Syr_sandyk Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 741 (0,21 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (259 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 11 Декабрь 14
- Кароолор:
- 33 301
- Соңку аракети
- 13 Фев 2022 20:44
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Белгисиз
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
biznes
22 Окт 2020 - 23:33 -
Temur
30 Дек 2019 - 23:20 -
unt_75
14 Фев 2019 - 01:09 -
casperr
18 Янв 2019 - 21:28 -
HypcylTAH
31 Окт 2018 - 17:23 -
Aizaada2301
08 Авг 2018 - 22:35 -
Aizhanatka
07 Авг 2018 - 02:05 -
April21
06 Авг 2018 - 19:55 -
Гость
03 Авг 2018 - 11:23 -
mirdas
01 Авг 2018 - 04:10
Мен ачкан темалар
-
Максатты туура тандоо. Ийгиликке жетүү
Жазылган күн: 11 Янв 2017
Саламатсыздарбы!
Бул теманы ачуудагы максатым - максатыбызга канткенде жетебиз,канткенде ийгиликтүү адамдардын катарын толуктайбыз ушул теманын алкагында болмокчу.Бул тема учурдун талабы десем болот.
Баарыбыздын бир күндүк,бир айлык,бир жылдык максат,пландарыбыз бар.Аларды аткарсак аткарабыз,болбосо "эртең" деген шылтоо менен калып кетет.Учурда баарыбыз окуйбуз,иштейбиз, кандайдыр бир ачылыштарды, аракеттерди жасайбыз же болбосо жөн гана жашап жүрөбүз.Баардык адамдар окшош эле аракеттерди көрүшөт,бирок баарынын натыйжасы окшош чыкпайт,аз гана адамга ийгилик жылмаят.Себеби эмнеде?Себеби, биз туура максат коюууну билбейбиз деп ойлойм.Оюбузда көп нерсени жасагыбыз келет,бирок тоскоолдуктардан коркобуз.Ийгиликтүү адамдар - каалаганын жасаган адамдар болуп,аларга элдин сөзү,эч нерсе таасир этпейт экен.Бир максаты - көздөгөн бутасына жетүү.
Көпчүлүгүбүз барган сайын "жашыбыз өтүп баратат" деп өзүбүздү таштап коёбуз же "убагы келет" деп отура беребиз.Эгер мындай шылтоолорубуз болбогондо, балким, илимий ачылыш жасамакпыз, тил үйрөнүп чет өлкөгө чыгып келмекпиз,мүмкүн миллионер болмокпуз. Максатым ишке ашпай калабы деп күмөн санап отурганыбызда башкалар ийгиликке жетип жатышат.Эмесе, өзүбүзгө мотивация берип, максатыбызга тезирээк жетели!
1.Алыңызга жараша иш тизмегин түзүп, ашыкчасын алып салыңыз.Анткени башыңызга көп жумуш үйүп алсаңыз,стресске учурайсыз. Ал эми иш тизмегиңиз толугу менен аткарылса,сизге ушул мотивация болуп берет.
2.Ар дайым адамдарга жардам бериңиз. Анткени башкаларга көмөк көрсөтүү менен бизде жагымдуу эмоциялар пайда болот.Ал эми сиздин аракетиңизге алар ыраазычылык билдиришет. Башкаларды бактылуу кылсаңыз, өзүңүз бакытка туш болосуз.
3.Өзүңүздү ар бир жасаган ийгилигиңиз үчүн мактаңыз.Бирок процесс эмес,прогресс болгондо мактанганга көнүңүз. Анткени өзүңүздү өтө мактап жиберсеңиз мээңизге ийгилик жаралды деген белги берилет. Жыйынтыгында максатка жетүү үчүн сиз баштагыдай аракет көрбөй каласыз.
4.Бардык кырдаалдардын жакшы жактарын гана көрүүгө аракет кылыңыз. Ал эми башыңыздан өтүп жаткан кыйынчылыктарды келечекке болгон тажрыйба деп билиңиз.Эсиңизде болсун,азыр адамдардын көйгөйлөрү өзүнө жетиштүү. Сиздин көйгөйлөрүңүз башкаларды кызыктырбайт. Андыктан позитивдүү болуп, айланаңыздагыларга энергия бериңиз.
5.Жашоо бир күнү бүтөрүн эске алыңыз. Кызыктай угулушу мүмкүн,бирок элестетиңиз, эртең сизге ажал келет.Албетте, сиз маанилүү деген иштерди аткарып,жакындарыңыздын жүрөгүндө жакшы адам катарында калгыңыз келет.Оңой сезилгени менен элестете келгенде кыйын эле.Андыктан күн сайын машыгууга туура келет.Эгер күнүгө ушундай элестетип жашасаңыз ийгиликке тез жетесиз.
6. Өзүңүзгө жакшы мамиле кылыңыз! Ар бир адам уникалдуу, андыктан өзүңүздү башкалар менен салыштырбаңыз. Анткени баарыбызга бирдей мүмкүнчүлүк, бирок ар башка шык-жөндөм берилген.
7. "Убакыт кантип өткөнүн билбей калам" деген сөз сизге таанышпы?Себеби, сиз жумушка келер замат социалдык тармактардагы баракчаңызды ачып,аны менен алаксып отурасыз. Ошону менен таңкы,анын ичинде бир күндүк энергияңызды болбогон бир "лайктарга" коротосуз.Мындай кайталанбасын десеңиз иш тизмегин түзүп,биринчи сапка энергия көбүрөөк кете турган жумушуңузду жайгаштырыңыз.
8. Күн сайын эс алыңыз. Кантип десеңиз,жумуш учурунда 5 мүнөттөй көзүңүздү жумуп чалкалап отуруңуз же жатыңыз.Бул ыкма чачыранды ойлорду чогултуп, сизге кошумча энергия тартуулайт.
1.Сиздер максатты кандай шартта коёсуздар,жазуу түрүндөбү же оюңузда эле ойлоп коёсуздарбы?
2.Максатыңыздын канча пайызына жете алдыңыз?
3.Максат,ийгилик жөнүндө ой пикириңиз,кеңешиңиз.
Комментарийлер
Syr_sandyk ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?