- (8 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Азыркы учурдун ЭРКЕКТЕРИ Эркекпи же?
#1 08 Август 2018 - 22:01
Өзүн - денесин эле эмес, ойун, келечегин, тагдырын, бар көйгөйүн, жаралуучу көйгөйлөрүн, айтор ФИНАНСО-МАТЕРИАЛЬНО- ФИЗИЧЕСКИ арнайт! Эр алат! (Алуу, өзүнө бүтүндөй бир адамды, келечегин, көйгөйүн кошо алат)
Анан эми ошо, арноочусу кабыл алуунун ордуна, кайра өзүн арнап турса, аял киши турмушка ЧЫГУУ эмес эле АЛУУ керек болуп калатко!
"За мужчин - нытиков замуж не выходят, их в жёны берут!" деп бир тармактан окудум эле.
Чын эле ушундайлар көбөйгөндөй. ..
Төрт баланы төрөп, алардын кемин жалгыз өзү толуктап, аларга кошумча араккор күйөөсүн желкеге артып алып, өзү аял экендигин да унутуп калган, темирден жаралгандай, кара жанын карч уруп жүргөн айымдарыбыз канча?
Күйөө сөрөй, түйшүктүн бар экенин байкоодон көрө, өзүнүн дартын оодарууну оңой көрүп олтурса, аял кантсин?
Кемчиликти айттыра койбой, өзүнүн аябай кыйналып жүргөнүн айтып, акырында "Колумдан не келет? Бар аракетим кылып жатпаймынбы? " деп кайра доого урунуп, баарына аялын күнөөлөп басып кетет. Мындайда кайрадан эле аялга түшөт. "Байкушум чын эле кыйналып турат, кой өзүм эле..."
Анан?
Дагы деле АЯЛ!?!?
"- Аялы начар чыгып, ушинтип ичип кеткен..."
Ой садаголойундаар, мунун атасы иччү, чоң атасы иччү, агасы менен иниси азырда ичет! Гендерди да унутпашыбыз керек! Аялы болгону бир шордуу. Күйөө тандоо убактысы келгенде, "Чүйөм ушуну!" деп тийип алган.
Сүйүүнүн канчалык убактылуу экенин жана да баркын жоготуучулар да ушулар!
Турмушка аттанаардан мурда ата-тегин сүрүштүрүү деген канчалык маанилүү экендигин кеч түшүнүшөт!
Ооба, ата-тегин репутациясы начарлардан деле азамат уулдар чыгат, бирок, көптөн бири гана! Мындайда 50/50!
Тобокелге салууга туура келет!
"Эрди ЭР кылганда, кара жер кылганда АЯЛ!"деген дурной лакапты бет мандайыбызга илип алып, бар айыпты аялдан издеп жыргап калабыз!
Туура, аял - акылдуу, аял- амалкөй, аял - сезимтал! А бирок эркекчи?
Эркек эмне, эч нерсеге акылы жетпеген бир дөдөйбү? Дейин десең, бар акылдуу эркектин баары ушул форумга топтолуп алгандай, бирдеме дедире койбой, "сен көк мээ, буга башың жетпейт..." деп түшүшөт! Ошондо башы жетүүчүнүн акылы каерге чейин жетип жатат?
Келиниздер эми башкы этапка бир бурулуп, мындайча айтканда "заводской настройкага" карап, аял менен эркектин функцияларын бөлүштүрүп алабыз?
Аял - төрөйт, баласын тарбиялайт, тазалык, тыкандык жана күйөөсүнүн төшөк маселесине жооптуу!
Эркек - үй-бүлөөгө; аялына, балдарына, каарыган, кол караган ата-энесине жооптуу! Тамагынан тартып, коопсуздугу, кийим - кече, даары - дармек, ооруу - сыркоосун баарын мойнуна алуусу керек! Доого урунуп, милдеттенип эмес, камкорлук менен камсыздоо керек!
Бир нерсеге жарап койсо "Ушинттим эле" деп төшүн кагып, эрдемсинип, эл көзүнө баарын бүтүрүп аткан көрүнүп дагы да аялын башкара алган көрүнүп, кара мушун колдонуп жиберишет. Аял затын күч колдонгон дөдөйлөргө дагы бир башка тема ачса болгудай! Бурулайдын өлүмүн эстесен сөөгүң зыркырайт. Эркек атын жамынган зөөкүрлөр, "Кичинекей кумалак, бир карын майды чиритет" дегендей бүткүл эркек аттуунун абройуна так түшүрүп жүрүшөт. Буларга кара күчтү туура пайдалануу керектигин түшүндүрүү кимдин мойнунда?
"Уядан эмнени көрсө, учканда ошону кылат" дегенге таянсак, дагы деле баланын көз алдынча аялга муш көтөргөн эр азамат күнөөлүүбү?
"Бир киши Жаратуучуга кайрылат ;
- Оо Жараткан, эмнеге кыздын баары сулуу, шайыр, жагымдуу, ал эми аялдар болсо кабагы ачылбаган, жагымсыз жана нааразы?
- Анткени кыздарды мен жаратам, а силер ЭРКЕКТЕР, алардан аял кыласынар! "
Өз үй-бүлөсүн эптей албай жатып, бойдок кыздарга көз арткан дөдөйлөр такыр эле бөлөк тема! (причём 1 том) Бул дагы жоопкерчиликсиздин бир бөлүгү!
Мен муну менен аялдарды аппак кылып, бар эркекти каралагым келген жок! Болгону бир нече факты менен, өз ойумду анализдеп аял затын аяп, бар ойумду төгүп салдым.
Талак маселесинин эркекке берилгендигинин себеби да, алар табиятынан оор, жоопкерчиликтүү, намыстуу, камкор деп айтылат? Бул чындык десек азыр бизге ким ишенет? Эгер бул сөздөр чындык болгондо азыркы күндөгү АЖЫРАШУУ МАСЕЛЕСИ мынчалык көп учурабас беле? Демек жалган! Эркектер эч кандай жоопкерчиликтүү эмес, эч кандай оор эмес. Мунун дагы бир далили ушул эле форум! Кайсы темага баш бакпа, аялдар калып эле, эркектердин бирин бири куткулап, бирин бири чукулап, ажылдашып, чырдын майданын ээлеп отургандары! ?
Ата - энелер, сиздерге да суроо; тарбия берип, чонойтуп жаткан уулунуз, бой жеткенде жоопкерчилиги жогору болуп, аялын кыйнабай, ЭРКЕКтик талаптарга жооп береерине канчалык деңгээлдеги кепилдигиниздер бар? Дегеним өзүңүздөргө "Уулум элине зыянын эмес пайдасын тийгизеер уул болобу?" деп суроо бердиниздерби жана ошого жооп берүүчү эмне аткардыныздар? "Бул менин ишим эмес!" деп ойлонбой койо албайм, себеби балким мен эртеге дал ошол силердин уулунарга кызымды береттирмин. Бир эле менин кызым менен чектелип калбайт, мендей болуп бүткүл Кыргызстан турат. Силердин уулунар-биздин келечек!
Баары дебейм бирок, эркектердин басымдуу бөлүгү өзүн эр тутууну унутуп бараткандай азыркы убакта. Ошол себеп АЖЫРАШУУ көйгөйү басымдуу түрдө жогорулап баратканы!
"Катын жолдо, бала белде!"
"Чонойсо, уулум өзү таап келет! " деп оңой олтоң эки жолго түшүп кеткендер, силер канчалык узун жынжырды жаратып алдынар элестете аласынарбы? Уулуң сенин жолуңду жолдойт! Жолдобойт деп кантип кепилдик бересиң? Ал бала эркек адам аялына кандай мамиле кылуу керектигин көргөн жок! А балким көрсө да, сенин ур токмогунду көргөндүр... !!!
Канчалаган жетим чонойот? Мээрсиз, таш боорлор өсүп, канчалаган Бурулайдай күнөөсүз чүрөктөр азап чегет? А балким кордук көрүп жаткан кыз сенин кызың болуп калсачы? Сен деген ага ата мээримин берген жоксуң, кыз балага эркектин мээрими абадай керек! Сенден толук ала албаган мээримди зөөкүрдүн бир эле жумшак сөзүнө алданаары анык! Бүткүл келечек эркектердин колунда болуп жаткан учурда, эркектерибиздин акыбалы бул болуп турса, бизди эмне күтүүдө?
Бул маселеге өз ойунуздар, чечиминиздер, алдын алуу же кантип токтотуу же балким көйгөй катары эмес, муну өзүнө ыңгайлуу тараптан көрүп тургандар да бардыр, бизде деген ЛИДЕР айымдар жок эмес. Балким аларга турмуш арабасын өзү тартуу ыңгайлуудур, а бирок аял заты миң эле күчтүү, эрктүү болбосун, табиятынан назик келет. "Бул өзү эптейт!" деп түйшүктү оодара салуу туурабы?
Жоопкерчилик дегенди алууну каалабаган эркектердин жаралуусу кайдан?
Тарбиябы? Генденби? Же айымдар өзүн ургулай берип, жаман үйрөтүп, өздөрү жаратып алганбы? Деги эле эркектерди күнөөлөгөнүм өзү туурабы?
Айтор көтөрүп чыккан маселем, илгери өгүз көтөрүп эркекмин дешсе, азыркы убактагы сөз да көтөрө албаган "ЭРКЕКТЕР"?
#2 08 Август 2018 - 22:15
Ойумду топтоп, тактап да үлгүрбөдүм.
Плеск негатива болду))
Жана да айта кетчү нерсе, жеке жашоомо (мени курчап турган эркектерге; күйөөм, атам, иним дегендей...) нараазычылыгым жок!!! Бул ойго мени, купуяма келген кат, форумдагы тытышкан эркектер жана бир нече форумчу кыздардын тагдыры түрттү! Ошол себеп өз ой - пикиринерди жеке жашоомду аралаштырбай жазгыла)))
Билдирүүнү түзөткөн: Miss.erkewka95: 08 Август 2018 - 22:16
#3 08 Август 2018 - 22:30
Эми Бурулайды, ала качуу темасын кой, болбосо кыз ала качкан эркектин баары канкор болуп жаткан жери жок го, туурабы?!!
Мисалы мен Камила Дуйшобаеваны мисал кылайын (Кудайым озу кечирсин), башта бул кабарды угуп шок болдук баарыбыз. Кыздын ата-энесине боорубуз ачыды. Арадан жылдар отту, кылмышкер табылган жок, бирок кылмыш иликтоо процессинде Камила тууралуу топтолуп такталган маалыматтар менин ал кыз менен ага тарбия берген ата-энесине болгон оюмду 180 градус болбосо да, 150-160 градуска озгортту. Кайсы бир ИИМ министри депутаттардын суроосуна кыска гана "ал кыз сойку экен" деп жооп узатты. Эмне болгон кундо да, Камиланын олуму анын журум турумуна байланыштуу деген пикирди бир мен эмес, копчулук карманса керек. Эми ошондо, сен эркек аттуунун баарын "зоокур, канкор", мен жалпы кыздарды "сойкуга" чыгаргсам, экообуз тен чындыктан ото ото алыстап кеткен болбойбузбу? !!
#4 08 Август 2018 - 22:35
Мен муну менен "кыз ала качууну" актагым келбейт, бирок ото эле берилип мокочо кылып корсотуу аша чапкандык деп тушуном...
#6 08 Август 2018 - 22:51
Менин оюмча эки тараптын куноосу 50/50. Кандай дейсин? Кээде куноо эркектен кетет. Айрым учурда ажырашуунун себепкери келин озу болот. Кээде экоонон тен айып откон болот.
Мен биринен уккан окуяны айтып берейин, бир байке менен бекерчиликте бекер кепке кирип калганда мага айтып бергени: иним бар дейт, агасынын уулу. Уйлонуп ажырашкан имиш. Анан кыз издеп журуптур. Айтымына караганда шустрый эле жигит корунот. Ал байкенин коншусу бар экен, келин (куйоосу бар албетте). Коншу катары сурашып, суйлошуп калып тиги иниси кыз издеп жургонун айтып калат. Анда коншу келин синдиси ажырашып келип уйдо экенин, жакшы кыз экенин, турмушта жолу болбой ажырашууга аргасыз болгонун айтат. Байке тиги уйлоно турган инисине тиги кыз тууралуу айтса конулдонбой коет. Анан бир кыз менен суйлошуп журуп азырак, ошол кызга уйлонуптур. Анан эч канча жашабай эле ажырашып кетишиптир. Окуя мындай болуптур. Жигит терек бутайт экен. Анан аялына кыркылып жерде жайнаган бутактарды жыйна десе, аялы жыйнабай коюптур, мен мындай иш кылбайм деп. Куйоосу бираз эмоцияга алдырып чырпык менен бутуна бир эки чаап коюптур. Кыз атасына чалыптыр. Кыздын атасы келип, тополон кылып кызын алып кетип калыптыр. Куда тарап (баланын ата-эне, жашы улуу туугандары) кечирим сурап канча суранса да болбой... Баса, кыз шаардык ак кол кыздардан эмес эле чабандын кызы...
Эми ошондо баягы эле эркек куноолубу бул окуя боюнча?!! Мен куноолуу деп кыз менен ошол кыздын ата-энесин айтамын, тарбия эмне экенин тушунбогон, ошол учун кызына тарбия бербеген...
Тиги коншу келиндин синдисине болсо озунун айылдаш жигиттердин бири уйлонуптур. Жакшы кыз алыс кетмек беле. Андай келиндерге "атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар" деп айтылат...
Башка да мисалдар коп, аларды санап откондо эмне. Айткым келгени, ажырашуунун себепкери катары жалан эркек же аялдарды куноолоо туура эместиги...
