Эмне болсо да,чогуу жургон жакшы. Бирок,турмуш кыстаса айла жок макулсун да.
Москвага эркекти жалгыз жиберсе болобу?
#162 19 Октябрь 2015 - 14:01
жибере албайм!Кайда болбосун,чогуу болгум келет...
![:капамын:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/106.gif)
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#163 19 Октябрь 2015 - 14:10
Россияга чогу бара турган шарт болсо,чогу болгону жакшы.Менин досумдун баласы жаш болгондуктан,
аялы аны карап калууга мажбур болуп калды.Ошондуктан озу эле кетти.Мин айтканын менен,кырдаал ошондой болуп калат.
#165 19 Октябрь 2015 - 14:26
Орусияда иштеген
мекендештердин арасында
эч жерде расмий катталбай
түгөйлөшүп жашоо - кеңири
жайылган көрүнүш. Мунун
кесепетинен никесиз
күйөөсүнө эч кандай доомат
коё албай, баласы менен ара
жолдо калган келиндер да аз
эмес.
Москванын көчөсүндө көз
жашын тыя албай турган
Махабат аттуу келин беш ай
мурун Кыргызстанга кеткен
жолдошунун дайынын таппай,
айласы кетип турган кез.
- Бектур, мени угуп жаткан
болсоң, экөөбүздүн ортобузда
кыз бар. Эмнеге мени таштап
кеткениңди билгим келет!
Угуп жатсаң, Москвага
кайтып келип, эмне себептен
ушундай болгонун өзүңдөн
уккум келет... Мага
дайыныңды билдир. Мен чогуу
жашаган жерибизден эч жакка
көчкөн жокмун, ошол жерде
эле иштейм...
Махабаттын “үй-бүлө куруп,
үй алып, балалуу болобуз”
деген тилектер менен баш
кошкон күйөөсү беш айлык
боюнда таштап кеткен боюнча
дайынсыз жоголгон.
- Менин Москвага келгениме
бир жыл болгондо
таанышканбыз. Мен иштеген
жерде жүк ташычу. Дос
катары сүйлөшүп жүрдүк,
кийин колумду сурады. Ата-
энеңди жибер десем, “ушул
жерден баш кошуп алалы, анан
баарын бүтүрөбүз” деди. Мен
макул болдум. Молдого барып
нике кыйдыргандан кийин
боюмда болуп калды. Анан
“атам ооруп жатат,
Кыргызстанга бир айга барып
келем” деп кетти. Кийин
кайын энем чалып, баласы
сөйкө салып, кудалашып
койгон кызга үйлөнө турганын
айтты.
Махабат баланы жалгыз бой
бага албайм деп, тааныш
бирөөлөргө бир айлык кызын
берип койгон.
- Кызым аябай ширин. Айла
жок, акча жагынан эч кандай
шартым жок. Ошондуктан
"убактылуу багып бергиле" деп
бирөөлөргө берип жатам.
Атасы болсо, чогуу баксак
гана...
Мыйзамдуу түрдө никеге
туруп, нике күбөлүгүн
албагандыктан же ата-эненин
алдынан өтпөгөндүктөн,
Москвада тапкан күйөөсүнүн
Кыргызстандагы дарегин так
билбей, ара жолдо турган
чагы.
Жоопкерчиликтен качкан
аталар
Орусиядагы мекендештерге
укуктук суроолор боюнча
жардам берип келген Жанна
Сабаева ушул эле маалда
Махабатка окшош дагы бир
келин үйүндө баласын
кучактап отурганын айтат.
Расмий катталбаган никеде
төрөлгөн баласын тааныбай,
ал келиндин күйөөсү
жоопкерчиликтен качып
кеткен.
- “Сен атасы болуп жардам
бересиң" десем, “эже, мага
ишенбесин, мен жардам бере
албайм, төрөтканадан
чыгардым, менин балам
экенине толук ишене албайм.
Колунда бир документи бар
бекен? Никелешүү тууралуу
кагазы дагы жок, сиз мени
коркута албайсыз” деп эле
айтты. Биз эзелтеден каада-
салт сактаган элбиз. Башынан
“биз Москвада жүрсөк да адеп-
ахлакты сактайлы, башкача
мамиледе бололу” деген күндө,
же мыйзамдуу түрдө никеге
турганда бул окуя башкача
болот беле... Москва чоң шаар,
азыр өзүнө нан таппай
жүргөндөр толтура. Биз
колубуздан келишинче жардам
беребиз. Жаңы төрөлгөн
баланын дагы кесири болот.
Баланы ары-бери сүйрөгөнгө
биз мажбур болуп жатабыз .
Көп жылдардан бери кыз-
келиндердин көйгөйлөрү
менен алпурушуп келген
Бурулча Торобекова
Москвадагы айрым жаштар өз
билгениндей жашап ,
ээнбаштыкка көнүп калганын
айтат. Каттоосуз никеден
биринчи кезекте эле кыз-
келиндер азап тартарын
белгилеген Бурулча айым
мындайга кыз-келиндер жол
бербеши керек деген ойдо.
- Биринчиден, бул
билимсиздиктин айынан болуп
жатат. Экинчиден, акыркы
10-15 жылда балдарга тарбия
берилбей калды. Ата-энеге
айтып, кеңешүү деген жок.
“Кой, ата-энеден уруксат
алалы, кийинки жашообуз
кандай болот” деп ойлонуп
коюшпайт. “Москвача жашоо
ушу экен” деп эле жашап
жүрүшөт. Анан биздин
кыздардын акылы жок.
Ошондой окуяларга туш
болгон кыздар менен сүйлөшүп
көрсөң бардыгы макоо. 2-3
барак кагазды тыңыраак
толтуруп жаза алышпайт.
Кыргызстан мусулмандар дин
башкармалыгынын расмий
өкүлү Бакыт Тополоңов
Москвада расмий каттоосуз
нике модага айланганын
жашырбайт. Тополоңов
каалагандай нике кыйып,
акча тапкан молдолор дагы
чыкканын белгилейт.
- Бул жерде нике кыйып, акча
тапкан молдолор да бар. Алар
нике күбөлүгүн деле сурабайт,
ата-энесине деле чалып
уруксатын сурашпайт,
шарттарына көңүл
бурушпайт. Ал эми бизге
келген учурларда биз сөзсүз
ата-энесине чалдырып,
уруксатын алабыз. Мурун
никеге турган-турбаганын,
шарт жана ниеттерин
сурайбыз. Ата-энесине телефон
чалып, уруксатын алуу
никенин шарттарына деле
кирбейт. Бирок ошол Москвада
ойду-келди никеге туруу көп
болгондуктан, биз ошентип
ата-энесине чалганга чейин
мажбур болуп жатабыз .
Диний өкүлдүн айтымында,
жаштардын арасында нике,
үй-бүлө деген түшүнүктөрдүн
баалуулугу жоголуп, ойду-
келди жашап алгандар
көбөйүүдө.
Бурулча Торобекованын
сунушунда коомчулуктагы
мындай терс көрүнүштөрдү
азайтуу үчүн жок дегенде
жаштарды мыйзамдуу никеге
турууга үгүттөөдөн баштоо
керек.
- Кулагына куя берсек
интернетти чукулагандар
дагы окуп, “кой, консульствого
барып үйлөнүп, нике күбөлүгүн
алып алалы” деп ойлонушат.
Биз деле ошол жерден
жакшынакай кылып
батабызды берип, ак жоолугун
салып коёбуз. Биз ошондой
иштерди жүргүзүшүбүз керек.
Көп болсо бир жылга созулат.
Андан кийин баары ошого
көнөт .
Кыргызстандын Москвадагы
элчилигинде расмий түрдө
никеге туруп, нике күбөлүгүн
бир айлык мөөнөттө 45 доллар
акы төлөп алууга болот. Баш
кошууну эңсеген жарандардан
ЗАГСтан никеси жоктугу
тууралуу маалымдама гана
талап кылынат.
мекендештердин арасында
эч жерде расмий катталбай
түгөйлөшүп жашоо - кеңири
жайылган көрүнүш. Мунун
кесепетинен никесиз
күйөөсүнө эч кандай доомат
коё албай, баласы менен ара
жолдо калган келиндер да аз
эмес.
Москванын көчөсүндө көз
жашын тыя албай турган
Махабат аттуу келин беш ай
мурун Кыргызстанга кеткен
жолдошунун дайынын таппай,
айласы кетип турган кез.
- Бектур, мени угуп жаткан
болсоң, экөөбүздүн ортобузда
кыз бар. Эмнеге мени таштап
кеткениңди билгим келет!
Угуп жатсаң, Москвага
кайтып келип, эмне себептен
ушундай болгонун өзүңдөн
уккум келет... Мага
дайыныңды билдир. Мен чогуу
жашаган жерибизден эч жакка
көчкөн жокмун, ошол жерде
эле иштейм...
Махабаттын “үй-бүлө куруп,
үй алып, балалуу болобуз”
деген тилектер менен баш
кошкон күйөөсү беш айлык
боюнда таштап кеткен боюнча
дайынсыз жоголгон.
- Менин Москвага келгениме
бир жыл болгондо
таанышканбыз. Мен иштеген
жерде жүк ташычу. Дос
катары сүйлөшүп жүрдүк,
кийин колумду сурады. Ата-
энеңди жибер десем, “ушул
жерден баш кошуп алалы, анан
баарын бүтүрөбүз” деди. Мен
макул болдум. Молдого барып
нике кыйдыргандан кийин
боюмда болуп калды. Анан
“атам ооруп жатат,
Кыргызстанга бир айга барып
келем” деп кетти. Кийин
кайын энем чалып, баласы
сөйкө салып, кудалашып
койгон кызга үйлөнө турганын
айтты.
Махабат баланы жалгыз бой
бага албайм деп, тааныш
бирөөлөргө бир айлык кызын
берип койгон.
- Кызым аябай ширин. Айла
жок, акча жагынан эч кандай
шартым жок. Ошондуктан
"убактылуу багып бергиле" деп
бирөөлөргө берип жатам.
Атасы болсо, чогуу баксак
гана...
Мыйзамдуу түрдө никеге
туруп, нике күбөлүгүн
албагандыктан же ата-эненин
алдынан өтпөгөндүктөн,
Москвада тапкан күйөөсүнүн
Кыргызстандагы дарегин так
билбей, ара жолдо турган
чагы.
Жоопкерчиликтен качкан
аталар
Орусиядагы мекендештерге
укуктук суроолор боюнча
жардам берип келген Жанна
Сабаева ушул эле маалда
Махабатка окшош дагы бир
келин үйүндө баласын
кучактап отурганын айтат.
Расмий катталбаган никеде
төрөлгөн баласын тааныбай,
ал келиндин күйөөсү
жоопкерчиликтен качып
кеткен.
- “Сен атасы болуп жардам
бересиң" десем, “эже, мага
ишенбесин, мен жардам бере
албайм, төрөтканадан
чыгардым, менин балам
экенине толук ишене албайм.
Колунда бир документи бар
бекен? Никелешүү тууралуу
кагазы дагы жок, сиз мени
коркута албайсыз” деп эле
айтты. Биз эзелтеден каада-
салт сактаган элбиз. Башынан
“биз Москвада жүрсөк да адеп-
ахлакты сактайлы, башкача
мамиледе бололу” деген күндө,
же мыйзамдуу түрдө никеге
турганда бул окуя башкача
болот беле... Москва чоң шаар,
азыр өзүнө нан таппай
жүргөндөр толтура. Биз
колубуздан келишинче жардам
беребиз. Жаңы төрөлгөн
баланын дагы кесири болот.
Баланы ары-бери сүйрөгөнгө
биз мажбур болуп жатабыз .
Көп жылдардан бери кыз-
келиндердин көйгөйлөрү
менен алпурушуп келген
Бурулча Торобекова
Москвадагы айрым жаштар өз
билгениндей жашап ,
ээнбаштыкка көнүп калганын
айтат. Каттоосуз никеден
биринчи кезекте эле кыз-
келиндер азап тартарын
белгилеген Бурулча айым
мындайга кыз-келиндер жол
бербеши керек деген ойдо.
- Биринчиден, бул
билимсиздиктин айынан болуп
жатат. Экинчиден, акыркы
10-15 жылда балдарга тарбия
берилбей калды. Ата-энеге
айтып, кеңешүү деген жок.
“Кой, ата-энеден уруксат
алалы, кийинки жашообуз
кандай болот” деп ойлонуп
коюшпайт. “Москвача жашоо
ушу экен” деп эле жашап
жүрүшөт. Анан биздин
кыздардын акылы жок.
Ошондой окуяларга туш
болгон кыздар менен сүйлөшүп
көрсөң бардыгы макоо. 2-3
барак кагазды тыңыраак
толтуруп жаза алышпайт.
Кыргызстан мусулмандар дин
башкармалыгынын расмий
өкүлү Бакыт Тополоңов
Москвада расмий каттоосуз
нике модага айланганын
жашырбайт. Тополоңов
каалагандай нике кыйып,
акча тапкан молдолор дагы
чыкканын белгилейт.
- Бул жерде нике кыйып, акча
тапкан молдолор да бар. Алар
нике күбөлүгүн деле сурабайт,
ата-энесине деле чалып
уруксатын сурашпайт,
шарттарына көңүл
бурушпайт. Ал эми бизге
келген учурларда биз сөзсүз
ата-энесине чалдырып,
уруксатын алабыз. Мурун
никеге турган-турбаганын,
шарт жана ниеттерин
сурайбыз. Ата-энесине телефон
чалып, уруксатын алуу
никенин шарттарына деле
кирбейт. Бирок ошол Москвада
ойду-келди никеге туруу көп
болгондуктан, биз ошентип
ата-энесине чалганга чейин
мажбур болуп жатабыз .
Диний өкүлдүн айтымында,
жаштардын арасында нике,
үй-бүлө деген түшүнүктөрдүн
баалуулугу жоголуп, ойду-
келди жашап алгандар
көбөйүүдө.
Бурулча Торобекованын
сунушунда коомчулуктагы
мындай терс көрүнүштөрдү
азайтуу үчүн жок дегенде
жаштарды мыйзамдуу никеге
турууга үгүттөөдөн баштоо
керек.
- Кулагына куя берсек
интернетти чукулагандар
дагы окуп, “кой, консульствого
барып үйлөнүп, нике күбөлүгүн
алып алалы” деп ойлонушат.
Биз деле ошол жерден
жакшынакай кылып
батабызды берип, ак жоолугун
салып коёбуз. Биз ошондой
иштерди жүргүзүшүбүз керек.
Көп болсо бир жылга созулат.
Андан кийин баары ошого
көнөт .
Кыргызстандын Москвадагы
элчилигинде расмий түрдө
никеге туруп, нике күбөлүгүн
бир айлык мөөнөттө 45 доллар
акы төлөп алууга болот. Баш
кошууну эңсеген жарандардан
ЗАГСтан никеси жоктугу
тууралуу маалымдама гана
талап кылынат.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#166 19 Октябрь 2015 - 15:45
Уффф жазбагылачы ушундай нерселерди,
сонку Кабарды окусан дагы ушул биякта дагы ушул озу аба жуткандан дагы коркуп калдык
#167 19 Октябрь 2015 - 16:47
Holerik10 (19 Октябрь 2015 - 15:45) жазган:
Уффф жазбагылачы ушундай нерселерди,
сонку Кабарды окусан дагы ушул биякта дагы ушул озу аба жуткандан дагы коркуп калдык
Эмнеге?)))жаза беришсин,элдер билишсин кыныр иштерди,козу ачылсын,сабак алып бироонун кетирген катасынан башкалар адашпай турган болушсун! Сактыкка кордук жок.
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#168 19 Октябрь 2015 - 16:50
Тема боюнча эркекти деле,аялды деле талаага жалгыз жиберуу опурталдуу,
мин эсе ишеним болсо деле пенде ката кетирет,пенде адашат!
Шартка карап жалгыз жибербоонун максималдуу варианттарын издоо керек!
Шартка карап жалгыз жибербоонун максималдуу варианттарын издоо керек!
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#170 19 Октябрь 2015 - 19:09
Эми озунор шартынарга карагыла, келиш зарыл болбосо келбегени деле он го. канткенде деле ар кимдин озуно ынсап берсин
#171 19 Октябрь 2015 - 22:23
Оа ыйман, ынсап берсин аялынада эркегинеда.
Менинда жоллошум азыркы учурда Москвада, мен Кыргызстандамын кичинекей балам менен. Эми жалгыз жибербейин десен турмуш шарт ошого туртуп атса эмне кыла алат элек. Бала менен ал жакта жургонго шарт жок. А эгер кичинекей колунда бала жок болсо анда созсуз чогуу болуш керек. Жалгыз Москвага жонотуп болбойт.
#173 19 Октябрь 2015 - 22:36
Айрымдары "талаачылык же,москвачылык"
деп коюп,тескери жака кете бергендер бар экен. Ынсап бербесе бекер да.
#174 20 Октябрь 2015 - 22:18
Жолдошум Москвада мен балам менен
Кыргызстандамын. Жолдошумун кеткенине 3 ай болот. Артынан бармакмын. Акча салып чакырган а мен пограничных контрольдо чёрный списокто экем. Айла жок Эми. Ар бирибизге ыйман Берсин. Бузулган Адам жанында деле бузулуп кетет.
Кыргызстандамын. Жолдошумун кеткенине 3 ай болот. Артынан бармакмын. Акча салып чакырган а мен пограничных контрольдо чёрный списокто экем. Айла жок Эми. Ар бирибизге ыйман Берсин. Бузулган Адам жанында деле бузулуп кетет.
#175 21 Октябрь 2015 - 03:51
Бир ай мурда досум турмушка чыгып атам свидетель болуп бер дегенинен бардым прокпект мирага. Бир эки эжекелери туруптур эки жагымы карап коем ар жерделе бир кыз бир бала турат жанында молдо ойлогом толгочуго деп корсо нике окутуп атышыптыр. Менин досуму да ошентип эле окуп койуптурго.
Тиги аяшымын бир кызы бар имиш мурдакы аялынан. Кыргызстанда дейт аны м ажырашкам деди. Чынбы же калпбы башым жете бербеди бирок.
..
#177 21 Октябрь 2015 - 20:44
А дейбиз, Б дейбиз Кимдин эмне иш кылып жатканын, эч-кимибиз билбейбиз!
Москвага эмне? Бекер келеби? Иштеп уй булосуно акча салса жакшы эмесби? Же эмне омур бою баланардай кылып уйго алып жатат беленер,? Мына коруп атабыз копчулугу эле бир жакшына иштеп атбайбы! Болгону баардык нерсенин жакшы жагын ойлош керек.
Москвага эмне? Бекер келеби? Иштеп уй булосуно акча салса жакшы эмесби? Же эмне омур бою баланардай кылып уйго алып жатат беленер,? Мына коруп атабыз копчулугу эле бир жакшына иштеп атбайбы! Болгону баардык нерсенин жакшы жагын ойлош керек.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .