Timka Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 114 (0,02 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Суперстандын архиви (26 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 28 Май 10
- Кароолор:
- 16 041
- Соңку аракети
- 16 Сен 2016 19:40
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Белгисиз
- Кызыгуусу:
- Дуйно кыдыруу.
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Жер шаары
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Менин оорум,сүйүүм жана үмүтүм - Кыргызстаным.
Жазылган күн: 25 Окт 2015
Nyrjamal. Teshebaeva, Эже,рахмат улантып коюпсуз.Жумуштан бошой албай жаттым эле. -
Темасы: Менин оорум,сүйүүм жана үмүтүм - Кыргызстаным.
Жазылган күн: 24 Окт 2015
Март революциясы жөнүндө
Ар бир жетекчинин жана элдин жашоосунда өзүн өтө жоопкерчиликтүү сезип, айткан ар бир сөзүн, жасаган ар бир кадамын терең ойлонуу менен жасоого зарыл болгон кездер учурайт. Биздин өлкөдө 2005-жылдын март айында болуп өткөн окуялар Кыргызстандын тарыхында сейрек кездеше турган дал ошондой окуялардан болуп эсептелет. Биздин урпактар дагы жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин деле, биздин ар бирибиздин аткарган ролубузду биз Март революциясы күндөрүндө баррикаданын кайсыл тарабында болгонубузга жараша баалай беришет.
2005-жылдын 15-мартындагы Жалал-Абаддагы жана 2005-жылдын 24-мартындагы Бишкектеги элдик толкундоолорду мен тагдыр чечүүчү окуялар катары караймын, ал күндөрү Кыргызстан өзүнө бүт дүйнөнүн көңүлүн бурду. Жараткан өзү биздин акыйкаттык үчүн күрөшкөнүбүздү көрүп, бизди колдоп, жашоого жаңы дем берүү үчүн кубат берип жаткандай туюлду. Мезгил өткөн соң гана, алдын ала белгиленген нерселердин баары тең ишке ашырылбай калгандыгы жана да көп нерселерди мындан кыйла жакшы жасоого мүмкүн болгону тууралуу түшүнүк келет. 2005-жылдын мартында биз баштаган жана бүт көңүл-дитибизди коюп, ушунчалык чоң далалат менен аткарган ишибиздин аягына чыкпай калганы үчүн мен өзүм да өлкө президенти катары жоопкерчиликтүү экендигимди толугу менен сезип турамын. Арийне, чындык биротоло жеңип чыгып, ким канчалык деңгээлде туура же айыптуу экендиги ачыкка чыгат деп үмүттөнөмүн.
Мен кыргыз парламентининдепутаты болуп калган учур өлкөдө ар кандай партиялар жана саясий кыймылдар тездик менен кулач жайып, кубаттана баштаган кезге туш болду. Ачыгын айтканда, Жогорку Кеңештеги жумуш мага анчалык жаккан деле жок, анткени, мен мүнөзүм боюнча ишкер адам болгондуктан, дайыма өндүрүштө иштеп, бир нерселерди жасап, жаратып, куруу менен алек болчумун, а бул жерде болсо мыйзам чыгаруу ишмердиги менен алектенүү керек эле. Ошентсе да, мен парламент жыйындарына такай катышып жүрдүм, эч ким мени эч качан жыйынга кечиккендигим үчүн жемелей да албайт. Мыйзам чыгаруу иштеринде мен өз мүмкүнчүлүктөрүмө жана жөндөмүмө жараша катышып жүрдүм, ошол эле учурда өзүм өндүрүш тармагына тиешелүү укуктук-ченемдик актыларды жана жоболорду иштеп чыгып, эски жоболорду жаңы шарттар, нормалар жана реалдуулук менен шайкеш келтирүүгө менен алектендим.
Акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, Акаевдин 1997-жылга чейинки башкаруусу өзгөчө нааразычылыктарды жараткан эмес, себеби, ал кезде кийинки былыккан бийлик системасы курала элек болчу. СССР таркап кеткен кезде Кыргызстандын экономикасы агрардык-индустриалдык өлкө катары жашап кетүүгө толук жөндөмдүү бойдон калган эле. Советтик мезгилде өнөр жайды өнүктүрүүгө көп көңүл бурулчу, анда негизги ролду станокторду куруу, тоо-кен тармагы, радиоэлектроника жана башка ушул сыяктуу тармактар ээлеп турар эле. Тилекке каршы, 90-жылдардагы реформалар ийгиликсиз жүргүзүлгөндүктөн улам, республика өзүнүн индустриалдык потенциалын жоготуп, агрардык өлкөгө айланды.
Алгачкы пландар терең таасир калтырып, Кыргызстандан «экинчи Швейцарияны» куруу сыяктуу батылдык менен жасалган билдирүүлөр угулду, буга өлкөнүн масштабы, климаты, географиялык жактан окшоштугу дагы негиз болуп турган. Бул аша чапкан куру убадалуу билдирүүлөр популисттик мүнөздө болуп, сыйкырдуу күч менен өзгөрүүлөр болот дегенге элдин ишенимин ойготууга болгон далбаса сыяктуу эле. Иш жүзүндө болсо, баары тескерисинче болуп чыкты: кагазда баары тең жайында болгону менен, алар аркылуу басып өтүш керек болгон өңгүл-дөңгүл өткөөлдөр жөнүндө унутуп коюшкан болчу, Гогольдун каарманы маниловчосунан куру кыялдарга берилип, баары өзүнөн өзү эле жасала берет, эл жыргап жашап калат деп ишенбей, билек түрүнө иштеш керек болчу. Андай болуп кеткен жок. Көздү чоңураак ачып караганда гана, иш жүзүндө өлкөдө бардык тарапта тең туура эмес жолго түшүп калганын көрүштү, баары тең талкаланып жок болуп, айыл чарбасында жана өнөр жайда, билим берүүдө жана маданиятта, негизги жана киреше берүүчү фондуларда сатууга мүмкүн болгон нерселердин баары сатылып жаткан.
Айтып коюшум керек, абал бардык жерде эле бирдей жаман эмес эле. Апас Жумагулов губернатор болуп иштеген Чүй областында көз карандысыздыктын алгачкы жылдарындагы псевдореформалар учурунда агрардык тармак андай бүт баарын бүлүнткөн сатып-тоноодон аздыр-көптүр дурус абалда сакталып калды. Бирок, жалгыз область бүт өлкөнүн кургуйга түшүп баратканын токтото алмак эмес. Кыргызстандын келечек тагдыры үчүн күйүшкөн көп саясатчылар жана коомдук ишмерлер Аскар Акаевден президент катары көңүлдөрү гана калышпастан, ушул түзүлгөн кырдаалдан кантип чыгуунун эң натыйжалуу жолдорун издеп жатышкан.
1999-жылдын ошондой күндөрүнүн биринде, мен А.Жумагуловдун ордуна Чүй областына губернатор болуп калган кезимде, мага Абсамат Масалиев келди. Биз экөөбүздүн тең тынчыбызды алган, эң маанилүү маселелерди талкууладык, маектешүүнүн аягында ал күтүүсүздөн эле мага мындай деген сөздөр менен кайрылып калды: «Курманбек Салиевич, мен сизге азыр бир сунуш жасаймын, мага дароо жооп бербеңиз. Мен дагы 10 күндөн кийин жооп алганы келемин. 2000-жылы президенттикшайлоодо мен сиздин талапкердигиңизди көрсөтүшүңүздү суранам».
Чынын айтканда, бул сунуш мен үчүн такыр эле күтүүсүз болду. Абсамат Масалиевич андан ары сөзүн улантты: «Сизде жеңишке жетишүү үчүн дурус мүмкүнчүлүктөр бар. Биринчиден, биз - коммунисттер– сизди колдойбуз. Экинчиден, сиздин чоң кадыр-баркыңыз бар. Сиз көп жылдар бою түштүктө Жалал-Абад областын башкардыңыз, сизди ал жакта жакшы билишет. Республиканын түндүгүндө дагы сиз үч жылдан бери Чүйобластын башкарып келе жатасыз. Сизде мүмкүнчүлүктөр бар, биз колдойбуз, - сиз жеңишке жетесиз».
Туура 10 күн өткөндөн кийин ал жооп алганы келди. Мен А.Масалиевдин сунушун этикалык себептерден улам кабыл ала алган жокмун да, муну ага түшүндүрүп берүүгө аракет кылдым: «Абсамат Масалиевич, азыр мен президенттин командасындамын, ал мени алгач Жалал-Абад областына, эми болсо Чүй областына губернатор кылып дайындады. Эгерде мен Кыргызстандын президенттигине өз талапкердигимди көрсөтсөм, мунум Акаевди сатып кеткеним сыяктуу болуп калат».
Мен Акаевге карата мындай туура эмес ниет менен мамиле жасай алган жокмун. Менин бул сөздөрүмдү Үсөн Сыдыков тактап бере алат, ага Абсамат Масалиев менин талапкердигимди ылайык көрүп жатканын айтыптыр. Мен кийин гана мени эмне үчүн мурдагы кызматым менен бирдей деңгээлдеги Чүйобластына которушканын түшүндүм. Кийин мага урматтуу аксакал, депутат Дооронбек Садырбаев айтканына караганда, Жалал-Абад областынын губернаторунун ордун Бекболот Талгарбеков үчүн бошотуу керек болуптур. Мага болсо абдан сылык ишарат кылуу менен гана, жергиликтүү депутаттар Жалал-Абад областында Талгарбековду кабыл алышы керектигин түшүндүрүштү, ал эми Чүй областында мага жардам кылышарын айтышты. Мен Жалал-Абад областтык кеңешинин депутаттарынын сессиясында чыгып сүйлөп, алардан Талгарбековдун талапкердигин колдоп берүүлөрүн сурандым, өзүмдү Чүй областына которуп жатышканын, ал жакта да мени депутаттар колдой турушканын билдирдим. -
Темасы: Менин оорум,сүйүүм жана үмүтүм - Кыргызстаным.
Жазылган күн: 24 Окт 2015
Кыргыз Республикасынын экинчи президенти болгон мен дагы бир нече ирет тагдырдын катаал сыноолоруна кабылдым. Али президент болуп шайлана элек кезимде эле, КР премьер-министри болуп иштеп турганымда, мага бир нече ирет А.Акаевдин жеке өзүнө карай багытталган отту тосуп алууга туура келип, жалган жалааларга калган учурларым да болду. Ал эми президенттик кызматта иштеп турган соңку учурларымда коркунучтун чыныгы масштабдарын, оппозициянын өз кызыкчылыктарына жетүү үчүн кан төгүүгө дагы даяр экендиктерин жеткире толук баалаган эмес экенмин. Өздөрүнүн көкүрөктөрүн койгулап, элге абдан берилгендиктери тууралуу ант берип жүрүшкөн адамдар элге каршы кылмыш жасоого бара алышпайт го деп ойлогонмун. Жаңылышыптырмын, - алар ага барышпадыбы.
Аксы күйүтү дале жүрөк өйүтөт
2002-жылдагы Аксы окуясы Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы бурулуш жасаган оор трагедия болуп калды. Камакта жаткан ошол кездеги өз депутаты Азимбек Бекназаровду колдоо үчүн райондун борборуна карай бара жатышкан тынч жарандарды милиция кызматкерлери талаадан ок атуу менен тосуп алышкан. Айылдык жети киши тек гана өздөрүнүн жарандык укуктарын ишке ашырууга умтулушканы үчүн курман болушкан.
Албетте, укук коргоо органдарынын кызматкерлери ок чыгарбашы керек болчу, анткени, адамдардын колдорунда куралы жок болгон, эч кимге чабуул жасашкан эмес, администрацияны басып алууга да эч кандай аракет жасашкан эмес, ал тургай алар райондун борборуна да жетише элек болчу. Кыргызстандын Конституциясында коомдук тартипти сактоону камсыз кылууга милдеттүү болгон мамлекеттик органдардын иш функцияларын жөнгө салган ченем каралган, анын ичинде тынчтык түрдөгү акцияларды жана демонстрацияларды өткөрүү учурундагы милдеттери да каралган. Мамлекеттик органдардын ишине карата өз көз караштарын билдирген тынч митингге катышкандар өз өкүлүн - бийлик кысымына кабылган Жогорку Кеңештин депутатын ачык колдоп чыгышкан, мында мыйзамсыз эч нерсе жок болчу.
Мен ошол оор убакта министрлер кабинетинин башчысы болуп турганым үчүн гана, Кербендеги трагедия боюнча менин дарегиме көптөгөн айыптоолор айтылды. Конституцияга ылайык, мындай операцияларды иштеп чыгып, ишке ашыруу менен түздөн-түз өлкө президентине баш ийишкен тиешелүү күч түзүмдөрү алектенишет. Ошол күндөрдө да дал ушундай болгон. Кийинчерээк белгилүү болгондой, демонстрацияга чыккандарга каршы атайын операциялык чара көрүү үчүн "Тайфун" деп аталган бир план иштелип чыгыптыр, мен ага кол коймок турсун, аны көргөн да эмесмин. Мага эч нерсе айтышкан да эмес, балким, өздөрүнүн конституциялык укуктарынан пайдаланып жатышкан тынч жарандарды күч колдонуп кууп-таркатууга мени каршы болот деп ойлошсо керек. Анын үстүнө, ал окуялар мен туулуп-өскөн түштүк тарапта болуп жатпайбы. А кийин баары үчүн мени жаман көрсөтүү идеясы президент Акаевдин эң жакын чөйрөсүнө тиешелүү болушу ыктымал. Жарандардын өз эрктерин мындай ачык формада билдирүүсүнө анын мындай коркоктук менен мамиле кылуусу жана күч органдарынын кызматкерлеринин ойлонбой жасаган аракеттери ушундай трагедиялуу кесепеттерге алып келгендигин ал кеч түшүндү. Өз башына туш келе калган оору маселени башка бир соо адамга түртө салуу жагынан ал алдына эч качан киши салдырчу эмес. Ошентип, менин ысымымдын айланасында таркатылган ар кандай ушак-айың сөздөрдүн айынан мен сындын бутасына айландым да калдым, ал бутага карай элдин кыжыры кайнаган жебелери президенттин кишиси тарабынан атайылап мага карай бурулуп турду.
Болбогон ишти төгүнгө чыгарууга аракет кылуунун өзү бошко кеткен аракет эмеспи, - эгерде сен кандайдыр бир нерсени түшүндүрүүгө аракет кылып, актана баштагандай болсоң – дароо эле айыптуу адамдай болуп көрүнөсүң. Акаевдик чиновниктердин бейкүнөө адамдарды айыптоодогу устаттыгы дал ушундай ыкмалар менен, жалган жалааларды чүргөө менен жогорку чеберчилигине жеткен. Бул эки жүздүүлүктүн жана арамзалыктын өзгөчө бир түрү: адамды көөлөп, жалаа жаап туруп, элдин алдына, мына, силердин ушундай акыбалга кабылганыңарга дал ушул күнөөлүү деп түртүп коймой адат! Арийне, Аксы эли болуп өткөн кан төгүүлөр боюнча менин эч кандай күнөөм жок экендигин эң жакшы билишкен. Мен кызматтан кеткенимден кийин Ала-Бука, Чаткал жана Аксыны камтыган округ боюнча депутаттыкка көрсөтүлдүм. Аксы районунун шайлоочулары мага 95% добуш берүү менен колдошкон. Эгерде менин Аксы трагедиясына кенедей эле тиешем болгондо, ал жердеги шайлоочулар мага чоң ишеним көргөзүп, мен үчүн добуш беришмек турсун, мени алгачкы жолу талапкер катары барганымда эле өз аймактарынан кууп чыгышмак. Ушунун өзү эле качандыр бир кезде буга ишенип алышкандарга жана да азырга чейин Аксы трагедиясына менин тиешем бар деп жүрүшкөндөргө берилген жооп деп ойлоймун.
Кербендин кара кийген, азалуу күндөрү жөнүндө биздин өзүбүздүн жана чет өлкөлүк журналисттер, адабиятчылар жана саясат таануучулар тарабынан көптөгөн макалалар жана китептер жазылды. Бул адамдарга каран түндүү кайгы алып келген окуя, ошол эле учурда кийинки өзгөрүүлөргө жол ачкан, элдин эркиндикке жана демократияга болгон моюбас умтулуусунун жаркын күбөсү катары тарых барактарында сакталып калары шексиз. Албетте, Аксылык жөнөкөй карапайым жарандардын бул эрдиги адабий чыгармаларда, живописте жана музыкада өзүнүн чагылышын дале болсо күтүп келет. Азыр деле абдан тыкандык менен жазылган, эки тараптын тең кыймыл-аракеттерин ар бир мүнөтүнө чейин чагылдырган аналитикалык изилдөөлөр бар, алар бийликтин өзүм билемдигине каршы чыгышкан жөнөкөй адамдардын каармандыгынан эч шек туудурбайт. Бирок, кургак, протоколдук сүрөттөп жазуулар элдин рухун, анын эркиндикке жана акыйкаттыкка болгон умтулуусун, керек болсо өз өмүрүн кыйып болсо да, күрөшкө даяр тургандыгын толук өлчөмдө чагылдыра албайт. Биздин тарыхтагы бул кара тактар түбөлүккө сакталып кала берет.
Ошол трагедиялуу күндөрдө мамлекеттик жогорку кызматта иштеп туруп, туура эмес чечим кабыл алып таштоо тобокелчилдиги абдан чоң болсо да, өзүмдүн туура кадамдарды жасай алгандыгым үчүн, кырдаалды жөнгө салууга жетишип, от чыккан кагылышууну басып, трагедияны андан ары өрчүп кетүүдөн токтотуп калганым үчүн мен өмүр бою сыймыктанамын. -
Темасы: Менин оорум,сүйүүм жана үмүтүм - Кыргызстаным.
Жазылган күн: 24 Окт 2015
Аттын баары тулпар болбойт,
куштун баары шумкар болбойт
Кыргыз эл макалы
Ачык айтсам, балким, окурманды терең ойго салармын, бирок, түз эле айтып коеюн: Кыргызстан президенттерге жарыган жок.
Биздин эркиндикти сүйгөн, миңдеген жылдардан бери кулчулукту билбеген элибиз өткөн кылымдын аягында, биринчи президент Аскар Акаев жакшы көрүп, көп кайталагандай, Борбордук Азиядагы “демократия аралчасына” айланды. Аны мамлекеттик саясий түзүмдүн бирден бир гана мүмкүн болгон формасы катары кабылдай албаган коомго демократияны күчкө салып киргизүүгө эч качан мүмкүн эмес. Сын айткандар демократияны башкаруунун начар формасы деп айтышат, бирок, биздин эл аны өзүнүн үмүт-тилектерине жооп бере ала турган табигый нерсе катары кабыл алды. Арийне, демократияны анынидеалдуу калыбында орнотуу дүйнө жүзүндө эч кимдин колунан келген эмес. Ал тургай, «эзелки демократиялар» деп аталгандары деле идеалдан алыс. Ал эми жетимиш жылдан ашуунтоталитардык режим шартында жашап келген коомдодемократиялык өзгөрүүлөрдү кыска мөөнөттө жасоого мүмкүн эмес.
Бул канчалык таң каларлык болбосун, саясий багыттын бурулушу менен байланышкан кескин өзгөрүүлөр алып келген сыноолорду бийлик жөнүндө теориялык түрдөгү маалыматтары гана бар, бирок иш жүзүндө конкреттүү мамлекеттик курулуш маселелери менен алектенбеген окумуштууларга караганда, советтик доордогу башкаруу тажрыйбасы бар, күчтүү экономист жана чарбачыл лидерлер кыйла оңтойлуу ишке ашырышканы көрүнүп турат. Алардын катарына мен Казакстандын жана Өзбекистандын президенттери Нурсултан Абишевич Назарбаев менен Ислам Абдуганиевич Каримовду кошо аламын. Өз бийлик ыйгарым укуктарын ишке ашыруудагы, демократиялык баалуулуктарды кабылдоодогу жана принциптериндеги айрымачылыктарга карабастан, алар экөө тең СССР талкалангандан кийинки узак убакыт бою өз өлкөлөрүндөгү саясий, экономикалык жана социалдык туруктуулукту сактап калууга жетише алышты. Казакстан азыркы кезде өзүн 2050-жылга чейин дүйнөнүн өнүккөн 30 өлкөсүнүн катарына кире ала турган өлкө катары карап жатат, жана да эл аралык аренада кадыр-баркка татыктуу болгон, бардык тараптан алып караганда калыптанган мамлекет болуп эсептелет.
Өзбекистан советтик доордон калган инфраструктураны сактап калып, өзүнүн экономикасын ийгиликтүү өнүктүрүп, куралдуу күчтөрүн бекемдеп жатат. Түркмөнстандын ийгиликтери да, алардын каршылаштары айткан сындарга карабастан, бир кыйла катуу таасир калтырат. Албетте, Эмомали Рахмондун жетекчилиги алдындагы Тажикстандын аракеттерин дагы белгилөө зарыл. Бул өлкө жарандык согуштун оор кесепеттеринен арылып, чарбасын калыбына келтирип, экономикасын өнүктүрө баштады. Өнүгүүдөгү кыйынчылыктарга карабастан, Тажикстан туура жолдо бара жатат. Анын президенти абдан сабаттуу экономист жана чарбакер ишкер болуп саналат. Мен бул тууралуу аны менен узак убакыт бою кызматташып жүргөн тажрыйбамдан улам билемин, биз ал экөөбүз биргелешип, өз ара пайдалуу негизде көпчүлүк чектешкен аймактардын маселелерин жана талаштуу суроолорду чечкен болчубуз. Биздин улуу коңшубуз Кытай жөнүндө өзүнчө сөз кылуу керек, ал Кыргызстан өз алдынча өнүгө баштагандан бери анын ийгиликтерине өтө көңүл коюп карап, бир нече ирет ар кандай зарыл колдоолорун көрсөтүп, өнүгүп келе жаткан өлкөнүн муктаждыктарын азыркы күнгө чейин эстен чыгарбай келе жатат.
Саясатта достор болбойт, кызыкчылыктар боюнча өнөктөштөр гана болот деп коюшат эмеспи. Бирок, дос мамиледеги коңшулар болот, буга эч кандай шектенүүгө да болбойт. Тарыхый жактан ушундай кырдаал түзүлүп калгандыктан, Кыргызстан өз айланасында татыктуу лидерлер башкарышкан мамлекеттердин курчоосунда турат, ушунун өзү эле ал үчүн абдан жагымдуу фактор болуп кала бермекчи. Эгерде айланасында туруксуз абалда болушкан коңшу өлкөлөр жайгашып, ал жакта такай революциялар, төңкөрүштөр, кагылышуулар болуп турса, Кыргызстан кыйла кыйын кырдаалга кептелип калмак. Азыр болсо алар үчүн, тескерисинче, биздин өлкө тынчы жок коңшу болуп, чек ара аркылуу аларга ар кандай кооптонууларды жараткан агымдар кирип кетип жатат.
Тарыхты, белгилүү болгондой, артка кайрууга эч мүмкүн эмес. Эмне болгон күндө да, аны чийип сала албайсың. Асыресе, олуттуу талдоо аркылуу, Кыргызстандын биринчи президентине байланыштуу болгон кайгылуу жыйынтыктарга алып келген жаңылыштыктарды аныктоого болот. Жаш муундар азыркы кезде Аскар Акаев кантип көз карандысыздык жолун тандап алган мамлекеттин башчысы болуп калгандыгын жакшы билишет.
1990-жылдын октябрь айынын кооптуу күндөрүндө биздин өлкөнүн тагдыры чечилип, анын пайдубалынын эң алгачкы ташы коюлган. Көпчүлүк үчүн мамлекет башчысынын кызмат ордуна эң эле татыктуу талапкер – Советтер Союзу талкаланганга чейин Кыргызстандын Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары болуп иштеп турган тажрыйбалуу партиялык кызматкер, чарбалык курулуш боюнча олуттуу тажрыйбасы бар Абсамат Масалиев экендиги ачык эле көрүнүп турган. Азыркы күндө бул бийик кызмат үчүн зарыл болгон бардык ишкердик жана инсандык сапаттар анда бар болгондугун танууга болбойт. Бирок, Жогорку Кеңештин депутаттары тарыхый жоопкерчиликти сезе алышпай, биримдиктери жок болгондуктан улам, ал булганыч саясий интригалардын курмандыгы болуп калды.
Кыргыз ССРинин Верховный Советинде (ал кезде Жогорку Кеңеш расмий түрдө ушундай деп аталчу, - котормочунун эскертүүсү) бул кызматка 40тан ашуун талапкер көрсөтүлгөн. Ал тизмеде кимдер гана жок! Кимдир бирөөлөрдүн талапкерлигин көрсөтүшсө, дагы бирөөлөр өзүн өзү көрсөтүп чыгышты. Айрым гана талапкерлер жок дегенде бир аз гана колдоо табышаары ачык эле көрүнүп турган. Баары тең добуш берүү жакындаганда көрсөтүлгөн талапкерлер өз талапкердиктерин алып коюшат деп күтүп жатышкан. Бирок, эч ким өз талапкердигин алган жок. Анын ичинде, А.Жумагулов менен М.Шеримкулов дагы. «Ким өз талапкердигин алып салат?» деп суроо берилгенде, баары тең жогоруда аттары аталган Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин бюро мүчөлөрү өз талапкердиктерин алып салышат го деп күтүшкөн, себеби, алар бюро жыйынында А.Масалиевдин талапкердигин колдошкон. Арийне, тигиниси да, мунусу да талапкердигин алып салган жок. Жеке амбициялар, атаандаштык сезимдер акыл-парасаттан, партиялык этикадан жана да эң эле жөнөкөй адамгерчиликтен салмактуулук кылып кетти.
Коммунисттердин трагедиясы дал ушундан башталды, ал эми алардын жалпы саны кийинчерээк легендарлуу деп аталып калган парламент депутаттарынын арасында 90 пайыздан ашуун болчу. Добуш берүүнүн натыйжасында бардык ысымдар электен өтпөй калып, баарынан көп добуш алышкан эки гана реалдуу талапкер - А. Масалиев жана А. Жумагулов калышты. Эгерде ошондо экинчиси өз талапкердигин алып койсо, менин оюмча, Масалиев аны премьер кылып дайындамак - ошентип, алар экөө тең бийликте калышмак. Арийне, алдыңкы планга регионалдык каршылашуу чыгып, эки талапкер тең трайбализмдин, интригалардын жана айланасындагылардын көз боемочулук алдамчылыгынын жетегинде калышты. Ошонун натыйжасында баары тең утулушуп, бийликке А. Акаев келди. -
Темасы: Менин оорум,сүйүүм жана үмүтүм - Кыргызстаным.
Жазылган күн: 24 Окт 2015
2015-жыл СӨЗ БАШЫ
Тагдырдын жазганына баш ийип, өз мекенинен алыстап кеткен адам гана мекендин чыныгы баркын билип, бул канчалык оор жоготуу экендигин толугу менен сезе алат. Ал түшүндө да ак мөңгүлүү чокуларды, тунук, таза тоо, көлдөрүн көрүп, көктөмдөгү эрте ойгонгон тулаң чөптүн, алгачкы жазгы жамгырдын жытын сезип, түбөлүк муз чүмкөнгөн мөңгүлөргө чагылышкан көзү уялгандай болот. Бул – чабандын түндүгүнөн бурулдап, көтөрүлгөн көк түтүндөй эле ачуу чындык. Арийне, бул – лирикалуу жагы гана. Ал эми турмуш чындыгы, акын жазган сымал, андан алда канча катаал эмеспи.
Айрымдар мага мындай деп айтышы да мүмкүн: сен биринчиси эмессиң, сага чейин эле бизде бир качкын президент болгон деп. Бирок, биздин ортобузда абдан чоң айырмачылык бар.Аскар Акаев өлкөдөн кыжыры кайнаган элден коркуп качкан. Мен болсо, Түштүктөгү июнь айындагы окуялардан соң, жарандык согуш отунун тутануусуна бир гана кадам калган кезде, аны токтотуу үчүн Кыргызстанды таштап чыгып кеттим.
Мага эмне үчүн бул китепти жазуу керек болду?
Демейде, чоң нерсенин карааны алыстан жакшы көрүнөт эмеспи. Мен өзүм туулуп-өскөн, эбак эле талкаланган үйдөн алыста жашап жүрүп, алгач өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн башына түшкөн оор учурда мага колдоо көрсөткөндүгү үчүн, мен ага ыраазычылыгымды билдирген башка өлкөнүн жана анын президентинин коногу катары болуп, эми болсо урматка татыган жараны болуп калсам да, оюмдан Кыргызстаным күндүр-түндүр чыкпай жүрөт. Менин ысымым өз жердештеримдин эсинде – мен жетектеген заводум үчүн, областтар үчүн жана Кыргызстан үчүн бүт аракетимди жумшап жасаган жакшы нерселердин баары тең көрүнбөй, - менин саясий каршылаштарым абдан далалат кылуу менен шыбашкан булганыч катмардын алдында калып, жалаң гана жаман жагынан эстелип каларын ойлогондо, көңүлүм ооруган абалга кабыламын. Балким, башка бардык адамдар сыяктуу эле мен деле сынга алууга татыктуу чыгармын, бирок, мындай бир беткей, кара ниеттик менен көөлөп жамандоо акыйкаттыкка жатпайт.
Анын үстүнө, мен кокустуктан улам гана өлкө президенти болуп калган жокмун да.
Баарынын өз башаты бар
Мен мындан 65 жыл мурда Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Масадан айылында Сали Бакиевдин үй бүлөсүндө төрөлүп, жети бир тууган эркектердин эң улуусу болуп калдым. Колхоз башкармасы болуп иштеген атам таң заардан кеч күүгүмгө чейин иш менен талаада жүрө турган. Биздин апабыз Тотукан чырайлуу, өңү-түсү ажарлуу, башкаларга тик жана түз караган аял эле. Абдан мээримдүү эне жана күйөөсүн терең сыйлаган аял катары апам биздин чоң үй-бүлөнүн бүт түйшүгүн өз моюнуна илип, эч кандай кыйынчылыктарга моючу эмес. Күйөөсү жана уулдары менен сыймыктанчу. Биз баарыбыз тең ата-энелерибиздин алдында карыздар-милдеттүүбүз, муну мен азыркы кезде абдан ачык сезип жүрөмүн.
Жетилген курагым, башка көп теңтуштарым сыяктуу эле, кызыктуу жана келечекте керектүү адистикти тандап алып, билим алуудан башталды. Куйбышевдеги политехникалык институтту бүтүрүп, советтик армиянын катарында кызмат кылган соң, 1979-жылы орус улутундагы кызга үйлөнүп, аны Жалал-Абадга алып келдим. Мен 1985-жылга чейин иштеген штепсель разъемдорун чыгаруучу завод ал кезде СССРдин электрондук өнөр-жай министрлигине карай турган. Ал учурду мен өзгөчө ырахаттануу менен эскеремин. Жаш элем, күчкө толуп-ташып турган учурум, алган билимим жаңы бойдон, башка көптөгөн идеялар келет. Алгач ага инженер болуп иштей баштадым, андан соң жаңы гана түзүлгөн эсептөө борборунун начальниги болуп калдым. Менин чакан коллективим республиканын түштүгүндө биринчилерден болуп өндүрүштөгү автоматташтырылган башкаруу системасын киргизди. Бул чынында эле алга озуу эле. Эсептөөчү машиналардын кубаттуулугу жана сапаты эң мыкты дегенден али алыс болсо да, биз бул жаңы багыттын келечеги абдан кең экенин дароо сезгенбиз.
Андан ары да менин кызматтык карьерам кыйла эле ийгиликтүү улана баштады, бирок, азыркы кезде көп учурагандай, тааныштык байланыштардан улам эмес, кандайдыр бир табигый жол менен, алган билимиме, иштөө жөндөмүмө жана эсептөө борборунун бөлүмүнүн начальниги кезимде, андан кийин заводдун башкы инженери катары алган тажрыйбама жараша өзүнөн-өзү эле улангансып жүрүп олтурду. 1985-жылы мени ошол кезде көндүм сыяктуу айтылгандай, артта калган өндүрүшкө “ташташты” – мен Көк-Жаңгак шаарындагы «Профиль» заводунун директору болуп калдым. Ал мурунку ишкана свяктуу, ошол эле «Ала-Тоо» өндүрүштүк бирикмесине кире турган. Бул дайындоо абдан оор түйшүктөрдү алып келди. Завод бир нече жылдан бери планын аткара албай калыптыр, сыйлык акы төлөө жөнүндө унутуп да калышкан. Жумушчуларга айлык акысын эптеп араң таап берип калыптыр. Бир жылдан кийин ишкана сыйлык акыларды ала баштады, ал эми дагы төрт жыл өткөн соң, заводго Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Кызыл Туусу тапшырылды, ошондой эле завод борбор шаар Фрунзедеги Ардак Тактадан орун алды.
1990-жылдын 5-майында мен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу атаандаштык (альтернативалуу) жол менен Көк-Жаңгакта компартиянын шаардык комитетинин биринчи секретары болуп шайландым. Дагы жарым жыл өткөн соң элдик депутаттардын шаардык Кеңешинин шайлоосу өтүп, мени төрага кылып шайлашты. Ошол жылы күздө Советтер Союзунун бүт бардык аймагында көптөгөн адамдардын, анын ичинде менин да, тагдырыма таасир эткен чоң өзгөрүүлөр болуп өттү. Жалал-Абадга элдик депутаттардын областтык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп кайра барууга туура келди. Андан соң, менин ишке болгон жөндөмдүүлүгүмдү сыноо үчүн, алыскы Тогуз-Торо районуна мамлекеттик администрация башчысы кылып жиберишти. Ал жакта ишти нормалдуу калыбына келтирүү керек эле, мен аны тез эле жөнгө сала алдым. Андан кийинки тепкич – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк Фондунун төрагасынын орун басары кызматы болуп, бирок, мен ал кызматта бар болгону үч ай гана иштедим. Андан соң өзүм туулуп-өскөн Жалал-Абадга областтык элдик депутаттар Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары болуп кайра бардым. Андан кийин Жалал-Абад областынынгубернатору болуп дайындалдым. Бул 1995-1997-жылдарга туш келди. Андан соң мен Чүй областынагубернаторлукка которулдум да, ал жерде үч жылдан ашык – 1997-жылдан 1999-жылдарга чейин, - эмгектендим. 2000-жылдын январында мен Кыргыз Республикасынын өкмөтүн башкарып калдым, 2002-жылдын май айында Аксыдагы трагедиялуу окуяга байланыштуу мен бул кызматтан кеттим. Бул тууралуу кийинчерээк дагы сөз кыламын.
Коңшуларды кудай берет. Президенттерди – эл өзү тандап алат
Комментарийлер
Timka
07 Апр 2011 - 20:33Demon
14 Авг 2010 - 08:54