
"Бейиш эненин таманынын астында"деген сөз жөн айтылбаган. Ким бейишти кааласа энесин ыйлатпасынчы...
Билдирүүнү түзөткөн: Гука: 02 Май 2016 - 00:04
#86 02 Май 2016 - 00:11
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#87 02 Май 2016 - 00:23
rnurzida (11 Апрель 2016 - 04:18) жазган:
Биссмилла деп энелерди даңтап, мактап, улуулугун, баа жеткис эмгегин, дегеле сөз менен айтып бүткүс апаларыбызды даңазалачу сынагыбызды баштадык.
Сынак 4 шарттан түзүлдү. Алар;
1."Ааламда теңдеши жок асыл апам" деген теманы аркалай апакелерибиздин өмүр баяны. Бул жерде кыска жана нуска болушу шарт!
2."Апа, сага кандай мактоо жарашат, апа, сенден ким сыймыкты талашат?"
Албетте, апаларды мактап, даңктап 5 куплеттен ашпаган өздүк калемге таандык ыр.
3."Оорубасын энелердин жүрөгү". Бир эле өзүбүздүн апабыз эмес, жалпы энелер жөнүндө баян. Коомчулуктагы айрым мисалдар менен коштолсо да жакшы болмок.
4."Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" . Сиз кандай апанын уулусуз же кызысыз? Балалыгыңыздан кызыктуу жана күлкүлүү бир үзүм окуя.
Сынакта өз апаларыбыз жөнүндө гана жазабыз. Эгерде чоң эне, таянелери өз апасынын ордунда болгондор болсо, анда алар да баяндашса болот. Сынакка бардык тайпадагы (конок, жаран, аким ж.б.) форумчулар катыша алат.
Сынактын ар бир шарты үчүн бир апта убакыт берилет. Ар бир шарт үчүн добушту мазмуну жагынан жалпы форумчулар берет. Ал эми грамматикалык жактан калыстар тобу баалап, жалпы добуштарды эсептеп, бизге жарыялашат.
Экинчи тур башталганда биринчи шарт үчүн добуштар бериле баштайт. Жаран статусуна ээ болгон жана билдирүүсү 100дөн ашкан (10-апрелге чейинки билдирүүлөрү) гана форумчу добуш берүү укугуна ээ. Эгерде негизги ниги менен жазганга мүмкүнчүлүгү жок, бирок конок тайпасындагы ниги форумчуларга белгилүү, билдирүүсү 100дөн ашкан форумчу болсо, анда добуш бере алат. Сынактын катышуучулары да каалаган катышуучуга же өзүнө добуш бере алат.
Сынактын биринчи шарты боюнча тапшырмалар 17-апрель саат 00:00дө токтотулат. Демек, 17-апрель саат 00:00гө чейин жазып бүтүшүбүз керек. Андан кийинкиси кабыл алынбайт.
Бул темада жалаң гана сынактын шарттары (тапшырмалар) жазылууга тийиш! Ашыкча билдирүү жазбайбыз! Сынак боюнча ой-пикирлерибизди төмөнкү темага жазабыз!
http://www.super.kg/ ...showtopic=93270
Баарыңыздарга ийгилик!
3-бөлүк соңуна чыгып, 4-тапшырмага өттүк окшойт, э?
4."Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" . Сиз кандай апанын уулусуз же кызысыз? Балалыгыңыздан кызыктуу жана күлкүлүү бир үзүм окуя.
#88 02 Май 2016 - 04:37
"Оорубасын энелердин жүрөгү!"
Эне-бала,кыз үчүн табылгыс байлык,орду алмашкыс байлык.Муну баарыбыз айтабыз,аттиң бирок баарыбыз муну түшүнө бербейбиз.Антпесе ата-энелерди кордоп,ургандар чыкмак беле.Ата-эне карыган кезде,карылар үйүнө тыгып коймок белек.Антпесе байкуш ата-эне кор болмок беле.Антпесе таштагандарда айта берет,ата-эненин орду толгус деп.Пайгамбарыбыз(САВ)айтат; «Ата- эне бейиштин дарбазасы деп»
(Ушул жерден айта кетчүү сөзүм,жазгандарымды өзүңүздөрдү ордуңузга коюп окуп чыгышыңыздарды суранам,рахмат! )
Апа-эң кыска айтылган.Бирок анын мага кылган мээнети эң узун дарыя сымал .Ал дарыя эч убакта токтобойт жана эч убакта соолубайт.Ошол сымал апа бала үчүн дайыма жакшылык кылууга умтулат.Эч убакта жүз үйүрбөйт.Эненин мээнети сууга салсаң чөкпөйтда,отко салсаң күйбөйт .
Апаке бүгүн мен чоңойдум ,бирок сенин алдыңда дагы деле кичинемин .Жашым жетилди,бирок сенин жаныңда дагы деле наристемин.
Апаке эл мени унутканда,сен мени менен бирге болдуң.Бардыгы жемелегенде, сен мага болуштуң.Аалам мен үчүн өзгөрсө да сен өзгөрбөдүң.
Мен сапарга чыкканда,жүзүңдү канча жолу жашың менен жуудуң экен.
Мен алыста жүргөндө канча уйкудан калдың экен.Мен ооруган кезде,канча санаа тарттың экен.Мен сапардан келген кезде,кубанычтан көзүңө жаш алып канча жолу,чыдамсыздык менен тосуп алдың.
Мен үйдөн чыккан кезде,эшиктин жанында кайгыга батып,канча жолу мени узаттың,жада калса окууга жөнөгөндө дагы.Бизди боюңда алып жүргөндө канчалаган ооруга дуушар болдуң.Алсыздык үстүндө төрөдүң,жумшак жылмаюу менен кучагыңа алдың .Мен уктамайынча көз ирмебедиң.Мен күлмөюнчө кыжаалат болдуң.Мен жылмайганымдын себебин билбестен ага күлдүң.Ката кетирип,кечирим сураганга чейин мени кечирдиң.Ким мени падышалардын деңгээлине чыгара мактаса да,ага ишендиң.Ал эми ким менин кемчилигимди айтып,адилеттүүлүк күбө болсода,аны четке кагып мени актадың.Жалгыз сен гана менин иштерим менен алексиң.Бир гана сен үчүн кам көрүүдөсүң. Апакебай мен үчүн курсагыңды уя кылганыңа,көкүрөгүндү кудук кылганыңа,кандай жооп кайтара алаар экем.Апакебай, жүзүңдүн бырышына карап,менин атым аралашкан,бир кылымдын тарыхы жазылган китепке окшоштурдум. Апакебай бүгүн мен,сенин алдыңда уялып турам,себеби мен жаштыгымдын гүлдөгөн кезинде,билегим күчтүү,денем кубаттуу,а сен болсо күндөн күнгө алсызданып, бетиңди бырыш басып,алдан тайып баратасың.Мен алсыз болгон балалыгымда, мага кам көргөнүңдөй сага кам көрө алаар бекем.Досторум мени жардамсыз калганымда, мага кыянат кылганда бир гана сен ыссык жашың менен,мээримдүүлүгүң менен жалындаган дилиң менен мени сооротуп,кучагыңа кучактап жанымда болдуң.
