Munu okugan ar bir adamdy, tee ilgeri okuuchuluk kezdegi aruu taza suyuusuno alyp baryp keldiniz okshoyt Avtor. Soz baylygynyz jakshy eken, sizge baktyluuluktu kaalaym:)
Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#102 27 Февраль 2014 - 20:22
Уландысы аз калды кечки саат 22, 23 ошондо!
Баары жакшы болот!
#104 27 Февраль 2014 - 20:58
Ээ мен адашып жазып алыпмын nurjankaны автор элестетип. Шашкандын иши корсо.....
#106 27 Февраль 2014 - 23:15
Дагы деле жаза элексинби автор барсынбы? Бол эми куттурбой адамды кызыктырып жоксун окуучулук кундорумду элестетип окуп аттым эле. Азаматсын жакшы жазат экенсин Айгул Шаршендей.
#107 28 Февраль 2014 - 01:46
Түнү менен жарытаарлык деле уктай алган жокмун.Ойлорум көкөлөп белгисиз тараптарда учуп жүрдү.Уктап атсам Самат түз эле биз Үсөн экөөбүз жаткан бөлмөгө кирип мени далыман түртүп ойготуп кирди.Ойлор менен алышып жатып таңга жуук гана уйкунун кучагына баш урган болчум.Уйкум келгенинен апам бир эки жолу кирип "турбайсынбы"
дегенине "азыр апа" деп койуп жата бердим эле.Күтө берген Самат акыры үйгө келип апамдын "өзүң ойготчу,турбайтат"
дегенинен түз эле мен жаткан бөлмөгө кирип келиптир.Ал убакта мен Саматтын үйүндө,ал менин үйүмдө беймарал кирип чыгып жүрө берер элек.Чогуу чай ичип алып мектепти карай жөнөдүк.Жазгүлгө жолугуп турууну сунуштаганымды Саматка айткан эмес болчум.Эгер Жазгүл дагы макулдугун бербей койсо уят болуп каламбы деп алдын ала айтууну эп көрбөдүм.Себеби биз бири-бирибизди болбогон нерсеге деле шылдыңдай берчүбүз.Жазгүл ал күнү классташтары менен 3-4 саат жүрүштү да анан бир жакка чогуу кетип калышты.Мен аны көргөн сайын аны карап анын көздөрүнөн жообун күтүп аткансыдым.
Ал билинер билинбес жылмайып учурашканы эле болбосо эч кандай жоопко ылайык белги бере албады.Кеч да кирди.Биздин уюштурулган отурушта бир аз отурдум да сураштырып билип алып Жазгүлдөрдун отурушуна жөнөп калдык төртөөбүз.Барсак балдар жүрүшөт отуруш болуп жаткан үйдү тегеректешип.
Жазгүлдун классында жакшынакай кыздар көп болчу.Арасында жеңил ойлуулугу менен айылга тааныла баштагандар да бар эле.Ичкери киребиз деп оолугуп алгандар да бар арасында.Тажагандар,
иши барлар бир бирден кете башташты.Биз Самат экообуз да бир кыйлага чейин отурдук да биз дагы үйлөргө жөнөдүк.Үйгө киримиш болдум да жашынып Саматты узатып койуп мен кайра отурушка жөнөдүм.Мен бүгүн бир жообун угушум керек болчу.Жакын келип ар бурчта жалгыздан,экиден болуп отургандарды көрдүм.Мен дагы бир жерден орун алып жүрөгүмдүн жарыгын чыдамсыздык менен күтүп отурдум.Убакыт түнкү үчтөн өтүп калганда отуруш дагы бүттү окшойт бир-бирден чыга башташты жетелешип.Мен көзүмдү ирмебей алысыраак жерде Жазгүлүмдү издеп таптым да эмне кылышаар экен деп карап тура бердим.Үйдун алдында бир аз топтолуп турушту да (ким кимди жеткизишти сүйлөшүп атышты окшойт) Жазгүл менен Кызжибекти бир килейген классташы жеткизүүгө колтуктап жөнөп калды.Ал бала алардын классындагы өзүнчө көйрөң балдардын бири болчу.Мен эмне кылышымды билбей акыры жүгүргөн бойдон алардын көзүнө көрүнбөй Жазгүлдүн үйү тарапка жүгүрдүм ошол жактан тосуп алам деп.Жакыныраак келип өпкөмдү басып обочороок жерде күтүп турдум.Күбур-
шыбыр үндөр чыгып алар жакындап келе жатышты."
Азыр чыга калсам коркуп кетпейби? Көзүнө көрүнбөй эле койсомбу"
деген коркок ойлор пайда боло баштады.Бирок ойлорумдун арасынан бир чечкиндүү ой бөлүнүп чыгып "бүгүн жообун алышың керек" деп мени күүлөп жатты.Биринчи Жазгүлдү киргизип койууну туура көрүштү окшойт үчөө тең кыт-кыт күлүп Жазгүлдүн үйү тарап келе жатышты.Үйүнүн алдына келгенде Жазгүлдүн: "Мейлиңер жакшы эс алгыла.Рахмат сага Алтынбек"
дегенин угуп мен көрбөгөн жерде турам каккан казыктай болуп.Кызжибек:
"Эмнеге рахмат айтып атасың? Алтын бизди үйлорго жеткизип коём деген убаданы озу берген эле го" деп тамашалап күлүп алышты да коштошуп жолуна түштү тиги Алтыны экөө.Жазгүл үйүнө кирбей короо тарабына басып кетти.Тигилер карааны көрүнбөй калганда мен чыктым жашырынып турган жеримден.Кантип чакырышымды билбей турсам Жазгүл короо тарабынан кайрылып келип үйүнө кирүүгө бут кийимин чече баштады.Эмне болсо ошо болсун дедим да коркутуп албаш учун үнүмдү жаай чыгарып: "Жазгүүүл"
деп созуп чакырып калдым.Түшүнбөй эки тарабын бакырайган көзү менен карап калды эле мен дагы бир жолу чакырып жарыкка чыгып ага сөлөкөтүмдү коргозгонго аракет кылдым.Мени корсо деле тааныбай атты окшойт:"Ким керек?" деп сурап калды.Мен болсо соз таппай "Мен Асанмын" дегенге кана жарадым.Кечееки айткан сөзү эсине тушту окшойт эки жагын каранып койуп мага жакындап келди.Келип чын эле мен экенимди тастыктагандай бир сыйра карап алды да:"Иии кандайсыз? Журөгүмдү түшүрүп кое жаздадыңыз го" деп жылмайып сурап калды.Ахх ошондо аны менен сүйлөшүп,анын жанымда турганына ушунчалык бактылуу элем.Мен өзүмдү колго алып:"Кечирип кой,жакшы рахмат.Өзуң кандай эс алып келдиң?"деп сурадым да жообун күтпөй эле:"Жазгүл мен сенин жообуңду ала албай бүгүн кечке кыйналып чыктым го!" деп сурап калдым.Жазгүл эми эсине келгендей мыйыгынан күлүп:"Ааа мммм..... эми кандай десем?" деп турду да менин көзүмдү албай чыдамсыздык менен күтүп жатканымды көрүп:"Капа этпесеңиз мен кыз-жигит болуп жүргөнгө макул боло албайм бирок кееде тундөсү келип турсаңыз болот.Бирок бир шартым бар?" деп уялыңкы карап калды батынып айта албай.Мен:"
Угуп жатам" деп күтүп калдым.Ал жерди карап:"Мен Айбек байкемдин досу менен жолугуп туруудан уялып атам.Эгер сизден башка эч ким укпашына кепилдик берсеңиз гана....." деп сөзүнүн аягына чыгара албай токтоп калды.Мен анын оюн түшүндүм да:"Эч ким билбешине мен сага сөз берем" деп ишенимдүү айттым.Ал оң колу менен башын ылдый кылганда бетинин жарымын жаап калган кундуздай болгон капкара чачын кулагына кыстарды да "АНДА СИЗДИ ЭКИ КҮНДӨН КИЙИН КҮТӨМ...." деп коштошпостон кирип кетти...........
.....
Сагынамынсени.mp3 (505,1К)
Количество загрузок:: 429mp3]
Сагынамынсени.mp3 (505,1К)
Количество загрузок:: 429mp3]
Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 28 Февраль 2014 - 02:10
"Бактылуумун"
!
#110 28 Февраль 2014 - 05:07
Кандай гана керемет сөздөр менен жазылган, окуучулук күндөрдү эске салдыңыз.
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#111 28 Февраль 2014 - 05:17
Ананайын баракелде улантынызчы чыдамсыздык менен кутуп жатам.
#112 28 Февраль 2014 - 06:29
Магада аябай жакты. Окуп жатып тан атып кеткенин сезбей калыптырмын го...... Уландысын кутобуз,соонун жазат экенсиз.
#114 28 Февраль 2014 - 09:01
Жазды бекен деп кире калсам уландысы жок го я брат качан улантасыз?
#115 28 Февраль 2014 - 09:11
Чыгармачылык эргууу сизге, уландысын кутуп калабыз
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#117 28 Февраль 2014 - 15:47
Аиий дагын дале жоккоо автор,тигил жакта Мырзаштын ,бул жакта бул автордун окуялары аябагандай эле кызыктуу болуп жатат.Кунум журок сырында эле калды.Азаматсынар,
ушунунардан жазбай чамдай бергиле !Бирок бизге деле боорунар ооруп койгулааачы,
кооп кооптон жазып .Кутуу деле оной эмес экен
#118 28 Февраль 2014 - 15:51
Чындап жакты окуп атып ичине кирип кетесигго мен дагы жазгулду суйуп бараткандай.
Иним китеп жаз китеп
#119 28 Февраль 2014 - 17:56
Уфф акыры жазгулго жеттин ее? Эркек досум!!!
уланта бер шашпай.Акыр заманга али эрте ээч шашылба