iiidahou Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Жаран
- Билдирүүлөр:
- 126 (0,06 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (61 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 08 Февраль 19
- Кароолор:
- 65 514
- Соңку аракети
- 13 Мар 2024 20:41
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 44 жашта
- Туулган күнү:
- Июль 29, 1980
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Bishkek
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Сезимди сенден сездим
Жазылган күн: 8 Мар 2024
Апрель айы. Бак-дарактар бурдоп, айланага жан кирип калган. Асман копкоп, тан атканда чымчыктардын унунон ойгоносун, эмне деген керемет. Терезедеги парданы тартканда, ьийик тоолор корунот, коп кабаттуу уйлордо жашайбыз. Менде ар дайым окшош кундор. Эртен менен жумушума жонойм, кардарларымды кетирем, алар менен суйлошом, айтор жумушум озумо жагат. Жумуштан чыгып уйумо кайра жоо басып кетем. Озум учун жашайм. Акыркы убактарда башка олкого кетип, бир аз болсо дагы жашоого болгон коз карашымды озгортуп, иштеп коргум келет. Жумушка озумду арнайын дедим. Жан-дуйном канчалык суйууну, жанымда жургон кучтуу адамды каалаган менен, андай адамды кезиктире элекмин. Кудайым бир куну мандайыма жазып коер дедим. Баардыгы оз убагында болгону жакшы эмеспи.
Эртен менен ооз бекиткени туруп, жумушка уктап калыптырмын. Шашып туруп чуркаган бойдон жонодум. Уйдон чыгып баратканда вотсап желесинен бир смс келди.
-Привет! Можно записаться на стрижку?-дейт. Бейтааныш номерлердин аттары чыгып калат го, бат-баттан макул деп жазып, устундогу Данай деген ысымды коруп, бир кыз келер деп чуркаган бойдон жумушту коздой жонодум.
Убакыт келди. Дем алыш куну адам коп болгонго, ал тууралуу унутуп коюптурмун. Бир убакта баягы мага жагып жургон жигит кирип келди. Кутуусуз болду. Анын келерин кутпогон жаным, эмне кылаарымды билбей калдым.
-Сиз чалып койсонуз болмок? Менин азыр клиенттерим бар эле,-дедим анын алдында уяла тушуп. Уялгандагы эки бетим дароо албырып, озумду озум сатып коем.
-Жаздым го? Саат бирге кел дебединерби? -деди ал мени тан кала карап. Кайра телефонумду карап, бирде аны карап, тушунбой туруп калдым.
-Атыныз ким сиздин?
-Данай…-деди ал. Ичимен кулуп жибердим. Анын ысымына эмес, мен аны башка бироо келет деп ойлогонума кулкум келди. Мына, жарым жылдан сон атын билдим. Аябай кызыктуу ат экен. Мындай ысымды биринчи жолу угушум. -
Темасы: Сезимди сенден сездим
Жазылган күн: 7 Мар 2024
Кеч кирди. Мен башка кардарды кетирип жатсам, эртерээк келип алганын кара. Чачын алып жатып, улам сайын уурдана карап жаттым. Кирпиктери, коздору ото бакыракай болбосо дагы жайнап турганы, бетинин тузулушу, айтор козумо баардык жагы жакшы корунуп туруп алды. Ичимден бир суроо берип коройун дедим. Эгерде жооп берсе берди, бербесе жок.
-Сиз Элиза эженин баласы турбайсызбы?
-Ооба,-ал кыска гана жооп берди. Башка соз ундогон да жок. Демек, мен кызык эмес экенмин да. Мен да ундогон жокмун. Бирок, ички дуйномдо антарылып, ичимди орттоп жаткан тушунуксуз сезимдерди дагы тумчуктура албадым. Канчалык басайын дегеним менен, ал кун откон сайын кучоп баратты. Мунайып эшикти тиктейм жумуштан, балким отуп калаар деген жаман ой менен. Отподу. Балким кирип калаар дейм, кирбейт. Бейтааныш номерлер чалса, Элиза эженин баласы болуп журбосун деп тынчсызданам. Дагы деле чалбады. Айткандай, ал акыркы жолу келгенде номеримди алып кеткен. Созуно караганда кийинки келгенде чалып келет имиш, а мен оз обмда балким чалып калып журбосун деп куру умуттор менен журом. Чалган жок.
Ошентип коз ачып жумгуча жаз келди. Жаздын келиши менен менин жашоомдо анча-мынча нерселер озгоруп баштады. 20 жылдан бери биринчи жолу орозо кармадым, намаз окуп баштадым. Жан дуйномдогу тынчтык, жада калса жузумдогу жылуулук, нур озумо да билине баштады. Ушунчалык озумо суктанганымды соз менен айтып жеткире албайм. Корсо канча жылдар бою жургон жузумдогу мунума, ушул эле нерсе жетишпей жургон го? Айланага коз чаптырып, майда нерселерге суйунгонду уйроно баштадым. Дуа кылып, оюмду туздодум. Жаман адаттардан арылганга аракет кылдым. Бул озгоруулордун жан дуйномо жакканычы?
Туптуура бир ай откон сон баягы ак жумал жигит кирип келди. Бул жолу ага жай гана жооп бердим. Чын эле бошобой жаткам. Анан келуусун отундум. Эмнеге чалып эскерткен жоксуз, откондо номеримди алып кетпединиз деле дедим.
-Эртен менен чалсам, адашып чалып алдыныз деп койду го?-деп жылмайды. Ушунчалык жылмаюусунун кучун айт. Бир нече секундда эреркеп, озумдун ага жооп катары кандай жылмайып жибергенимди билбейм.
-Туура эмес жазып алган жоксузбу? Кана коргозсонуз? -дедим ага иштеп жаткан колумдугы фенди очуруп. -09 менен аяктайт менин номерим.
-Кечиресиз. Анда анан келейин,- ал телефонун караган бойдон чыгып кетти. -
Темасы: Сезимди сенден сездим
Жазылган күн: 7 Мар 2024
Мен ал жигиттин ысымын да, ким экенин да билбедим. Мага азап болгону улам сайын анын коз карашы коз алдымдан кетпей туруп алды. Жылмаям, эстейм, кызыгам. Ким экен, аты кандай дейм. Сурдоп атып, чачын да окшоштура албай койгонумчу? Аны да эстеп кайра уяла тушом. Болду келбесе керек дедим…
Ноябрь. Тан калыштуу эшик ачылып тиги жигит кирип келди. Ушунчалык суйунгонумду айт, жада калса ордуман кандай турганымды озум да билбей калыптырмын. Эч нерсе болбогондой эле чачын алып кетирдим. Бул жолу батынып кузгуго карай албадым. Откондо уялганымды эстеп алып, бул жолу дагы уялгым келген жок. Ал акчасын берип, рахматын айтып кетип калды. Узата карап кала бердим.
-Дагы бир ай кутомбу…-дедим ичимден. Аны байкап калган жанымдагы эже:
-Огоо, бул эмне деген коз караш?-деп кулуп жиберди. -Жагып калдыбы?
-Жок, Айдай эже. Кайдагыны айтпанызчы!
-Бул Элиза эженин баласы да, иий аты ким эле? Башкача болчу…-деп ысымын эстей албай койду. Элиза эже менин мамам менен кайсы бир убакта чогуу иштегип калган. Ошондон улам тааныйм. Бирок, мындай баласы бар экенин билбептирмин. Эмки келгенде суйлошконгг соз табылат турбайбы, ичимен суйунуп калдым. А суйлоого кантип батынам? Жок, озу биринчи кадам жасамайынча мен ага суйлобоймун.
Кийинки ай келген жок. Ортодо аны эки ай коргонум жок. Ушунчалык жакшынакай жигиттин суйлошкон кызы кантип болбосун? Эгерде мен буга бир тамчы кызык болсом, эбак суйломок да. А бунун унчукпаганы унчукпаган. Акыры башка бироосу болсо керек деген жыйыниыкка келип, ал жигит жонундо ойлогумду азайттым. Ангыча болбой бир куну жумушта отурсам кирип келди. Жалгыз элем.
-Кандайсыз?
-Жакшы,-дедим аны тан кала карап, озун мени менен курдаш коробу деп.
-Бошпу?
-Жок,-деп кантип айтып жибергенимди билбей калдым. Бош отурганым менен ишим жок. -Кечке маал бошоп калам.
-Кечинде келе албай калам да, эже…-деп жылмайды ал мага карап.
-Анда башка куну келиниз.
-Макул, анан келем,-деп чыгып кетти. А менин кулагыма жанырганы “эже” деген созу. Эже? Менден кайдагы эжени коруп атат? Бирок, жылмайганы жакты. Уялгансып жылмайганда, он жак бетинен ууртучасы чыгып калат экен. Эх, кундо мага ушинтип жылмайып турса, мен баардыгына даяр болоор элем деген кыялдарга кантип батып кеткенимди озум байкабай калыптырмын. Мен чын эле аны жактырып калдымбы? -
Темасы: Монолог
Жазылган күн: 9 Окт 2023
Канча жылдар бою суйууну кутуп журуп, акыры карьераны тандап, жумушка баш-отум менен кирип кеткенде ушундай чон махабатка туш болоорумду таптакыр ойлобоптурмун. Эми мен бир адамдын омурлук жары, суйуктуу келинчегимин. Балалыгымдагы кыялдарым орундалды. Кудайга шугур. -
Темасы: "Апама кат"
Жазылган күн: 30 Мар 2021
-Кызым, мен жумуштан чыга албай калдым деп тушундуруп жатпаймбы?! Сен деп иштеп журом го!-мамам жумуштан чарчап келген сыяктуу. Унунон билем.
-Сен келем дегенсин! Баары апалары менен журушту...-коздорумо жаш тегеренип барып,ыйлап жибердим.
Айылда жашоо башкача экен. Аны шаарда жашап жургонгобу же бала болуппу, айтор туйшукту анча андабагам. Таене-таятам эртен менен эрте турушат. Таятам уйларды бадага чыгарып, койлорду кошуунга кошот. Таенем уй саап коюп, мектепке кетет. Чон класстарга сабак берет. Биз Канат экообуз бир сменде окугандыктан уйдон чогуу чыгабыз. Анан ары баскан сон ал дос балдарына кошулуп кетет. Мен алар менен баскым келбейт. Озунчо болунуп кетем. Мага муглимге, клаасстагы окуучуларга конуу аябай оор болду. Бирин-экин кыздар менен суйлошпосом, сабак буткучо конгуроого чыкпай, партада отура берем. Мугалим берген тапшырмалар мага оной, анткени шаарда жургондо аларды мамам уйротуп койгон. Сабактар кызыксыз. Эсимде, эки тыбышты бириктирип окуганды уйронуцп жатышканда, мен Алиппедеги майда тексттерди окучумун. Мамамдын эмгеги болсо керек. Класстагы кыздардын туфлилери окшош. Меникин мамам шаардан салып жиберген. Жаны окуу башталганда кыздар менин туфлимди коп карашчу. Айылдыктарга оон учурады го?
Бир куну таекем шаардан келди. Тапшырмаларымды аткарып атсам, уйлор эмнеге чачылган деп мени урушту. Таенем уйду анда-санда бир жыйнайт. Таятам мени кичинекей коргондой, коп жумшабайт. Мени уйду шыпыр деп деле бироо-жарым айтпаптыр, озум билип деле жыйнабаптырмын. Шаарда мамам уй жыйнап журсо кайдан? Атам дагы катуу соз которуп суйлобогондуктон, мен ото эрке оском. Таекемдин созу катуу тийди, эшикке чыгып шыпыргыны алып келип уйду шыпыра баштадым. Шыпырганды айтайын, шыпыргыны ары-бери сапырам. Таекем жини келгидей эле болду го?
-Алдагы кургак шыпыргы менен шыпырып атканын! Суулабайсынбы! -деп мага бир тийди. Коркконуман журогум кокурогумдон чыгып кетейин деп согуп баштады. Козумо жаш айланып эшикке чуркап чыгып, шыпыргыны кумгандагы суу менен суулап баштадым. Ангыча уйдон таекем чыга калып, мени дагы урушту. Корсо, шыпыргыны антип суулабайт экен. Таекемди жаман коруп калдым. Коркконумду айтпа. Улам уйго кирип келсе эле колдорум титиреп, журоум чыгып кетчудой согот. Кеткенде устумон оор жукту алып салгансып, женилдеп эле калдым. Ошол кундон тартып уйду шыпырып баштадым. Окшошбойт. Корунуктуу жерлерин болсо дагы шыпырам. Эстесем, таенем балким, мынтип шыпыр деп бир ооз корсотуп койгондо, балким туура шыпырганды оной уйронот белем, билбейм.
убакыт оной менен отпойт. Кочодогу кыздар менен ойногону чыга баштадым. Кечинде таенем уйго чакырат. Мамам менен анда-санда суйлошом. Эртеси сабакка барам. Кундор окшош. Андай окшош кундор жылдарга айланып, мен 4-класс болдум. Кичине болсо дагы уй жыйнаганды уйрондум. 4 жыл аралыгында коп болбосо дагы, анча-мынча нерселерге такшалдым. Кой тособуз, отуп кетсе артынан чуркамай. Канчасына жетпей калдым! Таекемден титиреп атып канча уруш жедим. Кочодогу кыздардан "жетим" деген созду уктум. Очокту орттодум. Канат менен урушуп, ад куноолуу болсо дагы, урушту таенемден мен жедим. Бирок, 4унчуну бутуп жатып "Жылдын мыкты лкуучусу" деген кызыл лентаны жалгыз мен алдым. Дилбаяндар сынагына катышып,далай грамоталарды алдым. Канча конкурста ырдадым, бийледим. Анын бирин дагы мамам келип коргон жок. "Сен учун иштеп журом,кызым" деген соз. Мен ага деле конуп буттум. Акыркы жылдарда коп кутпой деле калгам. Ортодон классташтарымдан биринчи болуп кызыл телефондуу болгом. Баары суктанып карап, мектепке алып барган кундору мени тегеректеп калышаар эле. Алар кийбеген кийимдин турун кийип, сумканын турун асындым. Башкысы ал эмес, алар меникиндей телефон менен сумканы самап дурушкондо, мен аларды карап, мамам данымда болушун самаар элем...
ошентип жайкы каникулга чыкканда мамам айылга келип, мени шаарга алып кетти. Менин кубанычымда чек жок эле!
Комментарийлер
Emilia.kg
16 Июн 2020 - 20:29