Аллах таалам энелерге өтө чоң курал берген экен.Ал курал мээримдүүлүк куралы.Энелер мээримдүүлүктө баатыр болуп эсептелет .Баласына болгон мээрим-өлүмгө тике карайт.Ажалды көзүнө илбейт.Өз бөбөгү үчүн өзүнүн өмүрүн берүүгө даяр.Ар бир адамдын эң биринчи устаты,анын энеси.Ошондуктан бул биринчи мектеп деп бекер айтылган эместир.Тилибиз чыккандан тартып элеп ар бир суроого тажабай жооп берип,биздин сабатыбызды алгачкылардан жойгондордон болуп саналат.Андыктан баарыбыз апаларга кызмат кылалы.
Апакебай өмүр бою кызматчың болоюн.
Кимде ким көңүл буруп окуган болсо анда ал адамдан абдан ыраазымын,чооң рахмат!!!
#89 02 Май 2016 - 08:39
Касым бул жол менен откон сайын жангыз уулун кутуп,эски тамда жангыз жашаган энени коргон сайын жаны кейип,согуштан кайтпай калган атасы эрксиз эсине тушот.Ул бала ,тукум улачуу болуп атасынын тукумун улабай башка адамдын атында жургонун эстегенде энекесине таарынычы артып кетет.Жангыз уулдан жангыз экенин бирок жакшыдыр жамандыр огой атасынын тарбиясында осуп,мен башка элем деп кете албай,мен ушул элдин кулунумун деп кошула албай коп ойлонуп ,кыжаалат болуп кетет.Адатынча капа болгондо буттары озунон озу ,озуно тааныш кочого салып жангыз энени коргусу келди.
Карангы кирип калса да жангыз жаны от жагып очок бойунда,жангыз эне отурат...
Арадан 20 жыл отсо да кайтпай калган баласын кутуп эне жангыз жашап келет.Бала кезинде энеке канчага жангыз жашайсыз,энеме окшоп куйого тийип алсаныз дегени бар.Бала болсо да жол карап томсоруп отурган энеге бооруу оруп,ичи тутпой кетет эле.
- Э балам Турсунум келип калса,эшиги жабылып калганын корсо капа болот деп дайыма эшигин ачып отурар эле.
Бусурманым, башкага турмуш курса балким балалуу болуп,минтип жангыз олтурбайт эле го.
Аркасынан шыбырты угуп эне аркасына жалт бурулуп Касымды коруп.
Кел балам кел.
-Энеке жолдон кетип атып сизди коруп,бери бурулдум.
Келгенин жакшы болду балам,чогуу чай ичели деп уйго жол салды.
Эчакы салынган там эскилиги жетип,уй жудонку корунот.Эне таптаза тасмалын салып,бар тапканын койуп озунчо кудундап Касымга
-Балам сенден башка коногум жок,берерге мындан башка тамагым жок балам капа болбо деп койду.
Касымга эне алдан кучтон тайып,тамак жасашка да алы жетпей калганын сезип ич ичинен жаны кейип турду.Жарыбас пенсия менен жашап болобу?Тамак аштан да кыйналганы сезилип турат.Бир айылда жашаса да карып мусапырга айланып баратканын сезбегенине озуно жини келип турду.
Оба шаарда 6 жыл окуп келди ал учурда каникулга келген сайын колунан келген жардамын берет эле.Эми уйлонду бир балалуу да болду,бир мекемеде иштеп да журот бирок оз тирчилик,оз турмушу деп энеден кабар албаганына коп болуптур да.
Бала кезинде энеке экообуз бирдейбиз,сиз баланызды кутосуз,мен атамы кутом ...
Мен сизди коргондо атамы эстейм болбосо мен атамы элестей да албайм,мен атам согушка кеткенде торолгом да ошон учун атамы элестей албайм энеке.
-О башын оскур какмарым,сенин атан олгон жок карачы аркасында сага окшогон тукуму калды деп бетинен оп,башынан сылап эркелетер эле,тапкан тутканын чонтогуно салып берип,жолдон тозуп тамак берип оз небересиндей корор эле...
Эми минтип карып,карылык белчесине батып калганы,аттин ай баласынан бир тукум калганда эне минтип кор болбос эле да...
Бала кезде оз энесин ушул энеге тенеп салыштырып бала болсо да ушул энени жанга тенебей жакшы корор эле...
Касым эне менен коштошуп бала кезинде ушул уйдон эчен атасы тууралуу суйлошуп,кабагы ачылып кудундап чыкса бугун минтип капа болуп,эненин кийинки тагдыры не болот деп ойлонуп чыкты.Эртеге эле карып иш кыла албай калса коргон куну эмне болот деп санааркап туну менен тынчы кетип,танга маал бир жакшы ой башына келип,анан терен уйкуга кетти.
Эртеси иштен чыгып,машинасын эненин уйуно буруп келсе адатынча жол карап отургучунда отурган экен.
Касымды коруп кел балам кел деп тозуп,уйго киришти.
Отуруп отурбай эле
-Эне сиз омур бойуу уулунузду куттунуз бирок тагдыр экен келбеди.Мен атанын жангыз улуу болуп бирок башка адамдын атында журом.Эми сизге уул болуп,Турсун байкеме ини болойун эне.Колума алайын десем уйум буто элек анын устуно Турсун байкемин тутунун очургум келбей турат.
Мен уй булоомду сизге кочуруп келейин,карган кезинизде келиндин ыссык чайын ичип,карылык доор сурун эне.небере жытын жыттан.
- О балам бул созун чынбы,асмандан тилегеним жерден болуп,уккан кулагыма ишене албай турам.
Энеке чын,мен озум ушундай чечтим.
- Алмаш мага сени берер бекен?
-Энем менден кийинки балдарын уйлоп,жайласа да жетишерлик.
-Атам экоо мени окуттуу,остурдуу бирок менде баары бир журогумдо бир оксук бар эне,таарыныч бар.Сыртынан коз салам,жардам берем.Бул чечимимди эч ким кайтара албайт эне.Сиз макул десениз эле болду,келининиз менен неберенизи азыр десениз азыр,эртен десениз эртен кочуруп келем.
-Балам мен раазымын,колума келген бактымды кантип жок дейин.Бир кана тигил уйун бутсо кетип калбайсынбы?
-Жок энеке аны иниме берем,ушул жерге сиз каалагандай чон уй салабыз эне.
Жаны табышкан эне менен бала копко суйлошуп,бирге отуруп чай ичишип,кенешип бугун кочуп кирип эртеге эне уулду болгонуна кошуна колон урук тууганына жентек бермек болдуу бирок жентекти небереге кошуп тойчук кылышмак болуштуу...
Арадан коп жыл отту бул тагдырды уксам дагы эне менен баланы коро албагам.Ошол мен оскон,балалыгым откон кочодон отуп баратып зангыраган уйду кордум.
Бир кезде биз да тимурчулар болуп согушта балдары келбей калган чон ата менен чон энелерге жардам бергенде ушул уйго да коп келет элем.Жудогон карып бара аткан эне элесиме келип энекемен
-Чон эне дагы эле барбы?
Ой чон энен менден жаш,багуу жарашса кары адам жашарып,тынып калат экен.Кийген кийимдери жарашып,озу да женем жакшы адам эле неберелери менен жыргап Касымдын торундо отурат.Келинге кыздай мамиле кылат Шакиним деп эле турат.Касым ишке кеткенде морйнунан кучактап оп узатып,иштен келгенде сааты карап чайдын таяр кылып,бетинен оп тозуп алат.Женемдин жылдап тарткан азабы ушунтип жуулду,оз баладан деле урмат коргондор аз.Касымдын омуруно береке берсин.Эне,энеке деп эле турат.Тиги чон куророторго чейин алпарат,тез тез эле догдурларга корсотуп турат.Касымга ракмат,болбосо женем кантмек.деп энекемен укканым бар.Бир айылдан март жигит чыкса ушунтип энелер,аталар карыялар уйуно барбайт беле деген ой келет...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 02 Май 2016 - 08:46
#90 02 Май 2016 - 09:24
Азыркы замандын энелери.
Карылыгыбыз татаал заманга туш болуп,балдарыбызга ак батабызды берип,чет элге жонотуп,качан келер экен деп жол карайбыз.
Уйдо балан суйгон тамак ичип калсак каап балам болсо ушундан суйунуп жемек деп кекиртегибизге мин туйулуп тамак отушу кыйын.Бир уйдун муйузу зыркыраса,мин уйдуку зыркырайт болуп.Жаман кабар уксак,эх Аллахым пендем десен балам дегизе корбо деп колуна иш барбай кайсыл шорун каткан эненин баласы экен деп кечке эзилесин.Жакшы кабар уксан ошол куну мына биздин балдар азамат да кыргыздар ушундай эле болмок деп суйунуп,сурдугуп шайдоот журосун.
Аманат кылып кеткен балдарын,неберелерибизди козубуздун карегиндей карашка аракет кылабыз.Жакшы кийинтип алып жургонду,жакшы окутушка жада калса жакшы ойунду ойнотушка аракет кыласын.Оксубосун дейсин.Эртеге эле келиним кайненемдин тарбиясы дебесин деп коп толгоносун. ..
Неберелерим зирек болуп,беш деген баа менен окуп скайпта чакылдап,тыпылдап бугунку баа алгандарын айтып турса,балдарым раазы болуп суйунуп турса бугунку туйшуктон тарткан чарчоон билинбей жыргап каласын.
Жатканда карылыктын азабы уйкун келбей,соок сактарын зыркырап уйку качып дагы тугонбос санаага батасын...
Балдарынды бирден бирден ойлойсун,келип эле алыстагы балана такалат.Балам бечараларым жат элде жат жерде журушот.Бугун иштен кыйналбады бекен.Тун бир убак.Алар иштен кайтат ЭЭ Аллахым жаман адамдардан сакта,озуно аманат.деп ойлоносун.,толгоносун. Мурун жат элден корксон,эми озубуздон коркосун.
Балам жолдо журот,жаман адамдарга жолуктура корбо Аллахым,кыргыз патиротторго жолуктура корбо,деге эле жаман пейли бузуктарга жолктурба деп ич ичинен коркуп толгоносун. ..
Балдарын келсе уйун толуп,неберелерим бактылуу,ушул бакыт токтобосо деп тилек кыласын.Неберелерим ата энеси келип бактылуу,мен балдарымды коруп бактылуу,айтууга да соз жетпейт.
Кетем деп белет алганда умсунуп,ичин ооруп,карегине жаш толот аргасыз жашынды ичине жутуп,сыр бербейсин.
Ыйлабашка тырышасын.Кара башынды жуткур,башыма корунсун,жаман жорук корсотпой озуно кел деп озуну жемелейсин.
Кете элек качан келесин балам деп жалдырайсын, жакын убакты айтса ишенип суйуно тушосун.
Апа эки жыл келбейм,келсем коп акча кетет андан коро уйду бутуролуу дегенде шабайын сууп,эки жыл качан отот деп санаага батасын...
Жол карайсын,караанына кагыласын,жалынасын. Аллахтан омурун бактысын тилейсин,жалдырап жол карайсын....
ЭНЕЛЕР ЖОЛ КАРАЙТ....
Балдарын кутот,ушул жыргал заманда энелер жол карап балдарын кутот....
Бул тар замандын аягы качан бутот?
Энелер балдарын кутот....
#91 07 Май 2016 - 01:58
Демекчи апам башкача аял. Анткени орто бойлуу, сулуу аял менин жаш кезимен эле мага жароокер көздөрү, боорукер журогу, чечк индүү жана токтоо мүнөзү менен мени ушул эрезеге жеткирди. Баардык адамга бирдей мамиледе болгон адам кантип эле башканын көңүлүн оорутсун. Апамдын өзгөчөлүгү абдан эле шайыр. Чөккөн көңүлдү жакшы сөз, жылуу мамилеси менен тез эле көтөрүп коёт. Бул өмүрдө биз деп жашап, биз деп эмгектенген, биз үчүн баарына даяр. Ысыкта күндөн коргоп, жамгырда жаандан калкалаган. Чарчап турса да "Эс ала гой балам, өзүм кылам баарын деген. Биз оорусак биз менен кошо ооруган, ал эми өзүнүн тамчы көз жашын көрсөтпөй, баарын ичине катып, сыртынан жаркылдап күлүп жүргөн. Мен таарынсам " Кызым таарынба, биз сени эркелетип эле койбодукпу. Кыз бала таарынса, үйүбүздөн ырыскыбыз кетет " деп жакшы сөз менен түшүндүргөн. Өзү ач болсо да жалгандан токмун деп бизди алдап, өзүнүн ширин тамактарын жедирген. Колунан көөрү төгүлгөн . Башкага жамандык калаабаган, эч качан "жок" деген сөздү айтбаган дүйнөдөгү эң бир акылдуу апанын кызы болгонума ар дайы сыймыктанам. Эртең менен кебездей жумшак, узун колдору менен " Тура гой балам. Түш болгону качан, мен козума чай даярдап койдум " деп башыман сылап, чекемден өпкөндө Кудайга миң мерттебе ыраазы болуп кетем.
Үйүбүздүн аба -ырайы болгон апам үйдө бир күн жок болуп калса, үй кадимкидей энсиреп, муздак тартып калат. Эмнеге экенин билбейм бирок ал жок болсо сарсанаа болуп, көңүл да чөгүп бир кызыктай абалда болгондо апам кабатырланып чалып калат. Бул да болсо эне баласынын абалын жүрөгү менен сезет деген чын окшойт деп калам .
Кичинебизде тамактангандан кийин апам эч эле жаткырбайт эле. Эгер жата турган болсок "көк чанач " аттап кетет деп айттат эле. Курсак тойгондон кийин жаным жер тартып, уктагым эле келет болчу. Бир күнү чыдабай дубалга жабышып жатып алдым. Апам: "Тур көк чанач аттап кетет" десе " Жок аттай албайт, дубалга жабышып алдым " деген экем.
Кечиндеси тамак ичким келбесе, апа мен бугун " орозомун" дейт элем.
Билдирүүнү түзөткөн: Asema06: 07 Май 2016 - 02:05
[ quote][/quote]
#92 07 Май 2016 - 09:16
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу элем, магдыратып жытынан,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.
Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!
Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам.
Жогорудагы ыр саптарындагыдай, мен бул дуйнону апам менен тааныганмын. Менин балалыгым Союздун кыйрашы,жаны Эгемендуулук жылдарына туура келет.Баардык колхоз совхоздор жоюлуп,"алдым жуттум"заманда чонойдум.Апакем менин биринчи мугалимим,мага таалим тарбияны берип,"бироонун аманатына" кол салдырай,бироого катуу айтпай,туз жолдо журуумо апам себепчи.Баардык кулк мунозум апамды жазбай тарткан.Жада калса "бетке айткан",жонокойлук, ишенчээктик дагы мунозум апамдан тээ мындан 32 жыл алдын эле апамдын журогунун астында "бир кесим эт"маалымда эле откон.Эми балалыкта ар кандай кызыктуу кундор отот экен.Элибиз базар экономикасына отуп,эми гана бутуна туруп калган убакта,сын алгыга зымын туташтырып ойной турган "сега"- деген бир оюн чыккан эле.Ал убакта саатына 10 сом толоп ойночубуз.Уйдо апам банкаларга ар жылы куз мезгилинде бышкан момо жемиштерден кыям,салат жапчу.Ал эми ошол "сегага" кээде акча жок болуп калганда апамдын ошол сыйкырлуу банкасынын 2 литрлигинен бирди алып барып,эки саат ойночумун.Бир куну адаттагыдай бирди алып,чапаныма бекитип алып бара жатсам,апам байкап калып,акырын уйго жетелеп кирип,аябай урушканы али кунчо эсимде.Эх! Балалыгымы аябай сагындым! Боз топуракка болонуп,кичинекей оюнчук машинага таяктан сындырып,андан кой,эчки,уй жасап алып ойногон кунумду сагындым.Башында айтпадым беле "Менин балалыгым Союздун кыйрашы,Эгемендуулуктун жаны жылдарына туура келет"-деп. Ошол жылдары талаадан каптарга тезек терип келчубуз,ошол тезектен апам тамак кылчу.Ошол тезектен тандырга калап,кызартып нан жапчу.Тезек демекчи,бир куну айылдагы мен курактуу балдар менен талаада тезек терип журуп,эчки эмеерди(варан) кармап алдык.Албетте чала жан кылып,анан айылга алып келдик.Каптардагы тезектерди уйго алып кирип,жайгаштырган сон,балдар баарыбыз жанакы чала жан жаткан эчки эмеердин оозуна насвай салып,бийлеткенибиз эсимде экен.Эми "бийлеттик" -десем,ишенип албагыла "бийлейт экен"-деп, насвайды оозуна салсан,жерден бир метрдей бийиктикке секирет.Айта берсен,балалыкта коп эле кызыктар болуп отту.Азыркы жаштардай чонток телефон,компьютер деген жок болчу.Биздин оюндар жайкысын ылайдан уй жасап,машина жасап,эчкинин терисине "топчудай" болгон кытты байлап,ошону тепчубуз.Ал эми кышкысын болсо,кар урушмай,жылгаяк тепмей эле.
Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 07 Май 2016 - 09:22
#93 08 Май 2016 - 03:30
Мен дүйнөнү апам менен тааныгам.
Апа жөнүндө айта берсе сөз түгөнбөйт тура. Бул ирет темага улай ойлонуп отуруп бала чагыма бир барып келгендей болдум. «Апам багбанчылыкка кызыгат» дебедимби, балким ошондуктандыр, ал таттуу күндөрдү эстесем эле эң алгач көзүмө айылыбызды жайкысын какшатып салчу күндүн ысык аптабын оңой менен өткөрбөгөн коюу көлөкөлүү жапжашыл бак-дарактарыбыз тартылат. Алардын түбүн ээлей дүркүрөп өскөн малина, андан ылдыйда кызарып көрүнгөн бүлдүркөн, короо тосмону тегерете коштоп өскөн карагаттар, дүпүйгөн жийде, жанында бүжүрөгөн кара өрүк, андан ары шабдалы, инжир, кийинчерээк тигилген курма, мөмөсүнүн көптүгүнөн ийилген алманын бутактарын таяп турган ачакей тал жыгачтар, жүзүм бак, оң капталдагы алча-гиластар, соң чайыттай ачык көк асмандын бир үзүмү, көз уялтып «жылт» эткен күндүн ысык шооласы, анан гүлдөр, гүлдөр, гүлдөр… Апамдын шаңдуу үнү… «Келдиңби, балам?» – деп жылмайып колдорун мага карай узата, кучагын ачып тосуп алган маалы – ушул менин эң биринчи эстегеним.
Сиңдим экөөбүз короодогу бардык бак-даракты энчилеп алат элек. «Бул сенин өрүгүң, бул менин өрүгүм, бул сенин бадамың, бул менин бадамым, бул сенин жаңгагың, бул менин жаңгагым» деп бөлүштүрө келип, түгөйү жок жалгыз түп дарактарды «бул апамдыкы» деп койчубуз. Балалык баёо сезим менен сезбептирбиз, апамдын жалгыз, түгөйү жок экендиги бизди ойлондурбаптыр… Апам «тиет элем, коёт элем, жалгызмын, кыйналдым» дебеди, «Дүйнөгө келип арттырган байлыгым – силерсиңер, » – деп өзүбүзгө да, эл көзүнчө да көп айтчу, азыр да айтат.
Апамдын нандары чоң, тептегерек, өзгөчө жыттуу боло турган. Мен бала бакчага барып жүргөн кез каатчылык маалга туш келгендиктен, ар бирибиз нан көтөрө барчубуз. Дале эсимде, кучактаган чоң, кыпкызыл наным курсагымды ысытып, апам экөөбүз аябагандай чуңкур жарды бойлой ичке чыйыр жол менен кеч күздүн бозомук таңынын жымжырттыгын бузбай бара жатканыбыз. Күнү бүгүнкүдөй ошол көтөрүп барып жүргөн нандардын өзгөчө жыты да эсиме келет.
Апам өтө иштерман жан болчу (азыр деле ошо калыбынан жазбай тың). Эсимде, апам орогун «шырт-шырт» эттирип чөп ширесинин жытын аңкытып беде орчу. А мен ал кезде көпөлөктөр менен «өлө ооруп» жүргөн маалым экен: көпөлөктүн сүрөтү бар көйнөгүмө араң батсам да болбой кийип (кирдесе, жууп кургатканча чый-пыйым чыгып, апамдын шаштысын кетирчү экенмин), көпөлөк сүрөттүү кичинекей чакамды көтөрүп алып көпөлөк кармаганы менден бийик беденин арасына кирип ойночумун. Апам иштин кызыгы менен оро бериптир, а мен ойноп жүрүп түш ченде беденин арасында катуу уктап калыптырмын. Апам бир чакырат, эки чакырат, кыйкырат – жооп жок! Тун перзентин жерге берген апакем мени айылды үч көтөрө издебеспи! Издебеген көчөсү, баспаган жери калбаптыр. Кошуна-колоңдор менен чогуу-чаран «кызымды көрбөдүңөрбү? » деп сурабагандан сурап, ысымымды кыйкырып жүрүп тамагы бүтүп, суй жыгылганча издеп алы куруп, анан күүгүм талаш четирээк жерге көчүк басканда мен чыга келбесминби! Бул окуя кантип бүткөнү белгилүү эле да, бирок кышында да «көпөлөк шапке кием» деп апамды кыйнаганым эсимде. Ошол көпөлөк шапке, көйнөк, чакаларым азыр да сакталуу. Апам: «Жоготконго колум барбайт, «баламдын буюму» деп сактап жүрөм,» – деп калат.
Тамыбызга өтө жакын, терезелердин түбүндө жыты укмуш, жей келгенде экиге оңой бөлүнгөн, мөмөсү ширелүү шабдалы дарак өсө турган. (Кош бойлуу маалымда дал ушул шабдалынын даамы көмөкөйгө жетпей мукурабадымбы! ) Апам ашканада бирдеме туурап жаткан, «Даракка аарылар уя салып алыптыр, чыкпа!» деп каршы болгонуна карабай мурдумду көтөрүп жөнөбөсмүнбү! Дагы жөн кетпей: «Аарылар менин солдаттарым (жоокерлерим)! Алар мени чагышпайт, а бирок буйрук берсем сизди чагып алышат!» – деп апамды опузалап койгонумчу, ий. Босогону аттай элегимде бир аары кулак тарабымды чымчып өтпөспү! Чагылган тийгендей, көзүмдөн от чачырап, он талаа жаш менен кире бериштен сыртты карай калсам, босогодон шыпка дейре кызыл, сары, кара, кочкул, чоң, кичине, майда, калдайган, айтор, ар түркүн аарылар бызылдап тизилип калгандай болду заматта. «Апаа!» – деп өңгүрөгөн бойдон чуркап келип этегине башым каттым. Апам көрүп бир күлөт, бир менин кейпимди көрүп боору ооруп бычагын кулагыма басат, «Солдаттарыым, солдаттарым» эле дейсиң, солдаттарың сени тааныбайт го, чын эле сеникилерби? » деген бойдон этиме туз басат. Бул окуяны азыр деле аарыларды көргөндө кээде эстеп калабыз. А мен шыпка дейре катар тизилген аарыларды унута элекмин.
Мындан да кичинекей маалымда бешикке жатып термелгенди сүйчү экенмин. (Апамдын бешик боосун белимден келтирип байлаганы, эки колумду соройтуп жерден түртүнүп термелгеним, төмөндөгү окуя жалпы жонунан эсимде бар.) Боюм узарып, буттарым соройуп батпай, бешикке жаткан чактан өтсөм деле апамды «Мени бешикке бөлөнүз» деп кыйнай берчү экенмин. Бир ирет мен ошентип жатып, апам сыртта жүргөндө алысыраак турган айылдашыбыз биздикине келип калат. Эшик тыкылдатат – эч ким унчукпайт, апамдын атын атайт – жооп берген жан жок. Анан ачык турган терезени көрөт да, башын салып «Эже, кайдасыз?» – дегенче болбой мен бешиктин жапкычын ачып: «Апам үйдө жок,» – дептирмин. «Ким бул? Кокуй?!» – деп башымды булайткан мени көрүп жүрөгү түшүп, чочуп, учук чыгып кеткенин апама далай айтып жүрүптүр, «Чопчоң кызыңызды бешикке бөлөгөнүнүз эмнеси?» – деп.
Мен мына ушундай балалыктын даамын татып чоңойдум, а апам бизди өксүтпөй толук шарт түзүп берүү үчүн турмуш менен бир өмүр жалгыз күрөшүп, нечен кыйынчылыктарды башынан өткөрсө да майтарылбай, кабагым-кашым дебей чүрпөлөрүн адам катарына кошту. Таазим сизге, апакем.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#94 08 Май 2016 - 16:02
#95 08 Май 2016 - 19:31
Мен дуйнону апам менен тааныгам!
Мен дуйнону апам менен таанысам ,
Мен апамды койногунон тааныгам.
Тируу болчу койногунун гулдору
Баскан сайын бажырайып ачылган.
демекчи менда тээ балалык кезге сапар тартып барып келгим келди.
Апакем менин алтындай болгон ,жаным апам атама он жети жашында турмуш куруп алты баланы тарбиялаган. Алтообуздун ар кылыгыбызды которуп ,саамайыбыздан сылап эркелетип ,керек болсо кок чыбыктан да ооз тийгизип чонойткон.
Мен учунчу кызымын, бир эжем бир агам бар.
Эки синдим ,бир иним бар.
Баарыбызды туурубузга кондуруп кокурок кучугу болгон инимдин баласынын кылыгына балкып олтурган кези азыр.
Атакем айтып калат:
- апанарды багын ачып койдумда болбосо эч ким албайт эле деп бизге коз кысып койсо ,алтын апакем
- ооба, козу баканын козундой экен тийбейм деп ыйласам болбой ала качкансын ,бир орустун нивасы менен деп тамашалап жаштыктарын эскеришет.
Алтыным апакемдин колунан жасалган ар бир тамагын тамшанып жейбизгоо.
Агам турмуш тириликтин айынан Россиялап журот.
Кандай тамак жасабайын ,тамагымдан кырылып отот ,ушуну чогуу отуруп жегенде деп баарынарды эстей берем деп калат.
Озгочо опко куюп,ордок каз жасап ,быжыдан ага жумурткаларын келтире жасаганычы. Биз эле эмес ,бутун айыл макташат.
Колунан коору тогулгон уз - чебер экенин айтпасам болбос.
Жаштайынан шырдак жасап ,курак курап баарын бизге уйротконучу ,жанына олтургузуп алып шырдакка жээк тарттырып ,шырытып уйротоор эле.
Бул сенин себине бул тигиге десе чычалап ыйлап ийгенибизчи.
Азыр эстесем кулуп жиберем.
Сепке кошуп берген окшош эки шырдагым барэле ,апакемдин колу жооруп ,коз майы короп ,тиккен деп жыйып койгом...
Апакем жаш кезин мындайча эскерет:
Чачым тиземе тушкон ,шынга бойлуу кыз элем.
Жаш турмушка чыгып суйуу- пуйууну билбей эле атан менен бир жаздыкка баш койгомун.
Таятанар мугалим учун ,тартипти темирдей эле сактачу ,бирда эриниме эндик сыйпап ,колума лак коюп ,кашымы терген эмесмин.
Жаш экеминби же баео муноз белем билбейм.
Атанарды бир кызганышты деле билбепмин.
Уйго бир короо кыз келет эле ,атанарды сурап ,аккардеон чертип берсин ырдайбыз дешип ,баарын уйго киргизип,аларга тамак жасап ,чай берип анан озум жатып алаар элем.
Атанар тан атканча кыздарга аккардеон чертип ырдап - чоорлоп олтура беришчу дейт.(чоп чабыкка барган студент кыздар)
Атакем апам тууралуу буларга токтолот:
Армиядан келип ,ырдап ,эл оозуна анча - мынча алынып калган кезим.
Кычыраган маалым ,радиодон ырларым кетип телеге клип даярдап кыздар аркаман кат жазып калчу.
Бир куну инимен ,уйлонгонго жакшы кыз барбы десем ,
Ооба ака ,бир классташым бар ,бетинен байкатпай ооп алсам ,мени уруп ,мектептин айнегин талкалап салдык.
Ошо кыз жакшы жар болот сизге деген созу менен апанардын артынан тушком.
Агасынын уйундо журуп окуучу экен ,жай мезгили эле ,кат жазсам ондуу жооп бербегенинен ,туну бир букет гул алып ,ичине кат жазып,барып айнектен ыргытсам ,апанардынжанында уктап жаткан женесинин устуно тийиптир анда да жолум болбой кайткам деп айтып берээр эле атакем.
Ананда апакемин тагалары болуп кетчу экен атам.
Кийинда копко чейин тага деп жургон экен.
Мына окурман мен сыймыктана айтчу создор айтсам такыр тугончудой эмес...
Учурда торт небере багып ,эл ортону элуу жаштын ашын жеп жаткан мезгили.
Аппапак жоолук салынып ,
Амандык тилек жамынып.
Алыстан кызым келет деп
Апакем журот сагынып.
Ардайым ачык маанайын ,
Агарып турат саамайын.
Алпештеп бизди остургон ,
Апакем жашоо- таалайым!
#96 08 Май 2016 - 20:01
Мен апамды коздорунон тааныгам.
Чын эле дуйнону торт айлансамда менин апамдын коздорундой мээримдуу,жылдыздуу, дайым кулуп турчу коздорду издеп таба албашым анык.Апамдын сырткы келбетинде канчалык озгоруулор болбосун,козу дайым ошол-ошол боюнча.Мен ынаалап коздорумду ачканда кандай корсом кудум ошол боюнча.
Ушул маалга чейин апам бироолор менен козун заарын чачыратып урушканын корбогом.Качан болбосун кыраакы тиктеп,жай коз карашы менен маселени тушундуруп чечкен аял.Менин сырткы келбетим апама анча окшошпосо да элдер коздору апасыныкын тартыптыр дегендерин укканымда жетине албай суйуном.
Уйдо жалгыз кыз болгонума мени озу карап,чачтарымды байлап,кийинтип жонотчу экен мектепке.Эсимде 6-класска чейин оз алдымча чачымды ондоп,кийинип баралчу эмесмин.Бир куну тай атам ооруп калып апам ошол жакка барып уйго келбей калып,мен озум мектепке баргам.Анан эжейке мага не апан уйдо жок беле деп сураган.Мен болсо эжейке кайдан билип алган деп койом озумчо.Корсо чачым жакшы таралбай,бетимди таза жууп барбаганымдан билсе керек))
Да бир жолу мектепте бироо менен урушуп кетип катуу уруп койгон экенмин,чогулуш кылып ата-энелерди чакырган,директор мени бир карап апамды бир карап чын эле ушул сенин кызынбы деп тан калган.Ойлошпосо керекта ушундай аялдын мендей "тополончу" кызы бар экенин.Анан апам кулуп туруп ооба менин кызым,бул азыр жаш чонойгондо коросунор азыр болсо кечирип койгула деп мени жетелеп чыгып кеткен.Чыккандан кийин апам кандай учур болбосун менин кызым экенинди унутпа,мени уят кылчу иш кылбагын,кыз балага эне тарбия берет деп урушпастан коп насааттарын айткан.Ошондон кийин апама соз тийгизбейин деп ар бир баскан кадамыма конул бурам.Азырга чейин бир иш кылаардан мурун апамды ойлоп анан баштайм.
Апам келин алып кыз чыгара элек болсо да,айылдагы апалар келиндерине кандай мамиле кылууну,кыздарына кантип насаат айтып узатышты апамдан сурап кеп-кенеш алышат.Айылдагы той-аштар апамсыз отпойт.Азыр кичине ооруп кайратынан жазганы болбосо бечара мээнеткеч жан.
Мына достор мен ушундай эненин кызымын!
Билдирүүнү түзөткөн: Geran: 08 Май 2016 - 20:25
#97 08 Май 2016 - 20:42
Апам менин бул жашоодо жол чырагым,насаатчым, кеңешчим.
Менин апамдын көздөрү эң сулуу жана жароокер .Ал бизди ар дайым сүйүү көздөрү менен караганда,тээ түпкүрүндө муңду да байкайм.Ошол караштан,күзгү сымал өзүмдү жана балалыгымдын чагылуусун көрөм.Алар өткөн өмүрдүн кыйынчылыктарды акылмандык менен жеңүүсүнө,ошондой эле,бактылуулукка толгон.
Апамдын кара,катуу чачы болсо,кайратуулугун айгинелейт. Мына ошол эрктуу,күчтүү мүнөзү менен бизди эрезеге жеткирип,дале кайратынан жазбай,бизге акыл-насаатын айтып келет.
Анын назик,жумушак колу,кең кучагы баарыбызга бирдей жетип,нечен азаптан сактап,коргоп келет.Колунан көөрү төгүлгөн апам кураган курактар,биздин үйдүн эле эмес,башкалардын төрүндө да көздүн жоосун алат.Ал колдору менен эринбей кесме түйүп (түрк манты деп коюшат),хошан жасап курсагыбызды кампайтат эле.Эсимде,чачымды жылан кылып,бакырайган көзүм жымшыйганча, катуу тартып,өрүп берсе,кошунанын кыздары суктанып,чачтарын өрдүргөнү кезекке туруп,ал эмес таң атпай үйгө келип алышат эле.
Кайсы жылдары экени так эсимде жок,апам соода менен алектенип,биздин кем-каржыбызды, келечегибизди камсыздоо менен убара.Борбордо окуган улуу эжем окуудан алган стипендиясына белек-бекчегин көтөрүнүп,келип кетет.Андан кийинки окуучу эжем бизди үйдө карайт,сабагыбызды көзөмөлдөйт, кирибиз,тамагыбызды анын моюнда эле.Анда-санда чыкылдатып, тизет эле,тентек кылганда.Биздин жумуш жакшы окуп,эжебиздин тилин алып,тентек кылбаш керек.Муну апам ар келгенде айтар эле.Апамды жумасына 1-2 жолу көрөт элек,ошондо шамалда,топурак- чаңда чуркап,ойноп жүрүп,кесилген бетимди бозортуп алып,жол карап,апамды күтөт элем.Сагынганымда, апамдан кийинки ишенген,күткөн адамды күнөөлөп,ага болгон таарынычым, ошентип,жек көрүүгө айланды да,калды.Муну апам эне жүрөгү менен туйдубу,куса толгон көздөрубүзгө чыдабадыбы, жайкы эс алууда жанына ээрчитип алчу.Ошол кезде дүйнөнүн бир бурчун көрдүм,эл көрдүм.Эң негизгизи адал эмгек,ак эмгекти билдим.
Качан болбосун,башыңа жаман иш түшкөндө,апамдын мээримдүү,мукамдуу үнү дем берет,баарын унута түшөм.Ар бир айтылган сөзү,мени туура жолго салат,терең ойлондурат. Бир жолу,өткөөл курак кез,турмуш тууралуу кеп болгондо,апама: "Мен турмушка чыкпайм,ким эле күйөөгө тийип,жыргап жатыптыр,сиз жыргадыңызбы? !",-деген элем.Ошондо апам: "Силер - менин бактымсыңар, менин жыргалымсыңар! ..",-дегени ойлондуруп, оюмду түп тамыры менен өзгөрткөн эле.Апамдын ошондогу эки ооз сөзү менен азыркы үй-бүлөлүк бакытты таанып отурам.
Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 08 Май 2016 - 20:54
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#98 08 Май 2016 - 22:26
Жаз мезгили эле. Апам менен бирге иштешкен мугалимдердин бирөө ооз тийгиле деп, 3литрлик чакага(челек)
сүмөлөк куюп берип жибериптир. Баланча эжекенин чакасын алып барып бер, кур көтөрүп барбай, талкан салып ал деп апам дайындап жумушка кетсе. Агам талкандын ордуна адашып кебек салып барып бериптир. Ал кезде унду азыркыдай базардан сатып албай, көпчүлүгү айылдын тегирменине тарттырып жечү, айыл тегирменинен чыккан ундун калдыгыда көбүрөөк чыгат.
Тигил эжей, ии талкан берип жакшы кылган турбайбы деп, үйүндөгү усталарга жарма жасап берген экен. Оор жумуш жасап жаткан немелер кебектин деле даамын билбей тамшанып ичип алышыптыр.))
Анда агам экөөбүз беш, алтыдагы бала болчубуз.
Оюнчук пластмасса кружкалары менен чайнегим бар эле, ошону күйүп турган ыссык мешке коюп койгонбуз. Кыштын күнү үйгө от жагылат эмесби.
-Ооой, чайнегим кичирейип баратат, оой, бырбыйып баратат деп таң калып карап турганча, чайнек ээрип түшүп, суусу жайылып жатып калган. А үйдүн ичи жагымсыз жыт менен түтүнгө толуп кеткен.
Ал эми бой тартып калган кезим. Сыртта очокко от жагып тамак жасап жатсам, чымчыктын заңы казандын четине түшүп калган. Аны иним чылпагын алам деп көзүн чукуп алган сыңары, чуук менен сайгылап алам деп жатып, бышып калган тамакка заңды түшүрүп жиберген. Айла жок казанды иним экөөбүз мал сарайдын артына эч ким көрбөгөн жерге алып барып, ит аякка куюп салганбыз. Идиштен ашып, төгүлүп, агып жаткан арыктагы сууга кошулуп, төгүлгөндөн калганы итибиз үчүн сипсвежий, жирный ужин болгон.
Бир ирээт коңшубуздукуна барып балдыз ийнени берип койгулачы дептирмин. Жубалдыз(темене) дейм деп, балдыз ийне деп алгам го.
Дагы бир күнү сырттан келип, -Апа, кайнатамдын баласы чакырып жатат десем, апам кайсы кайнатаңын баласы деп, таң калып сыртка чыкса өкүл баласы чакырып жаткан экен, өкүл балаңыз дегенди унутуп, кайнатамын баласы дептирмин.)) Бул кезде 7-8деги секелек болчумун.
Кандай эненин перзентисиң дегенде айкөлдүгү жанда жок, мээрими чыгыш менен батышка жеткен, кучагы бейпилдикке толгон, таманына бейиш багын катып алган, жөпжөнөкөй эненин перзентимин. Дегеле эне жөнүндө сөз кылсак түгөнбөчүдөй, сынактын баянын Өмурбек Азимбаевдин кооз саптары менен жыйынтыктагым келди.
Көңүлдө көр сезимди ката дешти,
Көөдөндү тазартуучу бата дешти.
Кырсыктан сени аяп, өзүн тосуп,
Коргогон периштени "Апа" дешти.
Өмүрдө караңгымды жарык кылаар,
Өлүмдөн коркпос жанды алып тынаар.
Ажалга балам үчүн барам деген,
Апам ай, айкөлсүң ай, ыйыксың ай!!!
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 09 Май 2016 - 00:16
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#99 08 Май 2016 - 22:26
Апам мени күтүп турса...Кайдагы?
Арзуум ошол күндүр,түндүр ойлогон,
Барсам деймин мен төрөлгөн айылга.
Эх...ээй досум!
Көрбөгөн бар,көргөн бар,
Бир айылдан чыкпай жүрүп өлгөн бар.
Бүт дүйнөнү самап турсак бул жерде,
Чаң жыттанган айылыңда эмнең бар?
Айылымда берекелүү казан бар,
Ылай там бар,анан дагы кашар бар.
Күйпөлөктөп очок,тандыр жыттанган,
Айылымда мени күтчүү апам бар!
Көрбөдүм жай олтурган бош күнүңдү,
Күйпөлүп карап ачка,токтугумду.
Башкалар сабыр кылып чыдай алгыс,
Көтөрүп жүрүптүрсүң шоктугумду.
Кыйналсам сен да гүлдөй соолуп калып,
А күлсөм жүрдүң кайра толукталып.
Айланттым көпөлөктөй маңдайымда,
Августтун шамалына ооруп калып.
Бал таттым көптүр дагы тата элегим,
Жол бастым арбыныраак баса элегим.
Өмүрүмдө өткүчөктү өзгөрүлбөс
Төрөлдүм эң биринчи"Апа" дедим.
Апа дейт жүз күндөрү,миң таңдары,
Кайгырсам ,жапа чегип турсам дагы.
А тургай сүйүнсөм да Апа дегем
Апа деп ыйлаганмын урсаң дагы.
Таппадым мээримиңи жеңе алчууну,
Тең келбес бүткүл жердин кени,алтыны.
Таш көчө,ылай тамда чоңойсом да,
Тааныдым бул дүйнөнү сен аркылуу.
Ааламда көккө башым тийген болуп,
Көз салсам көп нерсени билген болуп.
Тар экен сенден бир топ ошол дүйнө,
Сен өзүң кала берчи дүйнөм болуп!
Дүйнөдөн Апа бир топ кең экенсиң,
Сен өзүң кала берчи дүйнөм болуп!
Жогорудагы ыр саптарында айтылып өткөндөй жашоонун алтын мезгили болгон балалыгым чаң жыттанган,үйлөрү берекеге толгон,элинин пейили кең,апалары акылдуу,аталары барктуу болгон Кызыл-Кырман айылында өткөн.Балалык дегенде тентектик кылып таяк жеп,сөз укпаган,жаман ой,жаман жоруктан алыс болгон,жан дүйнөбүздүн таза мезгили көз алдыбызга тартылат.Тентектик кылган учурда апакем туура эмес кылыгымды макал-лакап, аталардан калган накыл сөздөр менен айтып түшүндүрүп берчүү.Апамдын акылдуулугуна, сөзмөр экендигине алигиче суктанып,дал апамдай болууга умтулуп келем.
Анда эмесе,ошол шоктук менен өткөн балалыгымдан бир кызык окуя жаза кетейин.
Баардык эле апалар келе элек эле мейманы үчүн шириндиктерди бекитет эмеспи?Апамдын да сандыгында биздин шилекейди агызган шириндиктери болоор эле.Албетте апама көрүнбөй уурдап жейт элек.Күн сайын кечисин айылдын этегинен суу ташып келет элек(конистор менен).Бир куну кечинде сууга жоноп жатып сандыктагы момпосуйдан жегим келди.Акырын уйго кирдим да беш,алтоону алып суу ташыган идишке салып койдум.Апам көрбөшү үчүн.Үйдөн чыгып баратсам апам ишке жумшай салбасбы?Идишти коюп айткан нерсесин алып келүүгө жөнөп калсам,ары жактан иним келип суу ташыган идишти көтөрө калып момпосуйларым шыгырап эле жатып калды.Мен турам көзүм алайып,иним күлөт"тутулдуңбу? "деп.Апакем болсо"Эмне эле жок болуп кетет десе сенде турбайбы иш"деп коёт.
Мындай күндөрдун далайы өткөн.Алардын ар бирин эстеп жазууга убакыт да,сыя да жетпейт экен.Апакемдин ошол тентек кызы эми минтип өзү Эне болуу алдында турат.
Апакем бактыбызга бар болуп,атам менен көп жашаңыздар!
Билдирүүнү түзөткөн: Angel92: 08 Май 2016 - 23:06
#100 08 Май 2016 - 22:34
Бала учун бул дуйнодо эне мээриминен кымбат эч нерсе жок. Мен учун эн кымбат, эн асыл адамым-апам. Менин апам илимге сунгуп кирген илимпоз да, атагы алыска кеткен белгилуу да адам эмес. Ал бар болгону копчулуктун экинчи энесине айланган-мугалим. Жуздогон балдарга энелик мээрим менен карап, аларды билимдуу кылууга коп эмгек, коп куч жумшаган-аял. Апакем созго чечен,коп адамдар менен тез тил табыша билген-аял.
Биз беш бир тууганбыз. Тортообуз оз алдынча уй кутуп, турмуш жолуна аттанганбыз. Апам бизди баарыбызды ак ниет, чынчыл болууга, ак эмгек менен нан тапканга, ар дайым таза журууго уйротту. Ар дайым энелик кеп-кенешин айтып, мээримин тогот. Ар бирибиздин мунозубузго жараша мамиле жасап, ар бирибиздин кыял-жоругубузга чыдап, кайгырган учурларында бизге билдирбей ичинен сызат. Дагы да болсо, ар бирибиз учун озунчо туйшуктонуп, камкордук корот.
Мен жети жашымда мектепке барсам да, бою кичине назик кыз элем. Мектепке барбайм, корком деп ыйлачу элен кечээ эле, бугун болсо мынтип озун эки баланын энеси болуп отурасын деп кулуп калат, ар дайым уйго барганда. Жогоруда айтпадымбы апам мугалим деп. Бизди кыздарын аябай каттуу кармачу. Мектепте, жада калса университете окуп жургондо да кафе,отуруш, туулган кун деген нерселерге жонотчу эмес. Жонотсо да бир жылда бир-эки жолу, анда да "саат он экиде уйдо болуп калгын" деп жонотчу эле. Саат жебеси он экини какканда, он-он беш минута кеч калып уйдо болуп калчубуз. Эсимде бир жолу биздин уйдон беш-алты уй эле нары жашаган классташымдын туулган кунуно барып, саатты унутуп калыпмын. Ошондо апам озу барып ээрчитип келген.
Жашы эми гана элуудон отконуно карабай, капкара саамайы буурул тартып барат.Ал эми колдору туурулуп турса да,мен учун ушунчалык жумшак, ушунчалык назик. Ошол туурулган колдор пешенемден сылап койсо, андан ашык сыймык, андан ашык бакыт жок мага бул дуйнодо... Ошол эле учурда энелик мээримин тогуп, уйрулуп устумо тушуп турушу журогумду элжиретип, эн бактылуу учурларымды эске салат.
Апакем бир кун эле уйдо жок болуп калса,уй ээнсиреп,конулсуз, кунарсыз болуп калат. Апамдын асыл эмгегин тенештирууго эч нерсе таппайм. Ар дайым апамдын айтканы менен болуп,апам менен сыймыктанып, менда апама окшош болууга аракеттенем.
Жарык дуйно жашоо берген энекем,
Баскан жолун бийик аска-зоо экен.
Сен мен учун жарык чачкан шооламсын,
Жашоодогу тугонбогон берекем.