Билдирүүнү түзөткөн: Chagylgan1: 08 Август 2018 - 22:58
#7 08 Август 2018 - 23:25
Эми ажырашуу маселесине келели. Ажырашууга эркектерди бир тараптуу куноолоо канчалык туура, автор сен озун жооп берчи?!!
80/100 туура! Жогоруда айтып өткөндөй, талак маселесин эркекке берген! Ажырашпай койуу да, эки эле сөзгө талак айтып салууда эркекке көз каранды!! !
Тиги кошунаныздын тагасынын инисинин кайын журтунун женесинин сиңдиси тийчү жигиттин маселесине келсек, үйлөнгөнүнө эч канча убакыт боло элек, бирөөнүн кызын сабоого кандай акысы бар? Жада калса характерин биле элекго ал кыздын? Жумшак айтып, түшүнүшдүрүшүп көрбөптүрбү? Чыбык көтөрүп чуркап жөнөбөй...
Менде да мисалдар көп, бирок тараптарга бөлүнүп талашып тартышуу үчүн ачпадым бул теманы, жеке элдин ойу керек!
Сиздин ойунузга терең ыраазычылык!
#8 08 Август 2018 - 23:46
Эми озубуздун 100-200 жыл илгерки чон ата, чон энелерибиздин жашоосуна коз чаптыралы. Эркек уй-булосун тойгузуунун амалын кылып мал жайып коздогон, аштык эккен, ан уулаган дегендей. Ал убакта бугункудой короо/кашар/ мал сарай-кой сарайлар жок. Мылтык дегенин саналуу адамда. Малды кундузу да, туну да коздоо керек, карышкыр ж.б. коруп...
Аялдын иши уй-тиричилиги, булактан же сайдан суу ташымай, данды жаргылчактан откоруп талкан кылмай, мал саамвй, кой саамай, суттордон каймак, жуурат ж.б. жасамай. Тигуучулук/ токуучулук жондомдуулугун ишке салып кийим тикмей узанып, шырдакмшырып, килем согуп, кийиз ийлемей. Териден колдолон тошок же тон жасамай. Балдардын усту башын тазалап, усту жыртылган кийимдерин жамаачылап тигип, айтор тугонбогон уй туйшугу...
Кызык, энелер уй иши аздай туну бекбекей айтып короо кузоткондоручу кезектешип. .. Ошондо аялдар "мага условия тузуп бер, даяр кийим сатып бер, продукты алып кел, палан-тукун деп эркектин мээсин жебеген чыгаар?... Эркектер жортуулга кетсе, мал кузоо ж.б.эркектин жумуштары карылар, бала чака жана аялдардын мойнуна тушкон. Кечооку Ата-Мекендик согуш учурунда деле...
Бирок бугун келип "эркек аялды бардык жагынан камсыздап багышы керек", "Аял улпулдоп уйдо отуруш керек", "болбосо аял менен эркек экоо тен иштесе, демек экоо алмак салмак кезектешип тамак кылыш керек" ж.б.у.с. кептер чыгууда.
Бул да болсо Батыштын таасирине кирип, башка маданиятты улгу тутуп, ошону бизге тануулагандары эмеспи?!!
"Эркек менен аял тен укуктуу. Экоо жубай болгон сон эч бир сырын калтырбай бир-бирине айтып, отчет берип турушу керек, акчаны кармоочу аял болушу керек. Уй-булодо аялдын сезимдери, каалоосу ошого барып такалат. Болбосо аял силерге кулбу, кунбу, аял акча кармабаса басынып отот, акчаны кайда жумшаганын айтпаган, отчет бербеген эркектер саран, куу тумшук. Эркек деген кайда, эмне кылып жургонун, ким менен, эмне тууралуу суйлошконун, ким ага же ал кимге телефон чалганын, эмне тууралуу суйлошконун, эмнеге андай деп суйлошконун аялына тушундуруп турушу керек, отчет берип, эркек деген канча акча тапканын, ал акчанын канчасын кайда, эмне учун кортконун чыпчыргасын коротпой айтып турушу керек сактабай, палан-тукун" деген келиндер бар аранарда, андайлар саналуу гана эмес коп дагы... Анан тарбия коргомун дегендеричи. ..
Мына ошолор да ажырашуунун себеркери эмеспи биринчиден эркектин мээсин жей бергени учун, экинчиси просто тупой болгону учун. Мындай аялдар менен подкаблучник эркектерден башкамкайсы эркек жашагысы келсин....
Карап корсок биз озубуз анча мынча Жогорку Кенештеги 120 к...о окшоп бара жатабыз...
Алар сураганды билет, талап кылганды билет, бирок жоопкерчилик деген нерсе НОЛЬ, бир нерсе сурасан оздору олумуш болуп чыга келет...
Аял-эркек милдеттеринин болунушуно келгенде да, аялдар да, эркектер да оздоруно жоопкерчилик алуудан качып, ал эми талап кылуу боюнча алдына ат салдыргылары келбейт... Бул да болсо уй-булонун саламаттыгына терс таасир тийгизип, ажырашуунун башкы себептеринин бири болушу мумкун...
#9 08 Август 2018 - 23:56
Miss.erkewka95 (08 Август 2018 - 23:25) жазган:
Chagylgan1 (08 Август 2018 - 22:51) жазган:
Тиги кошунаныздын тагасынын инисинин кайын журтунун женесинин сиңдиси тийчү жигиттин маселесине келсек, үйлөнгөнүнө эч канча убакыт боло элек, бирөөнүн кызын сабоого кандай акысы бар? Жада калса характерин биле элекго ал кыздын? Жумшак айтып, түшүнүшдүрүшүп көрбөптүрбү? Чыбык көтөрүп чуркап жөнөбөй...
Менде да мисалдар көп, бирок тараптарга бөлүнүп талашып тартышуу үчүн ачпадым бул теманы, жеке элдин ойу керек!
Сиздин ойунузга терең ыраазычылык!
Аялдар аялзатына жан тартып, куноо оздорундо экенин биле туруп болбой эле экинчи тарапты куноолуу кылууга далалат кылаарын куттум болчу, оюм туура чыкты...
Эми аз жашаганда 1-2 кун дебедим го акыры. Анан калса, жигит тушундуруп отурбай баса калып сабап саллы кок ала кылып деп да жазбадым...
Эми кыз келин болуп барган сон, келин болуунун жоопкерчилигин сезиши керек. 1 кун чогуу жашайбы, 30 кун чогуу жашайбы, айтор куйоого макул болуп тийген сон (айрыкча суйлошуп суйуп жактырып тийген сон) куйоосу жумшаса аткарып, кол кабыш кылууну билиши керек. Куйоосу аялына колдон келгис оор иш дайындаган жери жок го?!! Колдон келчу ишти "кылбайм, кылгым келбейт" деп кок беттенип турса, жакшы созго тушунбосо, чырпык менен кичине чаап койгонун кок союл менен эсин оодара чапкандай паникага айлантып, уйуно чалып арызданып отурса, бул кыздын/келиндин тушунугу канчалык?! !
Эгер автор, сен да ошол кыздай ойлонсон, анда тема ачканын бекер, сага тушундуруунун кажети жок жооп жазып...
#10 09 Август 2018 - 00:01
Chagylgan1 (08 Август 2018 - 23:46) жазган:
Эми озубуздун 100-200 жыл илгерки чон ата, чон энелерибиздин жашоосуна коз чаптыралы. Эркек уй-булосун тойгузуунун амалын кылып мал жайып коздогон, аштык эккен, ан уулаган дегендей. Ал убакта бугункудой короо/кашар/ мал сарай-кой сарайлар жок. Мылтык дегенин саналуу адамда. Малды кундузу да, туну да коздоо керек, карышкыр ж.б. коруп...
Аялдын иши уй-тиричилиги, булактан же сайдан суу ташымай, данды жаргылчактан откоруп талкан кылмай, мал саамвй, кой саамай, суттордон каймак, жуурат ж.б. жасамай. Тигуучулук/ токуучулук жондомдуулугун ишке салып кийим тикмей узанып, шырдакмшырып, килем согуп, кийиз ийлемей. Териден колдолон тошок же тон жасамай. Балдардын усту башын тазалап, усту жыртылган кийимдерин жамаачылап тигип, айтор тугонбогон уй туйшугу...
Кызык, энелер уй иши аздай туну бекбекей айтып короо кузоткондоручу кезектешип. .. Ошондо аялдар "мага условия тузуп бер, даяр кийим сатып бер, продукты алып кел, палан-тукун деп эркектин мээсин жебеген чыгаар?... Эркектер жортуулга кетсе, мал кузоо ж.б.эркектин жумуштары карылар, бала чака жана аялдардын мойнуна тушкон. Кечооку Ата-Мекендик согуш учурунда деле...
Бирок бугун келип "эркек аялды бардык жагынан камсыздап багышы керек", "Аял улпулдоп уйдо отуруш керек", "болбосо аял менен эркек экоо тен иштесе, демек экоо алмак салмак кезектешип тамак кылыш керек" ж.б.у.с. кептер чыгууда.
Бул да болсо Батыштын таасирине кирип, башка маданиятты улгу тутуп, ошону бизге тануулагандары эмеспи?!!
"Эркек менен аял тен укуктуу. Экоо жубай болгон сон эч бир сырын калтырбай бир-бирине айтып, отчет берип турушу керек, акчаны кармоочу аял болушу керек. Уй-булодо аялдын сезимдери, каалоосу ошого барып такалат. Болбосо аял силерге кулбу, кунбу, аял акча кармабаса басынып отот, акчаны кайда жумшаганын айтпаган, отчет бербеген эркектер саран, куу тумшук. Эркек деген кайда, эмне кылып жургонун, ким менен, эмне тууралуу суйлошконун, ким ага же ал кимге телефон чалганын, эмне тууралуу суйлошконун, эмнеге андай деп суйлошконун аялына тушундуруп турушу керек, отчет берип, эркек деген канча акча тапканын, ал акчанын канчасын кайда, эмне учун кортконун чыпчыргасын коротпой айтып турушу керек сактабай, палан-тукун" деген келиндер бар аранарда, андайлар саналуу гана эмес коп дагы... Анан тарбия коргомун дегендеричи. ..
Мына ошолор да ажырашуунун себеркери эмеспи биринчиден эркектин мээсин жей бергени учун, экинчиси просто тупой болгону учун. Мындай аялдар менен подкаблучник эркектерден башкамкайсы эркек жашагысы келсин....
Карап корсок биз озубуз анча мынча Жогорку Кенештеги 120 к...о окшоп бара жатабыз...
Алар сураганды билет, талап кылганды билет, бирок жоопкерчилик деген нерсе НОЛЬ, бир нерсе сурасан оздору олумуш болуп чыга келет...
Аял-эркек милдеттеринин болунушуно келгенде да, аялдар да, эркектер да оздоруно жоопкерчилик алуудан качып, ал эми талап кылуу боюнча алдына ат салдыргылары келбейт... Бул да болсо уй-булонун саламаттыгына терс таасир тийгизип, ажырашуунун башкы себептеринин бири болушу мумкун...
Тең теңи менен, тезек кабы менен...
Өз акыл денгеелине ылайыктуусун тапсын! Өз күчүнө, өз камкорлугуна (обеспечение) талабы төп келишкенди тандасын! Жар тандоо бойунча да алдыбызга ат салбай калган учур. Азыр эң эле "Эч ким менен суйлошподум! " дегени 3,4өөсүн сындан өткөрүп койгондор...
Сиз илгерки заманды мисал тутуп айтыптырсыз, ал нерселер болгон ошол убакта. Туура "арыш аркак" дейт, шартка карап колдон келишинче көмөктөшүү бул бирин бири сыйлагандык түшүнгөндүк а бирок өзүңүздүн эле мисалды кайтарып айтайын;кошунаныздын, тагасынын, кайын журтунун, женесинин, сиңдисин алуучу жигит (тамашалап узарттым)))) окуянын чоо жайын, түшүнүшүп, түшүндүрүп отурбай эле чыбык менен чаап жибергени!
Биздин эркектердин сүрү жок! Илгериге кайтсак сүрү күч болгон, бир сөзү менен баарын жайгарып турушкан ата бабалырыбыз, ошол эле учурда, чыркыратып тээп, токмоктогунунда байкалган эмес, бул дегени сайын да жайына койгон алар.
Азыркыларга не дейин? Алыс кетпей ушул эле мамлекеттен(суперстан) мисал тутайын))
Кыздын сыры бөлүмүн килейе ээлеп олтуруп алышып, ар бир болбогур сөзгө аралашып, калжандап, жыртандап олтурушса кайдагы сүр?
#11 09 Август 2018 - 00:06
Chagylgan1 (08 Август 2018 - 23:56) жазган:
Эми аз жашаганда 1-2 кун дебедим го акыры. Анан калса, жигит тушундуруп отурбай баса калып сабап саллы кок ала кылып деп да жазбадым...
Эми кыз келин болуп барган сон, келин болуунун жоопкерчилигин сезиши керек. 1 кун чогуу жашайбы, 30 кун чогуу жашайбы, айтор куйоого макул болуп тийген сон (айрыкча суйлошуп суйуп жактырып тийген сон) куйоосу жумшаса аткарып, кол кабыш кылууну билиши керек. Куйоосу аялына колдон келгис оор иш дайындаган жери жок го?!! Колдон келчу ишти "кылбайм, кылгым келбейт" деп кок беттенип турса, жакшы созго тушунбосо, чырпык менен кичине чаап койгонун кок союл менен эсин оодара чапкандай паникага айлантып, уйуно чалып арызданып отурса, бул кыздын/келиндин тушунугу канчалык?! !
Эгер автор, сен да ошол кыздай ойлонсон, анда тема ачканын бекер, сага тушундуруунун кажети жок жооп жазып...
Ал эмне көк беттигин сыноого ошондо тааптырбы убакытты?
Өтө кеч. А эгер бойунда болуп калсачы? Дагы бир бее күнөө баланын азабы, турмушту ойногон сөрөйлөрдүн, бир бирин үйлөнүп алгандан кийин сынап, жакпай калгандары үчүн жооп берип калабы?
Мен кандай ойлонуумду, озунуз да тааныбаган кызга салыштырып, бир эле темамдын жана үч сүйлөм билдирүүм аркылуу анализдеп койуунузга жол болсун)))
#12 09 Август 2018 - 00:09
Форумчулар, оздорунор эсептеп коргулочу, озунордун апанар канча жолу атанарга араздап торкунуно (тага журтунарга) кетип калды эле? Чон эненерчи? Эми озунорчу (же келинчегинер) (бойдоктор пока унчукпай кое турсун, эртен башка тушкондо жазаар жообун)...
Жашоодо ажырашып кетуу учун мин бир себеп болсо да тырмышып, балдарынын келечеги учун оз бактысын курмандыкка чалып жашаган келиндер бар. Андайлар арабызда (форумда) да бар. Андай келиндерге албетте мактоо, чыныгы жашоосун он нукка салып кетуусуно салым кошо албасак да. Бирок андай келиндерге салыштырмалуу турмушту оюнчук же туш катары санап, турмушка женил ойлуулук менен караган кыз-келиндер басымдуулук кылат. Болбогон шылтоо учун араздап торкунуно кетишет. Бир шапалак учун (жаакка жеген) ажырашып тынышат. Аялдардын жообу даяр: эркек аялга кол которбош керек деп чыгат. Сен эмне, Аменикада жашап жатасынбы?! ! Аял киши ошого жеткирсечи деген эч ким жок да...
Эми эркек кол которуп, уйдогу жанжалды муштум менен чечсин деп айткым келбейт. Бирок кээде тил жетпеген жерге муштум/камчы тез жеткен учурлар да болот... Колдон келсе аял тилин 2 карыш кылып агытпай тыйылып калса, эркек да сабырдуу болсо... Бирок уруш-талаш кучоп кобойгон сайын адамдын нерви жукарып сабыры азайаары турган иш.....
#13 09 Август 2018 - 00:12
Miss.erkewka95 (09 Август 2018 - 00:06) жазган:
Өтө кеч. А эгер бойунда болуп калсачы? Дагы бир бее күнөө баланын азабы, турмушту ойногон сөрөйлөрдүн, бир бирин үйлөнүп алгандан кийин сынап, жакпай калгандары үчүн жооп берип калабы?
Мен кандай ойлонуумду, озунуз да тааныбаган кызга салыштырып, бир эле темамдын жана үч сүйлөм билдирүүм аркылуу анализдеп койуунузга жол болсун)))
Жигит аялын сынады деген кеп кайдан чыкты?!! Куйоон сага тигини кылып кой деп жумшаса, сени сынаган болуп калабы?!! Сен куйоондун айтканын кылбай, акыйнек айтышып туруп алсан, куйоон сага жакшы соз айтабы?!!
Баса, чырпык менен чапкылай ким депсин?!! Куйоосу. Куйоосу оз аялын чапкылап жатат, элдин кызын, башкасынын аялын эмес...
#14 09 Август 2018 - 00:14
Chagylgan1 (09 Август 2018 - 00:12) жазган:
Баса, чырпык менен чапкылай ким депсин?!! Куйоосу. Куйоосу оз аялын чапкылап жатат, элдин кызын, башкасынын аялын эмес...
Чапкылоочу даражага жетеер маселе жоктой...
#15 09 Август 2018 - 00:18
#16 09 Август 2018 - 00:22
Miss.erkewka95 (09 Август 2018 - 00:01) жазган:
Өз акыл денгеелине ылайыктуусун тапсын! Өз күчүнө, өз камкорлугуна (обеспечение) талабы төп келишкенди тандасын! Жар тандоо бойунча да алдыбызга ат салбай калган учур. Азыр эң эле "Эч ким менен суйлошподум! " дегени 3,4өөсүн сындан өткөрүп койгондор...
Сиз илгерки заманды мисал тутуп айтыптырсыз, ал нерселер болгон ошол убакта. Туура "арыш аркак" дейт, шартка карап колдон келишинче көмөктөшүү бул бирин бири сыйлагандык түшүнгөндүк а бирок өзүңүздүн эле мисалды кайтарып айтайын;кошунаныздын, тагасынын, кайын журтунун, женесинин, сиңдисин алуучу жигит (тамашалап узарттым)))) окуянын чоо жайын, түшүнүшүп, түшүндүрүп отурбай эле чыбык менен чаап жибергени!
Биздин эркектердин сүрү жок! Илгериге кайтсак сүрү күч болгон, бир сөзү менен баарын жайгарып турушкан ата бабалырыбыз, ошол эле учурда, чыркыратып тээп, токмоктогунунда байкалган эмес, бул дегени сайын да жайына койгон алар.
Азыркыларга не дейин? Алыс кетпей ушул эле мамлекеттен(суперстан) мисал тутайын))
Кыздын сыры бөлүмүн килейе ээлеп олтуруп алышып, ар бир болбогур сөзгө аралашып, калжандап, жыртандап олтурушса кайдагы сүр?
Карындаш, сен откон доорду жакшы элестете да албайт экенсин... Куйоосунон камчы жеген аялдарды мен айтпайын. Эми ошондо бардык аял кор болду дегени эмес го бирок аял киши эркектен бийлик талашып, эркектен отчет сураганы акылга сыйбаган жорук болоор эле... Эркектер чогулуп суйлошуп отурган жерге аял киши келип кепке аралашышы туура эмес болуучу...
Эми Шансон айтмакчы "акырын бассан аксак дейт, катуу бассан таскак дейт" демекчи, ото серьезный болсок "эмне кабагынаикар жаап, кичине кулуп отурчу" дейсинер. Бир-эки соз ыргытып тийишип калжандап койсо "ажыкыс" деп "эркектик сур кана" дейсинер. Озу силерге эмне жагат...
#17 09 Август 2018 - 00:34
Chagylgan1 (09 Август 2018 - 00:22) жазган:
Эми Шансон айтмакчы "акырын бассан аксак дейт, катуу бассан таскак дейт" демекчи, ото серьезный болсок "эмне кабагынаикар жаап, кичине кулуп отурчу" дейсинер. Бир-эки соз ыргытып тийишип калжандап койсо "ажыкыс" деп "эркектик сур кана" дейсинер. Озу силерге эмне жагат...
Көрбөгөнүм чындык, жада калса айтып берүүчүлөрүм да эртте кеткен))
Макул сиз ошо мен айтып өткөн басымдуу бөлүгүнө кирбеген эркектерди айтып өттүңүз деп кабыл алайын, бирок өз ойунуз; анча - мынча тил албай баратса төпөстөп, тарбиялап алуу экен, топтоп айтканда))
Жакшы
Сизди түшүндүк!
Ушунча убакыт бөлүп, ой бөлүшүп олтурганынызга чоң рахмат)
#18 09 Август 2018 - 00:57
#19 09 Август 2018 - 01:02
atai9292 (09 Август 2018 - 00:57) жазган:
Ай Атайкааа
Чыгынчы эшике?!))
Башкасы айтса да, сизди элестетпептирмин ушинтип айтат деп)
Менде болчу болсо, монологко жетип бармакмын "Күйөөм ушинтип жатат монолог" деп))
Өзүңүз айткандай кудай сактасын))
Бул көйгөй коомдо болуп жатпайбы?
Балким мен эле ушундай байкадым, балким башкасы башкача көргөндүр, эл менен ой-пикир алышайын деген ойдо ачтым))
#20 09 Август 2018 - 01:10
Miss.erkewka95 (09 Август 2018 - 01:02) жазган:
Чыгынчы эшике?!))
Башкасы айтса да, сизди элестетпептирмин ушинтип айтат деп)
Менде болчу болсо, монологко жетип бармакмын "Күйөөм ушинтип жатат монолог" деп))
Өзүңүз айткандай кудай сактасын))
Бул көйгөй коомдо болуп жатпайбы?
Балким мен эле ушундай байкадым, балким башкасы башкача көргөндүр, эл менен ой-пикир алышайын деген ойдо ачтым))
Себеби сенин жазгандарын менин өзүмдүн башымдан өткөн да. Болгону меники аял киши менен. Ошондо менда бүт баарын кыздарга шылтап жек көрүп калганмын. Кийин ойлоп көрсөм кыздардын баары эле андай эмес экен тескерисинче жаманынан жакшысы миң эсеге көп экен. Болгону бардык сөз сенин ой жүгүртүү жана ниетиңде экен жакшы деп ниет кылдыңбы алдыңан толтура жакшылары чыга берет экен. Эми элестет сенин өзүңдүн башыңдан өтпөсө сен кантип бирөөнүн жашоосун билесиң.
Форумдагы кыздардын жазгандарынан билдим дегендей кылыпсын,эгер жүрөк сырын айтып жаткан болсоң мен жүрөк сырындагы жазгандардын 70/80% тин жомок деп эсептейм
- (8 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »