Суперстан: Чырагым... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чырагым...

#1 Пользователь офлайн   Janym.   26 Май 2017 - 21:29

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Сөздү эмнеден баштаарымды билбей турам..Болгону сезимдерим тууралуу жазгым келди. Баарыбыздын балалык сүйүү баштан өткөн. Мына ошол сүйүү гана таза,тунук, эч нерсеге алмаштыргыс сүйүү. Мен да сиздерге балалык сүйүүм тууралуу кеп салмакчымын. .

Балалык десе эле мектеп,андагы сүйүү көзгө тартылат. Ал кезде өтө шок,эч нерсени ойлонбогон кез болчу. Күндө мектепке бармай,курбулар менен кобурашып,ойноп кайра үйгө келмей. Классташтар менен мушташкан,урушкан күндөр да болду. Анын баары кайтып келсе кана..

Мына ошондой күндөрдүн бири..Ал кезде "Великолепный век" сериалы популярдуу болуп жаткан. Ар бир класстын өзүнүн Сулейманы,Хюрреми, Хатиже,Ибрагим деги койчу Сюмбүл агасына чейин бар болчу. Адаттагыдай мектепке шаңдуу келдим. Класска кире бериште эле
-Кош келиңиз,Хатиже султан айым деп бир классташым тосуп алды.
Анча маани бербегеним менен,Белек аттуу классташымды Ибрагим паша деп жүргөндөрүн кулагым чалып калды. Баары ошондон башталды..

Белек, мен аны мурда байкабаган чыгаармын. Ал биздин класска качан келгенин деле,мурда кантип жүргөнүн да билбейм. Билгеним ал бизде 1-кластан окубаган.
Аяш атамдын баласы,үйүбүз да жакын. Анан мен аны кантип байкабадым. .?
Мендеги "переходный возрасть" көзүмдү тосуп салган чыгаар.
Белектин сырдуу көз карашы,жагымдуу жылмайганы, токтоо мүнөзү мени өзүнө кызыктырып баратты. Биз өзүбүзчө сүйлөшпөгөнүбүз менен,көз караш менен баарын түшүнчүбүз. Күндөр өтө берди. Белек Ибрагим паша,мен Хатиже султан айым боюнча калдык. Классташтар бизди ошентип атачу.

Бир күнү агенттен жазды.
-Сени көрө аламбы?
-Азырбы?
-Ооба
-Саат 23:45 болду.
-Сага айтчу сөзүм бар. Суранам 00:00 дө бактан күтөм.
Мындайды күтпөгөм. Биздин үйүбүздүн жанында алардын чооң бакчасы болчу.
Эмне деп айтаар экен деп чыдамым кетип олтурдум. Убакыт болуп аста үйдөн чыгып,анын жанына карай басып бараттым. Даракка сөйөнүп,колуна телин кармап турат. Ай жарык анын ар бир кыймылы көрүнүп турат. Мен жакка басып келип көрүштү.
Балким биринчи жолу көрүшкөн чыгаарбыз. Өзүмчө толкунданып алдым.
Бир топко үнсүз турдук. Чыдамым кетип баратты.
-Белек,эмне айтайын дедиң эле?
-.......
-Бол үйгө барышым керек.
-..Сени сүйөм.
Мына мен күткөн сөз. Анын көз карашынан баарын билсемда мен ушул сөздү күткөм. Жанынан жарым карыш жылгым келбесе да,үйгө барууга мажбур элем.

Андан ары эч нерсе сүйлөшкөн жокпуз. Уялыңкы көз караш менен карап койгонубуз гана болбосо. Мектепте деле ошол көрүнүш.

Билдирүүнү түзөткөн: Janym.: 26 Май 2017 - 21:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   madina.87   26 Май 2017 - 21:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 700
  • Катталган: 09 Апрель 14
  • Соңку аракети: 07 Ноя 2021 15:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жолдошумдун айылы.

Дагы бир суйуу баян башталды.
Ыыы анда Током жаза бер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Janym.   26 Май 2017 - 21:42

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Окуу жылы аяктап калган. Мектепте ремонт иштери жүрүп жатты. Биз да өз классыбызды сырдап,ремонттон өткөрүшүбүз керек эле. Ал күнү аппак жоолук салынып бардым. Белектин сүйүү толо көздөрү менен караганы мага жагымдуу болуп жатты.

Мына ошентип 8-классты аяктадык. Каникул...Өтө зээригичтүү күндөр өтүп жатты..
Ал убакта анча мамилебиз түзөлө элек болчу. Аяш атамдын катуу ооруганын атам айтып калды. Бир күнү апам эрте менен катуу ойготуп " Аяш атан өтүп кетиптир" деди. Ордумдан кантип турганымды билбейм.
Оюмдун баары Белекте. Эмне болуп жатты экен. Байкушум ичинен эзилип жаткан чыгаар. Ушул тапта жанына учуп баргым келип жатты. Үйүбүздүн аралыгы жакын болсо да бара алган жокмун. Эмне кылуунун айласын таппайм. Улам агенттен карап коем. Мен да акылсызмын. Кантип агентке кирмек?
Апам барып келди. Акырын сурадым Белекти. Баары жайында жакшы эле жүрөт деп койду. Көңүлүм бир аз болсо да жайына түшкөнсүдү.

Канча күн өткөнүн билбейм. Ал агентте онлайн болчу. Эмне деп жазаарымды билбей,айлам кетти.
-Колубуздан эч нерсе келбейт,сабырдуу бол,Бейишин берсин.
Мындан башка эч нерсе жаза албадым.
-Туура айтасың колубуздан эч нерсе келбейт экен.
Маегебиз ушундай кыска болду. Бир канча күн өтүп,үйүнө барып дуба окутуп кайттык.

Билдирүүнү түзөткөн: Janym.: 26 Май 2017 - 21:43

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Janym.   26 Май 2017 - 21:56

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Күндөр өтүп окуу жылы башталды. 9-класс болуп бир аз чоңоё түшүптүрбүз. Белегим дагы деле сырдуу көз карашы менен карап,мени сүрдөнтүп жатты. Класташтар бири-бирибизди сагынып калыптырбыз. Ал күнү көпкө божурашып үйгө кайттык. Белек менен жарытылуу деле сүйлөшпөйбүз. Белек үйдүн кичүү баласы,атасын жоготуу ал үчүн оңой болгон жок. 3.4 ай өзүнө келе албай,арыктап да кетти.
Агент калып,эми вацапка өтө баштадык. Мурдагыдан көп сүйлөшүп калганбыз.
Мектепте жаңы-жыл майрамы башталды. Кыздар чачтарын жасашып,көйнөктөрүн кийип тим эле ачылышат. Мен да алардан калышпадым. Чачтарымды тармалдатып, көйнөк кийип мектепке бардым. А Белек келе элек экен.
9-10-11 класстар залга стол даярдап олтурушат. Баарын даярдап бүттүк. Ангыча Белегим кирип келди. Өзүнө жарашыктуу костюм,шымы. Прическасы. Деги эле келишимдүү жигит. Карап көзүм тойбойт. Ал да мени көз албай карап олтурду.

Билдирүүнү түзөткөн: Janym.: 26 Май 2017 - 22:20

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Janym.   26 Май 2017 - 22:33

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Жанаша олтурдук. Ал караган сайын,сүрдөнүп ичим ысый түшөт. Майрам ортолоп калды. Жай музыка коюлуп баары жеңил бийин бийлеп жатышты. Белек да аста колумдан тарта ортого алып жөнөдү. Аны менен биринчи жолу бийлешим. Жеңил бийин оңой деп жүрсөм анын да өзүнчө сыры бар экен. Мурда бийлебегенге бир топ эле кыйналдым. Ал нары болсо,мен бери болуп бир кызыктай бийледик. Кеч кирип үйлөрүбүзгө тарадык. 2 күн өтүп 31-декабрь күнү көчөгө кастер жагып,жаштар шаңдуу маанайда олтурдук. Белек келип бир аздан соң кетип калды.
"Сени 00:00 дө бактан күтөм".Ушул смс тен кийин убакыт өтпөй калды. Аны көргүм келип жатты. Мен үчүн кызык болчу. Эмне кылат? Барып эмне дейм? Ойлонуп гана убакыттын келишин күтүп олтурдум. 12 ге 5 минут калганда бакты көздөй жөнөдүм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   milashka_moia   27 Май 2017 - 00:18

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 17 Май 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2018 09:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстаным-алтын бешигим.

улантып жаза бериниз жаным мектептеги кызыктуу кундорумду биринчи суйуумду эсиме салды баяныныз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Janym.   27 Май 2017 - 07:10

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Жеткиче аябай толкундандым. Ал кыш кыштай болгон эмес. Кар деле жок болчу. А менин кара көзүм бактын ортосунда турган экен. Жанына барып көрүшүп,эмнеге чакырдың дегендей аны карап калдым..
Бир топко үнсүз турду. Жерге чооң кылып кагаздан жүрөк жасаптыр. Аны да байкабапмын. Кагазды күйгүзө баштады. Жаныма келип колумдан бекем кармап "Ар бир жылды сенин менен тоскум келет" деди. Аңгыча салюттар атыла баштады. Ал мени көзүн албай тиктейт. Ошол убакта ааламга батпай турдум. Сүрдөгөнүмдөн эки бетим ысып чыкты.
Үйгө барып бир уктай алсамчы. Болуп өткөндөр көзүмө тартылып жатты. Ал убактагы сезимдерди айтып жеткире албайм.
Кышкы эс алууга чыктык. Бул жолку 12 күн 12 жылдай сезилди. Аны көргүм келди,жылмайганын, кара көзүн,көз карашын баарын...баарын. .
Мектепке баруу убагыбыз келди. Кубанычым коюнума батпайт. Эми аны күндө көрөм. Кызыктуу күндөрүбүз өтө берди. Балдар,кыздар шаракташып кар урушмай ойноп кетишет. Белек болсо бир баланы мага жолотпой коргойт. Ал менин ар дайым коргоочум болоор эле..болгон. ..боло берет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Janym.   27 Май 2017 - 07:21

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

23-февраль жакындап келе жатты. Адатта бул майрамда балдарга белек берүү салт болчу. Класстагы кыздар да камына баштадык. 9-класстан кетүүчүлөр көп болчу. Ошондуктан бир жакшыраак,эсте калаарлык белек берүүнү ойлодук.
Орто баадагы саат,платочки алып келгенбиз. Жакшынакай кутучага салып даярдап койдук.
Класска стол даярдаганбыз. Кыздар тапканын алып келип коюп,столдо бош жер калбады. Балдардын сүрөттөрүн слайдшоу кылып жасап,интерактивный доскага коюп беребиз деп,классты караңгылатып, отургучтарды досканын астына тиздик. Слайдшоунун аягында "Биз силерди жакшы көрөбүз,ар дайым бар болгула" деген жазуу болчу. Ушул нерселерди даярдаганга чейин бир топ эле убакыт өттү. Залда класстар аралык Квн болуп жатты. Аны да көрө албадык. Класс жетекчибиз да толкунданып алган. А биз болсо план түздүк. Келгенде кантип берерибизди.
Келе жатышат деп айтып калышты. Баарын жай жайына отургуздук. Белектерин берсек алышпайт.. Тоообаааа мына сага. Баары эле жер тиктейт. Эмне болуп жатканын түшүнө албай,сурасак алгылыктуу жооп айтышпайт.

Билдирүүнү түзөткөн: Janym.: 27 Май 2017 - 07:22

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Janym.   27 Май 2017 - 13:34

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Класста өтө көп тартыштык. Мугалим эжейибиз "Балдар,кыздар силер үчүн атайын белек уюштурду. Албай койгонуңар болбойт. Ал кыздарды,мени сыйлабаганыңар болот. Маанайды бузбай,жакшы олтуруп кеткиле" деп чыгып кетти.
Биздин концерт дагы башталды. Эки тарап болуп ачык эле урушууга өтүштү. Негизги себебин деле билбейбиз. Балким таарынткандырбыз. Заранее кечирим сурадык.
Белек болсо башын жерге салып олтурат. Даамдан бир ооз тийген жок. Белектерди албасаңар,столдогуларды жеп кеткиле дедик.
Белек мен үчүн алчы деп көздөрүнө жалооруй тиктедим. Унчукпайт. Ызама чыдабай буулугуп бараттым. Көздөрүмө жаш толуп калган. Мындан ары чыдабайт болчубуз. Эрте мененден бери кылган аракетибиз текке кетти. Жасаган видеролик ошол бойдон калды. Биздин бир тыйынчалык кадырыбыз жок беле?
Белек мен үчүн да албадың,мен сага эч ким эмесминби? Ушул суроолорду ич ичимден кайталап жаттым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Janym.   27 Май 2017 - 14:45

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Окурмандарга түшүнүктүү болуусу үчүн бир баштан жазууга туура келип жатат. Каалабагандар окубай эле койгула.



Албасаңар,жебесеңер чыгып кеткиле деп столду жыйнаштыра баштадык.
Баарынын маанайы суз үйлөрүбүзгө кеттик. Ошол күндөн тарта күндө уруш,күндө жаңжал.
Белекке таарынып жүрдүм. Ал да мага сүйлөбөйт.
7-март күнү мектепте Квн бар болчу. Кыздар өзүбүз даярдандык.
Эң жакшы баалар менен 1 местага чыктык. А алар бизди шылдыңдап бүтүшпөйт. Ушунчалык көңүлүм калды.
Толлук бир ай өттү. Мамилелер жакшы боло баштады. Мугалимибиздин каалоосу боюнча балдар кечирим сурады. 22-мартка сүмөлөк уюштурду. Кечиндеси жасанып алып жөнөдүк.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Nevestkaa   27 Май 2017 - 18:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 436
  • Катталган: 26 Январь 17
  • Соңку аракети: 13 Янв 2020 19:01

Түшүнбөй калдым эмне себептен белегиңерди албай даярдаган дасторкон.н жебей койду.Биздин балдар столду тазалап коюшчу эле.Мага не подарка бересин деп ачык эле айтышчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Janym.   27 Май 2017 - 21:12

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Nevestkaa (27 Май 2017 - 18:49) жазган:

Түшүнбөй калдым эмне себептен белегиңерди албай даярдаган дасторкон.н жебей койду.Биздин балдар столду тазалап коюшчу эле.Мага не подарка бересин деп ачык эле айтышчу.

Шариятта жок дейт. Канча жалынсак да албай коюшкан.
Ошол нерсени шашпай,түшүнүктүү жазайын десем оюмдун баарын бузуп салышпадыбы жогорудагылар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Janym.   28 Май 2017 - 13:25

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Менин Белегим да ошол жерде. Сүмөлөктү салып,айлантып жатышыптыр. Барып айлантып анан үйгө кирдим. Бир аздан соң артымдан кирди. Комнатаны кулпулап сүйлөшүп алайлы деди. Макул деп гана отуруп калдым.
Ага канчалык таарынсам,андан эки эсе сагынгам. Ушул убакка чейин келишин күттүм. Көздөрүмө жаш толуп,эч нерсе сүйлөй албадым.
"Мени кечир,андай кылбашыбыз керек болчу. Сенден кечирим суроого бетим чыдабай жүрдү" и.т.д көөөп сөздөрдү айтты. Кыскасы биздин таарынычка чекит коюлду. Сыртка чыгып аралашып бийлеп жүрдүк.
Тум хи хо ыры популярдуу болуп жаткан. Таң атканча ушуга вальска түшкөнүбүз эсимде.
Таң атканда сүмөлөктөрүбүздү алып үйгө жөнөдүк. 12 күн каникул болгонуна байланыштуу таэнемдикине кеттим. Телде күндө сүйлөшөбүз. Сагынганын, көргүсү келгенин айтат. Ал күндөр өтүшү азап болду.
Окуу ачылаарына 1 күн калганда үйгө келдим. Адаттагыдай 00:00 дө бактан күтүшүн айтты.
Жамгыр жаап жатат. Колума кол чатырды алып,жанына бардым. Көпкө турдук. Колумдан тарта,кучагына бекем кысып бул саптарды окуду.

Сен мендиксиң,сен мендиксиң себеби
Ашыктыктын тартып бүттүм жазасын.
Жараткандан жарым болуп калууга
Жарым түндө сурап алдым батасын.

Колумдан келсе ушул убакытты кетирбей кармап тургум келди. Аны менен өткөргөн ар бир минутам кадырлуу болчу. Күндө жетелеше мектепке жөнөйбүз. Кайра чогуу келебиз. Бул аралыкта биздин үй-бүлөөлөр, мектеп,айыл баары биздин мамиле тууралуу билип бүттү.
29-апрель шаарга "Ачык эшиктер күнүнө" бардык. Жоготуп алчудай бекем жетелеп жүрдү. Классташтарым суктана карап жатышты.
1-май классташымдын туулган күнүнө бардык.
Кыздар тамаша уюштурдук.
Беттерибизге арактан сүйкөп типа ичкен адамдын ролун ойнодук.
Балдар баары келип карап кетишет же жыттап кетишет. Белек болсо көздөрүн чоооң ачып ичтиңби дейт. Анткен сайын жооп бере албай кыткылыктап күлөбүз. Арак бетти кызытат тура. Эки бетим кызарып кадимки ичкен адамга окшоп калдым.
Кийин деле тамаша экенин айтпадык. Белегим окуп калсаң эстеп тамаша экенин билип кой.
14-май курбу кызымдын туулган күнү. Ал күндү да бирге тостук.

25-май күнү 9 дүн бүтүрүүчүлөрүбүз деп кечки вечеринка да уюштурдук.
Мектептен чыгып,белгиленген үйгө 2 кыз эртерээк барып,дасторкон даярдап,тамак бышырдык. Классташтар баары чогулуп эстен кеткис күн болду. Ушул күндөрү жакшы уйку болбой,башым ооруп,уйкум келе баштады. Башка комнатага кирип спальныйга куладым. Көзүм илешип кеткен экен. Белектин келгенин да байкабаптырмын. Көзүмдү ачсам эле турат гоо адамды коркутуп. Ордумдан туруп,уйкуң келсе жатып укта дедим. Диванга жатам деп кулагын канатып алды байкушум. Уйкум умачтай ачылды го. Жанынан эч жакка кетпей карап олтурууга туура келди. Башын тиземе коюп,мени карап жатат. Башымдан кармап аста өзүнө тарта баштады. Денемди майда калтырак басып,өңүмбү же түшүмбү элес ала албай калдым. Эриндери эриниме тийгенде ордумдан туруп сыртка атып чыктым. Мен бул нерсеге
даяр эмес болсом керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Janym.   28 Май 2017 - 14:15

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Артымдан чыкты. Баары вальска бийлеп жатышкан экен. Биз да алардын катарына кошулдук. Катуу чарчаганбыз. Баарыбыз уктадык. Эрте менен туруп үйлөрүбүзгө кеттик.
Консультация, эгзамендер башталды. Бир күн көрбөсөм сагынып калам. Бирге убакыт өткөргөнүбүзгө сүйүнүп гана жүрчүбүз. Эгзамен күндөрү биз барбаган жер,лес,тоо, сууга түшчү канал,кыскасы эс алуучу жерлер калбай айланып чыктык.

Бир канча күн өтүп жайлоого ойногону камданып калдык. Ал күндөрү Орозо айы болчу. Түштөн кийин жайлоого чыктык. Жолдо жамгыр баштады. Портердин артына баарыбыз чыгып алганбыз.Көзүмдү жумуп бара жаттым. Жамгыр аябай жагат. Ал күндөрүм алигече эсимде. Барганча баарыбыз суу болдук. Кийимдерибизди алмаштырып жогору жакка ойногону чыгып келдик.
Жайлоого келбегениме да көп болгон экен. Абасы таза,суусу тунук. Кыргызымдын жерлеринин сулуулугу ай. Карап көзүм тойбой жатты. Ушундай кооз жерде бир өмүр жашасам да ыраазы элем. Движок,калонка алып барышкан экен. Жайлоону жаңыртып музыка коюп бийлеп жатышты.
Белегим бир бала жаныма келсе чекеси тырыша түшөт. Көз карашынан баарын түшүнөм. Аны капа кылбаганга аракет кылам. Ооз ачаар убагы болуп,тамактанып бир аз олтуруп анан үйдү көздөй жөнөдүк. Эс алуу эң сонун болду. Портердин үстүндө музыканы коюп алышып,бийлеп келе жатышты. Түнкү 12 ден өтүп келдик.

Аттестат колубузга тийди. Биз 10-кл кала турган болдук. Эмнегедир Белектин1 жума же 10 күндөй сүйлөбөй койгон адаты бар эле. Жайлоодон келгенден кийин да ошондой болду.
Бул биринчиси эмес деп ойлонуп,нары бери чайнала бербей бир жаңсыл бүтүрүүнү чечтим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Janym.   28 Май 2017 - 14:34

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Азыр да түшүнбөйм неге андай кылганымды. 8-классыбызда берген кичинекей жүрөкчөсү бар болчу. Ичинде гүлдөрү бар. Ал берген нерселердин баарын даярдадым. Ар дайым жолугушчуу жерден күтүүмдү айттым.
Жолуктук. Суз гана көрүшүп,оюмдун баарын түшүндүрдүм. Токтотолу деп айттым. Алып келген нерселеримди өрттөөгө камдана баштаганда, колумдан баарын жулуп алды.
Кучагына бекем кысып,неге мени баары таштап кетет? Неге?
Сен да мени таштайсыңбы? Эмнеге мындай кылып жатасың?дагы көптөгөн сөздөрдү айтып,ыйлап жатты. Эркек адамдын ыйлаганын биринчи көрүшүм. Бирок ушунчалык мерез белем? Бир көз жашына да карабай алып келген нерселерди чогултуп үйгө кеттим. Ушунча ыйлаган ыйына татыктуумунбу? Неге мындай кылдым? Неге аны кыйнадым? Тоолтура суроолор мээмде жайнап жатты.
Номеримди алмаштырып салдым. Вацаптан аны карап коем. Маанайы жок сүрөттөрдү коет.Эмне кылуунун айласын таппадым. Барып кечирим сурагым келди.

Саат жебесин келет алга бурагым.
Сагынычтан куйкаланып турамын.
Сенсиз дүйнө муздак,супсак караңгы.
Жарык сенсиз караңгыдай ЧЫРАГЫМ...

Ушул саптарды статусунан окугандан кийин,мен ага керек экенимди,туура эмес кылганымды түшүндүм. Убакыт өтүп 10-кл болдук. Ал мектепке барбай жатты. Классыбыздан көп окуучу кетип а жана б класс биригип калдык. Өтө суз. Менин досторум,классташтарым аларды абдан сагындым. Соксоюп 5 гана кыз калганбыз. Белек да келем деп айттырган экен. Бирок келишпей жатты. Вацаптан жазыша баштадык. Бирок баары мурдагыдай эмес болчу. Суз гана.
Октябрь айы келип Белегим мектепке келди. Мен күткөн караан,көздөрү, анын эс тандырган духиси. Мен аны абдан сагыныптырмын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Janym.   28 Май 2017 - 14:54

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Китепканада китеп тизип жаткам. Артымдан келип бекем кучактап,көпкө турдук.
Өзүнө каратып көздөрүмө тик караганда андагы сагынычты,сүйүүнү сездим. Анткен сайын күнөөлүү адамдай жер тиктейм.
Ал күнү кол кармашып үйгө кайттык. Жаңы-жыл жакындап келе жатты. Бул аралыкта дагы таарыныштык. Мектепке барып балатыларды даярдап,столдорду жасап койдук. Майрам башталды. Белек экөөбүз бири-бирибизди тааныбаган адамдай жүрдүк. Башка кыздар менен бийлесе ич ичимден өрттөнүп бараттым. Ал бир гана меники,меники деп кайталап олтурдум. Көзүмдөгү жаштар эрксизден колумдагы телефонума тамчылап жатты. Курбуларым баарын көрүп билип турушту. Белек аны сезди бекен? Барып мен да башка балдар менен бийледим. Билдирбей карап коем. Ал да мен жакты карап жатканын билип турдум.Колумдан тарта алып кетишин кааладым.
Дагы вальс коюлду. Местага карай жөнөдүм. Ал сыртка чыгып бараткан экен. Колумдан шашылыш кармап ортого алып жөнөдү. Адамдардын курчоосунда экенибиз эсинен чыгып калды көрүнөт. Бекем кучактап,чачтарымдан жыттап алды. Белек акырын,бир аз кое бер дегенде гана бошотту.

Бүт өмүрүмдү арнап мен сени сүйөмүн.
Кечикпей кезиксеңчи кайдасың сүйгөнүм.
Махабат аралына кетели бирге.
Мен сендик болуп,сен мендик болуп,мен сендик болуп өмүрдө.

Жоодарбешимдин ушул ырын кулагыма кайталап ырдап жатты. Таарынычтар таркады. Калган убакытты бирге өткөрдүк. Кечиндеси жетелешип алып үйгө жөнөдүк. 31 и күнү көчөгө кастер жагып,окууга тапшырып кеткендер да келип мурдагы классыбыздын составы өзүбүзчө чогулуп олтурдук. Бири-бирибизди аябай сагынган экенбиз. Таң атканча ойнодук. Ал күндөр кайрылып келбей турган элес бойдон калды.

Билдирүүнү түзөткөн: Janym.: 28 Май 2017 - 14:56

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 12:11

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Көп кызыктуу күндөр өттү. Эсте калганы курбумдун туулган күнүндө көчөдө бара жатканбыз. Бизден бир аз өтүп рейттин машинасы токтоду. Ал убакта түнү көчөдө жүргөндөрдү кармап барып камайт болчу. Кыздар чуркап барып жашындык. Машинесин буруп келгенче жашынып калдык. Келип таппай кайра кетти. Чыгып алып күлкүбүздү токтото албай калганбыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 12:20

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Кайрадан жаз келип дагы сүмөлөк уюштурдук. Кечиндеси бардык. Түнү менен ойноп,бийлеп, сүмөлөктү айландырып бактылуу жүрдүк. Түнкү 12 ден өтүп калган. Рейт келди деп баары чурулдап калышты. Кыздар занавесканын артына жашынып,бири жыйылган жүктүн артына жашынып, ар ким баткан жерине кирип кетишкен. Балдар баары сыртта болчу. Мал канага кирип,бир-экөөсү качып кетиптир. 5-6 бала милицияларга тутулуп калган. Ата-энелер араңдан сүйлөшүп кетиришкен.
Бул сүмөлөк ушунусу менен эсте калды. Ошол сүмөлөктөн соң Белек мага сүйлөбөй жүрдү. Ага эмне кылдым экен..Кызык. .
Көргөн жерден тааныбаган адамдай,карабай өтөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 12:26

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Бул жагын күндөлүгүмдөн жазайын.

26-апрель.
Менин бул дүйнөдөгү эң корккон нерсем сени жоготуп алуу болчу. Мени сүйбөй калышыңдан, мени башка алмаштырып кетүүңдөн,сени жоготуудан коркчумун. Эми мына ошол коркунучтар мени курчап алгансыйт. Коркунучтар туңгуюгунда жалгыз калдым. Сен жок сезимдерим менен жалгыз калдым. Жаным жанчылып,жүрөгүм канап сенин келээриңди күтүп жатат. Ар бир минутам сени ойлоо,сагынуу менен өтүп жатат.
Ооба мен сени сагындым...! !!
Бүгүн сени менен жолукпаганыма 35 күн болду. Бул күндөр арасында мен сени канчалык күттүм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Janym.   29 Май 2017 - 12:30

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

27.04
Эмнеге чалбайсың? Эмнеге? Менин бир тыйынчалык кадырым жокпу? Киммин сага?
Ойлойсуңбу мени?
-Жоок ойлобойсуң! Ойлосоң ушундай кылмак белең?.. Жада калса мени менен коштошпой борборго бет алыпсың! Жакшы кал дегенге жарабадыңбы? Менден кеткиң келдиби? Унуткуң келдиби? Жашооңдон өчүрүп салгың келдиби? Ушул жол экөөбүзгө тең жакшы болсо,кет кете бер! Бирок эч качан артыңа кайтпа. Мени азапка салба суранам. Азап бербе мага!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 12 Май 2025 11:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: