Жашоомдун экинчи жазы
#1 13 Июль 2024 - 11:37
Салам достор.Ар бир кунумду кундолук сыяктуу жазып кетер экенмин дайыма озум жонундо ойлоном,кечээким кандай эле,бугунум кандай жана эртеним кандай болот деген ойлор мени дайыма жандап журот. Адам баласы дайыма ойлонобуз,пикир алышабыз,баарлашабыз айтор ичибиздегини сыртка чыгарып турабыз,кээ бири сырын кимдир бироого айтса,кээ бири ичине салат,менимче мындай адамдардын айтчу жакыны жок,же эч кимге ишенбейт,ошондуктан ичине сактайт. Мен бул типтин экинчи туруно кирем,эч кимге айта албайм,анан ишенбейм . Ошондуктан дайыма колумда кундолук жанан ручка,кайда болмоюн жанымда кошо журот,бир нерселерди чиймелей жазып жургонум жургон,бул нерсе тээ балалыктан келе жаткан адат болуп калган. Коп ойлоном,кыялданам, келечекке болгон умутум,максаттарым коп,тынбай аракет кылгым келет,изденгим келет,озумун кемчиликтерим жана каталарым устундо тынбай иштегим келет. Окуу жайдын студентимин, копчулуко жакшы аралашып кете албайм,тартынчаактык мунозум буга таптакыр жол бербейт,оюмду толук айта албай комускодо кала берем. Кээде билип турган нерсеми айта албай кыйнала берем,бул озумо да жакпайт,кыздар келип эле бири бири менен таанышып,бат эле достошуп жакын болуп кетишти,мен дагы деле жанагы кундолук ручкам мн калып кеттим. Басымдуу болук кыздар,сабактарыбыз кундон кунго ары кызыктуу, ары жанылануу менен жаны чойро,жаны атмосфера менен отуп жатты. Бирок эмнегедир жанагы сыртта тарсылдап жургон кыздар сабакта тилин жутуп алгандай эле жоош болуп калышты,ошентип конбогонго айла жок кунумдук создорду суйлошуп отуруп аралашып кеттим,ото жакын болбосо да бир эки дос кыз арттырдым. Сабак конулдуу боло баштады,сабака келсем кыздар менен суйлошом,чогуу туштонобуз, ошентип кундор сонун ото баштады,бир айда окуган,окубагандар болуп иргелип,электен отуп калдык,мектептен эле активист болчум,бул жактан деле алдынкылардан болчум,бирок коомчулукка чыкканда дале баягындай,тартынам, сурдойм,уялам…Эч арыла албай койдум,уйго барып кадимкидей машыкчумун, озум менен озум суйлошчумун. Ошентип студенттик кундорубуз акырындап ото баштады. Кыздардан кээде болунуп бир жерге барып отурар элем,эстесем азыр да козумо жыпжылуу учурайт,жагат эмнегедир ошол жер. Менин жакшы коргон орунум,кыздар таппай калса ошол жерге келишчу. Бул жерде мен кобунчо ыр жазчумун. Уй булообуздо чон чон койгойлор болуп жатат,дайыма ойлуу журчумун. Биз карапайым уй булоодо чоноюп,остук элдин алды же арты болбодук,эл кийгенди кийип,ичип бой жеттик. Бир жыл мурун агам менен байланыштуу чон кырсык болду,эки адамдын омурун алган каргашалуу кун болду…
#2 13 Июль 2024 - 11:45
Ыйладык,
тиги адамдардын уй булоосу бизди корорго козу жок,а тугул силерди да дал ошондой олтуробуз деп коркутуп,уйго чейин келген кундору болду,ата энем агамды бошотуу учун алардан арызын алуусун отунгондо алар аябай жинденишти,
алардыкы деле туура да… Эми анткенибиз менен баары кокустук,ошентип ойлосок оюбузга,уктасак тушубузго кирбей турган кутуусуз иштер болуп кетти,андайда тууган,тааныштар деле жуз буруп калышат экен. Уйдогу бар мал мулкубузду саттык,машинебизди,
агаларыма алынган жерлерди айтор эмне болсо баарын саттык,кошуналардан алдык,уйубузду куроого коюп кредит алдык. Карызга аябай кирип кеттик. Уйдо эч нерсебиз калбаган учурлар болду,апам кундо ыйлай берип оорусу кучоп,тундолору отуруп чыкчу,уктачу эмес.Эне деген ушундай асылзат экен,туну менен кудайдан суранып,жалынып жалбарып ыйлап дуба окуп чыкчу…
#3 13 Июль 2024 - 12:20
Бейишим апам, биздин бар байлыгыбыз… Ошондой кыйын учурга туш келди студенттик кундорум,окуудан чыгып же окубай эле иштеп сиздерге жардам берем десем апамдар тук конбой каршы болуп туруп алышты. Карызга белчебизден эмес,моюнубузга чейин батып кеттик нан алганы же апам ооруганда дарыга акчабыз калбаган кундорду откордук башыбыздан,
4 же 5 жолку соттук териштируунун натыйжасынан кийин аран агамды чыгарууга жетиштик,7 жылдык уй камагына чыгарышты,суйунучубузго чек жок,уйго келгенде апам экообуз шолоктоп эле ишене албай кучакташып ыйлай бердик,ал учурда канча карызыбыз бар баары бир болуп калды,суйунучубуз чексиз. Аллахыма мин шугурлор болсун… Бирок тируунун тиричилиги токтоп калбайт да,эми карыздардан мумкун болушунча кутулуу керек. Бир куну мерт кеткен кишинин чон баласы уйго келип тополон кылып кетти,албетте аларды да тушунобуз,бирок апам кыжаалат болгонунан дагы оорусу кармап ооруп,кыйналып калды. Ал аке баланызды же кызынызды олтуруп кетем деп бычак которуп келген кундору эки уч ирет кайталанды.
Апам коркуп мени таэжемдикине кийимдерим менен кошо салып жиберди,агамы болсо алысыраак туугандарыбызга жардам бересин,ошол жакта иштейсин деп жонотту,ал агам чет жакка чыга албайт ошондуктан бул жактан иштоого туура келди. Карыздарды сурап адамдар тынбай келе башташты, апам чет жакка иштегени кетти,ошентип бир уй булоо чачырап ар кимибиз оз озубузчо тиричилик кылып баштадык. Агам чогуп кетти,уктабайт экен,арыктагандан арыктап баратты. Санаа тартып байкуш апам ооруса да айла жоктон кетти,мен калдым коз жашымды колдотуп,таэжемдикинде аябай ынгайсыз болчумун,сабактан келип эле уйлорун жыйып,тамак кылып журчумун озумду ынгайсыз сезип,бирок жездебиз басып турганыма чейин кирише берчу,угузуп деле айтчу,айтор алардыкына кочуп келгеним ага жаккан жок,кетсин дегенсип журду,таэжем бир куну базарга чыгышымы айтты,баскан турганына ,чайына чыгып калат деп,суйунгонумон кучактап эки бетинен ооп жибердим,аябай кубандым,ананчы кимден акча сурашты билбейм,окууда болсо таптакыр туштонбойм,
контракт толо деп шаштырып жатканда ырас эле болбодубу… Аябай суйундум,ошентип иштеп сабакты да ошол жактан даярдачумун,
чын эле баскан турганыма жетчу, бирок контрактка топтой алган жокмун… Агам болсо иштеп конуп калыптыр,а тугул ото сонун оздоштуруп алыптыр,кесиби да ошол тармака жакын эмеспи…
#4 13 Июль 2024 - 12:26
Кундордун биринде окуудан келип дароо базарга бардым,эмнегедир соода кыла албадым,эч нерсе сата алган жокмун. Уйго келсем таэжем жок жездем ачык эле башка жака жашабайсынбы дей баштады,ушул адам менен кантип жашап журот деп коп ойлончумун ,анткени тыйынды санаган ичи тар адам,жек кором. Кыш болчу,таэжем жогунда ошентти,карангы кирип калган,ыйлап эле кийимдеримди жыйнадым,чон сумкага жайгаштырдым.
Кайда барышымды билбейм,бирок суук,кар болчу ойлонбостон чыгып кеттим,кайда барышымы билбейм,анда секелек болчумун,мурда кийин шаарда карангыда журбогом,корктум.
Квартирада жашаган досум бар болчу,чалып айттым,ыйладым… Ал келе бер деп бир даректи берди,мен маршрут менен анын квартирасына бардым,барсам досум жок,башка кыз бар экен,досум болсо бир ресторанда окуудан кийин официантка болуп иштейт экен. Мен эптеп уктадым,тиги кыз болсо мени жактырбай эле журду. Эптеп тошок салып жаттым,же козумо уйку келсечи,ыйлап чумконуп жата бердим,кимге айтышты билбейм,журогум сыгылып жаттым. Апама айта албайм,ал куну саат тунку экиде досум келди,байкуш буту аран кадам басат,чарчаптыр озум жаткан жерге жаткырдым,жатып алып баарын айтып берип ыйладым,ал мени сооротуп уктап калыппыз.
#5 13 Июль 2024 - 12:28
Эрте менен ойгонуп эле сабакка жонодук,мен андан жумуш жонундо сурадым,ал болсо чону менен суйлошуп берем деди,ошентип сабакка кеттим,эртеси таэжем чалыптыр тун ичинде эмнеге кетесин деп болгонун баарын айтып,досумдун уйундо жашап атканымы айтып коштоштум.Ошентип сабактан кийин кафеде иштемей болдум. Озубуз жакта соз айтып жургон бир бала бар болчу… Ошентип ал окууда болсом окууда,квартирага барсам эшиктин алдында турчу,мурда кийин маани бербептирмин,
ошентип бироолордон оз алдынча кооруп журду,мен ага конул болчу деле эмесмин,кайда барсам артымдан калбай ээрчип журо берчу,анын чон агам менен жакшы байланышы бар болчу,ошонун шылтоосу менен жолугам дей берчу.Чынында мен ага коно баштаптырмын,
эн коп жиниме тийгени мага чектоо койгону болчу,бул жака барба,муну кийбе,бул ким деп телге звонок келсе колуман жулуп суйлошо берчу, ошонун айынан мен ага катуу айттым,сен менин жигитим болбогондон кийин эмне эле мага ээ болуп алдын,деп катуу айтып салдым,аябай жиним келди,мага эмне деп басып кеттим.
#6 13 Июль 2024 - 12:33
Ошентип кундор отуп жатты,жанагы ресторанга иштегени келдим,мен учун эн биринчи кезекте окуу болчу,окуудан туштон кийин 3то келчумун,андан сон ишке барчумун,ал жакта тунку 3ко чейин иштечубуз,тойлор 12 жарымда бутсо,биз столдорду жыйнап,бокалдарды жууп,пол жууганча саат учко чамалап калчу. Ошентип иштеп журдум,окуп аттым,баскан турганыма,тамак ашыма жетчу,бирок кыйналдым,жакшы уктабайм,ал жакта тикеден тик туруп иштегенге буттарым ооруп келчумун,чарчап сабактарыман бир аз аксай баштады,мугалимдер да тан калып журушту,эмне мынча сабакты калтырып атасын,мындай эмес элен деп… Айла жок иштен чыга албайм,кысынып журуп контрактка акча жыйнап баштадым,сабакта уйкум келет,ошондой кундор отуп жатты,ар бир паранын ортосу 20 муноттон бошотчу,ошол учурда сабак окучумун,ошондо гана убакыт болчу,тапшырмаларды ошентип аткарып журдум. Бир куну ресторанда бир той болду,мен оз ишимди кылып жургом,бир бала улам карайт,же суйлобойт,аркамдан эле журот,мен да аны бир жерден коргондой болом,бирок таптакыр эстей албай койдум,корсо аяш акем экен,озу айтып калды,мен аяш акен,тааныбай калыпсын, аа деп… Мен унчуккан деле жокмун,оз ишимди аткарып журо бердим. Ошол эле куну акем чалып,иштебешими катуу айтып тыйып койду… Мен макул болдум,бир чети окуум да артта калып аткан,биз иштеп атабыз,тынч окуунду оку деп катуу айтты,мен унчуга алган жокмун. Бирок чогу жашаган кыздардын жигиттери уйго кирип келчу,коркчумун,
ачык эле чогулуп чай ичишчу,4 кыз жашадык,досумдун да жигити келчу. Бир куну айттым,жигитинерди уйго чейин алып келбегилечи,
каалаган убакта келе беришет экен деп,уйго кадимкидей кирип чай ичишет,жиним келгени да ошол, досум да жактырбай сенин жигитин эмне келбей атабы деди,ал менин жигитим эмес дедим,бирок чынында ал да келип журду,эшике чейин. Бирок мен ага эч качан болмого кирууго уруксат берчу эмесмин,келип алганын билчу да эмесмин.
#7 13 Июль 2024 - 12:39
Дайыма кутуусуздон пайда болчу,коп соз айтып журду,мен да коно баштадым. Бара бара тез-тезден чалып,окуума барып алат,кээде квартирага барат. Бирок кагып койчумун,уйго келбегин деп,ар кимден кызгана берчу,ошол сапаты жакчу эмес,жини бат келчу. Жеке жашообуз,уй булоолук жашообуз акырындап озуно келе баштады,карыздарды апамдар акемдер болушуп толоп жатышты,акырындап азайды,Ошентип карыздардан акырындап чыгып,жашообуз жакшырып баратты,апам ооруганына байланыштуу уйго келе турган болду,суйунучумдо чек жок,кубанып апакемди кутуп журдум,энсеген кун келип дароо квартирадан чыгып кеттим,оз уйубуз кандай сонун,аябай сагыныпмын.
Апам да мени сагыныптыр,
кучакташа сырдашып олтурдук,чон атамы авамдын уйунон озубуздун уйго кочуруп келдик,сонун болуп жашай баштадык, акем бизге тез-тезден келип атты, анын боштондукта жургону эле бизге чон бакыт болчу, иштегени аябай чон нерсе эле,жакшы таап баштады, акырындап бутубузга тура баштадык, кызын чоноюп бой жетип калыптыр деп коп жерлерден сурап, ачык айтып келе башташты… А мен андайды оюма да келтирген жокмун, окуу болчу оюм… Чынын айтсам бироону жакшы коруудон деле коркуп калган учурлар болчу. Ошондой кундордун биринде окуп жургон кезде жанагы жигит ала качып кетти, айылдагы жакынкы коншулар кирип, жоолук салышты, калбайм дедим, тийбейм азыр дедим, аны агам дароо угуптур, достору менен келип эч нерсеге карабастан ал уйдон алып чыгып кетти. Жанагы жигит болсо артыбыздан уйго чейин келип кыйла эле уруш болду, мени уйго киргизип апам да урушуп атты, суйлошпой эле койбойсунбу,
жашообузду коруп турбайсынбы деп… Мен шолоктоп ыйлайм, суйлошкон деле эмесмин деп… Кыйлада озумо келдим, туну бою уктай албадым, жанагы болсо телефонумду жарчудай чалат, очуруп салдым,арадан 4-5 кун отуп сабактан келээрим менен дагы кочодон достору менен ала качты, дагы жанагы корунуш… Агам достору, авамдар, чон женемдер болуп дагы жаш бул, азыр кыз бергени шартыбыз жок деп алып кетишти. Конушулардан уялып буттум, бир айыл болгондуктан бат эле угулат… Баланчанын кызын тукунчонун баласы эки жолу ала качкан имиш…Ушунчалык тажадым, окуумда да конулум бир башка жакта болуп эле журдум, учунчусу окуудан эле ала качып кетти. Бул жолу менин тагдырым ушул уйго омур бою байланды, ата энем,агамдар элден намыстанышты,
озум да уялдым. Эмнеси болсо болду, мен калдым…
#8 13 Июль 2024 - 12:47
Ошол куну тан атканча эмнегедир конулум ооруп, козумон жаштар озунчо эле ага берди, туну бою ыйладым, танга жуук молдо келип нике кыйылды, ошентип келин болуп кала бердим. Апам ыйлап-ыйлап кала берди, бактылуу болсон эле ошол жетет мага деп… Агамдар да ошол, бакыт гана каалашты…мен эч кубанган жокмун, балким келечектеги жашоомун кандай болоорун ошондо сезген чыгаармын, ким билет окурман…. Кундор токтоп калбай отуп жатты, акырындык менен келиндик милдеттеримди толук оздоштуро баштадым, мен аябай жаш турмушка чыктым, жолдошум менен тенбиз…Ал да студент, мен дагы… Мен табиятымдан тартынчаакмын,
ботон уйго конушумо коп убакыт керек болду, кыйналдым, чон эшик, кайната-кайнене менен турабыз, бир кайнагам, уч кайнежем бар экен, конок узулбойт, кайненемин мунозу катуураак, кайнатам жакшы киши экен. Убакыт отуп жашоо-шартка коно баштадым, майда барат нерселерди эсепке албаганда баары жакшы болчу башында, бат эле боюма бутуп кыздуу болдук, кош бойлуу убагым аябай оор отту, коп оорудум, каалаганымы жеп-иче албадым…Окуума барчумун келип кызымы карап, уй иштери… туптуура кызым 11 айга толгондо уулум боюмда бар экенин билдим… Окуум да буто калбады, чынында кыйналдым, жудодум… Анысы аз келгенсип куйоом тынбай мышыктан да кызгана берип, мээмди мите курттай жеп, аркамдан катындарча ишиме киришип тажатты, ошол убактары жашоодон тажап калган элем, качып кетким келчу, озумду озум басчумун… Элден намыс кылчумун…уялчумун… Убакыт отуп уулдуу болдук. Окууму ыйлай-сыктай буттум, эки балам удаа торолуп, кичинем ыйлаак, чонум тентек, керээли кечке бироосун коляскага суйроп, бироосун болоп иш кылчумун, 2 кундун бири конок, кайнежемдердин бири кетсе, экинчиси келет. Жон кетпей бироосу суйлонуп кетет, уйдо мал-жан кармайбыз, кыйла эле чунчуп кеттим, жаш башыма ошончо туйшук, куйоомун бир жылуу созу жок, андан конулум калып баратты, эч бир нерсени айта албайм, кийим-кечемди айтсам аран мурдун чуйруп алып берет, кичинем арык алсызыраак,
кобуроок ооруйт,кайненем суйлонот бир баланы уйдо отуруп эптеп бага албайт деп… Озумо эч убакытым жок…Чунчугондон чунчуп бараттым, кээде ыйлайм, мага бул кундор оор болуп баратты, адамга бир аз да болсо эс алуу, тыныгуу керек го…же торкундоп бара албайм, ата энем алыста… Куйоом жеткен киришчээк, жини бат келет,кол которот. Аны ар бир урушкан сайын жек коргондон жек коруп, конулум кирдеп, бир тошоко жаткым келбейт эле, албетте озумо караганы убакытым бар эле, бирок чарчап калчумун, уйдо балдар менен мени ким карамак эле деп журо берчум… Корсо айыбым ошол экен, бироолор менен соц тармактарда суйлошот, биринчи уруштук, жазылып кайра башынан суйлошуп журо бериптир. Ананчы бир эмес, экоону тородум, кайда бармак элем экоо менен… Бул уйго мен ушуга умут артып келгем да, ишенчумун, а мунун бир жакшы ыраазы болгон созу жок, дайыма наалыганы наалыган, шугур дебейт, ар кимге салыштыра берет, конулумду муз кылды, журогумду таш кылды, мен аны кутпой да калгам. Чоочун адам болуп баратты…
#9 13 Июль 2024 - 12:59
Мен сырымды жат адамга айтчу адам эмесмин, бироого жамандабайм,
жашоому айтпайм, баарын ичиме салып журо берем. Ойлоп корсом менде андай сыр айтчу адамдын озу жок экен, апама айта албайм, ансыз да канча туйшук тартты, эми меникин тартсынбы? –жок… Окуном, аябай окуном ушундай адамга омурлук жолумду байлаганыма абдан окуном, ыйлайм, оксуйм, журогум ооруйт, озумо озум боорум ооруйт… Ушундай жашоо кутуп турганын билгенимде мен эч качан бул адамга караанымды да корсотмок эмесмин… Балдар мени бул уйго жипсиз байлап турат, башка кармаган эч нерсе жок…………… Озумду озум ич ичимден жей берчумун, соз которо албай ыйлаак болуп бараттым, мага жылуу соз, жылуу мамиле керек эле, мээрим керек эле, алардын бирин да таппадым. Эч озумду бактылуу сезбедим, кун сайын окунчумун. Кайненемин,
куйоомдун создору бир убакта журогумо тийе берип мен муз боло баштадым. Ошондой жашоо отуп жатты… Балдар чоноюп, бала бакчага бара баштады. Мен озумо кенен убакыт таптым, уй иштерин кылам, сыртка чыгып уй карайм. Баарына жетишем, бирок баары бир бир нерсе таап чыгат куйоо деген… Дагы урушат, болбогон нерседен кызганат, журогумо тийчу создорду айтат. Же башка бироону таап алганбы билбейм, урушубуз токтобостон кайра кобойо берди. Мен арадан убакыт отуп жумушка кирдим, кесибим боюнча, ар кимден кызганып журуп, 3 айда кайра жумуштан чыгарып алды… Мен бир куну уйдо олтуруп соц тармактан бир сайт таптым, ар ким башынан откондорду баяндап жазса боло турган, мен окуй турган баяндар,журок сырлары камтылган озунчо бир дуйно… Эрмегим ошол болуп калды, иштеримди бутурор замат ошол жака жазам, автордук темаларды да жазам, коптогон реалдуу окуяларды баяндайм, акырындап окурмандарым кобойуп баратты. Бир куну жумушка чыгам деп катуу эле айттым, кайнатам, кайненеми кондурдум, жеке клиникалардын бирине администратор болуумду, жумушка чакырып атышканын айттым, аран конду, жумуш башында оной корунгону менен озуно жараша кыйынчылыктары бар экен, коллектив жакшы кабыл алышты, эки кундук стажировкадан сон озум иштеп баштадым, баары жакшы болуп баштады, тапканым озумо жетет, эч кимге коз каранды эмесмин, бат эле оздоштурдум.
Уйго барып жумуштарымды кылам, баарына эле жетишип жаттым. Жумушка чыкканга озумду карап, чойро менен болуп алаксып калдым, мурункудай сыгылбайм. Баары ойдогудай эле болуп атты, жашообуз да жаман эмес, кудайга мин шугурлор болсун. Мен болсо жолдошумдан кутуп жургон мамилени качан эле унуткам, ага деген сезим калган жок, ойлогонум балдарыма бактылуу балалык тартуулоо…Жакшы апа болуу, мээрим беруу, жакшылап тарбиялоо, аракет кылып журуп билимимди жогорулатуу учун оз кучум менен университетке оттум. Кубанычымда чек жок....
#11 13 Июль 2024 - 14:42
Мен жогоруда айткан соц тармактан журогумдун ээсин таптым десем болот. Албетте мен баарын тушуном,билем,
баары айдан-ачык корунуп турат,бирок кантейин мен озумду башкара албадым… Ал куну кундогудой жумушта болчумун, менин дарегиме кат келди, бейтааныш адамдан, алгач корктум, жооп бергенден бироо жарым сынатып атабы деп корктум. Жооп бергенден тартындым,бирок эмнегедир жооп бергим келди,жооп бердим. Ал адам башында жакшы, сылык создор менен саламдашты,
мен жанагы сайтка анча-мынча жашоомо таарынып жазгандарым бар болчу, ошолорду кыстара кетиптир, жакшылап окусам, ар бир жазган билдируумду окуп чыктым дейт, суротум да бар болчу, кордум дейт…Азыр да эстеп жылмайып жазып жатам. Суротунду кордум, дегенде дароо суротумо кирип баш бактым, жакшынакай эле суротуму койдум бекен деп… Башында коп деле маани берип жазбадым, кагып койгонсун деп кээде таарынып коет менин жаным. Менин уй булоом, балдарым, жашоо шартым, жумушум, аты-жонум баарын акырындан кызыгып сурай баштады, мен коркконуман атымы, деги баарын алмаштырып башкача кылып айтып койдум. Мумкун бироо жарым сынатып атабы деген ой кетти. Бирок мындай жазганынан чечкиндуу, бир создуу адамдай элес калтырды мага, мен да анын уй булоолук жашоосу жонундо акырындап кызыгып сурай баштадым. Уй булоолуу эки кыздын атасы, кесиби боюнча котормочу экен, жумушу боюнча чет жакта иштейт экен. Жумушта олтурган суротун жонотту, келишимдуу.
Ошентип мага бат-баттан купуя кат жаза баштады, мен да жооп берип аттым, менин жолдошум жонундо сураганда айткым келген жок, аны жамандагым келбеди, баары жакшы болуп баратат, кыскасы мага ашыкча соз жазып, чектен ашпашы учун да жакшы деп айттым. Кундо купуядан бир нече жолу бири-бирибизден кабар алабыз, мен да чынын айтсам кат кутуп калдым андан, копко жазбаса жаман боло тушом, кутуп калдым. Менин жан дуйном мээримге, жакшы созго, жылуу мамилеге ушунчалык зар болчу, кунуго конул калтырчу соз уга берип ушунчалык тажаган элем. 6 жыл жашасам, эн кобу ый менен эле отту го…Бактылуу кундорум балдарым менен гана отуп жатат, ушунчалык кыйналчумун,
жан дуйном кыйналчу, жылуу соз уккум келчу, сырдашкым, суйлошкум келчу, эркелегим келчу… Бирок бири да болгон жок… Ошондой кезде мага чыныгы жакшы коргонум кез келди, кол сунду, конулумо жашоо берди, кайрадан куло баштадым, мен куноо кылганымы билчумун,бирок бактылуу убагымды токтоткум келчу эмес да, канча жолу жазбайын десем да журогум баш ийчу эмес…
#12 13 Июль 2024 - 16:35
Суйлошкум келчу, ал менден бат-баттан кабар алчу, жумушка келсем суйундуруп коп, узун кылып кат жазып, мени кутуп отурчу… Окуп алып ушунчалык бактылуу болчум, ал катта ден соолугум, балдарым, апам деги баарын сурачу…Конулум ушунчалык жылып аны кундон кунго жактырып бараттым, мен деген жаш кыз эмесмин, баарын билип-тушунуп турам, уй булоом бар, токтотоюн дейм, бирок андан айрылгым келбечу, кундон кунго жакын боло сырдашып журдук, менин эн жакыным, досум, сырдашым, кенешчим, насаатчым, боорукерим,
куйумдуум деги койчу ал адамды эмне деп атасам да аздык ылат. Мен женил ойлуулук же башка максатты коздоп аны менен суйлошкон жокмун, менин журогум аны менен суйлошууну энсеп турду, акылым озумо баш ийбей суйлошуубузду улантып бараттык. Биз ар бир темада дал келебиз, кенен суйлошобуз,
керек болсо бир эле созубуздон тушунушобуз,
ушунчалык коз караштарыбыз дал келди, бардык темада ачык-айкын кенен-кесири суйлошобуз,
баарлашабыз,
коп учурда эмес дайыма оюбуз бир жерден чыгат, ошентип отуруп ал мага бир куну сага жолуккум келет, коргум келет, чыныгы жашоодо жолуксак кандай болот деген сындуу создорду жаза баштады, ага чейин мен жолугууну ойлогон эмесмин, ошондон тарта мен да ага тартыла баштадым, мурда жон гана элестетчу болсом, азыр коруп, суйлошкум келе баштады. Кундо суйлошобуз,
кээде мени кызганып калат, мен жумуштагы болгон окуяларды айтып берем, ал угат, кийин ал айтып берет. Бизде эч кандай жасалмалуулук жок, баары чын журоктон чыккан создор, баары чын конулдон жасалган мамилелер,кээде жумушунан кармалып, чогулуштарга кирип кетсе кадимкидей кутом, сагынып,издеп калам…
#13 13 Июль 2024 - 16:41
Жумушка конулдуу келе баштадым, мени куткон адамым бар…Бул бакытымдан кечип кете албайт экенмин, аны ойлобогон кунум, саатым болбой калды. Ар бир кунум шандуу, таттуу отуп жатты, дале отуп жатат мен бактылуумун,
аны менен толук бактымды тапкандаймын,
анын периштедей эки кызын оз кызымдай коро баштадым, суротун коргон сайын элжиреп жакшы кором, кичинекей Алишим экообуздун калыбыз окшош, аны башкача жакшы кором, биз бири бирибиздин балдарыбызды сеники, меники дебейбиз, кызым,балам деп сурашабыз дайыма, жакын да болуп калды бул керемет создор… Суйлошкон кундорубуздо ал мени, мен аны коргубуз келип журду, сурот жонотуп, бири бирибизди видеозвонок аркылуу коруп дагы да жактырып баштадык, ал базар кунду жаман корот, ага кошулуп мен да жаман кором. Себеби ал куну мен ишке келбейм, суйлошо албайбыз. Бир куну ага болгон чындыкты айттым,озуму туура эмес тааныштырганымы моюндадым, кечирим сурадым, мен коркуп турдум, таарынсачы деп, бирок мага эч кандай кыпындай да таарынбады,
себеби ал ушундай адам, журогу таза адам, мени эн туура тушунду, колдоду, рахмат сизге суйуктуум, жаным. Жашы менден улуу, коз карашы курч, алысты коро билген, бир создуу, чечкиндуу мырза, биз аз убакытта бири бирибизди коп жылдар мурда таанышкандай сездик. Арадан кундор отуп жатты,корбосок да сезимдерибиз кундон кунго ашып-ташып,ал мени баарынан кызганып,кээде таарынып калчу,бирок кобунчо мен таарынам,мени «сезимталым» дейт,мен чын эле анын бир созуно,бир коз карашына таарынып калам… Болбосо куйоомдон канча жолу соз угам,баары журогумду тилип отуп,азыр анын создоруно маани да бербей калгам,а бирок мен бул адамга андай кыла албайм,ар бир созун ой элегимден откором,ар бирин озу айтмакчы чукуп чыгам,антпесем конулум ордуна келбейт. Ар бир созу,оюу мен учун манилуу.Кундордун биринде мекенге келмей болду,аябай кубандым,суйундум.
Келген кунун кун санап эсептеп,толкунданып журдум,орозо айында бири бирибизге жакшы тилектерди арнадык,андан коп отпой келе турган куну белгилуу болду. Мен чынында кубандым башында жолдошум жонундо айтпасам,бара-
бара баарын айта баштадым,андан жашырчу сырым калбады,уй булоо,бала тарбиялоо болобу ар бир темада сонун кенештерин берет,кийинчерээк ал дагы келинчеги жонундо айта баштады. Мен баарын угуп отуруп,ал эжеге жиним келди чынын айтсам,бардык шарттарды тузуп берсе,жетиштуу конул бурбаганына жиним келди.
#14 13 Июль 2024 - 17:16
Чынында ал уй булоосу учун камкор,жакшы жолдош,жакшы ата,апам учун жакшы уул…Бардык жагы топ келишет. Башында коп кызганчу эмес,кийинчерээк ачык эле айта баштады,жакшы корушун,кызганам,
ал менен болбочу дей баштады… Мен да кызганчумун аны. Коптон куткон кун келип,ал мекенге келди,ал куну шарт болбой корушо албадык. Мен аны кайсар дейм-чын эле кайсар,айтканын ожорлонуп атып кылат,бир создуу,уч бурчтук дейм-мандайында уч бурчтук чачы бар. Ошентип эркелетем,келген куну, же анын эртесиби чон атабыздын уйуно барып бул кайсарым тамбашыдан тушуп кетиптир,колу ооруп журду байкушум… 2 кундон сон жазды,мен таарынып калгам,бир чети ойлонуп…ушундайында токтотсокпу деп…Бирок сезимдерибиз баш ийбейт экен,жазып калды, «кандайсын жаным деп»-жакшы деп кыска-нуска жооп берип жаттым,чынында таарындым,келгенине 2 кун болду жок деп…Корсо,анда мага сюрприз кылып,айтпастан келе жатыптыр,жаным менин рахмат жашоомо пайда болгонунузга,
келген кунунуз,ал кун журогумдо туболук калса керек. Жолдон жаздыныз,жаным баратам сага деп…Эч озумдо эмесмин,бир башкача сезимдер курчап алган мени,кутуп олтурдум,сурдойм тартынам,уялам… Айтор мурда сезбеген,туйбаган сезимдер алар… Бир убакта эшикти ачып келди,журогум ордунан жылып кете жаздагандай катуу согот,жылуу учураштык,тартындык,
айрыкча мен титиреп аттым,ага атаган белегимди бердим,кабинетте уялып,тартынып жатып… Башка соз айта албайт элем,алсыз элем сиздин жанынызда жаным мен… Жаныныздан туруп эшикти ачайын дегенимде аркамдан келип мени кучактап алдыныз,сизди караганымда оптунуз,башкача сезимдер жан алар,кулагыма сонун создорду айттыныз,сурдоп,
уялганыман эсимден чыгып кетти, «сен жалгызсын,бироосун» деген создорунуз гана эсимде калыптыр жаным,ошентип сурдоп атып биринчи жолугушуубуз да аяктап,бири бирибизди кыялбай жатып аран коштошуп кеттиниз,жолдон суйлошуп кеттик,ал жакта журуп сагынганынызды айтасыз,чаласыз… Мени менен суйлошуу учун бакка суу койгону кунуго чыга берет,машина менен бир жактарга чыгат…Сезип журдум сагынганынызды,
ар бир созунуздо айтат элениз,сагындым,
барам жанына деп,мен да кутуп журдум келишинизди,
ортобузга эч кимди киргизбейличи дейсиз,бир сен жана мен бололу дейсиз.Менин жаным кызганчаак болуп баратты кундон кунго…Бул ким,ал ким сага суйлобосун,
келбесин деп кызганат. Макул жан дейм…
#15 14 Июль 2024 - 00:44
Биздин экинчи жолугушуу,мен отчеттон чыкканда болду,ортобуз алыс,ал мен учун 3 сааттай жол журуп келет,машинасы менен эч ким жок жерге бардык,ал менин жаныма отту,уялып сурдодум,тартындым,
бирок эн сонун сезимдер эле,озуно бекем тартып кучактады,эриндери да ысык,менде болуп корбогондой сезимдер болуп жатты… Жылуу кучагы,жакшы создору,сылык мамилеси менен мен ага арбалып,байланып бараттым. Анын жанында баарын унутам,эч бир проблемам оюма келбейт. Ал айтчу сага колуму тийгизбесем да жон эле карап отурганым мен учун чон нерсе деп… Менде да дал ошондой,жон гана бар экенинизди сезуу мен учун чон нерсе… Мен эч нерсе кутпойт элем андан,коздогон жаман оюм жок,анын уй булоосунон ажырашын,же башка нерсе жок,жок, эч качан андай болушун каалаган жокмун,мен эч нерсе талап кылбай жон гана жакшы кордум. Ал куну да аран гана коштоштук,мени уйго жеткирип кетти… Мен уйго барып аны гана ойлоп калдым,ошол эле учурда эн бактылуу болуп бараттым,кечке оюмда болот,мен аны кенен билип,таанып баштадым,ал да мени ошондой… Биздин мамиле жакшы болуп уланып баратты,кундо суйлошобуз,
ойлобогон убагым жок,ал менен менде баары конулдуу,шандуу отуп жатты,мен чыныгы бактылуулукту сездим,жан дуйномдо жаз,баары гулдогон сонун убак болуп жатты,уйдо канчалык чыр-чатак болсо да анын бир эле созу унутууга жардам болот болчу. Ушунчалык камкор,мен учун баарына даяр,мени аяп турат,кээде урушат,кызганат ушундай сапаттары бар менин суйуктуумдун.
Менин омур жолумда ушул адамдай жолдошум,ар нерседен калкалоочу,
мээрим тогуучу адамым,таянган тоом болушун ушунчалык каалайт элем,бизге жашыбыз да,башкасы да тоскоол болбочу,мен аны менен чыныгы бактылуулук эмне экенин сездим. Ал да мени жакшы корооруно ишенем,толук бойдон ишенем,коздорундо кором,мага болгон бир башкача коз караш,сагынууну кором,сезем,
туям. Дайыма жакшы созун гана айтат,бир создуу,конулумо карап,аяп,коргоп турат,коп нерсени кыжаалат болбо деп айтпайт… Эх,жаным мен сиздин кайсы бир сапатынызды жазайын… Журогумдосуз,
бул аралыкта биз жолугуп журдук,тынбай суйлошобуз,
азыр да жазып отуруп бакытымдан ыйлагым келип турат,мен сиз менен бактылуумун жаным,бактылуумун...
#16 14 Июль 2024 - 01:01
Ар бир жолугушуубуз эсимде,журогумдо,
бизде ушундай мамиле болду,эч бир жасалмалуулук жок,чын дилибиз менен суйдук,кийинки жолугушууда мен аныкы болдум,озумду арнадым. Билем куноо,кечирилгис куноо,бирок мен журогум суйгон адамыма тоскоол болсом да ал нерсе болду… Мен анда бир башкача жылуулук таптым,чындап жакшы кордум,биз бир гана энсегенибиз-
чогуу болуу,бул нерсе ишке ашабы,жокпу белгисиз,билем ал мен учун баарына даяр,алып кетиниз десем бугун алып кетишине толук козум жетет,мен ага ишенем,менин кыйналган кундоруму коруп,жинденип кээде ыйлагысы келип журот,ал мен учун баарына даяр ,мен да ошондой,ичимде эмне болсо,кандай сезим болсо анын баары-сиз. Мага болгон суйуунузду айтып бутпойсуз,эч кимге тенебейсиз мен да дал ошондой жаным… Бара бара мурункудан да жакын боло баштадык,мен аны тоодой кором, ишенем, таянам, сырдашам,жолдошумдай кором,ага эч чек кое албадым,журогумдун баарын ээлеп алды, багындырды,
конулумдун эмне каалап атканын эч айттырбай сезет, ооба,биз ошондой бир коз карашыбыздан бири бирибизди тушунушобуз.
Бактылуу кундорубуз уланып баратат,мен сизди жоготкум келбейт,бири бирибизге соз бердик,кандай кун болсо да таштабайбыз деп,ооба,кээде болот таарынышуу-
кызганычтан гана… Башка бизде себеп жок,бироо караса да кызганат мени жаным,мага сиз менен баары жагымдуу,сизден башканы козум корбойт,кулагым укпайт… Биз коп жолу жолуктук,ар бири эсте калаарлуу,ар бири унутулгус коз ирмемдер,мен чыныгы бактылуумун.
Эгер менин жолдошум,балдарымдын атасы болгонунузда менден бактылуу аял болбосо керек эле, ошондой бактылуу кундорубуз отуп жатты,бири бирибизди сагынабыз,ар бир айдын 23- биз учун демейдегиден башкача кун,сени тапкан кунум дейт,кайсарым бул китепти чыдамсыздык менен кутуп жатат,бол эле бол,тез жаз деп,эхх…жаным,
суйуктуум,ишеничим,
суйуум… Сиз жонундо эч тажабай жазам го мен. Сизде эркектик чыныгы сапатттар бар,бир да жолу келинчегинизди сокпогонсуз,
катуу айтпагансыз,
кол которбогонсуз,
ушул эле баарын далилдеп турат. Мыкты инсансыз,дайыма изденуудо журосуз,уйдон иштейсиз,уй булоонуз учун баарын тузуп койгонсуз,дагы да кыздарымдын келечеги учун жаныныз тынбай иштеп журосуз,сиз кандай сонун адамсыз,ыя? Сиз сонун атасыз,мен сизди терен урматтайм,сыйлайм,
мээнеткечим менин.
#18 14 Июль 2024 - 01:11
Убакыт отуп уйдо майда барат нерселерден улам биздин уй булоодо,сиздерде да чыр боло берди… Мен го конуп калган нерсем,унчукпай тим болом,ансыз да ага бир нерсе деп айтсам,жакшы соз укпашымды жакшы билем. Жакшы кундорубуз отту,отуп жатат… Бир куну базар кун болчу,журогум бир башкача сыгыла берди,корсо суйуктуум менден узап бара жатыптыр,коштошпостон мурдагы жагына бара жатыптыр,мен аябай таарындым,ыйладым,
кантип ушундай кылдыныз деп… Ал эже менен катуу урушуп кетиптир,жашай албайм дейт,ансыз да аларда да баары жакшы эмес,эже коп айтышат,соз кайрыйт… Мен бир аз таарынып,бирок ак жол тилеп,дуа кылып узаттым,ичим туз куйгандай ачышат… Эч нерсе конулумо жакпайт,ал жетип алды,эмнегедир маанайы суз болуп журду,ага айтып атып акыры билдим,жумушу жакшы болбой жатты,иштери журушпой жатыптыр… Ал жакта коп журбой бат эле кайра келип калды,келген куну эн биринчи мага келди,мен аябай кубандым,ал аралыкта суйлошуп журдук,менин ойлонгонум-
биз туура эмес кылып жатканыбыз учун анын иштери аркага кетип жатабы деп коп ойлончу болдум… Бирок биз эч эле айрылгыбыз келбейт,бир саат жок болсом,кашын которуп,кызганып издеп калат жаным менин,жумушта баарынан кызганат,боенбо дейт,жаным десе,мен жанында болгонумда канча кааласан ошончо жасан,мен жокто кимге жасанасын деп таарынат… Эй,мен сизге гана сулуу болгум келет жаным… Бул жакта кайрадан бат баттан жолугабыз,коп суйлошобуз… Ал мага балдарыма паспорт жасашымды айтып журот,куйоомдун кылыктарын угуп аны жек корот,алып кетем дейт. Мен ишенем ,мен кааласам,ооба десем кайсы учур болбосун алып кетет,эч кимге корсотпой алыста бактылуу кылгым келет дейт… Балдарды озумо оной эле имерип алам,эч бир кыйынчылыксыз карайм,шарт тузуп берем дейт,жаным мен буга эч шек санабайм,сиз мен учун баарына даяр экенинизди билем жаным,ишенем…Сиз мен учун баарын кылышынызга мен ишенем,коп ишенем. Мага тороп бер дейт…биз коп жолу жакындадык,
сенден балалуу болгум келет дейт… чынын айтсам мен дагы балалуу болгум келет,сиздей адамдан… дайыма ойлорумда,журогумдо,
конулумдосуз.
Убакыт отуп,мага бир сырды айтып калды,кайним карыз болуптур чон суммада,жолугуп олтурганда айтты,уйго чейин сурап келгендер болуп атыптыр,аябай кыжаалат болдум. Анын озунун да оюу бир жерде болбой жатты,азыр да ошол проблема менен иштеп алыста кыйналып журот. Менин коргоочум бир нерсе болсо дароо сезип калат,айтпашыма койбойт,билип алат… Менин суйуктуум алысты ойлонгон,келечеги бар адам,дароо жолун таап,кайним менен абысыныма билет алып жонотту,карындашын куйоого узатты,кредит алып ото керектуулоруно берди. Иш караштырып кайрадан кетмей болду.Антпесе анча чон сумманы ким толойт… Мен да аябай ойлондум,тамашалап кайнимди чымчышым керек десем,аябай жини келет, андан 5 метр алыстан отосун дейт,жаным десе,менден башка эркектин козуно тике карабайсын дейт,ооба жан сиз эле болунузчу мага,жетет мага ошол…
#19 14 Июль 2024 - 01:27
Жан дуйномдун,конулумдун ээси суйуктуум. Жакшы корушуму билесиз,эн таза сезимдерим менен суйом жаным мен сизди… Экообуздун кыялдарыбыз да окшош,мен анын жанында озумду ээн эркин коем,эч бир кысылбайм,бирок тартынам… Жаным жашоом болуп калдын дейт,менде да ошондой,аны ойлобогон убак болбойт,дайыма оюмда болот… Журогумду мен бир озунузго арнадым,кээде таарнышканда мен катуу соз айтып коем,журогун оорутам… Бирок кайра жарашабыз,биз эми айрыла албайбыз,мен сизден кете албайм жаным… Сиз мага кунуго айтасыз,кет десен да кетпейм,туболук суйом деп,кандай сонун коз ирмемдерди тартуу кыласыз жаным мага… Ооба жан,кетиниз десем да кетпениз,мен сиз жок жашоомду ойлобой,элестетпей калганыма коп болду,эгер билсениз. Толук бактылуумун,
9 айдан ашып баратат,эн бактылуумун жаным,суйуктуум.
Сиз алыстасыз,бирок журогумдосуз.
Кенен суйлошобуз,
коруп суйлошобуз,
мунун баары жетет жан мага,унунузду угам,кором,жагымдуу создорунузду менден эч аябайсыз,биз ушундай бири бирибизсиз тура албай турган даражага жеттик, жакшы кундорду откоруп келе жатабыз,бири бирибизге сезимибиз чын,эч нерсе тоскоол боло албайт сизди жакшы корушумо,жаным сизди мен ушунчалык катуу суйдум да… Кечээ гана куйоом менен болгонумда катуу кызгандыныз,
колдорунуз титиреп,козунузго уйку келбептир… Мен эмне кылайын анан жан…менде башка арга барбы, таарыныштык,
мен сизди катуу таарынттым го сыягы,ооба, катуу соз айттым,кечириниз жаным,кечириниз мени,катуу соз айтып,журогунузду оорутканым учун,ансыз да алыста,суукта кыйналып гана журосуз,токтотолу деп экинчи ирээт конулунузду ооруттум,кечириниз… Сизге кыйын убакта мага болгон кызганычынызды туура эмес тушундум,ыйлагыныз келип суйлодунуз мага,мен озумду ушунчалык жек коруп кеттим жаным,аябай жек кордум,журогунузду ооруттум,жазыла албай эки кундон ашык журдунуз,суйлогунуз келбейт,айтып алып мен озумду коерго жер таппайм,кантип жазам эми сизди деп ойлоно берип жинди боло жаздадым. Мен ошондо дагы бир ирет ишеним арттым,сиз жок менде карангылык гана болот экен жан,тупсуз карангылык болот экен… Кайрадан элдештик,эмне ичип,эмне жегенимди билбейм дединиз,менде да кудум ошондой эле корунуш болуп жатты десем болот жаным,ошондой корунуш… Сагынычтарыбыз эч таркабайт,сага тойбойм дейсиз,менде да ошондой,бат эле сагынышып калабыз. Ошол таарынган убагынызда кыйын учурларыныз эле,мен ондогондун ордуна журогунузду ооруттум,бул жакта чыдап иштеп жургон бир себебим-сенсин деген элениз,мен билип туруп эххх…. Ушундай озумду жек кордум. Ары отуп-бери отуп эптеп сизди жазып алдым, элдешкенибизге экообуз тен аябай суйундук,сенден башкасы катуу соз айтмак турсун башка кылса да конулумо албайм,бирок сен айтканда мен чыдай албайм,конулум,
журогум ооруйт дединиз… Ушул создорунуз журогумду тешип отту жан,мындан кийин андай дебейм,журогунузду оорутпайм. Сизди болсо билем эч качан мени капа кылбайсыз,дайыма конулумо карайсыз,эркелетесиз.
Мага болгон суйуунузго,
сый-урматынызга татыктуу болгум келет жаным.
#20 14 Июль 2024 - 01:32
Азыр алыстасыз,кыздарымды сагынып кыйналып журосуз,баарын сезип турам,бир аз чыдап иштениз жан,баары сизге ишенишет, чон ишеним артышкан сизге,эн чонусуз,ошондуктан милдеттериниз да коп,эже менен дайыма чогу болушунузду каалайм,мен сиздердин уй булоонуздорго жалан гана жакшылык тилейм,андан башка оюм деле жок,сизге жакшы мамиле кылса,созунузду кайрыбаса эле болду. Канча жылдык жубайыныз ага эч кандай жаман оюм жок,болгону сизди сыйласын. Андан кызганам бирок,айла жок,сонун кыздарымдын апасы,сизге аларды белек кылып тартуулаган,
урматын жайына коюнуз,эже менен жакшы болунуз. Сиз эгер билсе сонун жолдошсуз,мыкты атасыз,коомдо оз ордун тапкан кесипкой адиссиз,ар тараптуу келишкен адамсыз,жашоонуз жакшы. Мындан ары да ошондой гана болсун,мен суранганым сизде,уй булоонуздо тынччылык гана окум сурсун,апам торунуздордо сиздердин кызматыныздарды,
сыйыныздарды гана коруп ылайым узак жашасын,сиздей сонун перзентти дуйного алып келген апам дайыма ден соолукта болсун… Кыздарым,периштелерим,
козутайларым журогумдун канынан жаралган асылдарым силердин экоонордун тен келечегинер кен,ырыскынар улук болсун,ден соолугунар болсун,атанар сонун адам,эгер апанарга жетишээрлик конул бурбаса мени кечиргиле… Силер сонун кызсынар,бактылуу балалык доорун суруп,татыктуу тарбия алып жакшы кыздардан болуп осуп,чонойгула жандарым,мен атанарды кандай жакшы корсом,анын жанынан жаралган балдарды ошондой кором,дайыма жадырап жайнап,эч капалык билбей чонойгула,кен келечек силерге кыздарым… Кайним да карыздарынан кутулсун жан эртерээк. Кеп нугун кайрадан озунузго алып келдим жаным,менин жашоомдогу ордунуз ушундай чон,билесиз,
сезесиз. Эми келечегибиз кандай болот белгисиз,мен сизден баш тарткым келбейт жаным,сиз менен калган омурумду сургум келет,чыныгы бактылуу болуп жашагым келет,жаным мен сиздин алдынызда эн бактылуумун,
чыныгы бактылуумун.
Сиздин кыялынызды ишке ашырып,уулдуу кылып кубанткым келет жаным… Дайыма жанымда болунуз,мен сизди башкача кором,башкача суйом,журогумдун эн терен жеринен орун алган мырзамсыз менин суйуктуум,дайыма ден соолукта болунуз,кайда болсонуз да аман болсонуз мага чон нерсе жаным. Дайыма жакшылыгынызды гана тилейм жараткандан… Мен сизди суйом,дайыма эсинизде болсун...
Терен урматтоо менен сезимталыныз…
Терен урматтоо менен сезимталыныз…