Суперстан: Чырагым... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чырагым...

#41 Пользователь офлайн   Janym.   30 Май 2017 - 14:53

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Таптым...спальныйда жаткан экен. Уктап калган го деп жакын барсам,колумдан тарта жанына олтургузду.
-Каякта жүрөсүң?
-Сыртта,бийлеп. Башың ооруп жатабы? Башына массаж жасап,бешенесинен өөп сыртка чыгайын десем эшик кулпулануу. ..
Мен Белектен көрдүм. Ал болсо досуна эшикти ач деп чалып жатты. Былтыңдап алгам.
Жарым сааттан өтүп эшик ачылды. Уялганымдан жерге кирип кетким келди. Үйдүн ээлери эмне деп ойлоду экен? Белектин досу Арленге көзүмдү алырайта карап чыгып кеттим.
Башка комната кирсем Арлен артымдан кирди.
-Не кылганың бул?
-Мен кулпулаган жокмун Айжан.
-Жалган айтпачы.
Жыртаңдап күлөт.
-Эмне ишиңер бүтпөй калдыбы? Кайра кулпулап берем жүр.Ушул сөздү уккандан көрө келбей эле койбоптурмун. Эч нерсе деп сүйлөй албай,көзүмө жаш толуп жек көрүп карап жаттым. Арлен Белектин эң жакын досу ушинтип ойлосо,калгандарына жол болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   Janym.   30 Май 2017 - 15:00

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Классташтарым келип мени башкача көз караштары менен карап,чыгып кетип жатышты.
Ал жерде башка олтургум келбеди. Курбума кетебиз деп айттым. Экөөбүз көчөгө билдирбей чыктык. Көрүп калышса албетте кое беришпейт болчу. Бизден кичинекей балдар барып айтып коюшуптур. Арлен,Белек дагы бир экөө артыбыздан чуркап келе жатышты. Биз ан сайын качабыз.
Эркек эмеспи,баары бир жетип алды. Экөө биринен өтө бири кечирим сурап жатты.
Көгөрүп жарым саттай турдук ошол жерде. Арлен чарчады окшойт. Үйгө карай кетти.
Белек мен кетем деп келе бердим. Артымдан калбай келе берди. Биздин үй алыс болчу. Курбумдун үйүнө бара жатканбыз. Жетейин дегенде келип колумдан кое бербей кармап тура берди.
Курбумду кире бер деп,Белекти сүйлө дедим.
-Кечир мени кечир.
-Эмнеге кечирим сурап жатасың?
-Мен күнөөлүүмүн. Жүрү кайра артка кайталы. Суранам жан,мени менен бирге кетчи. Үнү каргылданып чыкты. Аны менен кайра баргым келсе да Арлендин сөздөрү кулагыма жаңырып жатты. Белегим аны кайдан билсин..?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   Janym.   30 Май 2017 - 15:15

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

-Белек артыңа кайт. Сени күтүп калышат.
-Сенсиз кетпейм. Мени менен кетчи.
-Мен эч жакка барбайм.
-Ушул жерде тура берем.
Тура бер дегендей үйгө кирип кеттим. Курбум экөөбүз жай салып жаттык.
Белекти билем ал айтканын кайтпайт. Дагы деле турса керек. Кантип уктай алмакмын.
-Гүлү мен Белекке жолугуп келейинчи.
-Ал кеткендир деди курбум уйкусурап.
-Жок мен аны жакшы билем.
Туруп кийиинип,бут кийимимди кийип сыртка чыктым. Айткандай эле турган местасынан жылбаптыр.
Көрүп боорум ооруп кетти. Эмне деген акылсыз кызмын..?
Башкалардын сөзү үчүн,Белекти кыйнаганым кандай..?
Жанына барып колдорун кармасам үшүп калыптыр.
Үшүп калыптырсың го деп жылыта баштадым.
Колдорумду кое бербей туруп алды. Кучагына бекем кысып,ыйлап жатты. Өзүн күнөөлүү сезсе керек.
-Ыйлаба дедим акырын.
-Ыйлабай эле.
Ыйлап жатса да ыйлабай эле деп коет.
-Жаным мен кечирчи,мени менен кетесиңби?
Ооба дегендей башымды ийкедим.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   Janym.   30 Май 2017 - 15:25

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Экөөбүз жетелеше айылдын башына чыктык. Айыл алаканга салгандай сонун көрүнөт. Ал жерде көпкө туруп кайра сүмөлөк болуп жаткан үйгө бардык. Жанагы эле көз караштар. Эч кимге сүйлөбөй былтыйып жүрдүм. Белек экөөбүз таң атканча танцага түштүк.

19-20-май ОРТ тапшырганы бардык.
Бүтүрүү кечеге даярданып күндөр өтүп жатты.
25-май эрте менен жер жарый элек туруп салонго кеттик. 15-20 мин убакыт жол болчу машине менен.
Жер жарый баштагандагы убакытты 18 жылдан бери биринчи көрүшүм.
Аба таза,жолдо машина жок. Зуулдап бара жаттык. Ушул жол бүтпөсө экен деп тилендим. Кыскасы мага аябай жакты.
8 ден өтүп мектепке келип,баарын даярдап кечебиздин башталышын күтүп калдык.
Кыздар биринен өтө бири сулуу,классташ балдар да кычырашат. Баары өзүнчө бактылуу. Бүтүп кетээрибизди ойлоп ичибизден сыздап жүрдүк.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   Janym.   30 Май 2017 - 15:34

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Баары топтолушуп, бизди салтанатту линейкага эки-экиден чакыра баштады. Белек экөөбүз толкунданып, жетелешип чыктык. Аяш энем,апам,эжелерибиз бизди карап олтурушат. Сүрдөнгөнүмдөн эки бетим кызарып да кетти.
1-классыбызда окуткан мугалимдерди көрүп,сүйүнүчүбүз коюнубузга батпайт.
Даярдалган программа боюнча концерттик номерлерибизди коюп,мугалимдерге ыраазычылык айтып,класска кирип тарбиялык саат өттүк.
Эжейибиз тарбиялык,турмуштук маанидеги сабактарды өттү.Өткөн күндөрүбүздү эске салып,баарыбызды жашытты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   Janym.   30 Май 2017 - 15:42

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Ашканага кирип тамактандык. Залга башка форма киебиз го кыздар. Көйнөктөрүбүздү кийип,залга бийлегени чыктык. Бүгүн өзгөчөсүң деп кулагыма шыбырады Белек.
Оюн ойнотулуп,кече көңүлдүү уланып жатты.
Белек жүрү бийлейбиз дедим. Башкаларды көрүп мен да бийлегим келип кетти.
Бийлебейм дегендей кылдыбы же мен ошондой түшүндүмбү айтор көңүлү жоктой жооп берди.
Макул деп элге аралашып кирип бийдин сазайын берип жаттым.
Белек улам сыртка чыгып,кайра кирип жатты.
Вальс коюлду,классташым жүрү эле жүрү дейт. Белекти карасам жок экен. Классташым менен бийлеп жаттым. Белекти келип калбаса экен дегенче залга кирип келди.
Көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй карайт. Аны карабаганга аракет кылып жаттым.
Өзүм баарын баштап алып,эми Белектин классташымдан тартып алышын каалап жаттым. 4 минуталык музыка 4 жылдай болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   Janym.   30 Май 2017 - 16:17

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Белек экөөбүз эки жакта бийлеп жаттык. Сыртка чыгат,кайра столго келип олтурат. Эки көзү
менде болуп жатты. А класс мурдагы состав кайра чогулган экенбиз. Балдар залдын башында,кыздар аягында өз өзүбүзчө бийлеп жатканбыз. Той ыры коюлду. Балдар типа тойго келе жаткансып,ышкырыктар залды жаңыртып,кол чаап биз жакка келе жатышат. Алардын түрүн көрүп,кыздар күлкүбүздү тыя албайбыз. Белек экөөбүздү ортого алып бийлеп жатышты. Бир канча жылдан кийин,ушундай күн болоорун элестетип бактылуу болуп жаттым. Белек экөөбүз кайрадан танцаны эзе баштадык. Ал күнү селфинин да сазайын бердик. Кечки 8 де мектептен чыктык. Жаан жаап баштаган. Үйгө жеткенче жарым саат убакыт бар. Костюмун мага кийдирип,өзү дүкөнгө кирип кетти.
Белек кең далылуу,бою узун. 185 бою,70 салмагы.
160 боюм,55кг салмагым менен анын костюмун кийгенимди элестете бериңиздер. Көйнөгүмдү жапканы аз калды. Экөөбүз колтукташа, қол чатырды жандырып чуркап келдик.
Колумда гүл,сумка ошол күнү иттей эле жүдөдүк. Үйгө алып келип таштап,анан өзү кетти. Кирип эле спалныйга кулап,тоону оодаргандай чарчап уктаптырмын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   Janym.   30 Май 2017 - 16:32

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Белектей инсанга жолукканыма Кудайга миң ирет шүгүр. Ушул бактымдан айрыбай түбөлүктүү кылсаң экен Жаратканым!
Ар дайым мага камкор. "Жылуу кийин,тамактан, эс ал,өзүңдү абайла мага керексиң" сыяктуу сөздөрдү айтып турат. Эрте менен турганда "Кутман таң жаным" кечиндеси "Бейпил түн" ар дайым,ар дайым ушундай. Белектен жаман сапат көрө алган жокмун. Аны карап мен өзүмдү түздөөгө үйрөнгөм. Деги эле Белектен көп нерсе үйрөндүм. Уулуна ушундай тарбия берген биринчи энеде кеп. Белектин апасы алтын аял. Белекке эң мыкты тарбия берген. Мени да кызым деп турат. Мен Белекти эле эмес,анын апасын да кошо сүйдүм.
Белек үй-бүлөөдө эң кичүүсү. 1 агасы жана 4 эжеси бар. А менде 4 агам жана 1 эжем.
Биздин көптөгөн жакшы максат,ой-тилектерибиз бар. Албетте биз бактылуу болобуз.
Биз келечекке ишенимдүү кадам таштап бара жатабыз окурман.

Белек сен жанымда болсоң мен эч нерседен коркпоймун.
Жашоомо жарык берген Чырагымсын! Өзүңдүн бар экениң мага күч-күбат берет.
Сүйүү,мээрим толо көздөрүң менен тиктегенде капкара болгон көздөрүңө чөгүп кетким келет. Билем сени көп капа кылгам. Баары үчүн кечирим сурайм,кымбатым.
Биз бактылуу күндөргө биргеликте барабыз. Бизге каршы чыккан баарын жеңип өтөбүз.


Окурмандарым, алтындай болгон убактыңыздарды бөлүп окуганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем...Конок катары кирип,комментарий жаза албаган окурмандар сиздерге да чооң рахмат. Бар болуңуздар.
Бул жакка жазуумдагы негизги максат,каалаган убактымда окуп туруу. Анткени окусам ошол күндөрүмө барып келгендей болом. Күндөлүк ар дайым жанымда болбой калат экен..
Ар бириңиздердин ой-пикирлериңиздер мен үчүн маанилүү. Коммент жазбай темамды бүткүчө таза сактап бергениңиздер үчүн да ыраазычылык. Сиздерден жылуу ой-пикир күтөм форумчулар..

Билдирүүнү түзөткөн: Janym.: 30 Май 2017 - 16:42

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Janym.   30 Май 2017 - 16:43

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Рамазан айыңыздар кут болсун! Кармаган Орозоңуздар кабыл болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   angel-dina   30 Май 2017 - 16:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 24 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Апр 2023 21:36

Сизге да чон рахмат автор. Кыскартпай эле жазсаныз болмок экен, дайыма бактылуу адамдардын катарын толуктап журо бериниздер!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   beru   30 Май 2017 - 17:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 328
  • Катталган: 29 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 10 Май 2018 14:40

Чоон рахмат баарыбызга кут болсун. Омурунордун акырына чейин азыркыдай бактылуу болгула, талашканынар урмат сый болсун. Жанылыктардан жазып турунуз унутпай

Билдирүүнү түзөткөн: beru: 30 Май 2017 - 17:40

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   nur_ice   30 Май 2017 - 17:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 16 Май 17
  • Соңку аракети: 02 Июн 2020 18:09
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Туболуктуу бактылуулук каалайм, дайыма бирге болунуздар, Белекти коп капа кыла бербениз, сизди суйуп, кадырынызга жеткен адамды сиз да кадырланыз. Бактылуу болунуздар!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   love.me.again   30 Май 2017 - 19:55

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 78
  • Катталган: 13 Апрель 17
  • Соңку аракети: 24 Июн 2019 02:53

Анан ортдан канча балл алдын ощо кызык болду мага.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   Janym.   30 Май 2017 - 21:38

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

angel-dina,nur ice чооң рахмат. Сиздер да бактылуу болуңуздар. .

Beru башынан аягына чейин мага дем бердиңиз.Албетте жаңылыктардан жазып турам. Окуганыңыз үчүн чоң рахмат. Бар болуңуз.

Love.me.again ОРТнын жыйынтыгы 25-июнда келет. Чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Буйруса сиздер менен бөлүшөм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   asi.gulum   30 Май 2017 - 22:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 805
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 17 Апр 2025 17:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анын жүрөгү♥

Сүйүүңөр өчпөсүн. Бактылуу болгула.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Guliii   30 Май 2017 - 22:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 379
  • Катталган: 13 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 11 Авг 2021 16:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Айылым- алтын бешигим!

Автор менен тагдырыбыз бир аз окшоп кетет экен. Бирок биз студент кезде жолуктук. Келечегиңер бүтүн болсун. Суук сөздөн,жаман көздөн сак болгула.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   milashka_moia   30 Май 2017 - 23:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 17 Май 17
  • Соңку аракети: 06 Ноя 2018 09:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстаным-алтын бешигим.

Саламатсызбы автор Белек экоонорго бакыт каалаймын. Эч качан суйуунор очпосун. Тагдырдын оор сыноолоруна сынбай, бири-биринерге ойдодо обок, ылдыйда жолок болгула. Рамазан айы сизге да кут болсун, кармаган орозонуздар кабыл болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   doni-beku   31 Май 2017 - 08:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 06 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 02 Апр 2018 21:12
  • Жынысы:Аялзаты

Турмуш кура элексинерби ошондо? Быйыл бутуруп жатасынарбы мектепти? Же ....????
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   doni-beku   31 Май 2017 - 09:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 06 Октябрь 16
  • Соңку аракети: 02 Апр 2018 21:12
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения doni-beku (31 Май 2017 - 08:51) жазган:

Турмуш кура элексинерби ошондо? Быйыл бутуруп жатасынарбы мектепти? Же ....????

Балалык суйуу депсин. Балким Азыр универде окуп жаткандырсын? Иши кылса мектептен кийинки жашоондуда жаза кетсен болмок эгер капа этпесен. Бактылуу бол Белек жакшы бала Экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   Janym.   31 Май 2017 - 10:20

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Аси.гүлүм,Гули, Милашка моя баарыңыздарга чоң рахмат.
Дони-беку ооба быйыл мектепти бүтүрдүк. Балалык сүйүү дегеним 8-классыбызда башталган. Албетте алдыдагы жашоомду жазып турам. Айтканыңыздай Белек алтын бала.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Май 2025 03:55

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: