Merry (20 Февраль 2014 - 00:35) жазган:
Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#22 20 Февраль 2014 - 17:44
Эх суйуу, суйуу
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле
#23 20 Февраль 2014 - 23:40
Кечирип койгула куттургонум учун.Жаны катталганым учун мага коп жолу жазганга болбойт экен.....
Ошентип ал кун аны бир корушум менен эле аяктады.Журогум аны ойлогон сайын тез-тез согуп менин тынчымды алып жатты.Сабактан келип уйдогу жумуштарга алаксып аны унуткансыдым. Эрте менен ойгонуп сабакка таярданып атканымда менин кечее жакында пайда болгон сезимим дагы мектепке таярдангансып менин ойлорумда дагы пайда болду.Мага окшогон дагы бир жоош,чечкинсиз досум бар болчу менин уйумо жакын жашаган,ошол досум (Самат) экообуз келе жаттык мектепти коздой.Узун туз жолдо мектеп формасын кийген кыздарды корсом эле менин сулуум арасында бар бекен деп ичимен тиленип алыс болсо да досум менен ар нерсени суйлошумуш болуп козумду албай карап издей бердим.Бирок мен аны мектептин кире беришиндеги "Кош Келиниздердин" жанынан топтолуп турган кыздардын арасынан кордум.Жакындаган сайын журогумдун согушу катуулап,алаканым тердеп бир кызыктай болуп жаттым.Жанынан отуп кетип атканда ага байкатпастан бир карайын деп карай салсам сен дагы бизди жакты карап турупсун.Башка жакты эле карап аттынбы же тушунда турган досундун бир нерселерди айтып атканын угуп жаттынбы иши кылып сен мени карап аткандай туйулуп буткон боюумду "дирт" эттире бир жылуу сезим аралап отту.Уялганымдан козумду сен жактан ала койуп досум менен мектепке кирип кеттим.Сабакка кирип канчалык сабакка конул буруп окуганга аракет кылсам дагы сенин жузун менин ойлорумду курчап алып сабакка тиешелуу ойлорумду оз жолунан адаштырып жатты.
Кундор отуп жатты.Аны мурдагыдай эле алыстан сага сыр билгизбей сага суктанып карап журдум.Бир жолу сабак буткондон кийин достор болуп биз жакшы коргон мажурум талдын колокосундо тамашалашып отурганбыз ары откон бери откон кыздарга тийишип.Менин бул жерде отурганым себеби бир гана аны бир коруп койуп анан уйго кетиш.Айбек (менин сулуумдун байкеси) дагы арабызда отурган.Калп эле аларга кошулуп кулумуш болгонум менен менин сулуум качан чыгат экен деп чыдамсыздык менен кутуп отура бердим.Себеби мектепке киргендердин баары биз жанында отурган дарбазадан чыгат болчу.Коп куттурбой эле сенин караанын корунду.Жакындап келе жаттын бир кыз менен.Айбектин карындашы болгону учун эч ким аларга тийише алышкан жок.Дайым тамашаны коп суйлогон Азамат чыдабай кетти окшойт Айбекти карап "карындашын Жазгул чонойуп калыптыр го мени куйоо бала кылып алат окшойсун" деп тийише кетти.Балдардын баары кулуп калды каткырып.Айбек дагы кулуп "адам тугонуп калгансып сен кочугунду кысып отурчу" деп Азаматка суйлоп калды жооп катары.Кулкулу эмес болсо деле адатыбызча дагы каткырып койдук.Балдарга кошулуп сыртыман калп эле кулгонум менен ичимден анын атын билип алганыма суйунуп аттым.Кеттикпи деп какшап аткан Саматты зорго алып отурдум эле менин Жазгулум алыстап кеткенден кийин шарт эле уйго жонодук.Уйго кетип атып очпос сыя менен журогумдун эн торуно ЖАЗГУЛ деп чон тамга менен жазып алдым......
Кундор отуп жатты.Жазгулумду алыстан коруп мен озумчо суйунуп журо бердим.Аны корбой калган кунум жалбарыгы тушуп озогу эле калган супсак дарактай боло баштады.Жаны- Жыл да жакындап калды.Ар жылы 7 класстан 11 класска чейинкилерге конкурс болот болчу.Жазгулдун классы биринчи жылы катышып атканынан алар дагы сабактан кийин таярдана башташты.Ошентип таярданып жургон кундордун биринде мен аны менен биринчи жолу кокустан бетме-бет жолугуп калдым.Биз бир интермедияга таярданып атсак 7-класстын класс жетекчиси кирип "Качан бутосунор?. Менин кыздарым да таярданыш керек эле" деп сурап калды.Биз жарым саатта бутуп калаарыбызды айтсак "макул" деп чыгып кетти.Жарым сааттан отуп калганда кийимдерибизди алмаштырып алып уйго кетууго камынып калдык.Мен баарынан эрте кийинип бутуп эшикке чыкканы эшикке жакындап барып туткасын кармап ачайын деп колумду сунуп атканда эле сыртынан эшик ачылып Жазгул экообуз сузушуп бири-бирибизди жалдырап карап калдык.Жазгулдун жанынан биринчи жолу корушум болчу.Анын капкара коздору....... ... эхххх капкара болгон коздору ушунчалык адамды тартып турарына дагы бир жолу ынандым.Анын туптунук болгон коздоруно чогуп кетуудон коркуп коздорумду башка жакка буруп ийдим.Ушул 3-4 секунддук коз карашы менен журогумдун бир бурчунда эле баш калкалап аткан ага болгон сезимимди миллиион эсе кобойтуп жан дуйномдун баарын ээлеп алгансыды.Аркасында турган дос кыздары биздин сузушконубузду коруп кулуп ийишти.Мен жаш баладай аларга жол бербей кызарып чыгып кеттим."Кечириниз" деген созун угуп жооп беришке да жарабадым уялчаактыгымдын айынан.....

Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 20 Февраль 2014 - 23:52
"Бактылуумун"
!
#25 21 Февраль 2014 - 00:14
7-класс болсо ото эле жаш эмеспи дейм да? Кызынды суроттоп ийчи дагы бир жазганында.
Просто мага кызыктуу болтат. А так молодец жазуу стилин тузук эле экен.Берилип окуп аттым эле бутуп калды аягына чыкпай
#26 21 Февраль 2014 - 00:22
Чын эле соз байлыгы кенен экен,азаматсыз,
уландысын кутобуз...))
Ой жеткен жерге,кол жетет!
#27 21 Февраль 2014 - 00:28
aman-88 (21 Февраль 2014 - 00:14) жазган:
7-класс болсо ото эле жаш эмеспи дейм да? Кызынды суроттоп ийчи дагы бир жазганында.
Просто мага кызыктуу болтат. А так молодец жазуу стилин тузук эле экен.Берилип окуп аттым эле бутуп калды аягына чыкпай
7-класс нормально эле го...мен 5-классымда озумон 2жаш улуу баланы жакшы корчумун ,бирок,ал бабник болчу да,бир куну 6-класстын кызы менен турганын коруп,ушу кыздын эмнесин карады деп,ичим куйгон)))
Автор азамат,жакшы жазат экенсиз,окуучулук кезди эске салып,жылмайтып койдунуз)))
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!

#28 21 Февраль 2014 - 01:53
Сонун башталыптыр го.ЖУРОГУМ ИЗДЕЙТ СЕНДЕЙДИ деп теманын аты эле айтып турат го суйгонуно жетпей калганы.А так теманын названиясы оригиналдуу экен.Уландысын кутобуз автор
#33 21 Февраль 2014 - 20:01
Окуучулук кундор кандай керемет ээ.. ата энендин жанында жашоонун ачуу даамын тата элек баё сезим тентек кезибиз ... Окуучу кезимдеги суйуумду эстеп кеттим.Ошол кездеги ашык жигиттердин арасынан автордукундай сезим менен жактырган жигит болду бекен .. кызык..
#34 21 Февраль 2014 - 22:30
Кечириңиздер узаак жазалбаганым үчүн.Жумуштан келип колуман келишинче жазып жатам.
......Мен уялчаактыгымдын айынан унчукпай чыгып кеттим.Чыгып алып өзүмдү өзүм жемелеп аттым.Дагы жакшы досторумдун бириси да көрбөдү.Шылдындашып бир кыйла жыргап алышмак.Эртеси Самат экөөбуз мектепке кирип кетип атып Жазгүлдун классташ кыздары биз жакты сөөмөйү менен көргөзуп бир нерселерди сүйлөшүп аткандарын көрүп калдым.Жазгүл дагы жылмайып карап туруптур.Уялганымдан бетим кызарып бир кызыктай боло түштүм.Ошентип журуп Жаңы-Жыл дагы келип калды.Эмнеге экенин билбедим бирок Жазгүл корүүчүлөр тарапта туруп калды.Финалга биздин класс менен 11-б класс калдык.Биздин класста ою жоктор көбүрөөк болгондуктан биз колубузудан келишинче үйрөнгон номерлерибизди көрсөтуп жаттык.Акыркы номерибизде төрт бала кыздардын кийимин кийип артта тизилип алып тансага түшүп а бешинчибиз кара очки тагынып ошол убакта моода болуп аткан "Я шоколадный заяц" деген ырды (ырдаган досум да капкара болгондуктан куп жарашып калган болчу) ырдап биринчи орунду женип алганбыз.Артта тизилип танцага түшүп атып мен эл турган жакты карап атып сени менен коздөрүбүз чагылышып кеткени эч эсимден кетпейт.Анча мынча сыр бербей карап атып сенин мени көзүңдү албай карап турганынды байкагам.Сүрдөгөнумдон бүт денемди тер басып өзумчө мен жаман болгом.....
---Каникул башталды.2-3 кундон кийин сени коргум келе баштады.Сен жашаган тарапка журогум оолугуп кандайдыр бир күч артымдан түртуп аткансыды.Бир жумадай журдум сага жетелеген ойлорум менен күрөшүп.Акыры чыдабадым окшойт бир куну тундосу жоноп калдым.Сенин үйүң айылдын чет жагында болгондуктан айылдын чети менен эч нерседен коркпой жакындап келдим.Үйүңдүн жанында дөбөчө бар экен ошого чыгып отуруп алдым.Үйүңдүн алды алаканга салгандай корунуп турду.Айылдын кечи кандай сонун.Чымын чиркейлердин сайрашы,караңгыда энесин таппай козулардын маарашы тегеле айтып буткус керемет.Сенин апан чыгып кирип жатты.Бир маалда сен дагы көрүндүң менин үшүп калган денеме жылуулук тартуулап.Келишкен боюна жарашкан кызыл халат кийип алыпсын.Апаңа жардам бердин да үйүңо кирип кеттиң.Сени коруп сагынычым бир аз таркагансып калгансыды. Саат түнкү экиден отуп калганда уйго кайттым.Ата- энем сөрүдө жатышат болчу дабыш чыгарбай кирип жатып алдым.Сагынганда түнү сени үйүңө барыш адат болуп калды.Сени жок дегенде алыстан коруп алыш мага чооң сүйүнүч эле.Убакыт санап журуп каникулду да бүтүрдүм..
--Сенин жүзүңдү жакындан корүштү кадимкидей сагынып калган экенмин мектепке ээрте эле келип алып сенин элесинди издей баштадым.Көп күттүрбөй эле сен көрүндүң.Жүрөгүм адатынча тез-тез сого баштады.Алыстан сен жалгыз келе жаткандай көрүндүң эле жакын келгенде гана байкадым сени менен келе жаткан адамдарды.Сен мени көрмөксөнгө салып отуп кеттин.Сенин артыңдан карап турсам бироо далыма "дүңк" эткизе бир койду.Чочуп кетип эле карасам Самат турат ырсалаңдап. "Кимисин карап атасын?" деп сурап калды.Самат менин жакын досторумдун бири болчу,ошондуктан эч ойлонбой эле "Айбектин карындашын" деп айтып салдым.Самат мыскылдаган козу менен карап "Эмне жагып калдыбы? Анын бою узун окшойт сенен не кыласын узартып аны?" деп сурап калды.Мен айтып алганыма бушайман жеп ага жооп бериштен качып "Жүрү кеттик линейка башталып калды" деп кирип кеттик.Эң кызыгы ошол окуядан кийин Самат Жазгүлдү коргондо мени карап "Оо аяш кетип атат го" деп айта баштады....

Билдирүүнү түзөткөн: admin_portal: 09 Апрель 2019 - 14:03
"Бактылуумун"
!
#36 22 Февраль 2014 - 00:41
....Бул жердегилердин кее бири тушунбой калган чыгаар.Менин эгизим бар аты Үсон.Ал менен бою узун жылдыздуу келген бала болчу.Кыздардын кобуно жакчу,жада калса биздин эле класстан 3-4 кыз аны жакшы корушоор эле.Ал башка балдар менен достошот эле.Табиятыбыздан ошондой окшойбуз экообуз ойлогон ойлорубуз эч качан төп келбейт болчу.Ал убакта башка маал болгондуктан бизге кийимди атам базарга барып эле бизсиз эле бизге окшош кийим сатып келе берер эле.Үсонго дайым кийим ылайык келсе мага ар дайым чон келип калчу.Апам чебер болгондуктан менин кийимимди созсуз кичирейтип же кыскартып берчу.Экообуз мектепке окшош 10-чу класска чейин кийинип бардык...
--Нооруз майрамы да кирип келди.Нооруз майрамы бизде сонун өтөт болчу.20-сы куну клубдун (чайкана) алдында туну менен сумолок кайнатып,музыка ойноп,айылдын баары чогулуп,кезек- кезек менен тилек кылып сумолокту аралыштырып тун бир оокумга чейин жыргайт элек.Ошол туну Жазгүл дагы үч досу менен чогуу журду.Биз дагы төртөөбүз башкалардан болунуп алдык эле ошол куну.Мен,Самат, Керим,Жыргал төртөөбүз нары бери бастык дагы "кой сүмөлөк аралаштырып коелу" деп очокко жакын басып келсек Жазгүл достору менен кезектешим аралаштырып жатышыптыр. Акыркы болуп Жазгүл аралаштыра баштады.Мен анын тушуна туруп алып сүмөлөкту карап эриндерин кыймылдатып аралыштырып жаткан Жазгүлүмдү суктанып карап тура бердим.Бироого тамашалашып тийишмей сайын жон журо албаган Керим байкап калды окшойт Жазгүлдөргө угуза эле "Ооо Асан, аяш эмнени тилек кылып атат экен ээ?" деп тийише кетти.Жанында турган достору "бырс" эткизе кулуп калышты.Жазгүл укмаксанга салганы менен уялып бир кызыктай боло тушту.Жазгүл аралаштырып бүтүп сүмөлөк аралаштыргычты кезекте турган Жыргалга берейин деп сунду эле Керим: "Жыргалдын эмес Асандын кезеги, ошого бер" деп дагы жарга такады.Жазгүл айласыздан мага сунду.Сүрдөгөнчө сунуп жатып козумо бир тигилди эле мен озумду жоготуп кое жаздаганымдан колумду сунсам анын колуна колум тийип кетти.Аххх колу дагы ушунчалык ыссык экен.Кандай гана жан элең менин жандуйномо будуң-чаң салган.Көздөрүң болсо жаандан кийинки жазгы жалбырактай туптунук,таптаза. ....

#38 22 Февраль 2014 - 02:23
Бирден аралаштырып алдык да клубдун алдына отуп бардык кыздарды караганы.Карап отуруп Жазгүлду да коруп калдым элдердин арасынан.Жыргал "баскыла кыздар менен танцага тушөбүз" деп болбой кыстап туруп алды.Акыры макул болуп элди аралап кирип бардык.Айланып бийлеп журуп Жазгулдорду курчап калдык да аларга аралашып кеттик.Мен Жазгулдун тушунда аны карап койуп бийлеп жаттым.Аны карасам ал дагы сыр бербей коз салып жатты мага.Журогум сыртка атып чыкчудай башаламан сого баштады.Бирок жанына барып бийлегенге кудуретим жетпеди окшойт канчалык аракет кылсам дагы жакындай албадым.Ал маалда кат жазмай моода эле.Керим "давай кат жазабыз" деген ой киргизди эле мен аны колдоп кирдим.Ручка таап анан жазганга кагаз издей баштадык,бирок эч кимден таппай койдук.Ойлонуп ойлонуп анан мен чонтогумдо акчалардын арасынан жаңы 1-сомдук акчаны алып чыгып ошого жазалы деп чечтик.Ал убакта жашпыз,кат жазуу өнөрүбүз анчейин өрчүй элек болчу.Бир сомдуктун агыраак тарабына"
Асан+Жазгүл,
Самат+Сагынай,
Керим+Асел"
деп Жыргал жазды дагы берип келгени жөнөп калды.Мен калп эле беркилерге кошулуп кой е дегеним менен ичимден "берсе экен" деп тилеп аттым.Жыргал болбой эле чуркап барып берип салды.Ай ошондо уурулугум билинип калгандай уялып караңгы жакка бекингеним эч эсимден кетпейт.Бекинип алып караап отура бердим алар тарапты.Аселге берген окшойт ал Жазгүлдорду жарыгыраак жерге ээрчтитип барып окуп киришти үңүлүп алышып."Эми эмне болот экен" деп мен бул жакта озумчо эле убара.Берки мени таппай калган досторум менен да чатагым жок Жазгүлдөр тарапты карап отура бердим.Даана жазылбай калгангабы же корүнбөй жаттыбы же мага ошондой сезилдиби негедир бир кыйлага чейин үңүлүп карап тура беришти бир сомдукка жазылган жазууларды.
Анан эле толук окуп бүтүштү окшойт каткырып бири бирине тийишип чымчылап кетишти.Жазбай эле койбой деп мен озумду озум жемелеп аттым.Бир аз отпой эле мен алардын караанын жоготуп алдым.Үйлөрүнө кетип калышыптыр.
Элдер да аз-аздан суюла башташты.Себеби эртеңки майрамдык кунго эс алыш керек болчу... Уйго келип алып "Эми эртеге кантип алардын козуно коруном?"
деп ойлонуп жатып уктап кетиптирмин эрте менен саат 10-дон отуп калганда апам ойготту.
"Бактылуумун"
!
#39 22 Февраль 2014 - 02:52
негедир барган сайын кызыксыз болуп кеттабы же мага эле ошондой сезилип атабы я? уланта берчи