Жакын санаалаш форумчу айымдын, суранычы боюнча ачылган тема. Автордун отунучу менен аты-жону анонимдуу турдо сакталат. (Мага окуялардын катыштыгы жок)
... Уйбулоодо жалгыз кызмын, кудайым мага башка бир туугандарды ыраа корбоптур, ата-энемдин уулуда менмин, кызыда менмин. Апамдын ден соолугуна байланыштуу башка перзент корбоптур. Бирок, атамды туяксыз калбасын деп , апам озу макул болуп, башкага уйлондуруптур.
Эмнегедир мамилелери келишпегенби,
алты ай жашап ажырашыптыр.
Балалуу болгонго деле улгурушпоптур.
Мен 7-класстан баштап чон энемдин тарбиясын алып чонойдум. Бул аралыкта ата-энем шаарда,андан сон орусияда иштеп журушкон. Эл катары Жогорку Окуу Жайында окуп, 4-курс болгондо туугандардын турмушка чык деген кыстоолорунан тажап, айылыбызда жашаган бир келин себеп болуп анын иниси менен таанышып калдым(эжесинин баласы). Жолдошум менен бир, эки жолу жолугуштук,
ачык айрым ,шайдоот бала экен. Андан сон уйундогулору келип куда тушуп келип, той менен алып кетишти.
Турмуш курганыбызга аран алты кун болгон. Жаны жыл куну, окул атабыз уйуно конокко чакырды. Кайын энем барбай эле койгула дегенинен, менда жолдошума;
-" жаны келин болсом конокко барбай эле койсокбу?"
,- деген созумо шапалак менен жаака чаап жиберди.
-"Атайын сыйлап чакырса барбайм дейсин!"
, деп.
Эмне болуп кеткенине тушунбой эле бозоруп туруп калдым, кандай адамга баш байлап алдым деп. Бул эн алгачкы сокуу эле мен учун. Мындай шапалак эмес, муштумдун, тепкинин даалайын корбодумбу алты жыл ичинде.
Кыздуу болдук, анын артынан дагы кыздуу, анан уулду болдук. Уч баламды удаасынан торогон учун, балдарым жаш, бири ыйлайт, бири кыйнайт дегендей. Кээде уйдогу майда-барат иштерге улгурбой калчумун. Ошол нерсе кайын энеме жакпады корунот, кылдан кыйкым таап, аялын кыбырап жай, кыймылдайт,
дегеле иши бутпойт деп жолдошумду мага тукуруп коет. А жолдошум кызуу кандуу, талдоо, анализдоо дегенди билбейт, жаман соз уктубу , бутту тушундуруп айтканча эле баса калып сабап таштайт. Анан кызганчаактыкда жайы бар, торкунумо кетсем жуз эмес мин ирээт чалат. Капысынан звонокту укпай калсам туугандарыма чейин чалып , каякта, эмне кылып жатат деген суроолору менен тажатат.Журогум тим эле зырпылдайт,
кокус звонок кылганда албай калсам, эми дагы таягын жеймби деген журоксунуу мээмди жейт. Албетте , кызгануу эркек учун закон ченемдуу эле корунуш деп кабыл алабыз. Бирок, эркектин таягын жегенчи, бул нерсени деле закон ченемдуу деп кабыл алабызбы? Ар бир адамдын жакшы, анан жаман сапаты болот, жолдошумдунда жакшы сапаттары толтура,ак конул, берешен, ишенчээк жактары бар.
Акыркы жолку кол которуусу дагыда болсо кайын энемдин тукуруусу менен болгон, алдымда ар дайым кулуп суйлойтда артымдан жолдошума жамандайт. Негизи кайын энем кант диабети менен жабыркап келет,оорунун кесепетинен бир кокурогун кестирип салган, кыскасы оорукчан.
Чон энем уйго барган сайын, оорукчан кишинин конулун ал, оюндагысын аткар, кызматын кыл, иштен адам олбойт деп какшайт. Чон энемдин насаатын жерге таштабай колумдан келишинче кызмат кылам, баарибир жакпайм. Сен кетсен башкасы дегендей мамиле кылат. Акыркы жолу бала тууп койдум, батып калдым деп жатасынбы?Он бала торосонда кызматын отпойт деп кекеткени азыркыга чейин эсимде. Ага кошул-ташыл болуп жолдошумда жундой сабап салды, жамбаш соогум сынып, баш мээм чайпалып ооруканага туштум. Бул нерсе ата-энем учун оорго тушту , жалгыз кызыбыз болсо, токмоктоп жатып мертинтип салса кара козубуз кашаят деп , уч баламды кошуп уйго алып баса беришти. Ал ортодо Оштон бир болмолуу уй алып берип, мен ошол жерде , жашап калдым, мага караан болот деп боломду жаныма алып алгам. Жолдошум кайдан уккан, билбейм уйго келе баштады. Жанылдым,жаздым кечир деп. Балдарымды атасыз калтырбайын деген ойдо кайрадан ошол уйдо жолдошум менен жашай баштадым. Бирок , ата-энеме айтуу кыйынга турду, алар Москвада болчу. Анткени ата-энемдин куйоо баласына, дегеле куда тарабына деген жылуулук очкон. А кайын энем биздин кайрадан чогуу жашообузга эч мумкундук бербеди. Эмне жалдырап барасын, озу жалдырап келет, мурдунун курту тушкондо деп, жолдошумду бизге тук жакындатпай койду. Ал ортодо боюмда болуп калыптыр, мен келесоо жаман оюмда жашап кетебиз деп ойлогом. Жашамак биякта турсун,анын башкага уйлогонун угуп ,устумо муздак суу куйгандай ичиркенип алдым. А боюмдагы бир айлык туйулдукту болсо алдыртып салдым.Жалгыз бой эне учун торт баланы багуу оор деп тушундум, анын устуно апамдарда билбейт. А азыр жасаган абортума ото окуном. Оз наристемди оз эрким менен олумго буйруганымды эстесем, журогум тилинет. Энелик абийирим азыркыга чейин кыйнап келет((.
Ошо менен уч баланы жетим калтырып атабыз башкага баш байлап кетти кетти. А мен улуу кызымды чон энемин жанына калтырып, эки кичинемди алып Москвага ата-энемдин жанына келдим. Балдарымды тай эжем багат, озум ата-энемдин жанында иштейм.
- (5 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Сынган чыныны бүтөсөң жарака калат, а бузулган уячы ... ? Ажырашуу, жарашуу, үй-бүлөнүн күңгөй, тескейи...
#1 31 Март 2014 - 19:16
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#2 31 Март 2014 - 19:55
Ардактуу форумчулар сабыр сактап турушунарды отуном. Улантканга чейин ...
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#3 31 Март 2014 - 20:11
Уфф ушундай турмуштарды окуп турмушка да чыккым келбейт. Менин да жашоом ушундай болуп калсачы деп кооптоном. Жакшы карманыбыздын ата-энеси бар экен. А мендечи? Турмуш, турмуш........
Жалгызмын дебейм беруучум АЛЛАХ,
Сыркадым дебейм эмдоочум АЛЛАХ.
Кыйналдым дебейм сыноочум АЛЛАХ,
Досум жок дебейм сырдашчум АЛЛАХ.
[color="#FF0000" ][/color] นн ωฉ A∫l∫lฉx бฉρน жฉkç๖l бо∫lฉд๖l..
Сыркадым дебейм эмдоочум АЛЛАХ.
Кыйналдым дебейм сыноочум АЛЛАХ,
Досум жок дебейм сырдашчум АЛЛАХ.
[color="#FF0000" ][/color] นн ωฉ A∫l∫lฉx бฉρน жฉkç๖l бо∫lฉд๖l..
#4 31 Март 2014 - 20:18
Апаныз атанызга экинчи аял алууга уруксат бергенине караганда тушунуктуу адам окшойт. Ал эми сиздин аборт кылганынызды окунуп кейигениниз жакшы, сиздин чыдамдуу жана уяттуу экенинизден кабар берип турат. Эми эн негизгиси балдарынызды жакшы тарбиялап чонойтунуз,
анан жалгыз бой жургонунуз туура эмес, эгерде конулунуз болсо жолдошунуз менен жарашып алын, кайненениздин создоруно маани берип кереги жок, каарыган киши да же болбосо жакшы адамды жолуктурсаныз аны менен баш кошуп алыныз. Москвалап жалгыз жашоого конуп калсаныз туура эмес болуп калышы мумкун.
Сабырдуулук берсин баарыбызга Аллахым!
#5 31 Март 2014 - 20:34
Сиздин ордунузга озумду коюп жаман болдум.Куйоонуз сизди ойлобосо да,балдарын ойлосо болмок.Коп учурда кайненелер да туура кылып жатам деп,кээде ушундай жыйынтыкка алып келет.Сабырдуу болунуз,сабырдын тубу сары алтын!
#6 31 Март 2014 - 20:53
Азыркы учурда жолдошумдун экинчи турмушунан бир баласы бар. А жубайынында (кундошум) биринчи турмушу ойдогудай болбой ажырашкан, эки баласын кайын тарабы бербей коюшуптур. Азыркы тапта аялынын шаарда уйу бар экен, ошол жакта жашашат. Уйундо жанжал болуп, казан - аяк кагышканда жолдошум айылга уйуно баса берет экенда, кайра эле коп убакыт отпой жарашып алышат экен.
Улуу кызым чон энемде айылда калган дебедимби, мага айтпай кайын энем келсе кызымды чон энем атасына жонотуптур. Кантседа атасы эмеспи, "-Апам менен жарашыныз бирге жашайлычы, иним менен синдимди алып келип!" -деп атасын кучактап боздоп ыйлап, атасын кошо ыйлатыптыр. Жанында тургандардын баарынын муун-жунун бошотуптур, кызым азыр болгону жетиде. Бир чети кызымдын создорун угуп журогум эзилсе ,бир чети кайын энемдин соокко жеткире, жекире урушканы ачуумду келтирет. -Бала тороп батып калдым деп, ойлобо. Он бала туусанда батпайсын! ,-дегени. Анан менден сурабай эмне барасын деп,телефондо айтканым, байкуш кызыма оор тийгенби, уйдон таарынып кетип калыптыр. Туну иттерден коркуп, кайрадан уйго кире албай забордун астында ыйлап олтурган жеринен синдим таап, келиптир. Ага чейин аябай издеп, дурболонго тушушуптур. Чон энем аябай тилдеди, "-баланы неге тыясын барба деп, кантседа атасыго!" ,деп. Сыртымдан сыр бербегеним менен ичимден кан отуп, заманам куурулду. Уйбулоонун урашы жубайларданда ортодогу бала кобуроок жабыр тартатаарын сездим. Анын устуно, мектепте классташ кызы менен чырдаша кеткен экен ;"- Сен жетимсин! Сенин ата-энен жок, тай энендин уйундо жашайсын! ",-деген кемсинтууну угуптур. Уйго ыйлап келип,"-жетим деген эмне?Мени досторум жетим деп жатат!" ,-ыйлаганда байкуш чон энем кошо оксугонун угуп, дагы бир ирээт ичим эншерилди. Атасы бар жер устундо басып журот. Апасыда бар, турмуштун оош-кыйышы наристемди аты жаман "тируулой жетим" деген статусту ыйгарганы мен учун чон сокку болду(( . Апам менен суйлошуп калса "Тай эне апама айтынызчы атам менен жашасын, сизди угатго !",-деп,ыйлам сырайт экен. Ага кошул ташыл жолдошумда чон энемдин кулак кужурун койбой, бизди жараштырып коюнуз деп тынчын алып жаткан кези. Эми гана журок жарасы бутолуп келе жатканда, кызымдын кутулбогон сунушу мени энги-денги кылып жаткан кез. Макул жарашсам, тиги аялынын баласычы, алда тируу жетим деген создорду угуп, оксук болуп чоноебу? Уч баланы карабай башкага кеткен жолдошума кайрадан кантип ишенич артам, кайра эле мурунку адаттарын жасасачы? Ал уйлонгондо журогумдогу суйуу очкон, эч кандай сезим жок. Бузулган уябызды тикелегенге менде куч жетеби? Мурункудай жашоомду улап кете аламбы? Же артка кайтуумдун кереги жокпу,а балдарымчы атасыз оксук болушабы? Ушундай ойлор журогумду эзип бутту, сиздерден жакшы кенештерди кутуп калам. Балким туура кенешиниздер кийиники жашоомо стимул болоор.

#7 31 Март 2014 - 21:16
Тагдырыныз оор экен эмне дешти да билбей калдым,жараш дейн десем берки курган аялычы.Кайэнениз туура эмес кылыптыр кантип 3баланы кыйды экен.Эгер кайэнениз да кылганына окунуп жарашуунарды колдосо жарашсанар да болот.Ушу балдарды деп баарына чыдап жашайбызда биз аялдар,мындай проблемалар баарыбызда бар.
#8 31 Март 2014 - 21:22
Эжеке мен сизге жарашпаныз деп кенеш бермекмин. Убагында аталык милдеттин аткаралбаган,
туруктуу жолдош боло албаган адам эми эле сиздерге мээримин чачалат дейсизби? Уйронгон адат олгондо калат дейт жарашсаныз дагы эле ур токмок жашоо башталат. Кызыныз азыр кичинекей экен чонойсо баарын тушунот. Коп эле энелер атасыз эле балдарын чонойтуп жатпайбы. Сиз деле уул-кыздарынызга аталык да энелик да мээримди бераласыз деп ишенем. Себеби энелерибиз балдары учун баарына даяр. Эже бул да бир сыноо. Бираз чыдап койсонуз сиз куткон бактылуу кундор да келет. Уул кыздарыныздын бактына аман болунуз.
Жалгызмын дебейм беруучум АЛЛАХ,
Сыркадым дебейм эмдоочум АЛЛАХ.
Кыйналдым дебейм сыноочум АЛЛАХ,
Досум жок дебейм сырдашчум АЛЛАХ.
[color="#FF0000" ][/color] นн ωฉ A∫l∫lฉx бฉρน жฉkç๖l бо∫lฉд๖l..
Сыркадым дебейм эмдоочум АЛЛАХ.
Кыйналдым дебейм сыноочум АЛЛАХ,
Досум жок дебейм сырдашчум АЛЛАХ.
[color="#FF0000" ][/color] นн ωฉ A∫l∫lฉx бฉρน жฉkç๖l бо∫lฉд๖l..
#9 31 Март 2014 - 21:22

#10 31 Март 2014 - 21:53
3 бала тороп батып калдым дебе, он бала торосонда баткырбайм деген кайненелер бар экенин билчумун, ушинтип бироо да бир уй булоону бузган. Катаныз жолдошунуз менен жолуканда кеткен, айылда бизде ушундай бир женен, бир кошунан, бир эжен, бир аяш энен ар кимди таап келип жолугуп кор жакшы жер бла,бла дей берип куйдурушот.
Ар бир адамдын конулу,кыялы,
максаты, тилегени бар экенин билишсе. Айылдагы бир келиндин эжесинин баласыга ошо келин тааныштырган анын эч нерсесин билбей тийгенсиз,ошондо ойлонуш керек эле. Эми болсо мен жарашпай эле койун демекмин,кызыныз азыр кичине билбейт бирок чоноюп сизди тушунот деп ойлойм. Кайненениз жашатпайт баары бир силерди, жарашпай эле коюн, бул кундор отуп кетет чыдасаныз.
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#11 31 Март 2014 - 21:53

#12 31 Март 2014 - 21:55
.
Билдирүүнү түзөткөн: shazi: 31 Март 2014 - 22:32
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#13 31 Март 2014 - 22:24
Саламатсызбы автор, теманын окурмандары.
Билбейм, сиздер кандай ойлойсуздар а мен муну эненин баласын кызганганы деп кабыл алам. Менин уй булоом да ушул маселелерден ойрон б.н. Кайненелерге тан калам ажыраштырып алып не кылышат андан коро Гулала болсо да тамагы даяр, кири жуулган, уйу таза отура беришпейби неберелерин эркелетип. Менимче сиздин кайнениз баласын эле эмес уй оокатын да кызганса керек. Бир чети аларды да тушунсо болот. Бардыгын оздору аткарып журуп эле бош отуруп калуу кыйын б.со керек. Сизге мындай кенеш берет элем. Биздин кенешибизди угунуз, бирок журогунуз м.н чечим чыгарыныз. Жарашкан куну куйоонуз сизден ун чыккан куну кундошунузго жугуруп турса кантесиз. Дагы торосонуз, анда да ушул адаты кармасачы. Бир жолу ууру кылган адам 2чи жолу созсуз ууру кылат. Менимче бардык кучунузду, эркинизди жыйнап алдыга карай ишенимдуу кадам таштаныз. Кызынызды озунузго алыныз. Негизи кызга эне мээрими озгочо керек.
#14 31 Март 2014 - 22:51
Мен жарашыныз деп пикир бермекмин. Себеби озунуз айтып жатасыз балдарым, атасы болуп бирге жашайлы деп кучакташып ыйлашыптыр д. Кудай Тааланын АРШЫ (тактысы) эки нерсе м.н титирейт ошонун 1-жетимдин ыйлаганы. 2-уй булоо ажырашып ортосуна талак тушкондо. Сиз айтып жатас куйоомдун жакшы жактары да бар деп. Ошол жакшы жактарын эске алып уй булонузду бекем сактаныз . Уйбуло куруу оной , аны сактап калуу кыйын. Анын аялы бар дейсиз азыр копчулугундо комускодо аялдары бар, бир эле сиз эмес. Аялдарда кызганыч бул канында бар, аны жок кылыш ото кыйын. Ушул кызганычтын себебинен аялдарды Кудай Таала бейишке киргизет. Ким куйоосуно экинчи аял алып берсе ага ЖАННАТ ваажип болот,мындайча айтканда созсуз кирет. Ал жагында ойлоп корунуз. Эмне ажырашсаныз куйоонузго бир катын, а сизге бир куйоо. Ошол эле касета кайра айланат да. А кайненеге келсек келин м.н бул мурдатан болуп келген акыйнек айтыш. Азыр эле пайда болгон жок. А аялына келсек аны м.н жашоосу жакшы эмес окшойт келеберсе . Сиз жакшы талаптарды койунуз да дагы бир жолу арекет кылып корунуз андан кийин озунуз билесиз себеби бир эмес уч бала бар ортонордо!
Мен оз пикиримди айттым менден да акылдуу, илимдуу даанышман, форумчулар бар ошолордун да пикирин жакшылап угуп анан жакшы жыйынтык чыгарасыз деп ишенем!
#15 31 Март 2014 - 23:01
Окуп жатып кадимкидей козумдон жаш акты. Журогум тилинип кетти го. Эмнеге ушундай тагдырлар коп. Ата-эне ажырашса ортодо балага эле кыйын болот экен. Кызынын акыбалын абдан жакшы тушунуп турам. Убагында ошол созду мен да угуп, жан дуйноп эншерилип, дунуйом тарыганы коз алдыма тартыла тушту. Мен да дал ушундай 7 жашымда "тируу жетим" деген атты мойнума таккан элем. Бирок бир да жолу жарашууну отунбогом. Ич-ичимден каалап турсам да суранбагам.
Ал калоом кыял бойдон гана кала берди. Апамдын коргон азаптарынан улам мындай отунучту суроонун озу акмакчылык эле мен учун. Озумдун жашоомду баяндап жибердим го
. Кечирим сурайм. Тема боюнча жарашпаганыныз эле он го дейм. Кызыныз азыр жаш, анан тигиндей создорду уккандыктан гана айтып жатат. Бирок балага ата мээрими керек денизчи. Анткен менен бир омур жашоонуздун азапта отушун да бир ирет ойлонуп корунуз. Уйронгон адат калышы мумкун эмес. Эх, балдарынызды ойлосом жарашып алуунузду каалап жатам. Бирок озунузчу?
![:tongue:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/tongue.gif)
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#16 31 Март 2014 - 23:16
Uwundailardy okup turmuwka da chykkym kelbei ketet.
Ejeke sizge jarawpanyz demekmin. Baldarynyzda oilop jatasyz tuwunom birok ui buloodogu uruw talaw baldardyn psihikasyna ters taasirun tiigizet.
Urup jurup sizdi maiyp kylyp koiso ubalynyz kimge.
Jarawpanyz!!! !!!

#17 31 Март 2014 - 23:43
Азыркы учурда автор эки анжы ойдо жарашайын дейт, откон жашоосун эстесе артка кайткысы келбей тушалат. Жарашпайын дейт, кызынын создору чучука жетип азапка малынат. Кыскасы эки анжы ойдо. Бирок, таптакыр конулум жок, жарашкан кундода жылуу мамиле кылаламбы, кайненем менен жаман-жакшы айтышып жаагым ачылып сыйдан кетебизби деп кооптонот. Кыскасы жылуу созго,туура кенешке муктаж болуп турган чагы.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#19 31 Март 2014 - 23:50
мен сизге жарашпай коюшунузду суранам .эркек адам чечкимдуу болушу керек .жакшы эркек апасынын созу менен болбостон озунун коз карашы менен уй було кутот.апасы го жакшына суйлошуп тушундуруп чечиш керек эле 3баланын атасы болгондон кийин.баарынан да урганы жаман экен андай эркектин эмне кереги бар сизге ойлонуп корсонуз .демек ал сизди сыйлабайт эч качан .жарашсаныз омур бою таяк жеп отосуз .балдарыныз чонойгондо сизди тушунуп алышат.бала эле эмес сиз озунуз учун да жашашыныз керек .дагы сабап сизди оорукчан кылып койсо эмне кыласыз.лучще белди бекем туйуп балдарвнызды бага бериниз .сизге куч кубат берсин тиги эркекти унутуп коюшунузду суранам
#20 01 Апрель 2014 - 00:07
Momun-jigit (31 Март 2014 - 22:51) жазган:
Мен жарашыныз деп пикир бермекмин. Себеби озунуз айтып жатасыз балдарым, атасы болуп бирге жашайлы деп кучакташып ыйлашыптыр д. Кудай Тааланын АРШЫ (тактысы) эки нерсе м.н титирейт ошонун 1-жетимдин ыйлаганы. 2-уй булоо ажырашып ортосуна талак тушкондо. Сиз айтып жатас куйоомдун жакшы жактары да бар деп. Ошол жакшы жактарын эске алып уй булонузду бекем сактаныз . Уйбуло куруу оной , аны сактап калуу кыйын. Анын аялы бар дейсиз азыр копчулугундо комускодо аялдары бар, бир эле сиз эмес. Аялдарда кызганыч бул канында бар, аны жок кылыш ото кыйын. Ушул кызганычтын себебинен аялдарды Кудай Таала бейишке киргизет. Ким куйоосуно экинчи аял алып берсе ага ЖАННАТ ваажип болот,мындайча айтканда созсуз кирет. Ал жагында ойлоп корунуз. Эмне ажырашсаныз куйоонузго бир катын, а сизге бир куйоо. Ошол эле касета кайра айланат да. А кайненеге келсек келин м.н бул мурдатан болуп келген акыйнек айтыш. Азыр эле пайда болгон жок. А аялына келсек аны м.н жашоосу жакшы эмес окшойт келеберсе . Сиз жакшы талаптарды койунуз да дагы бир жолу арекет кылып корунуз андан кийин озунуз билесиз себеби бир эмес уч бала бар ортонордо!
Мен оз пикиримди айттым менден да акылдуу, илимдуу даанышман, форумчулар бар ошолордун да пикирин жакшылап угуп анан жакшы жыйынтык чыгарасыз деп ишенем!
Менда сиздин пикиринизди колдойм. Дагы бир жолу, жана акыркы жолу шанс берип корсо кантет. Уч баланын кадыры учун. Мурдунун курту тушкондо озу келет деп, уулун жараштырбай койгон кайын эне, азыркы тапта озунун мурдунун курту тушуп, текеберчиликтен кайтып, кун алыс небересин корууго келип жаткан кези экен, жараштыралы деп.
Эгер жарашпады дейли, мейли турмушка чыксын а балдарчы, алар огой атага кантип имерилет, айрыкча чон кызы. Огой ата оз атадай мээрим бере алабы? Огойдун созун угузбайм деп балдарын торкунуно таштаса, ал жерде тууган уруктун келин-кесеги бар, аларданда басынтуулар болсочу? Уч баланы таштап башка турмуш баштаса, эне байкуштун журогу кантип тутот, балдарым эмне болдукен, жаман соз ,жаман коздон чунчубой эле журушобу деп, ичкени ирим,жегени желим болотго. Таптакыр эле турмушка чыкпай так отом дейттир, бирок жалгыз бой эне учун уч баланы багып, чонойтуп оз тууруна кондуруу ото оор азыркы заманда.
Ошондуктан, автор дагы бир жолу жолдошунузга шанс берип корунуз ,бирок эн акыркысы болсун. Талапты катуу коюнуз, бир эле жолку жаза тайып, туура эмес баскан кадамын менен уйбулоонду туболукко жоготосун, балдардын тырмагында корсотпойм. Тиги алган аялына барып жашай бересин , куч куйоо болуп деп,корунуз. Кудайым мен кечиримдуу болуп, пенделердин бардык куноосун кечирем, а пендем эмнеге кечирбейт, менденда кыйын болуп кекетиптирби деп, каарданат дейт . Демек ,балдарыныз учун, анан кудай учун кечирип корунуз. А эгер, кайра эле ошол кылыктар кайталанса ,андан аркы чечимди чечкиндуу турдо кабыл алып,балдарынызды алып кете бересиз. Калганы бешененизге жазган жазыктан коросуз ...
Балким оз алдынарча болунуп жашап короорсунор, ошондо женил болобу? Же жашайм десен кызымды кошо алып бул жака кел деп корунуз,мен бара албайм деп, анын устуно кызынызгада жайкы каникул келип калат экен. Ошол уч ай аралыгында баары чечилет болуш керек, менимче. Алыс жерде бирге басып,бирге туруп, иштеп бутка турупда аласынарбы деймда кудай насип этип, никенердин туболугу туз болгон болсо.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
- (5 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »