Шашылыш...
Ар дайым эле ушундай... Же кыргыздарга боло береби? Жумуш убактысы бүтсө да, жумуштан кеткиң келбей ар кайсы барактарды чубап чыгып отурсаң, шашылыш билдирүү, шашылыш кат, шашылыш отчёт деген сыяктуу буйруктар келип калат. "Эртең кеч болуп калат, бүгүн АКЫРКЫ КҮН экен" дешет шашып кире калгандар. Мейли дейсиң да, орус, же еврей, же немис болбогон соң... Ошентип эле шашылыш теле-радио чакырып калат. Барак-сарак,
шпаргалканын баары жумушта, үйдөн түптүз чакырган жерге барыш керек. Ошентип мээдеги нерселерди шашылыш ирээти менен айтып бергенге аракет кыласың. Дагы жакшы го түнү менен болсо да ойлонуп аласың...
Кечээкидей интервью берип көргөн эмесмин. ШАШЫЛЫШ!!
! Аны интервью деп да ойлобопмун ДАЖЕ!!!
Кесиптешим телефонго чакырды, бери жагыбыз музыка даң-дүң... Суроолорун сурап жатат, жок дегенде өздөрү сүйлөп аягында ысымымды атап коёоор десем,...?
Тааныштар эмне "СТЕРВА"
болуп сүйлөгөнсүң эле дешет. УЖАС!!!
Кечээ кечинде, бүгүн да сүйлөпмүн. Баса, кайсы радио экенин да билбейт экем. Айткан бирок, жакшы угулган эмес эле... Билдим кайсы экенин. Мына азыр ошо радиону коём да, ШАШЫЛЫШ кечке тыңдайм!
Зарылыктын кызымын ажырашам деген ата-энелерге
#42 07 Январь 2018 - 00:05
'myrzayym, " жалган дуйно" деп коюп,болбой эле коп нерсени умуттонуп кыялданат турбайбызбы.
....
Баланыздын кылыктарын окуп жылмайдым. Бизге кубаныч тартуулаган жожолорубуз ар дайым бар болсун!
Калеминиз курчуй берсин,ылайым бактылуу коз ирмемдер мн болушкон болун!
Баланыздын кылыктарын окуп жылмайдым. Бизге кубаныч тартуулаган жожолорубуз ар дайым бар болсун!
Калеминиз курчуй берсин,ылайым бактылуу коз ирмемдер мн болушкон болун!
#45 14 Февраль 2018 - 13:28
Tiguuchu (01 Февраль 2018 - 12:47) жазган:
Мырзайым,сизден дагы чыгармаларды кутом.
Буйруса, кийинчерээк олуттуу темаларда болуп калаар. Чыгарма деген чыгарма да... Азыр болсо, жөн эле бир шилтемдер... Учурда котормо иштери менен алекмин. Кичинекей бөбөктөрдүн жан дүйнөлөрүнө жагымдуу маанай тартуулоо жаатында иш алып барып, бул жакка баш бакканга убакыт тартыш болуп жатат. Эң башкысы ПОЗИТИВ гана болсун, достор!! !
#46 16 Февраль 2018 - 02:00
Тим эле сонун жазасыз!"
Жалган дүнүйө"ангемеңизди,
эрте келген турналардагы Султанмураттын ой-толгоосуна окшоштурдум!
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#47 16 Февраль 2018 - 13:06
Салам суперстандыктар!
Чыныгы жашоо көптөгөн түйшүктөр жана көйгөйлөр менен коштолот эмеспи. Учурда виртуалдуу дүйнөдө жүрөк түбүндөгү сырларды ачууга азыр мүмкүнчүлүк кенен. Ошол сырлардын арасынан көбүн эсеси үй-бүлөлүк көйгөй көп жазылууда. Бири ажырашкысы келип, бири экинчи аял алып алган, биринин кайненеси күн көрсөтпөй койгон. А менде деле шумдук эмес!
Көп учурда чоңдор өз максаттарын, же өзүнүн намысын, же өзүнүн идеологиясын коё бербей эгоисттик мүнөздө балдарды экинчи орунга калтырып, ажырашууга кадам ташташат. Кээ бири балдарынын ойноп, чуркап жүргөнүн көрүп, "Азыр бала да, эч нерсеге түшүнө элек... Ой керек болсо аны ойлоп да койгон жок... Каяктагы сагынган, аны керек болсо тааныбай да калган... Жок, аны менен иши жок... Кызыкбайт дагы ага... Өткөндө келиптир, карап да койгон жок... Ансыз деле жашообуз сонун өтүп жатат..." Деги койчу, ушул сыңары фразыларды айтышыбыз мүмкүн. Албетте, мумун баары биздин ой, өзүбүздү өзүбүз алаксытуу же, өзүбүзгө өзүбүз күч-кубат берүү...
Бул аңгемеде эч ким кичинекей кызды ошончо нерселерди ойлойт деп ойлобогондур. .. Алар үчун жөн эле тамаша болгон: "Зарылыктын кызымын" деген жоопто, не деген сырлар, не деген ойлор, не деген сагыныч жана кусалык жатканын эч ким аңдыбаган.
Балким, сиз да ажырашууга камынып же ошондой чечим чыгарып жатсаңыз, артка кайтаарсыз. .. Баланын өсүшүнө, келечегине жарака кетирбөөгө аракет кылаарсыз... Бала дагы ойлонот, анткени ал дагы адам болуп калыптанып жатат...
++
![:)](https://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)

#48 16 Февраль 2018 - 22:03
myrzayym (14 Февраль 2018 - 13:28) жазган:
Буйруса, кийинчерээк олуттуу темаларда болуп калаар. Чыгарма деген чыгарма да... Азыр болсо, жөн эле бир шилтемдер...
Учурда котормо иштери менен алекмин. Кичинекей бөбөктөрдүн жан дүйнөлөрүнө жагымдуу маанай тартуулоо жаатында иш алып барып, бул жакка баш бакканга убакыт тартыш болуп жатат. Эң башкысы ПОЗИТИВ гана болсун, достор!!
!
Проссто сыйлайм сизди эже!
#49 21 Февраль 2018 - 10:46
Балдарындын кылыктарын окуп бир жылмайып алдым. Уй-булоон менен бактылуу бол. Жалган дуйно жонундо жакшы жазыпсын. Бугунку кун эртен жок бул дуйно ушунусу менен жалгандыр. "Жараланган журокту" таппадым го, кайсы жерде жазылган?
#50 21 Февраль 2018 - 21:12
"Жараланган жүрөк" "адабият жана поэзия" бөлүмүнө жылдырылыптыр.
..