Balamir Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Жаран
- Билдирүүлөр:
- 948 (0,19 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (299 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 23 Май 11
- Кароолор:
- 49 008
- Соңку аракети
- 04 Сен 2024 03:48
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Декабрь 30
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Earth
Мен ачкан темалар
-
Айландын окуясы: Күнөө кимде?
Жазылган күн: 4 Сен 2015
Абдуллах Курди Европадан орун-очок алып, өз үй-бүлөсү үчүн жакшы шарт түзүп бере алам деп ойлогон. Эми ал деңизди жектеп, балдарынын сууга чөгүп бара жатканы көз алдынан кетпей турат.
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Сириялык качкын, Грецияга жетем деп баратып, бүтүндөй үй-бүлөсүн жоготкон Абдуллах Курди Sputnik Türkiye маалымат агенттиги менен өз кайгысын бөлүшкөн.
Шаршембиде Түркиянын Бодрум шаарындагы курорттун жээгине деңиз суусу эки жашар Айлан Курдинин жансыз денесин жээкке чыгарып койгон. Сириялык баланын өлгөн сүрөтү интернетте пайда болуп, дүйнө коомчулугун дүрбөлөңгө салды.
Баланын атасынын айтымында, ал үй-бүлөсү менен 2012-жылга чейин Сириянын Шам провинциясында жашаган, бирок согуш башталганда өлкөнүн түндүгүнө, Кобаниге көчүп келишкен. Үй-бүлөсүн ал жакка таштап коюп, өзү акча табыш үчүн Түркияга келген экен.
" Стамбулда курулушта иштедим, бирок согушкерлер Кобани шаарына чабуул коё баштаганын укканда, үй-бүлөмдү Стамбулга алып келгем", — дейт Курди.
Ал өзү иштегенине карабай, жашоо кыйын болчу дейт. Бир тууганы Канадада, эжеси Швейцарияда иштейт экен.
" Эжем бизди Европага чакырган. Ошол үчүн эмнеси болсо да ал жакка кетели дегенбиз" , — дейт качкын.
Курди качкындарды ташып жүргөн бир контрабандистти тапканын айтат. Ал Курдиге Грецияга жеткенге жардам берем деп убада кылып, кызматы үчүн 1200 доллар алган экен. Контрабандист анын үй-бүлөсүн Бодрумдун көп көзгө илинбеген булуңдарынын бирине жеткирет.
" Түн ортосуна жакын мен үй-бүлөм жана дагы өзүмө окшогон 13 киши менен кайыкка отурдук. Деңиз жээгинде бизден башка эч ким жок болчу, биз жакшы жашоону беттей жөнөдүк. Кокустан пайда болгон толкун кайыкты чайпай баштады", — дейт качкын.
Контрабандист кайык оодарылганга чейин андан секирип кеткенге үлгүргөнүн айтат Курди.
" Кайык көңтөрүлгөндө баарыбыз толкуган деңизде калдык. Мен уулдарымды сактап калганга аракет кылдым, бирок колумдан келген жок. Баары менин көз алдымда чөгүп кетишти", — дейт кайгыга муунган ата.
Дагы беш адам, анын ичинде эки кенедей бала чөгүп кеткенин, сууда сүзгөндү билген сегиз гана адам аман калганын ал кошумчалады
" 3,5 сааттан ашык сууда болдум, анан мени куткаруучулар таап алышты", — деди Курди.
Анын айтымында, ал үй-бүлөсүн жерге берип, алардын жанында калыш үчүн Кобаниге кайтып барат.
" Мен өз уулдарым Айланды, Галипти жана аялымды аябай жакшы көрчүмүн. Европада орун-очок алып, өз үй-бүлөм үчүн жакшы шарт түзүп бере алам деп ойлогом. Эми ал деңизди жек көрөм, көз алдымда балдарымдын сууга чөгүп бара жатканы кетпей турат", — деди Курди.
Качкын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн мыйзамсыз мигранттардын өлүмүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырат.
Спутниктен -
Жашоодон эмне каалайт элең?
Жазылган күн: 10 Апр 2015
Тагыраак айтканда, жашооңдо сага эмне берилсе жыргап-куунап, чалкалап эс алып калат элең же проблемаңдын баарын унутуп стресс деген азаптан ары болот элең?
Өткөндө, университеттердин бирин кире беришинде бош тактай асылып, ортосуна кичинекей кагазда ушул суроо жазылып турганын көрүп илхам келип кетти. "Жашоодон эмне каалайт элең?"
Көп өтпөй ар ким ар кандай жоопторду жазып калтыра башташты. Суроонун айлансы түстүү кагаздарга жазылган түрдүү жооптор менен толуп кетиптир. Мисалы?
- Бир стакан чай. Эки шекер болсо бүт нерсе бекер болсо
- Уул каалайт элем.
- Тынчтык болсун!
- Апам уруша бербесе...
- Сабактардан калып калбасам экен
- Лидерлик сыпат берилсе...
- Сулуу кыз
- Ден соолук
- Машинама дөңгөлөк керек, деп жазгандар да бар.
Кыскасы, юмор аралаш, пайдалуу, кеңешти да ичине камтыган курч сүйлөмдөрдү күтүп калабыз.
Анда, баштадык!
PS: Көптөн бери кирбей жүрүп көп нерседен алыстап кеттим. Темага окшош тема ачылган болсо бириктирип койгула.
Комментарийлер
Balamir ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?