Туберкулёз (кургак учук)
#1 18 Апрель 2017 - 12:20
#2 18 Апрель 2017 - 13:06
#3 18 Апрель 2017 - 13:49
Азыр кудайга шүгүр толук айыккам, эң негизгиси дарыларды калтырбай өз убагында ичиш керек.
Жалал-Абад туб.диспансеринде өзбек аял дарылаган, намаз окуйт эле" Аллахтан суран, дуба кыл сакайып кетейин деп" көп акыл насааттарын айтчу эле " мен жөн гана себепчимин, Аллах шыпаасын берет" дечү эле өтө боорукер эже болчу
#4 18 Апрель 2017 - 13:55
#6 18 Апрель 2017 - 20:34
Perishte1995 (18 Апрель 2017 - 13:06) жазган:
купуяга катка кирсен сага жазып койдум
#7 20 Апрель 2017 - 02:36
Бир келип кетчи мен жакка.
#8 20 Апрель 2017 - 13:53
Пайда болушу
Кургак учук - жугуштуу дарт. Ал көбүнчө какырык менен кургак учуктун микобактериясын бөлүп чыгарган сыркоо адамдан жугат. Башка микробдордон айырмаланып, кургак учуктун микобактериясы өзгөчө сакталуу касиетине ээ. Ал жерде дагы, карда дагы өзүн мыкты сезет, ошондой эле спирт менен кислотанын таасирине да туруктуу келет. Микобактерия ыплас жерде, нымдуу үйдө бир нече ай, бейтаптын кийим-кечесинде, үй эмеректеринде 3-4 ай, сүттө, майда 1 жылга чейин сакталат. Алар жогорку температурага туруштук бере алышпайт, тике тийген күн нуруна көпкө чейин кактаганда гана жок болот. Алар жогорку температурада жана хлор камтылган заттардын таасиринен улам жок Кургак учукту козгогучтардын бир нече түрү (кишиники, бодо малдыкы жана канаттуулардыкы ж. б.) белгилүү. Адамдар негизинен кишинин кургак учугу менен оорушат, бирок кээде бодо малдын кургак учугу менен да жабыркашы мүмкүн. Ооруну негизинен микробдуу какырык бөлүп чыгарган адамдар жана малдар таратышат. Айрыкча кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адам коркунучтуу. Кургак учуктун таякчасы ар кандай жол менен жугушу ыктымал. Оору көбүнчө оорулуунун какырыгы, түкүрүгүнүн чачырандысы менен булганган аба менен дем алганда, ошондой эле оорулуу пайдаланган буюмдар (сүлгү, тиш щётка, жүзаарчы, кийим-кече ж. б.) аркылуу жугушу мүмкүн. Андыктан жугушсуздандыруунун катуу тартибиндеги чараларды көрүү талап кылынат.
Эмне үчүн айрым адамдардагы кургак учук башкаларда жоктугун дайыма эле түшүндүрө албайбыз. Бирок айрым адамдар башкаларга караганда кургак учук менен ооруп калуу коркунучуна кабылышат. Коркунуч фактору оорунун өнүгүү деңгээлин жогорулатат. Кургак учук оорусунда төмөндөгү симптомдор байкалат: жөтөлдүн күчөшү, токтобошу, кетпеши, дем алуунун кысылуусу, демигүүсү, көкүрөктүн дайыма ооруусу, жөтөлгөндө кандын пайда болуусу, үндүн кыркырап калышы, өпкөнүн жугуштуу ооруусу (мисалы, пневмония), дайыма чарчап-чаалыгуусу, салмагынын азайышы (арыкташы). Бул симптомдор көбүнчө кургак учукка тиешелүү, ал эми ден соолуктун башка проблемалары аларды пайда кылышы мүмкүн. Бирок ар бир адам алардын себебин билүү үчүн, мындай симптомдор байкалганда врачка кайрылууга тийиш жана зарылдыгына жараша дарылоону эрте баштоосу абзел.
Түрлөрү
Өпкөнүн кургак учугу. Кургак учук көбүнчө өпкөнү жабыркатат. Ошондой эле лимфа жана кан тамырлар аркылуу муундарга, сөөктөргө, мээ кабыгына, бөйрөккө ж. б. тарашы мүмкүн. өпкөнүн кургак учугунда өпкөнүн микобактерия түшкөн ткандарында сезгенүү очогу пайда болуп, некрозго айланат. Андан кийин ал катуу кабык менен капталат да, акырындап кальций туздары топтолот. Балдарда бул байкалбайт, рентгенге тартканда гана билинет. Эгер баланын организми начарлап кетсе, процесс таралып кетиши ыктымал. Мында баланын эти ысып, жалпы абалы начарлап, жөтөл коштолот. Чоң кишилерде да алгач байкалбайт, бирок адамдын алы кетет, арыктайт, түнкүсүн тердейт. Андан кийин денеси ысып, көп учурда бир аз чыйрыгат, бат-бат жөтөлөт, тамакка табити тартпайт, дем алганда капталы сайгылашып ооруйт, кан Сөөктүн жана муундун кургак учугу.Муну менен көбүнчө 10 жашка чейинки балдар, ошондой эле чоң адамдар да ооруйт. өзгөчө омуртка тутуму, жамбаш, тизе, кызыл ашык муундары, ошондой эле сөөктөр жабыркайт. Алгач башталышында баланын көңүлү ачылбай, чыргоолонот, түнкүсүн начар уктайт, арыктап, бозоруп, тез чарчайт, тамакка табити тартпайт. Кечкисин же түнкүсүн омуртка тутуму, жамбаш ашташы жана тизе ооруйт. Кээде бала түнкүсүн оорудан кыйкырып ойгонот. Оору күчөгөндө муундары шишип, ооруйт, аксай баштайт. Алдын ала дарыланбаса, бейтаптын муундары өспөй калат. Күчөп кеткенде, жабыркаган сөөк ириңдейт, сөөк, жумшак ткань тешилет.түкүрөт. Мына ушул белгилердин бири эле байкалары менен дароо врачка кайрылуу керек.болот.
Лимфа түйүндөрүнүн кургак учугу. Мында жабыркаган бездер чоңоюп, кыймылдатпай ооруйт. Ириң тээп кеткен учурда, ал сыртка жарылып, айыккандан кийин тырык болуп калат. Бул дартты врач гана дарылайт. Ан үчүн алгач оорулууну рентгендик текшерүүдөн өткөрүп, диагнозун аныктоо кажет. Дарылоо учурунда оорулуу врачтын көзөмөлүндө болот. Эгер дарылоодон жакшы натыйжа болбосо, оорулууга хирургиялык жол сунуш кылынат.
Оорулуу, баарынан мурда, гигиена эрежесин сактап, жакшы тамактанып, жылдын бардык мезгилинде мүмкүн болушунча таза абада жүрүшү керек. Белогу көп эт, балык, быштак, сыр, сүт, жумуртка жеши зарыл. Мөмө-жемишти, айрым жашылчаларды, маселен, помидор, сабиз, кара карагат, лимон, жүзүмдү жеп, ширелерин ичүү абзел. Мындан тышкары, витаминдерди алыш керек. Оору күчөп кетсе, тынч жатып дарыланып, оңоло баштаганда, дене көнүгүүлөрүн жасап, сейилдеп, денени чыңдоо зарыл. Оорулууну дарылоодо үзгүлтүккө учуратпаганга, тамеки чекпегенге, арак ичпегенге аракет кылуу керек.
Алдын алуу жолдору
Кургак учуктун алдын алуу үчүн, баарынан мурда, микробдорду таратпоочу чараларды көрүү зарыл. Эгер оорулуу болсо, аны башка бөлмөгө бөлүп, өзүнчө төшөнчү, ич кийим, идиш-аяк менен камсыз кылып, аларды обочолоп коюу керек. Бөлмөнү ным (самын-соода эритмеси кошулган ысык сууга малынган) чүпүрөк менен жууп-тазалап, ич кийимди, шейшепти, сүлгүнү, идиш-аякты 2 пайыздуу сода эритмесине кайнатып, жугушсуздандыруу керек. Ал үчүн 5 пайыздуу хлорамин эритмесин пайдаланса да болот. Оорулуунун бөлмөсүнөн килем ж. б. ашык буюмдарды чыгарып, жууп-тазалаганга оңой эмеректерди гана калтыруу зарыл. Жумшак эмерекке тыш кийгизүүнү унутпаңыз.
Оорулуунун какырыгын 5 пайыздуу хлорамин эритмеси куюлган атайы түкүргүчкө түкүртөт. Какырыктуу түкүргүчтү атайын идишке салып, 15 мүнөт 2 пайыздуу кир жуугуч сода эритмесине кайнатып туруп, канализацияга куюп жиберүү керек.
Кургак учук менен ооругандардын үй-бүлөсү мезгил-мезгили менен кургак учукка каршы медициналык мекемеде текшерилип турууга тийиш. Оорунун алдын алуу үчүн, оорулуунун үй-бүлөсүндөгү балдар менен өспүрүмдөргө кургак учукка каршы дарылоону дайындайт. Ошондой эле балдар мекемелеринде, коомдук тамактануу жайларында, шаардык транспорт жаатында иштеген кызматкерлер, чач тарачтар флюрографиялык текшерүүдөн өтүп турушу талапка ылайык.
Кургак учуктун өнүгүү коркунучунун бири - ооруган адамдын тамеки тартуусу, ал эми кургак учуктун айыгуусунун эң мыкты ыкмасы - тамеки тартуудан баш тартуу. Ал өз убагында кургак учук менен оору коркунучун азайтат.
#9 24 Июнь 2017 - 12:04
#10 02 Декабрь 2017 - 17:38
#11 02 Декабрь 2017 - 19:10
#12 09 Январь 2018 - 10:26
#13 21 Октябрь 2018 - 12:41
Билдирүүнү түзөткөн: Tansuluu09: 21 Октябрь 2018 - 12:42
#14 21 Октябрь 2018 - 14:10
Tansuluu09 (21 Октябрь 2018 - 06:41) жазган:
Болбойт! Убактылуу жардам бериши мүмкүн бир күнү мерт кетсең кыргыз адатынча "көз тийди" деп көмүп коёт. Организм менен иши жок. Азыр медицинанын күчү жететкоо айыктырганга. Бирок баары АЛЛАХТЫН колунда!
#15 21 Октябрь 2018 - 14:13
KRIMINAL (21 Октябрь 2018 - 11:10) жазган:
Медициналык каражаттар бир организмге жакса , экинчисин иштен чыгарат дейтко адамдар.
#16 21 Октябрь 2018 - 14:53
Tansuluu09 (21 Октябрь 2018 - 08:13) жазган:
Организм эмес орган десең)
Ооба күнүгө ондон ашык дарыларды ичүүгө туура келет ал даарылар боорго күч келет. Ошондуктан күчтүү тамактанып башка органдарга зыяны тийип жатса ага дагы дары ичүүгө туура келет.
Билдирүүнү түзөткөн: KRIMINAL: 21 Октябрь 2018 - 14:54
#17 21 Октябрь 2018 - 15:15
#18 21 Октябрь 2018 - 15:49
Бир айылдашым больницага жатпай "озун озу "даарылынып журуп отуп кетти.(жайы жаннаттан болсун)
Медицина гана жакшы,бирок кээ бир органдарга куч келиши толук мумкун (боор,тиштер, териге,бойрокко)бирок кучтуу тамактар,туура режим мн дарыгердин козомолундо болуу керек.
#20 10 Декабрь 2018 - 23:38
Tansuluu09 (21 Октябрь 2018 - 15:15) жазган:
КАЛЬЦИУМИТ деген настой бар. Составы: 10 даана Лимондун согу, 6 даана үй (домашний) жумуртка, 300 грамм бал жана 3\4 стакан таза коньяктан жасалат.
Эгер керек болсо, толук жасалышын жана кантип ичишин жазып чыгам. Болбосо гуглга деле атын жазсан чыгат.
Толук айыгат. Укканмын, көргөнмүн. Эгер ишенбей жатса муну больницада жаткан убагында деле ичкенге болот. Эч кандай зыяны жок.
Ушул ооруу менен жабыркагандар "КАЛЬЦИУМИТ" настойун сунуштайм, интернеттен дагы да кененирээк окугула өзүңөр.