”Досума ант”
Сөзү, обону: Сыймык Бейшекеевдики.
Бул ыр таланттуу обончу, маркум досум Таалай Бектургановдун жаркын элесине ыр эстелик.
Көөдө нүмдөн муң арылбай жатты,
Көкүрө к дартым жарылбай жатты.
Убакыт учат зымырап куштай,
Уйкусуз далай таңдар да атты.
Колдон бир келбес иш экен аттиң,
Козголбос жайга сен эми кеттиң.
Чымындай жаның чыркырап кетти,
Чын кеткениң ди мен эми сездим.
Эмне мынча сен эртелеп кеттиң?
Элиңдин бүгүн жүрөгү н эздиң.
Укканда сени ишене албай,
Ушак бул жалган бир кепир дедим.
Арман күн андай болобу, досум,
Ыр бутагына конбодуң досум.
Аталап ыйлап туяк калтырып,
Анан кийин не соолбодуң , досум?!
Арбыбай сенин кадамың, досум,
Арылбай жакшы арааның, досум.
Сыздатып коюп сен учуп кеттиң,
Сагындык сенин карааның , досум.
Артыңдан калган досторуң , досум,
Армандуу коштойт үнүң дү, досум.
Черткенде черди таркатчу, аттиң,
Гитардын кылы үзүлдү , досум.
Арман, ый жүрөк толгойт го, досум,
Өзүң дөй эми болбойт го, досум.
Эрте алып кеткен арадан бөлүп,
Боору таш ажал тойбойт го, досум.
Булактын көзү соолдубу, досум,
Буурчак жаш көзгө толдубу, досум?
Береним бизден бөлүнү п учтуң,
Бейишке жаның кондубу, досум?
Кызарып күнүң баттыбы, досум,
Күкүктө й үнүң каттыбы, досум?
Жалынсак дагы келбейсиң кайра,
Жанатка жаның жаттыбы, досум?
Булутка күнүң баттыбы, досум,
Булбулдай тилиң каттыбы, досум?
Ыйласак укпай сен кетип калдың,
А дүйнө эмне жактыбы, досум?
Туулган жериң Чаткалың , досум,
Турпагын жаздап жатканың , досум.
Адамдын баарын өзүң дөй көрбөй,
Жүрсөң бир болмок сактанып, досум.
Эзилип жүрөк зырп этти, досум,
Ээ кылбай ажал шыр кетти, досум
Буркурап боздоп биз калып калдык,
Ырдалбай канча ыр кетти, досум.
Энеңе кыйын иш болду, досум,
Кандай бир күнгө туш болдуң досум.
Таалайы тайкы Таалайбек досум,
Элиңден кеткен куш болдуң, досум.
Ырларың калды аманат, досум,
Унтулбай ырың ырдалат, досум.
Таалайбек деген атың жүрөктө ,
Түк өчпөс болуп сакталат, досум.
1996-ж., январь айы.
Билдирүүнү түзөткөн: jaja_23: 06 Июнь 2007 - 17:20