os_ai Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 23 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (22 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 12 Январь 17
- Кароолор:
- 6 607
- Соңку аракети
- 21 Сен 2020 23:29
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Март 7
- Жынысы:
- Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Жылдар жылга алмашып...
Жазылган күн: 2 Янв 2019
Убакыт кандай гана керемет нерсе э?! Кечээ эле окууну бутуп,качаан отот эми 5 жыл деген ойлор... А быйыл ошол 5-жыл узап бара жатат.
Кундолук жазчуумун. Бугун барактап отурсам,бир кызыктай абалга кептелдим(бир туруп кулкум келет). Ким эле мектепти жаны бутуп,сары ооз балапан болбогон,дуйнону туптунук,эч шексиз караган бае каректер...
Адам-жашап,коруп, токтонуп,ак караны илгеп калат турбайбы. Антпесе,жашообузда мындан да откон катачылыктарга толтуруп иймекпизби, ким билет?..
Кундолук демекчи,атына заты жарашып,баары жазылыптыр. Озум болсо,коп нерсени эске сактай бербейм,байкем айткандай:память толуп калат деген ойго бекем жармашсам кекек.
5 жылдык кара создордун ичинен,мен бугун сени таптым,сени эстедим...Канчалык озумду карманып,маани бербей окуп кеткенге аракет кылсам да,тамагым буулуп,аргасыз жаштар тамып жатты. Акыркы 2 жылдын ар бир созунон сени коргондоймун, сен менен жургондоймун, ошол сонун кундордо...
Аргасыз,чарасыз суроо салам:сен мени эстейт болдун бекен? Сенден кутсо болбой калды билем,бирок 1 минут болсо да,ошол кундордун бирине кайтышты кааладын бекен..? Мен сыяктуу,сагындын бекен? Озгорупсун сездим,"ал эми оз жолу менен кетти"-дегенинде, кичине болсо да ичин ачышты бекен..? Тек гана,жообун билбейм,эми эч качан биле албайм... -
Мен күткөн бакыт
Жазылган күн: 9 Май 2017
Майрамга байланыштуу каникул болгон үчүн,2,3 күндөн бери ушул жакты "тинтип" калдым. Чынында,таасирдүү окуялар көп экен,турмуштан алынган окуялар укмуш жазылыптыр. Окуп олтуруп,мен да бөлүшкүм келди... Зерикпей окуп койгондорго алдын ала чооң ыраазычылык!
Менин окуямдын башы мектеп убагынан башталат.Анда досторум көп,сабакты орто окуган кыз болчуумун(азыр деле укмуш окубайм го,эми алымдын жетишинче). 7 класс болсо к.к эле,мектебибизге жаңы окуучу келди,1 жаш улуу.(эгер сулуулугу болбосо,байкабасак деле керек эле).Досторумдун оозунан түшпөй калды.5 кыз жүрчүүбүз,ары өтсө тийишип,бери өтсө,тийишип түзүк эле түшүрүштү,таанышып дегендей. Негизи ал досторум баарынан бар болчу,мыкты окушуп,бири ырдап,бири бийлеп,ошол убактарда эң жоошу эле мен элем.Келгенине 1 айга жакындап калган,ал маалда уже биз м.н тамашалашып, учурашып жүргөн болчу. Бир күнү эжей сабак өтпөй калып,бош калдык.Кеч күз,жанагы 5 кыз морожение алып,бакка отурдук.Кайдан жайдан,жаңы келген бала Улан жөнүндө сөз чыгып кетти.Көрсө, досторумдун 3 өөнө жагат экен(менден сырткары).Тамашалай, бир аз талаштык Уланды))) Ошо м.н 2 ай өтүп кетти.Бир күн кайсы бир майрам болду(эсимде жок),дасторкон түзөп,класстар өзүнчө ле бака-шака.Баарыбыз аппак жоолук салындык,башканы билбейм,мага жоолук жарашат экен деген комплементтерди көбүнөн,1,2 эжекеден да угуп чыктым.Майрам да,класс да чооң,аралашып эле жүрөбүз.Дасторкон түзөп жүрсөм,кимдир бирөө карагансый берди.Карасам Улан,жылмайып, көздөрү күлүмсүрөп карап туруптур.Уялып кеттим.Майрам бүтүп,дискотека м.н уланды.1,2 ырга бийлеп,класска кирип келе бердим.Дасторкон толук жыйылган эмес болчу,андан мындан ооз тийип жатып,салатка көзүм түшүп уруп согуп жеп атсам,Улан кирип калса болобу!Эшик жакка карама-каршы турганымдан Улан мен жакка 4,5 кадам аттап калыптыр,а мен ошондо билип,карай калып ле,катып калдым,оозум толо салат.Ал да мени карап,бир аз туруп күлүп жиберди да "аа,жеп ал" деп чыгып кеттии.Оппа, деп нары бери жутуп отуруп калдым,(негизи сүрдөнчү элем,мындан кийин "укмуш реакция" болуп атты менде). Эми жебей жөн ле отурсам,эшик тыкылдады да,кире берейинби деп Улан кирди,баш ийкедим жерди карап.Келди да,напротив отуруп алды.
-Кечирип кой жана... (Күлүп жибердим.Ал да күлдү).Жоолук соонун жарашат экен.
-(Рахмат
-Канча бир туугансың?
-4
-Кичинекейисиңби?
-Оа... Кайдан билдиңиз?
-Уялчаак,тартынчаак, баё экенсиң...
Жигитиң барбы?
-Жоок
Чөнтөгүнөн шоколад алып чыкты да,муну алып кой деп жылдырып,кетип калды.(ошол маалда мен тартынчаак, ал уже...,болгон экен)
Шоколадды алдым,артына кат кошо чапталыптыр. Эми мен укмуш сүйүндүм го))
Сумкама салганча болбой,2 курбум эшиктен келип калышты. Колумдагыны көрүп:
-Оо,кимден?
-Неме...
-Ыы?
-Уландан
Экөөнүн жылмаюусу тарап,туруп калышты.Артынан берки 2өө кирип,тынчтыкты бузуп жиберишти.Ошо м.н сөз бурулду,алар катты көрбөй калышты.(Но, баякы 2 досумдун настр түшүп калды)
Үйгө барып,катты ачтым,мен күткөн сүйүү каты,бирок мага келишине түк ишенбечү элем)
Тигиндей,мындай, акырында жооп күтөм... деп бүтүрүптүр. Түнү жооп жазууга отурдум,бирок жазганым жакпай жатты,анткени анын каты өтө маанилүүдөй туюлду мага. Каттын жообун 4,5 күнгө создум,точно анык эмес мааниде жазып бердим.Переменада эшикке чыкпай калдым,мени караса,жерди карамай,эптеп жанынан жылып кетмей.Досторум м.н калып кетет. Ошентип,кезектеги "жылт" койгонумда, артыман келди.
-Токтосоң,Айдай, менден эмне качып жатасың?
-Аа,тиги качканым жок))
-Жүрсөң,сөз бар.Билегимден кармап,площадка карай кетип баратты.(площаддын чекеси алма бак,терек болчу,астына барып отурдук)
-Айдай,мен сенин жообуңа түшүнгөн жокмун?
-...
-Туура,досторуң, көп кыздар м.н жакшы мамиледемин. Бирок,аларга мамилем башка,сага өзгөчө.Шылкым дээрсиң,сени м.н таанышыш үчүн да к.к эле досторуң.Быйтыйып, ширин турушуң м.н биринчи келгенде эле жактыргам.
Ага карасам,жерди карап сүйлөп атыптыр,катуу даярданган го дедим,ичимен.
"Вдруг эле кат жазып"-депсиң, эл катары мамиле кылгандай болгонум м.н,ойлончуумун, кантип жакын болсом?Канткенде мен м.н жакшы сүйлөшөт? Кат жазыштан мурда,жөн эле сүйлөшөйүн, байкаштырайын дегем,көрсө классташтарымдын арасынан сени жактыргандар бар экен,досторуң да бар,кат жаздым.
Мени карап атты,а менде үн-сөз жок."Өзүңү карма,жооп бер" дедим да:
-Мен сизди жакшы билбейм,али эрте го дейм
Деген боюнча,ордуман туруп жүгүргөн бойдон
чуу койдум.
Ошол болду,эми жөн гана көз караш,издемей башталды.Кыздар м.н сүйлөшпөй,салам, алик алып калды.
Жаз келди.Кыздар м.н турсак,баары м.н көрүшүп,акырында мени м.н учурашып,мектептин артына өт деп коюп кетти.(ага чейин жанагы 2 досум шоколаддын дайынын билип,площад да кызык болду окшойт,сураганынан айтып салгам).Мени жолго салышты.
Улан турган экен:
-Окуу да бүттү,каникулда айылда эле болосуңбу?
-Ошондой го
-Эми сени көрө албай калат экенмин да.Үйрөнүп калыпмын.Мен шаарга каникулдайм, мага эскерип турганга,платогуңду берчи,сураныч?
(менин оозум ачылып калды,өтө эле шарт болгон экен ле)
-Аа,ммейли(чөнтөктөгү платокту сундум)
Ал жыттап алды да,күлүп,рахмат, келгенде берем))Каникулду жакшы өткөр,баса эмне ала келейн?))
(Подозрительно карасам,жылмайган калыбында,тамаша деди да,кетип калды)
Мен да артынан кеткендей болбойун деп,артыма бурулуп бара жатсам,бирөө артыман жүгүргөн бойдон келип,өзүнө тартып,кучактап алды.(Мынна сага тамаша!Өзүмдү жоготуп ле,түшүнгөнчө, коё берип,жүгүргөн бойдон кетти) Менде кызыктуудай бир нерсе)) Биринчиси болчу... -
Бардыгында барктайлы!
Жазылган күн: 16 Янв 2017
Толук кандуу уй-булонун эрке кызы болчуумун. Эрке дегенде да,жалгыз кыз,эн кичинекейи. Бирок,ото эрке болгом деп айта албайм,апам мугалим,катуу кармачу.Ал айтканды жасап,алып бергенди кийип,же дегенде жеп,мени сындаганда создору бийик жана соогумо жеткидей сындачу,кийин аны кайталабайт элем.Апам:" Ичимдегини тап,озун билип кыл",-дегендерден эле.А мен кайда,али жаш болсом,кантип тушунмок элем.Ошон учунбу,тиричиликке тын чыкпадым,баарын кеч уйрондум.3 бир тууган элек,эки агам бар.Алар мектепти абдан жакшы окуп бутурушту,ойлоп койом,мен дагы деле эркелик кылган экем. Анткени,олимпиадага катышпадым, эн мыкты окубадым.Мектепте окуп жургонумдо агам уйлонду,ошондо кичине чоное туштум окшойт,той-топурдун ичинде журуп.Женелуу болдум.Эми иш деле кылбайм,окуудан келсем баары даяр.Ошондой болсо да,женем апамдын ичимдегини тап деген мунозун тушуно бербеди корунот,айтоор, апамдын ичи чыга бербеди,кылган иштерине.Женем жогорку окуу жайлардын биринде окучу,аз отпой женем м.н байкем шаарга кетишти.Женем контрактта окучу,окутабыз деп алышкан,а агамдын машинасы бар,квартиранын, окуунун акысын ата-энем толоп турушту.Аз отпой,жаны жыл кирип келди.Байкем м.н женем да келишти,кооп продукты кылышып,белектерди даярдашып.Оздору жаш уй-було болсо,кайдагы акча деп коп ойлонбодук окшойт,тек гана иши жакшы болуп аткан го деп койдук.Жаны жыл м.н кошо женемдин да боюнда бар экен,абдан суйундук.Кызыгы, женем апам салган сойконун ордуна чонойтуп,сойко шакек тагып алыптыр.Апам буга абдан таарынды,мага алып бербегенди, алып берип деп.Мен деле таарынмакмын деп ойлоп койом.Эне деген баари бир эне да,аял экинчи орунда туруш к.к. Алар жаны жылды откоруп кетишти.1,2 айдан кийин продуктынын, алтындын аркасы чыкты. Корсо,кредит алышкан экен. Байкем кыйналса к.к да,иш жакшы болбой,аялынын боюнда болуп жатса,анан да намыской болчу. Кредитти укканда атамдын абдан жини келди.Озу кредитти жаман корчу,арак ичкен эмес,тамеки тарткан эмес.Эми биз жак,келиндин ата-энеси м.н кырылып эле жатып калышты.Ата- энемдин жашы чон,бирок алар да унчукпай тура алышпады. Айта кетчу нерсе,женемдин жерлиги алысыраак эле,ата-энем ынабай алып бербейбиз дегенине карабай,байкем когоруп журуп алды.Апам айткан эле,"козун май басып калыптыр" деп.Байкем жоош,жайдары, акылдуу,коп китеп окучу.Бара-бара мунозу озгоруп баштады.Уйдо атамдын "нерви жука",тез жини келчу,ал мунозу бизде да бар.Ошол тез жини келуу,байкемде оркундой баштады.Ата- энем,тайэне, таятамдардын: кредитин толошуп койгула деген созуно карабай,кредитин толоого жардамдашпады. Убакыт отуп,женем тороду.Бирок, тилекке каршы айынан эрте,уйдо.Кыз болчу.3 кунчо жашап,биздин: "баардык таарынычтарды ушул бобок унуттурат,баарын жакындаштырат" ,- деген тилектерибиз орундалбай, аркы дуйнону карай кете берди.Андан сон,бата артынан бата болду.Женем м.н байкем ажырашышты, оздорунун каалоосубу же ата-энемдинби, толук айтуу кыйын. Болгону,баарык мамиле солгундап калган... Байкем дагы да,озгоруп кетти.Бир туруп жайдары,бир туруп жанына эч кимди жолотпой жини келет,же башкага уйлонбоду.Ата- энеме койсо,шарт эле уйлонтуп койсо.Жашоонун дагы бир жазылбаган мыйзамы:эч кимди ото жакшы корбо жана жаман корбо.Агам,женемден баш тарта албай койду корунот.Ото баласаак эле,кимдин баласы корунсо,бир аздан кийин аны байкемдин колунда корчуубуз. Аз кун жашаса да,"ата" деген сезимди сездирген,куноосуз кызын коп эстоочу.Ортодо коп создор болду,айтайын дегеним,уй булодогу бардык адамдарга жакшы да,жаман да айтты.Биз баарын тушунуп турдук.
Комментарийлер
os_ai ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?