Бир куну айылга келип ата-энем, бир туугандарым менен телевизор коруп отуруп калдык. Кино коруп атып апам жон турбай байпак токуп отурду. Реклама болуп калса тошок салып келе калды. Бир аздан кийин "Кой, мен жатайын. Силер коро бергиле. Чарчадым"
деп токуп буткон байпакты столдун устуно койду. Столдун устундо чачылып жаткан китептерди ордуна койду. Влардын арасында жаткан кичуу инимдин кундолугун текшерип, расписаниеси менен китептерин сумкасына салды. Телевизордун чанын сурду, анын устундо турган гезитти китептердин устуно койду. Ашканага барып кечки тамакты муздаткычка салды. Чайнекти жууп, ичине кургак чай салып эртен мененкиге дайардап койду. Эшиктин астындагы коврикти кубуп, кайра ордуна салып, эшиктерди бекитти. Атамдын, инимдин кийимдерин утуктоп столго илип койду. Андан кийин "Ухх... Жакшы жаткыла, айланайындарым"
деп озунун болмосуно кирип кетти. Карап турсам болмосунун свети дагы бир 20 минуттай куйуп турду. Апалардын баары ушундай оокатчыл, камкор болобу? Сиздин апаныз кандай?
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Апалардын элпектиги жөнүндө
#2 04 Май 2012 - 23:22
Ооба,баарыбыздын апаларыбыз ушундай камкор,мээримдуу,
боорукер....Мектепте окуп жургон убагымда,эрте менен окууга жоноорумдо,
иче турган чайымды стол устуно даярдап,кийе турган кийимимди жаздыгымдын башына даярдап алып,мени ойгото албай,эркелетип баш жагымда бир далай олтурчу.Азыр апамдын жанынан алыстамын...
.ошол кундорду сагындым....
Эненин туйшугу айтып,буткус. ..Бейиш энелердин таманынын астында.Апаларыбыз бар болсун,апаларыбыз тынч болсун!
Эненин туйшугу айтып,буткус. ..Бейиш энелердин таманынын астында.Апаларыбыз бар болсун,апаларыбыз тынч болсун!
Адамга адам кымбат болуш керек....
#3 05 Май 2012 - 00:21
Мен дагы алыстамын. 3 жыл болду ата энемди коро элегиме менин дагы тилегеним апаоар аман болсун, ден соолуктары чын болсун! Мен дагы апамдай жакшы адам боло аламбы деп ойлоно берем
#4 05 Май 2012 - 00:49
Menin apamda oto merimduu erkelete beret meni erte menen uikudan turgucham maga et kuurup koiot ,antkeni men tamak az jeimda oshongo kyjaalat bolot .Apamdy sagyndym buirusa jakynda apamdyn janynda bolom .Bir da tynbait ech charchadym debeit .
Jashoo keremet, erkemden bashka ne kerek
#5 05 Май 2012 - 01:14
ээ апамды сагынып зорго жургон жанымды таза эле оорутунарда билдируунор менен,автор сиз айткандай эле баарыбыздын апабыз,эртен менен ээээрте туруп алып сут тартып жатканда каймагынан ысык нанын алып келип жеп алчы балам деп чайын берип окууга узаткан кундорумду сагындым.ээхх окунучтуу кундо апамдын жанында боло албайм алысмын.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!
#6 05 Май 2012 - 05:41
Ооба баардык эле энелер мээримдуу, камкор, болушат да.
Апалар жонундо айта берсе соз тугонбойт болсо керек, мен да апамды бир жылдан коро элекмин,сагындым эне мээринин, нанын,тамагын. ..Менин апакем дуйнодо тендешсиз ыйык жан... анан дагы эне журогу баарын сезип билип турат экен, алыс жерде журом, анан кээде менде баары жакшы деп койсом,баары бир энекем билип алат, энелик журогу менен...Aман болсун алтын апалар!
Апалар жонундо айта берсе соз тугонбойт болсо керек, мен да апамды бир жылдан коро элекмин,сагындым эне мээринин, нанын,тамагын. ..Менин апакем дуйнодо тендешсиз ыйык жан... анан дагы эне журогу баарын сезип билип турат экен, алыс жерде журом, анан кээде менде баары жакшы деп койсом,баары бир энекем билип алат, энелик журогу менен...Aман болсун алтын апалар!
Апакем менин кымбатым!
#7 05 Май 2012 - 08:20
Мен АПАМ жонундо бир эле соз айта алам. Мен учун АПАМ бул дуйнодогу эн ЫЙЫК АДАМ.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#8 05 Май 2012 - 08:50
Менин мамам да ошондой туйшукчул. Мен барып калганда оз колум менен тамак жасап берейин десем да "келе пияз аарчый калайын, келе камыр жуура калайын" деп турат. Алтыным менин папам экоо балпайган бай байбиче болуп торубуздо аман болсо экен.
#9 05 Май 2012 - 10:31
Энелердин баары эле ошондой камкор болсо керек балдарына. Энелер дуйнодогу эн назик, мээримдуу жаралган жандар. Мен озумдун АПАМ учун жанымды да берууго даярмын.
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#10 05 Май 2012 - 17:11
Май айынын учунчу жекшембиси АПАЛАР КУНУ,менин мамамдын туулган куну 12-май,менин берекеме эмнемди белек кылсам экен,уйго барганда мени тутунго жолотпойт даже,ыш жыттанып каласын деп.
#11 19 Май 2012 - 03:44
Биздин киндик эки гана жолу кесилет 1-төрөлүп жатканда,2-апабыздан айрылганда.
Апалар алтындарым ар дайым бар болуңуздар,
сиздердин демиңиздер менен, сиздер бар биз жашап жүрөбүз.Ар бир кайгырган,үшкүргөн ооруган,нерселердин баарын чогу көрөбүз,анткени баланын жүрөгү эненин жүрөгү бир.Баардык жашоодоңу жакшылыктын баарын кааласам да аздай сезилет,АР ДАЙЫМ бар болуңуздар!
!!
#12 19 Май 2012 - 08:55
АПА деген создун ичинде улам бутак байланып канчалаган жакшы сапат чыга берет! Бар болгула апалар!
#13 19 Май 2012 - 09:41
Албетте бар болушсун биздин алтындан да кымбат апалар.
кандайсынар?
#14 19 Май 2012 - 13:01
Бар болушсун алтындай гана болгон апаларыбыз.
Көздөрү тирүү экенинде сыйлайлы,көзү өтүп кеткенден кийин заңгыратып эстеликтерди тургузганыбыздын кажети не?...энелерибиз болгон кээримдерин балдарына берет экен,жакшылыгыбызды айтып,жаман жактарыбызды жашырып-жаап дегендей.карылыгында балдарынын төрүндө ысык чай ичип отураар мезгилде куугунтук блуп карыялар үйүндө жүргөндөр канча...Бир эле мисал жакында эле апамдын буту ооруп ооруканага жаткырганбыз,
операция болгон эле.Апамдын жанында дагы бир байбиче жаткан экен,баласы алып келип таштаган бойдон жок,келбептир.
Байкуш байбиче күнүгө жол карайт дейт.Апама келини жөнүндө айтып берген экен.Келини "ушу сиз батпадыңыз деги,кызыңыз алып кетпейби сизди биз эле бага беребизби"
деп урушчу экен.Oшентип,
балдары келбей жатты дейт.Aпам ооруканадан чыгаарда кошо үйгө байкем чыгарып кетти.Үйдүн даректерин доктурларга таштап кеткен экен байкем.Үйдөн апама курдаш-сырдаш болуп,балбайып отурган эле.Байкуш апа "көөптөн бери эт жей элек элем" деп коёт дейт.Ошентип "дагы бир апалуу болуп калдык"деп сүйүнүп отурганыбызда сиңдилери алып кетишиптир.
Муну менен эмнени айткым келди,кары үйдүн курту кылбай-үйдүн куту кылып сыйлай билели.Бар болсун алтындай апакелерибиз!
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#15 19 Май 2012 - 14:51
Менин дагы апам, элдин апаларындай эле боорукер. мээримдуу жан. Кечээ ооруп калганын угуп, акыбалын козум менен коруп келейин деп, кеч киргенине карабай барып келдим. Апам байкуш бизди коруп, кыйла эле сакайгандай болду. Жаткан ордунан тура калып, бетибизден бекем ооп......... Ииий алтыным апам, оорубанызчы.
Сиз оорусаныз, биздин тиричилигибиз токтоп калгандай болот экен. Уйго жеткенче санаам санга болунуп, сизди коргондон кийин гана жаным калбадыбы...
Дуйнодогу баардык апалар аман болушсун, оо жараткан!
!!!!!
Балам бактым-балам базарым!
#16 30 Май 2012 - 12:28
Энелер чын сендеп жанып-күйөрү,
Энелер чын сен деп жашап жүрөрү,
Эне менен көрүп жашоо аныгын,
Эне менен болбойт жашоо күмөнү.
Энекебай сен сулуунун чүрөгү,
Энекебай сен суулардын мүрөгү,
Бир сөзүңдү эки кылбай түбөлүк,
Сени сыйлап таазим этип жүрөлү!
Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 30 Май 2012 - 12:29
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#17 30 Май 2012 - 15:35
Кудайымдан байлык,бийлик деле сурабайм.бир суранганым,
апаларыбыздын журогу соксо дээр элем. Эч качан,апалардын журогу ыйлап,назары сынбасын.. Апаке,бул дуйнодо менин очпос нурумсун... Бар болунуз,ар убак мандайыбызда.
.
#18 30 Май 2012 - 15:54
Дулой болуп калса да, унунду угат,
Сокур болуп калса да,сени корот.
Сен жок болсон санаа жеп,калып куурап,
Сен келгенде алгансыйт,кайра тороп.
Кутсо болот энеден укмуш жорук,
Мумкун болсо,сен учун турмак ооруп.
Ал гана эмес,"Муну кой,мени алгын"деп,
Ажалга да бармак ал,сени коруп.
Баарынан кучтуу суйуу-эненин суйуусу.Ал эч нерсе менен бааланбайт. ...Апалар дайыма бар болсун!
Сокур болуп калса да,сени корот.
Сен жок болсон санаа жеп,калып куурап,
Сен келгенде алгансыйт,кайра тороп.
Кутсо болот энеден укмуш жорук,
Мумкун болсо,сен учун турмак ооруп.
Ал гана эмес,"Муну кой,мени алгын"деп,
Ажалга да бармак ал,сени коруп.
Баарынан кучтуу суйуу-эненин суйуусу.Ал эч нерсе менен бааланбайт. ...Апалар дайыма бар болсун!
Адамга адам кымбат болуш керек....
#19 30 Май 2012 - 16:20
Апамды абдан сагындым. Албетте апалар баары мээримдуу,боорукер болушат.Апамда эч жаны тынбайт,иш кылып эле журо берет,тан атпай биринчи турат,кечинде баарыбыздан кийин кеч жатат,айылга барып калсам бекиткен нерселеринин баарын берет,суйунуп учуп калат балам келди деп,жанына отургузуп алып эркелетет,уктап жатсам тур балам турагой чай ичип ал айнанайын деп бетиндем ооп тургузат эле,куйо балдарын,келиндерин да балам,кызым деп жакшы мамиле кылганына абдан ыраазы болом,ээххх.
..2 жыл болду коро элекмин апамды сагындым абдан,айылга кетким келип кетти.
Апаларыбыз аман болушсун,ден сооуктары чын болуп,тоорубуздо балпайган байбиче болуп журо беришсинси, Жараткандан ушуларды гана тилеймин.
Апаларыбыз аман болушсун,ден сооуктары чын болуп,тоорубуздо балпайган байбиче болуп журо беришсинси, Жараткандан ушуларды гана тилеймин.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#20 30 Май 2012 - 16:23
Мейли тагдыр мага башынды ийбегин,
Мейли тагдыр камыр кылып ийлегин.
Мен озундон башка нерсе сурабайм ий,
Аска тоодой ата-энеме тийбегин... ушул ыр эске тушуп кетти теманы окуп атып. Эх ата-энебиз туболук жаныбызда болсочу
Мейли тагдыр камыр кылып ийлегин.
Мен озундон башка нерсе сурабайм ий,
Аска тоодой ата-энеме тийбегин... ушул ыр эске тушуп кетти теманы окуп атып. Эх ата-энебиз туболук жаныбызда болсочу
Реал чемпиооон!!!
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »