Disappear Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 477 (0,13 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (394 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 29 Октябрь 14
- Кароолор:
- 17 061
- Соңку аракети
- 27 Окт 2019 02:20
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 34 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 30, 1989
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Рубикон
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
aikera1992
18 Сен 2021 - 22:04 -
KG-312
31 Авг 2021 - 12:42 -
Zaatulilm
27 Авг 2021 - 03:49 -
NoSugarcoat
17 Авг 2020 - 07:30 -
tem310890
14 Ноя 2019 - 02:34 -
Nurbek555
07 Сен 2019 - 03:57 -
sayana
25 Авг 2019 - 03:34 -
maimylcha
12 Май 2019 - 04:00 -
ALATOOLUK.JIGIT
08 Апр 2019 - 09:57 -
Arinsa
12 Мар 2019 - 21:21
Мен ачкан темалар
-
Көк асаба
Жазылган күн: 31 Май 2019
Саламатсыздарбы, тилектеш окурмандарым. Мен бугун сиздерге озумдун эн бир суйуктуу, эн бир аздектеген, эн бир ызаат менен окуган, окуп жатканда ич-ичим жымылдап, кан тамырымдагы кан тездеп аккан, ар бир каарман менен кошо ыйласа ыйлап, кулсо кулгон, журогумдо, кыргыз болуп калыптануума 80% ашык салымын кошкон бир бийик, чон, жана мекенчил сезимдерди ойготкон чыгарманы алып келдим. Мени менен кошо окуп, кыргыз элибиздин калыптануусуна, оз алдынча ордо курап Эл атаануусуна, кыргыз кыргыз болгонунан кабар берген чыгарманы конул койуп, кызыгуу жана аздектоо менен окуп чыгарсыздар деп умуттомун. " Көк Асаба" романы тарыхый булактардагы маалыматтарга негизделген. Чыгарма түркий тилдүү адабияттардын ичинен VI-VIII кылымдардагы "көк түрк" доорундагы енисейлик кыргыздардын турмушун көркөм сүрөттөп бергендиги менен баалуу. Анын мазмунун Орхон-Енисей эпитафияларындагы урунттуу окуялар, санжыра, легендалар жана "Манас" эпосунун материалдары түзөт.
-
Хан Ормон
Жазылган күн: 3 Мар 2019
СӨЗ ЭРӨӨЛҮ «Ойлонбой сүйлөсөң онтогон ооруга жолугасың»(эл макалы) 1806-жыл. Жунгарлар жергеден сүрүлүп чыга, жылдар өтүп, чабылып-чачылган элдин бөксөсүтолуп, өрүшү кеңейе баштаса да, бейкутчулук орной элек, кылымдар түпкүрүнөн бериулуттук уюткусун сактап келаткан байыркы эл уруу-уруу болуп чар жайыт көчүп-коно, баш кошо албай турган кези. Эл биригип күч ала электе бөлүп-жарып, үстөм болууну көздөгөндөртуш тараптан көз артууда. Күн жүрүштө кылычын ичинен байлана салкын жылмайып, Кытай ыкыс берүүдө. Тыңчы соодагерлерин каттатып, эл аралатып, саякатчы окумуштууларына элжердин танабын тарттыра түндүктөн Орусия тымызын аңдыйт. Динибиз бирге, дилибизбирге, бир бололу, — деп, эшен-сопуларын, качырга жүк арткан ала чапан соодагерлерин жиберип, Кокон бери жылууда.Уруусундагы бийлик мартабасын эл биримдигинен жогору туйган билермандардынмаңги намысынан чыккан мал тийүү, барымта кармоо кесепеттери ынтымакка бөгөт болуп,калайыкты каржалтууда. Эл жайлоодон эбак түшкөн. Тогуздун айынын аяк чени. Кеч күздүн боз чаңгыл асманында каалгый көчкөн киргил булуттардын үзүлүштөрүнөн анда санда көрүнгөн күн нуру кунарсыз. Аба салкын тартып, Караколдун башынан соккон суук сыдырым бойду ичиркентет. Кар түшкөнгө чейин жылкы оторлоткондордун үч үйү суу бойлой конгон. Ортодогу көөнөрөөк алты канат боз үйдө үч киши күзгө маал коюуланган көрөңгөлүү ынак кымыз ичишип, ар кайсыдан кеп ура, өрө кийиз үстүндө малдаш уруна күүлдөп отурушат. Үйдүн төрүндөгү таар шалча жабылган такта үстүнө үч-төрт жууркан жыйылган, үстүндө эки жаздык. Эпчи жактагы чырмалбаган чий чыгдан ичиндеги ала бакандын өйдөкү ачасынан каймак жыйуучу кара көнөчөк, козу карын майдын оозу кылтыят. Үй ээси жашы кырктан өткөн кызыл чийкил тегерек бет, жалпагыраак келте мурун, жээрде сакал, чекир көзүнүн агы кызарып, мурдунун учу кара көк тарта, күчтүү кымызга көкүрөгү күйүп, алагүү отурган Атыга-баатыр атанган көрүнүктүү саяк мыктыларынын бири Кожобердинин жылкычыларынын башчысы алдындагы кырма кара аяктагы кымызды кере жутуп, мурутун жаный: — Өх, кымызга ысылык керек го байбиче. Булар да келип калыптыр. Уулуңду чакырып,улактардын бирин сойдурбайсыңбы, — деп компое аялын карады. — Баракелде, атанын баласы, нарк билген Атыкебиз ойдогуну айттырбай билет. Мен ошон үчүн силерди жүргүлө, Атыкеме учурашалы дебедимби, — деп жапалактады жашы отуздардагы кер мурут, кара тору чап жаак жигит, калпагын желкесине оодара, тердеген маңдайын алаканы менен аарчып. — Кантсе да чоң теринин бучкагы да, — деп аны коштоду, бир көзү чеч, коңкогой мурун,сары жигит, кырбуусу тайкы шырымал тебетейин алып жанына койуп, кирдеген, саймалуу ак топусун оңдоп кийди. Атыганын аялы жоолугун оңдоп салына, бошогон аяктарга кымыз куюп коюп, жыла басып тышка жөнөдү. — Атыке, тиги чоорду бери жөнөтчү, эптеп көрөйүн, — деп купшуңдады чийкил сары жигит. Чоор сыбызгып, “Кыз ойготор” күсүү безеленди. Аңгыча тыштан ат дүбүртү угулуп, түшкөн кишини Атыганын тестиер уулу каршы алып, эшик ачты. Салам айта, Айдаке үйгө кирди. — Аалёкума ассалам! О, акең Сарыбагыш келген тура. Төргө өт. Орун бошоткула, — деп,тамашага чала жайдарыланды үй ээси. Жашы кырктан өтүп калган, шыңга бойлуу, москоол кара сур, тегерек беттүү, суйдаң кара сакалчан, сейрегирээк кара муруту чычайта чыйратылган, ак калпак, кара кемселчен Айдаке отургандар менен кол алышып, үй ээсинин жанынан орун алды. — Ой катын, кымыз куйбайсыңбы! — деп аякка толтура кымыз куюп, Айдакеге сунуп турган аялын демитти, ала күү болуп калган үй ээси. Айдаке кымызды колуна алып, тынбай шимире аякты кайра узатты. — Акең Сарыбагыш суусаган экен! Куй дагы бирди, — деп опулдады үй ээси. Аяк кайра сунулуп, жөн жай амандык сурашууга өтүштү. — Айдаке баатыр, жол болсун! Кайдан келе жатасың? — деп суроо узатты кер мурут каратору жигит. — Базар-Туруктан чыктым. Шамшы ашып, айылга бүгүн жетейин, — деп баратамын. Атыгага бир киши аманат айттырды эле. Ошого кайрылдым — деди Айдаке, кымыздан бир жутуп, аягын жерге коюп. — Оо, күн кыскарып калды, бүгүн жете албайсың го айылыңа. Анын үстүнө Атыкең ысылыкка улак сойдуруп атат. Эт жемейинче кетирбейт сени, — деди сары чийкил жигит,ээрдин ######, оңдонуп отура. — Буюрса, эт жегенден кийин чыксам деле тор кашка соо болсо жетемин. Тор кашканын басыгы эле кээ бир аттарды текирең таскакка салат, — деп компойду Айдаке. — «Ат адамдын канаты», — деп бекеринен айтылган эмес да. Чыгаан аттар учкан куштай эле жүрөт эмеспи, жаныбарлар, — деди коңко мурун чеч көз киши. — Ат, — деп мына Медет датканын иниси Дуулаттын Кер табылгысын айт. Күлүктүгүнөн алдына жылкы баласы өтө элек эзели. Жүрүшү атты чаптырат, — деп бапыраңдады кермурут кара сур жигит. — Качыке бийдин Марал торусучу, Дуулаттын Кер табылгысы ага караандай албайт, — деди сары чийкил эткээл жылкычы карт кекирип, курсагын сылай. — Аларды айтып нетесиң, менин кара кунаным кезеги келгенде баарынан өтөт. Жайлоодо тайчабышта көрдүңөр го, — деп көтөрүлдү Атыга. — Менин акбозума жете албайт сенин кара кунаның, — деп калпагын алдыга экчеп тизесин таянды сары чийкил эткээл киши. — Эр болсоң жарышка сал менин кара кунаным менен башма баш, — деди Атыга. — Башма башыңдын кереги жок. Андан көрө байге сай — чоң болсун, — деди сары чийкил киши каадалана үнүн созуп. — Оо, байге дейсиңби, байгеге, ...байгеден тартынбайм ... кааласам, кааласам, — деп оолжуп туруп каткыра, — мына Айдакени байгеге сайдым, — деп күлкүсүн улантты. — Оо, акең сарыбагыштын өзүн сайдыңбы? Болгондо да Эсенгул баатырдын өз тукумун, —деп Атыганы далыга чаап каткырды кер мурут жигит. Айдакеге көз жиберип, кантип чыдап турасың дегенсип шыкактай. — Көпкөн экенсиң кызы талак, курсагың тойгондо Кудайды унуткансың го. Көпкөнүңдү көтүңдөн чыгарамын, — деп ордунан ыргып турду Айдаке. — Кой антпе, отур. Эт жеп кет, Атыга тамаша кылды да, — деди кер мурут жигит. — Урдум мен мындай тамашаны. Көрөбүз кимди ким байгеге саярын, — деп керегеден камчысын алып, Атыгага кеседи Айдаке. — Кымызга кызып алып, оозуна келгенди оттогонун көрүп турбайсызбы, аяш. Тамак бышып атат, ачууңузду берсеңиз, — деп чебеленди Атыганын аялы көкүрөгүн баса. — Ыракмат аяш, этти тиги кымыз менен кошо акылын ичип алгандарга бериңиз, — депАйдаке шарт эшикке чыгып, атына минип таскак урдура артына карабай жөнөп кетти. Маңги намыс көкүрөгүн тээп, бекер ооздун ала күү кеби үчүн өч алганы кетти. -
Көчмөндөр Кагылышы
Жазылган күн: 25 Май 2018
Өткөн заман муң заман <br style="background- color: rgb(250, 251, 252);"><br style="background- color: rgb(250, 251, 252);">*** <br style="background- color: rgb(250, 251, 252);">Казакты казак чапкан малын талап.<br style="background- color: rgb(250, 251, 252);">Кыргызды кыргыз кырган канын ######.<br style="background- color: rgb(250, 251, 252);">Тулпардын туягынан чаң ызгытып,<br style="background- color: rgb(250, 251, 252);">Жоо сүргөн, эл коргогон эр азамат.<br style="background- color: rgb(250, 251, 252);">Өткондүн эрдиктерин, иттиктерин <br style="background- color: rgb(250, 251, 252);">Калбырлап, баш чайкайсын, атаганат! <br style="background- color: rgb(250, 251, 252);">Чыгарма ээсинен.<br style="background- color: rgb(250, 251, 252);"><br style="background- color: rgb(250, 251, 252);">Кош келипсиздер адаттагы адабият кечесине, бисмилля деп 735 китептин биринчи барактарын баштап турам. Менден да башка тарых, эл, өткөн сабак тажрыйбаларды суйүүчулор бардыр. -
Мен кимден сурасам ?... :)
Жазылган күн: 3 Июн 2016
Саламатсынарбы? Ортонор толсун демекчи )))) мага окуган сон абдан бир чети кызык бир чети кулкуу келеерлик болду. Ош шаарынын тургуну Ош шаарынын мэринен баласынын уйлонуу улпотуно жана озунун юбилейине бир миллион сом жолок пул катары беруусун отунуп Айтмамат Кадырбаевге кат жазган. Озунун катында эже быйыл озунун 65 жаш юбилейин белгилоону пландап жатканын жана, 10 октябрьда уулу уйлонорун кабарлайт. Жана бул тойлорду салтка ылайык откоруп алуу учун бир миллион сом керектелеерин айтып, жана акчаны жон кана жардам катары берууну суранат. Кат 30 май менен белгиленген жана мэриянын канцеляриясына 1 июнь менен кириш кат катары тиркелген.
Мен ойлоп отурам жакында мен да туулган кун откозом кайсыл мамлекеттик ишкерге жолок пул катары мага дагы бир миллион же андан да кобуроок болуп бериниз деп кайрылсам экен деп Сиздердин бул темада ой пикириниздер кызык : -
Кара Шумкар
Жазылган күн: 26 Мар 2016
Суроолор боюнча Кара Шумкар жана башка баяндар, эски мектеп дейбизби же эски муун авторлору дейбизби, кыргыздын коронгосун суутпай кыргыз кылып келе жаткан озубузго кана тийешулуу салт-санаа, ата мурастар баяндалчуу чыгармалар топтому.
Комментарийлер
Disappear ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?