aijan (27 Январь 2014 - 00:58) жазган:
Бирок шашып кайда дейм да. Бироо 10 айында, бироо бир жашында, кээ бири бир жарымда- ар бир баланын баса турган оз сааты бар го дейм.
Албетте, бели ката элек баланы салганга болбойт. Негизи 7-8 айларынан баштап, б.а. бала өз алдынча отуруп, дубалды же үстөлдүн кырын кармап басууга аракет кылып калганда отургузуш керек ходунокко.
Ал эми басууга келсек, баласынын эрте басканын көргөн бардык эле ата-эне сүйүнсө керек .
Азыр почти ар бир эле балалуу үйдө ходунок бар. Бирок биздин бир аяштарыбыз эмнегедир баласын ходунокко салган жок. Баласы жөрмөлөп же болбосо жамбашы менен жылып жүрүп, араң 2ге чыгайын дегенде басты. Ошондон улам ойлоп койдум ходуноктун пайдасы деле бар экен эрте басышына.