-Сиздин уулуңузбу?
Минтип сурап эмне кереги бар эле, ушу бүгүн да бармагымды тиштенем.
-Менин уулум!-деп Байтемир ишенимдүү, жайдары жооп берди. Чаканы жерге койду да Саматты колуна алды.-Менин уулум болбогондо, кимдики болмок, ээ, Самат?-деп муруту менен кытыгылап, баланы алкымынан өпкүлөдү. Байтемирдин үнүндө да, кыймылында да, кыпындай калпы сезилбеди.-Эмне уктабай жүрөсүң? Ынтызарлыгың ай, кулунум. Бар төшөгүңө жата кой.
-Апам кана?-деди Самат.
-Апаң азыр келет. Мына, келип калды. Бар, жата кой.
Асел шашып кирди, жалт бир карап алды да Байтемирге йодду бере коюп.ю уулун төркү үйгө алып кирип кетти.
Байтемир сүлгүнү суулап, чекемдеги канды арчыды.
-Чыда!-деп тамашалады йод сүйкөп жатып, анан, катаал айтты:-Ушу жоругуң үчүн йод эмес, уу менен өрттөп ийсе болоор эле, мейли эми, конок турбайсыңбы. .. Мына, болду, эки күндө айыгып кетет. Асел, бизге чай бербейсиңби.
-Азыр.
Байтемир кийиздин үстүнө төшөк салды, жаздык койду.
-Кел, быякка отуруп,эс ал.
-Эчтеме эмес. Рахмат.
-Отур, төшөккө отур, кысынбай өз үйүңдөй көр,-деп Байтемир болбоду.
Баары түшүмдөгүдөй. Жүрөгүмү бирөө коё бербей мыкчып тугансыйт. Тиштене чымырканганыман тарамыштарым үзүлө жаздайт. Алда апам ай, мени неге төрөдүң экен?!
Асел чыгып, бизден көзүн ала самоорду алды да сыртка кетти.
-Азыр, сага жардамдащам, Асел,-деп калды Байтемир. Артынан жөнөмөкчү болду эле, Самат дагы жүгүрүп келди. Анын уктай турган түрү жок.
-Сен эмне, Самат?-деп Байтемир мээрим төгө баш чайкады.
-Байке, сен кинодон түшүп келдиңби?-деп жакын келип, чындап эле сурады менден.
Бу сөздүн кимден чыкканын дароо түшүндүм. Байтемир каткырып калды.
-Ай, тентегим ай!-деп күлдү Байтемир баланын маңдайына жылып отуруп,-ой, боорум ай... Кенге барып кино көрүп турабыз,-деди мага кайрылып.-Бу жалгыз калмак беле, кошо барат да...
-Ийи, кинодон түшүп келдим!-дедим көңүлүн калтырбай.
Самат кабагын түйдү.
-Калп!
-Эмне үчүн калп?
-Чабышкан кылычың кана?
-Үйгө таштап келдим...
-Мага көрсөтөсүңбү? Эртең көрсөтөсүңбү?
-Көрсөтөм. Кана, бери келчи. Атың ким? Самат беле?
-Самат. Сенин атың ким байке?
-Менинби...-Сүйлөй албай калдым.-Менин атым Илияс,-деп араң айттым.
-Болду эми, Самат, барып жат, түн бир убак болуп калды!-деп Байтемир сөзгө аралашты.
-Ата, дагы кичине эле тура турайынчы, макулбу?-деп жалынды Самат.
-Мейлиң эмесе.-Байтемир аргасыз макул болду.-Азыр чай апкелебиз.
Самат мага жакын келди. Колунан
Билдирүүнү түзөткөн: Almasbekovna: 02 Январь 2018 - 15:38